Миргүл Текешова: Айтматовдун ак жарыгы же сөздө кайра жаралуу жөнүндө

  • 10.06.2020
  • 3588

Сүрөт Асатилла Тешебаевдин кылкалемине таандык

(Самсак Станалиевдин “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” роман трилогиясы боюнча пикир)

Чыңгыз Айтматов жөнүндө роман жазылганын угуп, “Чагылгандын көз жашын” жазган, укмуштуудай аталыштарды ойлоп тапкан жазуучу Самсак Станалиевдин өзгөчө сырдуу аты бар романын таап, окуп чыгышым керек эле деп жүргөм. “Акжарыктын айыкпаган арманы” деп эстеп калыптырмын негедир.

Атын укканда эле сезгем, болсо болбосо, “Чагылгандан…” кийин жазуучу Айтматовдогу башкы түйүндү чечкен экен, кармаган экен, “Акжарыктын арманы…” деп жатпайбы деп андагы башкы идеяны болжогом. Айткандай эле болуп чыкты.

Түбүң түшкөн көр тирилик, турмуш менен алп урушуп жүргөн күндөрдүн биринде “Акжарык…” колума тийди.

Романдын аяк башын караганда “Буюккан күндөр”, “Тамчы жаш”, “Жомоктун кайтып келиши” деген үч аталышты окуйбуз. Булар өз-өзүнчө китеп аталып, чыгарма роман трилогия деп берилет. Мазмунуна караганда да, ооба, кандайдыр бир деңгээлде трилогияны көрүүгө болот.

1. Чыңгыз Айтматовдун атасы, мамлекеттик көрүнүктүү ишмер Төрөкул Айтматовдун жана ал жашаган доордун трагедиясы, 1937-1953-жылдарга чейинки кезең.

2. Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, жазуучу катары калыптануу, алгачкы ийгиликтер, алгачкы каршылыктар.

3. Чыгармалардагы трагедия. Жазуучу жараткан дүйнө, жазуучуга түздөн түз тиешелүү дүйнө. 3-китептин аты айтып тургандай “Жомоктун кайтып келиши”.

Мына ушул үч чоң дүйнөнү бири бирине байлап турган нерсе ал ошол автордун талантка, дарамет, кудуретке карата ойлоп табылган “ийненин көзүндөй” Акжарык. Бир кезде Ч.Айтматов өзү Чынгызханга бакыйтып башына ак булут айлантып койгондой, автор да улуу жазуучунун касиет-сапаттарын кыя өтпөй, Акжарык ыроолоп, Куттуу Айдын, Күндүн бир өзүнөн бүтүрүп отурат. Мунусу албетте, Айтматов сыяктуу кубулуштун тегин жерден чыкпагандыгынын, эли-жерине гана эмес бүтүндөй адамзатты аруулап, жарыгын чача тургандыгынын белгиси. Ошентсе да, жазуучунун уруу-тегин баяндаган жомок-окуяларда айрым ашыкча, анан укмуштуулукка көбүрөк орун берилип калгансыган сезим калтырган жерлер байкалат.

Анан ошо жарыктын бүтпөгөн сыныгы бар. Аны автор талантка айырбашталган тагдыр дейт. Өмүр бою бүтпөгөн сынык ошо, ата бутагынан бир сынып, турмуштан бир сынып, чыгармачылык жолунда сыныгына шынаа каккандар катардан чыгып, жарака ачып алышып, жаатташып, айыктырып бүтүрбөй, улам бир жакшы чыгармасы менен сыныгын таңып келатканда, күлүктүн шакшагын күнүнөн мурун чечип салгандай кайра сылтытып, бирок ага карабай күүлөнүп алган күлүктү токтото алышпайт…

Автор биринчи эки китепте белсенип иштегени, материалдардын каршылыгын аныктап, ыгы менен ширегени көрүнүп турат. Бирок үчүнчү китепке келгенде кандайдыр бир деңгээлде “Адабий айкашка” алдырып жибергенсип, автор өзү айтмакчы “Чубактын кунундай чубалган” сөзгө, “Жазма жашоосу бүтүп, оозеки жашоосу уланып аткан” баягы сөздүн күңгөй-тескейине көп токтоп атып, трилогиянын үчүнчү трагедиясы болгон, “маңкуртту”, Авдийди, Филофейди анан Арсенди жараткан Акжарыктын, Дөөлөрбү, Шааларбы, Титандарбы айтор, ошолордун “Чоң казаттарынан” аман кайткан күндөрү акыл калчап, ой-санаасын санга бөлүп отуруп “тарыхый эс-тутум”, “акыр заман”, “эндүү эмбрион”, “тоолорубуз түбөлүк ушинтип турабы же…” деп эчен таңды аппак атырганын, ошол чыгармаларда жашап, азабы менен тозогунда өлүп кайра тирилип жүргөнүн байкабай калабыз.

Ч.Айтматов өз жеке тагдырындагы урунуттуу учурларды кандайдыр бир деңгээлде коом менен учурдун актуалдуу темалары менен байланыштуу, кеңири алкакта, жогорку көркөмдүүлүктө калемге алды, анын чыгармаларындагы автобиографиялык, турмуш чындыгынан алынган окуяларды, прототиптүү каармандарды көрүүгө болот.

Ошентсе да Ч.Айтматов көкүрөк өйүткөн көп жеке күйүттөрүн көркөм чыгармалардын кеңири алкагына жуурулуштуруп жиберип, чачыратып, кандайдыр бир деңгээлде жазуучулук чеберчиликтин күчү менен жашырып келгендей сезим калтырат. Же бул темаларга атайылап ачык орун бербей, өз ичиндеги чыгармачылыктын түгөнбөгөн угуту катары калтырып, улам ошол өчпөгөн оттон тамызгы алып тургандай сезилет. Мына деп баарын ачык айкын жазып, окуялардын сары изине түшүп, иликтеп, аны кылымдын кылмышы катары көркөм сөздүн күчү менен кеңири сөзгө айландырса да болот эле, бирок жазуучу окурмандар менен изилдөөчүлөргө бүтпөгөн кенч болуп, баардык сырын чыгармаларына көркөм сөздүн күчү менен жашырып кетти.

Албетте, ал өз чыгармачылыгында бул маселелердин баарына жооп тапты, өз өмүр жолунда орун алган, баштан өткөргөн окуялардын, анын ичинде атасынын да тагдырын электен өткөргөнү талашсыз. Ал бул маселелерге өтө эле тереңден, адамзаттын тээ атам заманынан бери келе жаткан ак санатайлык менен кара санатайлыктын алака катышынан алып карайт да, (“Кылым карытар бир күн”, “Кыямат”, “Кассандра тамгасы” романдарын эске түшүрсөк) ошону менен ал маселелерди өз аң-сезиминде чечмелеп, жерине жеткире ийлеп, жогоруда айтылган эки түпкүлүктүү карама-каршылыкты (добро и зло) мезгил менен мейкиндикте себеп-натыйжалап туруп, окурманына сунуп коёт. Муну менен ал фактылар менен турмуш чындыгынан алда канча бийиктеп, алда канча утуштуу болот. Ал аталар тагдырына балта чапкан ошол кыянаттыкты адамзат тарыхындагы эң улуу каргашаларга теңейт да, ал каргашага катышы барларды карт тарыхта калган эң эле кара санатайлардын катарына кошот (Азезил, Понтий Пилат, Иуда). Сөздүн, искусствонун күчүнүн эң оор жазасы да ушу болсо керек. Ч.Айтматов муну менен бул түбөлүктүү Сөздөрдө калган ассоциациялар аркылуу, бул аталар тагдырынын маани-маңызын да түбөлүктүү улуу сөзгө айландырып таштайт.

Бирок ар бир чыгармасын талдап отургудай бул бизге эмне айтматовтаануу боюнча диссертация беле деп коём өзүмчө, анан кайра ошентсе да ал чыгармаларды Айтматов жазды да, бир келген өмүрүн берип, башын баталгага коюп, баш канжыгада, кан көөкөрдө деп жүрүп жазды да, бүтпөгөн сыныгы да ошондон да, айыкпас сынык экенин түшүнгөн үчүн, билген үчүн жазып, жазгандары менен жараатын таңып отуру да деп коём.

Бирок романда автор Ч.Айтматовдун көп эле чыгармаларына кыйыр жана түз түрдө токтолот. Алардын маани маңызын өтө кылдат ачып берген жагдайлары да байкалат. Бул анын каарманынын жазуучу катары калыптануу жолундагы кабатырланууларын чагылдырууда ачык көрүнөт. Айрыкча “Жамийла”, “Бетме-бет” боюнча ойлорунан муну байкоого болот.

Бул тарыхый-биографиялык роман болгон соң, албетте, тактыкты талап кылат. Башка тармак эмес, адабияттын өзү, болгондо да кара чечекей көзү болгон, көзгө басар жазуучунун өмүрү-чыгармачылыгы жөнүндө сөз болуп жатат. Адабият дүйнөсү, жазуучусу, акыны, сынчысы да башка ошол доорду доор кылып турган алптар “Ошол убакта мен кайда элем, сен кандай, элди көрүп мени көрбөй каласың” деп авторду башбактап карап турушат. Анан алардын о дүйнөдөгүсүн да, бу дүйнөдөгүсүн да тизмектеп Айтматов дүйнөсүнө алака-катышын эбепке-себеп кылып баяндап отуруп, автор эми качан өзүнө кайрылат деп күтөсүң.

Ушунча болду эми “Силердин баш көтөрбөй кызматыңарды кыла берчү калемгериңер” деп келип, кыстарып кетеби десек, жок, автор ага барбайт. Көрүнбөй көмүскөдө кала берет. Муну белгилеп отурганыбыздын себеби, адабият тарыхында, адабий чыгармалардын табиятында мындай нерсе практикаланып келет. Айрыкча орто кылым Чыгыш адабиятында бул өзүнчө адабий көркөм ыкманын деңгээлине көтөрүлүп, чыгарманын аягында атын орундуу жана көркөм чеберчилик менен окурманга жеткизүү да жогору бааланган.

Айтматов дүйнөсүн толук кандуу ачуу үчүн, автор анын жеке турмуш жолуна да токтолот. Бирок кылдат иштеп, бул темаларда өтө тереңдеп, деталдаштырбайт. Үй-бүлөсүн, бир туугандарын, туугандарын, бала-бакырасын саймедиреп сөз кылбайт. Ошентсе да эки инсандын көркөм образдары да окурманга жеткилең болуп, тартыла келсе дейсиң, анын бири жазуучунун иниси академик Илгиз Айтматов, карындашы окумуштуу, коомдук ишмер Роза Айтматова. Алардын балалык чагы, бир уяда чоңоюп жетилгени, атасыздыктын армандуу күндөрү таасирдүү чагылдырылган, бирок андан кийинки учурлар көп байкалбай калгансыйт. Бирок Нагима Айтматованын образына автор орчундуу орун берген. Аны кылдат иштегени байкалып турат. Айрыкча ички кабатырлануулары, күчү, энелик кайраты жана балдарын корголоп өстүрүүдөгү инсандык парасат-сапаттары ынанымдуу. Бул албетте, автордун ийгилиги.

Роман канчалык тарыхый-биографиялык болгону менен ал жеке көркөм туунду. Анда автордук конструкция орун алган. А дегенде эле Айтматовдун чыгармаларына да мүнөздүү автордук чегинүүлөр көңүлдү бурат. Алардан кадимкидей айтматовдук баяндоо стилине үндөштүктүн илеби согуп турат. Романдык кеңдикке алып баруучу жол сезилет, жалпылап, түпкүлүктүү ой-толгоолорго жетелеген айтматовдук ыкманы байкоого болот. Бул автордун кемчилиги эмес. Тескерисинче, сөз улуу сүрөткер жөнүндө болуп жаткандан кийин автордун табыгый түрдө айтматовдук атмосферага окурманды алып кирип бараткан, ошол дүйнөнү эске салган, сездирген чыгармачылык чеберчилик катары бааланууга тийиш. Автордун ошол дүйнөгө өзү да сүңгүп, өзү да кубулуп, бирде Айтматовго айланып, анын сөзүн, жан дүйнөсүн көпүрө болуп өткөрүп жаткандыгын, анын чыгармачылык процессте улам бир инсандын, болгондо да доордун даңазалуу инсандарынын, парасат-сапаттарын ичтен ачуу үчүн алардын адамдык маңыздарын өз аң-сезиминен өткөзүп отуруп жазгандыгын, романды окуп отуруп байкоого болот.

Бир туруп Айтматов болуп, айтматовдук бийиктиктен ой жүгүртүп, бир туруп башка абалга, башка деңгээлге түшүп, ал жакта ой толгоп жүрүп отуруп, бул романды жазганча автордун миң кубула түйшөлгөнүн көрүүгө болот. Анын баары романдын тилинде төгүлүп жатат.

Автор окурманына жетүү үчүн, үнүн жеткирүү үчүн тилдик корубуздагы мүмкүнчүлүктөрдү болушунча колдонот. Романдын түрү да шарттап тургандай көркөм-публицистика, документалдуулук, эпикалуулук, лирика, драмалуулук айкалышып келет. Автор элдик эпитет, метафора деги сөздү жетер жерине жеткизүү үчүн керек болгон каражаттардан тартынбай, каалашынча колдонот. Ойлоп табат. Куюлуштуруп, сөз айкаштарын, сүйлөмдөрдү шөкөттөйт. Окуган кыргыз, бир жыргап окусун да моокуму кансын деп жазат.

Ушул жазгандарынан деги эле чыгармадан кандай таасир калат? – десеңиз, окурмандын оюнда Айтматовдун образы кадимкидей жанданабы, анын образы жеткиликтүүбү? – деген суроолорго келе турган болсок, албетте, мында автор өзү да жазуучу катары, улуу жазуучунун замандашы катары, котормочусу катары (Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романын кыргызчага которгон) анын жан дүйнөсүн ача алганы, аны түшүнө алганы байкалат. Анда эл көзүндө, аң-сезиминде, ой-пикиринде калыптанып калган касиет-сапаттар менен аларды ичтен себеп-натыйжалаган жагдайлар ишенимдүү иштелет.

Айрыкча “Балалыгым”, “Тарыхтын актай барактары” ж.б. эскерүүлөр, маектер, интервьюлар орундуу пайдаланылганын көрөбүз. Булар ар кайсыл китепте келки-келки жүргөн эскерүүлөр болгону менен романда Айтматовдун образын жаратууда ыктуу колдонулган жагдайга жараша, окуянын жүрүшүн шарттап, ички мазмунга ылайык орун алып турат. Мындан тышкары автордун изденүүлөрү, өтө кеңири белгилүү болбогон жагдайлар да, жазуучунун турмуш жолуна ылайык ырааттуу колдонулат.

Айрыкча жазуучу жашаган доордун картинасы, каардуу жылдардан кийинки жазгы баар, кайра куруу жылдары, Айтматовдун учурдун оош-кыйышынын тамырын кармай билген көрөгөчтүгү, кыргыз адабияты менен искусствосундагы жаңы жетишкендиктер жана табылгалар ишенимдүү чагылдырылган.

Эмнегедир эгемендүү Кыргызстандын шартындагы Айтматовдун чыгармачылыгы, деги эле бул доордогу анын орду жана ролу кандай болду, жазуучунун мезгилдер менен саясий кырдаалдар туурасындагы ой толгоолору жетишпегенсип турат. Же булардан жазуучу билип эле сөз кылып, тереңдеп баяндоодон баш тарткандай элес калтырат. Анткен менен ал нерселер чыгарманын кунарын качыра албайт. Турган турпатына кедергисин тийгизбейт.

Айтматов жөнүндө дагы далай сөз айтылып, далай көркөм чыгарма жазылат деген ойдобуз. Айрыкча көзүнүн тирүүсүндө “Ааламдын Айтматову” аталып калган инсандын образына орус адабиятында, түрк тилдүү калктардын адабиятында да көлөмдүү чыгармалар жарык көрүшү мүмкүн. Алардын да өз көз карашынан, өз адабияттары менен алака-катыштарынын алкагынан алып өз Айтматовдорун жаратууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок улуу жазуучунун өз тууган жеринде, өз элинде ага көрсөткөн сый-урмат менен анын мурасын аздектөөнүн чоң белгиси катары туңгуч романдын жарык көрүшү албетте, кыргыз адабияты үчүн, ааламга “Манас” эпосу менен “Айтматовдой” алптарды берген адабият үчүн абийир болду.

Самсак Станалиев агайдын кыргыз адабиятынын намысына жарап, көөнөрбөс көркөм дүйнөсүнүн не бир гүлдөрүн терип, жаңыртып, өзөктүү темаларын иштеп, өрнөктүү өмүрлөрдүн өкүт калган үндөрүн бизге жеткирип, өчүрбөй улуу сөздү улап келе жаткандыгы окурмандардын, коомчулуктун алкышы менен сыйына арзыйт деген ойдобуз.

Чыңгыз Айтматов өзү «Сөз менен жаратып алууга болот. Ообо, ооба. Ошол үчүн бизге Сөз берилип отурат жогортон. Биздеги жана бизде болуп жаткандын бардыгы сөз аркылуу ишке ашат. Анан калса адамдын колунан чыккандын баары, акыры келип, сөздүн жүзөгө ашырылышы. Дарыяга салынган көпүрө – ал элден мурда сөз болгон. Мен андан ары кетейин, сөз – биздин маңызыбызда жаткан түбөлүктүүлүктүн потенциалы. Биз өлөбүз – сөз калат. Мына ошондуктан ал – Кудай. Мына ошентип биз сөздө, сөздөрдө далбас урабыз, бир туруп канат байлап, чексиздикке оболойбуз, бир туруп качырдан бетер жазмыштын жүгөнү катылып, сөздүн жетегиндебиз…» - дегендей «Сөз менен жаратып алууга болот» экен го.

Ошол сөз да, Жаратканга же, көзү өтүп кеткендерге керек эмес экен го, дагы да болсо тирүүлөргө, тирүүлөр көзү өтүп кеткендерин сөз менен жаратып, өлтүрбөй, өчүрбөй сактап келиши үчүн керек экен го. Ошол Сөздө Манас атабыз өлбөй келе жаткандай, Чыңгыз атабыз да жашай берет экен го. Тирүүлөр ошол «…сөздөрдө далбас урат…» экен го. «Акжарык…» да мына ушуну далилдеп туру.

1. Станалиев Самсак. Акжарыктын айыкпаган сыныгы: Роман трилогия – Б.: “Принт экспресс”, 2018. – 752 б.

2. Айтматов, Ч. Т. Чыгармаларынын 8 томдук жыйнагы: [Текст] / Ч.Т.Айтматов – Б.: Бийиктик, 2008. – 6-Т: Романдар. – 512 б.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз