Мидин Алыбаев: Ася

  • 06.07.2020
  • 3794

АҢГЕМЕ

Командировкага көп күндөрдөн ушу «бүгүн кетейин деп калдыңбы?». Жаңы жылды мени менен чогуу тосуп туруп эле кетсең боло?

- Койчу, Ася, — деди Шааболот үнүн аянычтуу чыгарып. — Мен кантип эле жаңы жылды сени менен үйдө тосуп алуудан качайын. Жыл сайын эле экөөбүз бир тосуп алуучу эмес белек. Азыр катуу тапшырма менен кетип баратам. Кыштоодогу малдарды көрүп келем. Кечээги кар бардык жерге оор түштү дейт.

- Эки-үч күндүн ичинде сен кыштоодогу карды күрөп келмек белең? Жаңы жылды үйдөн тосуп эле кетсең боло. Же бирөөнүн үйүндө олтуруп: «Кел эмесе аяш, Сиздин саламаттыгыңыз үчүн!» деп көзүңдү кылгыртайын деп баратасыңбы? Мен жалгыз кантип тосом?

- Эч нерсе эмес, же чакырган жолдоштордун бирөөнүкүнө бар, же өзүң жакын санаалаштардан төрт-бөшөөнү чакыр. Сага эч нерсе эмес. Мына мен кандай жерде тосоорум белгисиз. Бир малчынын үйүндө тосоормун же талаада болор бекемин? Сен бака-шака түшкөн теңтуштардын арасында пробкасын шак эттирип шампанскийлерди ачып жатканда, мен кара тумакты баса кийип, көрпө ичиктин сыртынан бек курчанып, капчыгайды өрдөп, кыштоолордун бирине чыгып бараткан кезим болор бекен. Ким билет, — деди Щааболот.

Ася аны азыраак аяп жиберди да:

- Эми деги тез келсең. Машинаны таштап кетесиңби?

- Койчу, Асяжан! Машина мени районго жеткирет дагы, кайра келет. Орунбасарга таштайм.

- А, мен?

- Ася, разговор болот экен. Бир жакка минсең орунбасардан сурап аларсың.

- Разговор-мыразговоруңду билбеймин. Мени жалгыз да ташта, машинаңды да ая. Деги сен кийинки жылдарда эмне бодуп баратасың? Үйдөн качышыңда да бир кеп бар.

- Эч кеп жок. Бардыгы коомдук иш, Ася. Саламатта тур. Неудобно, кетейин. Жаңы жылыңды жакшы тос. Кош, — деп Шааболот шарт чыгып кетти.

Ася капа болгон бойдон эки чыканагын столго такап, жаагын алаканы менен жөлөп, көпкө олтурду. Ал Шааболоттун үйдөн кетишине деле анча капаланган жок. Анын кийинки күндөрдө көңүлү өзүнөн-өзү чөгүңкү болуп жүргөн. Санаасын сай кыдыртып ошол калыбы менен көпкө чейин олтуруп калды. Бир аздан кийин үйүндө кызмат кылган аял ашкана жактан келип.

- Ася эже, какао даяр болду, — деди эле, аны эч кандай унчукпастан кетирди.

Асянын өз аты Асел эле. Ася дегени жалаң эркелетилгендиктен чыккан ат эмес, Асел деген сөз орус тилинде саал одонороок маани бергендиктен Ася делинип калганына бир топ жыл болгон.

Ася ой кыдыртып олтуруп, акыры эми үч күндөн кийин жаңы жылдын келерине токтолду. Аны кандайча тосуу, кимдер менен болуу, кандай көйнөк же костюм менен олтуруу анчалык тынчын алган жок. Ал жагынан Ася камсыз эле. Азыркы оюн эки кылган, кийинки бир топ күндөн берки кылт этип улам оюна түшүп алган жаш маселеси эле. Мына, эми үч күндөн кийин Асянын жашы канчага толуп же канчаны кармап калмак? Бул жөнүндө Асяжан өзү менен өзү сүйлөшүп, өзү гана эсептемек. Бул эң тереңдеги сыр. Азыр Ася ошол сыр менен алп урушуп олтурат. Ал мындан бир нече жыл мурун отуздун кырына илинүүгө мойну жар бербей, нечен жолу төмөн жакты карай үч жылдан, төрт жылдан томолонуп түшүп, эки жолу паспорт алмаштырган. Бир паспортун тим эле «жоготуп койдум» деп тытып таштаган. Анда жүз сом штраф төлөп, жаңы паспорт аларда төрт жылды төмөн түшүрүп салган. Экинчи жолу паспортуна Асел деген аттын ордуна Асийра деп жаздырганда дагы үч жылын «бүктөгөн». Мына, Ася азыр кырктын кыркын ашып койсо дагы, кыялында кылчайып төмөн жакты карап кыйналып олтурат.

Ася оор үшкүрүнүп ордунан турду дагы илинип турган календарга жакын келди, 28-декабрь... Календардын көп барактары айрылып бүткөн. Үч гана барагы калган. Мына, Асянын дагы жаштык күндөрү ушул дүмүрчөктөй болуп өтүп кеттиби? Жок. Ася кырктан ашпайт!

Ал илинип турган сумкасынан паспортун алды да, өзүнүн сүрөтүнө бир аз көз чаптырды. Начальниктин колун көрдү. Анан айласыздан туулган жылына көзү түшө калып паспортун шак жапты. Ал көзүнө жаман көрүнүп кетти. Паспортту тытып жибергиси келди эле, бирок андан башка документи жок болгондуктан өзүн-өзү токтотуп калды.

- Койчу, неужели, мен кырктын нары жагына кеттим! — деген сөздү байкабай айтып жибергенине чочуп кетти. Ал туалеттик столуна жакын барып, күзгүгө каранды. Мына, баягы эле Ася! Кудай жалгап, чачындагы ак жокко эсе экен. Эч нерсе эмес, искек бар. Тике өйдө караганда катмарлана түшкөн чекенин бырыштары, көздүн алдындагы бырыштар чатак. Булар же упага, же кремге баш ийбегенине көп жыл болду. Кана, алыстан кандай экен? Өзүнүн бою менен тең гардеробдун таш күзгүсүнө барып, өзүнө бөтөнчө сын көз менен карады. Чукул жерден даана көрүнгөн бырыштар алыстаганда, анча көрүнбөйт экен го! Ася таш күзгүнүн бетине жакын келди. Оолактады. Бир маалда арка жагындагы илинип турган чоң сүрөтүн көрүп дароо жалт бурулду. Карачы, ошол мезгилим мезгил эмес беле! Чыбыктай солкулдаган гана ак келин. Карачы күлүп түшкөн. Тиги акыл азууну каптаган алтынды ошол жылы койдурган. Башында кыйшык кийилген ак беретка, ошол кездердеги мода эле. Аны Москвадан ким алып келгенин да кылт эсине салды. Ал кезде азыркыга караганда субагай бет экен го.

Ася алда качанкы сүрөтүн бир карап, таш күзгүдөн өзүн бир карап, көпкө турду. Тигил илинген сүрөткө түшкөн кездеринде, азыркы Асянын жашындагы аялдарды да учуратаар эле. Кээ бирөөнү жеңе десе, кээ бирөөнү апа деп да коючу. Алар азыркы Асянын так өзүндөй болуп кош богок болуп, балчагайыраак тартып, балтыры быйбылчакка чейин жооноюп, бут майтаман жагына чалып, узун такалар арт жагына майтарылып, тойгон өрдөкчө баскан аялдар эле. Алардын кээ бирлери кежигеге бир же эки бүктөм эт байлап, дугдуюңку келип, дөңгөлөктүү бешикке баланы салып, «эң кийинки балабыз ушул» же болбосо: «Кызымдын тун баласы» деп, салкындагы скамейкаларда олтурушчу. Ошолорду элестетип Ася кырынан туруп күзгүгө жана бир каранды эле, өзүнүн кебетеси ошол элеске окшоп кеткенин көрүп көзүн жуумп жиберди. Ал күзгүнү да, сүрөттү да көргүсү келбей тескери карады. «Мага эмне болду? Өзүм өзүм болгону эмгек кылып түйшүк тартпасам, эрим өлүп кайгы жебесем, «жыйырмадан араң аштым «дегенимде», коюңузчу, улуу балаңыз өзүңүздөй болуп турбайбы?» деп, күбө тарта койчудай балам жок болсо, мен мынча эмне карып баратам?...»

Кыскасы, Ася ар дайым жаңы жылдын алдында ушинтип бир кыйналмай адат тапты.

Олтургандар жаңы жылдагы жаңы ийгиликтер үчүн бир-эки сыйрадан алып жиберишкен, «чабал өрдөктөр» эчак эле мурун учуп алышып, эч кимге сөз бербей бажылдап калышкан. Мындай олтуруштун далайын башынан өткөргөн Ася бокалды ыгы менен көтөрүп, сөздү ыгы менен сүйлөп олтурган. Жанындагы келинге шампанскийдин артынан эмнени, ликёрдун артынан эмнени жеш керек экендигин айтып, маданияттулугун белгилей олтурду. Шааболоттун бул жерде бары-жогу Асяга эч кандай билинген да жок. Ал өтө көңүлдүү олтурду, ушул жылдын эң акыркы модасы менен тигилген саргыч-жашыл көйнөктү башкалар жактырышып олтурду бекен? Тааныган аялдардын бирөө: «Кимге тиктирдиң, Асяжан?» деп качан сураар экен деп да ой жиберип коёт. Бул олтургандардын үй ээлери Асялар менен дайым келим-кетим кылып жүргөндөр. Калгандарынын кайсы бирөөлөрү чала тааныш. Кээ бирөөлөрү менен биринчи жолу гана олтурушу болгондуктан өзүн «анык Шааболотко ылайык киши экен» деп айтышса деген аракетте болду. Маңдай жагында олтурган жаш жигит бир шокаладды аарчып:

- Аксакал жок, капаланып олтурабызбы? Ухаживать этпесек болбойт ко, — деп алдына шоколадды койгондо Асяга элдин баары кол чаап жаткандай сезиле түштү. Ал көтөрүлүп калды. «Ушундай эле Ася элем да» деп айланасын бир карап алды.

- Жөн эле божурашып сүйлөшө бербей, же ырдап, же бийлесек болбойбу? — деди бир маалда үй ээси.

- Ырас эле, ыр башталсынчы, — деп Ася бир элге, бир маңдай жагындагы жаш жигитке карады. Ыр башталды. Ыр бокалы биринен-бирине кыдырып жатты. Терезе жактагы жаш келин ырдап туруп Асянын маңдай жагындагы жигитке сунганда, Ася ичинен «ий, байкуш ий, ичпес ашынан үмүт эткенин. Бул жигиттин көөнү кимде экен?» — деп жигит ыр бокалды кармаганда эле, Асянын бүткөн бою чымырап, жүрөгү кубанычтуу дүпүлдөдү. Ал ичинен ыр камдай баштады.

Жигит:

«Бир кезекте сен жибек тал ийилген,
Жашырынып карыш чыкпай үйүңдөн.
Ал кезекте бир бечара жаш чагым,
Кызды көрсөм, караанына сүйүнгөн.
Бирок жаным, өз жашыңды көп дебе
Азыр эрте, чыга элексиң чийинден», — деген китептен жаттаган ырын ырдап жатканда, Ася ичинен «Кантип чийинден чыгайын. Ыр эмес бекен» деп олтурду.

Ал ырды сөзсүз мага арнады деп бокалды алууга колун камдап турду. Бирок Асяны аңыртып, алыста олтурган бир келинге сунду. Асянын ындыны өчө түштү. Бирок «ырды мага арнады эле, уялганынан тигиге сунду го» деп өзүн-өзү сооротту.

Асядан төрт-беш киши нары жагында олтурган Бектенкул Беренов ичкиликти азыраак ичсе кызыган, бирок эч кандай чыр-чатагы жок, оюндагысын жашырбай айтууга аракет кылган ачык-айрым киши эле. Ага ыр бокал тийгенде ырдап бүттү дагы:

- Ар ким өз теңтушуна сунат, — деди кичине кызып сөзү көбөйүп калган Бектенкул. — Бул жерде Шааболот аксакалдын аялы Ася олтурат. Асел экөөбүз бир класстан окудук эле. Үйүбүз да жанаша болучу. Эми бул чоңдун аялы. Ыр сунду деп, жаман көрбөсүн. Бирге окуганбыз. Теңтушпуз. Экөөбүз тең кырк экиге карадык ээ, Ася? Чынбы? Ой, чымчыбачы, саныман, — деди аялына карап, кайра сөзүн улады. — Ася адегенде Нурмамбетов деген чыкты, ой ошондо айылда катуу чабыш болду ээ, Ася? Анан баягы 36-жылы аттан жыгылып өлгөн күйөөңдүн аты ким эле? — деп сөзүн токтото коюп аялына карап:— Ой эмне чымчыйсың?— деди да: — Ася, ырда эми. «Аял бат карыйт» деген жалган экен. Асянын бетиндеги бырышы болбосо, кечээгидей эле, карасаң?

- Болду эми Бектенкул, тарыхты сүрүп жатып албай, — деди үй ээси.

- Болуптур, болуптур. Тарых эмес. Бирок кырк эки жыл оңойбу? Ырдай кой, Ася! Таарындыңбы? Ырдабасаң бул элден өзүңдү коомай сезгениң ошол. Эмесе, жолдоштор! Жаңы жылда ийгиликтүү тынчтык эмгекте, өсүп өнөлү. Жылдар өтүп балпайган байбиче, таалайлуу абышкалар бололу! — деп Бектенкул ыр бокалды өзү жутуп жиберди.

Бир Асядан башкалары шаттуу олтуруп үйлөрүнө тарашты.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз