Ырысбай Абдыраимов: Элек

  • 21.09.2020
  • 3282

АҢГЕМЕ

Кыргый мүчө, кымча бел Айнуранын толукшуп турган чагы. Айдай тунук жүзүнө күлмүңдөгөн карагаттай көзү менен каш-кабагы жарашып, эки ийнине төгүлгөн кыска, жылтыр кара чачы ого бетер сук арттырат. Окууну алда качан бүтүп, кадырлуу бир мекемеде иштегени менен турмуш тууруна коно элек. Чет элдик он эки тилде сүйлөп, түш жоруганы менен үй-бүлө курууга ашыкпайт. Татымына дал келер жигит чыкпай жүрөт. Жылмая күлгөн илбериңки, кем сөз, үй-бүлөлүү балбан жигитти беш көкүл кезинде сыртынан сүйгөн. Дүйнөлүк не бир мелдештерде күчтүүлөрдү тизелеткен ал жигитти чет жактан мөрөй утуп кайткан сайын жеңиши менен куттуктап, көптүн арасында чоктой кызыл гүл сунуп тосуп алчу.

Балбан Айнуранын балбылдаган көз карашынан сүйүүсүн туйса, туйгандыр. Бирок талчыбыктай өспүрүм кыз ага бал сезимин айткандан тартынып, ичине каткан. Бою узун, кең көкүрөк сымбаттуу жигитти казак достору телчиктирип, дүйнөлүк марага чыгарганын жакшы билчү. Ал ата мекени кадырлап, сыйлаганына карабай, тай журтуна жан тартып, энеси чоңойгон калаага баса берген. Атаандаштарын улам утуп, эне мекенинин туусун нечен ирет көкөлөттү. Отуздан оогондо анын улуттук олимпиада комитетине төрага болорун уккан көрө албастар башкесер жалдашып, аттырып өлтүрүштү. Сөөгүн коюуга Айнура да жетип барды.

Чет эл кадырлап атса, тай журтундагы ичи күйгөндөр өмүрүн кыйганына наалат айтып, шолоктоп ыйлап, балбанга жетпей калганына арман кылды. Казак боордоштору да: “Өзүбүздө министр бол десе көнбөдүң. Тай журтуңа жол тартып, көргөн күнүң не болду?”- дешип, балбанды өкүрүп-жоктоп сыздашты. Айнуранын тун сүйүүсүн билбесе да, балбан өзү менен ала кетти. Арадан кыйла жыл өткөн соң өксүп, көңүлү айласыздан сууп, аны унутуп баратканда: “Сендей курагымда беш агаңды телчиктиргем. Отуздан кийин ордо бузаар бойдоктор сейрек калат. Жигиттердин кыз чамалаштары түтүн булатып, кыйласы ордолуу шаар болот. Жашың өйдөлөгөндө кара далы деп эч ким көз салбай коёт. Же элүүнү этектеген, же жесил эркектер колуңду сурайт. Карачы, сен эмес бак-дарактар да бүрдөп, гүлдөп, тооктой жөжөлөп, жүзүмдөй мөмөлөп атат. “Тулпар тушунда, күлүк күнүндө”  дейт. Этегинен улам жалгаса, кыздын бактысы ошол, чүрөгүм!.. Сен да менин тайларыма, небере-чөбөрө, эбире-кыбыраларыма өмүр тартуулашың керек. Ка-ап, бойго жеткениңде эле колуңду сурагандарга кармата бербей...” – деп апасы кысмакка алат. Эс кире электе сүйгөнү балбан болду.

Анткени менен ага ашыктар эми деле толтура. Ал үчүн кимдер гана жүрөгүн чаппады. Апта сайын ар кайсы өлкөлөрдөн илимди чемичкедей чаккан не бир  окумуштуулар катышкан долбоор даярдап, ондогон долбоорду жүзөгө ашырып атканын кайдан билишкен, же чоң жыйындарды өткөргөнүндө тартылган тасмаларды ютубдан көрүшкөнбү, айтор, ата-жотосу атын укпаган чет элдик бозойлор таанышмак болуп тажатты. Алгач дүйшөмбүлүк Точики кылчактап, торун жайды. Ал чала-була орусчалап: “Биз жак өтө  ысык. Кыз-жигиттер алма-өрүктөй эрте бышат. Баш кошсок, Чыйырды чоң энеңди тартып,  Манастай баатыр уул, Каныкейдей акылман кыз төрөйсүң” - деп жылмаңдайт.

Жайында Ысык-Көлдүн Чоң-Ак-Суусунун күн көрүнбөс, таза абалуу капчыгайында эс алып жүрсө, этек-башына ак сурп орогон көз айнекчен арап көрө калды да, өзүнө тартууну көздөп, тилмечинен минтип айттырган: “Королдун уулу, принц болом. Билим алгам, Оксфорддон. Атамдын тактысы мага калат. Өзүң тургай, ата-энең, урук-туугандарыңды айылыңдагылар менен чылк алтынга оронтом. Көчө аралабай, иштегени кыйналбай, бала төрөп, мээлүүн үйдө мени күтүп, олтурасың”.

“Өзүң бут кийимге жетинбей, дамбалыңа чалынып, жылаңайлак жер кезип жүрөсүң да, менин кадырыма кайдан жетмек элең? Жүзүмдү чүмкөп, паранжы жамынгым жок. Токолдор өз жериңден буюрсун!”- деди шак эле анын бетине.

Чүрпөлөрү төрөлгөндө аталары жүзүмдөн шарап салып, анысын үйлөнгүчө жерге көмгөн армен менен азери бозойлору, кебездей жумшак ак пахтага ороону чечкен ала топу Москвадагы курдаш кыздарын тооруду. Кийин ошолорду ээрчип, көзү менен тең айланган теңтуш селкилерди көрүп, “өз агасын агалай албаган – бирөөнүн (мырза жигиттерибизди кадырлай албаган - бөтөн эркектердин) босогосун сагалайт... Эх, татына кыздар! Сүйүүгө го, арга жок. Кимди сүйсөң, өз эркиң. Бирок силер үчүн таттуу окшойт өзгө жердин сорпосу?”- деп ичи ачышты.

Көзү жылтыраган акак тиш кара ынды да гүл сунуп, шилекейин чубуртту. Айнура “ала-тоолуктардан башканын сүйүүсү мага кызыксыз” -дегенде, ошол негр ак шайы жоолук салынган бөтөн бир, алчадай мөлтүрөгөн  бийкечти Африкасына  жетелеп баратканын аэробекеттен учуратты. Тасмадан: “Сиз эмес, сен деп  сүйлөшөлү! Питердин буурул түндөрүндө, кара деңиздин жээгинде сейилдетем. Мекениңе завод-фабрика куруп берем”- деген эжигейдей ак саргыл чач Иван да кайырмагын ыргытып, “экөөбүздүн бактыбыз үчүн!”- деп каалоо айтып, чөйчөк толо вискисин тартып ийди. Андан кийин ак калпакты атайын  Айнура үчүн кийген жапон менен инди да, биринин артынан бири “кара жоргону” бийлешип, бутуна жыгылды. Булар да кыздын асмандагы жылдыздай асылдыгын урматташып,  не бир убадаларын куюлтту. Кыйгач көз ханзунун “чыгыштан батышты көздөй темир жол салып өтөйүн. Тууган-уругуңдун колуна  кайтарымы жок миң жылдык насыяларды төгөйүн”- деп тамшанган  кебин укту. Интернетте аялын балдарынын көзүнчө кордоп-зордогон жылаңач кыйгач көздөн жийиркенди. Бейтааныш болсо да, суу бетине лотос гүл өскөн өлкөнүн эркегин тандаган кандаш келинге боору ачыды.

Ал кайырмак ыргыткан жигиттерге сылык-сыпаа жылмайымыш эткени менен чет элдик бозойлордун эч кимисине ийиген жок. Европада көшөгөсүн көгөрткөн курсташы тың чыкма мистерлер менен тааныштырганда зымсыз телефону улам чырылдап, шаштысын алды. Чар-тараптан СМС каттар селдей акты. Курдаш кызы Швейцарияда турат. Күйөөсү менен кез-кез гана жолугушуп, ар кимиси өз-өзүнчө виллаларда жашайт экен. Төгөрөктүн төрт бурчуна саякаттап, кымбат баалуу машина, самолёт айдап, роботторду кулдай жумшайт экен. “Бул жакта баары белен. Кабак түйгөн же ой басып, ойлонуп жүргөн, көйгөйгө чөккөн,урушуп-сөгүнгөн киши жок. Эркектери кызганычтан алыс, аялдарын таманынан тартып, дене-бой, төбөсүнө чейин өбөт. Күлүп-жайнап, жыргап-куунаган эле адам. Ээн-эркин жүрөсүң. Үй-бүлөмө, кайыната-кайненеме деп оокат бышырып, түтүнгө уукпайсың. Кайын журтуң түгүл күйөөң да башкарбайт, жүрүм-турумуң менен иши жок.”

Ушинтип жомоктогудай жашоого үндөгөн курсташы Айнуранын сүрөтүн интернет желеге илгенде, интернеттен ага кимдер гана кат жазбады да, сүрөттөрүн кимдер гана салбады?

Америкалык Билл  вотсапта комуз чертип, кыргызча ырдап, аз жерден ийитип ала жаздады. Көрсө ал мурда Айнагүлдүн айлында ыктыярчы болуп иштеп, тилге машыккан тура: “Ушул обон сизге тартууланат. Калыңга беш тонна доллар жиберем. Тоюңузга жылкыларды тооктой  сойдуртуп, чучук, казы-карта тарттырам. Бишкекте да Вашингтондо да той өткөрөбүз. Бөлөктөрдү кара тизмеге киргизип, жарандык бербей атканда, сиз мага тиериңиз менен паспорт аласыз. Конгресс вумен болуп, Ак үйдө иштеп каласыз” - дейт онлайн терезеден.

Берлиндик Иоганн  менен париждик Жюль баш кошуп, тууруна кондургандан кийинки бал айында Канар, Бали аралдарына саякат жасатып, дүйнө жүзүн кеме менен кыдыртаарын убада кылды. Алардын өз тилинде жооп кайтарганда, Айнуранын чилистендигине тигилер аң-таң калышты.

Ал электрондук дарегиндеги каттарды окуп, керексизин жок кылып аткан. Бутунун учу менен шырп алдырбай басып келип, арка жагынан көмпүтерди шыкаалаган  жеңеси, алаканын шак урду:

- Ой-бой, кызыке! Жигиттерди укуругуңа түгөлү менен түшүрүпсүң го!... Курама темир курч болот. Кан алмашканда кыйын балдар төрөлөт. Байларын колдон чыгарба! Чет өлкөлүктөр кадырыңа жетет. Үйүндө тамак бышыртпайт, түтүнгө деги ууктурбайт. Алаканына салып, идиш-аяк, көйнөк-көнчөк жуудуртпайт, таң атпай короо шыпыртпайт. Балаңды да, ата-энесин да бактыртпайт. Кишини кадырлап, убакыт менен эсепке так, кичи пейил, жаш балага да сиз деп сүйлөгөн, элпектигин айт.

- Сиз муну кайдан билесиз? – деди Айнура жеңесинен шек санап. – Кайсы элде болсо да, эркектердин чилдейи бар, пилдейи бар... Ала-Тоонун жигиттери өзгөдөн ашса ашат, кем эмес! Бак-таалайга жетүү  ар кимдин өз колунда. Үйүндө интернет аркылуу иштеп, бүт дүйнөнү баш ийдирген кыз-кыркындарыбыз толуп атат.

- Мен да Европаны аралагам. Бизнесиме капитал топтогуча ошол жакта иштеп, батыштын турмушун элегимден өткөргөнүм үчүн айтып атам. Мен эмес, нечендеген сулуу эже-сиңдилерибиз чет элдиктердин колун кармап кетти. Азыр бактылуу-таалайлуу, көйгөйү жок, кийбегенди кийип, ичпегенди ичип, биздегидей кыйналбай, балкып жашап жүрүшөт.

 - Чет элдиктер биздин кыздарга эмнеге көп ашык болот?

 - Британиядагы курдашым айткандай: биздин кыздар ак көрпө жайыл. Оттуу, таптуу, ар өнөргө таланттуу, жөнөкөй жана иштерман, билги, ашкан акылман. Манжасы тийгенде эле чет элдиктер сымаптай көлкүлдөп эрип, эс-учтарынан танат. Ошон үчүн алар эң мыкты бийкечтерибизди ийнине кондуруп, жашын сүрүштүрбөй, өмүрлүк жар кылып атпайбы! Ак никесин биздин кыздардын үйүндө кыйышып... Таш менен көк музду эритер касиет сенде да укмуш, кызыке!

 - Кайда жүрүшсө да, ылайым биздин кыздардын  багын ачсын!... Ырас, чет өлкөлүктөр агыл-төгүл, март, адамдан эч нерсе аяшпайт, билем. Бирок ата-энесин карыялар үйүндө жашатканы осолдук. Өзүмчүл пенде өз тегинин баркына жетпейт. Сары чака менен кошо тоголонуп, битиреп, битин сыгып, канын жалайт.

  Жеңеси кайын сиңдисинин көктүгүн, өз чечиминен жанбашын жакшы билет. Айнуранын бир сүйлөгөн мүнөзүнөн улам менти тая түштү да, кайдигер түрдө:

- Мунуң – ырыс кыйдылык, кызыке! Сени кулдай иштеп, ханышадай өмүр сүрсүн деген эле тилегим. Үй күчүк болуп, өз жериңден чыкпай, этегиңе чалынып жүргүң келсе, ал жагын да өзүң бил!- деди да, кагынып-силкине ары басып кетти.

Айнура эртеси ресторанда Нурбол менен түштөнүп олтурду. Көзү менен тең айланган бозой илбериңки, кичи пейил. “Сүйөм” деп көзүнө дароо айтпаганы менен Айнураны жактырат.

Күтүүсүздөн орто жашар, таз баш Зефердин карааны көрүндү. Ал өз мекениндеги кымбатчылыктан улам үйлөнө албай, Ала-Тоодо кыйладан бери жашайт. Жергиликтүү кыз-кыркындарды сүйсө болду, кимдин болсо да этегин кармап, сүйгөнүн ээрчип жөнөрүн, жар болууга көнөрүн аңдап калган. Ээк-жаагын тынымсыз кырынган стамбулдук бу көгүш көз, кексе киши бийкечти көлөкөдөй ээрчигени ээрчиген. Айнура иштин айынан Нарынга барабы же Чүйдү кыдырып, Таласты ашабы, кайда бет алса, изине түшүп, ошол жакка дароо жетет. Селки жайдарылыгынан жанбай, күлүп сүйлөп, кылыктанганы менен колун ага карматпады. Антсе да айныбай, Зефердин жабышканы жабышкан. Азыр да Айнуранын маңдайына келип чөк түштү да, ак маржан мончокторду кош колдоп сунду:

- Сиз үчүн муну Жер Ортолук деңиздин түбүнөн таптырдым... Атайын суучул салдырдым. Айнура айым, жок дебечи, сүйөм сени... Калыңды каалашыңча төлөйүн! Анталия менен Стамбулдагы үйлөрүмдү өзүңө өткөрүп берейин!- деп жалбарды.

Таманынан жалагыдай болуп жүргөн Зеферден тажаган кыз анын чын пейлинен айткандыгынан күмөнсүрөдү да, анын демин суутканы “түлкүдөй кубулма мүнөз, зыкымдыгыңды билем. Сага окшогонго колумду карматкыча...” - дегиси келди. Бирок ага тили барган жок.  “Ашкан сулуу, бөтөнчө иш билерман, билимдүү кыздарыбыз чет элдиктерди ээрчип кете берсе, туулган жерибизде ким калат?Ак калпак жигиттер алардан артык ко, башка кандан жаралгандар бизге күйөөр бекен? Эч кимдин көзүн карабай, ургаачы элем деп бурчка тыгылбай, жубайы менен кадырлашып, соорусуна камчы салдырбай, тизгинди эркекке алдырбай, атам замандан тең ата болуп жашап келаткан Каныкей, Жаңылдай эне, эже-сиңдилерибиз жер жайнайт. Дөөлөттүү жашоо аялдын көзү менен тең айланган эркек,  жалаң гана чет өлкөдө бекен? Падышадай кем-карчсыз, бактылуу өмүр сүрүү -  ар кимдин өз колунда. Бирок чынар теректин көлөкө, үзүрү өз жерибизге тийиши керек. Менин бактым  - түтүн жыттанган айылда, боорсок бышырган кемегенин башында, апам нан жапкан дандырдын жанында, өзүм сүйгөн өмүрлөшүм менен уул-кыздарымдын койнунда, ата-эне, урук-тууганымдын колунда. Төбөмдөн ылдый алтын-күмүш чууртуп төксө да, ак калпак курбу, жигитимди чанбаймын. Бакытымды өз жеримден табамын” - деп ойлонду.

Күтүрөгөн бодо мал, билим-илимге карк толуп, жылкы-кулуну мол, жашыл шиберлүү, таза желдүү жайлоодон, танкы шүүдүрүмдө төбөсүнөн боз түтүн булаган боз үйдөн, шылдыраган тунук булактуу, ак кар, көк муздуу Ала-Тоодон, көк ирим Ысык-Көлдөн алыстоону көзү да, көңүлү да кыйбады. Минген күлүгү куйрук-жалын шамалга желбиретип, желдей сызган  Нурболдун ийнине башын жөлөдү. Жанаарак  ал бозой колуна карматкан кызыл кутудагы шакекти Зефердин көзүнчө манжасына салды да:

 -Кечиресиз, көңүл миңди сүйөт, жүрөк бирди сүйөт. Жүрөгүмдүн ээси ушул жигит, таанышып алыңыз! Мекенимден алыстай албайм. Ханзуга же Эмиратка барып, Батышка шилекей агызып, андагылардын санын ашырбайм. Жакшы жашоо үчүн чет өлкөгө тийип, жылына бир жолу каттап, кийинчерээк эл-жеримден биротоло кадам айырбайм.

Муну уккан Нурболдун делебеси козголуп, жүрөгү жылыды. Айнураны кучагына кысып, жүзүнөн сүйдү. Зефер болсо, шуруларын кызганчаактык менен тез жыйнап алды да, үшкүргөн бойдон жолго түштү.

Ырысбай Абдыраимов

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз