Дүйнөлүк согуштун чыныгы мааниси жана маңызы...

  • 17.12.2023
  • 3655

КОЖИНОВ Вадим Валерианович – (1930–2002) Москва шаарында туулган. Адабиятчы, публицист, историософ. Анын «Виды искусства» (1960), «Происхождение романа» (1963) ж.б. көптөгөн илимий эмгектери окуу куралына айланган. В. Кожиновдун публицистикалык чыгармалары көпчүлүк учурда кызуу талаш-тартыштарды жаратып, коомдук резонанска айланган. 1980-жылдан баштап, негизинен, орус тарыхын илимий изилдөөгө өткөн. VIII кылымдан ушул мезгилге чейинки орус тарыхы жана орус сөзүнүн башатын ачууга белсенип, көптөгөн фундаментал эмгектерди жараткан. Тилекке каршы, анын акырына чыкпай көз жумган. Россиянын Армавир университетинде ар жыл сайын дүйнө окумуштуулары катышкан «Кожиновду окуу» өткөрүлөт. Бул макала 2002-жылы жарык көргөн «Россия. Век XX» аттуу эки томдугунан кыскартылып которулду.

Бул материал маркум публицист Алым Токтомушевдин жеке архивинен

Германиянын империялык «биринчиликке» умтулушу тарыхтын терең катмарына катылган. Орто кылымдагы Германия агрессиясын адатта нукура идеологиялык иш-чара, улутту миф сыягында уютуу аракети катары карап жүрүшөт. Геосаясат ыңгайынан караганда, иш такыр андай эмес, маселе кыйла татаал. Канткен менен Европа мейкиндигин бириктирген Улуу Карл империясын (800–814) герман уруулары түзгөн. Ал кийин, X–XI кылымда герман улутунун ыйык Рим империясына (туура, «герман улуту» деген XV кылымда кыйыштырылган) пайдубал болгон. Дал ошол «герман улутунун империясы» миң жыл мурда сөздүн түз маанисинде «Европа», «Батыш» дегенди даңдады жана «Drang nach Osten» – «Чыгышка жортуул» геосаясатын баштады.

Бекер жеринен 1941-жылдын 21-июнундагы СССР-Россияга каршы согуш планы 1155–1190-ж. император Фридрих Iнин (Кызыл сакал) ылакап атынан «Барбаросс планы» аталган эмес. Маселе маңызы мында: «Герман улутунун империясы» Европаны бириктирүү менен чектелбей, аны уютту жана жүздөгөн жылдар бою башкарды. Балким, бул байтак мезгилдин иши, XX кылымда Германия менен Европанын теориялык гана байланышы бар дечүлөр чыгар. Анткени Орто кылымдын акырында ыйык Рим империясынын төбөлдүк мааниси төмөндөгөндөн төмөндөп, Европа аздыр-көптүр өз алдынча айрым мамлекет-жерлердин чулу жыйындысы болуудан кайта баштаган.

Арийне, жогоруда айтылгандай, Европанын тарыхый күлазыгы акырындап отуруп, эмнеси болсо да континентти бириктирип, жаңы империя түптөдү. «Герман улутунун» төбөлдүк калбааты калбаган соң (улуттук күч-кубатын «ашкере» пайдалангандыктан десе болот) Европанын эки тизгин, бир чылбыры Испанияга тийди. 1519-жылы Испания королу Карл I Карл Vнин ыйык Рим империсынын императору болуп калды жана тигил же бул даражада Европаны кайрадан бириктирди. Насили Габсбург династиясына тиешелүү немис болсо дагы «герман улут» өкүлүнүн туусун көтөрбөй бириктирди. Европа империясы «испан» доорунда башка континенттерди басып кирип, колониалдык зор дөөлөт түздү. Ал дүйнөлүк «дөөлөт» XVI кылымдын акырында Улуу Британияга өттү (ал XX кылымга чейин сакталып, Экинчи дүйнөлүк согушта күчтөрдүн жайгашышына чоң роль ойноду). Андан нары, XVIII–XIX кылым аралыгында Европа Наполеон империясына айланып (дагы да болсо Улуу Британиядан башкасы), дүйнөнү башкарабыз деп оолуга баштады. Ал ортодо Франция менен бириккен Германия адатынча кагылыша кетип, 1871-жылы француздардын таш- талканын чыгарган Германия жеңиши менен аяктады.

Дегинкиси, империя куруу эң кубаттуу аскер күчүн талап кылат (1871-жылдан 1918-жылга, б.а., Германия дүйнөлүк согуштан жеңилгенге чейинки мезгил – Экинчи империя, Экинчи Рейх; 1933-жылы Үчүнчү Рейхтин кыска мөөнөтү башталат...). Германия XIX кылымдын аягында төбөсү менен жер казса да Европа төбөлүнө айланууну айныгыс максат кылганын (анын жүйөлүү негизи бар) тарых баккан адам байкайт. Бул Биринчи да, Экинчи да дүйнөлүк согуштун энтамгасы болучу. Канткен менен Экинчи согуштун башталышында ал максатка Германия эң ыкчам, эң катуу киришти (анысы алыс узабаса да). 1939-жылдын сентябрында согуш аракеттерин баштап, 1940-жылдын июлуна жетип-жетпей иш жүзүндө бүт континенталдуу Европаны бириктирип, «колтугуна» киргизип алууга үлгүрдү.

Туура, Европанын «чет-бучкагы» – Греция, Югославия өңдүү түштүк-чыгыш мамлекеттери кийин 1941-жылдын июлунда кошулду. Алардын «айт» дегиче багыналбай араң турганы герман аскерлерин да айран-таң калтырды. Эсеби маселен, Германия Польшага 1939-жылдын 1-сентябрында кол салды, поляк өкмөтү болсо 17-сентябрда эле өлкөдөн чыга качты. Франция алардан да ашып түштү: герман аскерлери 1940-жылдын 5-июнунда жортуул баштаса, Париж 14-июнунда эле багынып берди. Биринчи дүйнөлүк согушта Германия Парижди төрт жылда да алалган эмес. Германдардын Европаны басып кириши Францияда «таң каларлык согуш» (drote de guerre), Германияда «шал көчүк согуш» (Sitzkrieg), АКШда «анткор согуш» же «согуш элеси» (phoney war) деп аталат.

Ток этерин айтканда, алдыда сөз боло турган реалдуу согуш 1941-жылдын 22-июнунда гана башталган... Тигил же бул Европа мамлекеттеринин чегарасын немис куралдуу күчтөрүнүн бузуп киришин алар душман менен чыныгы согуш сыягында эмес, белгилүү «салтты» формалдуу сактоо (өз өлкөсүнө башка мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн киргизүүгө болбойт эмеспи) катары гана кабыл алышты. Андан кийинки Европа «Каршылык кыймылы» жөнүндө кадыресе көп жазышты. «Каршылык» Германияга орду толгус жоготуу алып келди, андан да негиздүүсү (балким, эң башкысы) Европа герман төбөлдүгү алдында биригүүдөн баш тартты дешти. Арийне, андагы Югославия, Албания, Грециядагы окуяларды эске албаганда, ал Каршылыктын масштабы идеологиялык максатта өтө апырылтып-жапырылтып жүрөт. Талаш жок, Германия орноткон режимге Европа өлкөлөрүндөгү тигил же бул коомдук күчтөр катуу каршылык көрсөткөн. Андай каршылык Германиянын өзүндө да өтө курч өткөн. Герман аристократия урпактарынан баштап, жумушчу-коммунисттерге чейинки калктын ар түркүн катмары кара күчтөрдүн капшабына каршы турган. Бирок ал бүт өлкөнүн, улуттун каршылыгына айланбагандыгы айныбас чындык.

Маселенин андай маңызын, кыйла ачуу болсо да, эсеби маселен, Франция каршылыгына карата айтса болот. Мына, маңдайга матагандай салыштыруу: Б.Ц.Урланистин кылдат калчанган белгилүү изилдөөсүнө таянсак, беш жыл ичинде Каршылык кыймылынан 20 миң адам каза болуптур 40 миллион француз элинин ичинен. Ал эми Германияга болушуп согушкандардын саны 40 миңден 50 миңге жетет, б.а., 2–2,5 эсе көп.

...Ошолеле Б.Ц.Урланистин маалыматы боюнча, фашизмге каршы Югославия кыймылында 300 миң адам курман болгон. Өлкөнүн жалпы калкы болжол менен 16 млн эле. Ал эми 1 млн калкы бар Албаниядан 29 миң, 35 млн калктуу Польшадан 33 миң адам фашисттер огунан опот болгон. (Урланис Б.Ц. Войны и народонаселение Европы... М., 1960, с. 234–236). Ошентип герман бийлиги менен реалдуу согушта курман болгон калктын үлүшү Польшада Югославияга караганда 20 эсе, Албанияга салыштырмалуу 30 эсе аз!..

*      *      *

...Чын-чынына келгенде, 1941-жылы бүт континенталдуу Европа анчалык каршылык көрсөтпөй Германия баш болгон жаңы империяга тигил же бул жагдайда кошулуп кетти. Кайрадан эсиңизге сала кетебиз, Германиянын өзүндө да аларга Каршылык кыймылы кыйла байкалды, бирок алар өлкөнүн геосаясый багытына кылдай таасир эте алган жок. Андан да ачыгы, герман Каршылыгына катышкан адамдардын көбү Германиянын СССР-Россияга кол салышын кубаттады. 1944-жылдын 20-июлунда оңунан чыкпай калган Гитлердин көзүн тазалоо аракетин көпчүлүк изилдөөчүлөр ага катышкандарды Россия досторуна байланыштырып, коомчулуктун мээсине карандай чай кайнатып жүрүшөт. Эсеби маселен, алардын арасында 1941-жылы Москвага чабуул жасаган «Борбор» армия тобунун командачысынын орун басары, генерал-майор Тресков бар болчу.

Ал 1944-жылдын 21-июлунда өзүн өзү өлтүргөн. Өз жанына өзү кол салуунун себеби, СССР-Россияга адилетсиз согуш ачканга байланыштуу эмес, тескерисинче, согуштан жеңилип калуу ызасы өз жанын кыюуга түрткөн. Ошого карабай, 1966-жылы Москвадан жарык көргөн «Энциклопедия Третьего рейха» китебинде аны асмандата актап-жактаган маалымат жүрөт... Арийне, бүт Европанын андагы абалына келели. 1941-жылдын июнуна чейинки жыйырмага жакын Европа мамлекеттеринин («эргежээл» өлкөлөрдү эсепке албаганда) дээрлик жарымы, атап айтканда, Испания, Италия, Дания, Норвегия, Венгрия, Румыния, Словакия (ал мезгилде Чехиядан бөлүнүп калган), Финляндия, Хорватия (Югославиядан бөлүнгөн) Германия менен бирдикте СССР-Россияга согуш ачып, Чыгыш фронтуна өздөрүнүн аскер күчтөрүн чегерди (туура, Дания менен Испания тигил мамлекеттер сыяктуу расмий согуш жарыялап убара болбоду). Континенталдуу Европанын калган өлкөлөрү СССР-Россия менен ачык, тике согушкан жок, бирок иштин ыгына жараша Германияга, же тактап айтканда, жаңы европалык империяга жардам этти. Англиянын атактуу тарыхчысы Алан Тейлор 1975-жылы жарык көргөн «Экинчи дүйнөлүк согуш» аттуу эмгегинде акыйкаттын аныгын ачкан. Анын изилдөөсү боюнча, 1940-жылдын 22-июнундагы (!) Германия менен «жарашуу» келишиминен соң Франциядагы кырдаал мындай жөндөлдү: «Патен (1918-жылдан Франция маршалы, 1934-жылы аскер министри, 1940-жылдын 16-июнунан премьер-министр. – В.К.) башкарган өкмөт немистер менен бейтарап кызматташып, салык салмагына анча-мынча каш кайтарганы болбосо, француз калкынын калың катмарына согуш... небак бүткөн.

Арийне, ал «тынчтыкты» Шарль де Голль гана бузуп жиберди. Ал акыркы моментте Бордодон Лондонго качып барып, француз калкын кашык каны калгыча күрөшкө чакырды... Анын чакырыгына ашып кетсе бир нече жүз (мен баса белгиледим. – В.К.) адамдар гана кошулду» (В книге «Вторая мировая война. Два взгляда». М., 1995, с. 420). Андан нары А.Тейлор Европадагы жалпы абалга объективдүү мүнөздөмө берет

... «Германия темир кенин Швециядан, так приборлорду Швейцариядан алып турган (экөө тең Германияга анчалык көз карандылыгы жок Европа өлкөлөрү эле). Дүйнөлүк согуштун чыныгы мааниси жана маңызы «Немистер Франциядан Россиянын биринчи ири компаниясына арналган... нефть байлыгын сактоочу жайды тапты. Ал эми Франциядан алынган оккупация төлөмү 18 млн адамдан турган армияны багууга жетти. Натыйжада 1940-жылдын экинчи жарымындагы Германиянын турмуш деңгээли эбегейсиз өстү... Экономикалык мобилизациянын, эмгек ресурстарын башкаруунун анчалык зарылчылыгы жок болуп калды... Автомобиль жол курулушу күчөдү. Жаңы Берлинди – Европанын эң көркөм борборун курам деген Гитлердин ири планы илгерилей берди». Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги Европа кырдаалын кыраа билбеген көптөгөн адамдар ал учурдагы эң урунттуу жагдайларды көңүл сыртына калтырып келет.

Эсеби маселен, андагы атактуу аскер начальниги, кийин АКШ президенти Дуайт Эйзенхауэр Америка-Англия аскер кошуунунун башчысы катары 1942-жылдын акырында (АКШ согуш майданына 1942-жылдын акырында алгач аралаша баштаган мезгилде) Германияныкы эмес, эки жүз миң жоокерден куралган француз (!) армиясына согуш ачышы керек эле. Франция коргоо министри Жан Дарлан жетектеген ал армия, албетте, Эйзенхауэр баштаган күчкө эрегише албай, бат эле багынып берди. Арийне, ал кандуу кагылыштан 584 америкалык, 597 англис жана аларга каршы аттанган 1600 француз жоокерлери курман болду. (Макдональд Чарльз Б. «Тяжелое испытание...» М., 1979, с. 98). Бул албетте, улуу согуш жоготууларынын алдында, ошол кездеги Европа кырдаалын кырданта сүрөттөй келсе да, эч бир шоона эшпейт.

... Орус фронтунда курман болгондордун бардыгынын кайсы улуттан экендигин так аныктоо, албетте кыйын, атүгүл мүмкүн эмес. Бирок биздин армиянын колуна түшкөн туткундардын жалпы тутуму момундай: 3 млн 770 миң 290 согуш туткунунун басымдуу бөлүгүн, албетте, германдыктар (немистер менен австрийликтер) түзөт. Алар 2 млн 546 миң 242 аскер адамы. 766 миң 901 туткун бизге согуш ачкан калк өкүлдөрү (венгрлер, румындар, итальяндар, финн ж.б.). Арийне, акыл айраң кала турган жагдай: туткундардын 464 миң 147си, б.а., жарым миллионго жакыны! – француздар, бельгиялыктар, чехтер, кыскасы, бизге согуш жарыялабаган Европа улуттары («Гриф секретности снят...» М., 1993, с. 391).

... Германиянын кургак жердеги аскер кошуунунун генаралдык штабынын начальниги Франц Галдер 1941-жылдын 30-июнунда Гитлердин айтканын келтирип, максат-мүдөөнүн маңызын мындай чечмелеген: «Европа биримдигинин Россияга каршы согушунун кошмо жыйынтыгы» (баса белгилеген мен – В.К). Бул иштин көзүн билип айтылган сөз. 1941–1945-жылдагы геосаясый согуштун көксөөсүнө 70 млн. немис калкы эмес, 300 млн. европалыктар көмөкчү болду...

Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз