Токтосун Самудиновдун пародияларынан

КАРА ЖЫГАЧ, АК КАЙЫҢ

Кара жыгач арасында кайыңдай…
Омор СУЛТАНОВ (Ч. Баековага)

Урмат кылсаң «мартабалуу айым» деп,
Арналат да кѳкѳлѳтмѳ зарыл кеп.
Кара жыгач ким экенин айтпадым,
Бирок аны айттым «аппак кайың» деп.

Айланайын кара тору кыз-келин!
Ар бириңе пейлим дайым түз менин.
Ар ким ѳзүн Баатыр ойлойт, Шер ойлойт,
Сыйлык, наам – менин дагы күткѳнүм.

Мен силерди кемсинтпедим атайын,
Анткенде эле – ѳрттѳнбѳйбү сакалым.
«Кара жыгач кыйыңдан да сулуу» деп,
Айыбыма бир поэма жазайын.

УЖСга чоң да болдум, чочойдум,
Аным үчүн кызардым да, бозордум.
Эгер ушул поэманы бүтүрсѳм,
Жарап берер сыйлыгына Токомдун.

ЖЕРДЕШТЕРГЕ ТААРЫНЫЧ

Мээнет үрѳп, элге кызмат кылам деп,
Мен ит болгом депутатка чыгам деп.
Омор СУЛТАНОВ.

Мээнет үрѳп, элге кызмат кылам деп,
Кѳлдү коргоп, тѳшүм тосуп турам деп,
Чуркап жүрсѳм, кашайгылар айткан жок
Ѳзүбүздүн балабызга убал деп.

Баары жарап чийип салган колдун да,
Ѳтүп кетсем, кубанч толмок койнумда.
Марат1 эмес, акын Омор Султанов
Анда болмок спикердин ордунда.

Билем жаным, кейимексиң сен ага,
Токтоп калмак «Сен жѳнүндѳ поэма».
Биз жазмакпыз – Исабеков2 экѳѳбүз
Кум-Тѳрдѳгү кен жѳнүндѳ поэма.

Эстей берем мен ит болгон кездерди,
Эл кыдырып, кур убара чеккенди…
Депутаттай бирок, сестүү кѳрүнѳт
Жакамдагы жазуучулук тѳш белги.

1. Марат Султанов – Парламенттин ошол чакырылышындагы спикери.

2. Кубанычбек Исабеков – Кум-Тѳр кенине байланышкан талаш маселелерге аралашып келаткан депутат.

ФИЗИКТИН ЖОЛУ – ТҮЗҮК ЖОЛ

Акындын жолу чатак жол,
Ага арга болсо кирбегин.
Химик же койчу физик бол,
Кеп болсо болду билгениң.
Омор СУЛТАНОВ.

Кеп-кеңеш сурап, «аба!» деп,
Кайрыла бербе мага кѳп.
Партия, Союз түзѳм деп,
Сандаган менде санаа кѳп.

Кийинки кезде, сен тургай,
Ойлонуп калды Омокең.
Химикти билбейм, Физигиң
Президент болчу жол экен.

ТЕХНИКА ЖАНА МЕН

Үнү жок, үнү түгүл, шыбышы жок,
Кыймыл жок, кыбыраган жылышы жок.
Ың-жаңсыз ѳлүү түшкѳн музоого окшоп
Ѳчѳйѳт, эч ким менен жумушу жок.
Омор СУЛТАНОВ.

Адашкан мышык десем – муруту жок,
Кадимки кыр-кыр эткен  дыбышы жок.
Ѳчѳйѳт ѳзүнчѳ эле, таңгалыштуу,
Бул жерге кайдан келген, ырысы жок?

Ойлодум: «Бул айбанды алдоом керек,
Акырын желкесинен кармоом керек», -
Дедим да, кайра тарттым ал оюмдан,
Катыгүн! Мындай ишке барбоом керек!

Шырп эткен дабыш угуп кокусунан,
Ойгонуп кетпегенге топук кылам.
Ѳзүмѳ тура калып, жабышабы?
Жарыкты жандыргандан чочуп турам.

Түндѳгү кѳргѳн күнүм куруп калсын!
Мунумду коңшулардын бири укпасын.
Тааныдым… жаңы койгон телефонду,
Ѳчѳйгѳн үстүндѳгү трубкасын.

ОМАРДЫ ОМОР ТУУРАБАЙТ

Эзелтен акындардын баары ырдашты
Сүйдүк деп айдай сулуу карындашты.
Ай да эмес, Күн дагы эмес, Жылдыз да эмес
Колума бирѳѳ тийип, багымды ачты.
Омор СУЛТАНОВ.

Навои, Саади менен Омар Хайям
Издешип сѳздүн гүлүн сүйгѳнүнѳ,
Күн-түнү ашык ырын ырдашыптыр
Суктанып айдайына, күндѳйүнѳ.
Мен болсо, туурабастан ошолорду
Сүйүндүм… эптеп колго тийгенине.

ДОСТОШУУ ЖАНА КОШТОШУУ

Кош бол, арак, кош бол, байкуш, аман жүр,
Кош дебеске болбойт эми, түгѳнгүр.
…………………………………………………
Кош бол, шүмшүк, кош бол, шордуу, эсен бол,
Канткен менен кайырлашуу оң болор.
Омор СУЛТАНОВ.

Кош бол, арак, кош бол эми, түгѳнгүр!
Убадачыл мендей досуң түмѳндүр.
Кашайгыр ай, кайдан чыгып кетти эле?
Бул коштошуум ѳзүмѳ да күмѳндүр.

Айтсак эгер узун сѳздүн кыскасын:
Зарыл беле вообще менин тышташым?!
«Акынбы деп шарап татпай ыр жазган?»
Бетин чоёт Омар Хайям устатым.

Тартып ийүү болбосо да эч эрдик,
Мындай кезде баш чайкаган – бечелдик.
Кана эмесе, кайда жүрѳт закуска?
Коштошуунун урматы үчүн… кѳтѳрдүк!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз