Кыргыз эл жомогу: Айлакер түлкү

Мурунку өткөн заманда кызыл түлкү болгон экен. Тамак издеп таппай аргасы түгөнүп келатса бир бышырылган нан жатат. Аны алып ичинен кымың дей түшөт. «Муну байдын койчусуна берсем колкосуна кой-козу белек кылар» – деп ойлойт.

Ошентип, түлкү жалооруп койчуга жайын айтып, нанды алып барып берет. «Бай урушса, көп уруштун бири» – дейт да, түлкүгө бир козу берип жиберет.

Түлкү абдан кубанып, козуну өзүнүн үңкүрүнө алып барып, чөп таап багып жүрөт.

Үңкүргө жакын жердеги бир сагызган шакылыктап, козуну багып жүргөнүн карышкырга жеткирет. Түлкү чөпкө кеткенде карышкыр менен сагызган козуну алып кетишет.

Түлкү дароо бул иш сагызгандын колунан келгенин билет. Аларды өлтүрүштүн амалы менен түлкү эми издеп жөнөйт.

– Кышка бир ичик жасап бергин, – деп карышкырга жолугуп айтат. Карышкыр ага макул болот.

– Анда акырын менин артымдан баргын, мен тамак белендеп турайын – деп жөнөй берет.

Түлкү мурда барып чок салган ороону көлдөлөң менен жаап коёт. Карышкыр келет. Көлдөлөңгө отурайын дегенде эле от жалындап күйүп, карышкыр кошо күйүп өлөт. Сагызган келер убагын билип, түлкү өлүмүш болуп жатып калат. Сагызган шакылыктап жаны алы калбай келет. Түлкүгө конуп, көзүн чукуюн дегенде, сагызганды шап кармайт. Ошентип, кызыл түлкү амал менен өзүнө жамандык издегенди кармап, алдап өлтүргөн экен.

P. S. Буудайбек Сабыр уулу түзгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.

Комментарий калтырыңыз