Поэзиядагы кыргыз-казак достугу

  • 31.08.2020
  • 3818

Казак менен кыргыз бири-бирин тилмечи жок түшүнөт. Кылымдар бою кошуна жашап, кубансак бирге кубанып, кайгырсак кошо кайгырып, кең Ала-Тоо койнунда турмуш кечирип келебиз. Атүгүл тоолорубуз да бири-бирине уланып кеткени кандай керемет. Мына ушул казак элимдин мыкты акындарынын ырларын кыргызчалап (казак менен кыргызга тилмечтин кереги жок деген менен, адабият, адабий тил маселеси оңой иш эмес, кээ бир сөздөрүбүздү түшүнбөй калган учурлар болот), бир жыйнак кылып чыгаруу максатын койгонбуз.

Бул сапар сиздерге Букар акын, Т.Айбергенов, Т.Молдагалиев, Н.Мекен уулу атындагы республикалык адабий сыйлыктардын лауреаты, 2011-жылы мамлекеттик тапшырма менен жарык көргөн «Өмүрүмдүн көктөмү» ыр жыйнагынын автору, казак акыны Илияс Мукаевдин ырларын “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясынын башкы редактору Назгүл Асанакунованын которуусунда сунуштайбыз. Айта кетер нерсе, Илиястын ырлары кыргыз тилине биринчи жолу оодарылып жатса, Назгүл да алгач ирет котормо дүйнөсүнө баш багып олтурат. Илияс акыныбыз эркин стилде жазат экен, ошого жараша Назгүл да ырлардын стилин бузбай которууга аракет кылгандыгы көрүнүп турат. Назгүлгө да чыгармачылыктагы ийгиликтерди каалайбыз.

Назгүл ОСМОНОВА

*      *      *

Актогайга кире бериш өзөк жолдунбоюнда талаа шумкарларына коюлган эстелик турат.

Өтүнөм, эстен чыгарба,
Айкелчим, чабыты чарк урган.
Эстелик койбогун шумкарга,
Жезден түгүл, алтындан.

Караба сөзүмө күмөндүү,
Алардын тууру төбөңдө.
Бийикте айланган шумкарды
Кыясың кантип төмөнгө?!

Токтобой баарын байкагын,
Шумкарды тааны, кейитпе.
Керилген канаттуум, оо менин,
Кылактап учкун бийикте.

А жерби?!
Ылайык жериң жыланга,
Кыбырап жүрсүн чаң басып.
Шумкарга белги койбогун,
Каргалар кетет булгашып!!!

*      *      *

Жүрөгүм ырга талгак болгонбу,
Өмүрүмө ырым шерик болгону.
Өмүрүмдүн күзү жемиш бербеди,
Көңүлүмдүн музу эрип койбоду.

Чыгам деп алып түнөктөн,
Жанымдын үнү чыкты өктөм.
Казакка келген кайыптын бири,
Өттү алгач мендик жүрөктөн.

Эт-жүрөк андан эзилген,
Кир түшпөйт кантип сезимге?
Чалкыдың көлгө,
Балкыдың ташка,
Айланып кеткен кезиңде.

Түбөлүк жок бул жалганда,
Эсем көп алар өмүрдөн.
Дудукка бүгүн тил чыгып,
Чечен болуп көрүнгөн.

Жете албай көккө төбөбүз,
Жол таппай тентип келебиз.
Тектүүгө гана буюрган Бакты,
Эптүүгө кантип беребиз?

Ошону ойлоп көңүлүм кеткен,
(Жаныма муңум батты бекен?)
... Акындын эгер азабын артса,
Атанга канча жүк болор экен?

КӨГҮШ ДЕҢИЗ...

Көгүш деңиз...
Жылаң аяк жээгиңди көп кечебиз.
Ылдам басып, мыктылардай көрүнсөк да,
Чындыгында тердеген жок чекебиз.

Көгүш деңиз...
Күндө кемип жатса да үлүшүбүз,
Жалыбызды жыгылган күдүрөйтүп,
«Бөрү арыгын билдирбес» күлүшүбүз.

Жараланбай...
Кездер ай, чалкып учкан ак чардактай.
Баштагы муңдуу күүнү кимдер угат,
Кагандай капаланган чеп ала албай.

