Эмре Дорман: Тирүү болсоң анын бир себеби бар

  • 04.08.2020
  • 3710

Бардыгы өзгөрүүлөрдү самайт, бирок эч бири өзүн өзгөртүүнү ойлонбойт.
(Л.Толстой)

Тирүү адамдарга караганда өлүк адамдарды жакшы көрөм. Анткени жаны жок адамдар көзү тирүүлөргө караганда эч кимге зыяны жок жана алар бизге тилсиз насааттырды берип турат. Алар бизге дайыма биздин акыркы чекитибизди, өмүрдүн чегин эске салып турушат. Алар сага “эртеби кеч сага дагы биздикиндей соң келет, бизден сабак ал, кеч боло электе ойлон”, – дегенсийт.

Жашап жатсаң анын сөзсүз бир себеби бар

Сен өзүңдү өлүмдөн алысмын деп ойлобо. Ал күндү жалгыз Кудай билет. Бизди аяп, бизге кейип ыйлабагын, эгер дагы деле бизден сабак алып жашабасаң сенин абалың биздикининен да өкүнүчтүү. Бул жарык дүйнөгө келгениңде сен дагы биздей эле жашоо автобусуна түшкөнсүң.

Сен билип билбесең дагы мурунтадан эле сенин барар жериң белгиленип коюлган. Автобус эч нерсеге карабай тынбастан жүрө берет. Сен көзүңдү ачып жумгуча акыркы аялдамаңа жетип каласың. Кааласаң каалабасаң да түшүүгө аргасыз болосуң. Мына ошол маалда сен өзүңө кайсыл жактамын, эмне болду деген суроолор жаныңды кыйнай баштайт.

Өмүр трамвай сымал… ичине кирип орун алгыча карасаң эле акыркы аялдамага жетип калган болосуң.
Камилло Сбарбаро

Дагы деле тирүү болсоң, анын демек себеби бар

Сенин кылган бардык ынсапсыз жана адамгерчиликсиз кылыктарыңа карабастан Кудай дагы деле сага мүмкүнчүлүктү берип жатат. Ойгонуп, өзүңө кел! Сенин бизден айырмаң сенин белгиленген убактың келе электигинде. Бул дүйнө сенсиз деле улана берет. Сен бул дүйнөдөн өткөндөн кийин жакындарың ыйлап-сыктап тынат дагы, кайра эле өз турмушун уланта беришет. Жашоо-турмуш өз нугунда сенсиз деле өтө берет.

Жер жүзүндө дем алып жүргөн болсоң анын себеби барын унутпа. Кааласаң маркум жаткан эстеликтин ташына жатып көр, сен эсиңден чыгарып койгон, жакын арада сенин башыңа келбей тургандай сезилген күн бүгүн келгенин элестетип көр. Азыр жылаңач өлүк денең ак кепинге оролуп, сага куран окулуп жаткандыгын элестет. Айланаңда жакындарың ыйлап-сыктап жатат. Ыйдын үнү кулагыңа жаңырып турганда сен өзүңө суроо берип көр, “мен азыр тирүү болсом эмне кылар элем?”

Суроо бер өзүңө… Эң жөнөкөй адам эки күндүк эс алууга чыгып жатып, ага ылайык даярдык көрөт. Мына ушул сымал өлүмдөн кийин чексиз акыретке менин даярдыгым канчалык, эмнем бар, мен ага даярмынбы деген суроолорду өзүңө берип көр. Маңызсыз жашоонун эсебин берүү оңой эмес болсо керек?

Жашап өткөн турмушуңду адеп уят таразасына салып көр. Өлчөп тартып көр, менин мендигим, өтмүшүм кандай деген суроолорго жообун табып көр. Буга чейин эч бир максатсыз, маңызсыз жашаган өмүрүңдүн калган бөлүгүн жакшы нерселерге толтур. Өмүрүң айбанаттын жашоосунан айырмалансын, өмүрүң жөн эле бош өтпөсүн. Ниетиңди оңдоп, адам деген атка татыктуу болууга аракет кыл, жашооңду жакшылыктар менен кооздо. Бардык нерсе өз колуңда.

Өзгөрүп эртең таптакыр башка адамга айланам деп жатсаң. Эмнеге бүгүнкү күндөн баштабайсың?
Эпиктекос

Чындыктан качпа. Ишенип ишенбесең да дүйнөдө мындан башка чындык жок. Жараткандын алдында сен өзүңдү өзгөчөмүн деп ойлобо. Анын буйруктарынан баш тартпа. Тирүү кезиңде алдыгы тик кармаган башың бир да жолу кыбыла тарапка бурулбаган болсо, камсанаба, ал башың баарыбир сенин мазарыңда кыбылага каратылат. Текербидигиңдин айынан ушуга чейин мурдуң асманды карап турат. Бир күн келет, ошондо сенден бир кичинекей калдык да калбайт. Жерди тешип, көкүрөгүң көккө жетип кетчүдөй жүрчү элең, бир күн келет аргасыз муздак топурак алдында каласың. Акча, байлык бардык маселени чечериңе ишенип, анын кулуна айланган элең. Бир күн келет акчанын эч бир күчү жарабаган бир жерге келесиң. Бул жерге келгениңде болгону эки сүйлөмдүн бирин угасың: “Чыныгы жашоого кош келдиң же чын жашоого колу бош келдиң!”

Канчалар келди кетти, эмнелерди самады
Акыры барып дүйнөдөн кайтты
Өзүңдү өлбөс, өчпөс жан сезесиңби?

Билесиңби, көзү өткөндөрдүн да сендей эле
Дүйнө эч кимге калбайт эсиңден чыкса дагы,
эртели кеч ар биринин көрү казыла турган маал келет
Бардыгына туруштурук берип, пайгамбар сезсең дагы өзүңдү
Акыры жок боло турган сенсиң унуттуңбу?

Омор Хайам

Ээлик кылып жүргөн нерселер чындыгында эле алар бизге таандыкпы? Биздики же меники деп жүргөн нерселер канчалык чындыкка туура келет? Балким, сөз кылып жаткан нерселерди өзүбүз өзүбүзгө таандык кылып алышыбыз мүмкүн, бирок бул канчага чейин уланат? Эч нерсесиз келген дүйнөгө кулачын толтуруп алып кеткен адам барбы? Же өлүмгө каршы бир чара барбы? “Меники” деп жүргөн нерселердин жок дегенде бирөөсүн жанына көтөрө кеткен бирөө барбы? Негизинен көпчүлүк бул ачуу чындык менен кабардар. Бирок буга карабастан көздөрү көр, кулагы дүлөй. Төө кушу сымал башын кумга катып, бул чындык менен адам баласы эсептешкиси келбейт. Анткени айрым учурда табият тирүүчүлүктүн максатына каршы келет. Бирок ал тарабын тирүүлүк көзүн жабып, кулагын жапырып, мойнуна албайт.

Табияттын бул өзгөчөлүгүнө баш ийбей, качып кеткиси келет. Унутуу, эстен чыгаруу бул чындыкты эч өзгөртө албайт. Убактысы келип, коштошууга аргасыз күн келет.

Өлгөндүн тили болсо айтат эле сага,
Мен өзүмдүн мүмкүнчүлүгүмдү колдоно алган жокмун, сен ойлонуп жаша...
Нежип Фазыл Кысакүрек

Жашап жатсаң анын сөзсүз бир себеби бар

Иш ордуңда же үйүңдө отурсаң эле бир маалда сенин жакындарың унчукпастан жаныңа келип, колу-бутуңдан көтөрүп бараткандыгын элестет. Сен болсо “Эмне кылып жатасыңар, жерге түшүргүлө!” – деп жатсаң да сени уккан эч ким жок. Көтөргөн бойдон сени боз үйгө алып кирип, чечиндирип жуундуруп жатса, сен эмне болуп жаткандыгын түшүнгүчө молдо сага куран окуп жаткандыгын угуп жатасың. Аңгыча сени табыттан чыгарып жерге коюп, үстүңө топурак түшө баштады. Бир маалда эле катуу чочуп, кара терге түшүп ойгонуп кеттиң. Ооба, балким сенин көзүң тирүү жана сен көргөндүн бардыгы түш, бирок бул топурак эртели кеч акыры келе турган жериң. Азыр болбосо дагы, бир күнү ошол түштөгүдөй сенин жакындарың колу бутуңан кармап, жерге берип топурак салышат.

Эгер дагы деле тирүү болсоң, анда анын себеби бар. Сенин ар түрдүү ынсапсыз, адамгерчиликсиз иш-аракеттериңе карабастан ырайымдуу Жараткан сага дагы деле мүмкүнчүлүк берип жатат. Көзүңдү ач, ойлон! Өлүмдүн убактысы да, кезеги да жок. Биринчи жашы өткөндөрдү же жаштар карысын деп күткөн кезек болбос. Же өлүмдүн келиши үй-бүлөдө улуусу үйлөнсүн анан кичүүсү деген сымал эч кандай кезек жок. Күтүлбөстөн келет. Рим ойчулу Сенекандын айтканындай, адам баласы билип байкабаса дагы баарыбир акыры өлүм менен беттешет.

Байкап карасаң, өмүрүбүздүн эң көп бөлүгү жаман нерселер менен өтөт, анан жашоонун көп бөлүгү эч нерсе кылбастан, калган бөлүгү болсо керектүү нерселерди жасабастан өтүп кетет. Убакытты баалай билген, ар бир күндүн баркын сезген, күн өткөн сайын өлүмгө жакындап бараткандыгын аңдаган жок дегенде бир адамды мага көрсөтө аласыңбы? Биз бир нерсени жаңылыш билебиз, өлүм деген бизди алдыда күтүп жаткандыгын ойлойбуз. А бирок өлүм бизге буга чейин эле келген.

Сенин өтмүшүң - сенин өлүмүң.
Сенека

Чындап келгенде, адам өлөр күнүнүн билбегендиги бул абдан бир чоң насип. Машыгуу залында алынган абонементтин же окуу чейрегин аяктоо мезгилин алдын ала билип тургандай өлүмдүн келе турган жыл, ай, саатын көрсөтүп турган эч кандай белги жок. Анткени адам баласы өлөр саатын билип алса, көнүмүш жашоосун жашай албай сарсаанага батып бушайман болот. Негизинен алып келгенде адам баласы өлөр маалын билип билбегендин арасында эч кандай айырма жок.

Айырмасы бар деп жүргөндөр абдан терең жаңылышууда. Мына мисалы, кинолордогудай ооруканада жаткан бейтаптын анализинин жыйынтыгын караган доктур: “Сиз абдан оор акыбалда экенсиз, оору өтүшүп кетиптир. Тилекке каршы, сизге саналуу гана күн калды.” деген кабар берди. Бул ачуу сөздү укканда дүйнө асты-үстү болуп, жашооң баштан аяк көз алдыңа элестеп, жер шары сенин устүңө кулап бараткандай сезилет. Айлаң кетип, эмне кыларыңды билбей каласың.

Үмүтсүз, кайгыга батып Жараткандан буга чейин кетирген күнөөлөрүң үчүн кечирим сурап жүргөн кезде телефондун шыңгырагы угулат. Ал учурда “мен сизге кантип айтарымды билбей турам, кечирим сурайм, сиздин анализиңиз адашып кетиптир. Кудайга шүгүр, денсоолугуңуз таптаза экен”, – деген доктурдун сөзү сени болуп көрбөгөндөй сүйүндүрөт.

Алгач укканда ишенбейсиң, андан соң өзүңө келе түшкөндөн кийин, “өлбөйт экенмин, мен жашайт экенмин!” – деп сүйүнгөнүң ичиңе батпайт. Ушунча күн кайгыга батып, оюң туңгуякка батып жүргөн жаның бир аз маанайыңды көтөрүп, көңүлүңдү ачкың келет. Көпчүлүк адамдардын абалы дал ушундай. Сага саналуу гана күн калды деген сөздү уксаң, сен кадимки нормалдуу жашооңду уланта албай каласың. Өз оокатыңды уланта албай, максатттарыңды ишке ашырууга аракет жасабай каласың. Колу, бутуң шал болуп калгансып өлүм жөнүндөгү ой сени муунта баштайт. Ойго чөмүлүп түгөнгүс санаага түшөсүң.

Азырчы, эмнеге мынтип ойлонбойсуң? Эмнеге? Өлүмдүн так мөөнөтүн билбегендигиң үчүнбү? Билип билбегениңиз менен өлүмдүн белгиленген мөөнөтү өзгөрбөйт. Эки жума калганын билип, ага карабастан дагы кырк жыл жашай тургандай ой менен өлүп кеткендер жыкжыйма.

Адам чындыкты көргүсү кебейт, алданат. Анткени өлүм ал ойлогон убакытта келбейт. Өлүмдүн жашы, түсү болбос, өлүмдү кийим сымал өзүңө жараштыра албайсың.

*     *     *

Сага жан берген жана жаныңды алган Алла-Таалам өзү; сени ал кайрадан тирилтет. Ал эми адам жакшылыкты билбеген жан.
22-Хач сүрөөсү 66-Аят

Жашап жатса анын бир себеби бар

Адамдар канчалык деңгээлде бири-биринин кылган жаман мамилесине чыдай алат? Жада калса эң жакын кан достор эң кичинекей талаштан кийин бири-бирине каршы чыгып, эң чоң душманга айлангандар жок эмеспи? Адамдардын жашырып жүргөн жеке кызыкчылыктары бири-бирине каршы келип калганда алардын мамилеси өзгөрүлө түшөт.

Жумушуңузда канчалык кыйын болсоңуз дагы ката кетирип алган кезде сиздин жетекчиңиз ага көзүн жумуп, унчукпай калабы? Жөнөкөй жумушчулардын бири болсоңуз, кичинекей катаңыз үчүн жумуштан айдалып калышыңыз толук ыктымал. Жакшылык күтүп жаткан кезде канча жолу адамгерчиликсиздикке учурадыңыз? Күнөөсүз жерден күнөөлүү болуп адилеттсиздикке кабылгансызбы бул жашоодо? Эң адамгерчиликтүү инсанга жараткандын күч-кудуретин берип койсо, өзүнө болгон ырайымсыз мамиледен кийин жер үстүндөгү кишилерди жок кылып, кырып салбайт беле? Өз күчүнөн пайдаланып жер шары менен оюнчуктай ойнобойт беле? Эгер бардык чындыктарды билсе, эч кимге айтпастан өз кызыкчылыктарын гана ойлобоспу? Бир күнү жасаган нерсесин экинчи күнү бузуп, адилеттүүлүктү жер жүзүнө каалагандай чачыратат эмес беле? Бирок Жараткан бардыгынан ырайымдуу болгондугу үчүн мындай нерселерди кылбайт. Кудай адам баласына адашкан жолунан туура жол көрсөтүп, кетирген ынсапсыз каталарын оңдоого мүмкүнчүлүгүн берүүнү аябайт. Кудайдан башка ырайымдуу жанды айта аласыңарбы?

Эгер Алла-Таала адамдын кетирген ар бир зулумдугу үчүн жаза берер болсо, жер жүзүндө бир дагы жан тирүү калбайт эле. Бирок Алла-Таала андай кылбайт, жазанын маалын улам-улам белгилүү бир убакытка чейин кечиктирип турат, ал эми ошол убакыт келгенде артка да, алдыга да качууга жол жок.
16-Нахл сүрөөсү 61-Аят
Түрк тилинен которгон: Сезим САТЫБАЛДИЕВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз