ИПТАРУУЛУ Сабыр: САБЫР ИПТАРОВ: КЫРГЫЗДЫН АДЕБИ – ЖӨНДҮҮЛҮК

Ааламдашуу доорунда ар бир эл өз нарк-сөөлөтүн өксүтпөй сактап калышы үчүн, оболу, өзүнүн барк-дөөлөттөрүн терең аңдап-таанып, алардын жаралуу жана калыптануу жолунун мыйзам ченемдүүлүктөрүн кылдат өздөштүрүп, алардын өрүштүү көрүнүштөрүн күнүмдүк жашоо-турмушунда кеңири колдоно билиши зарыл. Мында адептик асылнарктардын тарыхын жана табиятын маданий өңүттө таанып-билүүгө бөтөнчө орун таандык.

Адатта, маданиятты коомдогу көркөм кунары бийик, эмоциялык таасири күчтүү рухий жана материалдык дөөлөттөрдү жаратуу, сактоо, өздөштүрүү жана жайылтуу системасы катары карашат. Тарыхый-маданий өңүттөн алганда, тигил же бул дөөлөттүн жаралышы коомдук талап менен аныкталат. Талап кандай болсо, товар ошондой болгон сыңары, маданияттын тиби адамдын тибин калыптайт. Андыктан, элдин адеп маданияты тууралуу сөз кылганда биз аны рухий-адептик дөөлөттөрдү жаратуу, өздөштүрүү, жайылтуу жана сактоо «өндүрүшү» катары комплекстүү карашыбыз керек.

Бул төрт салаа өз ара ширелишип, шайкештикти түзгөндө гана тигил же бул «маданий-адептик модель» өз олутунда сакталып, адамдарга жана коомго астейдил кызмат өтөйт. Бул мааниде, адамдын өзүн уникалдуу маданий таберик десе болот. Себеби, ар бир адам – элдик маданият менен анын адептик аракет-дымагынын үзүрү жана күзгүсү.

Маданият араб тилинде «көркөм», «кооз» деген маанилерди билдирет. Эне тилибиздеги «жөн» деген чулу, төл сөз кыйла даражада анын илимий маанисине жакындап келет.

Жөн: 1. Эреже, тартип; 2. Багыт, жол; 3. Туура, ылайык; 4. Тим, тынч ж. б. маанилерди билдирет. Андан «жөндөм», «жөндүү», «жөнөкөй» деген көптөгөн маданияттык түшүнүктөр жаралат.

Жөндүүлүк, жөн билгилик, жөнү менен болуу – кыргыздын негизги адептик эрежеси болгон. Жөндүүлүк – кубулуштун ички табиятына мүнөздүү көрүнүш. Бардык нерсе өз жөнү менен жашайт. Жөн – эч өзгөрбөс мыйзам да эмес, улам өзгөрмө каада да эмес, ал – мезгил менен мейкиндикке шайкеш, коом аныктаган туура, орундуу, ылайык иштин тартип-эрежеси, багыт-жолу. Адамдар канчалык жөндүү иш кылса, анын майнабы ошончолук орундуу болот («Адат – адат эмес, жөн – адат»).

Кыргыз эли өзүнүн сан кылымдык тарыхында ушундай адеп жөнүнө байланыштуу не бир көз кайкыган көрөсөн үлгүлөрдү жаратып, сактап, өнүктүрүп-өрчүтүп, укумдан-тукумга калтырып келген. Арийне, адам баласынын эң абалкы адептик мүдөөсүнүн бири – өз тукумун улап, аны калкалап сактоо болсо, соңу келип ар бир адамдын өзүнөн өзүн жасоосу, атадан балага, энеден кызга, улуудан кичүүгө адамча жашоонун өрнөгүн таалимдеп калтыруу маанилүү болгон.

Коомдун өрчүп-өнүгүшү менен элдин адептик байманасы да улам тереңдеп, байып келе берген. Тилекке каршы, биз бүгүн алардын көбүнүн төркүнүн, түпкү сырын ачык биле бербейбиз. Ошентсе да, алар эл ичинде кеңири сакталып, адамдын адам болушуна астейдил кызмат аткарып келе жатат.

I. Кыргыз адеп маданиятынын жаралуу мезгилдерин болжолдуу төмөндөгүдөй доорлорго бөлсө болот. Абалкы көөнө кыргыз адеп маданияты өз ичине байыркы замандардан баштап б. з. IV кылымга чейинки мезгилди камтыйт. Аны теңирчилик доору деп да аташат. Бул учурда адамдын табиятка болгон кастарлуу мамилеси өтө бийик даражада болуп, экологиялык адеп жөнү калыптанган. Эл ичинде азыркы күнгө чейин бекем сакталган: малды теппе, күлдү баспа, отко түкүрбө, эшикти кулачтаба, үйдө ышкырба, караңгыда сууга барба, чөптү кордобо, жаныбардын уюгун бузбадеген сыяктуу адам турмушунун көп жагына так кесер тыюу салган турмуштук ырым-жырымдар, ар түрдүү жаратылыш кубулуштарына, буюм-тайымдарга, ыйык жайларга сыйынуу сыяктуу ишенимдер – мына ушул доордун адептик үлгүлөрү.

Орто кылымдардын (Манас доорунун) адеп маданияты V-ХIII кылымдарды камтып, бул доор улуу Кыргыз дөөлөтү өкүм сүргөн мезгилдерге туура келет. Бул учурда Эне-Сай, Миң-Өзөн, Сибирь аймактарын мекендеген кыргыз уруулары адептик маданияттын көөнөрбөс үлгүлөрүн жараткан.

Бөтөнчө баатырдыкты, антка, шертке бекемдикти, мекенге берилгендикти, күжүрмөндүктү, эр оюндарын, эрдикти, каармандыкты даңктаган адептик дөөлөттөр – ушул доордун мурасы («Эр жигит эл четинде, жоо бетинде», «Жаздыктан өлгөн жаман ат, жоодон өлгөн салтанат», «Баш канжыгада, кан көөкөрдө»).

Мусулманчылык адеп маданиятынын доору ислам дининин таасири кеңири тараган XIV-XVIII кылымдарды камтыйт. Бул учурда диний эрежелер негизги адептик талаптардан болуп, алар элдин каада-салт, үрп-адатына, жашоо-тиричилигине кеңири сиңип, күндөлүк жашоо турмуштун адептик жол-жобосуна айланган («Бу дүйнө жалган, тиги дүйнө чын», «Берген да Кудай, алган да Кудай», «Кудайды көзүң менен көрбөсөң да, көкүрөгүң менен тааны»).

XIХ-XX кылымдарда кыргыздардын коңшу элдер жана Россия менен алакасы арткан, отурукташуу, кыштак, шаар куруу, мектеп ачуу, коллективдүү таалим-тарбия усулу өрчүгөн доор катары мүнөздөлөт. Бөтөнчө революциядан кийин теориялык педагогиканын даражасы бийиктеп, коомдук жана жекече практиканын ролу төмөндөп, руханий, моралдык дөөлөттөрдү саясый, идеологиялык түшүнүктөр алмаштырган.

Бул учурда адептик дөөлөттөр ашкере таптык, атеисттик мүнөзгө ээ болгон («Партия – биздин доордун акылы, ар-намысы жана абийири», «Дин – элдин башын айландыруучу апийим»).

Эгемендик доордун адеп маданияты XX кылымдын аягынан тартып азыркы учурга чейинки мезгилди камтып, эл өзүнүн адептик турмушунда жаңыча, өтө карама-каршылыктуу доорду башынан кечирүүдө. Бул учурда, бир жагынан элдин тарыхый акыл-эсинде бекем тамырлаган адептик дөөлөт-мурастар жанданып, улуттук нарк-сезим ургаалдашып жатса, экинчи жагынан, жаңы заман алып келген терс адептик үлгүлөрдүн эпкини шардана жүрүүдө. Андыктан, азыркы доордун адептик маңызын кайсы дөөлөттөр менен түшүнүктөр аныктайт, муну келечек көрсөтөт.

II. Рухий-адептик дөөлөттөрдү өздөштүрүү адам тарбиясы, ата-эне тарбиясы, ага-тууган тарбиясы, эл тарбиясы сыяктуу институттар тарабынан жүзөгө ашырылган. Адам тарбиясы «Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар» деген адептик осуятка негизделип, ар бир адамдын кайталангыс касиетине жана мүмкүнчүлүгүнө басым жасалган. Адам өмүрү кандан тамырлап, тектен азыктанып, ата-бабалардын рухий-психологиялык, биогенетикалык жана социопедагогикалык байманасынын таасиринде болору эске алынган: «Аккан арыктан суу агат», «Алма сабагынан алыс түшпөйт». Ошону менен бирге эле «Адам болуу аста-аста» экендиги эскертилип, «Өз акылың – өзөк менен тамыр, киши акылы – кишен менен тушоо» болору таалимденген.

Ата-эне тарбиясында адамдын кыз бала, эркек бала катары артыкча сапаттарын өнүктүрүүгө, улуу-кичүү, алыс-жакын алака-мамилесинин жол-жобосун аңдай жана аткара билүүгө, үй-бүлөлүк дөөлөттөрдү, психоэмоционалдык сезимдерди тарбиялоого басым жасалган. «Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат», «Улууга урмат, кичүүгө ызаат» адептик жоболору үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бирине өз-өзүнчө талап коюп, адамдын муундар сабындагы данакерлик ордун так аныктап, атуулдук-мураскерлик сапаттардын калыптанышына шарт түзгөн.

Ага-тууган тарбиясы аркылуу адамдын жарандык, моралдык-этикалык сапаттары калыптанып, башкы көңүл ар-намыс, туугандык ынтымак, биримдик сезимдерин бекемдөөгө бурулган. «Дос жакшы, миң достон бир тамыр, миң тамырдан бир сөөк, миң сөөктөн бир жаман тууган артык», «Туугандын азары болсо да, безери болбойт» деген адептик нускалар адамды белгилүү бир туугандык-жамааттык топтун жүгүн көтөрүүгө тарбиялап, келечектеги олуттуу жаңыча инсандык, социалдык милдеттерди аткарууга даярдаган.

Тилекке каршы, кийинки учурларда тарбиянын бул түрүнүн милдетин мектеп, көбүнчө идеологиялашкан коомдук уюмдар аткарып, ал өзүнүн ички мүмкүнчүлүгүн толук ача албай, атүгүл, кээде турмушка каршы келген көрүнүш катары четке сүрүлүп келүүдө. Адамдын атуулдук жетилүүсүндө баа жеткис мааниге ээ болгон коомдук-адептик институттун табиятын терең иликтеп, анын өрнөктүү, өрүштүү көрүнүштөрүн орундуу колдонуу – бүгүнкү күндүн орчундуу талабы («Өсөр өзүн сыйлайт, өспөс жатын сыйлайт, өзүңдү жаттай сыйла, жат жанынан түңүлсүн»).

Эл тарбиясы – кыргыз адеп маданиятындагы эң бийик руханий-маданий дөөлөт. Эл уулу, эл кызы болуу, элдик адам наамына конуу – адам жашоосунун маңызын аныктаган эң башкы асылдыктардын бири. Анда элдин албан акыл-ою, дүйнө таанымы, максат-мүдөөсү толук чагылып, таалим-тарбиялык маданиятынын улуттук модели таасын иштелип чыккан. Этнопедагогикалык изилдөөлөр элдик тарбиянын баа жеткис мүмкүнчүлүгүн жана ички күч-кубатын улам айкын далилдөөдө.

III. Элдин адеп маданиятын жайылтуу акын-ырчылар, уста-уздар, саяпкер-мүнүшкөрлөр сыяктуу өнөр адамдарынын энчисине тийген. Алар өз өнөрү аркылуу «Устадан шакирт өтөт» адептик эрежеси боюнча өзүнөн мыкты шакирт даярдоого умтулушкан. Адамдын коомдогу орду анын жекече чеберчилиги менен ченелген («Өнөрлүү – өлбөйт», «Чымчыкты сойсо да, касап сойсун»). Адептик дөөлөттөрдү кеңири жайылтууда элдик жыйындардын, той-топурлардын, турмуштук ар түрдүү жөрөлгөлөрдүн ролу өтө зор болгон.

  1. Адептик дөөлөттөрдү сактоо – элдик маданияттагы маанилүү талаптардын бири. Эл өзүнүн адептик көз карашын таш бетинде да (Орхон-Энесай жазмалары), жер, суу аттарында да, адам ысымдарында да, көркөм сөз берметтеринде да, көөнөрбөс каада-салт, ырасым-жөрөлгөлөрдө да сактап келген. Алардын жердиги бузулбай, таза сакталышына жалпы элдик көзөмөл, камкордук күчтүү болуп, мезгилге ылайык өнүктүрүп, жаңылап, башкача айтканда, жөнгө салып турууга мүмкүндүк түзүлгөн.

Ошондон улам алардын адепки кайталангыс жалпы адамзаттык терең маңызы жана улуттук бөтөнчөлүгү көөнөрбөй, бүгүнкү күнгө чейин сакталып келе жатат.

Айтылгандар элибиздин адеп маданиятынын тарыхы канчалык бай, табияты канчалык көп кырдуу экендигин таасын тастыктап турат. Андыктан, элдин адеп маданиятын жаратуу, өздөштүрүү, жайылтуу жана сактоо жагын толук камтыган комплекстүү Улуттук программа иштеп чыгуу – күн тартибинде күйүп турган маселе!

Ал эми төмөндөгү төрт көйгөй анын ар бир багытынын көч башында турган иштерге кирет:

– Адамдын аты-жөнүн айтуу, жазуунун улуттук бирдиктүү үлгүсүн иштеп чыгуу (жаратуу);

– Таалим-тарбия ишин этнопедагогикалык негизде уюштуруу жана алып баруу (өздөштүрүү);

– Элдин адеп маданиятынын антологиясын түзүү (жайылтуу);

– Элдик педагогиканын улуттук музейин ачуу (сактоо)…