Белгисиз автор: Карышкырлар шайлоосу

  • 08.09.2020
  • 3170

Токойдо кезектеги президенттик шайлоодон кийин кайрадан шайланган президенти өзүнүн токойдогу калкын чогултуп, аларга кайрылуу жасады. Эң биринчи ал бардыгын, шайлоо адилет өтүп, өзүнүн кайрадан президент болуп шайланышы менен бардыгын куттуктады да сөзүн улантты:

– Мен бул жолку шайлоодо бир добуш менен шайланганымды баса белгилеп койгум келет...

Чытырман токойдун арасынан сөздөрү даана угулбай кыжырданган кыйкырыктар чыкты.

– Уктум-уктум... Чын эле бир бюллетень жараксыз болуп чыкты. Тилекке каршы, анын бир бурчу бүктөлүп калган экен. Болбогон эле нерсе дечи, бирок мыйзам деген мыйзам... Коён, сен бул жолу да биздин жалпы майрамыбызды буза алган жоксуң... Биз бардыгыбыз бир кишидей туруп эркин, ачык жана демократиялуу шайоо өткөзүп алдык! 146 пайыз менен!

Эми бизде тоталитардык режимге, канкор Токойчуну көкөлөтө мактап, ага чөгөлөп сыйынган заманга кайтмай жок! Мындан кийин токойдогу санитардык кыюуларга, күнөөсүз жаныбарларды атканга эч качан жол бербейбиз!...

Карышкырлар деп ким кыйкырды? Жок, биз коркунучтуу Токойчунун баш көтөртпөгөн кысымдарынан бардыгыбыз бирдей жабыр тартып келгенбиз... Мына, эми биз эркин айбанаттар жашаган, демократиялуу Токойго айландык. Бүгүнкүдөй жакшы жашоо тарыхыбызда болуп көрө элек болчу...

Кечээгиден калган камандын жамбашын мүлжүп жаткан Түлкү ушул жерден бул ак сөз дегенсип башын тез-тез ийкеп жиберди.

– Биздин токоюбузда айбанаттар кырылып жок болгону калды, токойдогу дарактардын бардыгын кыйып сатып жиберишти деген акмактар жандарын жешет. Бул ушак жана жалган сөз. Алардын эч бир далилдери жок, бул биздин статистика башкармасынын көрсөткүчтөрүнөн даана көрүнүп турат...

Карышкыр Түлкүнү карап калды. Ал жооп иретинде, алдынкы бутун көтөрүп булгалап, куйругун шыйпаңдатып койду.

– Биздин улуу жана кубаттуу Токоюбуз күндөн күнгө өсүп жана гүлдөп барат! Биздин жашообуз жакшы, эми мындан да мыкты болот! А биздин душмандарыбыздын ичтери күйүп, ушак айткандан башка аргалары жок! Айтмакчы, саткындар, экстремистер жана террористер менен ийгиликтүү күрөшүп келатабыз, бул иш мындан ары да улана берет. Ушуну менен өз сөзүмдү аяктайм...

Эми процедуралык маселелерге келелик. Бүгүн эртең мененки тамакка — Коён, түшкү тамакка — Кирпи, кечки тамакка – Марал даярдангыла. Бардыгыңарды кечикпей убагында келүүгө чакырам!

Аңгыча титиреген колдорун көтөрүп, көзүнөн жашы тамчылаган Кирпи сөз сурады:

– Бул кандайча? Мен башкалар сыяктуу эле сизге добуш бербедим беле? Эмне күнөөм үчүн мени мындай кыласыз?

– Кирпи сен азаматсың, тандооң абдан туура болгон... Эми эмнеге нааразы болуп жатасың? Айтмакчы, ийнелериңди кырып салганды унутпа. Ийнеси кырылбаган Кирпилерди жегенди жаман көрөм, тамагымды тыттырып алышым мүмкүн...

Аңгыча Түлкү үн салды:

 – Негизи, бул Кирпилердин бардыгынын ийнесин кырдыртып салыш керек! Ийне менен жүргөнгө тыюу салган мыйзам керек... Бул акмактарга ошол эле керек! Болбосо, жегиң келип кармап алсаң, бул акмактар топтомолок болуп жатып калышат, эр болсоң жеп ал!

 – Туура айтасың, – деп баш ийкеди Карышкыр, бул жөнүндө ойлонобуз...

Тыйын чычкан сөз сурады:

– Калайык, кайда баратабыз! Токойду кыйып бүтүштү. Карагайчылар талкалап кыйганы аз келгенсип, алардан калганын курт талкалап жатат. Токойдон тообурчак табыш күндөн күнгө оор болуп барат, кышка эмнени даярдайбыз, билбейм! Минтип олтурсак жазга жетпейбиз!

 – Жолдош Тыйын чычкан! – деди Карышкыр кабагын чытып. – Токтоосуз былжыраган сөзүңдү токтот! Балким сен душмандардын мамлекеттик департаментинде иштеп жүрбө?– Же биздин жалпы айбанаттык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен макул эмесиңби? Кудай буюрса, тообурчактарды кайда жиберип жатканыңарды да териштиребиз...

Карышкыр Түлкүнү карап баш ийкеп койду эле, Түлкү да ага жооп кылып башын ийкеди.

– Анын үстүнө мен өзүм курт жебейм, а тоңкулдактарды болсо өткөн айда жеп бүткөнбүз, аман калгандары экинчи кайрылгыс болуп кошуна токойго качып кетишкен... Негизи, – деп сөзүн улантты Карышкыр бир аз тынымдан кийин Тыйын чычканды карап,– сен жеке өзүң кышка чейин жашабайсың. График боюнча мен сени кийинки аптада жейм. Ошондуктан тынчсызданбай эле кой... Бир ойлонбо...

Ушуну менен силер болуп жемиштүү жолугушууну аяктады. А сен Коён, калышыңды суранам. Кирпи менен Марал кечикпей келгиле. Эй, Кирпи кырынганды унутпа! Тыйын чычкан жана башкалар, көп эле сүйлөй бербей иштегиле! Бийликте силердей жиндилер олтурган жок, алар силер жөнүндө бардыгын билет, түшүнүшөт жана силердин камыңарды көрүшөт. Жакшы тургула, жакшы маанай, чың ден-соолук каалайм!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз