ЖУСУБАЛИЕВ Кубат: Бригадир Кулжанбектин аңгемелеринин топтому

Кыргыз адабиятынын проза чебери Кубатбек Жусубалиевдин “Бригадир Кулжанбектин аңгемелери” аттуу керемет чыгармасы бар. Жалгыз чыгарма эмес, бир теманын алдына сыйдырылган бир нече аңгемеден турат. Бирок негедир эле К.Жусубалиевдин китептеринин бирине да бул чыгармасы толугу менен кирбей калган. Анын себебин Кубат акенин өзүнөн сурасам, так жообу жок… “Кайда калды эле?” деген суроомо, “кайда калганын мен кайдан билем” деп койду… “Илгери – деди анан, – илгери “Ленинчил жашка” бекен, “Маданиятка”  бекен. Чыккан. Мен кембагал эмнем кайда калганын кайдан билем, ошол чыккан бойдон жоголуп кеткен. Кайда жоголгонун бир билсе, Алым Токтомушев билет. Ошо балага калтыргамын. Мынамынча…толтура бир колтук кагазымды ошол балага аманат деп кеткем. Элден обочо кеткем. Алайга…” деген эле үч жыл мурун Кердегейге барганымда. 

Кийин Бишкекке келерим менен Алым байкеге барсам, ал кишинин да эсинде калбаптыр. Бирок болжолу менен айтты… “Ленинчил жашка” 80-жылдардан кийин бергендей болдум эле дегендей… Так эмес… Бирок мен өжөрлөндүм… Эки-үч күн катары менен китепканалардын архивин аңтарып жүрүп  “Бригадир Кулжанбектин аңгемелерин” таап алып, кийин Кубат аке шаарга келгенде колуна карматсам, баладай кубанды. “Эй, сен жаны жок экенсиң” деп ал да сүйүндү, мен да… 

Эмесе, ошол жоголуп кетип табылган аңгемелерди бул жерден толук окуй аласыздар… 

Олжобай ШАКИР

 

1. Көпүрөк менен козу

1965-жылы жаныбар айында биздин бир кара жүсак кой талаага тууп калыптыр. Кыштын күнү. Ал баягы энесинин жанында түнөп калып, а мен түркөй аны карабай, жоктобой, ошол күнү кайда жүргөм, билбейм, дагы бирөөлөр менен кекиртектен чыкканча ичип жыргап жүрсөм керек да, а кезде «коммунизм» эмес беле, бир буту – арткы бир буту үшүп, түшүп калыптыр. Анан баягы козум бир буту жок туруп калды. Эмне кылайын, эми кимге бут издеп барам деп мен туруп калдым. Ошентип турсак, бир күнү Аалыбек деген жолдошум бар эле, келип калды. Согуштан бир буту чолок болуп келген. Буту жыгач бут болчу. Сол буту.

Айтса, менин козумун да сол буту… Экөөбүз көрүшкөн жерде күрөшө кетебиз. Кармаша кетебиз. Бирге туулуп, бирге өсүп, бирге чоңойгонбуз да… Анан дагы жөн турбай аны менен тамашалаша кетип күрөшө кетсем, баягы буту сырак этип ыргып кетти. Бир немесине илип коюптур, тизесине байлап коюптур. Эптеп байлап бердим. Байлай албай, эптеп байлай албай кыйла эсим кетти. Анан байлап атып ойлодум. Козуга Аалыбектикиндей кылып бут жасап бербейминби, жаным жокпу? Аалыбектикиндей кылып байлап койбоймунбу, жаным жокпу? Ойлонуп калдым. Ойлонот экенсиң да киши. Кээ-кээде ойлонгон жакшы. Кээ-кээде ойлонуп турбасак, кыкеңдер, мал болуп кетпейбизби, анан ойлонуп туруп жыгачтан, кандай жыгач экенин билбейм, тырсылдап, кырсылдап, шыңкылдап, көпүрөктөн өтүп баратса, угулуп турар эле, улуган-уңшуган үн угулуп турар эле, эсими алган кудай, ушуну эстеп калбаптырмын, козуга, татынакай башын кесип, эки ачакей кылып туруп анан баягы чүкөдөн түшүп калган, чүкө ойногонсуңбу, кудай билет, чөнтөгүңө кара кийиктин чүкөсүн салып алыпсың, козунун чүкөсүн жетим чүкө дейт, толоорсуктан баягыны илип койдум. Аалыбектикиндей кылып байлап, татынакай туягына кебезден коюп, жумшактап байлап койдум. Анан ошо менен козу жашап жүрө берди. Мен да жашап жүрө бердим. Бир күнү тоого жибербей алып калдык. Кээде эле келбей калат. Тыкылдаганы угулбай калат. Көпүрөктөн тыкылдап өтүп келатканы угулбаганда эле жөнөйм, эки күнчүлүк жерден угулат, барсам, тырайып оонап, маарап жатат. Ойноок неме унутуп калат да, таштан ташка, жардан жарга секиргенде бут калабы…

Эки музоого көнүп алды. Экөөнү ээрчип алат. Жанымда кошунам Жумакадыр деген бар эле, Макиш да жок, сурайын десем, эмнеден сабак бергени эсимде жок, ошонун жолдошу бар экен. Фрунзе колхозунда жашайт экен. Конокко келиптир. Жумакадыр эки музоону кошоктоп алып Кара-Кужурдун боюна аркандап келгени барбайбы, анан козу кошо барат. Бутун байкабайт. Козу жыгач буту менен тыкылдап басып баратат. Конокбай деген мугалим байкабайт… Туура айтасың, Конокбай да, дайрага барганда гана байкаптыр. Эки музоонуну, кошоктошкон эки музоонун жанында туруп козу оюн салат да, караса, бир буту жыгач! «Ой (Жумакадырды Жорке деп койчубуз), ой, Жорке! Бул эмне?!» дейт. «Бул баягы таякенин кылганы, бир буту үшүп калса, жыгачтан бут салып койду». Ошерден баягы Конокбай козуну көрүп күлүптүр. Күлүп атып эрибейби, үнү чыкпай атат дейт. Таптакыр эрип баратат дейт. Карасам, өлгөнү баратат дейт, мен сага азыр айтып бергендей. Кийин, Жорке мага айтып берип атпайбы, анан Кара-Кужурдун боюна жетелеп барып, кичинекей суурдун эркегиндей мугалим болчу, шилисинен, бекем кармап туруп башын сууга тыгып-тыгып алганда гана араң эс алды дейт. Аты Конокбай болсо, анан конокто жүрсө, анан күлүп атып өлүп калса, аны кайда көмөм, дейт… Анан ошо менен козу жүрдү. Биз да жүрдүк. Ар күнү өйүзгө чыгат. Асма көпүрө бар. Зымга илип койгом. Көпүрөк менен менин гана койлорум өтөт. Койлорум көп. Сенден жашырып айтпай атам. Эл билет. Элден балекетти жашырасыңбы, элден балекетти да жашыра албайсың. Көнүп калган койлор. Көпүрөк менен кетишет. Көпүрөк козу өткөндө ырдап, жыргап калат. Биз да жыргап, тыңшап калабыз. Бир күнү укпай калдык. Көпүрөк унчукпай калды. Өйүздөгү койлорду ит кубалаптыр. Ит кубалаганда ташка тийип козунун жыгач буту сынып калыптыр. Талаада оонап жатып калыптыр. Мен жок элем. Кайда жүргөнүмдү өзүм билбейм. Макиш билет. Калдарбек деген коңшум бар эле. Аялы «сен өңөрүп кел» деп өңөртүп келиптир. Кайра дагы бут салып койдум. Өзү бир жарым жыл жашады. Бир жарым жылдын ичинде үч сапар бутун котордум. Анан чоңойгон сайын улам которуп турам да…

2. Орус балтанын ыры 

Мен такай кыштын күнү бош болуп калганда эрмекке ээр чабат эмесминби, бир күнү устаканада отуруп алып, түнкү саат он эки, бирге чейин чабам, күндүзү эл мүшайт этет, ал үчүн түн ичи чабыш керек, анан ээр чаап отурсам, эки чабан келди. Бири Мукашов Бекташ деген, бири Ниязалиев Азык деген – экөө келди. Эмнеге келгендерин билбейм. Түнү келиштиби, күнү келиштиби, муну да билбейм. Макиш билет. Келип, карап турушту. Кыкең эмнеге уста? Кыкең карап турганга уста. Өлө уста! Кыйлага карап турушту. Анан «ой-ой балтаң курч экен» деп калышты. «Балта укмуш да, чачка өтөт» дедим. «Ой атаңдын көрү, жөн эле мактай бересиң, итиңди да мактайсың, Макиш деп макилдеп оозуңан түшүрбөйсүң, балтаңды мактайсың, мактай бересиң, мактай эле бересиң, деги мактабаган эмнең калды?» деп калышты. Баарын санап чыгышты. Мактаганымы санашты. Мактабаганымды санашты. «Ал, кыйын болсоң, чачымды» деп калды. Мукашов Бекташ айтты. «Жибит!» дедим. Макул болду. Устакананын ичи тар. «Жүрү» деп үйгө алып кирдим. Чачын жибиттим. Муздак суу менен жибиттимби же жылуу суу менен жибиттимби, ошондо Макиш? Же, кургак эле алып кирдимби? Менин кургак эле алып кирмей адатым бар. Эсимде жок. Макиш билет… Түнкү саат он эки. Айтса, түнү келишкен экен. Балтанын сабы узун. Ээр чапкан, отун жарган орус балта. Анан балтаны дагы оңдоп курчуттум. «Отур» дедим. Отурду. Макиш шыпыргысын алып эле үйүн шыпырып атат. Таза жерди эле шыпыра бериптир. Анан түндөсү да үй шыпырчы беле, качан башын кесет деп коркуп аткан турбайбы, анда жаш кези, анча-мынчадан коркчу, эми балакеттен да коркпойт, а биз бала кезде бизди чоң кишилер короздорчо эле уруштура беришчү: «Эй Кулжанбек!» дешет. «Эмне?» дейм. «Конокбайдан коркосуңбу, же, кудайдан коркосуңбу?» дешет, мисалы да, «кудайдан корком, а Конокбайдан итим да корпойт» дейм, «анда барып бир муштачы!» дешет, анан мен барып Конокбайды бир муштайм, Конокбай мени бир муштайт. Урушуп кетебиз. Мушташып кетебиз. Чоңдор тамаша кылып турушат. Азыркы балдарды минтип короздорчо уруштура албайсың. Азыр эч ким кудайдан коркпойт. Шишибиз толду.. Эй, жазуучу бала, азыркы адамзатың бир нерседен коркушабы?.. Туура. Өлүмдөн коркушат. Өлүмдөн гана коркушат. Чычып ийишет го! А мен ошол эле бала бойдон келатам. Кудайдан гана корком. Башка эч нерседен коркпойм. Азыр да мушташып кетем… Көрсө, коркуп аткан турбайбы, анан балта менен чачын алып кирдим. Тартып, тартып алып, бир жерин да кескен жокмун. Чачтары да катындыкындай өскөн экен. Саксайган узун чачы бар экен. Биттеп кетиптир. Балтамын мизи кызыл-жаян кан болуп жатып калды.

Таза бир сыйра алгандан кийин, «кайра алгын» деди. Кайра кырдым. «Кандай?» десем, айтат: «балтанын салмагы мойнумду, только, оорутуп ийди» дейт… Анан ошону менен үйүнө барбайбы, жарым түн болсо, тебетейин алганда үйдүн ичи жарк дей түшсө керек, ай тийгендей эле, тоонун чокусунан чыга келип ай тийгендей эле үйдүн ичи жарк дей түшсө керек, атасы өзү кызык сүйлөгөн киши болчу: «Ой, чачың эмне болгон?», «э-ээ ата, баягы Кулжанбек байкеме алдырып, чоң, баягы сага ээр чаап берген орус балтасы менен алды» дептир, «э-ээ кудай урган, өлүп калсаң эмне болот, жиндисиң го тосуп берип» дептир, анан жанындагысы да күбө болуп айтып киргенде, ичтеринде бир угут бар го, «жиндисиңби, тосуп берип, мээң чыга түшпөйбү!» деп коет дейт, андан көрө кыкеңдин мээси бар бекен? Минтип сураган киши жок. Атасы өзү кызык сүйлөгөн киши болчу…

3. Рай менен Ырысманбет

Баягы жылы боякта, ушул убакта, ушундай күздүн күнү чөп чаап атабыз, чөп чаап атпайбызбы, чалгы менен, ал убакта чалгы менен чапчубуз. Көкөм, бу киши, менин жанымда отурбайбы. Ырысмамбет, Жумабек, Жумабектин баласы Дөөлөт болуп, Майбулактын алдындагы Чалмада чалынып-малынып чөп чаап атсак, чалгыны такымына бекем басып Рай келип калыптыр. «Эй, мени менен чабышасыңбы?» дейт. «Кана, кимибиз менен чабышасың?» дедим. «Кимиң болсо» дейт. «Сени менен» дейт. Муну кудай урган экен» дедим ичимде. «Мына, Ырысмамбет менен чабыш». «Койчу, Ырысмамбетиңди, Ырысмамбет чабалбайт, кой аныңды, башка менен» дейт. «Ырысмамбеттен калсам өлгөнүм жакшы эмеспи, анда ычкырыма муунуп өлүп калам» дейт. Муну чындап кудай урган экен дедим ичимде. «Эмнеден мелдешесиң?» деп, ары кетип, бери кетип отуруп, бу киши калыс болуп, дагы жанымда күлүп отурат, азыр да күлүп отурбайбы, бир коньяк болду. Кое кал, ал кезде «коммунизм» Хрущев аксакал бизге убадасын берип койгон, АКШны эле кубалап жетсеңер болду деген, биз макул дегенбиз, өлүп калсаң жок, өлбөсөң жетесиң деген да, а биз макул дегенбиз… Рай көндү. Экөө «болуптур» дешти. Мен Райды айттым: «Менде жети чалгы бар, бирин тандап ал». «Болуптур». Ошентип мелдеше кеттик. Анан дагы айттым: «Эй, эми Ырысмамбет болсо кайраганды билбейт, ташка салса, оңдоп алганды билбейт, мен кайрап берип турам, оңдоп берип турам, сеникин да кайрап, сеникин да оңдоп, экөөңкүн тең жасайын» десем, «Атаңдын башы! Тескери кайрап койсоң, э-ээ! Дагы сеникин да деп коет, дебей эле кой, мен өзүм эле кайрап алам, оңдоп алам!» дейт. Болбой койду. «Болуптур» дедим. Болуптурду эми мен айтып калдым. «А мен анда мунукун оңдоп берем, кайрап берем, сайрап берем» деп анан балканы алдым, дөшүнү алдым, кайракты алдым, жөнөп калдык.

Экөөнү каракөтөн кармаштырдык. Чыкканы алдыга түшөт. Калганы артына түшөт. Мойну сынган чалгынын сабы бар эле. Ошону кармашты. Кармашта Ырысмамбетим чыкты. Ырысмамбетти алдыга салып, Райды артынан кое бердик… Балка, дөшүмү кармап. Ырысмамбетке болушуп жүрөм, а тиги Рай болсо, «ашык аткан азат, кой кайтарып көтөн жеген озот» болуп төрдө чабан болуп иштейт, жайды жайлата жайлоодо кымыз ичет, а бу байкушум такай чалгы чабат, сары өзөк болуп, эшектей кары, начарырак неме, киргенде эле, бираз узаганда эле чалгысын ташка уруп алды. «Апкел бери, апкел бери!» деп Рай жеткенче чалгыны кайрап койдум. Оңдоп койдум. Кайра салдым. Алдынан ташын терип, «айланайын Ырыс!» деп, «үргүлөйүн Ырыс» деп, «алдыңа кетейин Ырыс! Эпте, чыда, бол, бологөр, садагаң кетейин!» деп жалынып мен кетип баратам. Райдын ташын терип, бу киши, Көкөм кетип баратат… Ошо менен баягы Ырысмамбет байкуш карыган неме эптеп-септеп акактап чыкты. Эптеп жеткизбей алдыга чыкты. Карасам, тилин салып байкушум, шилекейи куюлуп байкушум, таза соолуп калыптыр… аа-а деп эле тилин салаңдатат, тили бир узун экен, жерге тийет!..

Анан эмки сапар Ырысмамбет Райды алдыга түшүрдү. Мен түшүрдүм. А байкушума алды да, арты да баары бир. Рай: «Эй, кичине кое тур, эс алып баралы» дейт. «Атаңдын башы, эс алмай жок, давай кир» дедим. Эс алдырсам, чыгып кеткени турат. Рай кирди. Солго киргенде эле узады. Рай узап кетти. Ырысмамбет, карыган неме, басып да жете турган эмес, анан дагы айлам кетти… «Айланайын Ырыс, садага болоюн Ырыс, бологөр! Жетегөр эле жетегөр! Жеткениңде толорсукка чабагөр!» деп, алдынан ташын терип, ураан айтып мен баратам, «Рай» деп ураан салып, алдынан ташын терип бу киши баратат, Ырысмамбет келесоо чалыш неме байкушум, «чап, чап толоорсукка! Чап, сени келесоо деп доктурдан справка алып берип коем, чап, чап, чап, сени келесоо деп доктурдан справка алып берип коем!» – деп койсом, Рай артына карап калат. Токтоп калат. Анан кайра баштайт. Ошентип атып, аңгыча Ырысмамбет жетип барды. Рай чалгысын ыргытып ийип, солдон чыга качты. «Эмне?» «Бул келесоого толоорсугуму чаптырганы жатасың» дейт. «Жок» дейм. «Чаппайт» дейм. «Түш кайра!» дейм. Болбойт. Таптакыр болбой койду. «Уттурдуңбу?» «Уттурдум».

«Жүр, кеттик». «Мен эртең алып берейин» дейт. «Атаңдын башы эртең аласың, давай азыр ал». Минтип айтпай жаным жокпу… Анан Ак-Кыяга бардык. Карабай дүкөнчү. Бир бөтөлкө 700 кадалык рому бар экен. «Силерге Фидель Кастро жибериптир» деди. Карабай ушинтип айтты, «рахмат» дедик.

Кыйла өкүрүп, жүрбөдүкпү, өлгөн өгүздүкүнө куюп жиберсең, өкүрүп тура качат го. Баягы алып берди. Ромду көтөрүп алып келсек, Көкөмдөр күтүп отурушуптур. Күлүп отурбайбы, бу кишинин эти бар экен, муздак эт экен, аны алып алдыга койдук, кыкеңди жакшы билесиңер, «апкел ыстаканды» деп, курбу бир курбу, курбу таш, куушуп ойнойт өрдөк-каз деген түгөттү алдырып келип, үстөлдүн үстүнө койкойтуп, курбу-курбу кылып коюп туруп, анан «сен ичпейсиң, уттургансың, ары тургун» деп Райды түртүп койдум. Анан беркилерге куюп туруп, бир-бирден колдоруна карматып туруп, курбудан курбу айрылса, куюлат экен көздөн жаш деп туруп, «За здоровье Рысмамбета! За победу Рысмамбета!» деп туруп ичип жибердик. Жети кишибиз. Жетөөбүз көтөрүп жибергенибизде эле… деп Рай өңүлдөп ыйлап атат. «Арбак урган энеңдурайын» дейт. «Сен мени Кулжанбекке басып берип, арбак урсун, арбак урсун сени» дейт. Ыйлап атат. Ырысмамбет Райга кичине тууган сөрөй болот да, анан «Кулжанбектин тили менен менден чыгасың, мени сатасың» деп ыйлап атат…

Басмырлайсың деп ызаланып калды. Арданып калган экен… Жакшы ала барган экем. Жанымда бир бөтөлкө арак бар эле. Күйөө балам келген. Жакшы, үйдөн ала барган экем. «Сен мындан ич» деп баягы арактан ага ичирдим. Кызып калды. «Ушуну жакшы көрөсүң» дейм. «Болуптур» дейм. Болуптурга дагы түштүм… Ырысмамбеттин бети күлүп атып, ыйлагандай болуп калыптыр. Көз жаш менен шилекей. Бир таза жери жок каапырдын, мурдунан да кетиптир, оозунан да кетиптир, көзүнөн да кетиптир, өбөйүн десем чоло жери жок. «Көкө, оозун басып турчу» деп Көкөмө оозун бастырдым, күлүп эле жалаяктай кылып, оозун жаппайт, кудай жалгап, бир гана бетинин оту таза экен, кургак экен издесем, ошеринен өпсөм, Рай «жакшы көрөт экенсиң, чын эле жакшы көрөт экенсиң» деди. Бирок, басылбай койду. Ыйлап басылбай койду…

4.Көр казгандар

Бүркүт карап отурат. Биз көр казып атабыз. Макиш, Карагул, Керимбек, Самидин болуп, жинди Самидин эмес, шоопур Самидин. Качан эле? Кыргыздын айты. Ай башы. Нойобүр айлары. Аман келип калды. Ким өлдү эле? Ждановдон Кененбай деген чал өлгөн. Ошонун көрүн казып атканбыз. Аман келип калды. Биз Кулжанбек жанижокту кеп кылып атканбыз. Ошонун үстүнөн чыкты. Унчуккан жок. Бир күрөк топурак ыргытты. Ыргытпады. Кайра кетти. Биз билбейбиз. Биз покту билебизби, кийин билип жүрөбүз. Аттан түшпөптүр. Түз эле Кулжанбектин үйүнө барыптыр. «Үйүмдө чалкаман түшүп жатам. Шыпты карап жатам. Шыпта мен карай турган бир жер бар. Жөргөмүштүн уясы бар. Макиш дайыма шыпырып салам деп калат. Мен «кой, убал» дейм. «Мен дайыма карап жатам» дейм.

Терезенин түбүнөн бирөө өтүп калды. Көлөкөсү мени басып өтүп кетти. Чалкаман түшүп жатып, ким өткөнүн көрбөй калдым. «Мага келаткан немеби?» деп жатам. Кирип калды. «Аман экен…» деп кийин Кулжанбек жанижок бизге кайра жомок кылып айтып берип атпайбы, ошондо жүзүнө түкүрөлү дедик. Түкүрбөдүк. Уралы дедик. Урбадык. Кайра жомогун угуп отуруп калдык…

Биз көр казып атканда Кулжанбек үйүндө чалкасынан түшүп шыпты карап жаткан экен, Аман кирип барып эле, «ой сен жеткен мытаам турбайсыңбы!» – дептир. «Дагы эмне болду? деп, эмне болду? деп турам» дейт. «Мынаерде мүрзө казган төрт киши сени аябай жамандап атат. Мытайымдыгыңды айтып атат». «А эмне мытаамдык кылыптырмын?». «Сен капиталист экенсиң, чириген бай экенсиң. Каттоодон коркуп, койлоруңду Акташтагы чабанга жашырыпсың. Жашыралбагандарыңды алып келипсиң, түнү өйүзгө жайат экенсиң, күнү бүйүзгө жаят экенсиң, уктабайт экенсиң» дептир…

Биздин Кара-Кужурда эки бай бар. Бири – Кулжаңбек. Бири – Шоңко. Бирөөнүн үч катыны бар. Бирөөнүн Орлик, Чаң Жукпас, Жел Жукпас, Айсарала, Торгой тору, Жинди кашка, Арча тору, Тойчубек, Шиш аяк, Карадолу, Кылжейрен, Кайтпас, Карагер, Карачаар… дагы биз билбеген, биз көрбөгөн аттары бар деп, биз көр казып атып кеп кылганбыз. Ашык малды алабыз деп бир катуу кысым болбодубу, ошол учур болчу… Кулжанбек кичине ойлонуп туруптур. Анан «ким, ким экен ал мүрзөдөгүлөр» деп сураптыр. Аман бизди бирден санап айтыптыр. «Ойлоп көрсөм, оокаттан качпаган немелер, кызыл көрсө, баса калган немелер, бекер оокаттан качпаган немелер… Мытайымдыкты буларга бир көрсөтөйүн дедим. Орликти миндим. Жөнөп калдым» деп кийин бизге айтып берип күйгүзбөдүбү, ошондо бир жакшы шылтоо табылды эле, уруп калбаптырбыз. Арманда калдык… Биз муну билбейбиз. Покту билебизби, кийин билип жүрөбүз. Баарын кийин билебиз. Кийин угабыз. Сталин өлсө да кийин билебиз. Кийин угабыз. Кененбай өлсө да кийин угабыз. Кийин билебиз. Бир көмгөндү билебиз. Бир көр казганды билебиз. Ушул экөөнү гана билебиз, үкө… Бир маалда келип калды. Көр казып атабыз. Кулжанбекти чемичкедей чагып бүтүп, Шоңкого эми өтүп калганыбызда келди. Тоодой даңкайган Орлик деген тору атын минип келди. «Ассалоом алейкум, жигиттер» деди. «Алеки салам» дедик. «Казып атасыңарбы?». «Казып атабыз». «Бүгүн коесуңарбы?». «Бүгүн коебуз» дейбиз. Кичине ичибизден уялып турабыз. Кысынып турабыз. «Дегеле мунун укуругу узун, көзү жокто жамандап койсок, үстүбүздөгү басып калганын кара» деп турабыз. «Жакшы» деп коет.

Жака-белдеги жайылып жүргөн койлорго омсоңдоп карап, карап коет. Биз да карап коебуз. Ждановдун менчик койлору экенин биз билбейбиз. Койлорду осмондоп карап, карап коет. Бизди бир заматта алдаган экен. Унчукпай туруп гана алдап койгон экен. Карап, карап койгондо эле иш бүтүптүр да. Иштин баары ошол карап, карап гана койгондо болуп атпайбы! Бизди ушинтип каратып туруп эле алдай беришет, үкө… Дагы: «эмне карайсың? эмне турасың?» деп коебуз. «Э-ээ, Мөкүшов Кулу деген тажатты. Койлорумду өйүзгө алпарсам, өйүздү милиса менен басат, койлорумду бүйүзгө алпарсам, бүйүздү милиса менен басат. Жашырынарга жай таппай калдым. Тиги эки машинаны көрдүңбү?» деп калды. Баарыбыз көрүбүздү таштап, казбай таштап, Кара-Кужурдун аркы өйүзүндөгү эки машинага карап калдык. Шатысы бар машиналар экен. «Ушул экөөнү мага жибериптир. Койлорун экөөңө жүктө деп милисасын кошо жибериптир. Кантээримди билбей айлам кетти» деди. «А эмне ылаажы кылган атасың?» дедик. Күтүп турган экен. Ушуну гана күтүп турган экен. «Эми ага-тууган эмессиңерби, мага жардам кылгыла» деди. «Эмне жардам кылабыз?» «Кийин мага козусун берсеңер болду. Ак козу бербе, кара козу бер. Өкүмөткө кеткенче силерге кетсин. Силер деле өкүмөтсүңөр да, силер алып келгиле» деп калды. «Макул» дедик… «Макул» эле дейбиз, айланайын! Дайыма эле «макул» деп келатабыз Ошон үчүн бизди «макулуктар» дешет. Ошол үчүн макулук атка конгонбуз.

Баягында мен да «макул» деп эле жата бериптирмин. Үч күн кайтарып жатты. Баягында Кара-Кужурга Батмунк келгендечи? Айта берип, аты да жат болуп калды. Сен болсо магазиндин ичинде камалып турупсуң. Кулжанбек го кыздуу жерде кыякчы, кымыздуу жерде аякчы. Же суу сугарып жүрүп талаада камалып турдуңбу? Сен камалбай кал, дагы бизге окшогон бирөөнү «макул» кылып жүрдүң. А сен болсо тоонун башында дүрбү менен карап отурупсуң. Ушунуку зор болуптур. Баарын көрүн отуруптур. Муну эч ким билбейт. Эч ким көрбөйт. А бул баарын көрүп турат. Билип турат. Батмунктун катынын да көрүптүр. Туалетке баратканын көрүптүр. «Туалетке баратканда көрдүм» дейт. Эми күндө ошерди карап отурат. Дагы эле бузуп кетише элекпи? Экөө деле турушабы? «М», «Ж» болуп экөө турушабы? Эми экөөнү өлгөнүңчө карап отура бер. Эми экөөнү өлгөнүңчө дүрбү менен карап отура бер. А мен болсо «макул» деп отура бердим. Үч күн кайтарып жатты.

Эми угуп тургула, коолайга келип турганда ушуну айтып берейин, Кулжанбек кичине күтүп турсун… Кой союп бердим. Жеди. Арак куюп бердим. Ичти. Төшөк салып бердим. Уктады. Кетпейт. «Койго барам» десем, «мен да барам» дейт. Ээрчип алат. «Ууга барам» дейм. «Мен да барам» дейт. Ээрчип алат. Сууга барсам да ээрчип алат. Ошентип эки күн өттү.. Үчүнчү күнү «кайда барасыз?» дейт. «Сийем» дедим. Дагы ээрчип алды. Анан алай-дүлөй тушүп эле жатып калбадыбы, эсиңерде барбы? Бир заматта чагылган Кара-Кужурду уялап алды. Бала болуп, башыма жүн чыгып андай күн жааган эмес. Андай чагылган чартылдаган эмес. Ошондо мынабу деле баягы ордунан жылбаптыр. Дүрбүсү менен карап отура бериптир. Эми эле келишти. «Ж» менен «М»га киришти дейт. Кийин баары ушундан укпадыкпы.

Байтеректин боюна жети бозүй тигишиптир. Анан эле качып жөнөштү дейт. Чагылган Байтеректин боюндагы жети бозүйдүн үстүн уя кылып эле туруп алды. Кетпей койду дейт. Анан качып жөнөшүптүр. Жамгыр менен чагылгандан качкан бойдон кетишиптир. Чагылганды жылаңач колум тосуп, кой имерип мен жүрөм. Булардын баарын билбейм. Тиги мага айтпаптыр. Үч күн мени ээрчип жүрүп айтпаптыр. Мен кой имерип жүргөндө Батмунктар жөнөй беришкен экен. Шарт жөнөй беришкен экен. Мени кайтарган милиса жигит да жөнөй бериптир. Мурдунда жыты барбы, билиптир. Артыма карасам жок. Үйгө келсем жок. Кетип калыптыр. Аялым «кетип калды» дейт. «Артынан суу чачтыңбы?» «Жок». «Чач анда» дедим. «Бул эмне?» дейт. «Жаткан жеринде түшүп калыптыр» дейт. «Бул эмне, бизди үч күн кайтарып жатты?» дейт. Тапанчанын огу экен. «Ушундан сура» дедим. Эртеси аялым Кара-Кужурга барды. «Билдим» деп келди. Күлдүм. «Сени тигилерге кол салат» дешиптир. «Коркушуптур» дейт. Өлөсүң да. «Бизден азыр итим да коркпойт» деп этегими күүнүп кетип баратсам, «бизден паашалар коркот» дейт. Аялым ушинтип айтат. Дабаасы жок… А бул болсо баарыбызды дүрбү менен карап, чокунун башында отура бериптир. Ийне-жибибизден бери көрүп, билип отуруптур. Бүркүт ушинтет. Көз жетпеген бийиктен биздин былк эткенибизди көрүп, билип, карап отура берет. Көр казганыбыбызды да көрүп, билип, отурат…

«Макул» дедик. «Кана, койлоруң?» десек, «ана, койлорум» деди. Баягы койлорду көрсөттү. Биз көз тааныш болуп алганбыз. Көрүбүздү таштадык. Көрүбүз казылбай калды. «Сен карап отур» деп Бүркүткө тапшырып койдук. Койлорун чогултуп келип, төбөсү ачык коргонго камадык. Кулжаңбек карап турат.

Биз ар кимибиз койлордон тандап атабыз. Белги салабыз. Бирибиз куйругунан белги салабыз. Бирибиз өркөчүнөн салабыз. Бирибиз капталынан белги салабыз. Белги урабыз. Кулжанбек каттап атат. «Сен канча кой алдың?». «Сегиз». «Сенчи?». «Мен тогуз». «Мен жети»… Иши кылып, кырк бир кой бөлүп алдык. Анан бир ат десең аттай, төө десең төөдөй ургачы кара кой бар экен. Бирибиз бутунан, бирибиз кулагынан, бирибиз куйругунан кармап, мойнунан кучактап эле жатып калдык. «Мен алам» дейбиз. Баарыбыз хор менен айтабыз. Ал Шадыбайдын кою экен. Кара кой ортобузда чуркап турат. Бир Макишке барат. Бир мага келет. Бир Темирбекке чуркайт. «Мага бүт ак кой тийип калды. Ушуну мага берегөр садагаң болоюн» деп Макишим Кулжанбекке жалдырайт. «Мага берегөр» деп биз жалдырайбыз. Ошентип жүрүп Макиш да өлдү. Дагы биз көр казып көмдүк. Анан «эй, Темирбек! Сенин эки көзүң бүтүн турбайбы, айтса, эй, Макиш! Сенин эки көзүң бүтүн турбайбы, байкуш сокурду сыйлап коелучу, бер ага!» деп Кулжаңбек айтып калды. Анын айтканы бизге закон. Туруп калдык. «Рахмат, балакетиңди алайын, көзүмдү сыйладың» деп Темирбегим кара койду жетелеп баратат… «Эми эмне кылабыз» дейбиз. «Бөлөрүн бөлдүк» дейбиз. «Эми тезирээк бир жерге катып алгыла, эл билбесин, журт билбесин». Кулжанбек ушинтип калды. Анын айтканы бизге закон. Ит азабыбызды жеп жатып Жанчардын башындагы жаман тамга айдап киргиздик. Караңгы кирип кетти. Койсоң муну, терисин тескери сыйрый турганбыз мунун, бизди Жанчарга жөнөтүп коюп, үйүнө качып келет. Эшигин ичинен илип алып, эмне болорун тыңшап, күлүп отурайын дейт да. Азыр калп эле «кармап алып, эгер билинип калса, сабашпасын» дедим деп атпайбы.

Бизден бул коркпойт. Менин аялым экөө жөн эле бизге көзүбүзчө кошомат кылып атышат. Бизден погум да коркпойт, үкө. Үйүндө жатып алып да жөн отурбаптыр, бул арбак ургур. Муну бир күн арбак урат. Бир четин угуп, билип калышкан го. Буга кайнагабыз менен күйөө балабыз келишет. Осмон кайнагасы. Карагул күйөө баласы. «А жылкыларыңды эмне кылып атасың?» дешсе, «аларды да таратып атам» дептир. «Мага тай-кунан берсеңер болду» дептир. «Сарыкашка айгыр менен Кула бээге тийбегиле, калганын бөлүп алгыла» дептир. «Азыр Болотбек деген койчу Акташтын башынан айдап келем деп кетти» деп кошумчалап коюптур. Минтип кошумчалап койбосо, Кулжанбек болбой калбайбы. Экөө макул» дешиптир. Экөө тең биздин тукумдан. Сактай гөр бизди, өзүң бир ажайып тукум жаратып коюптурсуң! «Кененбай экөөбүз аталашпыз, мени бир кара мал сой деп кыйнап атат, эмне кылайын?» деп Осмон дагы ага масилет салып коет имиш. «Сой» дептир. Кулжанбектин айтаары ушул да. Анан байкуш Осмон улам осмоңдоп кирип келет имиш. «Жылкыларың келдиби?» деп бир келиптир. «Туугандарым качан соесуң, болбойсуңбу деп атышат» деп бир келиптир. «Келдиби жылкыларың? Мени соем деп атышат» деп бир келиптир… «Сен карап отур» деп Бүркүткө тапшырып коюп биз жүрөбүз. Мүрзөбүз казылбай калды. Чүңүр деген абышка бар болчу. Бизден кабар алганы келиптир. Келсе, мүрзөбүз казылбай турат. Бүтпөй калган суурдун ийнине окшоп, мүрзөбүз казылбай турат. Муну карап Кара тоонун чокусунда Бүркүт отурат. Биз келсек, байкуш абышка көргө кирип алыптыр. Казып атыптыр.

Карап турсак, бир ууч топурак бүлк-бүлк этет да, тышка сүрүлүп чыгып калат. Көр чычкан окшойт дедик. Чүңүр абышка экен. «Чүңүр абышка» деди. Бүркүттөн сурасак ушинтип айтты. Кетпептир. Карап отуруптур. Кара Тоого уя салат. Кара Тоодо жашайт. Аяшибизди жазында Кара Тоонун ичинде колтуктап, күүгүм аралаш колтуктап жүргөнүн, кээде баса калганын көрүп калабыз… Анан күүгүм кирди. Күүгүм киргенде эле чуу чыкты. Муну жердин алдында жүрүп угуп атабыз. Көр чычкандар кандай жакшы угушат десе, жердин алдынан үстүндөгүнүн баары угулат экен. «Бирөө өлдүбү, дагы?» деп коебуз. Чын экен. Кулжанбек өлгөн экен. Бизге бөтөн бирөөлөрдүн койлорун тандап туруп бөлүп берген экен… Ошентип Кененбайды түн ичинде койдук. Чырак менен койдук. Элден тил укканыбызды айт. Осмон менен Кененбайдын балдары мушташканын айт. Катыныбыздан тил укканыбызды айт. Балдарыбыздан тил укканыбызды айт… «Макул» дегенибиздин пайдасы ушул, үкө. Шайтанга гана «макул» дебейбиз. Бир жолу деп коюп оозубуз күйүп калган. «Макул» деп эле келатабыз. «Макул» десеңер эле жеңесиңер дептир. Качан жеңебиз, билбейбиз, үкө. Ким айтканын билебиз. «Макул» деп эле келатабыз. Көзуң көрүп, «макулдун» жүгү оор… Бизге сөз айтпаган киши жок. Итине да макулбуз. Питине да макулбуз. Бир гана Бүркүт бизге унчукпайт. Кара Тоодо бизди карап, билип көрүп отурат. Азыр да карап отурат. Көр казганыбызды карайт. Көмгөнүбүздү карайт…

5. Хорхпо, хорхпо, апай

…Жакшы көргөнгө келеби, колдон келсе, жакшы көргөн жакшы да… Илгери биз колхоз кезде Кара-Кужурга мен жаңы келип калбадымбы, сугат болуп, Май-Булактан сугат сугарам, курулуш жок анда, сарайлар жок, осетин, татар, чечен, кавказдын элин – баарын Стакем сүрүп келип Кара-Кужурга тыккан, кыкеңдерге сарай салдырып берейин деп, сарайлары жок экен деп, сарай салып атышат, ар кайсы жерде бир сарай, курулуш жүрүп атат…Эми ошол сарайларды кайра куруп атабыз. А мен ошол эле бойдон калдым. Мен Ала Тоодоймун. Эрте менен сол капталыма күн тийет, оң капталыма көлөкө түшөт. Кечкурун оң капталыма күн тийет, сол капталыма көлөкө түшөт. Ошол. Ошондо жер сугарам. Азыр да жер сугарам. Тирүүмдө да жер сугарам, суу сугарам. Өлгөндө да жер сугарам, суу сугарам. Кандай дейсиң, жазуучу бала? «И-ии, мии-и» деп отурчу элең, унчукпай калдың, анан Жумабек отпуска алды. Жалал-Абадга курортко кетти. Кенжекан, өзү он эки, он үч баласы менен жалгыз калды. Кекибай экөөбүздүн ырыбыз, чырыбыз, сырыбыз көп. Ал убакта Кара-Кужурда эч ким калбайт. Чабандардын баары Соң-Көлгө кетишет. Кара-Кужурду кайтарып Кекибай менен Жумабек калат. Өйүздөн суу сугарып мен калам. Дагы сугатчыларым бар.

Бригадирмин да. Жалгыз үй болуп калышат. Мен үйүнүн жанынан суу сугарып жүрөм. Курулуш жүрүп атат. Анан күндө эле баягы осетин, татар, чечен, кавказдын эли келип сүт сурайт экен, Жумабектикинен, «сүт барбы, апай?» деп. «Бар, бар, бар» деп эле коркуп бере берет экен. Бир күнү «апай, эмне бар?» деп келсем, «атаңдын чокусу бар» дейт. Анан айттым: «Сен эмне эле берип жүрөсүң?». «Билбейм. Өлтүрүп кетеби деп корком».

Эки уй саайт. Аны дагы үч убак саайт. Баарын ошолорго кармата берет. Мага жетпей калат. «Коркпо» дейм. «Мен корком» дейт, «Коркпо» дейм. Корксоң мен деле жатып алам дегенди айтпайм. Ичимде калат. Мен да корком. «Ой, он эки, он үч балаң чыркырап, диркиреп турушса, сени эмне кылсын» дейм. «Мен корком» дейт. Деги катынга түшүнүп болбойт. «Болуптур» дедим. Бир күнү «болуптур» дедим. «Мен корком, сен конуп жүрчү мында» дейт. «Мен корком, үйгө барбай эле мында жатып алчы» дейт. «Болуптур» дедим. Үйгө барайын дейм, жатып алайын дейм, корком. Макиштен корком. Эрте менен тамак кылып берет. Жейм. «Болуптур» дейм. Баягы болуптурга дагы түштүм. Анан каш карайганда эле Макиштен коркуп жатпай кетип атсам, каргаган бойдон калат. «Өлүгүңдү көрөйүн, сениби сени, өлүгүңдү көрөйүн, кудай бар, кудай бар!» деген бойдон калат. «Кайра келем» деп коем. Бир күнү дагы каргаган бойдон калды. Кечкурун келген жокмун. Эртеси келдим. «Эмнеге келбей калдың?» «Үйдө жумуш болуп калды. Сен кантип жаттың?» «Балдарым менен эптеп жаттым. Мылтык коюп койдум». «Кантип койдуң мылтыкты?». «Минтип» дейт. «Октоп» дейт.

Жумабек мергенчи да, узун шыйрактуу кыргыз мылтыгы бар эле. Ошону шьйрагынан сайып коюптур да, эшикти карап таң атканча отура бериптир. «Таң да атты, мен да аттым» дейт. «Кирпик какканым жок» дейт. Анан эртеси бала-бакырасына чай бергенден кийин, мен барганда, шалдайып тура албай жаткан кези экен, «бүгүн келип коноюн» дедим. Ошентчи айланайын, дагы тамак жасап берейин» деди. «Болуптур» дедим… Өзүм кээде билбей калам. Калп айтканга бир жолу көндүм. Көнүп бүттүм. Кантип бошоном, билбейм… Тамагын ичтим. Тамагы жаман жаным, анан дагы ошол күнү алдап кетип калдым. Эртеси «эки-үчөө келди, ичинде мастары бар экен, айланайын, бүгүн конбосоң болбойт» деп калды. Мен жокто бу кишини коркуп көчүрүп келиптир, менден түңүлүптүр, кыткылыктап жанымда дагы күлүп отурбайбы, бу киши маңдайдагы Асанбайдын тамына кирип калды. Бул киши жөн жүрбөйт да. «Там согом» дептир. «Тигилер» «биз согуп беребиз» дептир. «Эмне аласыңар?» десе, «арак» дептир. Анан түштө чай ичип отурсак эле бир башы саксайган, төшү түктүйгөн жердей бирөө кирип келди. Мен төрдө отурам. Бу киши жок болчу. Аялы бар. Жанымда отурат. Ушу кишини издеп келиптир. Күлүп жанымда отурбайбы. Кенжакан балдары менен отурат. Жүрөгүм түшүп калды. Таптым! Ренат деген татар болчу. Капкара. Күнгө күйүптүр. Жону да күйүптүр. Колу да күйүптүр. Кирпиктери да күйүптүр. Көзү эле калыптыр. Кирип келип эле «апай, бабай кайда?» деди. Бу кишини сурап атат. «Ооба, бабай бар, бабай бар» деди. «Бул менин бабай, бул меники бабай» деп коет. Мени көрсөтүп коет. Кенжакандын жүрөгү түшүп калды. «Жо-ок бабайы мен эмесмин» дейм. «Мен өйүздө жашайм» дейм. Десем, деле болбойт. «Ооба, өйүздө жашайт» дейт. «Мында түнү конот» деп коет. Анан татар түшүнө калды. «Хоркпо, хоркпо апай» деди. Анан мен «бүгүн коном мында» дедим. «Болуптур» дедим. Ошентип дагы «болуптурга» өттүм. «Хоркпо, хоркпо апай» деп татарым турат. «Болуптур» деп мен турам. Кийин ошону менен байкуш татарым келбей калыптыр… Айтса, Кырым татары болчу…

  1. Кенжекан, түн жана жарык

Стакемдин азабын Кекибай көрдү. Бир күнү Көкөмкүнө качып барыптыр. Түн ичинде качып барыптыр. Канчык тууйт. Кээде талаага тууп калат. Кызганып талаага тууп калат. Көрдүң беле? Менин канчыктарым көп. Бирин туурасынан тиштейт. Бирин куйругунан тиштейт. Бирин кулагынан тиштейт. Бирин тиштеп сүйрөйт. Бирин тиштебей сүйрөйт. Күчүктөр каңшылайт. Кача алышпайт. Эч нерсе көрүшпөйт. Күчүктөр туулганда көр болушат. Ошентип, түн ичинде Көкөмкүнө качып барыптыр. Мына, бу киши дагы жанымда кыткылыктап күлүп отурбайбы, балдарын ташып эле атат, итче тиштеп ташып эле атат, бүтпөйт дейт. «Эмне болду?», «Айланайын Көкө, сакта бизди!». «Эмне болду?», «Кагылайын Көкө! Жапардын терезесинде карап турат!». «Ким карап турат?». «Жапардын терезесинде бычагын кезеп карап турат», «Мизи жалт дей түштү, «мизи жылт дей түштү», Мизи жарк дей түштү» дей бериптир. «А мылтык аткан ким?». «Сагынбек». «Кимди атып атат?». «Асманды атып атат», «Түндү атып атат», «Татарды атып атат»… «оокатын алса болот эле, меникин алды го» деп коет дейт. Бу кишиге ушинтип айтып коет имиш, эми мени угуп, дагы жанымда кыткылыктап күлүп отурбайбы, анан акырында, «Жапардын терезесинде бычагын кайрап отурган ким?» десе, «татар» дептир.

Көкөмкүндө ымсоодо иштеген бир шоопур жатчу. «Жүрүңүз» дептир. Кенжеканды, балдарын машинасына толтура салып, алып келиптир. Келсе, эч ким жок. Ал жакты карашат. Эч ким жок. Эч кимдин уругу жок. «Кана апа, Жапардын терезесинде карап турган?» деп коет дейт. Жапар деген коңшусу бар. Үйү кулпулануу турат. Өзү жайлоого кеткен. Жайлоого көчүп кеткен киши үйүн кулпулап коет да. Терезеси жол жакты карап турат… Көрсө, түнү өйүздөн Түлкүбайдан, келаткан. Түлкүбайдан чыккан машинанын жарыгы Жапардын терезесине келип бир тиет экен. Бир тайып өтөт экен. Жаныбар түндү жырып келип, жарып келип Жапардын терезесин табат экен да. Ошону Кекибай көргөн экен. Анан баягы Кавказ менен Кырым бычактарын терезеде туруп алып кайрап атышат, жаркылдатып атышат, Сагынбек чык, ат дептир…

Сагынбек – эң улуу баласы. Он алты жаштарда. Анан Сагынбек, шыйрактары сеникиндей узун кыргыз мылтык менен ата бериптир… Түндү тешип ийиптир. Муну кантип билдиңер дебейсиңерби? Минтип сурай турган киши жок. Атабыздын башын да билгенибиз жок. Эртеси күнү келип эч нерсе таппадык. Өзүңөр көрдүңөр. Өзүңөр уктуңар. Түнү келип да эч нерсе таппадым. Көзүнө көсөө сайса көрүнбөгөн Кара-Кужурдун кужураган түнү турат. Кужурап биз турабыз. Коркконго кош көрүнөт деп. Ошол боюнча унутуп калганбыз. Анан Жумабек курорттон келгенге чейин, же келгенден кийин, же келген күнүбү, түн кирип калган, отурсак, эң кичүү, мынабу менин жээнимдей эркек баласы ыштанын байлап-байлабай кайра чуркап кирди. Баарыбыз жүгүрүп чыктык. Анан ошондо көрдүк. Чычала менен көзгө сайса көрүнбөгөн, Кара-Кужурдун түнүн чакчелекей түшүрүп, качырып келип, Жапардын жөргөмүш тор салган жаман терезесин койгулап, сойгулап, сайгылап тапканын көрдүк. Ошондо билдик да. Биз тапкан жокпуз. Үч жашар бала тапты…

7. Суу каптаган сарайдын ыры 

Жайында Үкөктүн боюндамын. Май-Булакта суу сугарып жүрөм. Шамал болуп атат. Уйгу-туйгу болуп, жата калып, тура калып, мөңкүп тура калып, өркөчтөнгөн деңиздей болгон арпа талааны карап отургам… Кадыркул, Асанкул, Сапар болуп келип калышты. Депутат Асандын үйүн Соң-Көлгө көчүрүп баратышыптыр. Машинага жүктөп алышыптыр. Үчөө келип калышты. Суу байлап чарчап отургам… Эки жол бар. Бири алышты тебелеп өтөт. Бири тебелебей өтөт. Чарылдашып кеттик. «Эй, буерден кечпе, жырып кетесиң, менин оозуму жыргандай болосуң, суу токтобойт, убара болом, суу тиги сарайга кирип кетет» дейм. Болбойт. «Сарайды бузат». Болбойт. «Тиги жолго сал» десем, болбойт. «Твое дело эшачий» дейт. «Эй, эшачий эмес, кой, тиги жолго сал, чарчап отурам байке, араң байладым, суу деген дыйкан болот экен, баатыр болот экен, төртөөбүздөн да баатыр болот экен байкеси, мен жылбаймын, кет, быякка» десем ага да болбой койду. «Твое дело эшачий» дейт. Үчөө кызуурак экен. Теңелбейин деп атам. «Эми сен жырдың, суу сарайды бузат, анан сен эшачий болосуң» деп да көрдүм. Болбойт. Анан «кой» деп жалындым. Эскерттим. Коркуттум. «Твое дело эшачий» дейт. Мен тойдум. «Давай, анда кет» дедим.

Машинасы менен жырып өтүп кетти. Суу «шар-р» этип сарайды каптады. Бирок машина тыгылып, боздоп калды. Мен жүгүрдүм. Дүкөндөн жаңы эле сатып алгам. Анда дүкөндө сатчу эмес беле. Ууга барып жүргөн гек бар эле. Алып келдим. «Атам» дедим. Сапар менен Кадыркул түшө качышты. «Сен айда» дедим. Асанкул айдап баратат. Бир жүз жетимишке коюп туруп басып калдым. Дөңгөлөккө тийиптир. «Тарс» этти. Чочуп кетип, буруп ийди. Тормуз берип ийди. Машинасы тескери карап туруп калды. Асанкул чыга калды. Машинасынын эки жагын карап атат. Минтип карайт. Антип карайт. Дөңгөлөктөрүн карап атат. Тээп-тээп коет. Бутунда тапичка. Коңултак. Согончогу жок. Экөө сарайдын далдоосунда турушат. Мени көрүшпөйт. Аларды мен көрүп турам. Мен Чаңжукпасты минип турам. «Дөңгөлөгүңөр болсо өлдү» дедим. «Эми силерди атам» дедим. Калп эле мээлеп калдым. Экөөнү мээлеп калдым. Жандары чыгып кетти. «Эй, жан соога! Жан соога! Мен байлайын! Сууну мен байлайын!» деп бирөө кыйкырды. «Ат, ат!» деп бирөө кыйкырды. Чаңжукпасты минип мен турам. Түшсөм эле баса калганы турушат. Мылтыкты тартып алып, кылбаганды кылганы турушат.

Ары барып, кетменди алып келдим. Бери келип, кетменди ыргыттым. Чаңжукпастын үстүнөн ыргыттым. Баса калганы турушат. Сапар «мен чүйлүк эмесминби, мен байлайын» деди. «Суу байлаганды билем» деди. А Кадыркулдун мурдунун таноосунда муштумдай меңдубанасы бар. Меңдубанасын муштумдай кылып Кадыркулум турат. «Ат, ат!» деп турат. Шамал болуп атат. Уйгу-туйгу болушуп, бир жата калышып, бир тура калышып, арпалар турат. Асанкул чыга калды. «Бир дөңгөлөк үчүн да бир башым жооп берет, үчөөң үчүн да бир башым жооп берет» деп мылтыкты октоп турам. «Кайсыл башың?» деп Асанкул сурап калды. Мен жооп бергенче, «энеңди урайын» деп мени кууп алды. Качтым. Кармап алышса, мени талкалаганы турушат. Майбулактын жонундагы Кемпир-Ташка качып бардым. Чаңжукпас менен качтым. Үчөө жөө барышты.

Кемпир-Таштын кырына отуруп алышты. Акт жазышты. Депутат Асанды Соң-Көлгө көчүрүп баратсак, мас болуп алып бизди дөңгөлөккө атты. Биз Соң-Көлгө баралбай калдык… Сарайга суу кирип атат. «Эми дөңгөлөктөрүңөрдүн баарын атам» дедим. «Милиса чакырам» дедим. «Текшерсин» дедим да, Чаңжукпасты ылдыйга чуу койдум. «Энеңдурайын» деп Асанкул кууп келатат. «Атпа, атпа, атпа» деп тапичкеси келатат. Чуркаганда жылаңач бутундагы коңултак тапичкеси согончогун ургулап, сабалап, «атпалап» үн чыгарып, ырдап келатат! Мен «атам» дейм. Оолугуп коем. Ошентип, оолугуп коем. Атып салат деп коркушуптур. Атпай туруп калдым. «Сүйлөшөлү» дешти. «Бери кел» дешти. «Барбайм» дедим. Мылтыкты чекеме толгогону турушат. Чаңжукпастан түшсөм эле баса калганы турушат. Ат кыкеңдин жаны да. Аттан түшсө эле кыкең адам эмес. Аттан түшпөй турам.

«Жумабектикине баргыла» дедим. Жалгыз үйдү көрсөттүм. «Кенжекан деген катыны бар» дедим. Үчөө аларды таанышпайт. «Мен азыр барам» дедим. Макул болушту. Алар кетти. Мен мылтыкты арпанын арасына тикесинен сайдым. Шамал болуп атат. Уйгу-туйгу болушуп, бир жата калышып, бир тура калып арпалар турат. Анан басып бардым. Чаңжукпасты сарайга асып байладым. Басып бардым. Кирип бардым. Кадыркул шап тура калды. Колумда камчым бар эле. Жулуп алды. Сындырды. Тизесине бир койду эле, кайран камчым эки бөлүнүп жатып калды. Тизең тизе экен дедим ичимден. Мени төшкө бир сүздү. «Өлтүр» деди. Үчөөлөп мени урмак болушту. Кайра басылышты. Дуулдап, дуулдап басылышты. Жумабек жок экен. «Жумабекти көрдүңбү?» «Билбейм». «Буларды атканыңда Жумабек кайда эле?». «Билбейм». Кенжекан менден сурап атпайбы. Шок ооз жаным, «көрсөм аны да атат элем» деп койдум. Десем, «өлүгүңдү көрөйүн, тиригиңди көрөйүн, анда он баланы ким багат эле» деп ыйлап атат, ыйлап атат… Ыйлап атты. Кекибай бизди элдештирди. Эптеп элдештик.

Ошондо, сарайдын терезесине чейин суу келди. Жыгылып калабы деп корктум. Эптеп алып калдым. Ошол сарай азыр да бар. Эптеп аман алып калдым. Таштарын алып, бузуп сууну агызып атам… Шамал болуп атат. Бир жата калышып, бир тура калышып, деңиздей мөңкүп, арпалар мени карап ыргалып турушат…

8. Сыңар эмчек кой 

Согумга кой издеп калдым. Жазында байлаган семиз кою бар экен. Келдим. «Мага козулуу кой бересиң» деди. «Макул» дедим. Коюн алпарып союп алдым. Жумабек өзү тетирини жакшы көрөт. Оң айтсаң тетири кетет. Тетири айтсаң, оң кетет. Сырын билем. Бир күнү он чакты кой айдап баратам. Үйлөрүнүн алдынан туура өтүп баратам. «Эй!» деп Жумабекти чакырдым. Кенжекан да кошо чыкты. Тескери иш бир башынан кетсе, кете берет. Аягына чейин кете берет. Тескери болуп кете берет экен. Мен бир сыңар эмчек кой алдым эле, ээмп туруп албаптырмын. Айтпай, алдап сатыптыр. Кийин ал да айтат. «Эмчегин ээмп туруп албаптырмын» дейт. Көрсө, ага да бирөө айтпай алдап саткан экен. Түртүп көрсөм, бир эле козусу бар экен. Эгиз болсо бербейт элем. Курсагы чандайган эме болчу. Бир эле козу бар экен. Муну билип алдым. Ушуну берейин дедим. Анан башка коюмду албасын деп, «Эй Жумабек, тетиги ак койдон башкасын ал!» дедим. «Каалаганыңды тандап ал» деп калдым. Сырын билгенмин да. «Аныңды эмне кылайын, аныңды башыма урайынбы» деп калды. «Анымды эмне кыласың, тийбе ага» деп өзүн туурап койдум.

«Атаңдын башы! Мамындай коюмду союп жеп ал ээ!» деп койду. «Башталды» дедим. «Карма ошону!» Таалайбек, Ырысбек, Сапарбай, Сагынбек, кайдасыңар?» – деп балдарын баарын чакырып атат, бербегиле, кармагыла ошону деп. Чандайган ак кой болчу. Кармап алышты. «А эми теңтушсуң» дедим. «Мейли» дедим. Кетип калдым.

Бир күнү өтүп баратсам Кенжекан каргап калды. «Ой, өлүгүңдү көрөйүн!» дейт. «Эмне болду?». «Сыңар эмчек турбайбы?». Чыпый, Асан деген эки аксакалдуу киши бар. Ошондо жаныбызда турушкан. Экөөнү тең күбө кылып койгом. «Ата, күбө болгула, бул койду болбой алып алды». Анан «алба дебедим беле?» дедим. Аны кайдан билдим, дагы алба дебедим беле деп коет, атаңдын оозун урайын мени алдап!» дейт. «Эми муну эч кимге айтпай жүр» дешти. «Болуптур» дедим. «Ээмп туруп алып жүр» дедим. Муну өзүмө айттым.

9.Повур кыз

«Кара-Кужурда повур жок» дедим. «Повур бер» дедим. Саринжиев Жолдошбек деректир. Жибериптир. Келди. «Ким жиберди?» «Саринжиев». «Жалгызсыңбы?». «Жок». «Ким бар?». «Күйөөм бар». А-аа, кудайга шүгүр дедим ичимден. Жаш келин экен. А менде бүт желмогуздар. Эркектер. «Манты жасаганды билесиңби?». «Билем». «Жарма?». «Билем». «Палоо?». «Билем». «Беш бармакты мен билем» дедим. «Экөөбүз тең билерман экенбиз» дедим. «Билем» деп турса кубандым. Кыкеңдин баары сендей билем деп турса оңбойбуз го деп коем ичимден. Жок, жыргайбыз го дейм… Анан башталды. Кой сойдум. Кара-Кужурдун боюна жетелеп барып сойдум. Ичеги-карынын шар сууга тез-тез жууп жиберет деп атам да. Тезирээк бышсын деп атам. «Эркектерди билесиңби?» Мага шек санап карап коет. Түшүнө койдум. “Эркектердин карды ачканда жаны кошо чыгат» дейм. «Тезирээк бышыр» дейм. Мени угуп турат. «Артпайсыңбы?». «Эмнени?» дейт. «Ичеги-карынын» дейм. «Не знаю» дейт. Тили орусча чыга баштады. «Эй, сен билем дебедиң беле» «Билбейм дейм». «Анан келбей койбойсуңбу?» дейм. Эми үйрөтсөм билесиңби» дейм. «Билем» деди.

Үйрөтүп кирдим. «Бул жумур болот» дейм. «Кайтала» дейм. Кайталайт. «Жумуруңа нан тыгылды беле?» «О, жумуруңа тыгылып өлгүр!» дегенди уктуң беле?». «Билем» дейт. «Ошол жумур ушул» дейм. «Билем» дейт. Чыгардым. Кестим. Карынын төктүрдүм. «Момундай артат» дейм. «Момундай баштайт» дейм. Мен ага Юдахин болуп алдым. Ичегинин учун түйдүм. Бир жерден барып чий сындырып келдим. Оодардым. «Мындай оодарат» деп көрсөттүм. «Эми билдиңби?». «Билем». «Билдим» дебейт… «Болуптур» дедим. Дагы болуптурду айтьп калдым. Эртеси дагы кой сойдум. Килейген кочкор сойдум. Киши көп. Дагы мени карап турат. «Забыл» дейт. «Я города жил» дейт.«Эй, забыл болсоң эмне кылайын, кудай урбадыбы!» дейм. Баягы жерден дагы үйрөтүп кирдим…

Жөн жүрбөгөн азилкеч жаным, илгерки бир окуяны эстеп, ичеги-карын жууп, тазалап отурсаң эстейт экенсиң. Илгери бир кыргыз тойго барыптыр. Түн экен. Ачка экен. Тиеше этин таң атканча мүлжүптүр. Дегеле тиши өтпөйт. Таң атканда жарыкка салып караптыр. Буканын чыбыгы экен. Мага окшогон бирөө кылган да. Ушуну эстеп, кочкордукун тазалап, дагы таза тиги келин балага билгизбей, көргөзбөй тазалайм, бир жерге коюп койгон боюнча унутчаак жаным, унутуп калыптырмын. Эшикке чыксам, артыман кошо чыгыптыр. Колуна ошону кармап алыптыр. «Ава. ава, токточу, муну эмне кылайын?» дейт. «Айтып кетпейсизби, муну эмне кылам?» дейт. «Аны кесип ыргытып жибер!» дедим.

10. Кузгундар эли 

Байыркы сөз — байоо сөз. Бул байыркы сөз болсо керек. Биз уккан эмеспиз. Көрүп жүрөбүз. Кузгундарды көрүп, билип жүрөбүз. Сагымбай кузгундарга, бүркүттөргө көп карачу дешет. Эми бир жолу карап отурат. Мүрзөсү жалгыз. Эч ким барбайт. Эч ким мүшайт кылбайт. Жамбашынан шаркырап булак агат. Жаткан жеринен угулуп турат. Бугудай болуп жалгыз, бузулбай турат. Кара Тоодо. Айтса, бардым дебедиңби… Биз барып турабыз. Кыргыздарды ушинтин айтыптыр дегениңен улам эстеп атабыз. Булар бир ажайып куш. Кээде дарылыкка атып алам дейсиң, ок өтпөйт. Тып этип түшүп калат. Канатына тийсе, огуң өтпөй тып этип жерге түшүп калат. Кайсыл гөрдөн чыкканын билбейсиң, лып чыгышат. Лып чогулушат. Лып тарап кетишет. Ит өлдүбү, билип турабыз. Куш өлдүбү, билип турабыз. Чын. Бул биздин куш. Биздин өлүктөбү, тириктеби, аштабы, тойдобу, чогулганыбызды байкап көрсөң, билесиң.

Дуулдап, шуулдап, куулдап, күпүйүп турабыз го чиркин, абайлап басып, абайлап карап, асманда баскандай, асманда тургандай, асманда сейилдеп жүргөндөй жүрөбүз, күлөбүз, а караганыбыз жер го чиркин… Кузгундардын баары Кара-Кужурда. Кейпи, булар Кыйаамат Кайымга ушерден аттанышат. Булардын тою ошондо башталат. Булар ошону күтүп жүрүшөт. Биз ыманыскатыбызды жеп бүтөбүз. Анан булар баштайт. Тумшугун боорго малып туруп, «кандай Кулжанбек?» деп кыргызча сурашат. Кыргызча сурашат… Биздин жомогубуз көп. Айтпадыкпы. Жумабек менен Кенжекан кой багат. Кузгун-Төрдүн башында. Жайдын күнү. Тамагы жаман жаныбыз, дагы койчулардан кымыз ичебиз деп, Кузгун-Төргө чыгып баратабыз. Алдыбыздан эле бирөө чуркап келатат. Чачтары асманга кеткен. Көйнөгү жерге кеткен. Алактайт, шалактайт. Ыштанын көтөрүп коет. Жылаңаяк. Ташка уруп алат. Карабайт. Бутун силкип коет. Жакындап келип калды. Колунда кармаган дүрбүсү бар. Саксаңдап келатат. Улам, улам токтой калат. Дүрбү менен бизди карап коет. Анан келди.

Келсе эле Кенжекан. Карасак эле биздин Кекибай. «Ай, эмне?». «Айланайын, айланайындар, тиги кузгундарды карагыла!» деп калды. Биз артыбызды карап калдык. Артыбызда экен. Алдыга карап келатып көрбөппүз. «Эмнеге түшүп атышат, айланайындар?» дейт. Бир карап эле түшүндүк. Кузгундар эмнеге түшүп атканын билдик. «Эмне болду демиш болуп койдук. Буйакты билип алалы деп атпайбызбы. «Баягы Сагынбек, баягы өлүгүңдү көрөйүн Сагынбек, тиригиңди көрөйүн Сагынбек, башыма балээ Сагынбек, күнү-түнү үйгө токтобой букалашта жүрүп, түндө катын качырып келем деп келиптир! Чуу бастысы болот, уу бастысы болот, акча-тегин камдап алалык, кызыбызды бергиле деп келсе, мени кармап бересиңби, тиги-буга десем, өлөмүн деп таарынып кетип, жок. Же асынып өлгөнүн билбейм. Же атынып өлгөнүн билбейм. Атасынын мылтыгын асынып кетиптир. Эртеден бери салам. Карап отурам. Жорулардын баары эле ошол жерге түшүп атышат». дейт.

Күйөөсү мергенчи. Капкан коёт. Суур соёт. «Билбейбиз» демиш болуп койдук. Асманды бербейт. Жерди беришпейт. Кишиге түшүп атабы, билбейбиз. Бакага түшүп атышабы, билбейбиз. Өзүбүз коркуп, мындай бастырып өтүп кеттик деп айталы десек, жүрөгү түшүп калгыдай. Өлүп калгыдай, жөн эле, туюк эле «билбейбиз» демиш болуп койдук. «Айланайын, айланайын, көзүңөр курч, айткылачы, карагылачы!» дейт. «Чыныңарды айткылачы!» дейт. «Ушу силер соо эмессиңер. тайсалдап калдыңар, тайсалдап атасыңар!» дейт. Бакырып, өкүрүп ыйлап кирди. Бизге ыйлап кирди. Ары ойлондук. Бери ойлондук. Чынын айталы дедик. Байкушту бирдеме кылып алабызбы, өлтүрүп алабызбы деп корктук. «Жорулар абышкаң сойгон суурларга түшүп атат» дедик. «Жүр, эми бизге кымыз бер» дедик. Болбойт. «Чын айткыла, оозуңардан айланайындар, дүрбү салсам, жорулар бир эле жерге түшүп атышат. Суур болсо, ар жерге түшпөйт беле, оозуңардан айланайындар, чыныңарды айткыла!» дейт… «Жүр, бизге кымыз бер» дейбиз. «Суусап кеттик» «дейбиз… Кузгундарды карайбыз… Чүйдө 82 разъезд деген жерде Жумабектин агасы жашайт. Сагынбек ошого качып кетиптир. Биз «өлдү» деппиз. Издеп жүрө бериптирбиз… Жиндибиз да. Кузгундардан сурабаптырбыз…

11. Каргалардын канаттарынын буттарынын кардагы изи 

Мен башыман өткөн бала чактагыны айтам. Согуштун убагында. Согуштун кызуу убагы. Согуш чыкканда он-он бирде болушум керек. Баары армияга кетти. 43-жылы ошондо он эки-он үч жаш кезим. Бу киши, жеңем. Азыр чай куйуп отурат. Ошо кезде жаш: Күйөөсү армияда жүрөт. Атам да согушка кетти. Чоң атам калды. Бу киши калды. Мен калдым. Анан эжем бар. Дагы бир карындашым бар. Акыл деген. Ушулар калдык. Бу киши девуда иштейт. Кийим жок. Өзүбүз менен өзүбүз. Эптеп оокат кылабыз. Кой багабыз. Артелдин көмөкчү чарбасынын коюн багабыз. Мен кой кайтарам. Чоң атам карыган. Аюудай болуп карыды. Чачын алып берем. Ушуга алым жетет. Атамдын чачын бир саатта алчумун. Чоң атамын чачын үч саатта алам. Баратып, баратып эле бир коктуга кирип кетем. Бул коктусу-чокмор тийген жери экен. Кайра чыгам. Эптеп чыгам. Сойул тийген жери бар. Найза кирген жери бар. Камчынын сабы менен табылгы сап болсо керек, оюлган жери бар. Таш менен чукулган жери бар. Темир менен кадап койгон жери бар.

Силерге калп, мага чын, сынган аякты кадап койгондой кадап койгон жери бар эле. Сыйгаланып кирип кетип, араң өтчүмүн. Ошол кокту, колот, жылгаларына кирип, чыгып жүрүп, отун алгандай чарчайм. Жер шарын бир айланып чыккандай болом. Ар бирөөнүн тарыхы бар. Касымбековго айтып берсем, ар бирин китеп кылып жазат эле. Биринчи китеп, экинчи китеп, үчүнчү китеп деп жазат эле… Бүт кыргыздын тарыхы, уруш-талашы менин чоң атамдын башында кара так, ак так болуп жазылуу, басылуу эле. Баары коркушчу. Качышат. «Ачыкемин чачын алганча…» дешип, баары качышат эле…

Балбан киши болчу… Кой кайтарам. Бир күнү кой кайтарып талаада жүрөм. Дагы мени менен тең бир бала кой кайтарып чыгыптыр. Азыр да бар. Куда болуп калды. Бир коюм кошулуп кетти. Чоң кара кой эле. Алардын коюна кошулуп кетти. Аппак койлор экен. А меникинин карасы да бар. Агы да бар. Аралаш. Аз эле. Эки жүздөй бар. Кечинде келип алайын деп, үйгө келе бердим. Жөө кайтарам. Кар улуу. Жаныбар койлор, жылкылардай карды тээп оттошот. Жанымда уулдашып-чуулдашып, какылдашып-такылдашып каргалар, таандар оттошот. Каргаларды да кайтарам… Кечинде аттуу келип айдап кетем дедим да, келе бердим. Үйгө келдим. Койду короого киргиздим. Бир атыбыз бар. Аны миндим. Бир узун ыргай таягым бар. Таякты алдым. Биз ойдобуз. Суунун жээгиндебиз. Тиги Кызыл-Үңкүрдө. Тоодо. Үч-төрт чакырым. Чоң атама айттым. «Азыр койду алып келем» дедим. «Чоң кара кой кошулуп кетти» дедим. Деп кеттим… 43-жылы жаныбардын 15 күнү. Баратам. Түн кирди. Ай тийип келатат Алыстан, алыстан күн тийип келаткандай, тоолордун башына ай тийип келатат. Мен көлөкөдө баратам. Карап баратам. Бир чакырым калган кезде куйкум жыттанды. Буркурап бир жыттанды. Мен укмуштай жыт билем.

Билдим. «Өлдү» дедим. Бардым. Кызыл Үңкүрдө бир короо бар. Тийагы да аска. Буягы да аска. Арты да аска.

Бир короо бар. Бардым. Бозүй турат. Бозүйгө кирдим. Казан менен бир муз бар экен. Казан очокто турат. Тулга минип турат. Музду эритип атышыптыр. Муз эрип атыптыр. Оттун боюнда жети-сегиз жашар кыз отурат. От жагымыш болуп коет. Азыр эле баш куйкалап отурганы көрүнүп турат. Жанында чыгдан жатат, чыгдандын оозун басып кыз отурат. Тизеси отко какталып атат. От күйүп атат.. Дуулдап коет. Суйлөнүп коет. Кыз «сүйлөбө!» деп отту уруп коет. Оттун жээгине барып отура калдым. Кыз чыгданды басып отурат. Билип турам. Койду мууздап, башын (муздай электе эле) куйкалап киришкен экен. Башты кырганда куйкум түшүп калат да. Карай салсам, бир чымчым куйкум оттун жээгине түшүп калыптыр. Баягыны карап калдым. Кемпири менин караганымы байкап, ал да карап калды. Куйкумдун үстүнө түкүрүп койду. Отко түртүп, жаап койду. Күл менен жаап койду. Билип турам. Анан тил кирди. «Коюмду алып кетейин» дедим. «Алып кет» деди. «Коюң артыңдан кеткен» деди. «Качып кеткен» деди. «Качкан жок» деп мен турам. «Барган жок» деп мен турам. «Ишенбесең, короону кара» деди. «Бар, карап кел» деди.

Мен чыгып эле кайра кирдим. Караганым жок. Билип турам. «Кой мьшабу чыгдандын ичинде» дедим. Чыгданга асылдым. Чыгданды караткан жок. Башыма тонду жаба койду. Тон менен ороп эле көтөрүп сыртка алып чыкты. Чымчыктай баланы эмне… Чыгданды карай албай калдым. Тышка алып чыгып алып сабады. Өлбөс жериме сабады. Мындай тепти. Андай тепти. Таяк менен чапты. Өзүмүн ыргай таягым. Эки бөлүнүп кетти. Арта сала чапты. «Кетейин» дедим. Оозума ушул келиптир, «Кетесиңби?». «Кетем» дедим. Аткарды. «Бас», «кет» деп артыман кубалап алды. Энемден калган жок. Атамдан калган жок. Тампайган жер туруптур. Карыныңды төккөн жер экен дептирмин. Сынык таягымын учу менен сайдым. Кум экен. Үйдүн ичинен «хы-хы-хык» деген бир үн чыгып калды. Койду эми мууздап аткан экен дептирмин. Атым өкүм болчу. Айтса, аты – Жинди Кашка. Сынык таягым менен бир чапсам, кыйын ат болчу, жаман бозүйүнө барып бир тийди. Качыр-кучур деп калды. Босогосу кыйшайды. Кайра качтым. Качырбады. Кармап алды. Аттан оодара тартты. Килейген Көк дөбөтү бар. Итин агытты. Абышка мени сабап атат. Көк дөбөт тонумду тытып атат. Тор көйнөгүм бар. Бу киши жаш кези. Жеңем токуп берген. Түйүп берген.

Көк дөбөт тытып салды. «Кетейин» деп жалына калдым. «Кетесиңби». «Кетейин». «Кетесиңби?» «Кетейин». Жалынып атам. «Эми кетем» дедим. Жинди Кашкага мингизди. Койнуна ташты солоду. Абышка мени таш менен кууп баратат. Ай жарык. Он бешинчи жаныбар, кырк үчүнчү жыл… Ай сүттөй жарык. Куюлуп турат. Төгүлүп турат-а жаныбар… Артымы карасам келатат. Төшкө чыга качтым. Абышка туруп калды. Жөө. Мен аттуу. Бозүйдөн чыккан кишини санап турам… Таң да атты. Жерге жарык кирип калды. «Эми үйгө барайын» дедим. «Чоң атамы жиберейин» дедим.

Чуу койдум. Ылдый карай чуу койдум. Атама келдим. «Ата, ата!» дедим. Туруп, короодо басып жүргөн экен. Эмне болду? деп санаасы тынбаптыр. «Ата, койду союп жеп алышыптыр» дедим. «Өлгөндөй сабады» дедим. Ыйлап ийдим. Атама келгенде ыйладым. Ошого дейре ыйлаган эмесмин. Жарыкта карасак, көк-ала болбогон жерим жок. Мурдум канаган. Бети-башымын баары кызылала кан экен. «Атаңдын оозун урайын» деп, атам кетти. Кишини сөкпөйт эле. Бар сөккөнү ушул болчу. Жинди Кашканы чуу койгон боюнча кетти. Чыдабай артынан кайра жөө бардым. Барсам, бозүйдө кобурашып атышат. Жинди Кашка кырчоодо байлануу турат. «Сенин балаң митаам экен» дешет. «Сенин балаң шүмшүк экен, бала да ушундай болобу, капырай!» дешет. «Жашабагыр» дешет. «Жашабайт» дешет. «Чыгданды тартып, чыгдан күйүп кала жаздады» дешет. «Биз ууруну билбейбиз» деп карганып атышат. Атам угуп-отурат…

Баягы таң атканча мен таш кулатканда мага үрүп чарчаган көк дөбөт, ак дөбөт, куу дөбөт дегеним, уктап калыптыр. Мен барганда үргөн да жок. Короосуна кирдим. Алар үйдө кобурап атышат. Мени билишкен жок. Көрүшкөн жок. Короосунун төрүндө килтийип турган бир жар бар экен. Дөңгөк. Тырмалап ачып жибердим. Баягы менин коюм. Ошерге короого көмүшүптүр. Кыкеңдер ошентишет. Киши өлтүрсө да короого көмүшөт. Кой өлтүрсө да короого көмүшөт. Алтынын да короого көмүшөт… «Ата-аа!» деп бакырдым. «Мына, кой» дедим. Чакырдым. «Мына, кой!» Атам сөгүп калды. «Сойгон турбайсыңбы!» деп сөгүп калды. Кишини сөкпөйт эле.

Согуштан келген колу чолок баласы бар эле. Согуштан жаңы келген. Оң колунан ажырап келген. «Ушуну менен дос бол» деп мага жалынат. Экөөбүздү кол алыштырат. Кучакташтырат. Болбойт. Атам өзү жамандыкка барбаган киши эле. «Мейли эми, ит болуптур» деди. «Кечирип кой балам» деди. «Кой кара жерге кирсин» деди. Өзүм он үчтө болсом, менин эмнеге алым келет. Буулугуп турам. Экөөбүздү достоштуруп коюшту. Койдун тең этин берди .Тең эти аларда калды. Кум чайнап отуруп калдык… Атам аябаган чоң киши болчу. Укмуштай. Кийин эле өлдү. Бир күнү отурсам, «көрүстөндү сел алды» деп калышты. Биздин бара турган жайыбыз бүт эле баягы мен айткан ырчы дөбөлөрдө. Чоң атамдыкы түздө болчу. Анан бүт айыл чогулуп бардык. Биз менен кошо каргалар учуп барышты. Сел алып кетиптир. Шагырап сөөктөр калыптыр. «Эми эмне кылдык?» дешет. «Силер эмне кылсаңар ошо кылгыла» дедим. «Мен эмне кыларды билем» дедим. «Мен тааныдым» дедим. Тоодой, тоодой жоон, узун сөөктөрдү, жиликтерди чогулттум. Бир жерге чогулттум.

Кыргыздын бүт тарыхы, уруш-талашы жазылгансыган аякты кадагандай темир менен кадалган баштын сөөгүн таптым. Жазуулары өчүптүр. Жер жептир. Окуюн десем, окулбады… «Мына ушул менин чоң атам» дедим… Көр каздым. Кайра көөмп койдум… Ушундай болгон. Кийин согуштан колунан ажырап келген бала эжеми алды. Уктап калыптыр… Үстөлдүн алдына кирип алып уктап калган турбайбы, ушу эркек бала ошонун баласынын баласы…