Ыраматылык акын Алик Акималиевдин чуу жараткан маеги

  • 09.04.2024
  • 5022

"Кыргыз элине сүйүнчү, мен аракты таштадым" деген аталыштагы бул маеги 10.06.08-ж. “Де-факто” (№40) жарыяланып, коомчулукта чоң уу-дуу жараткан. Маегибиз минтип башталат...

Көчөдө теректер кыйылып атыптыр. Тегерегинен өткөн элди кубалагандарды Алик байкебиз гана жөөлөп, ыргалып, төбөсү салаңдап түшкөнү турган узун теректин түбүнө жетип барды. "Качыңыз, төбөңүзгө кулайт" деп чыркырап аткан кишинин айтканы кулагына да кирген жок. Көрсө, эл үрккөн жерде Алик Акималиевдин үркпөгөн жөнү бар экен… 

- Алик байке, кандайсыз? Сиз эмне теректин алдында калайын деп атасызбы?

- Ой, кыйылган отундарга көзүм кызарып, кимиси менен сүйлөшсөм деп, отун кыйгандардын чоңун таппай атам. Өзүң билесиң, Бакиев тезек тергиле деп да атпайбы. Быйылкы кыш катуу болот дегендер да андан көп… (Сөзүбүз чорт үзүлүп, бирөөнү көрө калып, чуркап кетти. Калыбы, отун кыйгандардын билерманын бучкактан алды окшойт, экөө баш ийкеңдешип, таанышары менен Алик байкебиз сумкесинен кагаз алып чыгып, тигинин дарегин жазып алгандай болду. Жаныма кайтып келгенден кийин сөздү уладык).

- Отунун бермей болдубу?

- Алик Акималиев деген гений акын экенимди угары менен "Каалашыңча алып кет" деди, азамат экен. Жакында ачкачылык болуп кетиши да мүмкүн. Баары кымбаттап атат. Бакиев болсо, элге тезек тердиртип, көчмөн турмушубузга алып келгени калды. Анан мен үйүлгөн отунду көрүп, токтоп калдым. Азыр атасынын көрү, катының болбосо койсун, отунуң болсун. Отунуң болбосо, катын токтойбу.

- Көрүнбөй жүрөсүз. Деги кайдасыз?

- Бир томдук китебим чыкты. Эми экинчисин чыгарып атам.

- Аталышы кандай?

- "Ханда жок байлык".

- Ох-хоо…

- Азыр келесоонун баары хан болуп кетти. Байлардын баары хан. Колдорунда эмне гана жок. "Мерседес", "Жип", самолётунан бери бар. Катын десе, канчадан катыны, хансарайлары заңгырайт. Буларда эмне жок? Жүрөктөрүндө ыйман жок, поэзия жок. Булар эң ыйык поэзияны унуткан маңкурттар. Булардын шору ушул. "Эл турмушу эмне болуп атат?" менен көбүнүн иши жок. Илгери бир айылды бир эле жигит багып койчу экен, азырчы? Азыр көбү өз керт башынан башканы ойлобойт.

- Качан көрсөм, шайдоот көрүнчү элеңиз, муңайым тартып баратыпсыз…

- Менин муңайганым кара жерге кирсин, эл турмушун карачы. Чүнчүп кетти. А меники өлбөгөн турмуш бар. Балдар чоңоюп, сергип калдым. "Кандек иттин карыганы билинбейт" дегендей, быйыл 50 жашты жакадан алып турган кезим. Күзүндө, буюрса, жер-жемиш бышып, мал семирсе, дүркүрөгөн той берейин деп камынып атам. Силерди ошондо жамаатыңар менен тойлотом. Андан көрө конвертиңерди калыңыраак даярдай бергиле. Кыргыз элине "сүйүнчү" десем болот, аракты таптакыр оозго албай калдым. Кээде гана бозодон ууртап коём.

- Ой, ал деле алагүү кылат да. Бир жагынан акын болсоңуз…

- Аракты чынында келесоолорго теңелип иччүмүн. Эми аларга теңелгеним менен "иттерди" жеңалбайт экемин. Алардан өйдө болуш керек экен. Бозо эчнерсе эмес. Бир чоң чыны бошоткондон кийин, кычырап басып кетем. Баягыдай көчөдө тейтейбей калганым ошол. Арак менен тамашалашкан болбойт экен.

- Жалындуу ырларыңыздан окуп бербейсизби…

- Кайдагы ырды окуюн. Акаларым эмне кылып атат? Жарыкты өчүрүп атат, ылайым өздөрү өчүп калгырлар! Түндө жарыктын кимге кереги бар? Мендей, сендей жалгыз бөлмөлүү акындарга. Катын-бала уктагандан кийин акындын түнкү музасы келген убакта жарыкты өчүрүп койгон өлкөнүн иши кудайга жагабы? Же китеп окуй албайсың, таң атканча зарыгып жатасың. Бул бийлик турмушубузду түнгө чулгап ийгени элди чүнчүттү. Мунусу жакшы жышаан эмес. Андан көрө карапайым элди жабыр тарттырбай, электр жарыгын уурдаган хансарайлуу мурдагы бийлик, азыркы бийликте отургандын баарын олчойгон айып тарттырып, түрмөгө отургузушса, эл турмушу өзүнөн өзү жарык болуп турмак. Анан мендей акындар булбулдай сайрайт элек да. Мына, жарыкты экономдогондон жарып деле кеткен жокпуз: күндөн күнгө кымбатчылык күчөп, жонтерибиз сыйрылганы калды. Жер, суу, Мекенибизди сатып атабыз, кана, эл көргөн байлык? Өздөрү байып атат. Мага окшогон каратаман элдин кабырга сөөгү саналып, өлөсөл турмуш өтүүдө. Бул бийлик эми жакында кыргызды байыркы Римдеги кулдардай сатып ийиши эле калды.

- Чыныгы поэзиянын жаралышы кандай деп ойлойсуз?

- Жымжырт болгон транс учурунда келет, анан ал ээн көчөлөрдө жүрөт. Кымкуут түшкөн жерден ал качат. Сага бир кезде: "Акын аба ырайына карабай, заман ырайына карап тирилигин кыла берген дыйканга окшош" дебедим беле, эсиңдеби?..

- "Акынсыз коомдун өзөгүн курт жейт" деп да айткансыз…

- Мыкты айтыпмын ээ? Ох-хоо… Анан да "Акын алма бак сыңары: "Мен алмамын, келгиле, жегиле" дебейт. Аны каалаган киши үзүп жейт. Анан да отун же устунга жарабаган мырза теректер бар, көк тиреп менменсинип турушат" дегем.

- Мунуңуз да укмуш сөз…

- Андан да укмуш сөздөрүм бар, уксаң. "Акын – чекеге чыккан чыйкан" же болбосо, "Өнөр куш сыяктуу, бакпасаң тоокко айланып калат", "Талант – бул кудайдын жазасы, анан сыноосу". Муну аз эле киши түшүнөт. Мисалы, Чыныбай Турсунбековго окшогон азаматтар. Ал мага 10-15 жылдан бери үзгүлтүксүз каралашып келатат. Кээде бир жыл бою стипендия бөлүп берип, кээде ай сайын бир мүшөктөн ун берип келди. А акчалай жардамы канча. Болбосо, туруктуу бир жерде иштеген күнүм болгон жок да. Кыргызды сактай турган азаматтар ушундай болсун. Канча капчыктуулар депутат, министр болду, ошолордун бири да кыргызга Чыныбайчалык кызмат кылган жок. Себеби, канча завод, чакан ишканаларды курду? Канча жумушчу орундарды даярдап, тентип кетер кыргыздын далайын кармап калды.

- Башыңыздан эмне сыноолор өтүп атат?

- Кайгы-муң. Эл көргөн турмушту карап туруп, зээним кейийт. Албетте, кайгы-муң кимди баспайт. Бирок азыркы кыргыз турмушуна жүрөк зыркырайт.

- Башыңызда бир тал ак чач жок экен, тобо, элүүгө келдим дейсиз…

- Эй, чын эле, мен карыбай койдум. Өмүр бою эле жаш бала бойдон калат окшойм. Менден кичүү өзүңөрдү карагылачы, чачыңар агара баштаптыр. А мени карытам деп, мезгил өзү убара болуп атат… Тиштеримди карачы, күрүчтөй. Мен эмне үчүн карыбай атам? Оптимистмин, турмушка жеңил карайм. Эл ыйлап кабыл алган трагедияны күлүп кабыл алам. Анан ачууланбайм.

- Бүгүнкү кыйынчылыктан элди алып чыгып кетер журтбашы ким деп ойлойсуз?

- Бир гана Текебаев. Ошол байкуш 2005-жылы 24-марттын алдында Бакиев ким экенине жалгыз өзү каршы болуп чыкканы эсиңердеби? Ошонделе көзү жетиптир: Бакиев кыргыз элдин түбүнө жетерине. Бирок ал бечараны уккан эл болгон жок да. Элди кой, саясатчылар да мурдунан алысты көрбөптүр, эми ошолор бармагын тиштеп атат. Негизи тарых устунун Ө.Текебаевдей инсандар тургузат. Ошондо Бакиевди колдогон саясатчылардын кимиси азыр бийликтин таасирдүү бутагында отурат? Мадумаров эмне болду? Сайпааналык саясаты менен ишеничтен чыкты. Туруксуз неме турбайбы…

- Учурунда М.Акаевага поэма арнаганыңызды билебиз, ошондогу арзыматтыгыңыздан азыр уяласызбы?

- Мен анда жетим балдардын тагдырын көрүп, Майрам эжекебизге далай алкыш ырларымды арнагам. Мен ал поэманы жетим балдарды көрүп, жолдо ыйлап келатканда жараткам. Мына, жетим балдар үчүн М.Акаева 14 үй куруп бериптир, рахмат айтышыбыз керек. Азыр Татьяна Бакиева 14 итке үй куруп береби? Жок.

- А.Акаевге арнаган "Аскар тообуз" деген поэмаңыз да "Кыргыз Туусуна" басылып чыкты эле. Ал да чын жүрөктөнбү?

- Албетте. Барыбир ал залкар инсан. Акаевди жолдон чыгаргандын баары азыркы бийликте тайраңдагандар эмес беле, чынбы?! Бакиев, Кулов, Садыркулов, Ногоев, Баекова, азыркы ЖК төрагасы А.Тагаев ж.б. ж.б. баары Акаевдин түбүнө жеткендер. А.Акаев байкуш дүйнөлүк абырою болгон үчүн бүтүндөй планетаны чарк айланып, кыргыз элин ачкачылыктан сактап калганын унутпашыбыз керек. Кыргызстан чоң ачарчылыкка кабыларда Турция президенти менен сүйлөшүү жүргүзүп, деңиз порттору менен аэропортту тиктеп, көпкө ойлонгон Демирель мырзанын кебине кантип жооп таап кеткенин билесиңби? "200 000 тонна ун берели, бирок Кыргызстанга жеткирүүнүн жолун кантип табасыз?" дегенде, "Сиздер Казакстанга доллар менен канча миллиарддаган суммадагы кредиттерди бердиңиздер, бизге ошол аласаңыздардын эсебинен эле чегерип коюңуз. А Кыргызстан Казакстандын берген унун оңой эле ташып алабыз" деп иштин көзүн таап кеткени бар. Болбосо ошончо унду Кыргызстанга алып келүүгө чама-чаркыбыз жетет беле?..

Акаевдин ошондогу чыныгы мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ичи жылыган Демирель мырза өзү да чын жүрөгүнөн сүйүнүп кеткен экен. Азыркы бийлик башындагылардын ошондой учурда мээлери иштейт беле? Жок. Самолёт менен ташып кетебиз деп чыгышмак да, алып келген пайданын жарымынан көбүн жолкиренин чыгымына коротуп, элди анык кыргынга учуратышмак. Акаев негизи чоң масштабдагы саясатчы болгон үчүн Кыргызстанды дүйнө тааныды. Албетте, кийинки катачылыктары Акаевдин өзүнө гана тиешелүү эмес. Так азыркы бийлик башындагыларга тиешелүү. Акаев качып кетти деп жаманатты кылып атышпайбы, ооба, Акүйгө зөөкүр саясатчылар кирип келерин билген үчүн качты да. Болбосо, Кыргызстан кыргынга учурамак.

Мен бир нерсени айтайын, ушуну сөзсүз жазып койчу, керек болсо К.Бакиевди баняга деректир кылчу эле киши, өлкөнү айтпай-ак коёлу. Чудиновду бир чочкокананы тейлетчү неме, а бери жактагыларын айтпай эле коеюн… Сөздүн ток этер жери – Акаев жасаган канжардын өзү менен Бакиев Акаевди сайды. Мен керек болсо Акаевге арначу поэмамды азыр да жаза берем. Анткени ал тарыхый инсан. А Бакиевиң ким? Колхоз. Бул киши эчкачан алысты көрө билген саясатчы эмес. Ал бүгүнкү кырдаалдан кантип чыгышты эң мыкты билген куу саясатчы. Кабыл алган чечимдерин карагылачы? "Неудачник". Айткан сөзү башка, иши теңирден тескери. Губернатор, министр ж.б. мамчиновниктерди кайра-кайра алмаштырып атканынын өзү эле туруксуз саясатты орнотуп атат. Айтты-койду дээрсиңер, К.Бакиевдин бийлиги жакшылык менен бүтпөйт. Мен муну акындык жүрөгүм менен туйган үчүн айтып атам. Акындын да көзү ачык экенин унутпагыла!

А.Акималиев паспортко сүрөткө түшмөк экен, экөөбүз көчөдө маек кургандыктан, "кой-айга" болбой, мени кошо сүрөт салонуна сүйрөп кирип, эстеликке сүрөткө түшүп койдук. Фотографтын: "Кааласаңыз, компьютердин жардамы менен сизди келиштире сулуулап, керек болсо үстүңүзгө кычыраган костюм кийгизип коём" дегенине Алик байкебиз көнбөдү: "Жок, баары табигый болушу керек. Эгер милийсалар мага розыск жарыялап калса, мени тааныбай калышпайбы" деп, караманча көнбөй койду.  

Маектешкен Олжобай ШАКИР (жеке архивден)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз