Ги де Мопассан: Сокур

  • 05.08.2020
  • 3692

АҢГЕМЕ

Күндүн чыкканына неликтен мынча кубанабыз? Эмне үчүн анын нурлары жер бетине төгүлө берип, бизди жашоо жыргалына батырат? Көк асман, жапжашыл айлана, апапак үйлөр бири-бирине жарашып, көз кубантат. Бийлеп, чуркап, ырдап жибергиң келет! Оюң жан эргитип, ээликкенден күндү барып өпкүң келет!

А сокурлар түбөлүк караңгылыкка көңгөндүктөн, мындай жыргалдан оолак калышат; алар мындайды түшүнүшпөйт, босогодо олтуруп алышып, колунан бошонгусу келген итин сылашып, жалынган болушат.

Эгерде үйгө жетелеп келаткан иниси же карындашы кечке жуук: “Бүгүн кандай сонун күн!” – деп калса, ал сөссүз: - “Ооба! Абдан жакшы күн! Шарик тынчы кетип, ордунда олтурбай калгандан эле билгем”, - деп жиберет.

Мен ушундай бир байкуш сокурду билет элем. Анын жашоосу ал үчүн акылга сыйбас азап болгон эле.

Ал нормандиялык фермерлердин баласы болуп, дыйкан адам эле. Ата-энеси барда кантсе да ал жөнүндө кам көрүшүп, бир гана сокурлугунан жапа чеге турган. Ата-энесинин көзү өткөндөн баштап, жашоо ал үчүн чексиз азапка айланды. Байкуш сокурду карындаштарынын бири багып алды, бирок аердегилер аны бекерпоз, жатып ичер жанбакты аташты. Бир сындырым нан үчүн жек көрүштү, арам тамак, келесоо дешти. Карындашынын күйөөсү ата мурастан тийген анан энчисин тартып алса деле, анын курсагын тойгузуп турууну оор көрдү – ага ачтан өлбөгүдөй гана тамак берип калышты. Анын жүзү каны качкан, купкуу, көздөрү чоң-чоң аппак; сокур капалантканга таптакыр кайдыгер: сыягы жашоо азабынан ал биротоло өз дүйнөсүнө батып, башка нерсени таптакыр сезбей-туйбай калган өңдүү. Чынында эле ал эч качан мээрим эмне экенин билбеди, жада калса энеси да катуу-катуу тийип, аны жек көрө турган. Айыл жеринде пайдасыз киши баарына жек көрүмчү, колунан келсе, алар тоокторчо араларында начарын чокулап өлтүргөндөй өлтүрүшөт эле.

Тамак жедиби, олтурат – жайында босогодо, кышында очок боюнда, эртеден кечке ордунан жылбайт. Кээде гана кабак-кашы дирилдеп, ак түшкөн көзүн андан бетер жаап калчу. Деги эле анын акыл-эси жайындабы, ой жүгүртө алабы, өзүн-өзү ойлойбу – муну эч ким билчү да эмес, кызыкчу да эмес.

Мындай турмуш бир нече жылга созулду. Бирок акыр аягында анын бул жазмышы: ишке жараксыздыгы, баарынан да кайдыгерлиги туугандарынын жинин келтирди. Байкуш сокур эми эки буттуу айбандардын шылдыңына, мазактап, келекелеп, көңүл ачуу эрмегине айланды. Алар келекелөөнүн укмуш түрлөрүн ойлоп табышты. Багылып жаткан артык ооз болгондуктан, бекер тамак барбы, ал үчүн туугандары өч ала башташты: тамак жеген учурун ар ким келип көрө турган тамашага айлантышты, анын азабына азап кошулду. Бул жаңылык бат эле тарап, коңшу фермалардан да оозун ачкан көрүүчүлөр келе берип, ашкана дайыма элге толуп турду. Кээде сокурга тамак бергенде, анын табагына ач калган мышыкты же күчүктү кошуп коюшчу. Сокурдун алсыздыгын инстинкт менен билген жаныбарлар анын табагына акырын уурданып келип, бир четинен үн чыгарбай сугуна турган болду. Кокусунан шалпылдатып жесе, сокур аңдып туруп, тобокелге салып кашыгы менен коюп калат. Бирок ал тийбейт – күнөөкөр андай келтектен кутулууга абдан үйрөнгөн.

Дубалга жөлөнүп турган көрүүчүлөр каткырышып, түрткүлөшүп, ашкананы дүңгүрөтүп калышат. Сокур адатынча унчукпай, сол колу менен табагынын үстүн бекиткен болуп, тамагын жей берет. Кээде күлкү үчүн анын тамагына пробка, таарынды, деги эле акыр-чикирдин баарын салып коюшат же жуунду куюп беришет. Ал кайдан билсин.

Акырында мындан да тажашты. Карындашынын күйөөсү, баары бир тешик оозду багуу зарылдыгынан жиниккен абалына чыдай албай сокурду жаакка чаба турган болду. Ал берип калганда сокур бергенге жарабайт. Шылдыңдоонун жаңы түрү чыкты – ким эле болсо сокурду коюп кетмей. Арабакечтер, ишчилер, кызмат кылчу аялдар байкушту жаакка чаап өтүшөт, андан улам жан сактап, калкаланууну билбеди, колдору өз алдынча эле сунулуп, дагы бирөө коюп калбасын деген абалда боло баштады.

Акырында шордуу байкушту үйдөн айдап чыга турган болушту. Базар күндөрү аны жолго чыгарышат. Сокур бирөөнүн дабышын же дөңгөлөктүн кылдырттаганын угар замат, такыясын колуна ала коюп:

- Кудай акы, ракым эткиле! – деп жалбарат.

Дыйкан калкы дайыма эле төгүлүп-чачыла бергенди жаман көрүшөт – сокур кээде базардан сокур тыйын таппай кайткан болот. Улам андай учурдар көбөйгөндөнбү, айтор аны эми чындап аёосуз жек көрүп калышты. Эми анын кантип өлгөнүн көрөлү.

Анда кыш абдан катуу болуп, кар калың түштү. Аязды айтпа. Ага карабай бир күнү күйөө бала сокурду жетелеп алып, тилемчилик кылууга алыс жерге алып барды да, чоң жолдун боюна тургузуп койду. Кеч киргенче андан кабар алган киши болбоду. Кечинде күйөө бала үйдөгүлөргө барып таппаганын билдирди да, мындай деди:

- Болду эми, ошончо убара болгонубуз! Бирөө анын үшүгөнүн көрүп, үйүнө алып кеткендир, балким. Ал эчтеке болбойт. Эртеге эле ашка жүк, башка жүк болуп келип калат.

Бирок эртеси сокур байкуш келген жок. Ал көпкө күтүп, сууктан калчылдап титирей баштаганда, тоңуп каларына көзү жетип, үйүн издеп жөнөдү. Калың кардан жолду таппай көпкө убараланды. Улам жыгылып, улам турду. Унчукпады. Ал үй издей берди, жол издей берди. Сокур аз-аздан тоңо берди. Кубаты качкан буттарында тура албай, талаанын ортосунда олтуруп калды. Кайра ордунан турган жок. Кардын борошолоп жаашы күчөгөндөн-күчөй берди. Сокурдун тоңгон денеси калың кардын алдында биротоло көрүнбөй калды. Ал жерде өлүк бар экенин эч ким, эч нерсе билген жок.

Туугандары бир жума бою калп эле күйпөлөктөп издеген болушту. Анда кыш катуу болгондуктан, кар көпкө чейин кетпеди. Күндөрдүн биринде, жекшемби күнү сыйынууга бараткан фермерлер талаанын үстүндө каргалардын кара көк болуп учуп жүргөнүн көрүшөт. Алар күндүн бетин көргөзбөй, бир туруп, талаанын ортосуна жабыла конушуп, кайра учуп, кайра конуп жатышты. Түрү суук канаттуулар бир жумадан көбүрөк ал жерден кетпеди. Бир заматта пайда болушат да, асманды кара булуттай капташып, каркылдашып жерге конушат. Көз уялткан кар үстүндө карала болуп чачылып жаткан нерселерди чокулашат, тытмалашат.

Бир өспүрүм бала муну көрүп, эмне болду экен деп келип, эчак каргалар чокуп жеп жиберген сокурдун денесинин калдыктарын көрдү. Анын аппак көздөрүн да эчак эле ушул ач көз узун тумшуктар жеп жиберишкен экен.

Ошентип мен үчүн жан жыргаткан күн нуру эми бул жашоодон эч нерсе көрбөй, азап-тозокко баткан байкуш сокур жөнүндөгү ойлор менен бирге туюлат. Сокурдун ушул өлүмү да аны билгендер үчүн жеңилдик болду го деп ойлой берем.    

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз