Байыркы Рим философу Сенеканын акылман ойлорунан

  • 14.12.2023
  • 4854

Бардыгынан бактылуу адам, бул эртеңки күндү бейкапар тоскон адам: анткени ал өзүнө ишенет.

♦ ♦ ♦

Бирөөнү шылдың кылганды жакшы көргөн адам, өзү таарынчаак келет.

♦ ♦ ♦

Күн баардыгына бирдей тиет.

♦ ♦ ♦

Биздин жаңылыштыгыбыз, өлүмгө келечекте келер нерсе катары карайбыз. Ал болсо өзүнө тиешелүүсүнүн көбүн алып койду: а аркабызда калган убакыт – анын бийлигинде.

♦ ♦ ♦

Адам кайсы пристанга барып токтоорун билбесе, бир да шамал ага жардамчы эмес.

♦ ♦ ♦

Баарынан күчтүү адам, өзүн башкара алган адам.

♦ ♦ ♦

Кулагыңарды тилиңерге караганда көп пайдалангыла.

♦ ♦ ♦

Жараны сыйпалап койсоң да ооруйт.

♦ ♦ ♦

Бирөөлөрдү окутуп жатып, өзүбүз окуйбуз.

♦ ♦ ♦

Коом – бул бири-биризди жөлөбөсөк, үстүбүзгө кулап түшөр төбөбүздө салаңдаган аска-таш.

♦ ♦ ♦

Ар бир нерсенин сооротор жагы бар: Акча аз болсо – түйшүк аз. Ийгилик аз болсо – көрө албастар аз.

♦ ♦ ♦

Эмнени күтүп жатасың? Каалоолоруңдун бардыгынын аткарылышынбы? Андай болбойт! Каалоолордун табийгаты ошондой: бирөө аткарылып бүтө электе экинчисин жаратат.

♦ ♦ ♦

Өзүңдөн төмөн тургандарга, сенден жогоркулардан кандай мамиле күтсөң, ошондой мамиле кыл.

♦ ♦ ♦

Өзгөртө албай турган нерселерди ыйлактабай көтөрө бил.

♦ ♦ ♦

Оңолуунун биринчи шарты – күнөөңдү моюнга алуу.

♦ ♦ ♦

Жаштыктын кандайча болуп кетип жатканын эч ким билбейт, бирок анын өтүп кеткенин бардыгы сезет.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз