ЖУСУБАЛИЕВ Кубат: Бригадир Кулжанбектин аңгемелери

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ 

Аңгеме 

  1. Хорхпо, хорхпо, апай

…Жакшы көргөнгө келеби, колдон келсе, жакшы көргөн жакшы да… Илгери биз колхоз кезде Кара-Кужурга мен жаңы келип калбадымбы, сугат болуп, Май-Булактан сугат сугарам, курулуш жок анда, сарайлар жок, осетин, татар, чечен, кавказдын элин – баарын Стакем сүрүп келип Кара-Кужурга тыккан, кыкеңдерге сарай салдырып берейин деп, сарайлары жок экен деп, сарай салып атышат, ар кайсы жерде бир сарай, курулуш жүрүп атат…Эми ошол сарайларды кайра куруп атабыз. А мен ошол эле бойдон калдым. Мен Ала Тоодоймун. Эрте менен сол капталыма күн тийет, оң капталыма көлөкө түшөт. Кечкурун оң капталыма күн тийет, сол капталыма көлөкө түшөт. Ошол. Ошондо жер сугарам. Азыр да жер сугарам. Тирүүмдө да жер сугарам, суу сугарам. Өлгөндө да жер сугарам, суу сугарам. Кандай дейсиң, жазуучу бала? «И-ии, мии-и» деп отурчу элең, унчукпай калдың, анан Жумабек отпуска алды. Жалал-Абадга курортко кетти. Кенжекан, өзү он эки, он үч баласы менен жалгыз калды. Кекибай экөөбүздүн ырыбыз, чырыбыз, сырыбыз көп. Ал убакта Кара-Кужурда эч ким калбайт. Чабандардын баары Соң-Көлгө кетишет. Кара-Кужурду кайтарып Кекибай менен Жумабек калат. Өйүздөн суу сугарып мен калам. Дагы сугатчыларым бар.

 

Бригадирмин да. Жалгыз үй болуп калышат. Мен үйүнүн жанынан суу сугарып жүрөм. Курулуш жүрүп атат. Анан күндө эле баягы осетин, татар, чечен, кавказдын эли келип сүт сурайт экен, Жумабектикинен, «сүт барбы, апай?» деп. «Бар, бар, бар» деп эле коркуп бере берет экен. Бир күнү «апай, эмне бар?» деп келсем, «атаңдын чокусу бар» дейт. Анан айттым: «Сен эмне эле берип жүрөсүң?». «Билбейм. Өлтүрүп кетеби деп корком».

Эки уй саайт. Аны дагы үч убак саайт. Баарын ошолорго кармата берет. Мага жетпей калат. «Коркпо» дейм. «Мен корком» дейт, «Коркпо» дейм. Корксоң мен деле жатып алам дегенди айтпайм. Ичимде калат. Мен да корком. «Ой, он эки, он үч балаң чыркырап, диркиреп турушса, сени эмне кылсын» дейм. «Мен корком» дейт. Деги катынга түшүнүп болбойт. «Болуптур» дедим. Бир күнү «болуптур» дедим. «Мен корком, сен конуп жүрчү мында» дейт. «Мен корком, үйгө барбай эле мында жатып алчы» дейт. «Болуптур» дедим. Үйгө барайын дейм, жатып алайын дейм, корком. Макиштен корком. Эрте менен тамак кылып берет. Жейм. «Болуптур» дейм. Баягы болуптурга дагы түштүм. Анан каш карайганда эле Макиштен коркуп жатпай кетип атсам, каргаган бойдон калат. «Өлүгүңдү көрөйүн, сениби сени, өлүгүңдү көрөйүн, кудай бар, кудай бар!» деген бойдон калат. «Кайра келем» деп коем. Бир күнү дагы каргаган бойдон калды. Кечкурун келген жокмун. Эртеси келдим. «Эмнеге келбей калдың?» «Үйдө жумуш болуп калды. Сен кантип жаттың?» «Балдарым менен эптеп жаттым. Мылтык коюп койдум». «Кантип койдуң мылтыкты?». «Минтип» дейт. «Октоп» дейт.

Жумабек мергенчи да, узун шыйрактуу кыргыз мылтыгы бар эле. Ошону шьйрагынан сайып коюптур да, эшикти карап таң атканча отура бериптир. «Таң да атты, мен да аттым» дейт. «Кирпик какканым жок» дейт. Анан эртеси бала-бакырасына чай бергенден кийин, мен барганда, шалдайып тура албай жаткан кези экен, «бүгүн келип коноюн» дедим. Ошентчи айланайын, дагы тамак жасап берейин» деди. «Болуптур» дедим… Өзүм кээде билбей калам. Калп айтканга бир жолу көндүм. Көнүп бүттүм. Кантип бошоном, билбейм… Тамагын ичтим. Тамагы жаман жаным, анан дагы ошол күнү алдап кетип калдым. Эртеси «эки-үчөө келди, ичинде мастары бар экен, айланайын, бүгүн конбосоң болбойт» деп калды. Мен жокто бу кишини коркуп көчүрүп келиптир, менден түңүлүптүр, кыткылыктап жанымда дагы күлүп отурбайбы, бу киши маңдайдагы Асанбайдын тамына кирип калды. Бул киши жөн жүрбөйт да. «Там согом» дептир. «Тигилер» «биз согуп беребиз» дептир. «Эмне аласыңар?» десе, «арак» дептир. Анан түштө чай ичип отурсак эле бир башы саксайган, төшү түктүйгөн жердей бирөө кирип келди. Мен төрдө отурам. Бу киши жок болчу. Аялы бар. Жанымда отурат. Ушу кишини издеп келиптир. Күлүп жанымда отурбайбы. Кенжакан балдары менен отурат. Жүрөгүм түшүп калды. Таптым! Ренат деген татар болчу. Капкара. Күнгө күйүптүр. Жону да күйүптүр. Колу да күйүптүр. Кирпиктери да күйүптүр. Көзү эле калыптыр. Кирип келип эле «апай, бабай кайда?» деди. Бу кишини сурап атат. «Ооба, бабай бар, бабай бар» деди. «Бул менин бабай, бул меники бабай» деп коет. Мени көрсөтүп коет. Кенжакандын жүрөгү түшүп калды. «Жо-ок бабайы мен эмесмин» дейм. «Мен өйүздө жашайм» дейм. Десем, деле болбойт. «Ооба, өйүздө жашайт» дейт. «Мында түнү конот» деп коет. Анан татар түшүнө калды. «Хоркпо, хоркпо апай» деди. Анан мен «бүгүн коном мында» дедим. «Болуптур» дедим. Ошентип дагы «болуптурга» өттүм. «Хоркпо, хоркпо апай» деп татарым турат. «Болуптур» деп мен турам. Кийин ошону менен байкуш татарым келбей калыптыр… Айтса, Кырым татары болчу…

  1. Кенжекан, түн жана жарык

Стакемдин азабын Кекибай көрдү. Бир күнү Көкөмкүнө качып барыптыр. Түн ичинде качып барыптыр. Канчык тууйт. Кээде талаага тууп калат. Кызганып талаага тууп калат. Көрдүң беле? Менин канчыктарым көп. Бирин туурасынан тиштейт. Бирин куйругунан тиштейт. Бирин кулагынан тиштейт. Бирин тиштеп сүйрөйт. Бирин тиштебей сүйрөйт. Күчүктөр каңшылайт. Кача алышпайт. Эч нерсе көрүшпөйт. Күчүктөр туулганда көр болушат. Ошентип, түн ичинде Көкөмкүнө качып барыптыр. Мына, бу киши дагы жанымда кыткылыктап күлүп отурбайбы, балдарын ташып эле атат, итче тиштеп ташып эле атат, бүтпөйт дейт. «Эмне болду?», «Айланайын Көкө, сакта бизди!». «Эмне болду?», «Кагылайын Көкө! Жапардын терезесинде карап турат!». «Ким карап турат?». «Жапардын терезесинде бычагын кезеп карап турат», «Мизи жалт дей түштү, «мизи жылт дей түштү», Мизи жарк дей түштү» дей бериптир. «А мылтык аткан ким?». «Сагынбек». «Кимди атып атат?». «Асманды атып атат», «Түндү атып атат», «Татарды атып атат»… «оокатын алса болот эле, меникин алды го» деп коет дейт. Бу кишиге ушинтип айтып коет имиш, эми мени угуп, дагы жанымда кыткылыктап күлүп отурбайбы, анан акырында, «Жапардын терезесинде бычагын кайрап отурган ким?» десе, «татар» дептир.

Көкөмкүндө ымсоодо иштеген бир шоопур жатчу. «Жүрүңүз» дептир. Кенжеканды, балдарын машинасына толтура салып, алып келиптир. Келсе, эч ким жок. Ал жакты карашат. Эч ким жок. Эч кимдин уругу жок. «Кана апа, Жапардын терезесинде карап турган?» деп коет дейт. Жапар деген коңшусу бар. Үйү кулпулануу турат. Өзү жайлоого кеткен. Жайлоого көчүп кеткен киши үйүн кулпулап коет да. Терезеси жол жакты карап турат… Көрсө, түнү өйүздөн Түлкүбайдан, келаткан. Түлкүбайдан чыккан машинанын жарыгы Жапардын терезесине келип бир тиет экен. Бир тайып өтөт экен. Жаныбар түндү жырып келип, жарып келип Жапардын терезесин табат экен да. Ошону Кекибай көргөн экен. Анан баягы Кавказ менен Кырым бычактарын терезеде туруп алып кайрап атышат, жаркылдатып атышат, Сагынбек чык, ат дептир…

Сагынбек – эң улуу баласы. Он алты жаштарда. Анан Сагынбек, шыйрактары сеникиндей узун кыргыз мылтык менен ата бериптир… Түндү тешип ийиптир. Муну кантип билдиңер дебейсиңерби? Минтип сурай турган киши жок. Атабыздын башын да билгенибиз жок. Эртеси күнү келип эч нерсе таппадык. Өзүңөр көрдүңөр. Өзүңөр уктуңар. Түнү келип да эч нерсе таппадым. Көзүнө көсөө сайса көрүнбөгөн Кара-Кужурдун кужураган түнү турат. Кужурап биз турабыз. Коркконго кош көрүнөт деп. Ошол боюнча унутуп калганбыз. Анан Жумабек курорттон келгенге чейин, же келгенден кийин, же келген күнүбү, түн кирип калган, отурсак, эң кичүү, мынабу менин жээнимдей эркек баласы ыштанын байлап-байлабай кайра чуркап кирди. Баарыбыз жүгүрүп чыктык. Анан ошондо көрдүк. Чычала менен көзгө сайса көрүнбөгөн, Кара-Кужурдун түнүн чакчелекей түшүрүп, качырып келип, Жапардын жөргөмүш тор салган жаман терезесин койгулап, сойгулап, сайгылап тапканын көрдүк. Ошондо билдик да. Биз тапкан жокпуз. Үч жашар бала тапты…