ИПТАРУУЛУ Сабыр: САБЫР ИПТАРУУЛУ: КЫРГЫЗДЫН БУЛАГЫ – БИЛИМ, ЧЫРАГЫ – ИЛИМ

Илим-билим – таанып-билүүнүн тамырлаш эки салаасы. Бири жаңы маалыматты жаратуу ыкмасын билдирсе, экинчиси ошол маалыматтын натыйжасын туюнтат.

Адатта бул түшүнүктөрдү араб тилинен кирген сөздөр катары кабылдап келебиз. Акыйкатта алар эне тилибиздеги «бил», «ил» деген этиш сөздөрдөн -ым мүчөсү аркылуу жасалган эле зат атооч сөздөр: ал+ым, сал+ым ж. б. сыяктуу. Кыргыз тили улама (агглютинативдүү) тил катары уңгуга мүчө уланып, жаңы сөздөр жасалуучу касиетке ээ. Мисалы, «бил» деген уңгу сөздөн жасалган түшүнүктөрдүн баарына аң (акыл) күчү (когнитивдүүлүк), ал эми «ил» деген сөздөн жасалгандардын баарына сезим күчү (креативдүүлүк) мүнөздүү. Булардын биримдигинен адамдын жаңы сапаты – аң-сезим жаралат.

Таанып-билүү табиятынын мындай ачакей амалын элибиз эзелтен эле баамдап билген. «Билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миңди жыгат», «Акыл – тозбогон тон, билим – түгөнбөгөн кен», «Илим – ийне менен кудук казгандай», «Илим албай мактанба, өнөрлүү болбой баптанба» деп алардын ар биринин табиятын таасын аныктаган. Бул «Манастагы» Алмамбеттин образында айкын ачылган. Ал – илимдүү инсан. Ажыдаардан билим алабыз деп окууга кирген токсон баланын тогузу эле араң бүтүп чыгат. Алар табияттын тилин билип чыгышат.

Асыресе, азыр деле илим-билимдин баркы басаңдап кеткен жок. Анын пайдубалын түптөгөн мектепте көбүнчө билим эле берилип, илимдин алдыңкы кыйырынан балдарыбыз алыс калып жаткандыгы өкүнүчтүү. Алардын колунда билимин аныктаган кагазы болгон менен ал анчалык чындыкка шайкеш келбейт. Көбү чала сабат деңгээлинде эле калып жатат. Чынында адам көп нерсени билет, бирок билгенинин ичинен анын төркүнүн, бөтөнчөлүгүн, ички байланыштарын илип алганы чанда. Көбү «эмне үчүн» деген суроого жооп издебейт. Азыр адамзат чогулткан акыл байлыгы менен алеки саатта эле таанышса болот. Бирок чыныгы билим билгенинин ичинен түшүнгөнүнүн деңгээли менен ченелиш керек.

Китеби көп өлкө билимдүү, кандидиты көп өлкө илимдүү деп эсептеген учурлар да болгон. Анын залдары азыр деле кете элек. Мектептин санын арбыттык, мынча китеп чыгардык, компьютердин санын көбөйттүк деп көбүртүп отчёт бергендер азыр да толтура. Ошондойлордун айынан балдарыбыздын билим жана түшүнүк деңгээлинин ортосунда асман-жердей айрыма бар экендигин жакында жарыя болгон ПИЗА сынагынын натыйжалары айкындады.

Бүгүн мектепке билим эле эмес, илим да керек болуп турат. Себеби, билим эмгекти, илим өнөрдү талап кылат. Алган билимди колдоно билүү, анын сырларын ача билүү өтө маанилүү. Баланы бир нерсени билип алууга эмес, илип алууга үйрөтүү керек. Эгер бала илип алса кызыгат, кызыкса түшүнөт, түшүнсө унутпайт, колдонот. Ал эми жөн гана билип алса – унутат. Демек, чыныгы билим баары унутулгандан кийин да эсте калган билим. Жөн гана «билем, билем» дей берген адамдар тамсилдерде да мыскылданат. Кеп билүүдө эмес, түшүнүүдө. Түшүнүү маалыматтын акыл-эске түшүп, конуп калышын билдирет. Адатта, илип алгандар жаратуучулар, билип алгандар жайылтуучулар болушат. Демек, бүгүн улуттук билим берүү тармагынын алдында турган эң маанилүү проблема – окутуунун эне тилинин табиятына, бөтөнчөлүнө негизденген, билип алууга эмес, илип алууга багытталган уңгулуу, угуттуу усулун таап, иштеп чыгып, аны колдонууга киргизүүдө турат. Мында этнопедагогика, этнолингвистика, этномаданият таануу илимдеринин табылгаларын өрүштүү пайдалануу зарыл.

Илим жөнүнө келсек, аны ойлоонун, коомдун жана жаратылыштын жапан (объективдүү) мыйзамдарын ачып, аларды амалга киргизүүнү максат кылган ишмердик чөйрөсү деп билсек болот. Адатта, аны өзөк (фундаменталдык) жана жандооч (прикладдык) илимдер деп бөлүштүрүшөт. Тилекке каршы, бүгүн бизде анын анысы да, мунусу да анча өрүш ала албай жатат. Анын жүйөлүү себептери да бар. Бирок жогорудагыдай илим-билимдин кадырын билген элдин кулундары аны кол жоолукка айландырып, бир китеп жазбай кандидат, бир шакирт даярдабай доктор, бир ачылыш жасабай академик болгондор канча.

Баарыдан да, илимди улуттук (академия), тармактык (министрлик) деп бөлүп таштаганыбыз аз келгенсип, ага кетип жаткан чыгымдардын кайтарымын, илимий изилдөөлөрдүн майнабын, жаңылыгын, тематикасын, проблематикасын, динамикасын, бир сөз менен айтканда, арымы менен алкагын тескеп, координациялап, илим адамдарына шарт түзүп, илимдин өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын салмактап турган бирдиктүү Илим-билим концепциясынын түзүлбөй келе жатканы өкүнүчтүү.

Мисалы, адамды ар тараптан өнүктүрүүнүн амалын иликтеген педагогика илими бүгүн «улуттук» илимдердин курамына кирбейт. УИАда иштегендерге «улуттук» болгону үчүн айлыгына 50% кошумча төлөнөт. Ал эми педагог-илимпоздорубуз болсо жаңы муундун (баланын) табиятын изилдебей туруп эле жаңы муундагы окуу китептерин түзүүгө маш. Мектепке кирер алдында медико-психологиялык кызмат аркылуу адегенде баланын байманасын, бөтөнчө касиетин айкындоо керек. Андан соң ошол касиетти өркүндөтүп өстүрүүчү керектүү, ылайыктуу маалыматты берүү зарыл. Маселе балага кандайдыр бир кызыктуу маалыматты берүүдө эмес, анын кандайдыр бир кызыктуу касиетин ачууда турат.

Адамдын билгенинен билелеги көп. Ошону түшүнгөндөр чанда гана. Сократ айткан экен: «Мен өтө аз билгенимди түшүнгөндүгүм үчүн, башкалардан эстүүмүн». Билим – мухит, илим анын мүрөгү. Адам дайыма ага чаңкайт. Андыктан, андан кана жутууга умтулуу керек. Илим-билим адам бар жерде гана асылдыкка ээ. Ага болгон элдин, мамлекеттин маанайы илимпоздорго, болгондо да анын бийик сересине көтөрүлгөн Илим Дыйкандарына болгон мамиле менен өлчөнөт. Кыргызстан керемет жердин гана эмес, даанышман адамдардын да мекени. Биз дүйнөнү таанып-билүү менен эле чектелбестен, өзүбүздү да дүйнөгө таанытышыбыз керек.

Айталы, фармацевт Алтымышевге, микрохирург Миррахимовго, офтальмолог Исманкуловго, нарколог Назаралиевге, философ Салиевге, агроном Акималиевге… ойдогудай шарт түзүп берсек, алардан акыл, билим алып, өнөр үйрөнөм деп келгендер эле казынабызды кабелтең толтуруп коймок. Адамдар Ала-Тоого чыгып, Ысык-Көлгө түшүү үчүн гана келбестен, Кыргыз дүйнөсүн билүү, анын сырларын илүү үчүн да келиши керек…