Бакытбек Абдуллаев: Ваучердик каржылоо же акча окуучунун артынан кууйт...

  • 08.09.2020
  • 4600

Жакында парламенттик шайлоо. Катардагы шайлоочу катары субъективдүү болсо да ойлоруму жана күтүүлөрүмү жазып турайын деп чечтим. Жакса жакпаса да бул менин жеке оюм. Конструктивдүү сын-пикирлер болсо кубанам.

Ар бир үйдө бала бакчага жана мектепке барган окуучу бар. Ар бир ата-эне баласынын жакшы билим алуусун каалайт. Билим берүүдөгү реформалар жемишин дароо бере бербейт. Ошентсе да бир шайлоочу жана ата катары шайлоодон утуп келген өкмөттөн күтүүлөрүмдүн бирөөсү – билим берүүдөгү ваучердик каржылоо. Ал эмне? Бул мектептерди каржылоодо кеңири колдонулган практика.

Азыр республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча-каражат мектептерге жѳнѳтүлөт. Ваучердик каржылоодо акча каражаты окуучуга берилмекчи. Окуучуга ваучери менен мамлекеттик мектеп болобу же жеке менчик болобу – каалаган мектебине баруу эркиндиги берилет. Ар бир окуучу мамлекеттен ваучер алат. Ал эми окуучу тандаган мектепке бюджеттен накталай акча берилет. Кѳпчүлүк окуучулар үйүнө жакын мектепти же беделдүү мектепти тандашы мүмкүн. Андай мектепке окугусу келгендердин атаандаштыгы күч болуп кетсе, ашыкча жүктү азайтуу үчүн, ар бир мектеп жана класстын кабыл ала турган окуучунун саны чектелет.

Ал чек мектептин аянтына жараша чек коюлат. Биринчи класстын окуучулары «оболу келген, оболу тейленет» деген принциптин негизинде кабыл алынат. Электрондук тиркеме да паракорлук иштерден арылууга жардам берет. Бул реформа мектептердин ортосунда атаандаштыкты жаратат. Мектептер мыкты мугалимдерди ишке алууга жанталашат. Анткени окуучулар менен ата-энелери мыкты мугалимдерди тандаарын жана акча каражаты окуучуларга берилерин билишет. Менин бир балам жеке менчик бала бакчага, бир балам жеке менчик мектепке барат. Мамлекетке төлөгөн салыгымдын пайдасын көрбөйм дагы. Бирок кандайдыр бир нерсе күтөмүн да мамлекеттен.

Бул реформанын эң маанилүү ѳзгѳчѳлүгү окуучулар ваучерин мамлекеттик гана эмес, жеке мектептерге да колдоно алгандыгында.

Ваучердин баасы жеке мектептеги окуу акысын толугу менен жаппашы мүмкүн. Мисалы, ваучердин суммасы 20 миң сом деп табылса, жеке менчик мектептин жылдык окуу акысы 100 миң сом дейли. 20 миң сомдук ваучер менен контракттын бир бөлүгүн, өз чөнтөгүңөн калганын төлөөгө мүмкүнчүлүк туулат. Жеке мектепте баласын окуткан ата-энелерге мамлекет тарабынан каржылык колдоо болгон болот. Жалпы жыйынтык сапаттуу жаңы мектептердин пайда болушуна жана жеке менчик мектептердин ачылышына себеп болот. Мамлекет мектеп курууга олчойгон акча каражат бөлүүдөн кутулат.

Бир чети мугалимдер да административдик ресурстун басымынан кутулат. Ал жерде кандай гана коррупция бар экенин билебиз. Бир окуучуга берилер ваучердин баасын аныктай турган формула бар. Формуланын үч негизги варианты – шаар жери, айыл жери жана тоолуу жери бар. Айылдагы жана тоолуу райондогу мектептерди каржылаганга кеткен чыгым адатта кѳбүрѳк болору турган иш. Анын үстүнѳ тоолуу райондогу мектептер кыш мезгилинде жылытууга кѳбүрѳк чыгым коротушат. Ваучердин наркы баарына бирдей болсо, шаар сыртындагы мектептер жетишерлик каржыланбай калат. Бул деталдар өкмөттүн иши деңизчи. Грузия муну ишке ашырганда 3 жылда жеке менчик мектептердин саны 1,5%дан 14%га жогорулаган. Ошол эле Финляндияда, Швецияда, Сингапурда бул ыкма колдонулуп келет.

Кайсы партиялар мындай нерсени убада кылып жатат дейсиз? “Ата Мекен”, “Бир Бол” жана “Реформа” партиялардын программаларынан бул убаданы көрө алдым. Кээ бир партиялардын программасын таба албадым же билим берүү боюнча бөлүм такыр жок.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз