Эгерде жашоонун жайыгында акырын чайпалып, тайызында суу алдындагы урчук таштарга урунуп-беринип сүзүп бараткан кайыгы бар аккан узун дарыя деп элестетсек, анда желдей учкан убакыт базарында агып бараткан эски кайык адамдын өзү экенин айтыштын кереги барбы?
♦ ♦ ♦
Кучак жеткис нерсени эс ким кучагына ала албайт.
♦ ♦ ♦
Илим акылды өстүрөт, китеп окуу эс-тутумуңду курчутат.
♦ ♦ ♦
Өзүң жөнүндө эч нерсе айталбасаң, башкалардан эмнени күтөсүң?
♦ ♦ ♦
Начарлап бараткан эс-тутум, өчүп бараткан шам сыяктуу.
♦ ♦ ♦
Кайгыга алдырган акындын кыялы, тар өтүк кийген бутка окшош.
♦ ♦ ♦
Бүт ааламды көргүчө, жашоону көргөн пайдалуу.
♦ ♦ ♦
Акылман талаанын ортосундагы дөбө сыяктуу.
♦ ♦ ♦
Эгерде көлөкөнүн узундугу аны түшүргөн буюмдан көзкаранды болбогондо, балким жер шарында бир дагы көлөкө тийбеген жарык жер калмак эмес.
♦ ♦ ♦
Наристенин биринчи шилтенген кадамы, өлүмгө карай жасалган алгачкы кадам.
♦ ♦ ♦
Өлүм өмүрдүн аягында болгон себеби, ага даярданып алсын дегени.
♦ ♦ ♦
Акча табыш үчүн колго алган калем сапты, коркпой эле базардагы селсаяктын колундагы шарманкедей көрө бер.
♦ ♦ ♦
Жашоо – альбом, адам – карандаш, жасаган иштер – ландшафт, ал эми убакыт эластик өчүргүч.
♦ ♦ ♦
Алыс жакка көз жүгүртсөң – алысты көрөсүң; асманды карасаң – асманды көрөсүң; кичинекей күзгүнү карасаң, өзүңдөн башка эч нерсе көрбөйсүң.
♦ ♦ ♦
Бактылуу болгуң келеби, бол!
♦ ♦ ♦
Муктаж адамдарга жардамы тийбеген чоң бай, бешиктеги бөбөктүн жанында өз эмчегин өзү эмген сүттүү аялга окшош.
♦ ♦ ♦
Пил камалган торго “Буйвол” деп жазып коюшса да өз көзүңө ишенбе.
♦ ♦ ♦
Жаңы өтүк дайыма бут өйкөйт.
♦ ♦ ♦
Гениалдуу жазуучуга дем берип туруу – чебердин колундагы скрипканын кылдуу таякчасын канифоль менен майлап туруу кандай керек болсо, ошондой эле керек.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