Ак айдыңым...
Келсем сага азайды далай муңум.
Толкунуңдай жээгиңде толкуп туруп,
Жаркыраттым жанымдын жарык нурун.

Эринбедим...
Сенден тапты кайгылуу көңүл демин.
Тунугуңду ылайлады Адам сенин,
Тунугумду ылайлады Өмүр менин.

Кайран издер...
Үнүбүздү укту бекен ал дарыя.
Камышындай жайкалып турабыз да,
Бардыгындай жок болобуз акыр биз да.

Көгүш деңиз...
Тирүүлүктө жакынды жоо... дос да этебиз.
Жээгинде жалгандын Сен каласың,
Биз өмүргө бош келип, бош кетебиз...
Көгүш деңиз...

САГЫНЫЧ

Сураксыз күндөр өтүп чубалышкан,
Саргалдактай саргайдым сагынычтан.

Жүрөгүңдүн төрүндө кайгы тынып,
Жан – жадоо, кыял – күмөн, көңүл – сынып.

Өзүңдү эңсеп жаным да саргычтанаар,
Сенсиз өмүр коңур күз салкынданаар, -

Мындайлыгын башында эле түшүнгөнмүн,
Сезимиме алсыздыгым түшүргөнмүн.

Таңдагы аппак кардай ак элем мен,
Кыялың кардай таза жан элең сен.

Экөөбүздү жөн койбоду жанаштырып,
Бөлүп тынды тагдыр бизди адаштырып.

Терезесин көңүлдүн кыроо чалып,
Сени издедим дүйнөдөн суроо салып.

Сезимге анттай бекем жан арманым,
Сени издедим чарк айланып табалбадым.

Аппак таңдай таптаза, мөлтүр элең,
Өткөндү эңсеп өрттөнүп эми келем.

Жүрөктөгү муң чыгып келбетиме,
Түрү суук жыландай жер бетинде.

Жан – жадоо, кыял – күмөн, көңүл – сынып,
Өзүңсүз келем жалгыз өмүр сүрүп.

БАЛАЛЫК КЕЗ

І

Сүттөн ак, суудан таза бала күнүм,
Мен сенден неге адашып калдым бүгүн?!
Азоолонуп неге мени таштай качтың,
Моюнума асып коюп нардын жүгүн?

Бала чагым.
Булактай тунук күнүм.
(Кадырыңды кезинде билиптир ким?)
Бара-бара булактай көзүң бүтүп,
Кеттиң бекен тартылып, куруп дымың?..

II

Балалыгым!
Тыңшаймын ырыңды угуп.
Тизгин бербей жүрчү элең жалындап.
Ар качан мени менен турчу элең,
Жашынмак ойногонду жаның каалап.

Сен да, мен да ал кезде жапжаш жалын,
Жапжаш элек...
Сени эми укпай далмын.
Санаасыз ойноп жүрүп эми неге,
Жашырынган жериңден чыкпай калдың?..

III

... Андан бери ай өтүп, жыл айланды,
Өзүңдү издеп бүт ишим мында калды.
Таппагандан көңүлүм кирдеди го,
Тунук деген сезимим ылайланды.

Жыйып алып жаныма калың элди,
Издөөгө да келбеди чамам эми.
Так секирип кулундай ал анткени,
Ойноп жүрөт жашынмак балам эми...

*      *      *

Көк жээкти көрө албай,
Күзгү бактай тонолдум.
Мээримге суусап эми,
Кумарлана торолдум.

Мен муңайсам
(сыры маалым),
Жүрөгүнө муң сиңмек,
Досума да жылыбадым,
Касым оолак жүрсүн деп.

Туулган жердин нуру сиңген,
Дем алалбай, кыйналды.
Шаарга келип жайгашкан соң,
Пейил неге кыйрады?

Сурагы бар суунун да,
Табигат менен тилдештим.
Периште болуп төрөлүп,
Пенде болуп күн кечтим.

... Койбосо да такыр актап,
Убакыт изге кум себер.
Бир кездери сүттөн аппак,
Болгонума ким ишенер?!

Кыргызчалаган Назгүл АСАНАКУНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз