Бактылуу болууга үйрөткөн асыл ойлор

  • 09.12.2023
  • 5671

Биз баардыгыбыз бактылуу болгубуз келет, бирок эмне үчүн ага умтулабыз, бактылуу болуш үчүн кандай сезимдер керектигин түшүнгөн адам аз. Бактылуу болуштун бирдиктүү аныктамасы да жок, чындыгында эле бакыт деген бир жерден барып таап алаар даяр нерсе эмес экен, а бул ар бир адам өзү күндөлүк турмушунда жүрөгү менен сезип, андан ыракат алгысы келген сезим тура.

Төмөндөгү айтылган асыл ойлор бакыттын чыныгы маңызын түшүнүп билүүгө өбөк болуп, аны жок жерден издебестен, башыңыздардан өткөзө баштайсыздар деп ишенебиз.

♦ ♦ ♦

Эгерде жөн гана бактылуу болгусу келсе, ага жетиш бат эле. Бирок адатта адамдар башкалардан бактылуу болгулары келет, ал эми бул ишке ашпай турган нерсе, анткени биз дайыма башкаларды бизден бактылуу жашайт деп ойлойбуз.
Шарль Луи Монтескье

Бактылуу болуу таланты – бул өзүңдө жок нерсени эмес, а өзүңдө болгон нерсени баалап сүйө билүү.
Вуди Аллен

♦ ♦ ♦

Бактылуу болуу искусствосунун мааниси жөнөкөй нерселерден аны көрө билүү.
Генри Уорд Бичер

♦ ♦ ♦

Бакытка жетүү, ага ээлик кылуу, аны алып жүрүү жана аны пайдалануу мүмкүн эмес. Бакыт – бул жашоонун ар бир мүнөтүн сүйүү менен андан ыракат алып жашоо дегенди билдирет!
Денис Уэйтли

♦ ♦ ♦

Алдыга койгон максаты, мааниси бар жашоо, сиздин жана сиз менен байланышы бар адамдардын бактысын бекемдейт.
Марси Шимофф

♦ ♦ ♦

Кылган аракетиң дайыма эле бакыт алып келбейт, бирок аракетсиз бакыт болбойт.
Бенджамин Дизраэли

Бакыт менен чыгармачылыкты акча жаратпайт.  Сиздин чыгармачылыгыңыз менен бактыңыз акча алып келет.
Сэм Розен

Бакыт сиздин ким экениңизге, канча байлыгыңыз бар экенине көз каранды эмес, ал сиздин ойлонууңузга байланыштуу нерсе.
Дейл Карнеги

♦ ♦ ♦

Бакыт бизге келген кырсыктарды айтып ыйлактаганда келбейт, ал бизге келбей кыйгап өткөн кырсыктар үчүн ыраазычылык билдиргенибизде келет.
Г.Бичер

♦ ♦ ♦

Бакытка алып барар жол жок, бакыт – бул ошол жолдун өзү.
Немер Ибн Аль Баруд

♦ ♦ ♦

Колуңда турган бакыт дайыма кичинекей көрүнөт, ал колуңдан чыгып кеткенде гана анын кандай чоң жана кымбат экендигин билесиң.
Максим Горький

♦ ♦ ♦

Туулуп бул жарыкчылыкка келдим, ушунун өзү бакыт!
Альберт Эйнштейн

♦ ♦ ♦

Бир нерсенин жогу жаман эмес, бардыгы колуңда туруп бактылуу боло албаганың жаман!
Белгисиз автор

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз