Жалгандын пайдасы, чын сөздүн зыяны тийген учурлар жөнүндө икая

Бир жолу окуучулары акылманга мындай суроо беришет: “Сиз бизге жалган айтып, алдаган учуруңуз болду беле?”

Ал аларга мындай жооп берген экен: “Ооба, силердин кызыкчылыгыңар үчүн жалган айткан күндөрүм болгон.”

Өзүнүн айткан сөзүн бекемдөө үчүн ылдыйкы икаяны айтыптыр.

Бир күнү бир адамдын үйү өрттөнө баштайт. Ал үйдө калган балдарына үйдөн тез чыккыла деп кыйкырат. Балдары өрттү көрүшпөгөндүктөн, адаттагыдай эле чуру-чуу түшүп ойноп жүрүштү, атасынын кыйкырыгына көңүл бурушкан да жок.

Ошондо атасы куулукка барды. Ал балдарына көптөн бери убада кылып жүргөн оюнчуктарды алып келип көчөгө калтырганын айтты. Кубанып кеткен балдар сыртка чуркап чыгышты. Албетте, алар эч кандай оюнчукту табышкан жок, бирок эми алардын өмүрлөрү коркунучтан алыс эле.

“Ошондуктан, – деп сөзүн улантты акылман – менин жалган же чын айтканымдын айырмасы жок. Маанилүүсү, силерди сактап жана силерге жардам кылган болсом болду”.

Бул икаяда бир топ маани катылган, бирок жалган менен чындыктын бирин тандоого мажбур болгон учурда кайсынысын тандасак туура болорун карап көрөлүчү.

Адатта биз жалган айтканды сындап, чындыкты жакшы сапаттардын алдыңкыларына кошобуз. Бирок жашоону бир кылка караганга болбойт, жашоо деген ар кандай. Эмне туура, эмне туура эмес экенин талкуулоо өзү келесоочулукка жатат.

Ар дайым абалга жараша иш кылыш керек, жашоо даяр чечимдер менен эрежелердин жыйындысы эмес. Ар бир абалды таразалап, жети өлчөп бир кесүү абзел.

Ошондуктан, эгерде сиздин калпыңыз кимдир-бирөөнү бир балээден (анын ичинде өзүңдү да) сактап калар болсо, анда адеп-ахлакты сактабай эле койсоңуз болот; жалган айтып койдум деп өзүңүздү күнөөлөй бербеңиз, сизди калпычы деп аташса чычалап, кайгырып, сарсанаага батпаңыз.

Кээ бир учурларда адамдар чындыкты уккулары келбейт – ал аларга зыян тарттырышы мүмкүн.

Которгон  Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз