Тарбия: Балдардагы коркуу сезими жана жашоого даярдык

  • 10.07.2020
  • 4199

Айрыкча 6 жаштагы балдарда коркуу сезими күчтүү болгондуктан, кээ бир ата-эне баласын “апыртып” жатат деп ойлоп, керектүү чара көрбөгөндүктөн, балдары келечекте руханий жапа чегүүлөргө дуушар болушат. Чындыгында, ар бир баланын башына келер бир нерседен “табигый коркуу убагында” ата-энелер балага көңүл буруп, кылдат мамиле жасаса, натыйжа берери шексиз. Бирок ата-энелердин мээримсиз мамиле кылышы, “жалган айтып жатат” деп шек саноолору, андан ары коркуу сезиминин күч алышына жол ачат. Коркуу адам табиятындагы рефлекс жана бала “коркуп жатам” дегени, демек коркуп жаткандагысы. “Корко турган эч нерсе жок ко?”- дегендин ордуна, баласынын коркуу сезимдери күчөшүн алдын алуу зарыл. Андай болсо бала калпты кандай ниетте айткан болсо да, баланын “коркуу сезимин” жок кылууга аракет кылбай, бул коркуу сезими кайдан пайда болгонуна токтоо керек.

Мисалы, түн ичинде ата-энеси менен жаткысы келген бала коркпой турса деле, ата-энесине: “Караңгыдан коркуп жатамын”,- деп жалган айтса, анда ата-эне: “Жалган айттың, сен биз менен жаткың келиптир”,- дебеши керек. Бала караңгыдан корккондугун шылтоо кылып, ата-эне менен жаткысы келсе, анда мааанилүү нерсе, баласынын ата-энеси менен эмне себептен жаткысы келгенин билүүгө аракет кылуулары керек. Анткени баласы балким кичинекей чагында алардын мээримине тойбойт чыгар, же өзүн жалгыз калгандай сезиши мүмкүн.

Коркуу – табийгый сезим

Коркуу сезими жок адам болбойт. Коркуу сезимдеринен айрылган жана “эч нерседен” коркпогон адам – коом үчүн коркунучтуу. Коркуу – адамдын коомго аралашуусун камсыз кылып, жубай, дос, жолдоштор менен белгилүү бир “мамиледе” тартипти кармап турган эң маанилүү, адамга зарыл табийгый рефлекс. Адам бул рефлексти туура колдонуусуна жараша, бала чагында белгилүү тажрыйбаларды топтоп, ушундай жол менен өспүрүм куракка жетет.

Коркуу тажрыйбалары

Балдар руханий өсүүнүн ар бир учурунда өздөрүн “аң-сезимсиз”, а түгүл бир нерсеге “муктаж катары” алып келишет. Мисалы, балдардын алгачкы төрт жашка чейинки убагы – сүйүү жана сүйүүгө муктаж убагы. Бала бул убактарда канчалык сүйүүгө ээ болсо, сүйүүнү ошончолук үйрөнөт. Бул жашта жеткиликтүү сүйүү албаган бала, келечекте сүйүүдө ийгиликке жете албайт. Балдар наристе кезинде “бир башкача таттуу” болушат. Ошол себептен наристелерди чын дилибизден сүйүүгө аргасызбыз.

Адам наристенин сүйкүмдүү жүзүн көрүп, ага суктанбай коюусу мүмкүн эмес. Анткени, баланын наристе чагы назиктиктин уясы жана сүйүүнү тартуулоонун убагы. Мына ушул сыяктуу өспүрүм чагынын алгачкы кездеринде кыз уланга же улан кыз балага карата дал ушундай сүйүү сезимине кабылышат. Адамдын жашоосундагы табийгый көрүнүштөргө тиешелүү сезими менен жашоонун керектүү талаптары үчүн, ар бир бала (ата-энесинин мээримине сугарылгандыгына жараша) турмуш курууга даярдык көрө баштайт.

Өспүрүм курак – бул түшүнүк менен алганда, жубай тандоо, бирөөгө жубай болуу, үй бүлө куруу үчүн тажрыйба топтоо убагы. Адам жашоосун алып караганыбызда, белгилүү курагында өз эркинен сырткары сезимдерге кабылып, мажбурлагандай жашайт. Бул нерсени “кыйынчылыкка карата эмдөө” десек болот. Кыскача айтканда, жаңы төрөлгөн наристе кантип оору-сыркоолорго карата эмделсе, адам да белгилүү бир куракта, кээ бир кыйынчылыктарга чыдаш үчүн Жараткан тарабынан такшалуу үчүн “жүрүш-туруштун эми” жасалып, чыныгы турмуш курууга даярданат.

Балдардын түнкү коркуулары – эмдөө сыяктуу табийгый оозануулары. Балдарга кичине чагында кандайча сүйүү эмдөөсү жасалса, ал эми өспүрүм курагында кадимки үй бүлө курар адамга болгон эмдөө жасалат. Мына ошондуктан, коркуу сезимине карата эр жүрөк болуу үчүн коркуу эмдөөсү жасалат. Бул адам эркинен сырткары, аны көп нерсеге аргасыз кылган табийгый кубулуштар жана бул эмдөөлөргө карата каршы туруу эч натыйжасыз.

Дагы бир жагынан алып караганыбызда, бала “апа, коркуп жатамын” десе, коркуп жаткандыр. Мындай убакта балага “корко турган эч нерсе жок ко?” деп айтуу оройлук жана баланын таза сезимин урматтабоо болуп саналат. Аң-сезимдүү ата-эне “коркуп жатамын” деп апасынан жардам сураганда жылмайып, “Коркуп жатасыңбы, кел жаныма” деп балага мээримин арнап, анын ишеничине ээ болушу керек.

Бул жерде оюбузга келе турган нерсе төмөнкүдөй:

“Бала бул мамилебизди колдойбу? Коркпосо деле коркуп жатамын деп жалган айтабы?” Бул суроого берер жообубуз, кээ бир балдар ата-энесинин көңүл буруусун каалагандыктан, коркпосо деле “коркуп жатамын” деши мүмкүн. Бирок ушундай учурда ата-эне баласына эч качан: “Сен коркпой эле турасың го. Калп айтасың”,- деп айтпашы керек. Эгерде бала “коркуп жатамын” деп калпка жашынып, ата-энесинин сүйүүсүнө ээ болуп, көңүлдөрүн бурдургусу келсе, анда баланы “калпычы” катары карабастан, тескерисинче, ата-эне “кайсы жерден ката кетирдик, бала биздин мээримди каалагандыктан, ошол жетишпеген мээримди көргүсү келип жалган айтып жатабы?” деп ойлонуш керек.

Коркуу адамдын жүрүм-турумунда белгилүү бир жаштарда болуучу табийгый сезим. Бала кээде коркунуч жалганына жашынып, ата-энесинин ашыкча көңүл буруусуна аракет кылышы мүмкүн: бирок бул жерде сурала турган адам – бала эмес, ата-эне өзү.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз