«Жок издеп, алтын эмес тагдыр таптым»

  • 08.09.2020
  • 3282

(акын Алик Акималиевди жоктоо)

Куюндап бейжай тагдырым,
Кусалуу болуп калды окшойт?
Адашкан оттой жазмышым,
Армандуу болуп калды окшойт?

Аликти эстегенде эң оболу 1982-жылы Жети-Өгүзгө курулуш отрядына барганыбыз, Балыкчыдан өтүп, көлдү алгачкы ирет көргөндө Аликтин  “биздин көл!” деп жээкте чуркап баратканы көз алдыма тартылат. Жамгыр жаап аткан. Тизесине чейин суу болгон Алик  көлдү шалпылдата кечип, чуркап жүрөт...

Керээли кечке жашылча-жемиш базасында бетон куюп, кечинде болсо атырдан буркурата себинебиз да жакын жердеги кыздардын отрядына жөнөйбүз. Үч чакырымдай жерде университеттин мехматынын, беш чакырымдай жерде тарых факультетинин кыздар отряды бар. Кулат деген таластык жигит гитара чертип, Боярскийдин ырларын  созолонтот, Алик болсо буркан-шаркан түшүп, өзү жазган ырларын окуйт. Кыздардын баары ушул экөөнө ашык. Калгандарыбыз болсо унчукпай отурабыз, таалайы тоодой болуп жаралган тиги экөөнө ичибиз күйөт.

Бир күн Алик “ооруп атам” деп доктурга көрүнгөнү кетти.Түштөн кийин  “ооруканага жатып калдым” деп айттырып ийиптир. Кечинде биздикилерден бир-экөө барып, кабар алып келишти. Калгандарыбыз эки-үч күндөн кийин, дем алыш күнү барып келели деп камданып атканбыз. Бирок ага жетпей  эле бирде  мехматтын, бирде исфакттын кыздарынан “Бала  мышыгыңарды” вино-водочныйдан көрдүк, көчөдө пиво ичип аткан жеринен көрдүк” деген кабарларды уга баштадык.Үч  күндөн кийин өзү келди. Дарыланып бүттүңбү, айыктыңбы десек, “үйлөнгөн жатам” дейт. Көрсө, Алик түшкүрүң айыкмак  түгүл жүрөк ооруга кабылып, ийне сайган  медсестра кызга ашык болуп калган экен. Эртеси бүт отряд менен барып, Покровкадан Фрунзенин автобусуна салып койдук. Бактылуу болгула, баш кошкон эки жаш деп ырдап биз калдык. Данияр менен Жамийладай болуп  экөө кол кармашкан бойдон кетишти.

Ошол Күлүмкан жеңебиз экөө отуз жылдай өмүр сүрүшүп, үч балалуу болушту...

*     *     *

Аликтин ”Бала мышык” аттуу тырмак алды  китеби экинчи курста окуп атканда чыкты окшойт. Балдар үчүн жазылган он беш чакты ырдан турган бул жупка китеп Аликтин сыймыгы гана эмес, визиттик карточкасы, керек жерде чечилбей калган проблемасын чечип, бүтпөй калган ишин бүтүрө турган көзүрү да болчу. Бир жолу  воёнкадан  экзамен берип калдык. Алик кирип эле тактикадан берген майордун алдына китебин таштап койду.

- Это че? - деди майор таң калып (кыргызча окуй албайт да).

- Моя книга.

- Ты, смотри а... Ты оказывается поэт да?

Майор “Бала мышыкты” бир сыйра барактап, ыраазы болгондой, тамшангандай  башын чайкап анан, “давай зачетку” деди. Алик ушуну гана күтүп турса керек шарт эле зачеткасын кармата койду эле, майор эчтеке сурабай баа коюп берди. Ошондо майор Кудиновдон өлөрчө корккон, эртең воёнка дегенде уктабай чыккан биз китеби жок байкуштар Аликке көзүбүз күйгөнүн айтпа...

*     *     *

Алик үчүн сабак, расписание, сессия деген түшүнүк  болчу эмес. Сабакка кааласа келет, каалабаса келбейт. Курстан курска аны үч-төрт “куйрук”, улам бир сессияда  тапшыра албай калган карыздары  ээрчип жүрчү. Бир жолу саясий экономиядан экзамен бере турган болуп калдык. Экзамендин алдында бир китепти карап ала коёюн деп Чернышевкага барсам, Алик ошол жерде отурат. “Ой, Алик,кайда жүрөсүң, экзамен болуп атпайбы” десем, “экзаменди эмне кыласың, Есениндин эч жерде жок мобул китебин таап алдым” - дейт.

Айда-жылда бир жолу  чочугандай лекцияга баш бага калат. Илимий коммунизмден берген Ашымкан Өмүралиевдин сабагы болчу. Агайдын лекциясын угуп калгандар жакшы билишет, чымындын үнү угулуп турчу го чиркин! Ал жолу да ошондой кулак кескен жымжырттыкта Ашымкан агайдын “марксизм, ленинизмдин алдында жүгүнүп турушуңар керек” деген насаатын угуп отурсак эшик ачылып, Алик кирип келди. Кирсем болобу деп уруксат сурамай жок. Түз эле бош орун издеп баратат.

- Бул ким? - деди агай бизди карап.- Силердин  балабы?

- Акималиев, - дедик биз.

- Ой, сен Сырдыбаев эмес белең?

- Акималиев – менин псевдонимим, - деди Алик камырабай.

Ашымкан агайдын эриндери бүлк-бүлк эте түштү.Тамаша же кер какшык айтаарда эриндери ушинтип бүлкүлдөй түшчү.

- Эми мынчалык болуптур аялыңдын  фамилиясына өтүп ал.

Сабака ушундай акындык мамиле кылганынан беш жыл окуй турган окууну жети, сегиз жыл окуду окшойт. Чыныбай, Кожегелдилер менен баштаган экен, ортодо эки жыл эс алып “жайлоолоп” кетип, биз менен бүттү.

- Ай, Сырдыбаев, эки аялдын эри, үч баланын атасы болдуң.Токтолсоң боло! - дечү деканыбыз Сансызбай агай жаны кашайганда.

*     *     *

Эртең менен кабинетиме кирсем телефон шыңгырап атат. Карга кык чокуй электе телефон чалып аткан бул ким болду экен деп трубканы алсам:

- Алло, мен Аликмин.Камалып калдым, чыгарып кетчи, - дейт.

- Кайсыл РИИБде?

Мен Алик  ичип, же бирөө менен мушташып, анан милицияга түшүп калган экен деп ойлоптурмун. Эми кайсыл таанышка чалып, чыгарып алсам деп коём.

- “Кыргызстан маданиятынын” имаратында  отурам, - деди Алик.

Мен анда “Кыргыз руху” гезитинде иштечүмүн. ”Кыргызстан маданияты” экөөнүн аралыгы жапжакын. Чуркаган бойдон жетип бардым. Барсам, имараттын күн батыш тарабындагы тордолгон  терезеде мусапыр болуп, байкуш болуп Алик отурат. Кудум эле Пушкиндин торго түшкөн жаш барчын деген ырындагыдай.

Ал ичинде, мен сыртта туруп алып сүйлөшүп атабыз.

- Эмне болуп камалып калдың?

- Эртең менен суу ичейин деп киргем. Бир орус кемпир пол жууп аткан экен, отуруп турайын десем макул деди. Анан диванга отуруп уктап калыпмын. Ойгонсом тиги кемпир сыртыман жаап, кетип калыптыр.

 Бул Аликтин версиясы эле. А чындыгында  орус кемпир тряпканы жууп атканынан пайдаланып, суроо-сопкуту жок эле кирип кеткен окшойт.Түнү менен  майрамдап (кийин билсек ошол түнү адагенде Шайлообек байкеникине, анан Маркабай Ааматовдун үйүнө  барган экен) башы ооруп турган неме диванга отурар замат көзү илинип кеткен окшобойбу.

Кара басып ал кабинет бир  фирманыкы экен. Саат тогуздарда фирмада иштеген жигит келди да кабинетинде чоочун бирөө отурганын көрөр замат милицияга телефон чалды. Менин түшүндүргөнүмдү, суранычымды угуп да койгон жок. “Эгер тынч отурбаса атып салам” деди  тапанчасын көргөзүп. Түрүнө караганда атып салгандан да кайра тартаар эмес.

Дагы жакшы, Аликтин тоодой бактысы бар экен, Маркабай аке келип калды. Ал киши ортого түшүп кепилдик берген соң фирманын балдары Аликтин чөнтөк-башын аңтарып (тарагынан башка эчтеке чыкпады), коё беришти. Бул учурда сыртта төрт-бешөөбүз чогулуп калганбыз. Аликти Сибирдеги сүргүндөн бошонуп келген Токтогулдан бетер  көзүбүзгө жаш тегеренип  тосуп алдык.

*     *     *

Көз жумардан эки жума мурда мага “Жүз грамм арак миллион генийдин түбүнө жетет” деп интервью берген. Ал кезде ичпей жүргөн. Анан эле бир күн карасам ичип алыптыр.

– Алдыңан чыкты акының,
Жан аябас жакының, - деди  мени көрөр замат. Акча сурагысы келгенде ушунтип жамактатып, төгүп ийчү. Бирок өзүнүн  жоругуна өзүнүн ички дүйнөсү протест жасап, “ичинде эки бүркүт талашып, тытышып, оңго, солго тартып, мончого бир чөмүп  чыккан соң тазаланып,  “ит ичпестин ала көлү сыяктаган блатсука ичкиликке крест-мараторий коймокчу“ болуп жүргөн. ”Кыргыз туусуна” ичкилик тууралуу ырлар түрмөгүн алып барыптыр. Арасында мындай саптар жүрөт:

Ичпегиле, ичпегиле, ичпегиле!
А көрөкчө тырыштырбай
Жалкоолуктан желкеңерди
Дунганча дүңүрөңдөп иштегиле!
Тазалап, чирик, учук өпкөңөрдү
Кореецче ит жегиле!
Ичпегиле!

Бирок өзү “крест, крест, эгер мен ичсем да ит дегиле” деген убадасынын өтөсүнөн чыга албай калды.

Крестти акын эмес, макоо-пес арак койду...

*     *     *

“Мен өлсөм да силерди бир күлдүрүп өлөм” деген экен бир данышман. Биз, достору, курсташтары: Чыныбай, Жедигер, Кожогелди, Чолпонбек, Жолдошбек,  Карбалас аке Аликти жерге коюп келген соң анын “кыргыз поэзиясынын бою 1 метр 62 сантиметр, себеби, менин боюм ошончо” дегенин эстеп, Шакемдин алтымыш жылдык юбилейинде аксакалдардан озунуп төргө отуруп алганын көргөн акындар сени ким чакырды деп тамашалашса: ”Мен деген  Кудай конокмун” дегенин эстеп,  Акаевди, Майрам эжеңди  мактап Арзымат болуп бүттүң го? деген кер-какшыкка  бир теригип койбой “Арзымат абамдын арбагы колдосун” дегенин эстеп күлүп да, ыйлап да отурдук.

«Арзуусун таппай, ааламга батпай,
Алкымдан аккан ачуу көз жаштай
Армандуу Алик жалбырттап барат...»

Мамат САБЫРОВ

2011-жыл

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз