Эч кимге жагууга милдеттүү эмес таятам

  • 20.08.2020
  • 4067

1992-жыл. Беш жашар кезим. Таятам экөөбүз атка учкашып алып, айылыбыздын ылдый жагындагы тай чабым аралыктагы Кара-Суу аттуу уй сарайларга бал алганы же башка жумуштар менен шашпай барабыз. Алыс жакка барганда же арабага курганда жүгөн катпаса, кандай улоо минбесин нокточон жүрчү. Ооздугу жок нокточон атыбыз саздак, токойлуу жердин чымын-чиркейинен коргоно куйругу менен камчылана чөптөн чыккан чаӊга улам бышкырып коюп, чөптөн бурдап, “чыйк” эткизе чийден тутамдап сууруйт да карылуу азуусуна сала күтүрөтөт.

Ыраматылык таенем айткандай “азуулуудан кепшебес, аркалуудан оонабас” камбар ата тукумунун жеген жемин кепшебей сиӊиргенине ушул күнгө чейин таӊ калганым калган. Бул жарыкчылыктын жарыгын көрүп, суусун ичип жатканына саналуу гана жыл болгон болпогой балага айланадагы көзгө көрүнгөндүн баары кызык жана ары сырдуу. Жада калса ар кай жерде көмкөрүлгөн таштар, ал турсун жер астынан чыккан суудан улам көтөрүлүп, кайра теӊ салмагын сактай албай, же мал туягынан чуӊкурайып, же көтөрүлүп кеткен, аралаган уйду тоскону кирген атчан кишини комуздун тактекесиндей өӊгөчүк арттырган, аттын буттары бирде чуӊкурга кирсе, бирде жаза басып дөӊсөөсүнө туягын койдурган одур-бодурлуу саздар дагы табышмактуу компоёт.

Камыштын же топ чийдин арасынан Калашниковдун пулемётундай ордунан тытырап учкан кыргоолдон селт эткен атты: “Кантет?!” – деген таятамдын “тигил эмне?” деген суроосуна “токой-тукай, таш-туш, мал-сал, чий-чүй, арык-сарык” деген өзү үйрөткөн кош сөздөр менен жооп берем. Кайра өзүнө суроо берем: “Таята, тигилерчи?”. “Кум-сум, ат-сат, уй-пуй” деп жооп берип, божурашып олтуруп кандай жеткенибизди байкабай калабыз. Кичине болгонума карабай, таятам ар бир суроомо баласынтпастан жооп берип, азыр ойлосом киши менен мамиле түзүүнүн пайдубалын, баланын табиятка жакын, таттуу мамиледе болууга көрсөткөн тымызын жол чырагы тура.   

Ал киши эч убакта “мындай бол, тигиндей бол” деп сөз менен тарбия көрсөткөн жок, ал турсун кой сойгонду, суу сугарганды айтып үйрөткөн жок. Теориядан практиканын алгылыктуу болорун билгендей майда жандыкты “сой, балам” деп койчу. Эптеп жыгып, тырбалаӊдап, этин оодуруп, моюн омурткасын туура эмес жеринен омуруп, этин терисине кетирип атсам да үн дечү эмес. “Дээринде болсо өзү үйрөнөт” деген окшобойбу. Бейиши болгур таенем: “Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” дегендей “чымкоргон” таятаӊдын кыялын үйрөнбө, жасаганын үйрөн” дээр эле жарыктык.

Чынында короодо бир дагы чөп, самандын кашеги жатчу эмес, кылдаттык менен малдын астын тазалап, кык чачып, астын жылуулап, кашегин чыгарып, чөбүн салып коёр эле. Аны туурап таӊкы беште туруп, уйдун богун чыгарып, үстүнө жылкынын кыгын бастырып, омпо басып, кашегин чыгарып, чөбүн салып, ал жасагандын бир даарын жасап коюп, мектепке кетер элем. Кийин, азыр да анын кылганы, бала кездеги үйрөнгөндөрүм жакшы адаттардан болуп калыптанды. “Күн чыга электе турган ырыскыдан куру калбайт”, – деп таенемдин айтканы жадымда көк таштай катып калганбы, эл оор уйкуда жатканда эрте туруп, чуркоо, машыгуу, бир кыйла жумуштарды жасоо, китеп окуу көндүм болуп калган.  

Дагы деле беш жаштан оой элекмин. Таятамдын аллергиясы, менин өнөкөт бронхитим, экземамды дарылоо максатында экөөбүз ээрчишип алып Чолпон-Атадагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионатына бардык. Жолдон Балыкчы шаарында турган ата-энемдикине кирип, электр чайнегин алып алдык. Пансионатта баткак тарткан, ингаляция, пияз менен компресс жасаган, токко кактаган – мен үчүн кызыксыз. Андан көрө жашоомдо алгач ирет көргөн атракциондор, кабат-кабат үйлөрдөгү лифт, түстүү телевизор – баары жаӊы, жаӊы дүйнө мен үчүн. Желеден бошонгон кулундай оюн салгым келет тим эле. Бирок таятамдын санкциясыз бир жакка басмай, ойномой, көлгө түшмөй, муздак суу ичмей жок. Ага карабастан бирде лифтке түшүп ойноп кетип, кечинде табылсам, кээде балдар менен телевизор көрүп таптырбай кетем. Бир ирет маданият үйүнө концерт келди. Концерт башталбайт, зал толо күткөн эл. Сахнага чыктым дагы, айылдагы достордон үйрөнгөн:

“Ак бантик байлап башыӊа,
Сурманы коюп кашыӊа,
Сен жөнөйсүӊ мектепке чоӊ жол менен,
Мен баратам артыӊда жашына...” деген ырды созсом эл шатырата кол чаап жибергенинен шердене түшүп, “Дөӊгөлөк, дөӊгөлөк, он экиге бөлүнөт, автобустун артында бир сулуу кыз көрүнөттү” микрофонсуз залды жаӊырттым. Эл кыраан каткырык коштой дуу дей түшүп кол чапты. Ысып кеткенимден сахнадан чуркап түшүп, үстүмдөгү пальтомду чечип, таятама кармата койдум да кайра чуркап чыгып, чекемди жеӊим менен аарчып, мурунду дердейте Бектин ырларынан окшошсо да, окшошпосо да ноталарды аралаштыра создум. Ал кезде анын аккердеон коштогон ырлары катуу чыгып турган убагы эле. Бир топ ырдын башын чөп башылап ырдап бердим окшойт, көшөгө артындагылар белги берди концерт башталарын эскертип. Залдагы көрүүчүлөр алкап атышат, жүзүмдөн сүйүп атышат, акчасын берип атышат, жаӊылбасам жыйырма беш сом беришиптир. Концерт башталгыча чай кайнам убакытка элдин көӊүлүн көтөрүп, өзүм эрдемсинип таятамдын жанына түшүп келгеним али күнчө жадымда.

Эмнегедир ошол учурда батыл болчумун. Ашканада иштеген мээримдүү, кеӊ пейил эжени “апа” деп алдым өзүмдөн өзүм. Ал да мени жакшы көрүп, конфет, печенье, компот, жакшы тамактарынан алып келип берет. Болпойгон дене-мүчөсүнүн ичи бүтүндөй мээримге толгондой сезилчү.

Алтыга аяк бастым. Кара-Суудан Бакай таякемдин балдары жаркылдаган Атай таякем, Анара эжем келет мектепке ат менен. Атын бирде сурап минсем, бирде сурабай түшкө чейин минип, кара терге түшүрүп, шайын оодарып койсом дагы урушчу эмес. Кээде токойго чейин артымдан жөө издеп барып, кайра учкаштырып кетчү таекем. “Булар мектепке барат, мен эмнеге барбайм?” деген ой кыжаалат кылчу болду мени. Бир күнү чоӊдордой мен да барарымды айттым таятама. Аный деген жок. Күз келди. Ыраматылык Дарика эжейге сүйлөштү дагы жашым туура келбегенине карабастан мектепке киргизип койду. Мына эми окуп жат. Үйгө Токмоктон таекем алып келип койгон калыӊ орусча китептерден чып этме тери кызыл сумкама салып алып мектепке барам да, партанын үстүнө коюп коём. Эжейим таӊ калып: “Буларды эмне кыласыӊ?” деген суроосуна: “Окуйм” деп мулуӊдап коём. Таятамдын тамгаларды жаттаганымды сураганы болбосо, окуганыма көӊүл бурган киши жок. Байкуш таенем арык колдору менен кийимди жууп бергенине карабай биттейбиз. Ич кийимди ачып алып кимдики чоӊ экенин салыштырып маашырланабыз. Азыркы вирустан жаман жукчу биттериӊ. Аппак бантигин чачына кулактанта байлап алган, ак көйнөк, кара юбкасын тыкырайта кийип алчу классыбыздагы тазалык сектору Венера ревизия кылган күндөрү биттердин санагы боюнча балдардын статистикасы тараза ташын заӊкыйта көтөрүп таштайт. Антсе дагы кыздардын чачын биздикинен көп каптады аларыӊ үй-бүлөсү менен. Азыр химиянын заманында балалыктын бир жылмаюсун тартуулаган битти чырак менен карасаӊ да таппайсыӊ, анын ордун булганычтын, иретсиздиктин символу болгон табият санитарлары – таракандар каптап кетти окшобойбу.

8-Март майрамы мен үчүн, үй-бүлөбүз үчүн өзгөчө майрамдардан эле, анткени карындашымдын туулган күнү, эртеси меники, анын үстүнө ушуну шылтоо кылып, карындашым Майрамкүлдүн башталгыч класс жетекчиси ыраматылыгы болгур Замира, Анийпа эжейлерди, бөлө карындашым Айжандын, менин эжейим Дарийка эжейди, Динара эжейди, англис тилинен берген Сайрагүл эжейди, кыскасы, “эжей” аттууларды чакырып, козусун союп, тамак-ашын жайнатып берер эле таятам. Теӊтуш балдар-кыздарыма да берерге ашын таппай ушул такилигинен жазган жок.  

Өз ата-энемдин колунда Токмок шаарындагы №8 гимназияда төртүнчү класстын “атаманы” болуп окуп жаткам. 23-июль – апамдын туулган күнүн бир туугандары боорсок жасап, кам-кашегин көрүп, белгилегени жатышкан. Кочкордон “тез келип калгыла” деген таятамдын телеграммасы келди. Баягы туулган күндөн дайын жок, апам ыйлап алган сарсанаа болуп. Таякемдин жигулисине түшүп алып жөнөдүк. Барсак баары жайма жай. “Тынччылыкпы?” деген суроого: “Кайдан тынч болмок эле, чөп бышып атса, телеграмма урмайынча келбей калбадыӊарбы” деген таятамдын күӊкүлдөгү тосуп алды бизди. Таякемдин атама: “Эрмекти бериӊиз атама” деген өтүнүчү менен айылга келип окумай болдум. Түнү менен келип, эртеси эле күчүк кезинен чоӊойткон акылдуу Кумайык аттуу итимди коробкага салып алып, Кудайдын куттуу күнү шамал уруп турчу Ак-Талаа айылынын боз топурактуу, ак чаптуу жерине келип түшүп калдым. Ошол күндөн студент болгонго чейин ушул айылдын топурагы бутумдан кеткен жок, шамалы жүзүмдү аймалап, карартып, туурултуп, ээгимди кеберситкенин койгон жок. Мээ какшаткан мөлтүр булагына араба, эшек менен далай ирет барып суу алып кетчү элек. Андан чыккан бир кулак суудагы коюкелердин, Сөөк суусундагы балыктарынын даамычы? Азыркыга чейин шар аккан сууда эркин ойноп, оттогон, баёо балалыгымдын таттуу ширеси, ажайып элеси сиӊген андай балык ооз тие элекмин.

Ал кезде азыркыдай жеӊил унаа көп эмес, Чүй бооруна жетем деген киши таӊ сүрө электе туруп, автобусту күтүп турат. Жогору жактагы дүкөн тараптагы кайрылыштан союздун мурду жок сары “ПАЗынын” көз айнекчен жүзү көрүнгөндө энесин эмген музоодой куйругуӊ кыйпычыктап кетет. Союздан калган асфальт жолдун уӊкур-чуӊкурунан буйтаган автобус чаӊын ызгыта, тормозун “чыйк” эткизе, ичиндегилерди алдыга жүткүнтө келип токтойт. Ичине кирсеӊ да бир дүйнөгө, жашоого баш баккандай болосуӊ, элет жеринин эӊгезеринен тартып, жер кезерине чейин, улагынан тартып чунагына чейин, картөшкөсүнөн унуна чейин түшүп алган, кишиден бут көп, бутунан жыт көп, орун жок болсо ысыгына карабай мотордун капотуна олтуруп алгандар бар, автобус жетер-жеткиче кычкылдан сеп этип алгандардын эрмегинен бир токтосо, суусу ысып кетип, эки токтойт. Кыскасы, эки бутуӊ бир кончко тыгылып, жандуу концерт көрүп, анын актёру болуп, жол азабы көр азабына теӊ экенин көзүӊ менен көрүп, жон териӊ менен сезип олтуруп алты саат дегенде борбор калаанын караанын көрөсүӊ. Чолпон айылынан Сары Кожо деген киши түшүп алат, айдоочулар өз милдетиндей көрүп ичи толтура болсо да салып алат. Кайра түшкү бирде келүүчү Кочкордун же төрттө өтчү Бишкектин автобусу менен айылына келип түшүп калат. Мындай пенделер Жараткандын, жаратылыштын адамзатка кылган жандуу эскертүүсүндөй арабызда жүрүшөт.

Атам менен апамдын оту күйүшпөй ажырашып кеткени бир теӊ, “Жээн эл болбойт, желке тон болбойт” деген сөздүн ачуусу бир теӊ болду жана муну мага айткан кишилердин неберелери башкаларга жээн болуп, ошолордун колунда чоӊоюп жатканына да күбө болдум кийин. Бир ирет апамдан сурасам маанисин түшүндүрүп берген. “Жээн эл болот тай журту жарашса, желке тон болот ийлегени жарашса” дегенди кийинчерээк эшиттим. “Айылда жалгыз жээн жалгыз мен окшойм” деген күдүк ой көкүрөктөгү муштумдай этте жашап келчү, көрсө турмуш деген улуу мухиттеги кайыкта ары-бери урунган кыргыздын балдары ар бир айылда, ар бир үй-бүлөдө, анын ичинде биздин айылда бар экен. Киндик каным өз ата журтум Көл кылаасынын тескейиндеги айтылуу куудул Жоошбайдын жеринде эмес, мамлекеттүүлүк түптөөгө салым кошкон инсандардын бешиги болгон кар жаабас кара Кочкор жергесине таамышына тагдыр-насип буюрган экен.

Апам карындашым экөөбүзгө К.Баялиновдун айтылуу “Ажар” повестин ийине жеткире айтып берди. Кыздын карышкырга кантип жем болгонун түп нускадан окугум келди да мектептеги китепканага барып жогорку класстын адабият китебинен таап алып окудум. Китепке болгон кызыгуум ушинтип башталды. Демек, жаӊы технологиянын заманында телефон, компьютерге кызыккан баланы китепке кызыктыруунун бир жолу окуяны кызыктуу кылып айтып бериште экен, жарымысын айтып берип калганын өзүнө таптырып окутушта экен. Үйүндө китепканасы бар же китеби көп балдар менен дос болуп ойноп, китептерин сурап окучу болдум. Кошунабыз, орус тилинен, физика сабагынан берген мугалимим Анийпа эжейдин баласы Жакшылык менен бактуу огородунда ойноп, көп китебин окудум. Таенем ар кайсы жеринен жамай берип, жамаачыдан калыӊдап кеткен калыӊ көк шымым менен үйүнө киргенден адегенде айбыгып, эжейимдин сөз менен чекемден сылаган жылуу сөздөрүнөн кийин жыйрылганым тарай түшчү. Кийин мектепти бүткөнүбүзгө он жыл болгондо атайын мектепке чакырып, чакан белегибизди бергенибизде абдан ыраазы болгон жайы бар. Жакшылык аккордеонду, комузду өз алдынча үйрөнүп, ырды созолонткону музыкалык табитинин күчтүүлүгүнөн кабар берип турчу. Апам оӊ өпкөсүнөн катуу ооруганда өзү саап берген күлүк көк эшегинин сүтү сакайышына өбөлгө түзгөн. Нарын мамлекеттик университетинде окуп жүргөнүндө жакынсынып мага телефон чалып байланышып жүрдү. Кийинчерээк биротоло күнөөсүз болсун дедиби, кийин рухий бейтаптар дүйнөсү өз ааламына тартып кетти.

Уй, кой кайтарган же жаздын күнү ат откоргон күндөрү эртеӊ менен таенем май томкоруп салып берип же туурап туруп үстүнө каймак салып берген чайын таятам айткандай “бастырыгы” менен туурабай туруп ичип алып, таятам экөөбүздөн башка кишиге оӊой менен мингизбеген азоо чабдар атыбызга чап минем да, жембаштыгыма китеп салып алып окуйм. Ичиндеги окуяга кирип кетип, ыйлап, күлүп, койлор башка короого кошулуп же уйлар корукка кирип кетип, буудай, акча берип кутулган учурлар болду. Корук ээсине берчү айыппул жөн келчүбү, “жакшы” сөздөрдүн коштоосунда “май мантусу” менен кошо берилет. Тынч  кайтарып келген күндөрү тоону томкоруп, ойду омкоруп келгенсип, баягы өзүнөн өтүгү чоӊ баланын кабагына кар жаап келип үйгө олтуруп калат. Ошентип “Манас” баштаган кыргыз, казак, орус, якут, беларус ж.б. элдердин жомоктору дүйнө кабылдоомо уютку болуп берди.

Бир ирет кургур таенем суюк кесме жасап, илгерки кызыл чоӊ чыныга толо куюлган ысык тамагын алгач үй ээсине берет. “Ой, кемпир, бул эмнеӊ?” Карасак бармактай болгон сүйрү майлар жүрөт. Курттаган этти көрбөй таенем кошо салып жиберген экен. Чачтан алып столду тегерете бир колу тийди таятамдын. Ошондо дагы “абышкалаганын” койчу эмес. Жээндерин таятамдан балапандарын кулаалыдан коргогон күрп тооктой коргой калчу. “Кыздар келип чоӊ теректин түбүндө Эрмекти чакырып коюӊузчу дегенде өлсөм арманым болбос эле” дей жүрчү таенем “пенденин оозунда болсо, кудайдын кулагында” дегендей эки жыл төшөктө жатып, он биринчи класстын босогосун аттай турган болгондо узап кете берди.

Айтмакчы, үч кишинин кулачы жетпеген тарбайган зор теректи көчөт кезинде таятамдын чоӊ атасы Дөөлөтаалы Нарындан төөгө жүктөп келип тиккендигин таенемдин көп айткан жайы бар. Таятамдан кийин бир күн айырма көзү өтүп кеткен бейиши болгон кошунабыз Калый апа мага: “Ой балам, ушул терегиӊди таятаӊа айтып кырксаӊ боло, шамал болгон сайын бутактары сынып, шыйпырымды, терезелеримди талкалап бүтмөй болду” дегенинен алардын үйүнө салаӊдаган бутактарын далай кестим. Трактордун тележкасына жүктөлгөн эндей чөптү “мага да калтыра кет” дегенсип тарап калчу. Аны кечинде өтүп бараткан уйлар одуракай тилине орой сала бурдай кетишет. Ошондо да бир күн кечке оттогонуна карабастан бир боо чөптү талашып, күчтүүсү алсызын, мүйүздүүсү токолун, чоӊу кичирээгин, жүрөктүүсү коркогун  качырып кирет. Кээде куйругуна жабышкан жан жерин кере карыш сүзүп, канжалаган уйлар көчө бойлоп бараткан болот. Биздин уйлардан ошенткени болсо, дуст, туз сээп, йод тамызып коёр элек. Кийин уксам, ал теректи “электр мамыларына тоскоол болуп жатат” деген шылтоо менен канат-бутагын жулгандай мүлжүп салышыптыр.

Жайдын саратанында кечинде чака толо сүт берген, жумуртканын сарысындай болгон жоош уйубуз бар эле. Чымын-чиркейден коргонуп, теминип ийбесин деп тушап алып саачубуз ал уйду дагы. Таенем көзү тирүүсүндө: “Тобо, ушул уйду Тагайга бер” деп айткан керээзин аткарып кийин Токмокко бергенбиз. Ага чейин деле машинасын, жылкысын, “үй салып атасыӊ” деп ноопасын, майда жандыктарын берип келген. Төрт баласын, үч кызын чоӊойтуп, ордуларына отургузуп, аталык милдетин ашыгы менен аткарды. Саап атам. Чака толуп калган, балалыкка салып, куйругунда жабышкан узун тикенекке көзүм түштү. Алдым дагы “териси калыӊ неме ушуну сезмек беле” деген ойго берилип, бутуна малып алдым. Мына сага, жоош уйду көрүп ал! Тээп атат, мөӊкүп атат, бир кезде чакага бутун салып алды, сүт чыктуу сары сүткө айланып, көбү төгүлүп жатып калды. Жоошту безге сайсаӊ көзү чычаладай кызарып чыгарын ошондо көргөм. Азоо аттай болгон дагы бир уйубуз бар эле. Мүйүзү тик, испандардын букасындай болуп көздөрү сүрдүү, артка дагы, алдыга дагы кийикчесинен тике секирет жарыктык. Кунаажын кезде тууп, кийин бир жыл кысыр калганынан тоого чыгарып ийсек күзүндө зоот уй болуп келди. Солидол, каймак, май сүйкөгөнгө карабастан желини кесиле берер эле, башкаларын бир тушамыш менен тушасак, муну эки, үч тушамыш менен матайсыӊ. Бир ирет таенемди музоосу катуу коюп кетип, бутун кокустатып төшөк тартып калды.

Таятам кырк жылга жакын ак кой баккан. Жаштыгына, өмүрүнө сиӊген, айылда гана эмес, өйдөкү чөлкөмдө багылбай калган ак меринос койлорубуз отуздан ашса ашат, кыркка жетпейт. “Ашык мүлк жыйнаба балам, кыймылга келтирип, оокатка жарап турса болду, жетет” дээр эле таятам. Козусу туулганда кызыл эт болуп мажирөө келет. Кыштын күнү кокус талаада тууп, кезүү кайтарган киши байкабай калса, өпкөсүнө суук тийип, жөткүрүп же чычкактап атып өлөт. Андайга жеткирбей маалына келип калган желин салган койлорду алып калабыз да күпкөгө киргизип, жем-чөбүн белендеп коёбуз. Көбүрөк салса тебелеп, коромжу кылат деп, малга жем-чөптү ченеми менен салчу. Күндүн кайсы маалында туурун билип, түн ичинде туруп барып, козусун эмизип, оозуна сары май салып, жылуу ороп, кээде үйгө алып келип коёр эле. Убарасына, төлдү аз бергенине карабастан айылдан кеткенге чейин жүнү, териси, эти баа ак койду бакты.

Ооба, бир ирет Ишен деген жүн-тери алган байке Талант аттуу баласы менен келип, жүндү алып кетти. Таенем жети атасы тааныбагандарга жалынып-жалбарып, берерге ашын таппай, каймак-майын, чайын жайнаткан, ал гана эмес бир аллюминий мискей толо каймагын салып берген. “Адегенде кабак-каш, андан кийин тамак-аш” деп айтылгандай таята-таенемдин мамилесине ыкташып, ошол күндөн ушул күнгө чейин катышын үзбөй келет. Жубайы Жибек эже кургак учук ооруканасында иштегендиктен таенем ооруганда өзү баш-көз болуп жүрдү, кийин апам өпкөсүнөн операция болуп, ушул кишинин үйүнөн реабилитация болуп, адам катарына кошулган.

Ак кой кара койдой куйрук байлабастан, жалпы тулку боюна, кабыргага эт топтойт, жеген киши да май кылгырбай эт жегендей болот. Жазында эркек козуларын мандаш токунуп олтура чаткаягын кере кармайм, таятам эки мөндөлөйүнүн ортосунан кармап туруп, устарадай курч көк макиси менен жара тилет. Агара түшкөн эркектик кудуретинин дүмүрүн сууруп-сууруп дагарага салып, ордун йод менен жосулап коёт. Бутун тыбыратып, өзөрүп өӊгөчүктөгөн козуларды жаткызбай айдап турам. Баса, бүлөгө курчуткан ушул макиси менен чачымды алып берчү, кийин мен анын чачын алып берип, аталуу болбосом дагы баталуу чоӊойдум. Сакалын көзү өткөнчө өзү алып жүрдү. Каргыш тийген, элге, Жерге тараган оорунун эпкини таятама тийип, ооруп төшөктө жатканда биринчи жана акыркы ирет сакалын алып бердим байкушумдун. Өксүп ыйлап атам, алсыз күчүгүмдүн сакалын алып атканымды араӊ сезип атты. Ооруй электе колунун тырмагын, мүйүз болуп калган, калыӊдыгы бир эли бутунун тырмактарын алып бергем. Айылда жүргөндө ат басып алып, көгөрүп, бүтпөй жүрүп, кийин түштү. Ордуна капталына ийрейген мүйүздөй болгон тырмак өсүп чыкты, кийин экинчи бармагы да мүйүздөнүп кетип, акырында бардык тырмагы мутацияланды.

Кээде жазып-тайып энеси өлүп калган козулар болуп калат. “Пшп-шше” деп койду чакырчу сөздү ассимиляциялап, “Дүчө” деген күрөӊ жетим козуну сүт берип бактым. Күчүктөн бетер үйгө чейин келет, сууга барсам сууга барат, мектепке чейин ээрчип барып кайра кеткен күндөрү болду. Жакшы мамиле жасаса, тилин тапса, жандык дагы адамга үйүр алып, жакын болот окшобойбу. Кийин бейиши болгур Садыбакас уста китеп текче жасап тартуулап келгенде бергенбиз. Козумду эшек арабага салып бараткандагы жалооруган көзүн көрүп алып, көзүмө жаш тегерене түшкөн.

Жарым тешеден ашык огородубуздун чөбүн чабышканга козу союп, ачкыл-кычкылынан алып, ылдыйкы айылдагы кошуналарды чакырабыз. Түшкө чейин жакшы чабышат, андан кийин опурап-топурап эл келе берет, бирден-экиден сол жүргөн болушат да, түштөн кийин чоӊ майрамга айланып жатып калат. Ошентип кеч кирет, эт да желет, кап ортосунан оой түшкөн сулай жыгылган чөп калат. Эртеси чалгыны чыӊап алып, жалактата шартылдатып бүткөрөбүз. Таятам ошол бир огород менен талаадагы бир теше үлүш жердин чөбүн жеткирчү, уй-койго чөп, атка саман-кашек салганына карабастан мал кыштан эттүү чыкчу. Көтөрүм болуп өлгөн малын көргөн жокмун.

Айылдан суу чыгып, борбордук көчөдөгү көпчүлүк үйлөр таштуу дөӊгө үй салып көчүп кетишти, биз жакка келчү арык дренажга туш келип, суу келбей калар болду. Айылдын өйдө жагы Өзгөрүштөн жолду бойлото арык тарттырууну уюштуруп, анда да тамак уюштуруп берген жайы бар. Ошол дренаж аркылуу айылдан чыккан сууну айылдын аягындагы көпүрөнүн тушунан Кара-Суунун жерине түз барчу каналга кошуп коюу демилгесин көтөргөндө элдин кызыкчылыгы үчүн укум жерин аяп койгон айылдаштарыбыз чыккан.  

Ар бир апрель айынын он сегизинде таятамдын энеси Чүкүй чоӊ таенеме жандык союп алып, Ак-Секидеги маркумдар айылына барып, атасынын, чоӊ атасынын коргондорун кошо актап, куран окуур элек. Кийин ар бир июль айынын жыйырма алтысы таенеме ошентчү болдук. Таятам көзү тирүүсүндө ар бир диндин артыкчылыгын көрсөтүп, “табытка салып көмгүлө, сөөгүм таза сакталсын” деп тамаша-чынга аралаш айтып калчу. Эми өзү да жакын адамдарынын жанына барып коюлуп, июль айынын экиси өмүрүмдөгү “солк” эттирген күн катары эсимде калчудай болуп калды. Бул жылы да элибиз каймак-чөбөгө уул-кыздарынан айрылып, жүрөктөрү капшырылды. Таенем айткандай “айдын он беши жарык, он беши караӊгы”, жакшылыктан күдөр үзбөй туралы.

Таӊ агара электе таятам төшөгүнөн туруп кеткенде жээндери – Маку, Айжан карындаштарымдан кимибиз ойгонуп калсак жылуу, коӊур жыттуу ордуна барып жатып алар элек. Азыр ошол жыты, салынган төшөгү жок, издеп таппай келем, дагы эле жок, кийимдерин гана жыттап-жыттап алам байкушумдун.

Кечинде мал тарап, эл орунга отуруп, тамак ичип жаткан маалда, үчөөбүз таятам менен таянеме бирибиз “Манас” айтсак, бирибиз ырдап, күү чертип, интермедия аткарып, концерт коюп, экөөнүн көӊүлүн көтөрөр элек. Азыр болсо ар кимибиз жашоонун дельтасында анын күүсүн чертип, ырын ырдап, актёру болуп келатабыз. Бир булактан чыгып, дайрага кошулуп, анын тарамында өз өрмөгүбүздү өрүп, сокмогубузду согуп, алыстасак дагы “учу барып жазылат, түбү барып биригет”.

Чүй суусунун оӊ куймасы болгон Сөөк суусунун айланган көк иримине жайдын саратанында түшүп жүрүп, сууда сүзгөндү үйрөндүк. Бир ирет шашке ченде балдарга кошулуп эрте барып алыпмын сууга. Кесүүгө кошпой көбөөгө алып калчу музоолорду ат менен карап чыккан таятам мени көрүп калып, жетчү жериме жеткире кубалап, жылгында илинип турган кийимдеримди алганга араӊ үлгүрүп, үйгө жылаӊач бойдон кубалап келгени эсимде.

Бала кезимден сол тиземден ылдый чыккан экзема ай жаӊырган сайын жаӊырып, түн ичинде жанды жеп кычышса, эртеӊ менен суу агып, ылжырап кайра катып калат. Район борборундагы оорукананын тери оорулар бөлүмүнө бир канча ирет жаттым, жыйынтык аз. Тизеден ылдый бөлүгү айыгып, кош такымга, жука чурайга көчтү. Такымга чыкканда кычышып, ылжырап, катып калып, бутту ийип басышка кыйындайт. Кара-Мойноктун тушундагы сарайлардын биринде жашаган элдик дарыгерге алып барды таятам. Май дары жасап берди, ага кошумча кызыл боор баканы, кескелдирикти, жыланды кургатып, аралаштырып жабууга кеӊеш берди. Экөөбүз сазды, токойду, токойдун жанында турчу Жекшенбек атанын сарайынын тушундагы камыштуу жерлерди, сайды кыдырып, жерде-сууда жашоочуларды чогултабыз. Кургатып, атайын вазелинге аралаштырып бутума жаап берет. Жан кыйнаган жарамдын айыгышына, дегеле азыркы учурда эмнени билип, көрүп, эмнеге жетишсем, ошого таятам өбөлгө болду, шарт түздү.

Кыргыздын ат чабыш оюндарына кызыгып, өзү да ушундай иш-чараларга барууга аракет кылчу. Ормон хандын оӊ колу, жолборс чапкан кыргыздын төрт баатырынын бири, Кененсарынын колун талкалоого катышкан айтылуу Төрөгелди баатырдын 200 жылдыгына Мукай таякемдин жигулисин айдатып алып бардык. Маараке Молдо Кылыч айылынын чыгыш тарабындагы Кочкор-Ата мазарынын жанындагы ат майданында болду. Жорго салышка төө, аламан байгеге жигули машинасы коюлуптур. Мааракеде ал кезде Жогорку Кеӊеште депутат, өлкөнүн эки тизгин, бир чылбырын чейрек кылым башкарган Т.Усубалиев сүйлөдү, айтылуу төкмө акын Э.Турсуналиевдин ырдаганын көрдүм. Иш-чаранын жүрүшү, жыйынтыгы апта сайын чыгып турчу райондук гезит “Эмгек Туусуна” чыкты. Почта менен не бир түркүн гезиттер келет, ар бир макаласынан тартып, жарнамасына чейин калтырбай окуйм. Кийин экөөбүз, кээде мени жалгыз ат чабыштарга, той-топурга жөнөтүп жүрдү.

Бир ирет чабдар атыбызды сугарганы булакка барып калбаймбы. Ал жакта менден улуураак тестиер балдар да кунандарын сугарып “чү” коюшту. Булактын мөлтүр кашка суусуна чыйрыккан азоо чабдар оюн сала аркасынан жөнөдү. Ооздукка алым келбейт, зоот аттын үстүндө бөктөрүнчөктөй эле кетип баратам. Үйдүн тушуна жеткенде шарт кайрылды, огороддун, аткананын, короонун эшиги ачык турган экен. Келмем оозуман ыргып кетти, кудай жалгап оюн салганы огородго башын бурду. Шифердин бурчуна ичим менен бир тийдим, аттанар жагына ооп түштүм, үзөӊгүдөн бут чыкпай калды. Бутка таятамдын кырк экинчи өлчөмдөгү керзи өтүгүн чоӊ экенин карабай чулгоо ороп кийип алчумун. Ээн жайылган койдой болуп өсүп келаткан буттун сөөктөрү төш таянды дейсиӊ, азыр кырк төрт жарым өлчөмдөгү бут кийим кием. Ошентип сүйрөлүп баратам, цирктеги жигитовкада бараткандай аттын арткы буттары укмуш көрүнөт экен, зымга, түркүктөргө башым тийип баратат, көӊдүн күлү үйүлгөн чуӊкурга келип бир тийдим, ат тепкен жок, огородду бир айланды. Топ этип түшүп калдым. Ары жактан “баабединдеп” таянем, ыраматылык Султан кошуна, таятам келип калышты. Курсагымдын терисиндеги чөп-чарга тилинип кеткен тактары азыркыга чейин бар. Ал эми аткананын шиферинин сынган бурчу балалыгымдагы ушул окуяны эске салып дагы эле турат.

Ал аттан кийинчерээк да жыгылдым. Тестиер кезим. Ак-Талаа айылынын адыр тараптагы ташка бай сазга ат алып келгени баратканымды, үч бутталган тушамышын чечип жайдак мингенимди билем, ала качып кеткен окшойт. Апамдын айтуусу боюнча огород жактан келатыптырмын, өӊүм бопбоз, оозум толтура кан аралаш топурак. Мукай таякемдин уулу Жээнбек таякем менен ыраматылыгы болгур Майрамбек байкенин москвичин айдатып алып 42 чакырым алыстыктагы Кочкордун райондук ооруканасына жөнөптүрбүз. Улам бузулат, улам оӊдойт, бир кезде мотор жагынан өрт чыгып кетти, ошондо бир эсиме келгенсидим. Карыш турган райондун борборуна алты саат дегенде түнкү он экиде жетиптирбиз. Нөөмөттөгү дарыгер көрүп эле мээ чайкалганын айтып, ысык ийне сайышты. Бир жума дарыланып чыгып келгем.

Ушул ат менен далай ирет таятамдай болуп токойдон отун сүйрөтүп келдим. Зооттугу менен күчтүүлүгүн ушундай билсе болот: болжол менен төрт ирет сүйрөтүп келгеним бир тележка отунга барабар эле. Көп ирет классташ балам Асылбектин атасы – токойчу Эстебес атага кармалдым. Араамды, балтамды алып коёт. Кечинде же эртеси барам дагы теӊтушумдан алып кетем. Ал жылдары токойдо отун калбай Ак-Учук айылынын тушундагы Бекбоонун сазына чейин отун алганы барышчу айылдаштар. Жогорку айыл Кара-Бактагы отунга барышат, мен дагы далай ирет кара бак алган жайым бар. Токойчу Апы байке узун саптуу балтасы менен керилип туруп чаап берет, жыгылган бактын бутагына бүчүрүн, жалбырагын жегенгеби, айтор жыл бою этинен түшпөгөн кара койлору жабыла шаулдата отоп киришет. Алеки саатта буталган отунду тыпырайта арабага жүктөп үйгө баштанасыӊ. Токойдо отун калбай калып, Узун-Булак жактагы адырлар менен курчалган Ак-Талаа деген 300гө жакын гектар талаага тезек терген күндөрүбүз болду. 1920–1930-жылдары негизделген бул айыл ошол Ак-Талаанын атын алган экен. Таятамдын чоӊ атасы, мүнүшкөрлүгү С.Рыскуловдун “Кара шумкарында” эскертилген Дөөлөтаалы биринчи болуп бул аймакты байырлагандыктан анын ысымы өзү жашаган коктуга ыйгарылып калган. “Дөөлөтаалы коктусу” орто ченине чейин түз, боорлорунда кызыл майда кырдуу таштар, айрым жерлеринде бадал өсөт, ортосунан төрүнө чейин бетегелүү, жапайы карагат өскөн ичке кууш кокту.

Баса, айылдагы ат чабыш, жорго салыш сыяктуу иш-чаралар ушул талаада байма-бай өткөрүлүп турар эле. Кийин көк бөрүнүн арааны ачылып, айылдашыбыз Жолдубектин демилгеси менен кош тай казан орнотулган экен. Таятамдын айтуусуна караганда Ак-Талаанын жогору жагы, Узун-Булакта атчан киши кирип кетсе көрүнбөгөн ат кулактын арасынан элик каччу экен. Таянем таятамдын чабан болуп жүргөндө мергенчилик өнөрүн, тыйынды көзөй ата тургандыгын, аска-зоого мышыкчасынан чыгып баратканын чоӊдор көрүп таӊ калганын, күндө кийиктин, илбээсиндин этин жешкендигин, жалгыз киши атка өӊөрө албаган зор кулжа-текелерди карга көмүп коюп, эртеси кошуналар менен барып алып келген учурларын, мылтыгын кантип алдырганын, өз кесиби, эмгеги, мамилеси, сөзмөрлүгү аркылуу жергиликтүүдөн тартып облустук атка минерлерге чейин түзгөн алакасын көп айтып берчү. Өзү да жаш кезиндеги мергенчилик окуяларын, “Коммунизм” совхозунун директору досу Эсен тууралуу, М.Сыдыковдун, К.Акназаровдун учурундагы окуяларды куюлуштура, уккулуктуу кылып, кыргыздын нукура жалпак тили менен айтып берер эле.

Тимур жана анын командасындай болуп жардамга муктаж айылдаштарыбызга картошка казып, жер сайып, чөбүн чаап берип кол кабыш кылып, мектептин оӊдоо иштерине, фондго өзүбүз акчасын төкчү элек. Сегизинчи класста ортого үрөнүн чыгарып, Көк-Капталдагы Замирдин жерине картошка айдай турган болуп калдык. Үрөндү жеткиргенге биздин ат арабаны алып, акырын таятама билгизбей кош эшекке курдук. Сегиз кап картошканы салып, үстүнө сегиз бала конуп алып жөнөдүк. Мингеним – чабдар атыбыз уй кайтарып жүрүп сазга тыгылып, арткы сол буту кайрылып аксап, этинен түшө электе Бакай таякеме берип, ордуна алган кой жорго чалыш чобур жээрде. Далай ирет дарыладык, курту түшпөй койдубу, айтор эттенбей койду. Орто жолдон Алмаздын чандагай курсактуу эшеги качып берди. Үйдөгү такыйына качкан эшектин күлүктүгүн ошондо көрдүм, не бир жетсемчи, курсагын чандайтып алып, арткы эки аягын сыртты көздөй шилтеп, арашын кенен таштап качып баратат. Айылга чейин кубалап барып, жетпей коюп, жээрде чобурду бир кара терге түшүрдүм.

Ошентип жуп талаага жетерде оор жүктү көтөрө албай арабанын дөӊгөлөгү сынып калды. “Эми эмне кылчубуз?” – дедик дагы тегирмен салчу Балбак байкенин үйүнө бардык ширетип бериӊиз деп. Алеки саатта жармаштырып берди да, арабаны акырын билгизбей ордуна алып барып койдук.

Кийинчерээк ал Балбак байкебиз жер сайып бергенге чакырды. Картөшкөнүн жерин ашка да, ишке да тойбогон өспүрүм балдар заматта чайкадык. Жыйырма сом берди акыбызга. “Ушул элеби?” деген сурообузга: “Арабаны унуттуӊарбы?” деген жоопту алып, башыбызды шылкыйтып алып басып кеттик.

Андан кийин да көп ирет чөп чапканга, ташыганга чыгып жүрдүк, бири-бирибизге жардам берип жүрдүк. “Ой, балам, акыга чөп чаппай эле койчу” – дечү таятам. Ага болчумунбу, теӊтуштардын тилектештиги, ымалалаштардын ынтымагы, моюндаштардын оюн-зоогу азгырып турчу окшобойбу. Маӊдай терибиз менен таап жашаганга, ойноп-күлгөнгө үйрөндүк, кара жумушка быштык, чыйралдык, ошол замандын бар-жогун, ачка-тогун көрүп, турмуштун тепкичинде чилдин арышындай кадамдап чогуу келатабыз буюрса, бири-бирибиздин жамандыгыбызды көрбөй, өлсөк бир чуӊкурда, тирүү болсок бир дөӊдө, толук курамда карылыкты көрсөк деген тилек менен жашап келебиз. Мектепти аяктаганыбызга он жыл болгондо борбордук көчөнү жарыктандырып, мечитке үндү катуу чыгаруучу жабдуу алып берип, өрнөктүү иштерге жол салгандай болдук. Жашоонун таштуу, бир эсе даӊгыр жолунда аман болсок жасачу иштер алдыда.

2003-жылы таенем каза болду. Таятам “көзүмдүн тирүүсүндө кемпиримдин ашын өткөрөйүн” деп төрт айдан кийин эле ноябрь айында таенемдин жылдыгын берди. Союлчу мал союлду, куран окулду, эр эӊиштен таенем тергегендей “Күжүрмөн аке” – Арсланбек балбандын небереси Эрлан байке баш байгени илип кетти, күрөштөн дагы кара күч, ык жагынан эч кимге камчы салдырбагандыгын көрсөттү. Аялдар күрөшүнөн аты атасам осол болуп калат, жоон билектүүсү, салмактуусу дагы бир сом билек балбан айымдын далысын жер жыттатып, башынан аттап кетти. Ат чабышта аттар Ак-Учуктун кайрылышынан коё берилип, Кулбоосун байкенин күлүгү марага биринчи келди.

Эӊ кызыгы эшек чабыш болду. Ашка чейин эшек чабыш боло тургандыгын эшитип калган балдар кечке маал мал тоскону келип, эшектерин жарыштырып суутушат. “Чын эле эшек чабыш болобу?” дешип ишенбегендей менден сурашат дагы, эшегинин ылдамдык рычагын которгонсуп камчысы менен жука чурайга акырын итерип койсо, алкынган күлүкчөсүнөн кош аяктайт же ордунан атырылып жөнөйт. Мингичтери ыргыйдай, өздөрү торгойдой болгуча суутуп жүрүшүп, акыры ооздуктарды коё берчү мезгил келди. Эшектер Ак-Секинин ары жагындагы Чолпондун каналынын тушунан коё берилди. Адегенде  туяктан ыргыган даӊкандардан буйтай эшек чапкычтар кыл чайнашты, пайгамбардын сүйгөн жаныбары омуроосуна ак көбүгүн чачыратып, көк буусун көккө үйлөй марага салып уруп келатышты. Кызарттын шамалынанбы же эшектин катуу ылдамдыгынанбы үстүндөгүлөрдүн көздөрүнөн жаш шорголойт, артындагылары чаӊ жутуп, ылай, тер куюлган жүздөрүн аарчып коюшат. Айылда башкарма болгон Жолдошбек атанын айтылуу күлүк көк эшеги алдыда келаткан, бир кезде кошунабыз Карыбек байкенин кашаӊ кара эшегинде турбина бардай эле зуулдаган бойдон алдыга озуп чыкты да, туяктары кызыл сызыкты биринчи болуп аттап, марага келди. Баракелде! Эч ким күткөн эмес! Көрсө талааны көздөй кашаӊ, үйдү көздөй күлүк кара эшекке айылга карай коюлган мара оӊдой берди болгон экен. Мында дагы чуркаган эмес, буюрган алды.

Орто мектепти ийгиликтүү аяктадык, жогорку окуу жайына тапшырчу учур келди. “Мантуӊа чейин жеткирип берип турабыз, оку, балам, эӊ негизгиси адам бол,” – деди таятам, ошентти, унун ундай, картошкасын картөшкөсүн картөшкөдөй берип турду. Кол кабыш кылганы улуу таякемдин баласы Жайлоо, андан кийин Бактияр келди. Каникул сайын, окуудан бошогон сайын барам айылга, техниканын жоктугунан эзелкидей эле колго чөп чапмай, чөмөлөлөп, араба менен ташымай, көӊ саймай, айтор айылдын колго жукпас жумуштары менен камыр-жумур болобуз.

Жогорку окуу жайын аяктарым менен үйлөндүрдү. Бишкек шаарында өз кесибим менен иштеп жүрдүм. 2012-жылы турмушка чыккан таежемдин колундагы таятам Токмоктогу кичүү баласына келе турган болду. Кетип баратып Ак-Учук айылында турган бир тууган карындашы Абийбага кирдик. “Кетип баратасыӊбы, Тобом? Жакшы бар эми, мобуну ичип кой”, – деп бир бөтөлкө ысытмасын салып берген.

Кийин ошол эжекебиздин көзү өтүп, төрт киши биригип бир кара соё турган болгондо: “Эжекем менен алыш-беришим жок болсо, чыгарбай да койсом болот” деген маанидеги сөздөрдү угуп, берген киши менен оӊ алака түзүп, бербеген кишиге сыртын салып коюу кайсы учурда боло берерине көзүм жетти.

Камыр-жумур болуп мурда-кийин чогуу болбогонгобу, көӊүл буруп масилеттешкен киши жоктугунанбы Токмокто да көпкө боло алган жок, дарылансын деген максатта небереси Бакыт машина менен калтырып кетти, ошол боюнча кайрылган жок. Тилекке каршы ушул сыяктуу жол менен карылар үйүндө кыргыз ак сакалдууларынын саны күндөн күнгө арбып барат. Өзү айтып калар эле: “Бөрү карысын жектейт” деп.

Он эки квартирантты кирип-чыгарып, үйдү карап, отунун жагып, администратор катары бир кичинекей бөлмөсүндө таятам, апам, келинчегим, кызым, мен болуп жашайбыз. Таятам айткандай “үтөлөктөй болгон үйгө” тыгылбай бир жыл мурун алып койгон жер тилкесине үй салмай болдук. Каршылык көрсөткөнүбүзгө болчубу, үчүнчү таякеме калтырып кеткен малды сатууга белсенип, акыры ээсин тапты. Көрсө Бишкекке жеткирилишинин бир себеби айылдагы малды “өзүӊ каалагандай тейле” деп айтпай койгонунда болгон экен таятамдын.

Сексен жаштагы таятам экөөбүз Мурас-Ордо конушуна барып, үйдүн пайдубалынын ордун казабыз. Жаштайынан эмгекке, кыймылда болууга көнгөнгөбү, “эс алыӊыз, өзүм эле казам” дегениме моюбайт. Жер пайын түптөсөк ташын ташып, жыгачын алып берет, келинчегим экөөбүз дубалын көтөрсөк топурак ташып берет, шыбасам шыбагын алып берет. Курулушка суусун пайдаланганга үч метрден ашык казылган чуӊкур бир кыштан кийин урап, киши боюндай тайыздап калган. Ичин бир сыйра тазалап казып, пайдубалдын ичине төгүлгөн топурактан, пайдубалдан арткан бир жүк ташуучу машина ташты ичине түптөп салган дааратканасы беш жыл кызмат кылды.

Септиктен чыккан топурактан куюп койгон кирпичтерден тосула элек үйдүн айланасын кынаптап коюп, отун киргизгенге, буюм-тайым койгонго өзү айткандай салып койгон кичинекей “дамбарканасын” көрүп алып, салып аткандагы кыймылын элестеп алып көзүмө жаш тегеренет. Тегеректе өскөн тикенектүү жийдеден огородду зымылдата тосконучу?   

Кийин суу киргизгенде үч жүз метр аралыктагы борбордук көчөдөн түтүк киргизиш үчүн тереӊдиги 70 см жерди экөөбүз эле күндүн ысыгына карабай казганбыз, кыскасы кайсы учур болбосун өйдөмдө өбөк, ылдыйымда жөлөк болуп берди.

“Айылда мен, анан Жоодат калыптыр, айылда киши калбай калган го? Барып куран окутуп келели, айтышат анан: “Тобокел өлбөчүдөй болуп куран окутпайт” деп куран окуганды шылтоолоп айылга барып, айылдаштарына, теӊтуштарына, жоро-жолдошторуна куран окуп, сагынычын таратып кайтабыз.

Туугандардын жакшылык-жамандыгынан калган жок, ал турсун кичинесинде оор турмушту бирге көрүп, бир короодо чоӊойгон Калый апанын көзү өткөндө топурак салганы барганы анын кичи мекенине болгон акыркы сапары экен. Ошол барышында Чүй жергесинин шартына көнө түшкөнгөбү демигип, кан басымы көтөрүлүп, өзүн жаман сезип, тамак ичкенге да кирбей койгон. Таятамдын, Жоодат атанын, Калый апалардын өтүшү менен айылдагы жогорку муундагы карылардын көчү журтуна барып орун алды бейм.

Кичинемде жумуш жасаганымды көрүп “барсканым”, “огожом” деп койчусуз, карылыкка моюн сунганыӊызда мага огожо болдуӊуз, огожо эмес таянган аска-зоом, алдыман жоо чыкса дагы калдайган караан, колдоочум болдуӊуз, мен үчүн өз туугандарыӊызга жаман көрүнгөн учурларыӊыз көп болду. Он алты жылдан бери дайынсыз атамдын ордун жоктотпой, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, азуулууга алдырбай, тырмактууга тептирбей, биологиялык жактан ата болбосоӊуз дагы атадан артык иштерди жасап, бапестеп багып, өстүрдүӊүз, киши кылдыӊыз. Таята, дагы эле киши болуунун, адам болуунун аракетиндемин. Мага болгон мамилеӊиз, сезимиӊиз, камкордугуӊуз, жакындыгыӊыз менен “жээн” деген жиктелип калган эски стереотип түшүнүккө жарака кетирдиӊиз. Сиздин атыӊыз, сиздин бул жашоодо, менин жана жакын адамдарымдын жашоосундагы бардыгыӊыз үчүн тереӊ ыраазымын, таята. Сизди сагынган сайын, эч нерсеге, жашоонун чимирилген дөӊгөлөгүнө карабастан салып учуп барам дагы куран окуйм, таята. Сизге заӊгыратып күмбөз салдыра албасам дагы сизге, таенеме арналган ушул сөздөр, жазып, жасап жүргөн иштерим, жазыла турган чиймелерим, эмгектерим сизге гана арналат, сизге сөз менен тургузган күмбөзүм ушул болсун, таята. Жер жүзүндөгү таяталардын, аталардын бардыгы сиздей болсо, согуш деген жаман аттын, ажырашуу деген кесептин болушу күмөн, сезимдин, сүйүүнүн, урмат-сыйдын гана курмандыгы болуп адамзаты күн кечирмек. Көзүӊүздүн тирүүсүндө балалык кылып, пенделик кылып, сиздин карылыгыӊызга шылтоолоп кетирген кемчиликтерим, орой сөздөрүм, кылыктарым үчүн тереӊ кечирим сурайм, сиздин бар экендигиӊизди, жанымда жүргөнүӊүздү ар дайым сезем, түшүмө киресиз. Бир жолкусунда аябагандай көп отургучтарды жасап атыптырсыз, мыктарын шакылдата уруп, тизип атасыз. А мен дагы эле жактырбайм. Дагы бир түшүмдө “келдиӊби, балам?” деп кучактап атыптырсыз, “келдим, таята” деп солуктап ыйлап атам, ойгонсом өпкө-өпкөмө батпай ыйлап атыптырмын, көздөн аккан жашым он талаа. “Жоош, сырдакана” деп сиз айтчу экөөбүз саткан кийинки чабдар атты минип алып айылдын өйдө жагында жүрөм. “Сен да карыдыӊ байкушум” деп коём өзүмчө.

Тынбай жөтөлүп, алы кетип, тамакка табити чаппай баштагынан дарыгерди алып келсем, дененин кычкылтек менен каныкканы – сатурациясы элүү алтыга түшүп кеткендигин, эки өпкөсүнөн теӊ кагынгандыгын, тезинен ооруканага алып баруу керектигин айтты. Фучик көчөсүндөгү ооруканага барсак, бейтаптарга эмес ооруканага келген кишилер турганга орун жок экен. Интернеттен карасам Воронцовка менен мурунку “Ганси” авиабазасынын аймагындагы “Сейтек” обсервациясында орун бар экен. Үйгө чукулдугуна карап “Сейтекке” алып барып жаткыздык. Кудай жалгап жогорку окуу жайында негизги чет тилинен, кийин кесиптеш болуп калган Канат агай бир палатада болуп калбаспы, карап, жардамдашып атты. Кычкылтек концентратору менен дем алып жатты, абалы бир аз жакшы болуп калды. Памперс кийгизсек дагы “ушул кантип болсун” деп көнбөй өзү туруп барып заара ушатып атты. Күнүгө тамак-ашын, керектүү буюм-тайымын алып барып аттык, суюктук гана ичип турду, төрт күн жаткандан кийин тамчылатма дарысын үйдөн куялы деген чечимге келип, чыгарып келдик. Үйгө жаткырып коюп, дарыгер жазып берген дарыларын, дем алдыруучу аппарат алып келейин деген ойдо болчумун. Келинчегим Бактыгүл таятамды жетелеп алдыга кеткен, артынан барсам алы кетип, бутун шилтөөгө дарманы келбей калыптыр. Отургучка акырын отургуздук дагы көтөрүп үйгө алып келдик. Төшөк салгыча болбой эле абалы, дем алганы оорлошуп барып, мени ыраазы боло бир карап алды да, боюн түзөп колумда жатып калды. “Дарыгер чакырайынбы?” деген келинчегимдин суроосуна: “Кеч болуп калды” дедим.

Ошентип өз колумдан узап кете бердиӊиз, таята. Жаӊы алып берген тебетейди оӊчулуктуу кие албадыӊыз, таята, пейили, кулачы кенен Чүй боорунун не бир сонун жерлерин толук көрсөтө албадым, таята, бала күнүӊүздөн багып көнгөн алдыӊызга жандык айдап бере албадым, таята, чыканагыӊызга куш жаздык, аркаӊызга кош жаздык жөлөй албадым, таята! Сиздин көзүӊүздүн өткөнү биз адамзат болгону бул дүйнөгө келген конок, ал эми өмүр көз ачып-жумганчакты убакыт экендигин, жакындарыбыздын көӊүлүн оорутпай, колдон келсе көӊүлүн алууга аракет кылуу ылаазым экендигин дагы бир жолу эскертти. Жаткан жериӊиз жайлуу, топурагыӊыз торко болсун, таята! Сиз өлгөн жоксуз, сиздин руханий экинчи өмүрүӊүз жаӊы гана башталды.

“Нуска” котормочулар тобунун мүчөсү Эрмек ШОРУКОВ

2020-жылдын 17-августу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз