Алтынай  Темирова: Саргайган барактардын сары изи менен

  • 17.03.2024
  • 4177

Бул кол жазманы капысынан таап алдым. Алар менин эски, 25 жыл мурунку архивдик материалдарымды иргеп аткан кезде арасынан чыкты. Балким, мен аны байкабайт элем, эгерде буга чейин бир окуя эсимде калбаган болсо!..

Өткөн күздө “Шанс” китеп басмасынын бир иш-чарасына чакырышканынан баргам. Аяктаганда шашып кетип баратсам, ошол жерден бир бейтааныш жаш жигит артыман удаа коштой чыгып, Рудакинин казалдарын которгон-которбогонумду сурап калды. “Жок” дегенимден соң: “Шербет Келдибекова эже (ыраматылык) которгон экен, Сизде жокпу?” – деди. Мен дагы “Жок” дедим, китебинен сурап атат ко деп ойлоп. “Шербет эже, кол жазмасы Сизде бар деп айткан эле, мурда”, - деди.

Мен таң калып туруп калдым. – Кол жазмасы?.. Кандайча?.. “Кыргыз Радиосуна чыгарган”, – деген болчу деди. – Аа, анда, Радиого окусам керек да... “Ошо, Сизге бериптир, Алтынай Темировада эле бар”, – деп айткан... – Эсимде жок... Өзүндө калбаптырбы экземпляры? Көчүрмөсү болуш керек эле да?.. “Ошо, жок экен... алып калбаптыр да?..” – Билбейм... эсте жок!.. – деген бойдон кеткем.   

Ал кол жазма менде сакталып калдыбы, калбадыбы деген күмөн ой турду көкүрөктө!.. Ал жигитти: “Эмнеси болосуң, кайдансың, атың ким? Телефонуңду берип кой,” – дебей да калыптырмын.

Ошентип, кышында архивдик материалдарымды иреттеп отуруп, “Казына” редакциясындагы “Улуу Мурас” автордук уктуруумдун кол жазмаларынын арасынан кокусунан таап алып, ошол капыстан болгон жолугушууну эстеп, дароо бөлүп алып койдум. Анан, карантин бүткүчө ал жигитти кайдан, кантип табам деп ойлонуп, эстеп коюп жүрдүм.

Акыры “РухЭш” билсе керек деген ой келип, компьютерге терип жөнөтөйүн деген тейде дагы бир топ убакыт өттү. 90-жылдардын жарымында, компьютер келелекте, машинкага басылган биринчи нускаларын редакцияга документ катары өткөрүп, экинчисин монтажга берип, үчүнчү көчүрмөсү өзүбүздө калчу. Ошону эфирге окуп, же окутуп, андан соң кээсин сактап, кээсинин артын кийинки уктуруунун материалын чиймелегенге “черновик” кылчубуз.

Кудай жалгап, бул саргайган барактар сакталып калганына кубанып, жарык көрүүгө даярдай сүрөткө тартып, анын сары изин кууп издеген бейтааныш жигитке да ыраазы боло эстеп, “РухЭшке” жана анын калың окурмандарына электрондук вариантта жөнөтүп жатам.   

Абу Абдулла Жапар РУДАКИ

КАЗАЛДАР

Тоо суусундай өмүрүңдүн өзөнү,
Тосо албайбыз бир гана өлүм кезегин.

Өмүрүң жип, бүтөт учу түйүндөн,
Сезе албайбыз жеткен кезде эсеби.

Кайгы-муңда карыттыңбы кылымды,
Же жамандык көрбөдүңбү эзели:

Же ээси бол, ушул дүйнө жармынын,
Анын баары бүл-бүл шоола кечээги.

Өлүм теңейт баарыбызды, туюнтат
Көр пендеге дүйнө жалган экенин.

*       *       *

Кылычыңды баш кесүү үчүн албагын,
“Кан төкпө” дейт, эгер уксаң Алланы.

Жүзүм өспөйт шарап үчүн бир гана,
Сен кылычты коргонууга кайрагын.

Бир өлүктү көрүп Ыйса пайгамбар,
Айткан сөзүн сакта эсиңе ар дайым:

“Куткарбады каны сенден өлгөндүн,
Бирок өлөт, сени өлтүргөн жан дагы”.

Демек какпа, бөтөн үйдүн эшигин,
А досуңа кактырбай ач каалганы.

*       *       *

Кыш түнүндө Жаз төбөдөн түшкөнбү,
Өрөөн көктөп, көк да шаңга чүмкөлдү.

Жамгыр жууган бак шайыдай жаркырап,
Жорткон желден жаз илеби искелди.

Кечки кырдан чоктой жанса жоогазын,
Булут муңдуу сырга чулгайт биздерди.

Гүлбү тигил, же Лайлиби жанды эзген,
Шолоктосо жамгыр Мажнун түспөлдүү.

Мөл булактан жыпар аңкыйт жан эркем,
Гүлдөй жүзүн шул булакка сүрткөнбү?

О, ал жазса чачын... куунап жүз жүрөк,
Терс бурулса зарлайт эки жүздөйү.

Айрый албайт акмак гүлдү тикенден,
А жин урган бал дейт көкнар ичкенин.

*       *       *

Менин рухум ден торуна чалынбайт,
Хан нуркуна – өлүм – жашоо малчыдай.

Какшып калган Эллададан суу күтпөйт,
Улуу ырчы шык жылдызы жаркыган.

Ырым – Жусуп, мен көркүнө ашыкмын.
Ырым – булбул, бүт тагдырым таңшыткан.

Көргөм далай мырза аталган кууларды –
Жан адамга жакшылыкты аз кылган.

Аларга өрнөк болсом деген тилектен,
Алла өзү көңүлүмдү аздырды.

Жайна Жаздай дилбарга жаның сүйгөн,
Жылт деп өтөөр суу өңдүү агып дүйнө.

Кайгыңды унут, кайыкпа ызгаарына,
Турган кезде туш-тушуң жанып мүлдө.

Айдай сулуу кашымда аңкыган бак,
Кашта турса кара чач – жаннат күнгө!

Алганыңды бербесең бечарасың,
Армансызмын карзымды кайрып сүйгөн.

Оомат барда ойноп-күл, жангын өрттөй,
Булут менен шамалдай өтөт дүйнө.

*       *       *

Жанды ачыткан досуңа камыкпагын,
Жаркыраган Күн болот арты жаандын.

Колбашчыдан тил уккан иши ак жоокер,
Билет жакшы акыры сый алаарын.

Мөмөсүн тат тикенин эсиңе албай,
Жакшыны эсте, унутуп жаман жагын.

Таарынычтан бат болот жазылмагы,
Күткүн досту – достуктун бийик шаңы.

Которгон Шербет КЕЛДИБЕКОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз