ЖУСУБАЛИЕВ Кубат: Каргалардын канаттарынын буттарынын кардагы изи

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ 

(Бригадир Кулжанбектин аңгемелеринен)

Мен башыман өткөн бала чактагыны айтам. Согуштун убагында. Согуштун кызуу убагы. Согуш чыкканда он-он бирде болушум керек. Баары армияга кетти. 43-жылы ошондо он эки-он үч жаш кезим. Бу киши, жеңем. Азыр чай куйуп отурат. Ошо кезде жаш: Күйөөсү армияда жүрөт. Атам да согушка кетти. Чоң атам калды. Бу киши калды. Мен калдым. Анан эжем бар. Дагы бир карындашым бар. Акыл деген. Ушулар калдык. Бу киши девуда иштейт. Кийим жок. Өзүбүз менен өзүбүз. Эптеп оокат кылабыз. Кой багабыз. Артелдин көмөкчү чарбасынын коюн багабыз. Мен кой кайтарам. Чоң атам карыган. Аюудай болуп карыды. Чачын алып берем. Ушуга алым жетет. Атамдын чачын бир саатта алчумун. Чоң атамын чачын үч саатта алам. Баратып, баратып эле бир коктуга кирип кетем. Бул коктусу-чокмор тийген жери экен. Кайра чыгам. Эптеп чыгам. Сойул тийген жери бар. Найза кирген жери бар. Камчынын сабы менен табылгы сап болсо керек, оюлган жери бар. Таш менен чукулган жери бар. Темир менен кадап койгон жери бар.

 

Силерге калп, мага чын, сынган аякты кадап койгондой кадап койгон жери бар эле. Сыйгаланып кирип кетип, араң өтчүмүн. Ошол кокту, колот, жылгаларына кирип, чыгып жүрүп, отун алгандай чарчайм. Жер шарын бир айланып чыккандай болом. Ар бирөөнүн тарыхы бар. Касымбековго айтып берсем, ар бирин китеп кылып жазат эле. Биринчи китеп, экинчи китеп, үчүнчү китеп деп жазат эле… Бүт кыргыздын тарыхы, уруш-талашы менин чоң атамдын башында кара так, ак так болуп жазылуу, басылуу эле. Баары коркушчу. Качышат. «Ачыкемин чачын алганча…» дешип, баары качышат эле…

Балбан киши болчу… Кой кайтарам. Бир күнү кой кайтарып талаада жүрөм. Дагы мени менен тең бир бала кой кайтарып чыгыптыр. Азыр да бар. Куда болуп калды. Бир коюм кошулуп кетти. Чоң кара кой эле. Алардын коюна кошулуп кетти. Аппак койлор экен. А меникинин карасы да бар. Агы да бар. Аралаш. Аз эле. Эки жүздөй бар. Кечинде келип алайын деп, үйгө келе бердим. Жөө кайтарам. Кар улуу. Жаныбар койлор, жылкылардай карды тээп оттошот. Жанымда уулдашып-чуулдашып, какылдашып-такылдашып каргалар, таандар оттошот. Каргаларды да кайтарам… Кечинде аттуу келип айдап кетем дедим да, келе бердим. Үйгө келдим. Койду короого киргиздим. Бир атыбыз бар. Аны миндим. Бир узун ыргай таягым бар. Таякты алдым. Биз ойдобуз. Суунун жээгиндебиз. Тиги Кызыл-Үңкүрдө. Тоодо. Үч-төрт чакырым. Чоң атама айттым. «Азыр койду алып келем» дедим. «Чоң кара кой кошулуп кетти» дедим. Деп кеттим… 43-жылы жаныбардын 15 күнү. Баратам. Түн кирди. Ай тийип келатат Алыстан, алыстан күн тийип келаткандай, тоолордун башына ай тийип келатат. Мен көлөкөдө баратам. Карап баратам. Бир чакырым калган кезде куйкум жыттанды. Буркурап бир жыттанды. Мен укмуштай жыт билем.

Билдим. «Өлдү» дедим. Бардым. Кызыл Үңкүрдө бир короо бар. Тийагы да аска. Буягы да аска. Арты да аска.

Бир короо бар. Бардым. Бозүй турат. Бозүйгө кирдим. Казан менен бир муз бар экен. Казан очокто турат. Тулга минип турат. Музду эритип атышыптыр. Муз эрип атыптыр. Оттун боюнда жети-сегиз жашар кыз отурат. От жагымыш болуп коет. Азыр эле баш куйкалап отурганы көрүнүп турат. Жанында чыгдан жатат, чыгдандын оозун басып кыз отурат. Тизеси отко какталып атат. От күйүп атат.. Дуулдап коет. Суйлөнүп коет. Кыз «сүйлөбө!» деп отту уруп коет. Оттун жээгине барып отура калдым. Кыз чыгданды басып отурат. Билип турам. Койду мууздап, башын (муздай электе эле) куйкалап киришкен экен. Башты кырганда куйкум түшүп калат да. Карай салсам, бир чымчым куйкум оттун жээгине түшүп калыптыр. Баягыны карап калдым. Кемпири менин караганымы байкап, ал да карап калды. Куйкумдун үстүнө түкүрүп койду. Отко түртүп, жаап койду. Күл менен жаап койду. Билип турам. Анан тил кирди. «Коюмду алып кетейин» дедим. «Алып кет» деди. «Коюң артыңдан кеткен» деди. «Качып кеткен» деди. «Качкан жок» деп мен турам. «Барган жок» деп мен турам. «Ишенбесең, короону кара» деди. «Бар, карап кел» деди.

Мен чыгып эле кайра кирдим. Караганым жок. Билип турам. «Кой мьшабу чыгдандын ичинде» дедим. Чыгданга асылдым. Чыгданды караткан жок. Башыма тонду жаба койду. Тон менен ороп эле көтөрүп сыртка алып чыкты. Чымчыктай баланы эмне… Чыгданды карай албай калдым. Тышка алып чыгып алып сабады. Өлбөс жериме сабады. Мындай тепти. Андай тепти. Таяк менен чапты. Өзүмүн ыргай таягым. Эки бөлүнүп кетти. Арта сала чапты. «Кетейин» дедим. Оозума ушул келиптир, «Кетесиңби?». «Кетем» дедим. Аткарды. «Бас», «кет» деп артыман кубалап алды. Энемден калган жок. Атамдан калган жок. Тампайган жер туруптур. Карыныңды төккөн жер экен дептирмин. Сынык таягымын учу менен сайдым. Кум экен. Үйдүн ичинен «хы-хы-хык» деген бир үн чыгып калды. Койду эми мууздап аткан экен дептирмин. Атым өкүм болчу. Айтса, аты – Жинди Кашка. Сынык таягым менен бир чапсам, кыйын ат болчу, жаман бозүйүнө барып бир тийди. Качыр-кучур деп калды. Босогосу кыйшайды. Кайра качтым. Качырбады. Кармап алды. Аттан оодара тартты. Килейген Көк дөбөтү бар. Итин агытты. Абышка мени сабап атат. Көк дөбөт тонумду тытып атат. Тор көйнөгүм бар. Бу киши жаш кези. Жеңем токуп берген. Түйүп берген.

Көк дөбөт тытып салды. «Кетейин» деп жалына калдым. «Кетесиңби». «Кетейин». «Кетесиңби?» «Кетейин». Жалынып атам. «Эми кетем» дедим. Жинди Кашкага мингизди. Койнуна ташты солоду. Абышка мени таш менен кууп баратат. Ай жарык. Он бешинчи жаныбар, кырк үчүнчү жыл… Ай сүттөй жарык. Куюлуп турат. Төгүлүп турат-а жаныбар… Артымы карасам келатат. Төшкө чыга качтым. Абышка туруп калды. Жөө. Мен аттуу. Бозүйдөн чыккан кишини санап турам… Таң да атты. Жерге жарык кирип калды. «Эми үйгө барайын» дедим. «Чоң атамы жиберейин» дедим.

Чуу койдум. Ылдый карай чуу койдум. Атама келдим. «Ата, ата!» дедим. Туруп, короодо басып жүргөн экен. Эмне болду? деп санаасы тынбаптыр. «Ата, койду союп жеп алышыптыр» дедим. «Өлгөндөй сабады» дедим. Ыйлап ийдим. Атама келгенде ыйладым. Ошого дейре ыйлаган эмесмин. Жарыкта карасак, көк-ала болбогон жерим жок. Мурдум канаган. Бети-башымын баары кызылала кан экен. «Атаңдын оозун урайын» деп, атам кетти. Кишини сөкпөйт эле. Бар сөккөнү ушул болчу. Жинди Кашканы чуу койгон боюнча кетти. Чыдабай артынан кайра жөө бардым. Барсам, бозүйдө кобурашып атышат. Жинди Кашка кырчоодо байлануу турат. «Сенин балаң митаам экен» дешет. «Сенин балаң шүмшүк экен, бала да ушундай болобу, капырай!» дешет. «Жашабагыр» дешет. «Жашабайт» дешет. «Чыгданды тартып, чыгдан күйүп кала жаздады» дешет. «Биз ууруну билбейбиз» деп карганып атышат. Атам угуп-отурат…

Баягы таң атканча мен таш кулатканда мага үрүп чарчаган көк дөбөт, ак дөбөт, куу дөбөт дегеним, уктап калыптыр. Мен барганда үргөн да жок. Короосуна кирдим. Алар үйдө кобурап атышат. Мени билишкен жок. Көрүшкөн жок. Короосунун төрүндө килтийип турган бир жар бар экен. Дөңгөк. Тырмалап ачып жибердим. Баягы менин коюм. Ошерге короого көмүшүптүр. Кыкеңдер ошентишет. Киши өлтүрсө да короого көмүшөт. Кой өлтүрсө да короого көмүшөт. Алтынын да короого көмүшөт… «Ата-аа!» деп бакырдым. «Мына, кой» дедим. Чакырдым. «Мына, кой!» Атам сөгүп калды. «Сойгон турбайсыңбы!» деп сөгүп калды. Кишини сөкпөйт эле.

Согуштан келген колу чолок баласы бар эле. Согуштан жаңы келген. Оң колунан ажырап келген. «Ушуну менен дос бол» деп мага жалынат. Экөөбүздү кол алыштырат. Кучакташтырат. Болбойт. Атам өзү жамандыкка барбаган киши эле. «Мейли эми, ит болуптур» деди. «Кечирип кой балам» деди. «Кой кара жерге кирсин» деди. Өзүм он үчтө болсом, менин эмнеге алым келет. Буулугуп турам. Экөөбүздү достоштуруп коюшту. Койдун тең этин берди .Тең эти аларда калды. Кум чайнап отуруп калдык… Атам аябаган чоң киши болчу. Укмуштай. Кийин эле өлдү. Бир күнү отурсам, «көрүстөндү сел алды» деп калышты. Биздин бара турган жайыбыз бүт эле баягы мен айткан ырчы дөбөлөрдө. Чоң атамдыкы түздө болчу. Анан бүт айыл чогулуп бардык. Биз менен кошо каргалар учуп барышты. Сел алып кетиптир. Шагырап сөөктөр калыптыр. «Эми эмне кылдык?» дешет. «Силер эмне кылсаңар ошо кылгыла» дедим. «Мен эмне кыларды билем» дедим. «Мен тааныдым» дедим. Тоодой, тоодой жоон, узун сөөктөрдү, жиликтерди чогулттум. Бир жерге чогулттум.

Кыргыздын бүт тарыхы, уруш-талашы жазылгансыган аякты кадагандай темир менен кадалган баштын сөөгүн таптым. Жазуулары өчүптүр. Жер жептир. Окуюн десем, окулбады… «Мына ушул менин чоң атам» дедим… Көр каздым. Кайра көөмп койдум… Ушундай болгон. Кийин согуштан колунан ажырап келген бала эжеми алды. Уктап калыптыр… Үстөлдүн алдына кирип алып уктап калган турбайбы, ушу эркек бала ошонун баласынын баласы…