Ишенбай Мансуров: Ак бугу

  • 22.08.2020
  • 8615

ПОВЕСТЬ

БИРИНЧИ БАШТАЛЫШ

Мен өлүмгө себепчи билбодум...

Мен кудайдын кушун тузактабадым...

Мен кудайдын балыгын кармабадым...

Мен агын суунун жолун тосподум...

Мен кудайдын кайберенин үркүтпөдүм...

Мен тазамын, мен тазамын, мен тазамын...

Мен тазамын!

«Өлгандар китеби». Биздин эрага чейинки XV кылым. Байыркы Египет адабиятынан.

Мындан бир нече күн мурда Ак Бугуну эки карышкыр кырдан ары кубалап кетти деген кабарды Талгардан кайткан Гафу бала-бакырасынан укту. Алма-Атага баруучу жумушун кийинки жумага калтырды. Кол баладай болуп калган Ак Бугунун тагдыры анын тынчын аябай кетирди. Бир айдын ичинде эки курдай кол салган карышкырлардын жанды койбочудай этектеген ач көздүүлүгү чочутту.

Коруктагылардын көбү колхозго кол кабыш кылганы кеткендиктен шашып-бушуп чоң шашкеде жолго жалгыз аттанды. Карагайлуу корукту экиге бөлүп аккан сайды өрдөп жогору кеткен чыйырга түштү. Сагыз жыттанган тунук абанын көк кашка айнегинин артынан асман челген тоолордун чокулары заңкайды. Андан бери созулуп жаткан карагайлуу токойдун кара көк түспөлү аскар тоолордун сапсайып алынбаган сакал-муруту сыяктанат. Үстүртөн караган адамга анын коюн-кончунда дегеле жандык аттуу болбогон шекилдүү. Гафуга болсо анын койну дүйүм жаныбарларга, ар кыл куш-чымчыктарга, өсүмдүктөрдүн түмөн түрлөрүнө толгон. Мына ушул ажайып дүннөгө адеп корукчу болуп келген Гафу тынч алып уктабады. Нечендеген браконьерлердин айла-амалына күбө болду. Бир нече жолу ишин таштап кетип да кала жаздады. Бирок табиятка деген дилгирлиги эмгектене берүүгө түрттү. Акыры университеттин биология факультетин сырттан окуп бүтүрдү. Кийинки кездери аны коруктун илимий кызматкери катары дайындап коюшкандап кийии биротоло калып калууга туура келди. Кырсыктан сактаса быйыл диссертадиясын ортолойт. Профессордун кеңеши боюнча экология маселелерине байланыштуу тема бекитип алган. Ага чейин нечен адабияттарды окуп, жаза турган эмгегинин багытын аныктады жана Алма-Атага ошого байланышыштуу бармак.

Ушуларды ойлоп санаасы санга бөлүнгөн Гафу кырга чыкканда атынын башын жыйды. Кырдын артында жаткан караган-черге дүрбү салып карады. Ак Бугудан дарек билинбейт. Кадуулап экинчи кырга жакындады. Жолду карата ар кайсы ойдун башын чарпып, Ак Бугунун музоо чагындагы кылык-жоруктарын эсине түтүрдү.

Ал кезде Гафунун атасы жаңыдан уюшулган Алма-Ата коругунда жумушчу болуп иштөөчү. Бир күнү ал тоодон маралдын музоосун өңөрүп келди. Белгисиз себептер менен энесинен ажыраган маралдын музоосу алда немедей татынакай эле. Көзүн бажырайтып, кимдин колуна түштүм дегендей сестенип элеңдеп турчу. Биринчи күндөн баштап Гафуга өзгөчө үйүр алып кетти. Бөтөлкөгө упчу өткөрүп уйдун сүтүн эмизип жүрүштү. Кайда барса Гафунун артынан калбайт. Тумшугун төшүнө такап, сүт сурап жаткандай түрткүлөй берет. Курсагы тойгондо оюн салып чымын-куюн болуп чуркайт. Айылдагы балдарды ызы-чуу түшүрүп алакетке салат. Гафунун энесинин каалоосу боюнча маралдын музоосуна Бакыт деп ат коюшту. Кемпирдин жоруганына караганда маралдын музоосу үй-бүлөгө бакыт ээрчите келмек. Бакыт чоңоё баштаганда анын териси ак түскө айланып кетти. Адистер аны боло бере турган биологиялык кубулуш катары баалашты. Андан бир ай өтпөй Гафунун келинчеги эркек бала төрөдү. Маралдын музоосунун баркы ого бетер көтөрүлүп калды. Түлөө катары кой союшуп, баланын атын да Бакыт деп коюшту. Күзгө жуук маралдын музоосу тартайып чоңоюп, барган сайын токойго жоголуп кете турган адат таап алды. Ошондо үй-бүлө, коруктагылар кеңешип, аны биротоло тоого коё берүүнү чечишти. Жаратылыштын катаал шартына, башка бугу, маралдарга көндүрмөк болушту. Колго көнгөн неме анда-санда күтүлбөгөн эле жерден антаңдап чуркап калчу. Андай күндөрү үй-бүлөнү кандайдыр бир айтып түгөткүс кубаныч курчап алчу. Баары аны көргөнү сыртка чыгышчу. Бешиктеги Бакытты колго жогору көтөрүшүп кайберен бир тууганын көрсөтүшчү. Ымыркай бала эч нерсеге түшүнбөсө да, анын талпынып эреркегени ого бетерден кубаныч, айтып түгөткүс бакыт туудурчу. Биринчи кар түшкөндөн баштап айылга көп келбей калды. Анын үстүнө чоочун иттер кубалай берип үркүтүп да коюшту.

Мына ошондон баштап Гафу анын сыртынан кез салып жүрдү. Кар калың түшкөндө жем-чөп ташып берип этинен түшүрбөдү. Анан акырындап отуруп анын Бакыт деген аты өчтү. Көргөн кишилер түсүнө карата Ак Бугу дей турган болушту. Жыл өткөн сайын мүйүзүнүн айрысы көбөйө берди. Алыстан аркайып ушул тоонун ээси сыяктанып көрүнчү. Артына тукум таштап катарын көбөйттү. Көргөн-билгендер Гафунун уулу Бакыттын Ак Бугусу деп сый менен узатып карашчу, мылтык сунуп ок чыгаргандан айбыгып турушчу. Жакага, Талгарга түшкөндө, кокус мектептен келаткан Бакытты кезиктирсе: «Ой баатыр, тоодон сенин Ак Бугуңду көрдүк, сага салам айтып кой, сагындым, келсин дейт» деп тамашалап күлүп калышчу.

Мына ошол Ак Бугунун жерге житип кеткендей жоголгону Гафунун жүрөгүн ачыштырды. Экинчи кырга чыкканда дагы дүрбү салды. Ысык деп аталган суунун башындагы карагайды иликтеди. Дым эткен жан билинбейт. Дүрбүсүн төмөн жакка буруп, карагайдын алдындагы ачыкта, суунун боюнда жүргөн эки караанды көрдү. Жанында эки ат жайылып оттоп турат. Эки караан чатыр тигип жатышкансыйт. Корукту ээн-эркин аралай чапкан экөөнүн төркүн-төсүн билүү үчүн Гафу ылдамдап бастырды. Көрүнбөй, капысынан чыкмакка жыбыт жамынып түштү. Ылдый карата ат басыгы арымдады. Түшкө жакындаган күндүн нуру беттин кырына саргыч түс берип, өзү бараткан бетке көлөкө узарткан. Тоо арасы мурдакыдан алда канчалык салкын. Аттын туягынан кулаган майда таштар коктуга барып түшүп, жем издеп шашкан чымчыктар карагайдын арасына карай канатын кагат.

Жыбыттан чыккан Гафуну алиги экөө көргөн окшоду. Бурулуп карап калышты. Гафу ала шапкечен, өзү курактуу кубагай жигит жакындаганда тизгинин тартты. Кебетесине караганда шаардык өңдөнөт. Жанындагысы айылдык экени өзүнөн өзү көрүнүп турат. Гафу көңүлкош салам айтты.

- Салоом алейкум, жигиттер? Коруктун ичине чатыр тигип жаткан экенсиңер?

Эмне дээр экен дегендей төбөсүнөн алыс карады. Ала шапкечен жигит Гафунун сөзүнүн төркүнүнө түшүнгөн окшоду. Ууртунан жылмайды. Колундагы чатырдын казыгын жерге таштап:

- Алейкума салам. Адегенде жөн-жайды билишпейби. Сиз ким болосуз? — деди.

- Менби? Мен ушул коруктун корукчуларынан болом А силер ким болосуңар?

Анда сурооңуздун жөнү бар экен. Аттан түшүңүз. Адегенде дасторконубуздан даам ооз тийиңиз?

Газетанын бетине коюлган бир нече тоголок нан, бир бөтөлкө коньяк, стакан, эки баш пиязды көрсөттү. Гафу тааныбаган адамдан ичкилик ичкиси келбеди. Бирок адеп сактады. Атынан түштү. Олтурбай дан ооз тийди. Ала шапкечен корукчунун эмнеден кооптонуп турганын сезди. Кайра аттанаарда колтуктап токтотту.

- Эми таанышып коёлу. Мен сиз ойлогондой браконьер эмесмин. Шаардан келген фотокабарчымын. Атым Бекежан, фамилиям Тилегенов.

Жайдары күлүп колун сунду. Гафу Бекежандын колун кысып:

- Гафу Абишов, — деди. Бир паска бушайман боло түштү. Атын жалгыз түп табылгыга байлады. Дасторконго келип олтурду. Бекежан стаканга коньяктан куюп жатып берки баланы тааныштырды.

- Бу жигит бир тууган жездемдин тун уулу. Аты – Орал. Атасы төмөнкү колхоздо башкы зоотехник. Эрикпейин деп кошо ала келгем. Келиңиз, мынабу коньякты таанышканыбыз үчүн деп алып жибериңиз?

Гафу стаканды кармап турган Бекежанды тиктеди. Жөн жутуп жибербей бир ооз сөз кыстарды.

- Эмесе аман бололу. Таанышканыбыз үчүн!

Бекежан бошогон стаканга өзүнө куйду. Беркиге тилегин кошуп көтөрдү.

- Таанышканыбыз үчүн!

Стаканды коюп нанды жыттады. Бир тынымдан кийин ичи жылый баштаган Гафу жанындагы Оралды көрсөттү.

- Бу иним ичпейби?

- Жок, ал жээним «молдо». Эмитен ичсе кайда барат.

Андан ары жөн-жайды сураштыра кетишти. Бекежан басманын тапшырмасы боюнча коруктагы бугу-маралдардын, ыгы келсе илбирс, карышкыр окшогон айбанаттардын, карагайлуу токойлордун кооз булуң-бурчтарын сүрөткө түшүргөнү келгенин баяндады.

- Альбом чыгарганы жатабыз,— деди ал тамеки күйгүзүп,— ушул жерде эки карышкыр жүрөт дешкенинен сизге кайрылбай шашып келсек дайыны билинбейт. Аңдып жатсак сүрөткө түшүрөбүзбү деген үмүттө буйткага чатыр тиге баштаганбыз.

Гафу жандана түштү. Бекежандын сөзүнө аралжы болду.

- Ак Бугу көрүнгөн жокпу?

- Жок. Биз төмөнкү карагайдан чыкканда жогорку карагайдан бир марал көрүндү. Өңү кара күрөң. Ак түстөгу бугуну көрө алган жокпуз.

- Сая кууган экен,— Гафу кабагын чытып сүйлөдү,— жакында ошол эки карышкыр оң Талгардын башындагы бугу-маралдарга кол салды. Ак Бугуну бөлүп алып ушу тарапка кубалап кетти деген кабарды угуп шашып келаткам. Артынан эртерээк иликтеп албасам тынч ала турган эмесмин.

Бекежан Ак Бугунун жөн-жайын тактап сурагыча болбой Гафу шашып ордунан турду. Окуянын мындай болорун күтпөгөн Бекежан эмне дээрин билбей калды.

- Мен сизди сүрөткө тартышым керек эмес беле. Кандай кылабыз?

Гафу ойлонуп турду. Эгер көнсө Бекежанды өзү менен кошо ала жүргөнү оң болчу. Жолдо карата жолдош болуп дегендей, тоону кыдыртып, коруктун ылайыктуу жерлерин сүрөткө тарттырмак. Эмнеси болсо да ойлогон оюн беркиге билдирди.

- Эгер убактыңыз кеңири болсо мени менен жүрүңүз. Иштин баарын жолдо баратып бүтүрөбүз. Тарта турган кооз жерлер алдыда.

- Ошол эле болсо мен даярмын. Атайын ошону үчүн келсем, качмак белем. Убакыттан кам санабаңыз. Командировканы бир жумага алгам.

- Анда, кеттик. Жээниңиз жакага кете берсин. Бүгүн жетпесе биздикине барып конуп алат.

- Ошондой кылабызбы, Орал? Же биз менен барасыңбы?

Бекежан жээнине бурулду. Таякесин кыйбай араң келген жигит:

- Мен үйгө эле кете берейинчи,— деп сүйүнүп кетти. Мылтык аттырбагандан кийин ага ээрчип жүрүү чындыгында кызыксыз эле. Гафунун кеңеши боюнча чатырды өзүлөрү менен кошо ала кетишмек болушту. Сак болуп көнгөн Гафу анын ашык жүк болбой турганын көп жылдык тажрыйбасынан улам жакшы билчү. Аттанып алышканда Гафу Оралга кайрылды.

- Биздикине жөн-жайды айтып кой. Кечиксем кабатыр болушпасын. Ак Бугуну тапмайынча келбейм деди десең өзүлөрү түшүнөт. Сен бу жолго салбай ылдыйкы кайкыдан ашып түш. Батыраак жетесиң.

- Билем,— деди Орал Гафунун акыл айта баштаганын жактырбай.

- Жакшы бар анда,— деди Бекежан төмөн бастырган Оралдын артынан узата карап. Ичинен «жээним таарынып калбагай эле» деп түйшөлдү.

Гафу атынын башын наркы кырга карай буруп, Оралды узата карап калган Бекежанга:

- Артыман калбай жүрө бериңиз,— деди.

Өр чапчып чыккан аттар бат чарчады. Антаңдап дем алып, кээде токтой калып жатты. Кырга жакындаганда түштүк батыштан тийген күндүн нуру жылаңач күңгөйдү каптап турганын көрдү. Эки асканын орто чениндеги ээрдин кайкысына окшогон белге токтошту. Жанатан үн катпай келаткан Гафу суунун аркы өйүзүндөгү карагайга дүрбүсүн салганы жатып үн катты.

- Мынабу сууну Үлкөн-Түргөн деп коёт. Анын артындагы тоонун түшө беришинде Орто-Түргөн, андан ары Киши-Түргөн деген суулар бар. Ушул суулардын өйүз-бүйүзү бүтүндөй карагай.

- Кадимки Түргөндүн башы ушул экен го?

- Дал өзү.

Бекежан көлөкөгө уюп жаткан улуу коктунун таманындагы суунун ийрелеңдеп аккан нугуна кызыга көз салды. Дүрбүсүнөн жан аттуу нерсени көрө албаган Гафу ого бетер түйшөлдү. Ак Бугуну сая кууп алган карышкырлардын өжөрлүгү аны барган сайын коркунучка бөлөй берди. «Ач карышкыр, болбосо мынчалык өжөрлөнүп кубалабайт эле» деди ичинен. Күүгүм киргенге дейре Орто-Түргөнгө жетип конуу керектигин болжолдоду. «Эгер Ак Бугу ушул карагайларга кирсе изин жашырып кетиши мүмкүн. Антпесе ач карышкырлар жанын жай койбойт». Боолугу мойнуна илинген дүрбүнү Гафу төшүнө таштады. Атын чыдамы кеткендей теминди.

- Жок дегенде Орто-Түргөнгө жетип түнөйлү. Чарчаган жоксузбу?— деди ал Бекежанга сынай карап. Бекежан тың жооп кайтарды.

- Мен эмнеге чарчайын. Аттарга оор болбосо?

- Биздин аттар мындайдын далайын көргөн. Туз жүктөп алсаң да кебелбейт.

Бекежанга дем берейин деди. Аны Ак Бугунун тагдырынан башка эч нерсе кызыктырбады. Санаасы алда кайда кетти. Каратып туруп карышкырга жедиремби деп ою бөлүндү. Көз алдына карышкыр талап жеп жаткан Ак Бугунун элеси келе түшүп денеси ичиркенет.

Кейигенсип барып көңүлүнөн коркунучтуу элести оолак кубалоого аракеттенди. Өзүн өзү алаксытып көзүн жөн салды укалады. Куйрук улаш келаткан Бекежанга көңүл улап үн чыгарып туруу керек эле. Бирок канчалык аракет кылса да антип калп жерден жасакерлене албады. Учу түгөнбөгөн чыйырдын жибин түрүп, өчөгүшүп алдыга кете берди. Суунун боюна түшкөн жок. Беттеги бир аттык кыяга салып жүрүп олтурушту. Гафу жакындап келаткап карагайлуу токойдон көзүн албады. Ак Бугу ачыкка чыга калчудай көшөрүп тиктей берди. Орто-Түргөндүн кырына чыкканда кеч кире баштады. Аттардын чарчаганын көрсө да көрмөксөн. Суунун башындагы калың карагайдын четине жетип токтоону ичинен ойлонду. Эми тик ылдый коктунун таманында баратышты. Ээр токум шыпырылып, өзүлөрү аттын башынан алыс кетүүчүдөй чалкалашты. Аттар кээ кезде сүрдүгүп барып оңолот. Суунун башындагы булакка жеткенде түзөң тарткансыды. Андан ары жүрүү оңойураак өңдөндү. Карагайдын башына жакындаганда эски конушка токтошту. Гафу күтүп туруп калган Бекежанга кайрылды.

- Ушу жерге түнөйлү. Түзүрөөк жер экен, чатыр тиккенге ылайыктуу болот.

Бекежан унчукпай атынан түштү. Канжыгасындагы чатыр, куржунду чече баштады. Гафу мылтыгын чоң ташка жөлөдү. Ал дагы канжыгасындагы куржунду чечип таштын үстүнө койду. Чөпкө жулуна баштаган аттарды карагайга аса байлап кайра келди. Бекежанга жакындаганда жөн-жайды түшүндүрө кетти.

- Аттардын тери кургасын. Анан суусаганда отко коёбуз. Ага чейин чатырды тигип ийели.

- Караңгы кире электе казык какканга таш таап алсак кантет,— деди Бекежан чатырды жазып.

Гафу булактын боюна түшүп эки чакан таш көтөрүп келди. Андан кийинки жумушу көп деле кыйынчылык туудурбады. Курама тирөөчтөрдү бурч-бурчуна тиреп жиберишип, жиптерин кагылган казыкка чытырата керип ташташты. Гафу чатырдын ичине кирип, кадыресе үйгө окшогон жылуулук, берекени сезди. Мылтыгын чатырдын төркү бурчуна койду. Сыртында басып жүргөн Бекежанга багыштап сүйлөдү.

— Бу, чатыр алып алганыңыз абийир болгон экен. Талаа жеринде табылбаган оокат эмеспи. Айрыкча жаанда калганыңдабы...

- Ошону билип албадымбы. Анын үстүнө эжем какшап туруп алды. Бир тууган деген кыйын болот турбайбы.

- Кыйын болбогондо.

Чатырдын ичи көөдөй караңгы болчу. Гафу сыртка чыгып, куржундардын жанында тамеки тартып олтурган Бекжанга кошулду. Бекежан алдындагы көрпөчөнү жазып, бмр учун Гафуга жылдырды.

- Мына бул жерге олтуруңуз. Жер сыз экен, куйругуңуздан өтүп кетет.

Гафу жамбаштап кыйшайды. Бет маңдайындагы кырдын кырбуусунан үлпүлдөп өчүп бараткан жарыктын шооласын көрдү.

- Ак Бугуну таппадык ко? Жедирип жиберген жокпузбу? - деди Гафу.

- Кудай сактасын. Табылып калгысы бардыр. Баса, Ак Бугу дегениңиз кандай? Анын өңү акпы, же аты ошондойбу?

- Өңү ак. Музоо чагында колго багып чоңойтконбуз. Көргөн-билгендер бизди туурап Ак Бугу деп коюшат.

- Анда ичиңиздин ооруй турган жөнү бар экен.

Гафу Бекежанга Ак Бугунун таржымалын айтып берип, сөз түгөнгөндө куржунун алдына жылдырды. Болгон тамак-ашын алып чыкты.

- Курсактын камына киришелиби? — деди Бекежан башын көтөрбөгөн калыбында,— чыйрыктырганына караганда тоонун алкымы суукпу деп калдым.

- Суук эмес,— деди Гафу бычагын кагазга аарчып, - тоого кыш эрте түштү. Бир күнү уктап турсаң, эртеси кар басып калганын көрөсүң. Түшкө жетпей ачылып кетмей адаты да бар.

- Таарынчак келиндин кыял-жоругуна окшош дебейсизби?

- Ошондой десе да болот ко. Айтор, салыштырганыңыз окшойт.

Гафу тигинин чымчып сүйлөгөнүнө жылмайды. Эсине кимдир-бирөөнүн кыял-жоругу түшкөн окшоду. Бекежан Гафунун тамак-ашынын үстүнө жанагыдан калган коньягын, койдун сүрсүгөн бир жилигин койду.

- Бизде ичкилик болбойт, ага таарынбаңыз,— деди Гафу актангандай.

- Тоонун башында жаткан кишиден ичкилик үмүттөнмөк белек. Ага кабатыр болбоңуз. Суукка урунуп калбайын деп эки бөтөлкө коньяк ала чыккам. Эжем эт-аштан жакшы эле салып аткан окшоду эле...

- Аны жөн коюңуз. Бүгүн менин азыгымды жеп туралы. Сиздикине эртең да күн бар.

- Анда тим коёюн. Жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт болбойлук.

Стаканга коньяк куюп Гафуга сунду. Гафу кылыксынбай ала берүү керек экенин ойлосо да, адеп сактап стаканга жутунбады.

- Жо, өзүңүз ала келиңиз. Мейманды мен коноктобой, мейман мени коноктой турган болду го?

- Эчтеке эмес, талаа жеринде кездешип калбадыкпы. Мен куюп атпаймбы, алып коюңуз?

Бекежан стаканды Гафуга карматты. Гафу дугдуюп ичип жибергенден уялды. Оозуна келе түшкөн экен.

- Аман бололу,— деди. Жутуп жиберип пияздан карс-курс чайнады.

Коюу түндүн ортосунда тоодо тамак жеп олтуруу өзүнчө бир керемет болчу. Шаардын күрүгүү түшкөн көчөлөрүнөн кечээ эле чыгып, бүгүн ушул ажайып дүйнөдө дымып олтурган Бекежан өзүн бейиштин төрүндө олтургандай сезди. Анын үстүнө коньяктан кийинки сүрсүгөн эт, таза аба, тоо-таш, төшүнө жылдыздарын шыгырата тагынган түнкү асман башын тегеретти. Баягы бала чак кезиндегидей от жагып олтурууну эңседи. «Бирок коруктун ичинде от жагып олтуруу бул жердин тартибине туура келер бекен?». Арсарсып, тишин чукуп олтурган Гафуга бурулду.

- Сизге бир суроо?

- И, айта бериңиз? — деди Гафу жанданып.

- Туура келбесе ачыгын айтыңыз. Туура келсе от жагып олгурсак деген сунуш бар.

- Эмнеге туура келбесин, келет. Бул кокту коруктун карамагына кирбейт. Өзүмдүкү болбогондон кийин эмне кылсаң ошо кыл деген кеп эмес го. Иши кылып өрт жибербесек болгону. Чындыгында отту жөнү жок жага берген болбойт деңизчи. Бирок ушуларды кайтарып багып жүргөн кишилерди от жакпай үшүп олтурсун деп эч ким айткан эмес.

Экөө жылмайып күлүп калышты.

- Анда токойго кирип кургак чегедек тербейлиби. Куржунда чийки эт бар. Буюрса, азыр шашлык өңдөнтүп бышырып жейбиз.— Бекежан кудуңдап алаканын сүрдү.

- Бу, сиз камбыл адам көрүнөсүз?

- Камбылдыктан деле эмес. Чынын айтсам шаарда жүргөн киши талаанын тамагын сагынат экен. Бир-эки күн болсо да таза абада эс алып, дене-боюңду ээн-эркин жазсаң кандай ыракат. Сиз буга менчелик түшүнбөйсүз го?

- Түшүнөм. Бул азыркы урбанизациянын түйшүгүнөн келип чыккан көңүлдүн талабы эмеспи. Айта берсе анда аягы бүтпөйт. Андан көрө өзүң айткандай чегелдек чогулталы. Калганын анан сүйлөшөбүз.

Гафу ордунан туруп карагайды карай басты. Жанында келаткан Бекежандын ийнине колун койду.

- Баятан бери эле «сиз» деп сынашкансып келебиз, жашың канчада?

«Сиз» деп сүйлөшүү Бекежанга да көп жага берчү эмес. Ушул жөнүндө сөздүн башталып калганы ага да колго сала бергендей болду.

- Отуз алтыдамын.

- Оой, тең чамал турбайбызбы. Кыйын болсо бир жаш, жарым жаш айырмабыз бар экен. Мен отуз жетидемин. Эми мындан ары сен деп эле сүйлөшөлүчү. Ошол жакшы болот. Куда кааласа жакшы таанышып алдык.

- Дегеле жакшы болот. Жөнү жок жерде «сиз» деп чыйтыйгандан жек көргөнүм жок.

Экөө караңгыда темселеп жүрүп, куурап түшкөн чегедектерден бир далай чогултуп алышты. Булактын боюна жакын, чатырдан алыс эмес, шамал тийбеген ыктоого от жагышты. От алоолоп күйгүчөктү сууган аттарды суу боюна тушап коё жиберишти. Көрпөчө куржундарын оттун жанына апкелишти. От барган сайын алоолонуп, денеге жагымдуу бир аптап таратып жаткансыды. Жогортон урган абанын деминен улам от жалыны ылдый карата делбектеп жүгүнгөнсүп турду Абага көтөрүлгөн түтүн көөдөй асманга житипкөрүнбөй калып жатты. Жарыктын кубаты жеткен жердеги чөп-чар гана көрүнбөсө, андан ары эмне бар экени карайып билинбеди, капкара болуп жаткан бир туңгуюк сыяктанды. Чегирткече «чырт» этип атылып чыгып жаткан чоктун учкундарын карап олтуруу Бекежандын көңүлүн жибитти. Тилке-тилке болуп кесилген сан этти чегедектин үстүнө калап таштап койду. Анын чыжылдап сызгырылган үнүн тыңшап, каңылжаарды кытыгылап буруксуган жытын шилекейин жутуп искеди. Кулак-мурунду кескен өлүү тынчтыкты чегедектин чартылдап күйгөнү, булактын шылдырап аккан дабышы гана бузгансыды. Отту ойлуу тиктеп олтурган Бекежан колундагы көсөөнү бутунун башына таштап сөз баштады.

- Ушинтип тоо арасында от жагып олтурганды көптөн бери самап жүрдүм эле, бүгүн бир моокумдан кана турган болдум.

- Ал ар кимдин көңүлүнө келчү нерсе. Силер эмес айыл арасында жүргөндөрдүн деле ээндикке умтулганын байкап жүрөбүз. Колдон келсе адам баласынын жаратылышка жакын болгонуна жетеби. Бирок аны бүлдүрүп-кыйратпай сактап калганыбыз оң. Айрым адамдар жаратылыштан көбүрөөк алып, азыраак салым кошсок дешет. Ал тургай дегеле салым кошкусу келбегендер да бар.

- Андайлар четтен табылып атпайбы. Жаңы жылдын башында газетага жазып чыгышкан. Бирөө мынабу токойдогуну мындай турсун, шаардагы кол менен тигилген балатыны кыйып кетиптир.

- Же бир үй курганга жарабаса, аны эмне керекке жаратат?

- Жанагы жаңы жылдык ёлка деген неме бар эмеспи. Ошого карап жүрбөйбү.

- Адам баласынан акыл да, акылсыздык да чыгат деген ушул. Андан да жаман жосундууларды өз көзүбүз менен көрүп, кармап жазалап да жатабыз. Бирок дале болбойт. Менин оюмча маселени тээ тамырынан баштап иликтешибиз керек. Бизде экология деген илим бар. Ал илим окумуштуу чөйрөсүндө эчак белгилүү болсо да, кийинки бир-эки он жылдыктын аралыгында гана кадимки күчүнө кирди.

- Кечирип кой, Гафу. Сөзүңө аралжы? Билимиңдин төркүнү кандай?

- Билимимби? Билимим жогорку. Университеттин биология бөлүмүн бүткөм. Азыр жанагы айткан экологияга байланыштуу илимий эмгек жазып жүрөм.

- Ушул корукта жүрүппү?

- Эмне, ишенбей турасыңбы? Эмгегимдин негизи ушул коруктун өзүнөн алынган.

- Баса дейм да! Бая эле ошондон баштабайсыңбы.

- Эми андан аркысын угуп тур. Мынча болду жобурап кеп салып берейин. Жанагы мен айткан экологиянын негиздерин жер жүзүндө жашаган ар бир адамдын жүрөгүнө жеткирүү биздин парзыбыз. Ансыз жаратылышты ийгиликтүү коргоого болбойт. Себеп дегенде аны бардык эле адамдар биле беришпейт.

— Уялбай эле айтайын, жаратылышты коргоо керек экенин жалпы жонунан көбүбүз билебиз дечи, бирок экология дегенди мына мен деле билбейт экем. Адегенде ошонун өзүн шашпай түшүндүрчү?

- Эми муну толук түшүндүрүү үчүн узак убакыт керек. Жөнөкөй сөз менен кыскача айтканда мындай. Мисалы, балык менен сууну алалы. Таптаза өңдөнүп көрүнгөн суунун өзүндө көзгө көрүнбөгөн көптөгөн жандыктардан тышкары: балырлар, өсүмдүктөр, түркүн курттар, сайгак-чиркейдин уруктары жашайт. Майда жандыктар болбосо кийинкилери өнүкпөйт. Себеби, алар ошол көзгө көрүнбөгөн майда жандыктар менен тамактанып көбөйөт. Уруктан чыккан балыктын майдасы да мына ушуларды жеп чоңоёт. Чабак балыкты чоң балык жейт. Чоң балыкты акула, китке окшогон андан да чоң балыктар жеп жашайт. Ошентип жашоонун өзүнчө бир айлампасы пайда болот. Мына ушунун өзүн экологиялык өнүгүш деп атайбыз. Мен жөнөкөйлөштүрүп өз тилим менен түшүндүрүп атам. Болбосо анын так аныктамасы илимде башкачараак айтылат.

- Бул өзүнчө бир чынжыр сыяктуу туташкан, же дөңгөлөк сыяктуу өзүн өзү ээрчип чуркаган өнүгүш жолу экен го?

- И, ошол өңдүү көрүнүш. Эми ошол сен айткан чынжырдын бирөөнү үзүп таштасак калганына сөзсүз зыян келери бышык. Тактап айтканда, суудагы көзгө көрүнбөгөн майда жандыктарды жоготсок, балыктын кендири кесилет. Мына ушул сыяктуу жаратылышта өсүмдүктөр, жан-жаныбарлар, курт-кумурскалар, канаттуу куштар бири бири менен тыкыс байланышкан. Мынабу биздин алдыбызда жаткан токойду кыйсаң - суу менен кислород азаят. Чымчыктарды кырсаң - зыяндуу курттар көбөйөт. Түлкү менен үкү окшогондорду жоготсоң - чычкан жерге батпай чыгат. Чычкан көп жерде дандын түшүмү азая турганын өзүң билесиң. Ошондуктан ар кандай химикаттарды байкап колдонгонубуз жөндүү. Кыскасы, артык кылам деп тыртык кылдым дегендей болбосун.

- Ойлонто турган нерселер көп экен да.

- Жаратылышты коргоо маселеси жер шарында жашаган адамдардын баарына тиешелүү маселе. Ал жеке эле бир мамлекеттин эмес, бардык мамлекеттердин, элдердин ойлоно турган иши. Себеби, океандагы балыктардын орун которуп сүзүшү, канаттуу куштардын жер алмашып учушу, техникалык куралдардан чыгуучу уу газдар чек ара дегенди билбейт. Ал шамал айдаган жакка учуп кете берет. Анын болсо жандуу аттуунун баарына зыян келтире турганын түшүнөрсүң. Ушуга окшогон себептерден улам жердеги жан-жаныбарлар азайып баратат. Алардын кээ бир түрлөрү түбү менен тукум курут болуп кетти. Адам мына ушул жөнүндө ойлонушу зарыл. Ак Бугунун артынан эмнеге келатат дейсиң. Ошонун тукуму үзүлбөсө экен деген аракет. Болбосо элчилеп жылуу төшөктө жатпайт белем, бутту сунуп таштап.

Гафу чокко түшүп кеткен этти байкап, Бекежанды колтукка түрттү.

- Этиң чокко түшүп кетти. Күйүп кала элегинде бери тарт?

- Ак чөп башта! Сөзгө эсим ооп калганын кара.

Көсөөнүн учу менен алдындагы жалпак ташка этти алып чыгып күлүн күбүдү. Гафу оттун чогун иргеп үстүнө беш-алты чегедек таштады. От салаалап барып, кайрадан чатырап күйө баштады. Бекежан бышкан этти таштын үстүнө туруп ортого жылдырды. Алды менен коньяктан бир сыйра ичишти. Күйүк даамданып бышкан этти ичимдиктин артынан пыязга аралаштырып жеп олтуруу ыракат эле. Бекежан оозу-башын карала-торала кылып майлап, ысык этти жыргап олтуруп жеди. Ушул калыбынан жазбай таң аткычакты олтура берүүгө деле даяр болчу. Бирок эттин аягы бүтүп, кезек тамекиге өткөндө жанагы сөздүн аягын уккусу келди. Суроо берип коюп магдырап угуп олтурууну каалады. Көңүлүнүн тереңинде анын билиминин бекемдигине суктанды. «Атаганат, мындай кишилер көбүрөк болсо кана» деди ичинен. Тамекиден кере-кере сорду. Гафунун чылым чекпегени да жакты. Эсине бир такилип кирди.

- Э, Гафу, бу мергенчиликти биротоло токтотуп койсо эмне болот? Браконьер чыкты деп кубалап жүргүчө токтотуп койгон оңой эмеспи? Мына, мен мергенчиликке чыкпай-этпей эле өз оокатымды жасап жүрөм. Же, ал ошончолук эле таштай албай турган кумарбы?

- Мергенчиликти кесе токтотуп коюу менен маселени толук чечүүгө болбойт. Ал убактылуу көрүлгөн чара го. Адегенде кандай жол менен болсо да жаратылыштын байлыгын көбөйтүү керек. Анан аны акылдуулук менен адам баласынын кызыкчылыгына пайдаланса болот. Мисалы, бугу-маралды, аркар-кулжаны, эчки-текени, жана башка калган кайберендерди жайыттын жетишинче көбөйтүп, андан ашкандарын азык-түлүккө керектесе жаман болобу? Оюма түшүнүп жатасыңбы?

- Түшүнгөнсүп турам. Бирок азыркы абалга караганда иш чатак ко?

- Чатак дегениң бир жагынан туура, бир жагынан туура эмес. Ырас, биз азыр кайберендин кээ бир түрлөрүн көбөйтмөк тургай жок кылып жибердик. Кээ бир түрлөрү бириндеп-сериндеп калды десек да болот. Аны өзүң билесиң.

- Билип атам, айта бер.

- Анткен менен биз убагында айрым чараларды ишке ашырып калдык. Алыска барбай жаратылыш байлыгын коргоо жөнүндөгү закондорду, атайын коруктардын уюшулушун алсак жетиштүү. Сайгактын маселеси чечилди. Куландын саны көбөйүп келатат. Бирок баары өз ордунда деп чечинип олтуруп калууга али эрте. Биздин мына бул эле тоолорубуздагы бугу-марал, аркар-кулжа, эчки-теке, элик-телки окшогон кайберендер азайып кетти. Айрыкча бугу-марал дегенибиз тыйпыл болучудай.

Гафу сөзүнүн ушул жерине келгенде улутунуп алды. Ак Бугуну дагы эстеди. Өчүп бараткан отко чегедек таштады. Жалындап тутанган оттун ичинен качып бараткан Ак Бугунун элесин көрүп тургансыды. Бекежан муну байкаган жок. Гафунун азыркы айткандарынан улам өзүнчө ой жүгүрттү. Мурда ушул айтылгандарга мынчалык маани бербегенин ойлоп таң калды. Эми Гафунун андан аркы ойлорун уккусу келип суроо жөнөттү.

- Экология дегениң кызык илим экен го?

- Муну азыр жөнөкөй эле илим эмес, кылымдын маселеси десек туура болот. Мен азыр анын сыртынан гана түшүнүк бердим. Болбосо экологиянын аймагы өтө кенен. Ал жер шарынын, анда жашаган адамдардын бардыгынын тагдырын ичине камтыйт. Өзүңө белгилүү, азыр адам баласы кургак жерлерди толук өздөштүрүп, космос менен океанга чабуул жасады. Азыр аба ырайын жасалма жол менен өзгөртүүгө адамдын кудурети жетип турган кез.

— Анын үстүнө адамдардын саны жылдан жылга өсүп атпайбы.

– Сөзүңдө калет жок. ООНдун маалыматы боюнча жер жүзүндөгү адамдардын жалпы саны азыр ушул тапта төрт миллиарддан ашып барат. Ошолордун көбү Азияда жашайт. Ал эми жакынкы элүү жылдын ичинде алар алты миллиард адамга жетмек. Келечекти быякка коё туруп, азыр ушу таптын өзүндө айлана чөйрөнүн булганышы бир кыйла чекке жетти. Ишканалардан чыккан ар түркүн уу газдар аба чөйрөсү мындай турсун, океандын алыскы булуң-бурчтарына жеткени белгилүү. Мисалы, зыяндуу курт-кумурскаларды өлтүргөнгө керектелип жүргөн ДДТ дарысы Антарктидадагы пингвиндердин денесинен табылган.

– Кудай урбадыбы! Ал тээ миңдеген километр алыстагы жаныбардын денесинен кайдан жүрүп табылат? Же кургак жер менен байланышы болбосо?

– Кептин баары ошондо жатпайбы. Жана мен айттым эле го, экологиялык байланыш жөнүндө. Кайталап айтканда уу заттар сууга түшөт. Андан балыкка кирет. Балыкты пингвин жейт. Мына ошентип бири бирине өтө берет.

– Түшүнүктүү! Бүгүн бир академияны бүткөндөй болдум окшойт.

– Билгенден билбегеним көп деген ушул. Убагында буларды мен да билген эмесмин. Эми андан аркысын ук. Мынча болду дагынкысын дагы жобурап берейин. Коньягың күчтүү экен, сүйлөбөгөндү сүйлөттү көрүнөт. Жадаткан жокмунбу?

– Эмненин жадаганы! Айта бер, кулагым сенде.

– Азыр жер шарынын негизги казып алынуучу байлыктары түгөнүп баратат. Ал канчалык ылдамдык менен түгөнсө, ошончолук ылдамдык менен аларды өндүрүүчү куралдар өсүүдө. Эгер бул өнүгүш илимий негиз менен жөнгө салынбаса аркы кылымдын биринчи жарымында адамзат дүйнөлүк кризиске учурашы мүмкүн. Экологиялык тең салмакты таразанын тескери тарабына оодарып жиберүү деген сөз, кайра тартууга болбой калды деген сөз. Себеби, азыркы техникалык прогресстин арымы белгилүү бир ылдамдыкта бараткан машина сыяктуу. Айталык, саатына жүз километр менен бараткан машинаны аскага жыйырма метр калганда токтотсоң аман каласың. Эгер андан өтүп кетип, мисалы беш-он метр калганда токтотсоң сөзсүз кыйроого учурайсың. Анткени, физиканын законун бузуп өтүүгө мүмкүн эмес. Жыйырма метрден кем жерден тормоз берген машинаны эч ким, эч нерсе токтото албайт. Ошондуктан бардык өнүгүүнү алдын алып жөнгө салуу керек.

— Эми аны кандайча аткарабыз. Жаратылышты коргойм деп курал-шаймандарды азайтып коюуга болбойт да? Анда биз керектүү буюм-кече, тамак-аштарды кайдан алабыз?

– Кеп аларды басаңдатып коюу жөнүндө эмес, аларды жаңы сапатка көтөрүү, экологияны эсепке алып илимий негизде өнүктүрүү жөнүндө баратат. Айталык, улуу дайраларга курулган электростанциялар бизге албетте керек. Бирок ошол электростанцияларды курган кезде балыктын суу өрдөп урук чачышын, дегеле суунун арам заттардан таза болушун унутпоого тийишпиз. Бардык ишканаларды пайдаланылган сууну кайрадан тазалай турган жайлар менен камсыз кылуу керек. Жер кыртышын жөнү жок бузбай бапестеп сактап калганыбыз жөндүү болот.

– Менин оюмча батыштагы өнүккөн өлкөлөргө караганда биздин ал-абалыбыз бир кыйла дурус го, кандай дейсиң?

– Мунуңда талаш жок. Биз андан да дурус болсок экен деген тилектебиз. Биринчиден, биздин экономика пландуу түрдө өнүгөт. Экинчиден, бизде жер байлыгы мамлекеттин карамагында. Демек, жаратылыштын байлыктары мамлекеттин деңгээлинде, акыл-эстүүлүк менен өздөштүрүлөт. «Бардыгы адам үчүн, бардыгы адамдын жыргалчылыгы үчүн!» деген партиябыздын ураанын биз жакшы түшүнөбүз. Мисалы, мен партиябыздын ошол саясатын туура түшүнбөсөм ал мени өз катарына алмак эмес. Кеп азыр эмнеде? Кеп азыр партиялык көрсөтмөлөрдү чыгармачылык менен иш жүзүнө ашырууда. Биздин мамлекетте жаратылышты коргоо өз жайында деп дөөгүрсүп жата берүүгө болобу? Техникалык өнүгүш бардык өлкөлөрдө негизинен бирдей илимий ачылыштарда жүрөт. Айырмасы, аларда жер байлыгы жырткычтык менен таланып алынса, бизде пландуу түрдө өндүрүлүп алынат. Менин айтайын дегеним, экологиянын түпкү маңызын ар бир советтик адамга жеткире терең түшүндүрүү. Жаратылышты коргоо керек деп үстүртөн үгүт-насыят жүргүзүү жетишсиздик кылат. Адам анын тереңдеги маанисин түшүнмөйүнчө браконьерлик да, алдым-жуттумдук да оңойлук менен жоголо койбойт. Эгерде адам баласы укум-тукумум бактылуу жашасын десе эмитеден кескин бурулуш жасоого тийиш. Биздин күндөрдө эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө деген түшүнүк менен жашоого болбойт. Эзелтен бери келаткан алдым-жуттумдуктун апийимге окшогон илдетин рак оорусундай кесип таштоо керек. Ошондо гана келечекке тайманбай карап, эки колуңду көкүрөгүңө бекем кысып: «Эй, урпактар! Мен туура жашадым!» деп айтууга акылуусуң. Болбосо жашап эмне, кара курсактын кадырына кайыр сурасаң да жетесиң.

Гафу өзүнүн күтүлбөгөн жерден чечен болуп кеткенине бир чети таң калса, бир чети таң калган да жок. Ушул айтылган ойлор аны нечен жылдардан бери аруулап жүргөн. Окуп билген нерселерин түшүнгөн кишиге чечилип толук айтып берүүгө убакыт чактысы, ылайыктуу учуру да болгон эмес. Анын үстүнө бурулуп жаткан ойлордун оозун тырмап ачып сыртка чыгаруучу азыркыдай себеп да табылбады. Ак Бугунун дайынсыз жоголушу, Бекежандын тоо арасынан кокустан кезигиши, бук болуп турганда ичилген анча-мынча коньяк Гафунун көңүлүн агытты. Ичтеги сырын сыртка чыгарып алганга бир эсе жеңилдей да түшкөнсүдү.

Бекежан билгенинен биле элеги көп экенин өзүнчө териштирип олтурду. Гафунун билиминин тереңдигине чындап суктанды. «Эгер азыркы айтылгандарды мен билбесем калган-каткан эл эмне болду» деди купуя. Ушул тоо арасында жүргөн москоол жигиттин илимий сөздөрдү аралаштырып сүйлөгөн турпаты, тилинин кээде шаардыктарга окшоп кетиши, ой-санаасынын алыска чабытташы, элет жеринин бир кыйла өзгөрүүгө дуушар болгонун баяндап турду. Бекежан анын ойлорунун уюткусун колдогону менен тилинин жасалма сөздөргө чалынып-мүдүрүлө баштаганын анчейин жактыра бербеди. Эчак чогу өчүп бараткан оттун бүлбүл жарыгынан чегедектин карарган учтарын тиктеп ойлонуп калды. Эртеңки күндүн камын ойлой баштаган Гафу тизелеп ордунан козголду.

– Эми эс алалы, Бекежан. Ак Бугуну таң заардан карабасак, таппайбыз. Бугу баласы таң атпай оттоого чыгат. Аны билесиңби?

– Анча-мынча укканым бар. Чокту шамал учуруп кетпес бекен?

– Учурса учурат. Сактыкта кордук жок. Суу чачып коёлу.

Чокту өчүрүп болгондон кийин чатырдын ичине ээр-токумдан катарлаш төшөк салышты. Көрпөчөсүн үстүнө жамынышып, көзгө сайса көрүнгүс түндө асман тарапты карап уйку күтүштү. Бейкут тынчтыктын арасынан булактын тынымсыз шылдыраган агымына аралаш анда-санда аттардын бышкырып коюп күрт-күрт чөп чайнаганы угулуп турду. Теребелден болор-болбос шуулдаган дабыш чыккансып жатты. Андан башка эч нерсе угулбады. Карагайлуу токойдун демине аралаш күзгү чөптөрдүн нымга чыланган жыты буруксуду. Мына ушулардын баары чарчаган денени терметип барып, меймандарын таттуу уйкунун кучагына имерип кетти.

Гафу биринчи болуп ойгонду. Көңүл-сезиминин тереңинде аны кандайдыр бир сакчы кайтарып жаткансыган. Ошол сакчы болжогон убагында укуп тургузгансыды. Бул адат ага корукка келгенден көнүмүшкө айланган. Бекежанды аяп тургузгусу келбеди. Шаардан келген неме шашпай уйкусун кандырсын деди. Шыбыш билгизбей чатырдан чыкты. Чыгышты карады. Бүлбүлдөп жаңыдан агара баштаган жарыктын шооласын байкады. Аттар бир кыйла жогорулап кеткен экен. Жүгөндөрдү каруусуна илген бойдон булакка бетин чайыды. Басып баратып бетин аарчынды. Туз сээп койгонсуган шыргалаң күзгү кыроону өтүгүнүн таманы сыдыра күбүп баратты. Жакшы эле суук өңдөндү. Колун чөнтөгүнө катып, элеңдей караган аттардын алдын тосту. Чөпкө чандайып тойгон аттар өкүрөңдөп барып араң карматты. «Жылкы баласы деген ушул, бир түн коё бергең бышкырып тааныбай калат».

Аттарды жетелеп келатып жуунуп жаткан Бекежанды байкады. Жүз аарчысы менен көзүнүн кычыгын сүртүп жанына жакындады.

— Кандай, үшүгөн жоксуңбу? — деди көзү-башын тостойткон Бекежанды карап,— тоонун уйкусу кыска болот.

Уйкум канып калыптыр. Үйдө болгондо турмак кайда. Кичине чыйрыкканым болбосо...

– Ал абанын тазалыгынан. Күзгү чыкыроон деген ошол. Таң атып кете электе аркы кырга чыгып Ак Бугуну иликтейли. Күндүн чыкканын ошо жерден көрөсүң.

– Мейли. Сен аттарды току. Мен чатырды жыйнап жиберейин.

Алар аттанып чыкканда таң кадыресе агара баштаган. Кырга жакындаганда жылдыздар көзүн жымырды. Гафу дүрбүсүн көзүнө кармады. Ак Бугунун карааны урунбады. Жерге жарык киргенде гана маңдайдагы калың карагайдан маралын ээрчиткен бугу көрүндү. Бири оттогондо экинчиси эки жакты карап, алда-немеден шек санагандай элеңдеп турушат. Гафу дүрбүсүн Бекежанга карматты.

– Тээтиги, маңдайдагы калың карагайдын бержагын карачы? Маралын ээрчиткен бугу жүрөт.

– Кана?!.— Бекежан дүрбүнү көзүнө алды. Кара-күрөң тарткан бугу менен маралдын чөп чайнап турганын байкады.— Жанагы издеп келаткан Ак Бугуң эмес ко?

– Аны карышкырлар мындан ары кубалап кеткен окшобойбу. Булар да коруктан ооп келген бугулар. Кайра келатканда кошо айдап кетебиз.

– Сүрөткө тартып алат элем, алыс болуп турат.

– Ак Бугуну тарт. Мунун мүйүзү жети-сегиз айрыга жетпейт. Ак Бугунуку он эки айры. Андан да мүчөсүнүн сулуулугун айтпайсыңбы. Чынын айтайын, аны көргөн да, көрбөгөн да арманда!

– Койчу?! Андан көрө аман болсо десең.

– Ак Бугу мындай карышкырлардын далайын көргөн. Ачтан кутурган эле неме болбосо, бирин-экөөнө оңойлук менен алдыра койбойт.

– Экөө болсо кыйын болобу дейм? Канча кылган менен жырткыч да.

– Ким билет, айтор. Эртелеп жамандык ойлобойлучу. Куда кааласа табабызбы деп турам.

– Ылайым эле ошондой болсо экен. Өзөк жалгап алалыбы?

– Мейли. Мынабу жерге кел, карап олтурганыңа жакшы. Азыр күн чыгат. Башканы коё туруп ошону тарт. Мындай ачык күндү экинчи таппайсың. Күндүн чыгышын караганды бала күнүмдөн жакшы көрөм. Күндүн чыгышы, болгондо да тоодон чыгышы өзүнчө бир керемет ко.

Алар тамактанып болуп секиге чыгышты. Бекежан фотоаппаратын дайындады. Мына! Кырдын жогорку мизи оттук тийгендей чагыла түшкөнсүдү. Тоонун кырбуусун бирөө ширетип жаткандай чачыраган оттуу нур өрөөнгө аба жарып төгүлүп түштү. Күндүн нуруна адеп чайынган кыр-кырлар кызара бөртүп күлүп жибергенсиди. Чарадай алтын табак тоодон суурулуп чыгып обого илинди. Заматта ортосунда тоо арасына өмүр-жашоонун жылуу демин үйлөп кеткенсиди. Чымчыктар чырылдап сайрап, тоо, токойдогу жан-жаныбарлардын баары кыймыл-аракетке келди. Бекежан беш-алты жолу тартканга үлгүрдү. Күндүн өзүн тарткан жок. Анын жерге төгүлгөн жандуу кубулуштарын тартты. Күндүн өзүн тартууга фотоаппаратынын кудурети да жетмек эмес.

Алар аттанып чыкканда күн көтөрүлүп калган. Кыя жолго салып, Киши-Түргөндүн башындагы Үш-Булакка бастырышты. Гафунун эмки үмүтү ошол Үш-Булактын алдындагы карагайда. Ак Бугу бир болсо ошол токойго токтоду. Болбосо андан аркы жол татаал, карагай да алыс. Иши кылып андан ары башка өрөөн, башка токойлор башталат.

Эртең мененки жол жүргөнгө не жетсин. Күн ачык, көңүл ток, уйкуң канган. Айланаңда кереметтүү токой, тунук аба, сырдуу кокту-колот. Төмөн — жакага салыштырып, өзүңдү асманда жүргөн куштай сезесиң. Бул бийиктиктин касиети. Мына ушундай сезим Бекежанды бийледи. Гафу болсо табияттын сулуулугуна кубанып кубанбай да келатты. Ак Бугунун тагдыры эсинен кууса да кетпеди. Бекежан шаар түйшүгүнөн чыгып, шул тоолордун арасында бейкапар баратканына мас болчу. Көптөн бери атка минип ээн-эркин бастырсам деген тилегинин орундалганына эле корстон. Жанында Гафу келатканда бардык кырсык-курсуктардан тышкары боло турганын туят. Абадан каалашынча жутуп, нык жаткан тоолордун коюн-кончуна көз кангычакты карайт. Узун коктуга түшүп, кайра бир кырга чыкканын алаксып баратып билбей да калды. Кырга чыгышканда төмөн, тик кеткен сыйдаң сайдын таманы ачылды. Ошол тик кеткен сайдын таманында жогортон түшүп келаткан жалгыз атчандын карааны аларга кибиреген эле кумурскадай көрүндү.

– Мынабу кишини тосуп чыгалычы. Ак Бугуну көрсө ушул көрдү. Малчынын көзү баамчыл келет. Болбосо төмөнкү токойдун тушундагы МТФга барып кайтабыз.— Гафу кетенчиктеген атын теминди.

– Бу киши ашуудан келаткан неме го?

– Кеп ошондо. Ак Бугу ашуудан ары түшүп кетпесе болгону. Иши кылып не бар, не жок сурамжылап калалы. Чү! Кантет!

Өзү тарапка түшүп келаткан эки атчанды көргөн алиги жолоочу кечүүнүн тушуна келгенде токтоп күттү. Шырыган чапанынын белин бекем курчанып алган. Башында түлкү тумак. Сакал-мурутуна ак кирип, кебетеси багжайып олбурлуу. Жакындап калганда Гафу озунуп салам берди.

– Салоом алейкум, аксакал?

– Алейкума салам. Кайсы балдарсыңар?

– Корукту кайтарган балдарбыз. Тааныбайсыз го? Бир кеп сурайлы деп кайрылып калдык. Челектен келатасызбы?

– Ооба, Жеңишкеден чыктым. Мынабу мытыпыда бир жумушум бар эле. Ошого эртелеп жетсемби деп...

– Биздин сурай турганыбыз бул. Силер тарапка быяктан бугу түшкөнүн көрө алган жоксузбу?

– Мен өзүм көргөнүм жок. Кой жайып жүргөн балдар бир ак бугу көрдүк деди го. Бу тараптан түштүбү же Жаңырык тараптан келдиби, айтор анысын биле албадым. Иши кылып Челектин суусун кечип, Мажынын кыштоосуна өтүп кетти дешти. Алыстан көргөн экен, жанында бир-эки ит кубалап жүрөт деп да айтышат. Дагы бир ит сууга агып кете жаздады деп да кобурашат, ким билет? Кичине балдардын сөзүнө ишенип да болбойт. Ак Бугу дешкенинен бир чети ишенгеним жок. «Бу, ак бугу же ак теке болсо кайберендин ээси, тийбегиле, каарына каласыңар» дедим. Биздин балдардан кайберен аткан бейбаштар чыга койбойт.

Гафу Ак Бугунун тирүү экенин укканда чекеси жазыла түштү. Бирок аксакал адамдын көп сүйлөп, өз балдарын «мылтык атпайт» деп коргой кеткенин жактырбады.

– Жарыктык, силердин балдар кайдан мылтык атсын! Былтыр үч текени уруксатсыз атып алганы үчүн Карыпбай деген немеңер акча төлөгөнүн билбейсизби?

– Уккам, балам. Ал өз жазасын тартпадыбы. Быйыл анын ордуна башка киши келген. Мен өз балдарымды айтып атам, балам. Чыны менен менин балдарым тоо кийик атпайт. Балалык кылып эле азгырылып кетпесе.

– Атса атпаса да жолукканыңызга ыракмат, жакшы кабар айттыңыз. Кайра тартканда кошуна-ашыналарыңызга айта барыңыз. Ок чыгарганын уксам таарынбасын. Көрдүңүзбү, Алма-Атадан атайын киши келип, тартип бузгандарды сүрөткө тартып жүрөт. Газетке чыгарам деп келатат.

– Айтайын, балам, айтайын,— сынагансып Бекежанды карады,— мылтык деген бир балакет чыкпадыбы. Илгери үйүр-үйүр болуп жүздөн, эки жүздөн жайылган тоо текелерди көрчү элек. Азыр тоо теке турмак эликтин караанын көргөнгө зар болуп калдык... Анда мен бастырайын, балам, жолуман калбай. Атымдын бели талып кетти окшойт.

– Жакшы барыңыз. Баса, эки ач карышкыр жүрөт, ошондон сак болгула. Коюңарды кырдырып албагыла.

– Көптөн бери карышкыр аттуудан тынчып калдык эле, кайра келген экен го. Макул, балам, кайра тартканда айтып барайым. Өзүң Челекке түшөсүңбү?

– Ооба. Силер жакка кайрылганга убактым тар. Жанагы Ак Бугуну илектеп келатам.

– Кудай жалгагыр, бирөө жолукса мен кайткыча өзүң айтып коё көр. Энөө балдар малын кырдырып албасын.

– Макул, жолукса айтайын.

– Чү!

Абышка төмөн — түндүккө карай түшүп, Гафу менен Бекежан түштүккө — Челек өрөөнүнө кетүүчү Аманжол ашуусун өрдөй беришти. Ашууга бат эле чыгышты. Алардын көз алдына тескейдин бетин бербеген калың карагайлуу тилке коктулар урунду. Гафу жер шартын Бекежанга түшүндүрө баштады.

– Мынабу коктулардан Челектин чоң суусуна Кутургу, Өрүктү, Кара-Кыян, Кара-Сай, Түлкү-Сай, Сүттүү-Булак, Корумду, Кайракты деген жыйырмадан ашуун майда суулар агып түшөт. Челек суусунун өзү бу тараптагы, — батышка колун жаңсады.— Жаңырык, Талгар деген муздуктардан башталып, чыгышка карай, Илиге жетип кошулат. Жаңырыктын аркы бетинен Чоң-Кеминдин суусу башталып, батышка, кыргыздын Чүй суусуна агып түшөт. Бу бет маңдайындагы чыгыштан батышка кеткен узун тоо кыркасы Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы. Ушул кырды ашып түшсөң кечке жетпей Ысык-Көлгө кирип барасың.

— Жер эмес бекен!

Кол тийе элек наристе өрөөндүн кооздугуна Бекежан суктанды. Фотоаппаратын алып кырка тоолордун панорамасынан бир нече жолу тартты. Бекежан сүрөт тарткычакты Гафу маңдайдагы Кара-Кыянын өйүз-бүйүзүнө дүрбү салып чыкты. Күндүз бугу-маралдын карасынан чыкпасын билсе да, куут убагында маңыроо тарткан бугулардын бирди жарымы көрүнөбү деп үмүттөндү. Башынан ак калпак түшпөгөн Ак Чокунун алкымынан тарпка конуп учкан беш-алты жору-кузгунду байкады. Жүрөгү шуу этип барып токтоду. Дүрбүсүн көзүнө алып, чөпкө жүткүнгөн атынын башын тартты.

– Кеттик, Бекежан! — деди буйрук бергендей чечкиндүү,— Ак Чокунун алкымынан жору-кузгун көрүнгөнсүйт. Ошого эртерээк жетели. Көзгө шойкомдуу өңдөнөт. Куюшкан, басмайылың бекпи?

– Бек! Жездем бышык киши. Кайыштан өрдүргөнүн көрбөйсүңбү?

– Кана?

Бекежан бутун көтөрүп кайыштан өрүлгөн басмайылдын капталын көрсөттү. Бекежандын минген аты тың, ээр-токум сарамжалы бышык болчу.

– Мындай бышык, накта казактын ээр-токуму азыр жоголбодубу. Жездеңдин сактап жүргөнү жакшы жөрөлгө. Көрөсүң, кийин ат жабдыкты музейге койгонго таппай калабыз.

– Анда ээр-токумду жогото көрбө деп жездеме айтып коёюн. Кийинки муундардын сообуна калсын.— Бекежан тамашага чалгансыды.

– Тамаша-тамаша менен, бирок кези келгенде табылбаганы табылбаган.— Гафу Бекежандын сөзүн жеңил-желпи кабыл албады. Көңүлүнүн көтөрүлүп келатканына карай жоруду, анын сөзүн.— Көрөсүң, археологдордун сообуна каласың.

– Жер каздырып убара кылбай дейсиңби?

– Ээ, Бекежан, жер казган да оңой-олтоң иш эмес. Жер казып эли-жериңдин сырын ачкандан ардактуу иш барбы.

Бекежан жоруну көрүп Гафунун эмне ойлоп баратканын туйду. Бирок жорулардын учуп-конгонун Ак Бугуга байланыштырбады. «Ушул жүздөгөн километрге созулуп жаткан өрөөндүн койнунда башка жан-жаныбарлар азбы? Анын үстүнө токой турганда, тиги чокунун алдына кайдан барсын?» Өзүнчө ой жоруп баратып Челек суусунун боюна кантип жеткенин көп аңдоос албады. Суу бир кыйла терең болчу. Анысынан да агымынын ылдамдыгы чочутту. Гафу кечүү издеп жогору карай бастырды.

– Тайызыраак жеринен кечели,— деди ал атынын мойнунан сыйпап,— аттарды чарчатып алдык окшойт. Аркы өйүзгө чыкканга чалдырып алалычы.

– Бул суунун тейи жаман го, ыя? Ат-матыбыз менен агызып кетип жүрбөсүн? Казактын эки жигити сууга агып өлүптүр деген кепке калбасак болду.

– Кудай сактасын. Атыбыз тың. Азыр тайыздап калганда көрүп атпайсыңбы. Жайында көрсөң жаныңдан түңүлмөк экенсиң.

Гафу тумшукка жеткенде атынын башын тартты. Суунун жайыла түшүп аккан жеринен кечмекке ниеттенди. Башка жерге караганда бул жердин ташы да азыраак көрүндү. Агымдын арымын көз өлчөөгө салып, жанына куйрук улаш токтогон Бекежанга колун жаңсады.

– Ушу жерден кечели. Жогору кете берсек убакытты уттуруп коёбуз. Мындан ары дагы далай жер бар. Жакын көрүнгөнү менен караган-черди аралап чыгыш тозоктун оту.

– Мейли, өзүң бил. Фотоаппаратты суу кылып албагай элем.

– Ай, агыза койбос. Не бар, не жок, чылбырыңды мага карматчы. Кошоктошуп алсак таканчык болот. Кокус суу жаба берсе бутуңду көтөрүп ал.

– Бутумду көтөрөм деп аттан оон түшүп калбайын.

– Казактын баласысыңбы, же... – Гафу тамашага чалып күлдү. Бекежандын сунган чылбырын сол колуна орой кармап атын теминди. Ат бут коёр жерин аярлап тандап, чамынып агып жаткан суунун орто ченине жетти. Суунун агымы аттардын курсагын жаба берди. Жыгылып кетпес үчүн агымдын келаткан жагына карай бурулуп капталдап басты. Чылбырдын кериле түшкөнүнөн улам Бекежандын токтоп калганын байкады. Артына кароонун ыгын таба албай Бекежанга «Темин!» деп кыйкырды. Бекежан жаба берген суудан ичиркене баштаса да бутун көтөргөнгө чамасы келбеди. Көтөрсө эле аттан алыс кетүүчүдөй айбыкты. Темингенге да жарабады. Ат өзү оңтойун тандады. Чайпалып барып Гафунун атынын жамбашына тумшугун такады. Аттардын куйругу суунун агымына жылбыша таралып, жыйылган кара кылдар агынга балырдай ийрелеңдеди. Бышкырган аттардын үнүнө аралаш суунун тынымсыз шаркырап-күркүрөп акканы гана угулуп турду. Гафунун аты тереңден тайызга чыга түшкөндө бышкырып эрдемсиди. Тырыша калып жээкке умтулду. Тайызга жакындаганда Гафу жээкке чыга качканы калган атын токтотту. Дагы чоюла түшкөн чылбырды жулкту. «Темин!» деди артына бурулуп. Күчүнүн жетишинче чылбырды өзүнө дагы тартты. Бекежандын аты оозун жырчудай өтүп бараткан ооздукка чыдабады. Ийрелеңдеп барып жээкке чыга качты. Гафуну ат-маты менен көмөлөтүп коюп кете жаздады. Чылбырды коё жиберген Гафу теминип Бекежандын артынан чыкты. Калчылдай түшкөн аттар ооздугун кемирип, шорголоп агып жаткан сууну сарыктыра дене-боюн жазды. Булар да суудан аман-эсен кечип чыкканына кубана түшкөнсүп тегеренип турушту. Бекежан атынан түшө калып оң өтүгүн чечип жиберди. Кончуна кире түшкөн сууну сарыктырып жатып Гафуга кара күч жылмайды.

– Иттики, суу кирип кетпедиби?!

— Бутуңду көтөрүп ал дебедим беле! — деди Гафу тигинин чылгоочон кебетесине ичинен күлүп.

– Балээниби! Көтөргөнгө үлгүрдү дейсиңби!

– Өтүгүңдү коё туруп, чылгооңду сык?

– Азыр.

Гафу аттарды байланыштырды. Бекежан чылгоосун сыккычакты куржунунан кичирээк чүпүрөк сууруп чыкты.

– Ме, мынабуну бутуңа оро! Өтүгүң сарыктыбы?

- Жок, жакшы сарыкпай атат.

- Анда эски чылгооң менен аарчып жибер. Биртике чыдасаң, анан от жагып кургатып алабыз.

Бекежан өтүгүнүн башына эски чылгоосун салып аарчыды.

- Алынча кургады окшойт. Өтүктүкү го жеңил. Фотоаппаратымдын суу болбогонуна шүгүрчүлүк. Мага токоч таап берип жүргөн ушул.

- Канча кылган менен болобу, аттардын тыңдыгынан аман калдык окшойт. Шашкандын иши шайтан деген ушул. Тыякка эрте жетели деп жатып сени сууга агызып ала жаздадым.

- Эчтеке эмес. Иши кылып аман чыктыкпы? Чыктык! Кеп ошондо.

- Анан келатканда жогортон кечебиз.

- Бу шаардан келген неме кантээр экен деп сынадың го, ыя?

- Сынап эмне кылайын. Эрте жетели дебедимби.

Бекежан ичинде арданды. Атына шап минип, мындан ары тыңыраак жүрүүнү ойлоду. Канткен менен Талгардан чыкканы атка көнө баштаган. Жаратылыштын сабагы ата-бабасынан калган көмүскө чабандестигин кайра козгоду.

Гафу кокту өрдөп черге өткөндө накта тозок эми башталды. Качандыр бир жылдары жылкы таптаган жалгыз аяк жол эчак жоголгон. Каршы-терши жыгылган карагайлар айрыкча машакат туудурчу. Кээде типтик кыяга чыгып, аттарды жетелеп өтүүгө туура келди. Бир маалда тегерегин карагай курчаган түзөңдүү ачыкка чыгышты. Жүдөп араң келаткан Бекежан унчукту.

- Тамактанып албайлыбы?

- Курсагың ачтыбы?

- Чынын айтканда курсагым да ачты, чарчай да баштадым.

- Карагайдын башына жетип токтосок болот эле, мейли эми. Атыңдын ооздугун чыгар. Чөп чалып алсын.

Аттарды тушап, эски таш короонун тушуна олтурушту. Жаны кейиген Бекежан коньягын алып чыкты.

- Кудайдын торпогун уурдасак да бирден ичеличи.

- Бутуңа суу өткөн жокпу?

- Ага кайгырба. Мынабу ичке барса, жети кыш бир келсе да тоотпойм.

Бирден ичип тамактана башташты.

- Суукка урунуп калба. Биз болсо го көнгөнбүз,— деди Гафу нандан сугунуп.

- Калп айткан менен болобу, минтип жүрсөңөр силердин ишиңер оңой эмес экен.

- Дайыма кайдан, бирок браконьердин айла-амалын таппай артынан түшкөндө мындан да жаман азап тартасың. Ал бизден да өжөр, чыдамдуу, дилгир мергенчи келет. Асынган мылтыгын көрсөң жаныңдан түңүлөсүң. «Барс» деген оптикалык приборду таап алган кайдан келип, кайсы жагыңдан өтүп кеткенин билбей каласың. Өзүң деле байкап келаткандырсың. Мына бу ээн жаткан жерлерди кайтарып алууга болобу. Ондогон коктунун кайсынысына жетип үлгүрөсүң.

- Даа, ишиңер чатак. Браконьердин уят-сыйытына топук бербесе, мынабу, чытырман токойдон кимди ким табат?

- Ошону үчүн кеңири үгүт-насыят ишин жүргүзүү керек деп атпайымбы. Бая мен айткандай үстүртөн эмес, тереңдетип түшүндүргөнүбүз жөндүү.

- Өзүң бирдеме жазбайсыңбы? Экологияны болсо жакшы билет экенсиң.

- Биздин жазганды ким окуйт. Калың эл окуй турган көркөм чыгарма керек. Окумуштуулардын эмгегин адистер пайдаланбаса, калың эл ага көп көңүл бурабы. Азыркы шартта окумуштууларды эмес, карапайым адамдарды кепке тартканыбыз ылайык.

- Даа, мунуң туура.

Өзү жазбагандан кийин Бекежан эмне деп айтаарын билбеди. «Даа» деп олтура бербей сөздү башкага бургусу келди. Жер менен жер болуп урай баштаган эски таш короого көзү түштү.

- Э, Гафу, мынабу таш короо илгеркиби, же кийинкиби?

- Мажы дегендин кыштоосу ушул. Илгери, колхоз уюшулганга чейин, ушу жерде жалгыз кыштоочу экен, жарыктык. Өзүм көргөнүм жок, элдин айтымына караганда баатыр чалыш адам болгон дешет. Болбосо ушул ээн жерде ким жашайт. Байлык күтпөгөнү менен баатырлык адатын таштабай, жылкы тийип элден обочо  жашаптыр. Эл үрксө Элемандын иши кошо үркөт болуп, жалпы журт колхоздошо баштаганда Ысык-Көлгө карай түшө качат. Караңгы, карып калган киши колхозду түшүнгөн эмес да. Кийин ал жерде да эч кимге кошулбай өмүрүнүн акырына чейин эки тоонун ортосунда, Орто-Өрүктү деген айылдын тушунда көчүп жүрүп каза болгон.

- Дүйнөдө тагдыры кызык адамдар бир кыйла чыкпадыбы.— Башын көтөрүп, төрт тарабынан курчаган калың карагайды көрсөттү.— Карачы, эмне деген укмуш жерлер, адамдын изи баспаган булуң-бурчтарды табам деген киши ушул жерлерге келе турган. Кыдырып чыкмак тургай карап түгөтө албайсың. Корукту Талгардын башына эмес ушул жерге уюштурса дурус болчудай экен.

- Айтканыңдын төркүнү туура. Бир гана кемчилиги шаардан өтө алыс. Ким келип иштейт бу жерге? Мага окшогон киши го, келет. А калганычы? Беш кол тең эмес. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет деген кеп бар. Болбосо корукка мындан артык жер табылабы. Төрт тарабы тоо. Таманы ыңкыган карагай. Андан ары чыксаң ээн-эркин аска таш. Эчки, теке, аркар-кулжалар мындан артык жерди кайдан табат. Элик, каман, аюу, илбирс, киш, тыйын чычкан, суусар, каракур, улар, кекилик, койчу андан аркыларын айтпай эле коёюн. Бул жерди эмнелер гана мекендебейт.

- Киши келбеген ээн жер экен, жакшы кайтарса жанагы айткандарың беш-он жылдын ичинде батпай кетчүдөй.

- Көбөйгөнүн көбөйөт дечи, бирок киши келбейт дегениңен жаңыласың. Бу жерге келчүлөр көп болду азыр. Бир жагынан лесхоз, экинчи жагынан малчы, үчүнчү жагынан туристтер. Айрыкча өз алдынча келген туристтердики кыйын. Аралай чаап от жагып олтурса кайсы кийик токтойт. Сынамакка туристтик картаны карап көрчү. Ысык-Көл менен Алма-Атанын аралыгына эле өтө турган он чакты маршрут бар. Менин билгенимче жалгыз гана мынабу Ак Чоку таза. Айла жок, чыгып барганга эч кимдин кудурети жетпейт. Альпинисттер эле келип багынтпаса. Ага чейин турганы турган. Менин оюма койсо түбөлүккө адам бутун бастырбай таза калтырат элем. Дүйнөдө жүрөктүн кирин жууй турган таза нерселер сакталып турбаса болбойт.

Аттар тоюнду окшогондо Гафу ордунан турду. Ак Бугу баягысындай эле көңүлүн тынчытпады. Алар эми чытырман черди аралап баратышты. Карагайдан карагайга өтүп, бир маалда сайдын таманындагы талдын арасына түшүштү. Арадан жарым саат өтпөдү. Бугунун сөөгүн кайтарган канчык карышкырды алыстан байкашты. Ал эки күчүгүн ээрчитип калың карагайга жаңы эле кирип бараткан. Бекежан жырткычтын кебетесинен кооптонду. Гафу атканга үлгүрбөдү. Бугу жыттана баштаса да, карышкырдан калган моюн-башы кадимкидей, он алты айры мүйүзү аркайып бийик, сүрдүү көрүнөт. Ушундай кооз жаныбардын тытмаланып мүлжүнгөн сөөгүн кейибей карап туруу мүмкүн эмес эле. Алыскы токойдогу сайдын таманында болгон кейиштүү окуя Бекежанды бир кыйла ойлонтуп таштады.

- Мунун болору болуптур. Эми жорулар конгон жерге баралы,— деди Гафу атына камчы салып.

- Жарыктыктын көзүнүн жайнаганы ай. Адам карап тура албайт.

Бекежан Гафунун артынан калбай бастырды. Талды аралап жүрүп олтурушуп каршы-терши жыгылган карагайларга такалышты. Бул жерден ат менен жүрүүгө болбой турганын түшүнгөн Гафу капталдап кадуулады. Колдун салаасындай шыгыраган шыргыйларды аралап отурушуп жондун алдындагы кыяга салышты. Кыя жол аларды калың карагайдан ачыкка алып чыгып алдыда жаткан аскага кептеди. Асканын алды менен экинчи коктунун башына жеткенде солго кайрылышты. Жол барган сайын бийиктеп өр тартты. Караган-бутактар түгөнүп таштуу борчуктар башталды. Койдун чубама жолуна салып анын башына чыгышты. Ашуунун берки түбүнө жакындай баштаганда чоң таштын далдаасынан эки-үч кузгундун уча качканы көрүндү. Гафу атына тыным бербеди. Кандайдыр бир коркунучту жакындан сезгендей мылтыгын октоду. Ташка жакындай бергенде анын колтугунда жаткан маралдын өлүгүн көрдү. Маралдын баш-шыйрагы, арка-мойну, анча-мынча жилик эттери гана калган экен. Ичеги-карды топурак-кумга аралашып туш келди чачылып жатат. Анын качан, кимден, эмнеден өлгөнүн билүүгө болбойт. Оор улутунган Гафу чыгып келаткан Бекежанды күттү. Жакындап калган Бекежан маралдын тарпын көрүп өңүн айласыз тырыштырды.

- Дагы бирөөнү өлтүрүп кеткен экен ээ?

- Өлтүрдүбү, аттыбы аны кайра келатканда изилдейли. Тээтиги чоң асканын алдындагы жору-кузгунду көрдүңбү? Эмки кеп ошондо!

- Көрөсүң, башканы билбейм. Ак Бугуң аман-эсен. Карышкырларга жанагы бугу менен мына бул марал деле жетишпейби. Менимче ал башка бирдеменин тарпы. Капырай, бугу-марал ушунча көп экен ээ? Болбосо бир эле жерден экөөнү бирдей кантип жесин?

- Бугу-марал көп деле эмес. Бул жерде бир сыр бар. Анан ушуларды сүрөтүңө тартып бер, макулбу? Керекке жаратабыз. Жүрү эми, кеттик. Күн ылдыйлап баратат.

- Капырай! Ушундай да жорук болот экен ээ! - Көргөн көзүнө ишенбеген Бекежандын үрөйү учту.

Өзүнөн-өзү сөгүнүп-кагынып баратты.

- Бул карышкырың анык акмак турбайбы!

- Карышкыр бугуга келгенде бирден ашыкка тийбейт. Ошондо да абдан ачыгып калганда кол салат. Мынабу биз көргөн окуяларга адамдын же башка бир нерсенин аралашып калганы барбы дейм. Бирок этин албай таштап кеткенинде шойком бар. Эмнеден коркту экен?

- Айтор, кимиси болсо да ач көздүк кылган. Бирөө деле жетпейт беле?!

- ...?

Гафу ашууга жакындаганда атынан түштү.

- Мындан ары жөө басалы. Атыңды менин канжыгама байла. Мен арчага байлайын.

- Чалынып жыгылбайбы?

- Жыгылбайт. Чарчаган немелер кайда качат дейсиң. Көрбөйсүңбү, ным эткен чөп жок. Эмнесине жулунуп чалынат.

- Байкеси, бул жер — аң, суук ко?

- Күрткөңдү кымтыланып ал. Ал чокудагы кардын какары.

- Быякка кадимкидей кыш түшүп калган турбайбы.

- Бийиктин иши бийик деген ошол, Бекежан.

Алар ашуунун алдына жакындаганда улуу асканын таманы ачылды. Келаткан эки караандан улам тарпка конгон жору-кузгундар салпактап уча качышты. Бирөө тырышып тарамышты коё жибербей табылгасын беркилерден кызгангансып желкесин үксүйттү. Жаңыдан кезеги жеткенде каргаша болгон адамдарга олоё карады. Дагы бир-эки ирет сулп эттен аткып сугунду. Анан аргасы түгөнгөндө денесин учканы жыйырды. Чычырканактын тамырына окшогон мокок текөөрүн тарптын жамбашына таканчыктап барып канатын жайды. Жерге жөлөнүп-таянып жатып араң дегенде обого көтөрүлдү.

Гафу түштүк чыгыш тараптагы бийик Ак Чокуну көрдү. Ал туш тарабы бийик тик жылма, мойнуна булуттан шакек кийип апаппак, алкымынан күмүш таажысына чейин баланын көңүлүндөй таза, өмүрдүн үмүтүндөй кол жеткис бийик болчу. Көңүлү кир нерсени көкүрөгүнөн жогору өткөрчү эмес. Ал ошондой ыйык, таразадай калыс, баарынан улук, дасторкону жайыл улукман эле.

Жанагыдай кандуу окуялардын ушул ак Чокунун алдында өтүп жатканына Гафунун жаны кейиди.

ЭКИНЧИ БАШТАЛЫШ

Эгер жолум багытынан адашса,
Эгер жүрөк көз көргөнүн ээрчисе,
Эгер колум жамандыкка булганса,
Башкалар да сезип калса күнөөмдү,
Тукумумду түбү менен курутсун!
«Иова» китебинен. Биздин эрага чейинки IV кылым.

Бакас үйдөн аттанганда түш ооп калган. Элдин көзүнө чалдыккысы келбей сай бойлоп кеткен чыйырга салды. Күздүн салкын абасын жутуп, тың баскан атынын кыймылын сезүү ага өзгөчө ыракат берди. Торусун сылай камчылап, бирөө аны терметип жаткандай көңүлү магдырады. Атынын сеңселген жалына көзүн кадап, бүгүнкү, эртеңки түйшүктөрүн эсине түшүрдү. «Кудая шүгүр,— деди ичинен,— алты бөлмөлүү үйдү бүтө жаздап калдым. Оозгу бөлмөнүн таманын майрамга чейин төшөтүп алсам, андан аркы майда-чүйдөсү оңой. Эми үч-төрт карагай болсо кем-карчын бүтүрүп алам. Кассадагы акчага оопазды сатып кошсом «Жигули» дегениң өзү эле келбейби».

Ал көзүн жумуп, тасмадай түз жолдо машина айдап бараткан учурун элестетти. «Рулду жеңил-желпи тегеретип, кол көтөргөн адамдарды көрмөксөнгө салат. Бели талып кеткенде ээн-эркин жерге токтотуп, көлдөн уруп турган абага көкүрөгүн тосот. Жер жүзүндө каалаганыңдын баарына жетүү кандай сонун. Кырктын кырына жакындаганда ойлогонунун көбү ишке ашты. Өзүнө куюп койгондой эки эркек, бир кызы бар. Ырас, аялы жоош чыкты. Көзүнө сайып көрсөтмөйүнчө аркы-беркини баамдабайт. Бир чети ошонусу да жакшы. Ажылдап беттен алса абийриң калабы. Сүйүп албаса да, ыктан чыкпаган мүнөзүнө ыраазы. Окуунун артынан түшпөгөнү менен, акча-тыйындын кайдан оңойураак табыларын жакшы билет. Ошол себептен колхоздун алма багын кайтарууга алган. Анын айтканы боюнча бул жумуш уюган «май талкан». Алманын арасындагы кодура чөптөн эртели-кеч ороктоп алганында дале бир үймөк жыйнап аласың. Кыштын кычыраган суугунда коюңдун жону билинбейт, уюңдун бөйрөгү бөксөрбөйт. Алма деген эмне? Күзүндө ящиктеп кытыганың, жазында тутам-тутам акча болот. Өзүмдүн короомдогу алманын түшүмү деп бутташтыра саласың. Миң текшерүүчү апкелип, ар бир бактын түбүн кайтартып койсоң да көз жаздымы болбой койбойт. Алманын түшүмү жыйналгандан кийин колу-жолуң бош, бала-бакыраңды кайтартымыш эткизип коюп каалаган жумушуңа кете бересиң. Көңүлүң келишкенге ящиктеп апорт кармата берсең өмүрү сөзүңдү эки кылбайт. Мына, карагай башыга эки-үч ящик жеткирип берди эле, кезиккен жерден атынан түшүп салам берет. Карагай жыгып жатканыңды көрсө көрмөксөнгө салат. Журөгүн оорутуп сарсанаа кылбайын десең отундукка шылтоолоп бир тилке кагаз алып коёсуң. Коюң төлдөгөндө он башы жыйырмадан ашат. Сатканын сатып, сойчусун соёсуң. Калганын ызы-чуу түшүрбөй ийкемдүү чабандын бирине кошосуң. Кыйыктанса баласын жентектеп, кылкыйган жакасын агартасың. Көңүлүн көтөргөнгө «көк тумшуктан» жуткуза салсаң коюңду бакмак түгүл короосун түгөл кошуп алдыңа салып берет».

Жашоонун жан жактуу сырларын Бакас ушундайча түшүнчү. Башка бирөөлөр сыяктанып жалжактап арак ичип жүрчү эмес. Ичсе да ыгы менен иччү. Жайлы-жай бактын арасынан чыкпай, ара-чолодо үйүнүн кем-карчын толтурчу. Арактан башы ооруган усталарынын чеке-башын жазып, алдап-соолап олтуруп үйүн бүтүргөнү калды. «Эми үч түп карагай болсо...»

Бакас оюнан ойгонуп, кечүүнүн ташын калдыратып барып сууга башын салган атын оюна койду. Байып кеткенсиген күзгү өзөндүн суусу кашкайып тунук болчу. Ооздугун шалдыратып, дагы ичсемби же тим эле койсомбу дегенчелик кылган атын теминип аркы өйүзгө чыкты. Кучагын жайгансыган өрөөндүн эки тарабы улам өйдөлөгөн сайын кокту-коктуга бөлүнүп, ошол коктулардын кыры бет маңдайындагы чоң ашууга барып биригип, андан ары төбөсү көк челген ак калпактуу чокуга карай кетет. Мына ушул тоолордун уюган кебетеси алп осминогдун жер чапчып катып калганы сыяктанат. Кокту-колотунун күңгөй тарабы сыйдаң бозоруп, чөбү күйүп кеткен беттерден чакалай окшогон арчалардын карааны көрүнөт. Андан башка сыйдаң караган-бутаны эсепке албаганда, бул жактан көрүнгөн өрөөндүн күңгөйү бир кыйла жупуну. Бирок ошол жупуну коктулардын кырларынын артын жондун кирпиги окшогон карагайлардын кыркар учтары кыюулап алган. Баамчыл адамга анын артындагы тескейде ыңкып жаткан токойдун чет жакасы сезилет. Табийгат чөп-чарын, караган-буталарын, токойлорун күндүн тийишине жана нымдын сакталышына жараша бөлүштүргөн. Тоолордо күңгөй менен тескейдин өз-өзүнчө өмүр тиричилиги, баккан жан-жаныбарлары, алардын жашоо шарттары бар.

Ошол дүйнөгө сүңгүп бараткан мынабул атчан адам анын бир кулуну. Табыят ага аба, суу, от, өмүр, жашоонун башка да толгон-токой гүлазыгын тартуулаган. Бакас азыр ошол энчисин алганы баратат. Ал өзүнө окшогон бир беткей адамдар сыяктуу бергенге караганда алганды жакшы көрөт. Анткени, табият аны багуу үчүн жаралган. Анын гүлазыгы түбөлүктүү, түгөнгүс сыяктанат. Бирок аны Бакас күч зарп кылып алып катпайбы, бекер берип жатыптырбы. Ошол күч аракет Бакасты көңүлүндө актаган шекилдүү окшободубу.

Өзүнүн табиятка карата болгон милдетин, мамилесин ал мына ушундайча түшүнчү. Бул түшүнүк анын жан-дүйнөсүнө бекем орношуп, анын коомдогу жүргөн-турганын, сүйлөгөн сөзүн, кыймыл-аракетин аныктап турчу. Анын түшүнүгүнө карама-каршы ой айткан адамдарды Бакас кандайдыр бир башка жылдыздан түшө калган макулук катары таңыркап калар эле.

Үйүнөн чыгып, Курмандын кыштоосуна жакындап калганга чейин ал жалаң үй-тиричилиги, аны жакшыртуу, жаңы буюм-кечелер алуу, тоодон семирип түшкөн койлорунун бир даарын базарга алып чыгып сатуу жөнүндө ойлонду. Курмандын короосуна кошулган алты кой бир нече жумадан кийин базарга жеткирилмек. Ага чейин Бакас Курмандын демин басат. Куржундагы таттуу-маттуулар менен жанаша жаткан төрт бөтөлкөнүн экөөнү бузат. Адегенде эки стаканга бөлө куюп анын жай бою коюн аман-эсен багып бергени үчүн ыраазычылыгын билдирет. Тигинин мурдунун учу тердей баштаганда эмдиги жылдын камын жылдырып айтып коёт. Аракка жибиген Курмандын жок деп айта албастыгын эмитен эле сезген Бакас өзүнчө жымыйып күлүп койду. Ал тургай кой соём деп алабармандай турганы да көз алдына элестеди. Иши оңунан чыгып, окуя анын пайдисына чечиле баштаса, Бакас бир аз ичип коюуга деле каршы эмес. Дайыма эле иче бербеген Бакастын стакан көтөрүп Турганын көргөн Курман төрткө бөлүнбөйт бекен.

Кыштоого бурула бергенге чейин Бакас мына ушулар жөнүндө бир нече курдай ойлоду. Анан түтүнүн көккө чубаткан боз үйдү иликтеп карады. Боз үйдүн катарында эки бөлмөлүү там үй. Анын артында үстүн шифер менен жапкан кенен кашар. Ал бир нече бөлүккө бөлүнүп, жем-туз салуучу аштоолор менен жабдылган. Кашарда аксак-терсек кой-козулардан башка, көрпөчө салынган керкашка ат байлануу турат. Андан ары эшилген кумдуу кыя коктунун төрүнө карай кадуулап көтөрүлөт. Күңгөйдүн төрүндө жайылып бараткан койлорду кимдир-бирөө имерип бараткансыйт. Ал эмнегедир атын жетелеп алган. Бакастын санаасы санга бөлүндү. «Курман үйүндө жок көрүнөт». Тиги кой жайып жүргөн койчусубу же өзүбү? Эмнеси болсо да бара көрөйүн. Өзү жок болсо кайра келатканда кире кетпеймби. Болбосо үй-ээсиз келген-кеткениңдин көркү да чыкпайт».

Ушинтип бараткан Бакас үйгө жакындаганда бакылдап сүйлөп жаткан Курмандын үнүн укту. Ал кимдир-бирөө менен сөз талашып жаткан сыяктанат. Атынан түшкөн жок. Үйдөгүлөргө угуза-угуза кыйкырды.

- Ой, үйдө барсыңарбы?!

Сүйлөшкөндөр тып басылды. Курмандын келинчегинин «Тышка чыкчы, бирөө келди окшойт?» дегени угулду. Эшик ачылып, Курмандын устара менен кырылган сокудай сүйрү башы көрүндү. Бакастын үзөнгүсүн чирене тээп күлүмсүрөп турганын үңүлө караган Курман тиги аттан түшкүчөктү колтуктап жөлөдү. Чылбырды тигинин колунан алып жатып жөн-жайды сураштыра кетти.

- Кандай, Баке? Бала-бакыра, мал-жан аманбы?

- Кудая шүгүр. Эски малдын көзүндөй болуп жүзүң дегеле көзгө жакшы учурайт да, ыя?

- Ушу сен мени бир жерден көргөнсүң го, мурда.

Экөө тең каткырып күлүп калышты. Бала кезден бир класста окушкан теңтуш курбулар жаштыгын ушинтип эскеришчү. Курман ошол кездеги кылык-жоруктардын бирөөнү эсине салгандай моло таштын төбөсүндөй көгөргөн чокусун жымыйып тырмап алды. Анан мейманынын атын мамыга байлап, куржундун көзүндөгү баштыкты алып жаткан Бакасты түшүнгөндөй карап турду. Бакас баягы күлүңдөгөн калыбын жазбай баштыкты беркиге карматты.

- Аяшыңдын салам-дубасы ушунун ичинде.

Курман баштыкты сынагандай тегеретип жатып тамаша чынга аралаштырды.

- Аяшым «көк тумшукту» унутчу эмес эле? Бирдеме жүргөнсүйт, ой, сороюп.

- Башканы унутса да, аны унутпай калсын.

Аңгыча Курмандын келинчеги Салкын сыртка чыкты. Бакасты эчак үнүнөн тааныса да, калп эле аялдык кылып кылыктана:

- Апээй, сен белең! — деди, бирөө чочутуп жибергендей. Коомай учурашып күйөөсүнө карады. – Үйгө кир дебейсиңби коногуңду, кобурап туруп албай?

Курмандын колунан түйүнчөктү алып, мейманга эшиктин жабуусун ачты. Бакас эңкейе берип, тезектин түтүнүнө ышталган боз үйдүн куйкум жытын искеди. Салкын анын артынан эшикти жаап, бирок ээрчип кирбеди. Күйөөсү менен конок камын кеңешип жаткансып сыртта калды. Баамчыл келин үйдө түйшөлүп олтурган Жыпардын Бакас менен бетме-бет көрүшкөнүнө тоскоол болгусу келбеген. Кызара бөртүп олтурган Жыпарды тааныган Бакас эмнегедир түйшөлө түштү. Анысын билдирбөөгө аракеттенип, эңкейе берип колун тигиге сунду.

- Кандай, жакшыбы Жыпар? И-и, качан келдиң?

- Түш ченде келгем. Өзүң кандай, бала-бакыра аман-эсенби?

- Кудая шүгүр, жакшы.

Жыпар жымыйып жер карады. Андан ары сөз уланбады. Бакас оозунан сөзүн алдырган немедей сыны кете баштаган шляпасын жүктүн кырына койду. Жайылуу турган дасторкондун экинчи жагында коломтону тиктеп отурду. Салкын менен Жыпардын туугандык жайы бар экенин мурдатан жакшы билчү. Анын үстүнө бул экөөнүн туугандыгы менен курбу-курдаштыгынын чек арасы канча экени кээде билинчү да эмес. Аңгыча баштыгын колуна кармаган Салкындын жүзү, анын артынан отун көтөргөн Курман көрүндү.

- Ой, сен жогору, Жыпардын жанына өт, босогого отурбай? — деди ал отунду коломтонун жанына таштап,— эки жакшы көргөн коногум келип, ырас тойлогон турат окшойм.

Дасторкон четиндеги стакандардан улам булардын анча-мынча бирдеме жутканын баамдады. Чай куюла баштады. Бакас өзүнө келген чыныны Жыпарга узатты.

- Өзүң ала кел? — деп ого бетер кызара бөрттү Жыпар. Эмне кыларын билбей тизесин кымырды. Шынаарлаган Салкын экинчи чыныны Бакастын алдына коюп Жыпарды нукуду.

- Тамагынан өтпөй атпайбы, алып кой. Кыздын кырк чачы улуу дейт.

Сөздүн төркүнүнө түшүнгөн Курман жылмайып аялына карады.

- Тигини! Ой, Бакас, ушунун билбеген балээси жок. Аркандын учун сууга таштап койгонун көрдүңбү, ыя? — Бакылдап санын чаап күлгөн Курман колун жүктүн арасына сойлотту. Бир бөтөлкө арак сууруп чыкты.— Келе, стаканыңды?

- Элге чай ичирип анан куйбайсыңбы? — Салкын күйөөсүн жактырбай стакандарды Курмандын алдына көңүлкош жылдырды.

- Адам ээй, мобунун үрпөйгөнүн кара, сасык үпүптөй болуп! Адегенде бирдеме менен оозду чайкап албаса деги өтөбү, тамактан.

Ал бөтөлкөнү төрт стаканга бир эле жолу бөлүштүрүп куйду. Ар кими өз өзүнчө дымып олтурган Бакас менен Жыпарга карады. Стаканды барбайган колуна уучтай кармап, өбөктөгөн калыбында көбүрүп сүйлөй баштады.

- Бакас, эсиңде бар чыгар. Омурткабыз ката элек кезден чогуу бир класста окуп чоңойдук. Бу, баарыдан теңтушчулук кыйын болот экен. Мына, кечээ эле адыраңдап ооздугун карматпаган боз балдар элек. Бүгүн минтип акар-шакар, бала-чакалуу болдук. Чынын айтсам Жыпардын келгенине жанатан бери Салкын экөөбүз жетине албай олтурабыз. Сен жөнүндө да жана эскерип алганбыз. Кудай акы, ниетиң ак экен, туз-даам буюруп мына өзүң келип калдың. Ушуну жолдошчулук үчүн калтырбай алып жибереличи? Кана, Жыпар? Бакас менен бир кагыштыра койчу?

- Кагыштырбай эле ичишет,— Салкын кагышса кагышып калат деген ырым-жырымды эстеди.

- Ушундай закүнүң бар беле,— Курман оңтойсузданып барып оңолду.— Анда жөн эле алып жибергиле. Кана, кеттик!

Олтургандар жандана түшүштү. Бакас стаканын алып Курманды тиктеди.

- Өзүң билесиң, аракка көп жокмун. Бирок сөзүң жакшы болуп турат. Ушу бүгүн өлсөм да бир ичейинчи. Кел, Жыпар?

Жыпар дасторкон четин теше тиктеп, стаканды кымырылып барып кармады. Көзүн көтөрбөгөн калыбында акыры сүйлөй баштады.

- Кармай турган жерден кармадың го. Өзүң айткандай жолдошчулукка не жетсин. Азыр айтылгандай кечээ эле бала элек. Бүгүн минтип бириңер ата, бириңер эне болуп отурасыңар. Анын үстүнө башынан туз-даам татышып калдык. Баарыңарга бакыт-таалай, ден-соолук тилейм. Бакас айткандай мен да иччү эмес элем, бүгүн кичине жутат окшойм. Анан кыйнамай болбосун.

Жыпар стаканын ортолоп жерге койду.

- Ап баракелде! — деди Курман каймакка малынган бир кесим нанды Жыпарга карматып,— эми калганыбыз алып жиберели!

Берки экөөнүн иче баштаганын көргөндөн кийин, өзү да түп көтөрө тартып жиберди.

- Уу, кайран көк муштум! — деди ачууркана нандан сугунуп,— ичимди тим эле куйкалап баратат! Акыры бирдин ичинен чыгарасың го?

- Чактырып таштагансыңбы дейм? — Бакас Курмандын арактан кеберсип кыйналган кебетесине күлкүсү келди.

- Жөн турмак беле. Кечээ торпокко барам деп кетип дайынын билбейт. Бир кулак сууну аттап өтө албай мынабу эле Кара-Булакка лөк деп отуруп калса болобу. Ии-й, бетим, киши көрбөсө экен деп менде жан жок!

- Жөн олтурчу ой, коноктордун көзүнчө кайдагы жок сөздү баштабай. — Курман жыгылыштуу жылмайып далысын күйшөдү.— Жанузак бугу жүрөт дегенинен сааттай болуп Карагайлуу-Төргө кайрылып калбайт бекем. Бир бөтөлкө арагы бар экен. Кайтып келатсак карагайбашы жолугуп...

- Аны коё туруп бугунун дайынын айтчы? — Уккан кулагына ишенбеген Бакас Курмандын сөзүн бөлдү.

- Оюман чыгарып атат дейсиңби. Өз көзүм менен көрдүм. Төрдүн башындагы калың карагайга кирип жатып алды, жарыктык. Сага калп, мага чын, өңү апаппак экен. Тим эле супурадай, шумдугуң кургур. Мүчөсүнүн сулуулугун айтпайсыңбы, суналып.

- Бу бетте бугу болчу эмес эле го? — Жыпар да таңдана сурады.

- Бирдемеден үркүп Челектен ооп түштү, болбосо бу жакта кайдан?

- Аңдып барган жоксуңарбы? Ушу сенин бугу атып келген кейпиң бар?— Бакас Курманды шектүү карады.

- Койчу ой, Бакас, тамашаңды. Өмүрүмдө кайберен атып көргөн жан эмесмин. Башкалар көз ирмебей атат, эмнегедир менин эле колум көтөрүлбөйт. Анын үстүнө ооп келген бугуга кантип дит барат. Андан көрө тукум улап калып калса десең?

Эркектердин сөзүнөн тажай баштаган Салкын күйөөсүнүн жеңинен тартты.

- Ай, обу жок, бугуңдун жомогун токтот. Быякта андан да сулуу ак марал олтурат.

- «Ак марал сенсиң керилген» дегендей дечи? — Курман эки жагын карап карс-карс күлдү.

Андан аркы сөз балалыктын таң-тамашалуу жоруктарына бурулду. Ар кими өз өзүнчө күлкүлүү учурлардан эсте калгандарын айтып берип олтурушту. Бул түгөнбөгөн бир жомокко айланды.

Жолдош-жоролорунун арасында тамаша угуп олтуруу Бакастын көңүлүн жибитти. Ал алгачкы сүйүүсүнө байланышкан нерселерди ойлоп тунжурады. Баягы жаштык махабатын эскерди. Жыпарды алгач сүйгөнүн көз алдына келтирди. Анда алар акыркы класста окуп жатышкан. Жыпар Бакастын алдындагы партада олтурчу. Кара торусунан келген сулуу кыз боло турган. Чачын аркасына өрүп, чыптамасын тиреп турган көкүрөгүнөн уялгандай кымырылчу. Бакастын тиктей бергенинен улам кээде ага сырдуу жылмайып коюп үйүнө качып кетчү. Ошондо Бакастын оюна ар нерселер келчү. Жыпардын аны жактыра турганын көкүрөгүндө сезгенсип калчу. Болбосо бир нерсени шекшигендей жымыйып карабайт эле го. Анын көз карашы Бакастын жүрөгүн аңтарып-теңтерип айласын кетирди. Алардын мамилесин класстагы балдардын баары билип алышкандай өзүнөн өзү корунуп уялып жүрдү. Ошол окуялар күнү бүгүнкүдөй эсинде.

Бир күнү колхоздун клубунда жаңы кино көрсөтүп калышты. Мындай күндөрү клубга чоңдордон мурда балдар толуп чыкты. Ак полотнодон кураштырып тиккен экрандын алдындагы жыгач-таштардан эптеп жасалган олтургучтарга малдаш токунуп олтура беришчү. Олтургуч баарына жетишчү эмес. Клубдагы беш-алты дурусураак олтургучтарды болсо улуу кишилер ээлешчү. Боз жигиттер киномеханиктин эскерткенине карабастан тамеки тарта беришчү. Ошол түнү клубга Бакас да келген. Анын чөнтөгүндө төрт бүктөлгөн жашыруун кат бар. Катта ал Жыпарга деген сүйүүсүн терир-тепчип баяндап, кагаздын төрт бурчун бири-бирине карай талпынып учуп келаткан кептерлердин сүрөтү менен «аябай кооздогон. Кат бир жума бою созулган чыгармачыл азаптын негизинде жазылгандыктан анын ар бир үтүрү, чекити, илеп белгилери өзүнчө чоң мааниге ээ боло турган. Анын ар бир сүйлөмү дүйнөдөгү эң кооз, эң салмактуу сөздөрдөн куралгандыктан, мындай кат автордун кыял жүгүрткөнү боюнча жаш кыздын жүрөгүнө тартылган жебедей эле сайылмак. Мына ошол жебеден тып-тып таамп турган махабаттын канын Бакас азапка толгон көз жашы катары кошо тартып койгон. Ошол сарсанаага толгон айтылуу кат эргүү менен мындайча башталчу.

«Ала-Тоонун ак маралындай керилген, түндө чыкса толгон айдай көрүнгөн, кара чачы кундуздай болуп өрүлгөн, көргөн кишинин көңүлү миң-санга бөлүнгөн, сулуулугу адырдын асыл гүлүндөй, сүйлөгөнү булбулдун мукам үнүндөй, жүрөктүн толтосунан орун алган, балбылдап Чолпон жылдыздай жанган, ушул дүйнөнүн чүрөгү Жыпарга «Б»дан ашыктык кат!»

Андан ары Бакас сүйүүнүн айынан арыктап жүрбөй калганы, эгерде Жыпардан жүрөк кубантарлык жооп ала албаса бул дүйнөдө жашабай, тиги дүйнөгө эртерээк эле кете бергени оң экени, дагы ушу сыяктуу өпкө-жүрөктү чапкан сөздөр алты-жети баракка толтурулчу.

Мына ушул катты Бакас башка бирөөдөн берип жибергенден айбыгып кызганды. Тердеп-кургап жатып, кинодон чыгып бараткан Жыпардын чөнтөгүнө өзү эбин таап салды. Ошол түнү ал таң аткычакты уйку бетин көрбөдү. Эртеси кыздын бетине тике карагандан айбыгып, күндүн эмне болуп өткөнүн да билбей калды. Өзүнөн өзү бир чоң күнөөгө кириптер болгондой азапка чырмалды. Экинчи жуманын орто ченинде барып Жыпардын көчөсүндө туруучу секелек кыз ага газетанын четине оролгон бир нерсени тапшырды. Анын ошол күнкү алабалын жазып көрсөтүүгө болбойт эле. Ал калтыраган колу менен кагаздын бүктөөсүн ачты. Анда жаңыдан сайылган жүз аарчы жаткан. Жүз аарчынын төрт бурчуна кептердин гүл тиштеген сүрөтү түшүрүлгөн. Төмөнкү бурчунда «Ж»дан «Б»га деген саймалуу жазуу бадыраят. Андан атырдын мурунду жарган жыты буруксуйт. Бакас айтып түгөткүс бакытка бөлөнүп жүз аарчыны бетине басты.

Мектептен келери менен үйдүн чатырына чыкты. Жүз аарчыны кендирдин алдындагы эски таардын арасына кадырлап жашырды. Бирөө аны таап алып, эртеси эле Жыпар экөөнүн сырын ааламга жайып жиберчүдөн бетер кызганды. Жүз аарчысын күнүгө бир маал бетине асемдеп сүйкөп кете баштаган атырдын жытына мас болуп жүрдү. Күндөр өтө берди. Бакас менен Жыпар мурдакыдай ээн-эркин жүргөндөн коруна турган болушту. Мектепти бүтүп ар кими ар жакка кетерде гана бир жолу жолугушту. Ошондо да бөтөн көздөрдөн корунушуп, кат алышып туралы дегенге араң жарашты. Жыпар Фрунзеге окууга кетти. Бакас Пржевальск шаарындагы техникумдардын бирине барып өтпөй калды. Жыпар болсо университеттин тарых факультетине өттү. Бир күнү Жыпардын адресин таап Бакас кат жазды. Бирок жооп кат албады. Жаз чыгып калган ченде анын күйөөгө чыгып кеткенин укту. Ошол бойдон ага кат жазган да, жолуккан да жок. Катылуу сыр катылуу бойдон кала берди. Ушунча жыл өткөндөн кийин бүгүн минтип кайрадан жолугушуп олтурат. Мындан эки жыл мурда Жыпардын күйөөсү жол кырсыгынан каза болуп, азыр коңшу райондун бир колхозунда эки баласы менен жесир турарын уккан. Балалык күндөрдө Жыпар теңтуш курбусу Салкынга Бакастын катын көрсөткөн. Ошондон улам алардын таржымалын кийинчерээк Курман да уккан. Жанагы Курман менен Салкындын ичтен жымыйып олтурушканы да ошондон.

Арактын демине элөөрүгөн Курман берки экөөнүн кой деп токтотконуна карабай семиз кыш туума козусун көтөрүп чапты. Казанга эт салынып, дагы бир сыйрадан стакан көтөрүшкөн төртөө балалыктын түгөнбөс сөздөрүнө кирди. Кечээ эле партадан партага секирип ойногон күндөрүн эскерип жатышты. Карагай отундун жалыны чоң кара казанды жаба берип, килкилдеп кайнаган козунун былгын этинин жыты каңылжаарды кытыгылап турду. Короодо жуушап жаткан койлордун чүчкүрүп-бышкырганы, кимдир бирөөгө сес көрсөтүп кээ-кээде борс эткен короочу иттин үнү, алыстан билинер-билинбес гүүлдөгөн чоң сайдын дабышы, жылдыздарга батпай чаңкайган түнкү асман, боз үйдүн ичиндеги мынабу классташ төрт курбунун бакылдаган үнү бейкут түнгө жуурулушту да калды.

Кечээ эле өзүнө кат жазып, өпкө-жүрөгүн сууруп бергенден кайра тартпаган өспүрүм Бакастын бүгүн минтип чоң киши болгонун, анын учкай сүйүүсү күйүп түшкөн жылдыздын учкунундай убактылуу экенин Жыпар жакшы түшүнсө да, жаштыгын ушинтип чогулуп олтуруп эскерүү көкүрөгүн жибитти. Сүйүп чыккан күйөөсүнүн элесин тээ тереңинде эскерип турса да, мынабу жолдошторунун жайдары көңүлүн наалып бузгусу келбеди.

Кези келгенде жакшы көргөн обонуна салып турмуш, сүйүү, жашоонун асыл учурлары жөнүндө ырдап олтурду. Анын ырларында өмүргө болгон ынтызарлык, махабаттын жалындуу демдери, көңүлдүн талпынып барып жетпей кала турган учурлары мукам айтылып жатты. Бакас Жыпардын ырларын телмирип олтуруп укту. Ал аны өз түшүнүгүнө ченеп жоруду. Ага Жыпар өкүнүч сезими менен астыртан кайрылып жаткандай туюлду. Кызып алган неме баягы жүз аарчыны эсине салды. Кудайы момун аялы анын багын байлагандай, ал болбосо кайрадан Жыпарга үйлөнө тургандай өзүнөн өзү кыжалат болду. Бирок убагында катына жооп бербей башка бирөөгө турмушка чыгып кеткенин эстегенде ар-намысы козголду. Мазактап кеткени үчүн аны жөн эле делөөрүтүп, кеч болуп калса да көңүлүн ойготуп, ушу бүгүнкү түнү илгери бир тепселген көңүлүнүн кээсин чыгаргысы келди.

Бакастын ойго батып төмөн караган кебетесин байкаган Курман алдындагы стаканды анын колуна карматты. Ичпеген неме кызып калдыбы деп да турду. Аны сөз берип кепке аралаштырууну ойлоду.

- Кана, Бакас,— деди ал ыктай олтуруп,— өзүң бирдеме деп алдырып ийчи? Жанатан бери Жыпар ырдап атып тамагы кургап кетти окшойт.

Бакас түшүнөн чочуп ойгонгондой башын жерден алды. Стаканын сындыра тургандан бетер бекем кочуштап, алдыртан байкап олтурган Жыпардын көз карашын сезди. Ага тике кароого кудурети жетпеди. Алдындагы чыныны телмире тиктеп сүйлөй баштады. Балалык кезден калган сүйүүнүн учкуну андан алигиче кете электигин тигиге кыйыштырып, алдын ала билдирип коюуну чечти.

- Жаштык көңүлдөн кетеби,— деди ал улутунуп,— тагдыр бирибизди шаарга айдаса, бирибизди айылга калтырды. Өзүңөр айткандай даам-туз буюруп бүгүн мына кайра баш кошуп олтурабыз. Ушул тосту жаштык кез үчүн, ошондогу өткөн-кеткендердин кайрылып келиши үчүн, арабызда олтурган Жыпардын ден-соолугу үчүн алалы.

Күйүтүнө чыдабай бараткан адам окшоп беркилерге күтпөй-этпей тартып жиберди. Бакас жутуп болгуча Курман анын оозун таң калгандай узата карады, тиги стаканын дасторконго ыктай койгондо каткырып күлдү.

- Ой, сен ичпейм деп бекер эле айтып жүргөн турбайсыңбы. Ушу сенде бир чоң күйүт бар. Ме, мобуну сугунуп жибер?

Барбайган колу менен боордон бир кесим оозуна узатты. Салкын Жыпарга ыктап санынан укуду, Жыпар жылмайып тим болду.

- Эми, бийкечтер, силер алгыла. Ачуу басарыңарды өзүм дайындап турайын,— деди Курман берки экөөнө бурулуп. Жартылап жуткан Жыпарды кайра көтөртө баштады.

- Жыпар? Тост сен үчүн болду. Бакастын көңүлүнө кетет, толук алып кой. Ачуусун түбүнө калтырчу эмес.

- Ошент,— деди кызый түшкөн Салкын күйөөсүнө кошулуп.— Бакастын көңүлүнө кетпегенде. Оңой бекен анан... Кийинкисин Курман кыйнабайт. Ушуну толук алып койчу, жарылып кетсең да.

Кыйылган Жыпар ырас эле Бакастын көңүлүнө кетеби деп арсарсыды. Калган аракты эптеп жатып көтөрдү. Ыраазы болгон берки экөө алардан калышпады. Анан алар сармерден башташты. Кызып түн бир оокум болгонго дейре олтурушту. Ичкиликтен кийин келген балгын козунун эти жүрөктүн ачуркаганын басты. Бакас чечилип ырдай баштады. Ал Жыпардын жанакы ырдаган ырларына жооп кайтарып жаткандай сезилди. Жакшы көргөн элдик обонго салып үнүн безеди. Жанагы коомайланып тарткынчактаган мүнөзү өзүнөн өзү жоголуп кеткенсиди. Кээде Жыпарды телмире карап, качанкы бир селкинин боз уланга берген жүз аарчысы жөнүндө кайытты. Ыр ага кайдан-жайдан келгени белгисиз, оозуна бирөө сала бергендей ээн-эркин куюлушту. Андан кийин алардын сөзүнө кошумча маани бергенсип Салкындын үнү созолонду. Ал беркилерди бийиктетип, тээ төрдүн башына алпарып таштагансыды. Мындай олтурушту төртөө тең мурда дегеле көрбөгөн окшоду. Көп эле олтуруш болот. Бирок мындай жолдоштук ээн-эркин олтуруш өмүрдө чанда кездешет эмеспи.

Бул күнкү төшөнчү-орун түн ооп калган ченде барып салынды. Там үйдүн төркү бөлмөсүнө Жыпар жалгыз жатты. Анын берки капталындагы чакан бөлмө Бакаска тийди. Үй ээлери ашкана тараптан эптеп орун табышкан окшоду. Салкын Бакас менен Жыпарды жалгыз таштагысы келбеди. Анын үстүнө Жыпардын агайын эскерткени таасирин тийгизди го. Кечке кыймылдап чарчаган Курман менен Салкын бат эле уйкуга баш койду. Чабалактап жатып Жыпардын да көзү илинди. Жалгыз гана Бакас уктай албады. Жатарда сыртка чыгып баратып Жыпарды билектен кармаганын эстеди. «Апээй, бул эмнең? Кой, карыганда калжаңдашпайлы» деп күлүп койгону аны эки анжы кылып кыйнады. «Бул эмне, мени унута электигиби, же көңүлү калбасынчы дегениби? Ушул жерден аны дагы коё жиберемби? Бир убакта балалык кылып колуман жулдуруп жибербедим беле. Эми да ошол адатымды кайталаймбы? Жок, азыр аны кайталабашым керек. Анын эмне ойлоп жатканын билем. Азыр барбасам накта ошондо каталык кетирген болом!»

Чечимин бекемдеген Бакас көзүн ачты, оозгу бөлмөдөн үйдү жаңырткан Курмандын коңуругун укту. Көөдөй караңгы үйдүн шыбына көзүн кадап, терезеден түшүп турган алсыз жарыктын күңүрт шооласын байкады. Акырындап караңгы бөлмөнүн ичиндеги буюм кечелерге көзү үйүр алыша баштады. Божомолдоп эшик жакты карады. Жыпарды эстеген сайын уйкусу ого бетер ачылды, ичкиликтен тумандай түшкөн башы жазыла түшкөнсүдү. Эмнегедир кимдир бирөө аны эшиктин артында кайтарып тургандай сестенди. Курман калп эле анткорсунуп коңурук тартып жаткансыды. Жанындагы Салкындан бөтөнчө шекшиди. Жыпардын бөлмөсүнө кире турганын атайлап эле көшөрүп күтүп жаткандай сезилди. Болбосо жанатан бери уктаганы билинет эле го. Өзүнөн өзү шекшип дым болуп жаткан Бакас бир убакта барып Салкындын болор-болбос бышылдап дем алган үнүн баамдады. Ал чала-була коңурук тартып барып бир калыпта терең дем алып калгансыды. Мындан ары чыдап жата албады. Төшөктөн суурулуп чыгып жарым-жартылай ачык турган эшиктен нары өттү. Жыпардын эшигин акырын ачты. Жүрөгү дүкүлдөп кагып, бирөө шап кармап калуучудан бетер жан-жагына кылчактады. Эч кимдин байкабай калганына көзү жеткенде артынан эшикти жаап, илгичин не бар, не жок, илди. Бурчта жаткан Жыпардын төшөгүн көрдү. Жүрөгү ого бетер лакылдады. Ага ал терең уйкуда жаткандай сезилди. Акырын жанына барды, андан ары эмне кыларын билбей арсарсып турду. Мынча келгенден кийин кайтып чыгып кеткенден намыстанды. Тобокелге бел байлаган Бакас төшөктүн бир учун көтөрүп, катуу уйкуда жаткан Жыпардын койнуна лып кирди.

Чоочун бирөөнүн бышылдаган демин сезген Жыпар чочуп ойгонду. Бирөө ага муздак суу чачып жибергендей денесин жыйырды. Кучактай баштаган билекти аткып ыргытты.

- Шумдугуң кургур, сен кимсиң?! — деди.

Эмне дээрин билбеген Бакас калтаарып шыбырады:

- Кантет, Жыпаш? Бул мен — Бакас.

Эсин жыйганга чамасы келбеген Жыпар күтүлбөгөн жерден Бакасты жаактан ары тартып жиберди. Коркуп кеткенинен ушинттиби же башка да себеби болдубу, айтор аны да иликтегенге эч ким үлгүрбөдү. Нес боло түшкөн Бакас карбаластап артына чегинди. Анткени, тигинин түрүнөн чочуду. Кыргыз баласы болуп туруп аялдын жаакка чабышын биринчи көрүшү. Калчылдаган колу эшиктин илгичин араңдан зорго тапты. Өзүн өзү сезбей, нес болгон калыбында жаткан бөлмөсүнө келди. Бүткөн бою ымыр-чымыр болду, аны бирөө отко кактап жаткандай өрттөнүп бараткансыды. «Шаарда өсүп жаман үйрөнүп калган неме да, болбосо эркекти жаакка чапканга батынабы. Атакөрү ээй! Ушу катындан көрдүм ээ, кордукту!»

Эсине келгенде төшөгүнүн үстүндө дамбал-көйнөкчөн турганын байкады. Жанагы ичкен арагы кайда кеткени белгисиз, заматтын ортосунда көзү умачтай ачылды. Кулакка сайса угулгус дым болгон үй ичин далайга чейин тыңшап тура берди. Курман менен Салкын да билмексенге салып дымып жаткандай жоруду. Түнү бою бул жерден жоголууну чечти. Шыбыш чыгарбай кийинди. Топчулугун бүчүлөй албай калтаарыды. Бутунун учу менен басып сыртка чыкты. Үстүнөн басып турган оор жүктөн эми арылгандай кенен дем алды. Жемге байлануу атын шашып-бушуп эптеп токуду. Канжыгага байланган буюм-кечелерин, балтасын сыйпалап түгөлдөдү. Жуушап жаткан койлордон четтей бастырып, короонун экинчи тарабындагы жыбытка түштү. Кашардан алыстай баштаганда артынан жөн-салды үрүп калган иттин үнү угулду. Үйдөн чыгып караган адамдардын сөлөкөтү байкалбады. Ошондой болсо да үйдө калгандар терезеден табалап карап тургандай шашты. Караганга чала-була байлады. Сууга башыи салып, мойнуна чейин жуунду. Болгон окуяны кайра башынан эсине салды. Жыпардан экинчи жолу аябай кагуу жегенин ойлогондо кирерге жер таппай күйүп-бышты. Ушул түнкү окуя эртең эле айылга ылакап болуп тарап кете тургандай туталанды. Жана бир саам соо боло түшкөн башы зыңылдап кайра ооруду. Көргөн кордугунун баарын арактын күчү менен басууну чечти. Куржундан бир бөтөлкөнү сууруп чыгып оозунан какап-чакап ичип кирди. Куржундун бир бурчундагы төрт-беш апорт алманын бирөөну ачуу басары кылды. Канына тараган арак күйүтүн баскансыды. Тоодон уруп турган салкын абага көкүрөгүн тосту. Жана кечинде Курман кеп салган бугуну кайрадан эстеди. Эзелки катылып жаткан мергенчилик көөнү козголду. Жыпардан көргөн ызасынын баарын ошол бугуну кубалап жүрүп басмакчы болду. Элге көрүнбөй бир-эки күн тоо арасында түнөп-конууну чечти. Ал үчүн адегенде үйдөгү мылтыгын алып келүү керек болчу. Жаны ачыган Бакас бөтөлкөнүн калганын дагы жутту. Атына кыйшалаңдап жатып араң минди. Атка отурганда бир аз эрдемсий түштү. Төмөн айылга кеткен чоң жолго түштү. Тамекини үстөккө-босток тартып, салып урган бойдон бир саатка жетпей үйүнө келди.

Тарсылдатып-түрсүлдөтүп эшикке жетти. Чоң муштуму менен илинүү эшикти эки-үч муштап калды. Ичкериден калдыр-күлдүрдөн ойгонуп турган аялынын үнү чыкты.

- Бу ким, түн ооп калганда калдыраткан?!

- Мен!— деди Бакас бышылдап,— ач, эшигиңди!

Эшик ачылды. Уйку-соо арасында саксайып башын тырманган аялынын кебетеси Бакастын кыжырын келтирди. Тил тийгизейин деп барып кайра айныды.

- Жүктүн алдындагы дүрбү, мылтыкты ок-дарысы менен апкел!

- Бирдеме ичип алгансың го? Мылтыкты эмне кылат элең, түн ортосунда!

Аялына түшүнүк берүүгө туура келди. «Айттырбай билген жан болсоңчу!» деди ичинен. Анан бирөө угуп койчудай: «Бери бол?» деп кулагына шыбырады.

- Тоодо бир бугу жүрөт дейт. Ошону атканы баратам. Бирөө сураса, шаарга кеткен, эки-үч күндөн кийин келет де. Кудай буюрса жакында бешбармак жейсиң.

Күйөөсүнүн тилинен чыкпаган аялы төркү үйгө кирип баратып жөнсалды кобурады.

- Жатып алып эртең барбайбы. Кармалып калып акча төлөп ат, дагы.

Мылтыкты шайманы менен алып чыккан аялын Бакас дагы жумшады.

- Ашканадан эки бөтөлкө арак, баягы кой сойчу бычакты алып кел. Куржун көзүнө салгандай нан-пан ала чык. Баштыкты Курмандыкына таштадым.

- Коюң аман-эсен бекен?

- Койду кудай алды дейсиңби. Эт салып, ошолордукунда олтурдум. Кызуу экен, ич деп кыйнаганынан...

- Ооруп калбасаң эле болду. Жылуу кийим аласыңбы?

- Жок, купайке жетишет.

Аялынын бергендерин куржунуна катты. Бастырып баратып кайра бурулду.

- Баса, стаканың болсо берчи? Кереги тиет. Бугу аттырбаса карагай даярдайм. Карагайбашы жолугуп калса арак үмүтөтөт.

Бакас аялы алып чыккан стаканды чөнтөгүнө салды. Дарбазанын жанына чейин узатып чыккан аялына көп назар салбады. Бая күндүң кеткен чыйырдын сол жагындагы чоң жолго бурулду.

Таң агара баштаганда карагайлуу беттин этегине жетип, кара булактын жээгине токтоду. Кийинки бөтөлкөнүн оозун ачты. Андан жарым стакандай жутту. Сууга салып биртике нан жеди. Деми басылганда атына кайрадан минип, күн чыгып калган ченде карагайлуу коктунун башына чыкты. Жыбыттын четине барып токтоду. Атынын ээр-токумун шыпырды, жарым саат аса байлап койду. Ага чейин түзөңдөгү шиберге тердигин жаба салып, ээрин башына жаздады. Күндүн көзү көрүнө баштаганда атын чидерлеп тушап, өрдү карата коё жиберди. Жабышып бараткан көзүн ачууга кубаты келбей бат эле катуу уктап калды.

Ал бир кыйла убакка чейин уктады. Тоонун арасындагы жагымдуу салкындык ичкиликке ууланган денесин тазартып жаткансыды. Күндүн табы коктуну жылыта баштаганда ысылап купайкесин төшүнөн оодарып таштады. Балатынын чатырдай бутактары ага көлөкө түшүрүп турган. Түш ооп калган ченде көлөкө чыгышка карай ооп, эми күн анын бетине батыш тараптан тийди. Катуу уктаган Бакас адегенде анын табын тоотуп сезбеди. Бирок чакыйып түз тие баштаганда ачык жаткан бетин, жагжайып керилген көкүрөк-мойнун аздап табына кактап кирди. Ысыктан улам чабалактаган Бакас түйшөлүп барып ойгонду. Ордунан ыргып туруп каны каткыча суусаганын сезди. Ашаткы жыттанган оозун ачып-жаап, таңдайына каткан шилекейин араң дегенде ирмеп түкүрдү. Каканактап шишиген көзү чылпакка жабышып калган. Адегенде көзүн, анан сүрсүткөн балыктын терисине окшогон бетин укалады. Кирилдеген көкүрөгүнүн түпкүрүнөн түндөкү арак менен тамекинин ачуурканткан чөбөгөсүн баамдады. Нарытадагы асканын алкымында жылаажын каккансып агып жаткан булакты карай баратып, эңилчек жамынган чакадай таштардын бирөөнө чалынып жыгылып кала жаздады. Сууга жетип-жетпей кочуштап шимирди. Тамагын кырып өткөн муздак суу суусунун басты. Көзү чайыттай ачыла түштү. Белин жазып, «өх-х!» деп кенен дем алды. Ичеги кардынын күйгөнүн өчүрө баштаган суунун жылып баратканын ичтейи кадимкидей сезди. Булактын боюндагы көк шиберге малдаштокунуп олтура кетти. Нес болгон немедей, таштан ташка секирип агып жаткан суунун төмөндөп чуркаганын далайга дейре жалдырап карады. Түндөкү окуяларды эсине түшүрдү. Жыпардын беш манжасынын тагы алиге жабышып жүргөндөй жаагын сыйпалады. Бетине бирөө от коч бергендей жалындады. Ичинен өзү менен өзү сүйлөшө баштады. «Чочуп кеткенинен чаап жибердиби? Анан барам деп эскертип койгондо болмок экен. Эмнеси болсо да болор иш болду. Акылына келсе оозунан чыгарбас. Сөз кылса өзүнө доо кетет. Курмандар байкабай калды окшойт. Ошолор билбегей эле. Тиги эмне, бүгүн-эртең үйүнө жөнөйт. Эртең эле жабылуу аяк жабылуу бойдон калат».

Ойго чөмүгөн Бакас алдынан өтүп бараткан сыздан улам козголду. Сыңар тизелеп шашпай, бети-башына чейин жуунду. Аарчынган жок, койнуна сарыккан сууну дене бою сүйдү. Бети-башын күйүп бышкан этинин табы менен кокту өрдөп жорткон желге кургатты. Оңоло түшсө да, тырмагынын учуна чейин сиңген арак тырыштырып коё жибербеди. Бирөө чайырга чылап койгондой жазылбады. Көңүлү уясын таппай уйгу-туйгу түштү, өзүнөн өзү алда немеден сестене бергенсиди. Башын жазмайынча оңоло албасына көзү жеткен Бакас тердикке жамбашын коёр замат куржунун ачты. Бир жилик эт, эки сындырым нан, бир алма, анан арак куфайканын каңтара салынган өңүрүнө коюлду. Тамактан мурда жарым стакандан өйдөрөөк аракты тартып жиберди. Алмадан аткып тиштегенче деми кысылды. Өпкөсүнөн жалын тутангансып демин ичинен чыгарганча шашты. Алманын ширесин чыгара чайнап, чеңкейип отуруп калды. Кызыл өңгөчүн күйгүзүп бараткан арактын изи ашказанынын кырындысын жыдытып түшкөнсүдү. Көзүн ачып-жуумп, жаш толо түшкөн кирпигин ныктап ирмеди, жүрөгү айнып барып токтоду. Чыканагын тизесине коюп, көөп чыккан чыкый тамырын мыкчыды. Кыйналып, кара жанынан башка нерсенин баарын унутуп койду. Бир маалда бөлүнүп-жарылган башын кимдир бирөө жик-жиги менен желимдеп, умачтап кеткенсиди. Чекесинен тер кетип, тамак жегиси келди. Жайбаракат, шашпай алдындагыны түгөттү. Дүнүйө жайыл дасторконго айланды. Эми ээн-эркин эки жагын карап, кокту өрдөп оттогон атынын караанына үңүлдү. Ордунан туруп, жанагы булактан дагы суу ичти. Анан чоң ташка олтуруп алып, шашпай тамекисин тыкан тутантты.

Өмүрүндө мынчалык кыйналган эмес. «Жанагы катын болбогондо мынчалык ичпейт элем. Беш көкүл кыздан бетер тыйрактаганын көрбөйсүңбү?» Эми ал Жыпарды оолактатып, «сасык экен» деген айтылуу мышыкка окшоп турду. Баягы жалындап күйгөн делебеси жек көрүү сезимге ооду. Аны канчалык каралаган сайын, ошончолук өз күнөөсүн жүрөгүнөн оолактатты. Анын эмки ойлогону боюнча Бакас күнөөлүү болбой эле Жыпар күнөөлүү болуп чыкты. Ошондой болсо да жүрөгүнүн түбүндө жаткан сүйүү көкөйүн кесип кала берди. «Чын эле ушуга жетпей калдымбы? Баарына жеткен Бакас бир аялдын кадырына татыбадыбы?» Күйүп-бышкан бойдон өкүтүн басыш үчүн дагы жарым стакан аракты тартты. Дендароо болуп теңселди. Урунарга жоо таппай табылгынын башына конуп чырылдаган чымчыкка жини келди. Тегерегинен таш издеди. Тердиктин башында жаткан мылтыгы менен балтага көзү урунду. Карагай даярдаганы келатып, бугунун жүргөнүн укканы дагы эсине түштү. Чымчыкты унутуп, кеч бешим болуп калган күндү карады. «Азыр эрте. Бугунун келгени чын болсо, кечке жуук оттоого чыгат. Кой, ага чейин бир карагайды жыгып, бутактап даярдап таштайын». Ушуну ойлоп бышыктаган Бакас карагайлуу бетке көз кырын жиберди. Бутагы аз, шыңга бой; жоондугу бир кулач карагайга көңүлү токтоду. «Ушуну жыгайын. Аз эле дегенде беш-алты тактай чыгат. Калганын дагы көрө жатарбыз». Карагайды бет алып басты. Түбүнө барып кабыгына алаканын койду. Көз өлчөөгө салды. Бүртүк-бүртүк булуттарды карай кеткен тээ кылда учуна көз кырын жиберди. Ичкере баштаган уч жагынан көрпө малакайга окшогон он чакты бутакты көрдү. «Кайран гана береним, мени күтүп турган экенсиң, ээ? Сенден тилинген тактайдан ыпымы бутак табылбас».

Колуна түкүрүндү, жалаңдаган курч балтаны адеп түбүнө кыйгачынан матырды. Балтанын мизи кабыктан өтүп, адамдын денесине окшогон жылма этине жетип жабышты. Карагай ажалдын башын калыбы тоотподу. Далай жылдары жердин ширесинен уюган тулку-боюн бирөө тырмап алгандай да болбоду. Экинчи урулган балтанын мизи биринчи чамындынын кежигесин кекейте кыркты. Чамынды карагайдын жерден чыгып турган жоон тамырына барып урунуп, андан ары чөп-чардын арасына токтоду. Мына ушул ыкманы Бакас үстөккө-босток кайталай берди. Чамындынын артынан чамынды чыркырап учуп, акыры барып карагайдын ичеги-кардын эңшерип таштады. Ашкананын бурчунда жатып дат баса баштаган балта капталынын кычысын тигээ кетирип жаткансыды. Кескенден башканы билбеген куралдан көңүлүн тапкан Бакаска балта башын салып кызмат кылды. Каруусу талыган ээси энтигип барып чарчаганда гана элирмесин токтотту. Бакас кара чийбаркыт костюмунун этеги менен чекесин аарчыды, демин басмакка боюн таштап олтура кетти. Азуусун кесел курт кемиргендей эңшериле түшкөн карагайды карады. «Эми эки тыным жумушу калды. Күн тоого жармашканча бүтүрүш керек. Болбосо бугуга кечигип калам». Өзүнчө ой жүгүрткөн Бакас тамеки чекти. Тамылжып олтуруп кайрадан түндөкү Жыпардын кылыгын эстеди. Эстеген сайын кыжыры кайнады. Ошол окуянын баарына мынабул карагай күнөөлүү сыяктанып кабыргага өчөгүшүп койгулап кирди. Калдактап учкан чамындылар жан-жагына толуп чыкты. Жана кебелбей турган карагай, эми балта тийген сайын дирилдеп, ичкерип бараткан сайын бир буттап турган алп каракуштай чайпалды. Мындайдын далайын жыккан Бакас балтанын акыркы шилтемдеги мизин карагайдын желкесине матырды. Нечен бороон-чапкынга, кыш менен жазга, жылдардын өткөнүнө туруштук берген карагай чайпала түшүп ордуна тегеренди. Бакастын эсеби боюнча өр таянып жыгылмак. Анткени, түбү коктунун таманына баштанып жыгылган карагайды төмөн сойлотуп түшүрүү оңой. Ок таарып өткөн жоокердей теңселе түшкөн карагайдын башы кокту тарапка ооду. Дүйнөнүн жарыкчылыгы менен акыркы жолу коштошкондой «ү-ү-үх!» деп барып кулады. Салмагына туруштук бербей сыйдаң бутактары качырап талкаланды. Жыгылганда түп жагында калгандары гана бүтүн калгансыды. Абанын демине аралаш бурт этип учкан чегедек-тобурчактар, суюк чаңга аралашкан чөп-чарлар, күбүлүп түшкөн ийнелери булак тарапты бир бүркүп алып басылды. Жарым кылымга жакын бүчүрлөп чоңойгон карагай жарым саатка жетпей жалп этти, жер менен байланышкан жүлүнү үзүлдү. Тамырын өрдөп жүгүргөн суунун ширеси дүмүргө келип токтоду. Ширеси өзөгүнөн жол таппай күн нуруна, абага буу болуп жоголо баштады. Аны менен кошо карагайды пааналап өскөн көк чөптүн түрлөрү көөнөрдү. Мындан ары бул жерге кар да токтобойт. Кар токтобогон соң нымдын да сакталары күмөн. Суу, ным болбогон жерде өмүр да, жашоо да, көрк да жок. Ал жерде ызылдап учкан бороон, мээ сызгырган аптап, кеберсиген жылаңач таштак гана өкүмүн жүргүзмөк.

Кыяга чыга качкан Бакас мына ушулар жөнүндө ойлонбоду. Ал тактайга айлануучу карагайдын араага таарылып баратканын элестеди. Жер-суунун келечеги менен анын эмне жумушу бар. Жулгандыкы жулган. Өзү тактай тилдирип алса болгону. Андан калганы анын жумушу эмес. Ал азыр жыккан карагайынын бутагын аарчыйт. Анан экиге бөлүп коктуга түшүрөт. Эми мына бул карагай Бакастын, жалгыз гана Бакастын карагайы. Калган дүмүрү, чамынды-кесиндилери, иши кылып калган эсеби кимге тиешелүү экени ал үчүн белгисиз. Бирок накта тактайлык карагайы аныкы экенинде талаш да болушу мүмкүн эмес.

Бакас ойлогонун ишке ашырып, чамындыларын агала кылбай жылмалап коймокко балатылардын арасына жашырды. Дүмүрүнө кара топурак жапты. Ал муну карагайбашыдан коркконунан жасаган жок. Ал аны өзүн аягандыктан жасады. Башка бирөө көрсө мага атаандашпасын деди. «Жок дегенде изиңди жашырып кетсең болбойбу?» деген жемени карагайбашыдан уккусу келбеди.

Бир иш бүтүргөнүнө ыраазы болуп мурда олтурган жерине келди. Жарым стакан аракты ыракаттанып олтуруп жутту. Анын артынан шам-шум этти. Булактын көк кашка суусунан бастыра жутуп, чандайып тойгон атын токуду. Күн батыштагы тоого жакындаганда ыкчам бастырып чыгып, аркы бетке түшүүчү жолго бет алды. Кырга бат эле жетти. Топ балатынын арасына атын бекемдеп байлады, куржун көзүндөгү дүрбүсүн тапты. Боосун мойнуна кынаптап арта салып шашпай жапысыраак асканын кылда учуна чыгып барды. Бул жерден чоң суунун аркы өйүзүндөгү карагайлуу беттер алаканга салгандай даана көрүнчү. Таштардын ачыгынан башын чыгарып дүрбүсүн көзүнө кармады. Төмөнкү коктудан баштап жогору карай байкоо салды. Шектүү караандарга атайын токтолуп үңүлдү. Дым эткен жандык билинбейт. Айрыкча карагайдын арасындагы ачыктарга үмүттөнүп токтолду. Бугу-маралдын кечки салкында, ал тургай күүгүм ченде отко чыгарын жакшы билчү. Борчуктардын колтугундагы табылгалуу карагандардан оттой кызарган бирин-эки элик-телкилер көрүнө калышы мүмкүн. Эки бетти тең түп көтөрө карап чыкты. Үчүнчү беттин башындагы асканын алдынан эликтин текесин байкады. Каны башына чыгып, жүрөгү дүкүлдөдү. Ал мергенчинин эзелки ышкыбоздуулугу. Алыс болсо да издегенин тапкан илбирстей ташка боортоктоп жымырылды. Беш-алты айры мүйүз келишкен чоң теке экен. Аны көңүлүнүн бир жак чөнтөгүнө кийинкиге кымырып коюп, дүрбүнү андан ары жылдырды. Карагай түгөнгөнгө дейре карады. Курман айткан бугунун дайыны билинбейт. «Калп айттыбы же аркы бетке ооп кеттиби? Бирдемеден чочуп келген бугу жаңы жерге оңойлук менен үйүр ала койчу эмес эле. Же жанагы эликтин текесин көрүп былжырадыбы?» Ар ойдун башын жоруган Бакас дүрбүсүн чоң коктунун таманындагы талдуу токойго багыттады. Көргөн көзүнө ишенбеди. Аркайган мүйүзүн жонуна салып, чоң сууну кечип өткөн укмуштуу бир бугуну көрдү. Ал бөтөнчө ак, жонуна кар сээп койгондой мүчөлүү болчу. Жүрөгү алып учкан Бакас андан дүрбүсүн айырбады. Күүгүмдөнө баштаган коктунун кара-боз уютмасынан ал ого бетер ачыла түшкөнсүп апаппак тартат. Караган-талдарды жиреп, денесинин суналып жогору чыгышы көзгө алда немедей сулуу көрүнөт. Ачыкка чыкканда бир саам кылчайып токтогонсуду. Башын көтөрүп, абаны искеп, теребелди тыңшагансыды. Бөтөнчө бир корулдаган жоон үнү өрөөндү жаңыртты. Ал мөөрөгөн кейиптенбеди. Арстандын арылдап турганына көбүрөк окшошту. Ушунча бейпилкор жаныбардын бөтөнчө кулакка чоочун үн чыгарып корулдашы биринчи байкаган адамга өтө эле өөн учурашы мүмкүн эле. Бугу көпкө көз салып турбады. Карагайлуу бетти этектеп жогору чыкты. Ортолоп келген ченде жаш балатыны бир-эки челип, башын маңыроо дагы көтөрдү. Артына тегеренип бурулгансыды. Жанагычылап дагы бир жолу үнүн чыгарды. Анан жогорку топ карагайга кирип көрүнбөй калды. Андан экинчи башбагып чыккан жок. Бакас көз байланганга дейре ошол топ карагайдан дүрбүсүн албады. «Кудай бере көр! Карагайдан чыкканы билинбеди. Жатагы окшобойбу. Эртең таң заардан башынан өңүт алуу керек. Ашууга кетчү жолун кесип таштасам кете албайт».

Ичинен кымылдаган Бакас көз байланганда жогору бастырды. Жогортон соккон суук шамал денесин чыйрыктырды. Куфайкасынын алкымын кымтыланды. Асканын алдындагы тик кыяга түшкөндө атын башкарбай ой-боюна койду. Илгеркилер айткандай өзү жол таап бассын, көңүлүн алагды кылбайын деди. Карагайдын арасына келгенде бутакка илине баштаган мылтыгын алдына өңөрдү. Такасынын мизи кете элек аты жаандан эзилген топуракка көп тайгалана бербеди. Жерден чыгып калган тамырларды аттап өтүп, кээде чала-моңол мүдүрүлө калып да жатты. Акыры барып аман-эсен ачыкка чыкты. Бирде коктуга кирип, кайра кырга чыгып, далай кечүүлөрдү кечип, акыры чоң сууга жакындаганда карагайлуу токой түгөндү. Эми кең төрдүн шибер каптаган түзөң шекилдүү этеги башталды. Түз жерге чыкканда мылтыгын кайра асынды. Чылбыр-тизгинин ээрдин кашына илип таштап, үшүй баштаган колун чөнтөгүнө салды. Жылыган манжалары менен чөнтөгүнүн түбүндөгү тамекинин күкүмдөрүн эрмекке укалап өзүнчө ойдо. «Он, он эки айрыдан кем эмес. Накта эти эки жүз килограммдан ашпаса, кемибейт. Сүрсүтүп алсаң кыш бою май чайнап чыгасың. Кармалып калып ит болбогой элем. Бпр бугу атам деп миң сомдон ашуун акча төлөсөң... Тим эле тыйыным ыйлап кетпейби».

Бүткөн бою жаан тийген суунун бетиндей дүүлүгүп барып басылды. Каны кызып тамеки тарткысы келди. Бугунун жыт алып калышынан чочуласа да, тоо арасысынын кеңдигине ишенди. Суунун аркы өйүзүндөгү бугуга жыт жеткичекти абага тарап жок боло тургандыгын болжолдоду. «Памир» сигаретинен бирди оозуна кыпчып, атынын жалына өбөктөп тутантты. Удаа эки-үч курдай сорду. Анан жаңкы оюн дагы улантты. «Ушул тоонун арасына ким келет дейсиң. Корукчуң азыр жакада акыйып телевизор карап олтурган чыгар. Бирди-жарым малчы аттуу жолукпаса... Аныңдын жарасы жеңил. Бир санын кармата салсаң кудуңдап жолуна түшөт.

Жеген ооз желим деген ошол. Андан көрө Кара-Үңкүрдүн алдына жетип уктап алайын».

Чоң кечүүдөгү суунун аркы өйүзүнө өттү. Аскалуу беттин этегиндеги талдын арасына кирди. Атын жалгыз карагайга аса байлады. Кечке оттоп тойсо да, аты чөп кубалап ачыкка чыгып кетиши ыктымал эле. Өзү эки чоң талдын ортосундагы бешик жон ачыкка кыйшайды. Айбандан башка адамдын буту баспаган ээн жыбыттын арасы коркунучтуу болчу. Мындайдын далайын көрсө да, аны белгисиз бир жырткыч басып жыгылчудай сестенип көпкө уктабады. Удургуп коктуга түшкөн шамал жыбыттын талдуу токоюн уйпалап өттү. Бакасты жансыз айбанат басып жыгылгандай ыргып турду. Куюндаган шамал андан аттап өтүп, ылдыйкы коктуга төгүлдү. Анын деминен жүгүнүп барып оңолгон караган-бадалдар жоолугун оңдонгон келин-кесекке окшоп эрбеңдеди. “Ата-бабаңдын... — жүрөгү ордуна келген Бакас ичинен сөгүндү,— уктатпайт ко, бул”. Соксоюп олтуруп түн шоокумун тыңшады. Жанында жаткан мылтыгын дагы берирээк жылдырды. Ашуу тараптан урган шамалдын алды төмөнкү карагайга жеткен шекилденди. Чоң сайдын күүсүнө аралаш шуулдаган дабыш аскага жаңырыктады. Токой үшкүрүп ойгонгондой күңгүрөндү. Күбүлгөн жалбырактар шыбыргак кагып барып желдин агымына кошо сойлоду. Кургай баштаган жалбырактар чочуп уча качкан түмөн таранчыдай «дуу» деп жыбыттан дагы көтөрүлдү. Анан кыргый тийгендей сайдын таманындагы караган буталардын коюн-кончуна удургуп барып кирип кетти. Бакас жамынып жаткан көрпөчөсүн көкүрөгүнө тартты, кайдадыр бир жактан шуулдап агылган шоокумду тыңшап көктү тиктеди. Аба ырайынын бузула баштаганынан улам жакындап келаткан кыштын кабарын баамдагансыды. Жүрөгүнүн козголо түшкөн үшүн басмакчы болуп бөтөлкөнүн түбүндөгү калган аракты жутту. Башын ээрине жаздап, асмандын түпкүрүндөгү жылдыздарды түгөлдөп санай баштады. Көк кууп жайылган үйүр-үйүр кайберенге окшогон Үркөр, жуушап токтогонсуган Жетиген, үркүп баратып кылчайгансыган Үч-Аркар ааламдын алайган карегинде денесин калтыратат. Ошол каректеги жылт-жулт эткен от Бакасты арбап көз кысып жаткансыйт. Эмнегедир кооптоно баштаган Бакас жанагы бугудан шек санай баштады. «Кайберен жарыктыктын кайтарганы болот деди эле жанагы Курман, ак бугу ошонун өзүбү? Э, койчу, болбогон жорукту баштабай, коркконго кош көрүнөт болуп атканым го?».

Арактын күчү денесине сиңгенде корккону басылып калды. Көзү көөнөрүп барып таттуу уйкуга мемиреди. Көп деле тынч алып уктабады. Көңүлүнө баткан окуялар үзүк-үзүк болуп түшүнө кирди. Аягында барып артынан ээрчип калбаган Ак Бугуну көрдү.

... Жайлоонун башы жетилген кези экен. Гүлдүн көптүгүнөн чачырап көзү адашат. Жылаңаяк, жылаңбаш, белден келген шиберди кечип чуркайт. Баягы мектепте окуп жүргөндөгү курагы. Бир маалда нарытан ак көйнөк кийген Жыпарды көрөт. Көпкө чейин көрүшпөй сагынып калган өңдүү көрүнүш. Акырын артынан акмалап барат. Кыялында чочутуп ойногусу бар. Жаңы жеткенде Жыпар тура качат. Канчалык кууса да жеткизбейт. Улам жакын калганда жаа болуп созулат. Акыры кыз күйүгөт. Токтоого аргасыз болот. Эки жагын караса эч ким көрүнбөйт. Билектен кармап өпкүсү келет. Бери тартканда ак бугу болуп кубулат. Мүйүзүн кезеп артынан кубалайт. Антаңдап качып баратып аңгекке тоголонот. Дүбүрөп үстүнөн өткөн бугудан бети-башын калкалап жансоога сурайт...

Чочуп ойгонгон Бакас бетине күбүлүп түшүп жаткан жалбырактарды тутамдап ыргытты. Ыргып туруп мойну-башынан бери күбүндү. Түндөгү жылдыздардын бирин да таппады. Жарыктын шооласына сугарылган булуттарды гана көрдү. Көрпөчөсүн бүктөп, атын алеки саатта токуду. Анан мылтыгын октоду. Болгон патрондорун куфайкасынын чөнтөгүнө салды. Үзөнгүгө шак бутун илди. Ээрге олтурары менен теминип жыбыттын таманына түштү. Жүрүп олтуруп башкы карагайдын желкесине токтоду. Атын кайкынын белиндеги балатыга таштап өзү борчукту айланып өттү. Күн чыгып калгандыктан эртерээк өңүт алууга ашыкты. Шамал бугу тараптан келгендиктен жыт алдырам деп чочубады. Шыбыш бергенден чочуп жер тандап басты. Алдыдагы дагы бир кырды арта салуу керек болчу.

Бакас кадуулап олтуруп кырга чыкканда түндүк чыгыш тарабынан көзгө тааныш Ак Чокуну көрдү. Ал туш тарабы тик жылма, мойнуна булуттан шакек кийип апаппак, алкымынан күмүш таажысына чейин баланын көңүлүндөй таза, өмүрдүн үмүтүндөй кол жеткис бийик болчу. Көңүлү кир нерсени көкүрөгүнөн жогору өткөрчү эмес. Ал ошондой ыйык, таразадай калыс, баарынан улук, дасторкону жайыл, улукман эле.

Ошол Ак Чокудан мерген жолунун ачылышына бата сурагансып бир көз ирмем жалт карап алды да төмөн кыяга түшө баштады.

ҮЧҮНЧҮ БАШТАЛЫШ

Жамандык бышып жетилгенге чейин каардуу да жакшылык көрүшү мүмкүн. Бирок жамандык бышып жетилген кезде каардуу каардуулукту гана көрөт. Жакшылык бышып жетилгенге чейин жакшы да жамандык көрүшү мүмкүн. Бирок жакшылык бышып жетилген кезде жакшы жакшылыкты гана көрөт.

«Жаммапада» китебинен. Биздин эрага чейинки VI—II кылым. Байыркы Индия адабияты.

Карышкырлардын качырып сала бериши бугу-маралдар үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Алдындагы көк жал адеп четтеги маралды беттеди. Марал түйүлүп артына жалт берди. Анын артынан экинчи марал, анан үчүнчүсү жогору дыр койду. Ак Бугу качкан жок. Он эки айры мүйүзүн жерге салып көк жалдын алдынан тосту. Көк жал ойт берип, андан ары карай, маралдардын артынан түшмөкчү кейиптенди. Бирок бул ою ишке ашпады. Көк жал кайда буйтаса Ак Бугу ошол жакка мүйүзүн салып туруп алды. Үйүрдүн ээси болгондон кийин өзүнүн калканыч милдетин өтөгөнсүдү. Мындан көк жалдын ниети кайтпады. Мүйүздүү бугуну жыгуу ага оңойлукка турбасын тажрыйбасынан жакшы эле билчү. Ошондой болсо да артында турган канчыгын бир карап алып Ак Бугуну пастап-пастап тооруй баштады. Маралдар коруктун түпкүрүнөн чыгып наркы кырдагы карагайга кирди. Канчык карышкыр көк жалдын көз карашын түшүнгөндөй Ак Бугунун артынан чыкты. Ак Бугу кайсалап тегеренди. Оңтоюн сезген көк жал атырылып тамакка качырды. Аракетине жараша көздөгөнүнө жетпеди. Сүрдүгүп барып жалаңдаган мүйүздөн араң дегенде кутулду. Канчык учурдан дароо пайдаланды. Ак Бугунун артынан келип такымга жармашты. Тишин салууга үлгүрбөдү. Көз ирмемде Ак Бугунун мүйүзүнө кире түштү. Ак Бугунун матап эзгенге мүмкүндүгү болбоду. Бир жак ыпта тарабындагы көк жалдан алаксыды. Анткен менен канчыктын өпкөсүн өзөртө сүздү.Дагы бир ирет качырган көкжалды ыкчам айбаттуу каршы алды. Куйругун такымына кыпчыган канчык жалтактап чыга берди. Жеңиштин жышаанын сезген Ак Бугу көкжалды сайдын таманына чейин жеткире кууду. Көк жал ойт-буйт берип жеткирбеди. Куугандан тажаган Ак Бугу маралдары кеткен тарапка карай басты. Аздап барып арышын таштады. Узаганда жаанын огундай куушурулуп сызды. Эми ал бугунун ылдамдыгына ишенди. Эртелеп көк жалдан алыстап кеткиси келди.

Көк жал муну өзүнчө түшүндү. Качкан бугуну кууп жетүү керек болчу. Анын үстүнө бир жумадан бери наар алган эмес. Эки күн бою тоону тинтип жүрүп араң тапкан бугуну коё берүү көк жалга кечиримсиз эле. Көк жал алыстап бараткан Ак Бугунун артынан түштү. Жел менен келген бугунун жыты шилекейин чууртту. Көзүнө ысык кан аралаш жылуу эттин тааныш элеси көрүндү. Какап-чакап көөнү кангычакты сугунгусу келди. Ал жакшылык, жамандык деген түшүнүктөн дегеле алыс. Дүйнөдө бир гана нерсени билет. Көздөгөнүнө жетсе жашайт, тоюнат, жеңе албаса ачкадан өлөт, жоголот, жер менен жексен болот. Ошондуктан кууп жетүү керек, жетпесе да жеткенче аракет кылуу анын айбандык парсы. Азыр жетпесе анан жетет, анан жетпесе кечинде жетет, кечинде жетпесе анын эртесинде жетет. Иши кылып баары бир жетет. Бул сезим көк жалдын тубаса дити, анын кан-жанына жедеп сиңген адаты.

Ак Бугу төш таянып барып артына бурулду. Коктудагы таштардын арасынан ээрчишкен карышкырлардын дүмпүгүй караанын даана көрдү. Алар башын төмөн салып өжөрлөнүп чуркап келатышкан. Ак Бугу тик өйдө салды, кырга чыкканда дагы бир ирет токтоп карады. Анан аркы беттеги карагайга кирди, андан экинчи беттеги карагайга чыкты. Балатылардын колтугуна энтигип келип токтоду. Карышкырлар кырдан ооп түштү. Ак Бугунун изин жыттап карагандын арасына сүңгүдү. Карышкырлар көрүнбөй калган кезде балатыдан карагайга өтүп үчүнчү беттеги токойго ооду. Маралдарынын караанын издеди. Кайра артына бурулмакчы өңдөнүп арсарсып турду. Бирок өзүн өзү сактоо сезими аны коё жибербеди. Төрдөгү топ карагайга жашынып, куугундун каңшаарын тыңшап калды. Андан ары качкысы келбеди. Эгер карышкырлар изин таппай адашса кайра маралдарын издеп таап алмак. Деми басылганда оттоп да көрдү. Оттоп жарытпады, коркунучтун күүсү сак болууга чакырды. Кулагын келген жагына карай буруп, тикийген калыбынан жазбай чоочун добушту күттү. Бир маалда чөп-чардын, майда чегедектин билинер билинбес сынып жапырылган шыбышы угулду. Денеси шибеге менен сайып алгандай жыйрылды. Карышкырлардын төмөнкү карагайдан ага карай келатканын тааныды. Артына кайрылууга болбой калганына көзү жеткенден кийин дегеле алыстап кеткени оңдуу көрүндү. Тынып алган неме топ карагайга далдаланып андан аркы коктуга түштү. Карагайдан карагайды аралап, коктудан коктуга, кырдан кырга чыкты. Бир топко дейре тыным албай жүрүп олтурду. Эң акыры карагайдан чыга бергенде ачык адырларды, анын артындагы жылаңач беттерди көрүп кайра бурулду. Ээн, ачык жерге чыгуудан чочуду. Анын калканычы, үйү, өлөң-төшөгү, жайыл дасторкону ушул карагайдын арасы болчу. Чоочун коктулардын жер шартын билбеген неме төмөн, калың караганга карата чуркады. Андан ары жүрүп олтуруп адашкан үйүрүн тапмак. Жаңы эле бай карагайдан өткөндө кимдир бирөөлөрдүн карагандын түбүнөн жабылып тура калышканын баамдады. Адамдардын көптүгүнөн жалт берген Ак Бугу кайда качарын билбей түз эле жанагы чоочун ачык адырга беттеди. Ачыкка чыкканда тыным алганын таштады. Туристтердин кызыгып карап турушканын да баамдабады. Бирөө шыйрактан кармап кала тургансып кырга чыкканча токтободу. Кырга чыкканда гана алыскы суунун боюнда көк-жашыл калың токойду көрүп эс ала түшкөпсүдү. Ага жетиш үчүн да бир далай ачык, таштуу адырларды басып өтүү керек. Бул жердин Киши-Түргөн экенин ал кайдан билсин. Кара терге түшкөн Ак Бугу түш ооп калган ченде карагайдын башына жакындады. Кырдан суунун боюна түштү. Коктудагы чыйырга жеткенде борчуктан эки атчан көрүндү. Адамдын кыйкырган үнүнө удаа, абалап үрүп кууп берген иттин өжөрлүгү жан алакетин чыгарды. Коктунун ичи кууш болчу. Кайра кырга чыга албай турганына көзү жетти. Эмнеси болсо да түз эле ашууга салды. Өмүрүндө мынчалык корккон эмес чыгар. Улам барган сайын каргаша кырсыктардын көбөйө баштаганы тынчын ого бетер кетирди. Ит аны ашуунун алдына чейин кубалап барды. Айласы түгөнгөн Ак Бугу өжөрлөнүп жатып бийик ашуунун аркы тарабына түштү. Ал ушул азыр Аманжол ашуусун ашып түшкөнүн, эчак коруктун чек арасынан чыгып Түргөндүн үч суусун кескенин, малчыларга туш болгонун акырында уйчунун ити кубалап качырганын билбеди.

Суу бойлоп төмөн түшкөн Ак Бугу жолдун жарымына келгенде оңдогу жапыс кырга чыкты. Адеп анын көз алдына маңдайдагы ыңкыган калың карагай урунду. Ага баарыдан мурда да ошол калың карагай керек эле. Калган тоо-таш, агын суулар, адырлар аны көп деле кызыктырбады. Күн тоо артына жашынып, теребел кечки көлөкөнүн канатына кымырылды. Күйүккөн Ак Бугу оозун араандай ачып тынымсыз акактап жатты. Эмнеси болсо да эртерээк карагайга жетүү керек. Ташка көнбөгөн неме ташыркап аксай баштады. Таш болбогон күндө деле аябай чарчап-чаалыккан. Мынчалык азапты өмүрүндө көргөн эмес. Челектин суусуна жеткенде денеси жазылгансыды. Шаркырап-күркүрөгөн көк кашка суудан тизелей калып шимирди. Жуткан сайын суусуну канбагандай кайталады. Өйдө болуп элеңдеп эки жагын иликтеди. Бул жерден суунун аркы өйүзүнө өтүүгө болбой турганына дилинде көзү жетти. Суу өрдөп жогору чуркады. Күүгүм киргичекти кечип өтүүгө шашты. Бир топко дейре чуркап жүрүп олтурду. Жапыс тумшукка жете бербей алдын тосуп калган эки дөбөт итти көрдү. Жанагы иттерби же башкасыбы, иликтегенге үлгүрбөдү. Кокусунан качырып сала берген немелерден жалт берип сууга секирди. Суунун ортосуна жеткенде аласалып кетти. Шашып калгандыктан ыңгайсыз жерине туш келгенин билет беле. Таштардын арасына илинип-сүрүлүп олтуруп шаркыратмага кулады. Бат эле чумуп чыгып наркы жээкке жан талашып жүткүндү. Бутуна бирдеме илинген окшоду. Жээкке жетип-жетпей башын чымга жаздады. Эси ооп барып оңолду. Кылчайып көз кырын таштады. Сууга агып бараткан дөбөттү көрүп чочуп кетти. Акыркы күчүн жыйнап жээкке жармашты. Бутунун узундугу, булчуңунун чыңдыгы гана жээкке алып чыкты. Барыдан мурда артына дагы кылчайды. Агып бараткан көк дөбөт берки жээкке чыга албай төмөндөп барып аркы жээкке эптеп чыккансыды. Бет маңдайынан каңшылап оозу-мурдун жаланып турган экинчи итти көрдү. Денеси жыйрылып ичиркенди. Экинчи артын карабай улуу токойду көздөп арышын созду. Ак Бугу алыстаган сайын иттер ары-бери чуркап кайсалашты, күкүктөп агып жаткан чоң сууга наалат айтышкандай арсылдап үрүп жиберишти.

Ак Бугу токойго киргенден кийин да бир топко дейре токтободу. Калың карагайдын эч ким жете алгыс түп күрүнө келдим дегенде гана арымын басаңдатты. Оттогонго чамасы келбей кез келген караган-бутага урунуп-беринди. Сөөк-саагы сыздап ооруп, дене-бою калчылдады. Бир нече саат чердин ичинде сулк жаткандан кийин гана эптеп туруп ошол эле тегеректен курсагын тойгузду. Анан кайра орун которуштуруп жатты. Чарчап-чаалыкканынан улам көпкө дейре уктай албады. Түн ооп калган ченде барып көзү сүзүлдү. Ээн, чоочун токойдун арасы суук, нары коркунучтуу болчу.

Жерге жарык киргенде жогору баштанып оттоду. Түнкү эс алуу, эртең мененки ширелүү чөп кичине күч киргизди. Кеч күзгө дейре эттенип алган Ак Бугу кечээки азабын бат эле унуткан сыяктанды. Күзгү кууттун белгисиз чакырыгы аны бардык кыйынчылыктан алаксытты. Өз үйүрүн эстеди. Маралдары ушул эле тегеректе күтүп жүргөндөй тынчсызданды. Челектин бейкут токойлору коруктагыдай эле көңүлүнө жакын, тааныш өңдөнүп көрүндү. Тамагы кургаганынан улам суусап чыкканын билди. Коктудан агып жаткан суунун дабышын иликтеп басты. Кырдан ашып түшүп төмөнкү коктуну тиктеди. Көз кырын андан ары жиберип, маңдайдагы карагайлуу беттен сууга түшүп келаткан маралды көрдү. Ал өзүнүн үйүрүндөгү кара көз маралга куюп койгондой окшош, кара күрөң, сыйдаң мүчөлүү болчу. Канталаган көзүн бакырайтып, оозунан чубура баштаган шилекейин тили менен эки-үч имерип алды. Марал анын минтип чыдамсыз күтүп турганын байкоого албай келаткан багытын уланта берди. Сүлкүлдөгөн соорусун калың талдардын арасынан суусардай сууруп чыкты. Саргара баштаган шиберге эки колун аяр таштап чоң сууга жакындады. Ушуга чейин араң чыдап турган Ак Бугу оозун араандай ачып, боюнан ашып-ташып бараткан күчүн кимден чыгарарын билбей, ныгыра басып турган топуракты туягы менен чапчып омуруп алды. Марал суу ичип жаткан он алты айры бугунун жанына келди. Элеңдеп эки жагын карап, алда нерседен шекшигендей Ак Бугу тарапка башын көтөрдү. Экөө бир паска тиктеше калышты. Ак Бугу андан ары чыдадабады. Он эки айры мүйүзүнүн түбүн кимдир бирөө кытыгылап жибергендей башын силкип-силкип жиберди, марал турган жакты карай антаңдап арышын керди. Колдун салаасындай шыгыраган карагайды аралап өтүп, тамандагы талга келгенде кадамын токтотту. Суунун аркы өйүзүндөгү ачыктан аны таңыркагандай карап калган алиги бугунун сүрдүү кебетеси көрүндү. Ал алда немеден шек санагандай маралды имере кубалап, тайманбай төмөн түшүп келаткан Ак Бугуга аркайган мүйүзүн чулгуду. Ак Бугу анын бул эскертүүсүнө көңүл бурбады. Денесин тыткан караган-черди жайык төшү менен жапырып ачыкка чыкты. Эми ал кечүү издеп суу өрдөй жогору салды. Он алты айры карт бугу бирде аны тосо чуркап, бирде нарытада калган маралга кайрылып бушайман түштү. Ак Бугу анын ушул абалынан пайдаланды, эки-үч секирип суунун аркы өйүзүнө өтө баштады. Он алты айры бугу чуркап келип сууга чыга берген Ак Бугуну моюн талаштыра сүзүп калды. Ак Бугу майыша түшүп, жыгылып баратып тизеледи. Он алты айры бугу аркайган мүйүзүн кайра тартып алып, экинчи жолу бөйрөк талаштыра өлтүрө сүзмөккө комдонду. Ак Бугу эптеп бутуна туруп, жакындап калган мүйүздөн ойт берип чоң ташты айлана качты. Күүсүнөн токтоно албаган он алты айры артына бурулгуча Ак Бугу денесин жазганга үлгүрдү, атаандашын чымырканып тосуп алды. Күчүнө ишенген карт бугу да качырып сала берди. Ал үйүрүнө кол салган ээнбаш Ак Бугуну мыктап туруп жазалоого шашылды. Өмүр бою эсинде кала тургандай кабыргасын кайыштырып, жанына экинчи жологус кылууну чечти. Ак Бугу кандай да болбосун анын каарына туруштук берип, кашык каны калганча кармашып өлүүгө бел байлады. Ортодо табийгаттын ажайып дүйнөсү жараткан кара көз марал бар эле. Ким күчтүү болсо анын айныбас жолдошу болмок. Алар мына ушул максат менен жарыкчылыкка бир гана жолу келе турган өмүрүн кыйышмак.

«Карс» этип коктуну жаңырткан үн теребелди чыйрыктырды. Куураган арчадай калдайган мүйүздөр кармашты, тарамышка тартылган моюн омурткалар майышты. Биринин мойнун бири бурап, асты менен күч сынаша маташып, атаандаштар алаңдап туруп калышты. Оңой эле беделин кетирем деген карт бугу беркинин алдыра койбосун сезди. Мүйүзүн араң дегенде чыгарып алып, «эми шашпай кармашалы» дегендей артына кайрылды. Эми алар мурдагыдай шашылышпады. Кандайдыр бир атам замандан келаткан күрөштүн тартибин сакташкан балбандарча ары-бери чамгарактап басышты. Ар кимиси өзүнчө башын чулгушуп, кайра бурулуп келип катуу кагыша калып жатышты. Арткы буттарына таканчык болгон кумдуу топурак жуурулушуп, заматтын ортосунда аянтча айдоого айланды. Булчуңдар таш болуп түйүлүп, чанагында тегеренген көздөр ок болуп жерди теше тиктеди. Көз ирмемде карт бугунун салмагына туруштук бере албаган Ак Бугунун денеси артка жылмышты, буттары үзүлүп кетчүдөй титиреп барып сыйгаланды. Жеңиштин жышаанын сезген карт бугу дароо салмагын беркиге оодарып ныгырды. Бирок Ак Бугунун жылып бараткан туяктары ташка такалды. Ал андан кубат алгандай чыйрала түштү. Ныгыра берип талыкшый түшкөн карт бугуну чукулунан бурап силккенде тиги аз эле жерден сууга кулап кете жаздады. Ак Бугу бошой түшкөн мүйүзүн жулуп алды, жана бир тындырбай кагып калганда карт бугунун сол көзүн он эки айрынын бирөө олуп түшүрдү. Көзүнөн от чагыла түшкөн карт бугу этинин ооруганына чыдабай өңгүрөп жиберди. Жан талашып ордунан ыргып турду, бир паска эмне кыларын билбей дендароо боло түштү. Жана бир сүзүп өткөн күч аны биротоло оодара жыкты. Ак Бугунун курч мүйүзүнүн найзалары анын сол капталын калбырдай тешип таштады.

Кармаштын кызыгынан өзүн жоготуп койгон Ак Бугу тигинден башын алды. Калчылдаган денесин жазып, өпкө-өпкөсүнө тийбей күйүгө дем алды. Камырдай жуурулушкан сайдын боюнда тилин салып, бирок карт бугудан көзүн айырбай карап турду. Карт бугу эсине келбеди, эки-үч курдай жер чапчып барып теңселип чөгөлөдү. Күтүлбөгөн жерден Ак Бугу денесин жыйрып, калтылдап араң турган бугуну талдын түбүнө жапшыра сүздү. Карт бугу бул сапар каршылык көрсөтө албады. Болор-болбос онтоп, талдын бутактарына чырмалыша түшкөн мүйүзүн тартып алууга чамасы келбей, арткы бутун суунун агымына салган бойдон кыймылсыз кала берди. Көзүнөн сызылып кан агып, кумдан чыгып турган талдын тамырына башын койду. Анын онтоп дем алганы болбосо, эчак жан берген өлүк катары саноого болор эле. Карт бугунун экинчи каршылык көрсөтө албастыгына көзү жеттиби же ага жансоога бердиби, ким билет, Ак Бугу мүйүзүн жогору көтөрүп, нарытада селейип карап турган маралды кечүүгө имере тартты. Марал ойт берип качып, карт бугунун тушуна келгенде аны тикирейип карап калды. Ошондо Ак Бугу аны аяр сүзүп, сууга карай түртүп жиберди.

Шаркырап агып жаткан суудан ичиркене марал эки-үч секирип аркы өйүзгө өттү. Анын артынан сууга Ак Бугу да түшүп, жээкке чыкканда маралын биринчи искеди. Эмнегедир «а-ау» деп бир ирет корулдап үнүн чыгарып, элейип карап туруп калган маралды алдына салды. Жана келген жагына карай арыштап жүрүп берди.

Ак Бугу чарчай түшкөнүнө карабастан мурда баамдаган жеңиштин аземдүү сезиминде баратты. Анын мындан аркы жашоосу кандайдыр бир жаркын мааниге ээ болгондой туюлду. Ал мындан ары жалгыз жашабайт. Кайрадан жашоонун туткасын улантып, мынабу маралды түбөлүк жанына караан тутат. Ушул ойго анын жүргөн-турганын көргөн адам сөзсүз келмек. Кеч күзгү тынчтыкты туякка илээше калып шуудураган жалбырактардын үнү бузбаса, теребел уйкуга магдырап жаткандай бейпил. Караган-буталарды белгисиз бир сүрөтчү кызгылт боёкко малып кеткендей жалындап күйүп турат. Ага тутанып дене да күйгөндөй алоолонот.

Жана сайдын таманын карап турган жерге келгенде Ак Бугу артына дагы бир кылчайып карады. Талдын түбүндө жаткан карт бугунун караанын байкады. Көңүлү ого бетер тынчып, кырдын аркы тарабына ооп көрүнбөй калды. Аркы бетте бу беттегиден да калың карагайлуу чоң кокту созулуп жаткан. Төмөндөп бетегелүү ачыкка чыкканда Ак Бугу маралды тосту. Мындан ары эч кайда барышпай турганын билдиргендей башын жерге салып ишарат жасады. Маралдын оң капталына жанаша калып, тумшугун анын сыйдаң мойнуна сүйөдү. Марал адегенде чоочуркагандай денесин качырды. Бирок жөнү жок оолактай да бербеди, чоочун бугунун эркек жыттанган денесин искеп жибий түшкөнсүдү. Алар жаңыдан тааныша башташкандай бирин-бири жакындан ыкташып жытташты. Денени чымыраткан эзелки бир сезимге дуушар болушкансыды, кези келгенде кашына да кетишкендей болушту. Ушинтип алар бир бүтүм чечимге келишкен окшоп, көздөрүн сүзүп, жоошуй түшкөн кейиптеништи. Мына ушул күндөн баштап кайда барса да сыягы чогуу жүрө турган өңдөнүштү. Калың карагайлуу токой аларды өз короо жайындай жашырды. Экөө жат көздөн өзүлөрүнүн сүйүү курагын далдаалашып, табыйгаттын сырдуу лаззатына көздөрү тунарды. Ошол күнү Ак Бугу кирген чоң суудай шаркырап ашып-ташып турду.

Жылдын бул мезгилинде адам буту баспаган тоо арасы сүрөттөп бергисиз керемет эмеспи. Чокудан туруп караган адамга кыяктын каттамасындай салаа-салаа тарткан коктулар жерди кучактап уктап жатышкансыйт. Чертсең шыңгырап сынып түшчүдөй тунук абанын көз айнеги үстүнөн боз үйдөй көмкөрүлүп турат. Анын жытына мас болуп сен дагы чырым этип алгың келет. Ал денеңден дары-дармектин, квартираңдан ала келген токсон тогуз түрлүү химикаттардын жыт-жыбырын биринчи даражадагы кир жуугуч машинадан жүз эсе артык тазалап бере алат. Биздин даңкан кагып бараткан учкул заманыбызда ушундай бейиш-төр жерлердин алиге сакталып калганына бир эсе таң калсаң, бир эсе миң мертебе ыраазы болосуң.

Ак Бугу азыр мына ушундай жердин бир колтугунда сүйүү курагын өткөрүп, түнкү асмандын бир жак өңүрүндө илинип турган айдын кал түшкөн бетин таңыркап карап турду. Адамдын айга эчак эле барып конгону ага белгисиз. Бир маалда ошол ак саргыл айдын бетин тытылган тыбыттын үзүндүлөрү каптап, ал аны тазалап аарчып жаткандай жылбышып чубура берди. Ак Бугуга булут айды аарчып жатпастан, ай булуттарды жиреп сызып бараткандай сезилди. Марал бай карагайдын түбүндө жерден чыгып турган эки жең тамырдын колтугунда көшүп жуушап жаткан. Ак Бугу тумшугун көтөрүп, ашуудан уруп турган салкын абадан карышкырдын заар сасыган жытын сезип жыйрыла түштү. Ал жыт бирде жоголуп, бирде кайрадан пайда болуп, алыстан келип жатканы сезилди. Жалгыз жүргөн кезинде ал бирден жолуккан карышкырдан анчейин корко берчү эмес. Он эки айры мүйүз аны нечен карышкырдан сактап калганы эсинде. Эми ал жалгыз эмес. Анын жанында беймарал жуушап жаткан кара көз маралы бар. Маралы болсо жүрөгүнүн алдына дагы бир кайберендин тукумун жаңыдан түйүп жан бере баштаган.

Ак Бугу маралдын жанына келип, ага жароокерлигин билдиргендей тумшугунан жыттады. Кайра алда немени сезгендей кулагын желге тосту. Жакын арада коркунуч туудурчу эч нерсе деле билинбеди. Баягы эле көнүмүш карагайдын желге болор-болбос жышынганы, кокту ылдый куюлган желдин илеби, теребелди жаңыртып тынымсыз бир түрдүү шоокум бураган чоң суунун агымы. Анда-санда жем издеп учуп-конгон үкүнүн карааны балатынын бутактарынын арасынан далбактап көрүнө калат.

Тынч алган Ак Бугу маралга куйрук улаш жата кетти. Көзүн жумуп, алда немелерди эсине түшүрүп жаткансып жуушай баштады. Түндүн сыйкырлуу канатына оронуп, жанында жаткан маралынын жакындыгын сезди. Уйку-соо арасында кепшеп жатуудан артык нерсени өмүрүндө көрүп билбеген жан эмес. Ал ушул калыбында таң куланөөк тартып калганга чейин кепшеди.

Таң шооласы наркы кырдын артынан сөгүлө баштаганда ордунан туруп, маралын ээрчитип бетегелүү ачыктан от чала баштады. Кыроо каптаган чептүн ширесин чыгара чайнап, жерге жарык киргенге дейре бөйрөк торсойто тоюнуп алышты. Эми сайга түшүп суу жутуп, ордуна кайра тартуу керек болчу. Маралын ээрчитип төмөн коктуга түшө баштаганда Ак Бугу берки секиде соксоюп олтурган канчык карышкырдын караанын көрдү. Жалт берип артына бурулду. Карышкырдын канчыгы артынан түшпөй таштын коңулуна жашынды. Аңгыча болбоду, жогору топ карагайдын колтугунан дөбөт карышкыр качырып сала берди. Эң алды курчоодон кутулуп чыгуу керек өңдөндү. Чыйралып табына келе түшкөн Ак Бугу капталга салып арышын керди. Бир аз бара түшкөндөн кийин маралды алдына салды. Калың карагайды аралап ашуу тарапка зымырап чуркады. Маш болгон карышкырдын бирөө жогортон кубаласа, экинчиси — канчыгы ылдый жагынан калбай келет. Арышы кең Ак Бугу маралын акмалап алеки саатта карагайдан чыкты. Биринчи кырды ашып өтүп экинчи беттеги калың карагайга кирип көрүнбөй калышты. Ак Бугу демин ичине тартып, топ карагандын тушуна жеткенде артта калган алиги карышкырлардын куугунун иликтеди. Көзгө эртелеп көрүнөр бекен деген үмүттө үзүлүп тиктеди. Жерге алда качан жарык кирип калган. Кырдан ашып түшүп, алардын изинен калбай төмөн түшө баштаган көк жалды тааныды. Маралын экинчи коктудагы топ карагайга ээрчитип кирди. Эми ушул жерде туруп көк жалды күтүү керек болчу. Анткени, андан ары карагай түгөнүп, табылгы-караган аралаш майда токой башталмак. Балким эми карышкырлар таппай калар деген үмүттө бир кыйла күтүп турушту. Бир оокумда алиги карышкырдын экөө тез желип-жортуп дагы эле изден калбай келе жатканын көзү чалды. Ак Бугу эмне кылар айласын таппай бушайман түштү. Артка бурулуп кайра тартуу мүмкүн эмес. Айласы түгөнгөндө топ карагайдан чыгып, алиги табылгалуу караганга карай арышын таштады. Ачыкка чыккан карышкырлар күн тоодон чыгып калган ченде бугуларды кууп жетишти. Аскага камап аздап кол сала башташты.

Мүйүзүн жерге салган Ак Бугуга биринчи болуп жалын үксүйткөн көк жал карышкыр тап берди. Бугунун тамагына кантип жармашуунун амалын таппай ары-бери чуркады, ачкалыктан кынжыйып турган ичин бооруна тартып жаланды. Бул баралына келип көк жал байлаган баягы ач карышкыр болчу. Аскага кетенчиктеп калчылдаган маралды Ак Бугу бүткүл денеси менен жаап тосту. Көк жалдын нечен курдай кол салуусу ийгилик бербеди. Эми алар экөөлөп качыра башташты. Кыйыр караган көздөрү канталап чекирейип, маралдын ысык канына тумшугун малганы турган көк жал жаалданды. Атырылып барып Ак Бугунун омуроосуна жармашты. Ач кенедей кадала түшкөн карышкырды Ак Бугунун курч мүйүзү челип ыргытты. Көк жал беш-алты кадам жерге барып аласалып оңолду. Кабыргасы кайыша түшсө да «кың» деп үн чыгарбады. Бат эле бутуна турду. Ак Бугунун дөбөт менен алек боло калганынан пайдаланып канчык маралды тамактан алды. Ак Бугу кайрыла калып канчыкты асканын коңулуна жапшыра сүздү. Мүйүзүнүн үч-төрт айрысы канчыктын ичеги-боорун тешип өттү. Салмагы кабыргасынын бир экөөн чорт-чорт сындырды. Канчык кызуусу менен мүйүздөн бошонуп чыкты, дөбөттүн артына жашынам деп баратып өзүнөн өзү томолонуп жумаланды. Жаратынын ооруганына чыдабай кыңшылап капталын тиштегиледи, турган ордунда уюлгуп чар айланды. Өзү менен өзү алек болуп калды, эмнегедир чайпала кетип да жатты. Дөбөт ага көңүл бурган жок. Маралдын тамагынан куюла баштаган кандан көзү өтүп баратты. Алдыңкы буттарын чыдамсыз тыбырчылатып, ашууну карай качып сала берген бугу менен маралдын артынан түштү. Өзүнүн жаратын өзү тиштеп, ийиктей тегеренип кала берген канчыгына кылчайып да карабады. Ысык кандын куйкум жытына мас болгон көңүлү аны ого бетер өжөрлөнттү. Ата-бабасынан калган жырткычтык сезими чындап алкымын агытты. Ашуунун алдына келгенде марал акактап жүрбөй калды, чубуруп агып бараткан канынын токтобогонунан алсырады. Солуктап туруп калды. Эми көк жал аларды мурдагыдай кез келди качырып сала бербеди, аралык сактады. Маралдын кансырап жыгыла турган учурун күттү. Ак Бугу кебелбей жатып алган карышкырды бир нече ирет качырып сүрдүктүрдү. Бирок ойт берип чыга берген көк жалга мүйүзү дал жетпеди, маралына каралап артына кайра-кайра кайтты. Барган сайын кансырай берген маралын алдына салып айдады. Кыламык кар жааган бийик ашуунун боорунда үч караан ээрчишип түш ооп калганга дейре бийиктей беришти. Ак Бугу мындай өжөр карышкырды мурда көрбөгөн чыгар. Эмне кылар айласын таппай, төмөн жакта созулуп жаткан тууган жерине көз кырын салды. Чөгөлөй калып калчылдаган маралын тумшугу менен жөлөдү.

Марал эң акыркы күчүн жыйнап обдулуп турду. Кар баскан ашууга кетүүчү чыйыр жолду карай жан талашты. Көпкө чыдай албады. Казандай ташты аттап өтүүгө чамасы келбей бөк түшүп жыгылды. Марал ыйлап жибергендей көз жашын чубуртту. Тумандай баштаган көзүнүн тушунан аны жыттап энтигип турган Ак Бугунун жылуу демин сезди. Мынабу карагайлуу өрөөндүн колтугунда төрт жай, төрт кыштын барагын алмаштырган өмүрүндө бир күн ыракат көргөнүнө ыраазы болгону шекилдүү. Айла канча, тагдырдын кылганына мойнун созду. Эң акыркы каны менен асыл жанынын кошо чыгышын, анын жашоо булагын берген жерге кайрадан сарыгып киришин күттү. Ал күткөн мүнөт да келди. Жашоонун булагы какшыды. Жана эле суналып бой керген кара көз марал заматта соолуган сулп этке айланды.

Ак Бугу көргөн көзүнө ишенгиси келбеди, төрт бутун сунуп кыймылсыз жаткан маралды түрткүлөп айланчыктады. Кандын жытына чыдабай жер чапчып өңгүрөдү, жанындагы таштарды туш келди ызалуу сүзгүлөдү. Анан акмалап аңдып жаткан көк жалды дагы качырып сала берди. Карышкыр каарына келген Ак Бугудан жаа бою дыргаяктап качты. Ак Бугу ашуунун алкымында калган маралына акмалап кайра келди. Бирок канчалык аракет кылса да марал ордунан козголбоду. Ак Бугу карышкырды маралга жолотпой кеч бешим болгонго дейре айланчыктап жүрдү. Өмүрүндө болгон бардык кайгы-муңун сызып ичинен төктү. Акыры маралдын оту өчкөн көзүнө армандуу бир карап алды да, карышкырдын маралга тиш салганын көргүсү келбегендей ашуунун белине атырылып чыкты. Ал эң акыркы жолу эки түнөгөн Челек өрөөнүнө көз кырын жиберди. Экинчи бул жерди көргүсү келген жок. Имерилишти айланып өтүп, ашуунун аркы бетинен алыста созулуп жаткан Ысык-Көлдүн көк жашыл өңүрүн көрдү. Маашыркап карап турууга анын көңүлүнүн уйгу-туйгусу мүмкүндүк бербеди. Узун чоң коктунун сол тарабындагы карагайлуу бетти көздөп салып уруп чуркады.

Мурда көрүп билбеген жерде туура жол табуу ага кыйын болду. Ар бир бурулушка келип токтоду, айлана-чөйрөгө көз салып карады, андан аркы багытын аныктады. Улам бир кырдан экинчи кырды иликтеп жүрүп олтурду. Күн бата жаздап калган ченде карагайлуу беттин четине келип жетти. Чоочун жер анын көңүлүн бушайман түшүрдү. Төмөндөп келген бөтөн жыт денесин үркүттү, ушул карарган токойдун арасынан аны дагы бир жаман жоруктар күтүп тургандай элеңдеп эки жагын карады. Эсине келип, таманынын алдында аркы беттегидей эле көк жашаң чөптүн жатканын көрдү. Ошондо кечке дейре тиши чөп учун ырымы кертпегенин эстеди. Саргара баштаган тулаң чөптөрдөн бурдап сугунду. Көңүлү бир жерге токтобой, уча качкан чымчыктардан өйдө жалт берип үрктү. Күүгүм киргенге дейре эптеп курсагын тойгузгансыды. Төмөндө шаркырап агып жаткан чоң сууга түшүп ичкенден чочуду. Капталдагы сызылып агып жаткан чакан булактан суусунун кандырды.

Күүгүм кирип көз байланганда калың карагайдын арасындагы чоң түп карагандын түбүнө боюн жашырды. Көпкө чейин тынч алып уктай албады. Табияттын коюн-кончу кенен экен го. Жер которуп келсе да бөтөн жерден калкаланар булуң-бурч тапты. Аркы беттегидей эле калың карагайга туш болду, аздап анын топурагына жытыкты. Артынан калбаган куугун дегеле болбогондой кепшеп үргүлөдү. Эзелтен ата-бабасы ушул жерди мекендеп келгенин туйгансыды. Аны курчап турган айлана-чөйрөнүн ага жакындыгын табыйгат сезимталдыгы баамдагансып турду. Асманды карады. Баягы калдуу чоң айдын карагайдын учуна илинип тургансыган ак жуумал жүзүн көрдү. Күздүн суук тарта баштаган демине кулагын тосуп, шырп эткен дабыш чыкса тура качууга денесин даярдады. Жарым эси уйкуга баш койгону менен, жарым эси жанын күзөтүп тургандай уктабады. Түнү бою чочуп түйшөлүп чыкты. Бирде түшүнө алиги карышкыр кирсе, бирде тура албай ашуунун алдында калган кара көз маралы элестеди. Шуулдаган шамалдын канатына көңүлү термелди. Жашоонун кызыгы кучагынан чеңгелдеп чыгарбай, көнүмүш адатынча таңдын куланөөк тартышын күттү. Кээде көзүн төөнөп бараткан уйкунун кучагына чөмүлөт. Бир паска дымып калгансыйт. Жапайы токойдун арасын аралай чаап шуулдаган муздак шамалдын деми теребелди кандайдыр бир коркунучка бөлөп терметкенсийт. Мүйүзү менен бутунун күлүктүгүнөн башка калкаланар таянычы болбогон жаныбарды ушул бейтааныш токойдун арасында дагы эмнелер күтүп жатат болду экен? Өмүрүнүн ар бир көз ирмемин жаңы коркунучту күтүү менен өткөргөн. Ак Бугу таң куланөөк тартканда ордунан турду. Оттоого ылайыктуу жер издеп капталдай арыш таштады.

Калың чөп каптаган секичеге жакындаганда эки жагын абайлап карады. Чөпкө башын салганга шашылбай төрт тарабына үңүлдү, жакындан бирөө чыга калчудай кулагын жел желпкен жакка бурду. Шырп эткен дабыш билинбеди. Баягы эле токойдун шуулдап онтогону, шаркырап агып жаткан суунун алагүү дабышы. Ширеси кете элек чөптөн терип жей баштады. Бирок шырт эткен дабыш чыкса чайнаганын токтотуп элейе калат. Аны белгисиз бир душман байкатпай аңдып жаткандай караган-бутанын түбүнө үңүлөт. Ушинтип сактыгын жоготпой жерге жарык киргенге дейре оттоп алды. Аздап жаңы жайытын иликтей баштады.

Чоң сайдын эки жагындагы беш-алты бетте карагайлуу токой карарып жаткан. Челектин жыш өскөн карагайына жетпегени менен бул жакта деле аркайган аскалар, кокту-коктунун таманын кесип агып жаткан кичи суулар. Алар төмөндө күкүктөгөн чоң сууга кошулуп, улам денесин чыңап, төмөн, көк асман кейиптенгеи көлдү карай агып барат. Ак Бугу аркы беттеги суулар Челектин боюна — түндүккө карай акса, бул беттеги суулар тескерисинче, түштүккө карай ага турганына көнө бербей, элейип, топ карагандын колтугунда бакырайып карап турду. Кечээ ашып түшкөн ашуусу бүгүн булутка оронгон, этектеп жааган карга жамынып алган. Теребелге аздап үйүр ала баштаган Ак Бугу тиги кырга чейин барды. Андан созулуп жаткан карагайлуу коктуларды, төмөндөп кете турган сыйдаң карагандуу майда адырларды көрдү. Андан да төмөн, ушул өрөөндүн көлгө таканчыктай берген түзөңүндө тилке-тилке болуп жаткан айдоо аянттарын, анын орто ченинен көчө-көчө болуп салынган кыштактын бак-дарактуу үйлөрүн көзү чалды. Бөтөнчө төрт бурч аппак таштарга окшогон үйлөрдүн караанына таңыркады. Ошол аарынын уюгуна окшогон кыштакты кесип өткөн чоң жолдогу машиналар чуркап бараткан кумурскаларга окшоп кеткенсиди.

Балатынын колтугунан уча качкан карганын карааны аны чочутуп жиберди. Артына жалт берип, карагайга киргенде гана эсине келди. Анан күн чыга жаздап калганга дейре дагы бир кыйла жерди көзөмөлгө алды. Кечээки булактан суусунун шашпай кандырды, абайлап басып жапыс карагайдын чегедектүү бутактарынын арасына кирди. Кургак топурактын тобурчак аралашкан колтугунан жатак тээп дымыды.

Ушинтип, эртеси дагы жаңы мекенин изилдеп жүрдү. Бул тарапта анын эң каардуу душманы карышкырдын жок экенине көзү жетти. Аздап бир коктудан экинчи коктуга өтө баштады. Аркы коктунун башындагы топ бадалдын арасынан эликтин текесин жолуктурду. Аны аркы бетке оодара кубалап таштады. Күзгү дүүлүгүүсү кайрадан козголду. Өзүнө маалым маралды издеп, коктудан коктуну аралай чапты. Эми ал өзүн чоочун катары сезбей, ушул тараптын ээси катары сезди. Чоң суунун үч кошкон жериндеги калың бадалды жапырып аралап кирди. Кармашып жатып бөлүп алган кара көз маралы аны ушул бадалдын арасынан дале чыдамсыз күтүп тургандай буулугуп чуркады. Караган-бутаны уйпалап катуу шамал жүрүп турган. Сапырылып күбүлүп түшүп жаткан жалбырактарды ача туягы менен майкандап, ээн-эркин коё жибербей тоскон талдарды омуроосуна салып жөөлөдү. Денесин тээп турган зор күч аны алып учту. Коктудагы кез келген караганды мүйүзү менен омкорду, тамыры менен жулуп ыргытты, тебелеп-тепседи, бардык ачуусун кимден чыгарар айласын таппай жер челди, өлөңдүнүн топурагын сапырды.

Албууттанган кыял анын көзүн ого бетер тумандатты. Ааламда андан күчтүү, андан айлакер эч ким жок сыяктанды. Мындан бир жума мурда болгон коркунуч эсинен чыгып кетти. Көшөрүп жатып куурай баштаган бир түп талды түбү менен омкорду. Анын мүйүзүнө илинип түшпөгөнүнө кыжыры кайнады, туш келди жерге эзип уйпалады. Какымдын мыйзамындай күбүлүп түшүп жаткан сары жалбырактарга киринди, чоң сууну бойлоп жогору чуркады. Анан ал дале мүйүзүнө илинип чыкпаган талдын кабыгын сыйыра сүрүп олтуруп, күйүп-жанып бараткан денесин сууга таштады. Күргүштөп аша коюп жаткан сууну бүткүл денеси менен жиреди. Анын салкындык алып келген агымына маашыркап аркы өйүзгө чыкты. Сарыгып агып турган сууну изине чубурткан бойдон өр чапчып, беттеги караган-черди карай бет алды.

Ал кайда баратканын өзү да билген жок. Анын баамы боюнча ушул ээн токойдон кара көз маралы, же болбосо баягы он алты айры карт бугу чыгууга тийиш болчу. Бирок анын алдынан кара көз маралы да, өзүнө тең келип кармаша турган башка бугу да чыкпады. Чый-пыйы чыгып учуп конгон агала чымчыктын алагды кылганы жинин келтирди. Оозул болгон немедей шилекейи токтободу, корулдап алда кимди чакыргандай мөөрөгөн окшоду, калың карагайдын четине токтоп айлана-чөйрөнү тыңшап калды. Шамалдын суук деминен башка өзүнө теңдүү жандыктын жышаанын сезбеди. Ошондо ашуунун алдында калган кара көз маралын эстеди. Эмне кылар айласын таппай ашууну карап үн катты, жооп берген добушту укпай карагайдын кодуракай кабыгын мүйүзү менен сүзгүлөду, жер челип андан ары басты. Аны ушундай абалга алып келген кийинки күндөрдөгү жалгыздыгы маралга болгон сагыныч кусалыгы, жер оодарып ооп келген өкүнүч кайгысы экенин билбеди.

Эмнеси болсо да ушул күнү тосулган дайрадай буулукту, агып чыга турган жол таппай көрүнгөн жерге урунуп-беринди. Өмүрүндө жеңилип көрбөгөн көңүлү топурак агызган селдей ашып-ташып кирдеди. Жатагына жакындап калганда гана көңүлү түзгө чыккан тоо суусундай басаңдай баштады. Кайнап чыккан каны аздап буулукканын токтотту, көөлгүп барып жаны жай алды. Бүткөн бою талыкшып, жатагына айласыз тизе бүктү. Солкулдап онтоду, тердеген денесин аздап суутуп, түндүн канатына кирип бараткан токойдун шоокумун көңүлкош тыңшады. Калың токой көңүлүндөй караңгы, ташбоор, кайрымсыз муздак жана түнт окшоп сезилди.

Кыштын жакындап калганы анын түндүктөн урган какаарынан сезиле баштаган. Кээде күтүлбөгөн жерден чокуларды кар чүмкөп, анын этеги улам төмөндөгөндөн төмөндөп, күндүн ачылып кеткенине карабастан ашууларда кар эрибей калчу болду. Кыштын азаптуу түйшүгүн эстеген Ак Бугу козголуп денесин жыйырды. Көзү сүзүлүп, качанкы бир болгон окуялар көңүлүндө кайталангансыды.

Анда ал азыркыга караганда алда канчалык жаш. Өзүнөн улуу бугулардан жаа бою качат. Алардын шаа мүйүзү тартайып качырып сала бергенине туруштук бере албай чүнчүйт, бирок бөлүнүп калуудан да коркот, бир үйүр маралдардын караанын көбөйтүп артында жүрөт.

Бир жылы кыштын кычыраган суугу сөөктөн өтүп, омуроодон кар түшүп, алар чөп тээп жей албай калышты. Мына ушундай кыйын кезеңде аларды ак тон кийген бир адам дайыма сактап кала турган. Ал күнүгө карагайлуу коктунун төмөнкү этегинен келип, эски кыштоонун ордуна жыйылган үймөк чөптүн төбөсүнө чыкчу. Кечке аларга чөп ташып чачып, кеч бешим ченде кайта суу ылдый кетчү. Аньш ыш аралашкай жыты ачуу жана чоочун болгондуктан адегенде бугу-маралдар андан окчун болууга аракет кылышты, карагайдын этек жагынан чүчкүрүп-бышкырып акмалап жүрүштү. Качан ал чөп чачып болуп, тээ төмөнкү чоң ташка жакындап калганда ылдыйлап келишчү. Кээде ошол ак тончон адам жонуна бир нерсе асынып да келчү. Дары жыттанган ошол кара күрөң учтуу таяктан корккон чоң бугу адегенде үйүрүн аркы коктуга алып качып жүрдү. Анткени, ал мурда андан ачуу үн чыгып денени дүркүрөтө турганын көргөн. Бирок ак тончон адам асынган кара күрөң таяктан андай ачуу үн чыгарбады. Ошондон уламбы, алар бул боорукер адамга аздап үйүр алып кетишти. Күңгөй ачылып, жаз алды жакындай баштаганда ак тончон адам аларга чөп бергенин токтотту. Тоонун чөбү жетиштүү болсо да, даяр чөпкө кынык алышкан бугу-маралдар бир топ күнгө дейре кыштоого каттап жүрүштү. Бир күнү ак тончон адам келчү жолдон башка чоочун адам көрүндү. Ал мурдакы кишидей эле дары жыттанган учтуу таякты асынып алыптыр. Ак тондун ордуна кара тон кийген бул адам таң калып карап калган бугу-маралдарга жакындаганда атынан түштү. Эмнегедир таштан ташка жашынып, алда-немени сезип тоо таяна баштаган бугу-маралдарга шашып таягын сунду. Тоону жаңырткан ачуу үндөн мурда ташка чак этип тийген октун кайыганы озондоп угулду. Алар кара тон кийген адамдан жаа бою качышып, токойго карай салып-уруп беришти. Мына ушул күндөн баштап Ак Бугу алиги дары жыттанган таякты асынган адамды көргөндө дене-бою зиркирөөчү. Эртеси чоң бугу аларды ээрчитип башка өрөөнгө жер которткон.

Андан бери далай жылдар өттү. Ошондой болсо да Ак Бугу ак тончон адамды дайыма эсине түшүрөт, аны кара тончон адамга караганда көңүлүнө алда канчалык жакын сезет. Ал адам азыр да көзүнө элестеди. Ошол жылкы ызгаардуу кыштын быйыл да болушун каалабаганы менен, бир чети болушун каалап да кеткенсиди. Ким билет, ошол алаамат кыш быйыл кайталанса баягы ак тончон адам аны дагы сактап калат беле?

Ак Бугу жалгыздыкка толгон санаасын санга бөлүп, улутунган окшоп демин ичине тартты. Түндүн бул убагында караңгылыктан башка эмне бар. Үргүлөп барып башын кагыштыра кеткен карагайлардын коомай кебетесинен мылтыгын кучактап уктап калган кароолчунун ичикчен кебетеси сезгилгенсийт. Тоонун бешигине бөлөнгөн токойдун уйкусу түндүн экинчи жарымында өтө таттуу сыяктанат.

Катуу уктап кеткен Ак Бугу алда качан жерге жарык кирип калган ченде ойгонду. Күндө бул бакта чаңкайып ачык турчу асманды самсаалаган кара булут көшөгөлөп алган. Анын денени чыйрыктырган деми токойдун сөөгүнө ийнедей батып бараткандай теребел ным, чыкыроон. Канатын серппей чыгышты карай каалгып бараткан булуттар чокуга жармашып чыгып келаткан күндү жабалактап кайра ары капталга түртүп жаткандай сезилет. Аздан соң аны таптакыр эле тырпын чыгарбай тыбыт жоолугуна ороп алгансыды. Тоо арасы кабагын карыш салып күңүрттөндү. Ак Бугу алда неменин коркунучун сезгендей тынчсызданды. Чөпкө башын салып оттогондун ордуна күтүлбөгөн жерден бая күнү келген ашууну карай арышын керди. Аны ошол тарапка кандайдыр бир энелик мээрим, туулуп-өскөн жердин доошу чакырып жаткандай жүрөгү түрсүлдөдү. Ал тараптагы ак тончон боорукер адамдын чөп чачып жаткан элесин, ашуунун алкымында калган маралдын акыркы көз карашын, он алты айры карт бугунун салабаттуу турпатын, өзүнүн мурдакы жоон топ үйүрүн көз алдына келтирди. Ушул ээн-эркин токойдон көрө даң салып жүрө турган бир тууган өрөөнү алда канчалык артык экенин түшүнгөнсүдү. Бир кырдан экинчи кырга түшүп, чарчап чаалыкканын эсине албай, акыркы токойдон чыга бергенде ак шалы жоолукка оронуп алгансыган ашуунун алкымын карады. Андан өйдөкү чокуларды булуттун түтүнү кучактап жатканын көрдү. Ачыкка чыкканда «сак болуу» деген эзелки адатты эсинен чыгарып таштагансыды. Жакын эле жерден баягы чөп чачкан боорукер адамга окшогон караандын жогортон түшүп келатканын көрдү. Кара кийиминен улам арсарсып бир паска таңыркагандай карап туруп калды. Алиги киши башын көтөрүп колундагы кара таягын бетине кармай баштаганда селт этип денеси жыйырылды. Коркунучту сезген Ак Бугу жанынын бардыгынча алдыга атырылды. Жанын үрөп ашууну эртерээк ашып түшүүнү көксөдү.

Башын көтөрө берип дал бет маңдайынан канатынын алдына чакырып тургансыган шаңдуу Ак Чокуну көрдү. Ал туш тарабы тик жылма, мойнуна булуттан шакек кийип апаппак, алкымынан күмүш таажысына чейин баланын көңүлүндөй таза, өмүрдүн үмүтүндөй кол жеткис бийик болчу. Көңүлү кир нерсени көкүрөгүнөн жогору өткөрчү эмес. Ал ошондой ыйык, таразадай калыс, баарынан улук, дасторкону жайыл, улукман эле.

Ак Бугу ошол чокудан калканыч издегенсип ыкчамдап талпынып чуркады.

ТӨРТҮНЧҮ БАШТАЛЫШ ЭПИЛОГ

Адамды жаратылышты сактоого умтулушуна жөндүү көп себептер бар. Бирок сөздүн ток этер жерине келгенде, аны түшүнүп сүйүү гана сактап кала алат.

Ж.Дорст

Бакас кыяга жеткенде аны тикийип карап турган Ак Бугуну көрдү. Ага капыстан жолугарын күтпөгөн неме апкаарый түштү. Мылтыкты бетине кармай бергичекти тиги салып уруп берди. Ачыктын алдындагы балатыга кире бергенде тартманы басты. Тийген тийбегенин баамдай албады. Экинчи окту салгычакты Ак Бугу сылтып ачыкка чыкты. Бир топ узап кетти. Ок жеп калганын байкаган Бакас атына чуркады. Жетип жетпей чылбырын чечти. Таң ашкан торуну такымга чапты. Кайкыдан түшкүчөктү шаштысы кайнады. Андан ары түзөң жол жаткан. Жонго чыкканда артына кайрылган Ак Бугуну көрдү. Аралык бир кыйла алыс болчу. Эти кызыган тору арымын күчөттү. Бир топко дейре чарчабай даңкан ыргытты. Бирок өр деген өр. Үч бута атым узаганда бышылдап текирең таскакка өттү. Бакас Ак Бугудан башканын бардыгын унутту. Мергенчиликтин кызыгына кирди. Алыстап баратканына жаны кейиди. Оозуна үзүлүп түшкөн алманы алдырып жибергендей туталанды. Атынын өлөр-тирилерине карабай койгулады. Алардын аралыгы барган сайын жакындай баштады. Ак Бугунун катуу жарадар болгонуна көзү жетти. Мерчемдүү жерге келгенде атынан ыргып түштү. Сыңар тизелей калып чыканагын ташка жаздады. Кылчайып тура калган Ак Бугунун такыр колтугуна мээледи. Калтаарыган колу токтободу. Демин ичине тарткычакты тиги ордунан козголду. Шашып калган Бакас эптеп тартманы басты. Мылтыктын кундагынын тепкен күчүнө удаа капчыгай жаңырды. Дарынын түтүнү тараганда аксап жыбытка кирген Ак Бугуну көрдү. «А! Тийди!» деди ичинен Бакас.

Кымылдап атына минди. Чаап баратып алаңдап карады. Жыбыттын башына чыга бергенин баамдады. «Чала аткан экем, жыластыкы!». Күйгөнүнөн тизесин бир койду. Мылтыгынын муунун сындырып, атылган патронду сууруп ыргытты. Чөнтөгүнө кол салды. Ага патрон урунбады. «Э кокуй, патрон кана?! Түшүрүп алдымбы?!» Чөнтөк-башын бүт аңтарды. Патрон дегенден нымы калбаптыр. Жана куржундан түгөл алганы эсинде. Денеси сууй түштү. Шымынын чөнтөгүн тинтти. Колуна урунган бычагын төш чөнтөгүнө которду. Ак Бугу бутун сүйрөп барып төшкө токтоду. Оозун араандай ачып башын жерге салганын көрдү. Бакас жакындай бергенде тиги ашууга тике көтөрүлдү. Ал өр чапчып өлдүм-талдым жылып баратты. Атынын көл-шалга түшкөнүн Бакас эми байкады. Ыргып түшүп кайыш чылбырын түбүнөн шарт кести. Эки алдыңкы колун тизгини менен тушап жиберди. Мылтыгын алып улам өйдөлөп бараткан Ак Бугунун изине түштү.

Ак Бугунун сол жаккы санын бирөө сайгылап жаткансыды. Мылтыктын ачуу үнү кулагына шапалак чапкандай жаңырды. Анын гүүлдөгөн шоокуму аскадан аскага жаңырыктап аны ого бетер коркутуп таштады. Ашууну беттеген Ак Бугу бута атым барганда арткы санынын уюп сыздаганын сезди. Сызылып ага баштаган канынын кызыл ашыгынан өтүп, андан ары туягын жаба берип жатканын туйду. Артына кылчая берди. Баягы кара кийимчен адамдын учтуу таягын колуна кармап келатканын көрдү. Жана ошол таяктын кылда учунан «бурт» этип чыккан түтүнгө удаа кулагынын учунан жанып өткөн октун ичиркенткен ышкырыгын эстеди. Санынын уюганына карабады. Салмагын соо калган буттарына жүктөп андан ары чуркады. Ок тийген саны сүйрөлүп бараткан чийнедей жер чийди. Бирөө аны шыйрагынан кармап тартып жаткандай кыйналды. Жогору качканга алы келбегенде сайдын таманындагы чыйырга түштү. Булактын нугун кубалап ашуу тарапка жанталашты. Демин басмакка солуктап токтоду. Алиги кара таяк көтөргөн адамдын артынан дале калбаганын баамдады. Өр тарткан сайын алардын аралыгы жакындады. Адам жакындаган сайын Ак Бугу андан беш бетер арымын арттырды. Күүсүнөн жазбай ашуунун алкымына жетип жармашты. Былтыркы кардан сарыккан булактын аркы өйүзүндөгү жыбытка чыкты. Андан ары кыялуу бетке салып, үйдөй таштардын арасы менен тике көтөрүлө берди. Бийиктен улам денеси ого бетер оор тарта баштады. Күйүккөнүнөн өпкөсү кырылдап ышкырып жаткансыды. Солкулдап, тилин тартууга чамасы келбей көзү тунарды. Убагында желдей желпинген денесин жер соруп бараткандай калчылдады. Изинен калбай кууган алиги адамдын жөө-жалаң өбөктөп чуркаганынан чочуду. Чоң таштын далдаасына кирип андан ары жүткүндү. Адам жер жутуп кеткендей жоголду. Анын көрүнөө кууганына караганда көмүскө кууганы көбүрөк дүрбөлөңгө салды. Дагы бир бута атым жерге алыстап барып артына бурулду. Алиги адамдан дарек билинбейт. Бирок төмөндөн топурак-кумдун сүрүлүп кулаганы, дарынын каңылжарды жарып май аралаш сасып жыттанганы анын ушул эле тегеректе келе жатканын айгинеледи.

Огунан ажыраган Бакас аны акылга салып кармоону чечти. Боюн таштарга жашырып, адегенде Ак Бугунун ашууга кетчү жолун торомок болду. Илбирстей сойлоп болжолдогон жеринен чыктьт. Ак Бугунун эки таштын ортосунда теңселип турганын көрдү. Ташка далдаланып тура калды. Аңгыча болбой тиги турган эле жерине бүк түштү. «Бүткөн экенсиң?!» деди ичинен Бакас. Дале сактыкта кордук жок деп көрүнбөй жүгүрдү. Беш-алты кадам жакын барып, тыбырчылап жаткан Ак Бугунун үстүнөн түштү. Демин басканы арсылдап күйүгүп ташка жөлөндү. Топчулугун агыткыча болбоду. Ак Бугу тизелеп барып ордунан турду. Анан эсин жоготкон немедей темтеңдеп борчуктун артындагы аскага жакындады. «Муну кудай уруп аскадан алыс кетмей болду?!» Бакас эмне кыларын билбей оозун ачты. Ак Бугу асканын кылда учуна барып токтоду. Катуу шамалдан улам түпкүргө карай ооп жыгыла турган баштанды. Бир тизеси бүгүлө түштү.

Жер эмнегедир айлан-көчөк атып бараткандай чимирик атты. Ак Бугу күтүлбөгөн жерден бутка чапкандай кулады. Сүрдүгүп барып эки таштын кычыгына токтоду. Эс-учун жыйбаган бойдон бир паска сулаган калыбынан жазылбады. Көңүлүндө түбү жок бир туңгуюкка учуп түшүп бараткандай болду. Учуп бараткансыган калыбынан бир маалда гана барып оңолду. Адегенде үстү жагынан түрүлүп жылган булуттарды көрдү. Башын жерден көтөрүп, таштын кычыгында жатканын туйду. Тыбырчылап ыргып турууга болбоду. Бирок эки таштын ортосуна кыпчылган буту аны коё жибербеди. Толук эсине келгенде гана бутун таштан сууруп, тизелей калып боюн көтөрдү. Бараткан багытын баамдаганга да чамасы келбеди. Төрт кадам алдыда жаткан боз үйдөй борчукту көздөдү. Дагы бир ташка жетип токтоду. Андан ары жалама зооканын башталганын, анын түбүндө шагылдуу куюлма беттин туңгуюк оронуп жатканын көрдү. Ашуунун жолунан четтеп кеткенин эми билгенсиди. Айласы түгөнгөн Ак Бугу андан ары элеңдеп карап теңселди. Ак Чокуга башын көтөрүп жалжылдады. Төмөндөн башталган карагайлуу өрөөндү тааныды. Көргөн көзүнө ишенбегендей үңүлдү, бирок анын босогосундагы жолдун кесилип турганына көкөйү сууду. Сынып кетүүчүдөй болуп бараткан бутун бүгүп-бүкпөй асканын коңулуна жыгылды. Ызылдап уруп турган ашуунун бороонун тосо жатты. Артына кылчайып, алиги адам таш үстүндө таңыркап карап турганын байкады. Анын артында ушунчалык көрккө бөлөнгөн Ысык-Көлдүн жамалы созулуп жаткан. Мына ушул эки өрөөндүн чек ара кырбуусунда жер чапчып жаткан Ак Бугунун кайраты түгөндү. Аркы ташта соксоюп олтурган адамдан жеңилгенин мойнуна алгандай жалдырап жансоога сурагансыды. Жата кеткенден баштап жамбашына уюган канына жараты жабышты. Бирде көзүнө туман конгондой караңгылыкка чөмүп, бирде андан сүзүп чыга калгандай жарыкчылыкка кайрадан кайтып, түбөлүк уйку менен түбөлүк жашоонун мизинде барат. Көпүрөнүн капортосунда канатсыз чымындай кылтылдаган таттуу жандын түпкүргө карай ооп баратканын сезет. Бир маалда чочуп ойгонгонсуду. Көзүн ачып алиги адамдын кулагынан тартып кармап жатканын баамдады.

Бакас Ак Бугуну көз өлчөөгө салды. Тиги тилин салаңдатып, Бакасты тааныгандай телмире тиктеди. Башын көтөргөнгө чамасы келбей жатканы билинип турду. Мүйүзү чайпалып, жону кыроо чайкагандай күмүштөндү. Бакас анын жамбашынан кан агып турганын байкады. Эсине келип эки жагына көз кырын жиберди. Ашуунун белинде кыламык кар түшкөн. Бир аздан кийин Ак Бугунун дагы тыбырчылай баштаганын туйду. Эс-учу жок неме асканын арты тарабына кулап кете турганын байкаган Бакас Ак Бугуга жүгүрүп жетти. Мүйүздөн алайын деп баратып кайра тартты. Ак Бугу тынч алып жатпады. Мүйүзүн ташка койгулап аскага дагы жакындады. Бакас белиндеги чылбырдан мүйүзгө илмек ыргытты. Туйлаган Ак Бугуну алынын жетишинче езүнө тартты. Чылбыр жылмыша бергенинен белине ороду. Эми мурдакыга караганда алда канчалык жеңилдегенсип калды. Бакас тигинин жанынын бектигине таң калды. Андан көзүн албай, экинчи октун ичтейин аралап кеткенин божомолдоду. Бир убакта Ак Бугу алсырап буттарын керди. Жаны чыгып бараткандай көздөрүн алаңдатты. Анан башын ташка жаздады, булчуң эттери диртилдеди. Мындан ары каршылык көрсөтө албастыгына ишенген Бакас чылбырын коё жиберип шак мүйүздөн кармады. Сынап бир-эки булкуп көрдү. Ак Бугу каршылык көрсөтпөдү. «Жаны чыга баштаган экен» деди ичинен. Жакындап барды. Эмнегедир адалдап койгусу келди. Мууздагандан айбыкты. Кулагынын учунан ырымдап чырпып коюуну чечти. Бычагын чыгарып, «бисмилла» деди да, кулактан тартып-тартпады.

Ак Бугу жинтигин түгөткөн адамдын тамеки жыттанган колунан жийиркенди. Акыркы күчүн чогултуп туруп мүйүзү менен тигини силкип жиберди. Аска тарапка кулагансып баратып жанагы адам аянычтуу үн чыгарган окшоду. Мүйүзүнө чылбырдын илинип турушун да каалабаган Ак Бугу чөгөлөй калып аны сүзүүгө аракеттенди. Бирок аз жерге гана жылып барууга кубаты жетти. Анын үстүнө асканын тишине илинип чыкпагансыган саны артка тартып туруп алды. Андан ары дегеле кыймылдоого кубаты келбеди. Ак Бугу энтигип барып эс-учун жоготту. Бир топко дейре жагымсыз түштөрдү көрүп жаткандай кыйналды. Бүткөн боюна кимдир-бирөө коргошун байлап кеткендей түпкүргө салмактанды. Бир кыйла убакка дейре уйку-соонун арасында теңселди. Бир маалда барып көшүп кеткендей болду. Дене бою бардык түйшүктөн заматта арылгандай түбөлүк уйкуга мемиреди. Суналган денеси туулуп-өскөн өрөөнүнө карай учуп баратып, ушул асканын кылда учуна келгенде кимдир-бирөө сыйкырлап катырып таштагандай чоюлуп барып жан берди.

Бакас аласалып барып аскадан алыс кетти. Эмне болуп кеткенин аңдоого да үлгүрбөдү. Катуу бирдеме өпкөгө кагып өткөнсүдү. Андан ары тоңкочок аткансыды. Сүрүлүп барып бирдемеге токтоду. Өзөрүп эсин жоготуп койду. Ошол калыбында бир кыйлага чейин жатты. Көзүн ачып асканын кычыгында илинип жатканын көрдү. Бүткөн бою «дүрр» этип барып токтоду. Кыймылдагандан коркту, адеп абалын иликтеди. Төбөсүнөн илип кете тургансыган булуттардын түрмөгү көрүндү. Аман калганына сүйүндү. Өмүрү динге ишенбесе да: «Кудайым бар, кудайым бар!» деп кобурап жатканын байкабай калды. Өзүнөн өзү жашып, ыйлап жибере тургансып барып токтоду. Үн чыгарбай ичинен сызды. Эки-үч тоголок жаш кулагына карай тоголонуп түшкөнүн сезип-сезбеди. Акырын козголуп, оркоюп чыгып турган асканын жаракасына таянды. Башын көтөрдү, бирок төмөн карагандан айбыкты. Ташка таканчыктап акырын тизеледи. Эки жагына аяр көз чаптырды. Жаткан жери асканын шилисиндеги бир тердик борчук экен. «О, кудайым бар, кудайым бар!» деп жанагы сөзүн дагы кайталады. «Ушундан ары кетсем сөөгүм сөпөт болбойт беле. Токтоп калганымды карасаң, тобоо!» Калтырап-титиреп асканы кучактады. Башын көтөрүп жогортон Ак Бугунун мүйүзүнүн караанын көзү чалды. Көпкө чейин карап турду. Ак Бугунун денеси асканын кырбуусунан толук көрүнбөдү. Көңүлүндө ошол жерге чейинки аралыкты өлчөдү. Ашып кетсе үч саржан, андан алыс эмес. Ошого чыгып барыштын өзү тозокко турарын түшүндү. Ортодогу борчуктан көзү өтүп барат. Ага эптеп чыгып алса, андан ары жеңилирээк болчудай. «Чыгууга аракет кылсамбы, же бирөөнү күтсөмбү? Бирок бул ээн ашууга кеч күздө ким келет? Чыгып баратып кулап кетсемчи?»

Ушуга окшогон ойлорго эзилип жарым саат чамасы аскага жабышып тура берди. Акыры бир чечимге келүү керек болчу. Булуттун арасынан күндүн алкагын издеди. Жарыктын жышаанына караганда түш ооп кеткен сыяктанат. Акыл-эсин токтотуп суук шамалдын сөөгүнө өтө баштаганын сезди. Өзгөчө муздак таштардын кан какшаткан какары жүдөттү. Минтип олтуруп түнгө калса суукка тоңуп өлмөгү анык. Ашууда шамалдын эч качан үзүлбөй турганын ал жакшы билет. «Урушта туруш жок. Кардап кете элегинде эптеп жылайын. Көрөр күнүм болсо аман-эсен чыгармын. Чыкпасам айла канча. Асканын бийигинен башым айланбаса болгону».

Оң колун жогордогу таштын курбуусуна сунду. «Ики-и, иттики!» Сол жаккы кабыргасын бирөө шибеге менен сайып алгандай секирди. «Жана ташка тийгенде кабыргам сынган экен ээ?» Сол колу менен капталын сыйпалап көрдү. Куфайкасынын сыртынан эч нерсе билинбеди. Бирок ооруганы басылбады. «Болору болду. Чыдагандан башка айла жок. Эптеп жанымды алып калсам, калганы бир кеп». Өзүн өзү чыйралткан Бакас чымырканып алдыга жылды. Абайлап өтүгүнө ишеничтүү таканчык издеди. Асканын бети уюткан темирдей бекем болчу. Бир жаракадан экинчи жаракага жылып олтуруп алиги борчуктун алдына токтоду. Бирөө аны аскага бучкактап керип таштагандай таштарды кучактап турду. Салмагын бир бутуна көбүрөк салып колун эс алдырды. Муздак асканын какары бети-колун каарып баратты. Кыл көпүрөнүн мизинде тургандай кылтылдады. Кабыргасынын ооруганын коркконунан сезбей да калып жатты. Минтип тура берсе колу-буту ого бетер талып кетчүдөй. Ансыз да кармаганын сезбей бармактары сенейе баштады. Эптеп тырмышып жатып борчуктун кырбуусуна оң колун жеткизди. Сыйпалап ишеничтүү жеринен кармады. Турникке тартылып жаткандай боюн көтөрдү. Салаңдап бош калган бутуна жан талашып дагы таканчык издеди. Таканчык бат эле табыла койбоду. Асканын бетине өтүктүн резина таманынын чийилген тактары калып жатты. Таканчык табылбаган сайын Бакастын жан тери чыкты. Жедеп талыганда колу кармабай калып аскадан алыс кете тургандай жүрөгү дирилдеди. Дубалга жармашкан бакадай буттарын тарбаңдатты. Араң дегенде барып нарытадан бир таканчык тапкансыды. Колун ошол жакка жылдырды. Таканчыкка теңеле түшкөндө көкүрөгүн борчуктун кырына эптеп жеткирип-жеткизбей таштады. «Өх-х!» — деди кара терге түшкөн бетин бүлө ташка басып. «Көрөр күнүм бар экен! Энтигип солуктады. Акырындап барып жаны ордуна келди. Борчукту кучактаган бойдон тизесин жогору жылдырды. Жыландай сойлоп борчуктун үстүнө чыкты. Оодарылып чалкасынан түштү. Өлүм алдынан кайра тартканын эми гана толук түшүндү. Башын ары-бери чайкап, денесин ыракаттана түз секиге таштады. Таңдайына каткан шилекейин чогултуп жутууга аракет кылды. Жута да, түкүрө да албады. Жан жагын сыйпалап алаканына урунган кардан мыкчыды. Оозуна салып эритип жутту. Анан тизелеп туруп, үч-төрт кадам жогору жаткан Ак Бугунун мүйүзүнөн төмөн түшүп турган чылбырга колун сунду. Ошондо гана аска ташка тытылган манжаларынын канталаган кебетесин көрдү. Көк ала болуп катып калган кандан салаасы көрүнбөдү. Аскадан чыгып турган күрөктөй ташка бутун коюп чылбырга жетти. Кайышты билегине чейин үч-төрт сыйра ороду. Зуңкуюп катып калган Ак Бугуну өзүнө тартып сынап көрдү. Ордунан козголуп кебеле турган эмес. Асканын акыркы кырбуусуна өзү өлтүргөн Ак Бугунун өлүгүнүн жардамы менен чыкты. Кырга чыкканда түзгө карай эмгектеп чуркады. Эртерээк аскадан алыстоого аракеттенди. Эки-үч саржанча барганда жамбашына ооп олтурду. Ошондо гана жүрөгүнүн үшү кете түшкөнүн билди. Эми сынган кабыргасы сайгылап тынчтык бербеди. Өйдө болуп мылтыгы турган ташка жөлөндү. Өлүмдөн бир ирет калганына ишенип-ишенбеди. Үшүп чыккан башын сыйпалап, баш кийими асканын кычыгында калганын байкады. Үксөйгөн чачын артына жапырып оңдомуш болгонсуду. Төмөн, көл тарапка, ашуунун чыга беришине көз кырын жиберди. Атынын коктунун таманында оттоп турганын көрдү. Акылын биротоло токтотуп ал-абалын ойлоштурду. Бул кебетеси менен Ак Бугунун этин алып кетүүгө чамасы келбей турганын түшүндү. Ага өлбөй тирүү калганынын өзү эле чоң олжо болчу. Өмүрүндө биринчи жолу алдында жаткан бекер дүнүйөдөн кече качты. Анын үстүнө кайберендин ээси болот деген баягы имиш сөз дагы эсине түштү. «Мынабу ак бугу ошонун дал өзү болуп жүрбөсүн?» Бүткөн бою дүркүрөп барып токтоду. Ушул ойдон кийин анын эти ага макүрөө болгонсуп ичтейи ичиркенди. Түндөкү түшүндө Жыпар болуп кубулган Ак Бугунун элеси аны ого бетер чочутуп таштады. Кайберендин ээси болобу болбойбу, эртеңки мүмкүн боло турган жоопкерчиликтен изин жашыруу керек болчу. Ушунун баарын иликтеп таразалаган Бакас Ак Бугунун жанына барды. Мүйүзүнөн чылбырын чечти. Шыйрак, мүйүзүнөн тартып аскадан алыс учуруп жиберди. Асканын түпкүрүнө барып түшкөн Ак Бугуга карап: «Кырсык-курсугумдун баары өзүң менен кетсин. Экинчи мылтык атканымды койдум» деди. Мылтыгын апкелип артынан ыргытмакчы болду, бирок бирөө таап алып таанып коёбу деген ойдо кайтып айныды. Окуянын ушинтип бүткөнүнө көңүлү жеңилдей түшкөнсүдү. Кабыргасын чыканагы менен кысып төмөн атына түштү. Ташка тартып жатып араң дегенде минди. Төмөндөп келген ченде сууга токтоду. Бети-колун жууп, үстү-башын тартипке келтирди. Биртике калган тамактан шам-шум этти. Кабыргасынын ооруганына чыдабаганынан, анын үстүнө ушунча азап көргөнүнөн улам алаксымакка калган аракты жутту. Ошонун күүсү менен үйүнө эл орунга олтурган ченде келди. Төшөктө жатып Жыпар менен болгон окуяны элестеди. Үй-бүлөсүнө, келген-кеткендерге аттан жыгылып кабыргам сынды деп түшүндүрдү. Ооруканада бир ай жатып чыккандан кийин эки күн өтпөй элди чакырып тамак берди. Эл аны аман-эсен айыгып чыкканына карата берилген тамак деп жоруду. Чындыгында тамактын кимге, эмнеге багышталганын Бакастан башка эч ким билген жок.

Гафу тарпка жакындаганда күнөм санаган ою аныкталды. Ак Бугунун көзгө көнүмүш он эки айры мүйүзүн, кыроо жапкансыган аппак терисин, оюлган ичтейин көрдү. Кан-сөлү ичине тартып кумсарды. Жүрөгү лакылдап сокту, күйүтүнө чыдабай жүрөгү сыздады. Жашып кете жаздады. Ичинен өзүнө өзү кайрат берип, чыга баштаган көз жашын билгизбей имерип алды. Жаагын карыштырып тиштенди. Алаксыгысы келип Бекежанга жөн салды сүйлөдү.

- Ак Бугу деген ушул,— деди ындыны өчүп. Үнү каргылданып чыкты. Эмне кыларын билбей мүйүзүнөн кармалады. Бекежан Ак Бугунун жамбашынан октун изин тапты. Жараттын канын тырмап тазалады.

- Атып өлтүргөн экен. Мына, октун изи,— деди ал Гафуга.

Гафу Бекежандын көрсөткөн жерине үңүлдү. Бирок октун чыккан жерин таппады. Анткени, Ак Бугунун ичтейин, андан тышкары карчыгасын, эки жилигинин башын жору-кузгундар тытып жеп жиберишкен. Экөө эмне кыларын билбей азга дендароо болуп отурушту. Сүйлөгөн эч ким болбоду. «Колдон даам татып чоңойду эле, кайберен болсо да талаага таштабай адамча кастарлап көмөйүн» деп ойлоду ичинен Гафу. Ордунан туруп оюн Бекежанга айтты.

- Ушу жерге жашыралыбы? — деди Бекежан аны аягандай астыртан карап.

- Денеси ушул жерде калсын. Башын тээтиги Ак Чокунун этек жагындагы борчукка коёлу. Көрүнөө, бийик жерде турсун. Жок дегенде өткөн-кеткендер эскергенге жакшы.

Денесин ташка корумдап көмүштү. Башын мүйүзү менен кошо Ак Чокунун этегиндеги алиги борчукка алып чыгышты. Борчуктун кылда учундагы таштын жаракасынан башын кыпчып бекемдешти. Үстүнө шагыл таштардан эч ким чыгара алгыс ныктап бастырышты. Мүйүзү таштардын арасынан элге көрүнгөндөй чыгарып, ашуудагы жолдун таманына каратып коюшту. Гафу ойлогондой: бул жердин көкүрөгү бийик, арам ыпыластан алыс, жырткыч айбанаттардын жолунан окчун болчу. Анын үстүнө түндүгүнөн казактын Челек өрөөнү, түштүгүнөн кыргыздын Ысык-Көлү алаканга салгандай даана көрүнүп турчу.

Алар төмөн түшө баштаганда батышка жакындап калган күндүн чоктой кызарган алкагы көрүндү. Ошол кыпкызыл алкактан чыккан саргыч кызгылтым нур Ак Бугунун мүйүзүнө алтын жалатып жаткандай туюлду. Бир аздан кийин күн тоонун артына жашынып, алыстап бараткан Гафуга Ак Бугунун мүйүзү канча караса да бүлбүлдөп көрүнбөдү. Ал экинчи артына кылчайбады. Атынын жалын карап ойго баткансып баратты. Жондо түшүп бараткан эки караан бат эле кырды ашып көздөн далдаа болду.

1977

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз