Алтай эл жомогу: Жүз акыл

  • 29.06.2020
  • 3883

Түлкү менен каркыра жолугуп калышат.

Каркырага кунт коё караган түлкүнүн боору ооруйт:

- Байкуш каркыра, сенин эки эле бутуң бар турбайбы!

Түлкүгө көз жүгүрткөн каркыра анын төрт буту бар экенин көрүп оозу ачылат.

- Ой! – деп кыйкырып жиберет түлкү. – Байкушум, сенин бир да тишиң жок экен го! Менин отуз алты тишим, жүз акылым, төрт бутум, эки кулагым, анан барпайган сонун куйругум бар!

Айтса айтпаса төгүнбү – каркыра жаратканга таарынып, арман кылгыча асманды карай мойнун созуп, калыстыгы жок Кудайды көргүсү келет. Аны көрө албаганы менен узун моюну керекке жарап: өңүп келаткан мергенчи көзүнө урунат.

- Ой, түлкү, тигинде адам келатат! Жүз акылыңды колдонуп бир айла таба көр!

Түлкү дароо куйругун чатына кыпчып кашкулактын ийинине бой урат. Каркыра анын жүз акылына ишенип, артынан үч бүктөлүп сойлойт.

Муну байкап калган мергенчи жетип келип ийинди каза баштайт.

- Ах түлкүм, жүз акылдуу кеменгерим! Бир айла таап куткарып кал! – деп жалдырайт каркыра түлкүгө.

- Өзүң башыңды иштет! Менин акылым ар жакка чачырап, элүүсү эле калды. Өзүмдү өзүм сактап калсам кандай!..

Каркырада кайдагы акыл, калтырап туруп берет. Аңгыча мерген ийинди казып жакындап келип, каркыранын узун бутунан алып, сыртка сүйрөп чыгат. Байкуш каркыра айласы кеткенде өлүмүш болуп, солдоюп жатып калат. Мергенчи аны эбак жантаслим болгон экен деп артка таштап, ийин казганды улантып, түлкүнүн куйругуна колу жетет. Аны сыртка сууруп чыгып, белинен бүктөп өлтүрүп, толорсугунан тешийт да кайыш куруна илет. “Жон терисинен жака тиктирем, боорунан тумак жасатам, куйругун салпаңдатып чокусуна тагам, каркыраны болсо иттериме салып берем”, - деп кыялданган мергенчи артына карагыча болбой каркыра эки жолу канат шилтеп көккө көкөлөйт, кол сунуп, камчы шилтемек тургай жаа тартса да жетпегидей асман түпкүрүнө сүңгүйт.

Ошентип жүз акылы, отуз алты тиши, төрт буту, кооз куйругу бар түлкү тутулат, жаман акылына таянган каркыра кутулат.

Демек, көп акылды жөн эле алып жүргөнчө, жарым акыл болсо да пайдаланган оң экен.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз