Эч качан үмүтүңдү үзбө

  • 09.12.2023
  • 3648

УЛАМЫШ

Алай-дүлөй. Алп толкун. Чөктү кеме.
Ажалы жок, көп элден жалгыз неме.
Айдап толкун аралдын адам баспас
Алпарыптыр ээн жаткан бир жээгине.

Күнүгө жардам күтүп жараткандан,
Жалынат, жалбарынат таң аткандан.
Көпкөк деңиз, үстүнөн караан көрбөй,
Карыгып каректери... жашы тамган.

Ар нерседен курады... кепе курду,
Айла канча ал жерде жашап турду.
Бир күнү аңчылыктан кайра келсе,
Тилсиз жоо жоолаптыр эми муну.

Жалбырттап, жаман кепе көпкө күйдү,
Жалын өчүп, көк түтүн көккө сиңди.
Оо кудай... эмне кылган жазыгым бар?
Кайгырды, ыйлап тосту келген түндү.

Таңга жуук көзү илинип уктап кеткен
Үн чыгат деңиз жактан күр-күр эткен.
Караса көзүн ачып, кеме көрдү,
Үмүтү аткарылып көптөн күткөн.

Көздөрүн ачып жумуп түш көргөндөй
Көп турду бир ишенип, бир ишенбей.
Кемеден түшүп келди бир топ адам,
Куткурыш үчүн чындап келишкендей.

Бир кезде эсин жыйып далдыраган
Шек албай эми эсен каларынан
“Каяктан билдиңер?” — деп суроо узатса,
“От көрдүк!” – деген экен башчы адам.

Кокустан, кырсык-балээ башка түшсө,
Кол куушуруп олтурба, жолун изде.
Кайтар бир күн эмгегиң кубандырып,
Кудай дегин, кудайдан үмүт үзбө!

Эркин которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз