КӨКҮЛОВ Калчоро: Турмуш күүлөрү

Калчоро КӨКҮЛОВ

Эссе

Абдыразак  деген бир  тууган  агам  аябай момун киши болчу. Көзү өткөнүнө кыйла  жыл  болду. Дагы  бир  агаларыбыз айыл  кеңешине башчы  болуп, Абдыразак акеми  мекемесине  кароолчу  кылып алды. Болор-болбос  маянасы  бар.

Бир  күнү  барып  калсам, ошол  мекеменин тегерегиндеги чөптөрдү оруп  атыптыр. Тим  эле  устара  менен  кыргандай… Карап  олтуруп, зеригип кеттим. Акыры  чыдабай: “Келиңиз, чалгы менен экөөлөп  шыпырып  салалы, – кайран киши: –”Кой, уят  эмеспи. Нан таап жеп аткан  жердин ишин астейдил жасабаса болобу… – деп атпайбы.

“Алда байкуш момунум ай-йе! Кээси нан түгүл чучук-картасын кошо сугунган жеринде өз ишине сиздей астейдил болгондо, – капкачан Коммунизм орнобойт беле!” дедим ичимден.

 

* * *

Телекранда орустар тарткан “Отец” деген кино болуп аткан. Баарыбыз көрүп олтурабыз. Атамекендик согушта үйүнө кайрылып келген жоокердин турмушу тууралуу экен. Сөздүн кыскасы, эки балалуу жоокер үйүнө кайтып келип, аялы менен таарыныша кетип, үйбүлөсүн таштап чыгып баратат. Муну сезип калган кичинекей уул-кызы поездин артынан күйүгүп чуркап, атасын кетирбештин амалын кылышат. Аларды терезеден көргөн атасы жүрүп бараткан поезден секирип түшүп, балдарына чуркайт. Кинодо ушул көрүнүш мыкты сүрөттөлгөн экен…

Аңгыча эле биз менен олтурган үч жашар неберем буулугуп ыйлап ийсе болобу.

Атасын сагынып жүрүптүр көрсө. Күтүп жүрүптүр. Кызым экөөнүн оту күйүшпөй ажырашып кеткенине кыйла болгон. Кенедей наристенин көкүрөгүндө болсо сагыныч аралаш өкүт жүргөнүн ошондо билип, зээним кейиди…

* * *

Чыт курсак бала  чагыбызда Костя деген  орус чалдын  апорт  алмасына  ууруга  барчубуз. Караңгы киргенде эле кашаасынан  ашып  түшүп, бышып-быша  элек алмаларды  коюнга солоп  чыгабыз. Эшигинин алдында байланган ити  деле  бар. Анысы  биз  барганда жаагы  тынбай үрөт десең. Антсе да  байлоодогу  макулук  менен эсептешкен  киши жок. Аялы  экөө  эле  жашашат. Өэдөрү  деле кирип-чыгып  жүрүшкөнүн  туйчубуз. Бирок бир да жолу  бизди  кууган  киши  болбогондуктан  көп  тартынчу  эмеспиз.

Бир  күнү  ошол  Костя өлүп  калды. Ошондон  кийин  биз да  аныкына  барып  алма  уудаганыбызды  токтоттук. Жалгыз калган аялын аясак керек.  Анан  эле айыл паркында адатыбызча оюндун сазайын берип атсак, бир  себетке  толтура  кызыл  алмаларды  көтөрүп алып Дуся эже келди. Көзүнөн  жашы  мончоктойт. Ар  бирибизге  алма  карматып,  башыбыздан  сылап да, ыйлап  да алган балбаалап.

Көрсө, баарын  эле  билишчү  экен. Жөн эле  биздин  балалык  дилибизди  сындырбайлы  деп  тим  коюшчу  тура…

* * *

Коммунистик доордун тартиби бир  шумдук эле. Партиядан уруксатсыз  «жел  сокпой», «суу  акпай»  калчу. Кыргыз  эл  акыны  Түмөнбай  Байзаков Ата-мекендик  согушка катышкан фронтовик экенине карабай, бир бөлмөлүү үйдө  турчу  экен. Борбордук комитеттен эки бөлмөлүү үй  сурай  берип  тили  тешилет.

Бир  күнү борбордук комитеттин бюро мүчөлөрү менен  жазуучулардын  жолугушуусу  болуп калды. Республиканын  тагдырын  чечкен  дөө-шаалар  менен сөз чеберлеринин  жыйыны кыйла  курч  маселелерди кабыргасынан  алып  чыгып  аткан эле. Кезеги  келип  сөз  тийгенде Түмөнбай  ага:

– Айланайындар, өсөрүм калган  жок, өлөрүм  калды. Көзүмдүн  тирүүсүндө  эки  бөлмө  үй  бергилечи, же  эмне өлгөндөн кийин эки  бөлмө  көр  казып  бересиңерби?! – деген эле.

* * *

Балапан түлөк, темир канат  кезибиз. Бизден бир  класс жогору окуган Буласбек  деген  бала боло  турган. Бой-келбети келишкен, алибетүү бала эле. Анан  ошого  жараша  дымагы  да  бар болчу. Анча-мынча  жерден  карөзгөйлөнүп да койот.

Не  демексиң. «Алдуу  менен  алышпа»  дейт эмеспи, унчукпай  жеңилип  берип  кутуласың.

Бир  күнү, эмне  талашканыбыз эсимде  жок, экөбүз  тиреше  түштүк. Ал  адатынча  карөзгөйлүккө  салып, мени төбөлөп турат. Бирок чындык мен  тарапта. Жаным  бир  кашайган экен, эч  нерседен  кайра  тартпай былчылдаштым. Кайдан-жайдан катылып жаткан кайратым мага  кадимкидей дем  берди. Чындап  арыма  келип,  чыркырап  турган  чындыкты  жаныма  медер  кылып, таю  тартпай  жаалдандым. Акыры  жеңиш меники  болду. Буласбектин  боюнан  кайраты качып, акырын  чегине берди. Барып-барып  карап  турган  ошончо  баланын  көзүнчө  жылдызы  жерге түштү.

Азыр  ойлосом, чындыктын  көзүнөн  өткөн  күч  болбойт  экен. Карөзгөйлүк  менен  зөөкүрлүктүн  барып-келип  арты  бош  болот  тура.

* * *

Совет доорунда азыркыдай жайнаган гезит-журнал жок. “Кыргызстан маданияты”, “Ленинчил жаш” гезиттери чыгат. Мындан башка да республикалык маанидеги  эки-үч басылма бар. Баягы эле кыргыздын  трайбалистик оорусу анда деле күчүндө. Бирок тымызын. Өтө тымызын.

Ошол кезде жазуучу Жунай Мавлянов  агабыз “Мугалимдер газетасы” деген басылмада башкы редактор эле. Бир күнү  Жунай аганы республиканын үлкөн жетекчилиги чакыртып алып:

– Үстүңүздөн арыз бар. Сиз кызматка жалаң түштүктүк журналисттерди алат экенсиз. Буга кандай дейсиз? – дейт.

– Туура, – дептир Жунай агабыз. – Калыбай Осмоналиев жалаң чүйлүктөрдү, Исабек Исаков жалаң нарындыктарды кызматка алат экен. Анан оштуктар деле бир жерде иштеши керек да. Ошондуктан мен оштуктарды кызматка алып атам, – деп тайманбай жооп бериптир.

О-о ал кезде БКнын жооптуу кызматкерине мынчалык таамай сөз айтуу көкжал кишинин гана колунан келчү иш эле да. Кайран Жунай агабыз таланты ташыган, турмуштук тажрыйбасы мол, кашкөй киши эле…

* * *

Мамен Арыстанбеков деген аксылык адабиятчы бар. Ар кандай илимий макалаларды окуп, акыл азыгын бапестеген киши. Бирок кашайып, таптакыр кеп жебейт. Өз билгенин эч бербей, ким менен болсо дагы кызыл чеке талаша берет.

Ошол Мамен агабыз бир күнү бир топ адам олтурган жерде:

– Биздин Сары-Челекте дельфин бар, – деп ийиптир. Аны өзүндөй болуп талашып-тартышмайдын акесин окутчу тапан бир жигит сөзүнөн кармап:

– Сары-Челекте кайдагы дельфин? Ал өзү бир чөйчөктөй чакан көл болсо. Билсең, дельфин деген деңиздерде да болбойт. Ал деген мухит жаныбары! – деп жабыша калат.

Анда Макем:

– Ой ошол океандардан учуп келген келгин куштардын канатына дельфиндин икрасы жабышып келип, Сары-Челеке түшүп калыптыр, – деген жүйө табат.

Анда тиги:

– Кайдагы икра?! Кайдагы келгин куш!? Билсең, дельфин деген сүт эмүүчү жаныбар. Ал икра таштабайт. Ал тууйт. Төлү менен көбөйөт, –деп илимий чындыкты маңдайга матайт.

Анда тиги жеңилип калганын моюнга алгысы келбеген Макем:

– Анысын кайдан билейин? “Наука и жизнь” деген журналдан окугам. Мага ишенбесең өзүң окуп ал, – деп адатынча безерлигин кылыптыр.

* * *

Ыраматылык Орозбек Кутманалиев агабыз бир сонун киши эле. Капысынан көчөдөн көрүшүп калсаң, салам берген колуңду силкилдетип, бир жакшы сөз айтып койчу. Анын ошол сөзүнө көңүлүң тазаргандан бир көлкүп аласың. Элди да бул чоң, бул кичине деп бөлчү эмес. Баарына бирдей мамиле кылчу.

Ак үйдүн бир таасирлүү кызматкери ал кишини чакыртып алып:

– Сизге эл артисти наамын берели деп атабыз, – деген такилик таштайт.

Ошондо Орозбек ага:

– Ниетиңерге рахмат. Бирок мына бул Ашыраалы Айталиевдин элге кылган эмгеги меникинен кыйла бараандуу. Жашы да илгери. Анан ал кишиден мурда эл артисти наамын алып алып, “мен эл артисти болдум, Ашыке” деп кантип алдынан чыгам. Менден мурун ушул Ашыкеме бергиле, – деп ыңгайсызданып койгон экен кайран.

* * *

Жыйырмадан эми өткөн балам борбордогу “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнүнөн 7000 сомдук телевизор алыптыр. Ошол ортодо бир нерсеге алагды болушканбы, сатуучу орус жигит акчаны алдым деп, балам төлөдүм деп ойлоп, бирок акча чөнтөктө кала бергенин уулум үйгө келгенде билип, бизге айтканынан:

– Оо, жакшы болгон турбайбы. Башка бир керегиңе жаратып аласың, – дедим тигини кантер экен деп.

Балам чочуп кетти:

– Жок! Алпарып берем! Ал байкуш акчаны албай калганын билип күйүп отургандыр…

Ичимен ыраазы болдум. Жетине албай турдум: балам бирөөнүн акысын олжолоп кеткен шылуун болбой, ак дил, адал ниет болуп эр жетип келатканына.