КУЛТАЕВА Үмүт: ЭКЗИСТЕНЦИОНАЛДЫК САПТАРДА ЖАШАГАН ТУРГУНБАЙ ЭРГЕШОВДУН АКЫНДЫК ТАГДЫРЫНА ОЙ-СЕРЕП

 Тургунбай Эргешовдун 70 жылдыгына карата

(1-макала)

Тагдыр адам менен ойнойт, анткени тагдырдын өзү – оюнчу;
адам менен тагдырдын ортосундагы оюн кумарында ортого
коюлган баа улам жогорулап олтуруп,
эң кымбат нерсе − адам өмүрүнө жетет.

М.Энштейн. 

60-жылдардын аягы, 70-жылдардын башында кыргыз поэзиясында жаш калемгер аталып, кийинчерээк ысмы унутула жаздап, эгемендүүлүктүн желаргысы менен элине кайрылып келген Тургунбай Эргешовдун акындык тагдырынын “каалгасын ачууга” “Кайрылуу” аттуу ыры (залкар акын Сооронбай Жусуевдин айтуусу боюнча ушул ыр анын атын чыгарган экен[1]) ачкыч болуп берчүдөй:

Пенделер, мени бир аз аягыла,
чындыктын  жыпжылаңач жетимимин.
Чыгарып салбагыла бурап-бурап,
турмуштун туткасынын тетигимин.

 …Ыйласа миң үйрүлүп алдейлеген
ойлордун орундуктуу бешигимин.
Пенделер, мени бир аз аягыла,
чындыктын чыркыраган жетимимин…[2]

Ырды окуганда поэзияны кадырлаган ар кандай   окурманда автордун адамдык да, чыгармачылык да тагдырына  болгон кызыгуунун оту ойт берери талашсыз. Акын эмнеге “чыркырады экен”? Анын издеген чындыгы кайсы? Эмне үчүн чындыктын “жетими”? – сыяктуу суроолор кезеги менен тизиле түшөт. Болгону  35 жыл жашап, чыгармачылыгы жетилип келатканда учук оорусунан каза тапкан Тургунбайдын “Сүйүнчү”  чыгармалар жыйнагын карап олтуруп, чырмалышкан ойлор токоюна кезигүүгө болот. Акындын ырларынын баары эле гениалдуу табылга деп айтуу да кыйын, алардын арасында кээде ийине жете ийленбей калган, пенделик майда-барат нерселерге жетеленип, перифериялык карапайым сөздөрдүн туткунунда калган, кээде айтылуучу ойдон өзү чаташып кеткен учурлар деле кездешет. А бирок чыгармаларынын дээрлик көпчүлүгүн бир бүтүндүккө баш коштуруп турган  “мунара” – адам тагдыры менен  турмушуна ой жүгүртүү же өмүр менен өлүмдүн ортосундагы мезгил жана мейкиндикте  чарк айлана жашоонун максат-маңызына жооп издөө бар. Натыйжада акындын ырларында ХХ кылымдын 30-60-жылдарында дүйнөлүк адабий процессте өзүнчө бир тенденция болгон  философиялык агымдын –   экзистенционализмдин  көрүнүшү даана байкалат. Экзистенционализм – латын тилинен которгондо «ex(s)istentia» жашоо, өмүр кечирүү экени белгилүү го. Философиялык бул агымдын  өкүлдөрү М. Хайдеггер, К. Ясперс, Г. Марсель, Н. Бердяев, Л. Шестов, Ж-П.Сартр ж.б. окумуштуулардын пикиринде адам өмүр менен өлүмдүн чек арасына туш болгондо өзүнүн бул дүйнөдө “жалган” жашоонун жалган максаты менен турмуш кечирип жатканына ой-толгогон, жанына тынчтык бербеген санааларга дуушар болот. Адамдын (индивиддин) мындай көңүл жагдайына дуушар болушу өтө олуттуу социалдык, психологиялык, онтологиялык, идеологиялык проблемалар менен  шартталат. Кандайдыр туу туткан идеалынын кыйрашы, максат-тилегинин орундалбай калышы, жакын адамынан ажыроо, айыккыс ооруга чалдыгуу, жалгыздыктын жан кейиткен санаасын баштан өткөрүү сыяктуу көйгөйлөр адамдын жашоодогу көз карашын өзгөртөт да, буга чейинки өмүр кечирүүнүн мазмуну жокко чыгат. Натыйжада адамдын биринчи урунган санаасы – мен  киммин, жашоодо ордум барбы? – деген суроого кептелип, тагдыр жана адам эркинин эркиндигинин ортосундагы карама-каршылык менен жалпылыктын диалектикасына кезигет.

Тургунбайдын акындык тагдырына баа берүүдөн мурда анын адамдык тагдырын аңдоого туура келсе, адегенде ал кадимки катардагы пенде сыяктуу, жар сүйүп, бала күтүүнү бакыт эсептеши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Замандаштарынын эскерүүсүнө караганда[3], Тургунбай боз улан кезде башынан өткөн тун сүйүүсүн түбөлүк сактоого умтулган. Тагдыр “тамашасына” баш ийбей, мектепте чогуу окуп, тун сезимин арнаган Ибадаттын башка бирөө алып качып кеткени менен келише албай, аны барган жеринен кайра ала качып кетип, максатына жете ага үйлөнгөн. Сүйүү темасындагы алгачкы жана жеке Ибадатка арнаган  ырларында Тургунбай абдан курч, өктөм, кайраттуу;  ыр кайрыктарында жаш адамдын жашоого жаркын караган жалындуу деми көзгө урунат:

Мен сени:
төрөлчү күндүн көзү менен карап,
өзүмдүн өмүрүм деп санап,
жаачу кардай таптаза жүрөгүңө
жүрөгүм үмүт тагат…
жылдыздын тамчысындай карегиңе,
карегимдин нуру тамат…

…Менин сүйүүм – төгүлчү нөшөр,
сен чыгуучу көктөмдөй төшөл?!
Өзүңсүз өңгөгө бөгөлбөгөн,
Менин сүйүүм дайрадай өжөр…

Карылыкка чейин колуңду кармап,
сен менин жүрөгүмдө ырдап,
ырыбызды аалам тыңшап,
жылдыздар алышсын жаттап.

…Кылайып жаздагы үлбүрөк гүлдөй,
сүйүүбүз ийрилип уяң жүндөй,
жашоонун бышыгына тоё билип,
максатыбыз – адамча өмүр сүрмөй[4].

Тексттен ачык көрүнүп тургандай, акын бул дүйнөдө жашоонун маңызын адегенде сүйүүдө деп туюп-сезип жатат. Адамча өмүр сүрүүнүн максаты да сүйгөн адамы менен түбөлүккө кол кармашып жашоо кечирмей. Тагдыр маселесине келгенде “…экзистенциализмдин онтологиялык жашырын сыры адамдын руханий баалуулуктары эсептелген: ишеним, үмүт, сүйүү аркылуу аныкталат”[5]. Акындын “Сүйүү”, “Айтып койчу”, “От” аталган ырларында сүйүүнүн албуут күчүнө болгон, сүйүүгө болгон ишеними толкуп-ташып турат. Ошондуктан да реалдуу турмушунда түгөйүн өзү окуган филология факультетинен жогорку билимдүү болушуна себепкер болуп, өзү айткандай, тун сүйүүнүн “мөмөсүн татып” экөө Кызгалдак аттуу кыздуу, Машайык аттуу уулдуу болушкан. Тургунбай чын сүйүүгө берилген, анын улуу сезим экенине башын ийген; адамдык алгачкы бактысы да, кайгысы да, кубаныч-азабы да сүйүү сезиминен тамырлап, бул жашоодо өмүр кечирүүнүн негизин алгач сүйүүдөн издеп, аны тапканына, ага жеткенине кубанган.

Мына бакыт! Түбөлүккө өлбөймүн,
уул-кызым денемдин үзүндүсү.
О,жыргал ой! Өмүр бою көктөймүн,
сүйгөн жарым жүрөктүн нак күзгүсү.
Астигерде[6] кайгы-муңга чөкпөймүн,
жыргатып турмушумдун ынак күүсү.

Т.Эргешов “Турмушун – таразачы” аттуу жогорудагы ырында эч нерседен капарсыз “тили чыга элек баласын жалдыратып, анын апасына кайгынын жүгүн артып” ысык турмушун бузгандарга наалат айтып, андайлардын турмушун  “эне-бала салмагы” оодарып саларын башкаларга эскертип жазган экен ( мындай тагдыр өз башына келерин кайдан билсин, тагдырыңдын табышмагы ошондо эмеспи). Анткени бул мезгилде анын түшүнүгү, турмуш тажрыйбасы чектелүү эле. Жаш адам жаңы эле турмуштун бактысына ушинтип чалкый баштаганда, тагдыр аны “оюнга” чакырып калбасбы.  Көрсө, турмуш дегениң жаш акындын жигит курагындагы түшүнүгүнөн алда канча татаал, терең, мыкаачы, карөзгөй, өзгөрүлмөлүү, табышмактуу − кыскасы көп сырдуу экен. Акындын жашоо максатын уялаган руханий баалуулуктары көп өтпөй талкаланып, Ибадат менен ажырашуу окуясын Тургунбай бул  тагдырдын  биринчи соккусу жана улуу сезим жөнүндөгү идеалынын кыйрашы катары кабыл алган. Жаш акындын турмушундагы бул окуя жөн гана өмүр баяндык факты беле же тагдыр беле? Илимий адабияттар бул суроого мындайча жооп берет: “Өмүр баяндын башталышы жана аягы бар, а тагдыр теориялык жактан чексиз, тагыраак айтканда, ал адам өмүрүнөн узак жашайт, өмүр баянга караганда көп өлчөмдүү”.[7] Демек, Тургунбайдын өмүр баянындагы бул  окуя (ажырашуу) бүтүндөй жашоого болгон көз карашын аңтар-теңтер ала салдырып, ага чейин “күн болуп тийип”, “шам болуп күйүп”, “нур болуп күлүп” турган сүйүү саптарынын ордун кусалуу жана олуттуу ойлор ээлей баштайт:

Мингени өлүп, жүк көтөргөн жөө өңдүү,
мага бакты баарыңардан кеч келген.
Мага болгон сулуу сүйүү соолуган,
балапанды көзгө аткансып карт мерген.

Сооп үчүн сооротуп кой, сонунум,
“Ыйлап бар”, − деп ырларымды жөнөттүм.
Ошону үчүн ортосуна жүгүнүп,
Жата калып сага жетчү жолду өптүм[8].

Тургунбай “өөп жаткан жол”дал ушул жол жашоо мейкиндигиндеги өмүр баян менен тагдырдын ортосундагы табышмактуу көпүрө эле. Анткени өмүр баяндагы ушул окуя анын буга чейинки жашоо максатын жокко чыгарып, тагдыр Тургунбайдан турмуштун маңызына жаңы көз карашты талап кылып, аны бир чети сынап, бир чети шылдыңдап турду. Акын экзистенционалдык көйгөйдү баштан кечирип, ага чейин жашоо максатынын негизин түзгөн экзистенционализмдин оң маанидеги сүйүү, ишеним, тилек-максат феномендеринин ордуна жалгыздык, өлүм, көңүл калуу жөнүндө ойго батып, тагдырдын табышмагын табуу жолуна түшөт.
Тагдыр деген эмне? Ал жазмышпы, болмушпу? Адам тагдырга баш ийип жашайбы же тагдырды өзү жасайбы? Алмустактан бери адамзатты ойго салып келген бул суроого бир жактуу жооп берүү кыйын оов! Ушул суроого келгенде Тургунбай акын өз тагдырын күкүккө салыштырганы даана байкалат; жыйнактан “Күкүк – мен…”, “Кайран күкүк, кайран мен…”, “Мен”, “Сен болдуң менин күкүгүм” аттуу ырларынын тексти аркылуу акындын адамдык тагдырынын айрым элестери көзгө урунат:

Мен бөлмөдө жалгыз жатам ыр жаздап,
сыртка болсо чымчык келди жаз баштап.
Кайра айыкпас каңырыгым түтөтүп,
кайран  күкүк, кыйкырасың кан какшап.

Күкүк, сенин жүрөгүңдө кандай так,
кандай болот кайыл болуп алмашсак?
Таң атканча ал сайраса, мен ыйлап,
Сенден ашык азаптанат бир сүтак.

Ал “сүтак” дейт, “күкүк” дейсиң сен улам,
а мен болсо, сүйгөнүм деп кайгырам.
Адам деген атым эле болбосо,
Экөөңөрдөн кайсы менин айырмам?![9]

Адатта, күкүк  эки тагдырдын: бири – түгөйүн жоготуп, аны зар какшап издеген кусалыктын, экинчиси өзү уя салбай, жумурткасын башка канаттуунун уясына таштап жашоо кечирүүнүн ээси гана эмес символу эсептелет. Акындын ыр саптарына саякат жасаган окурманга анын күкүккө таандык эки тагдырга тең дуушар болгону ачык көрүнөт.

Адегенде күкүккө таандык биринчи тагдырды – түгөйүнөн ажыроо, аны сагынуу, күтүү, издөө көңүл жагдайларын карап көрөлү.

Ансыз деле сенин мүрзөң өңдөнүп,
толтосунан күкүк-сүтак үн берип,
менин кайгым басылбаган бал болуп,
өмүр бою кала бердим термелип[10]

Акындын  күкүк тагдырга кезигиши сыртынан караганда окурманга билинип-билинбеген, көрүнүп-көрүнбөгөн башка социалдык, психологиялык, идеологиялык факторлор менен шартталганын да байкоо кыйын эмес. Университетте окуп жүргөндө 70-жылдары күчүндө  турган идеология боюнча  өз дарегине айтылган “орус тилин билбейсиң” деген шылдың сөздү, аскердик даярдыктан сабак берген окутуучунун зөөкүр-залим мамилесин, айрым  окутуучулардын  ашыкча майдачыл педантттыгын  табиятынан курч, боорукер, ачык мүнөз жаралган Тургунбай алдыга койгон асыл максатын ташка чапкан  басмырлоо катары кабыл алган. Анын окуудан чыгарда жазган “Курсташтарым” аттуу ыры айтылган ойду тастыктап турат:

Курсташтарым!
Болобузбу 103 бийик жаңырык,
Болобузбу 103 башка жаңы ык,
түтүнү жок түпкүрлөрдөн табылып.
А болбосо,
калабызбы актай бойдон жабылып?!

Тулпарымдын такалатып төрт бутун,
 жөнөөрүмдө сурап келем ак бата.
чындык, чындык, чындык жана чындыктан,
 кечиргиле, кетирдим бейм көп ката.

Бир билгенин кайталап,
билбейсиң деп жалаа жаап,
 кээ бир, кээ бир окутуучум кара жаак,
менин аппак идеамды булгашып,
жүрөгүмө калтырышты
кайра айыкпас кара так

Жашаганча жалганчылык чөйрөдө,
 өзүң эле баскан жакшы өйдө-өйдө.
Ишенемин чындыктардын барына,
бийик өсүп берилеген дүйнөдө…

Курсташтарым!
Эми силер жүз эки,
 бизди күтөт гүлдөр өскөн күн жээги.
Тагдыр берген жолум менен кеттим мен.
Керек болсо, мен дүйнөнүн,
дүйнө менин жүрөгүмдө тегирмен.

“Курсташтарымда” жаш акындын курч мүнөзү али мокой элек, албуут кыялы али күчүндө, алдыга койгон максаты айкын. Ал жаңылчылдыкты, прогрессти сүйгөн, чындыкты туу тутуп, трафаретти жек көргөн. Бирок, чөйрө, мезгил идеологиясы анын жалындуу жан-дүйнөсүнө төп келе бербегендиктен,  инсандын бул жашоодо умтулган идеалы менен реалдуулук айыгышкан күрөшкө чыгып аны “ичип” алууга  улам көндүрүп олтурат. Ушул айыбы үчүн басмадан чыгууга тийиш болгон  жыйнагы пландан алынып, окуусун бүтпөй, сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, анын баары чогулуп келип, үй-бүлөнүн бузулушун шарттаган. Ошондо да алгач жашоонун маңызы эсептеген тун сүйүүнү акын унута алган эмес:

О, тун сүйүүм, тумчуккан,
көздөрүңдү көрсөтүп кой, күн чыккан,
жүрөгүңдү тыңшатып кой, күү чыккан.
Ыйлап коюп келе жаткан кезимде,
Кусалыктын сели жүрүп сезимде,
бир сен үчүн болуп алдым кызуу кан.[11]

Тургунбай түгөйүн издеген күкүктүн тагдырын баштап кечирип жатып, анын адамдык тагдыры акындык тагдырга акырындап каалга ача баштайт да, сүйүү, жашоо, турмуш жөнүндөгү  ойлору улам тереңдеп, өмүр сүрүү максаты өзгөрүп, өлбөстүккө умтулууга үндөй баштайт.

чыңырып чокту баскан наристедей,
чымырайт сезимдерим чыдай албай.
Сүйүүмдүн формуласы өзүң болуп,
кыйналдым сени туура чыгара албай.

Эстелик боло бербейт күндүн баары,
кыздарга кызылдарын иргеп берем.
Сен үчүн сыздап жүрүп ыр жаратып,
өзүмдү тереңдиктен издеп келем.[12]

Т.Эргешовдун күкүктүн биринчи тагдырын баштан кечириши, анын экинчи тагдырына туш кылууга тийиш экени да турмуштун боло келчү мыйзамы эле. Биринчи баш кошкон жубайы менен балдарынын кошо кетиши акынды чексиз убайга салган; өзүн “күкүк ата” сезип, көңүлдүн түпсүз санаасынын адам көтөрө алгыс салмагын сезген:

Абага сиңип кетип какшаганым,
Акыры так каттым деп, ташка коном.
Оо, кана.. жылуу жытын жыттаганым,
оо, кантип өз балама башка болом?!

Дегеле акын үй-бүлөнү жогору баалаган. Анын ата-энесине, айрыкча атасына  арнаган  ырларында кыргыз поэзиясында сейрек кездешүүчү жаркын, боорукер, кайрымдуу ой-корутундулар кездешет. “Жарык дүйнө, атамсың”, “Мен  атамдын жүрөгүндө өлөмүн”, “Атам жөнүндө балама” ж.б. ырларында тирүүлүктөгү муундар байланышы  жакшы даңазаланат:

Перзенттин пайдасы жок болоор эле,
Аттарды жана атамды жоктошпосо.
Кош колдоп ыргыткыла перзентимди,
өзүмө эки көзү окшошпосо.

Акындын ырларында өзгөчө көркөм жалпылоого алынган дал ушул перзент темасы акындык тагдыр менен жуурулуша келип, окурмандын сезимин ойго салат. “Кызыма”, “Кызгалдагым”, “Балама”, “Уулум Машайыкка кат”, “Уулум, сен ушул сөздү унутпагын” ырларында акындын адамдык тагдыры чагылып, перзентке болгон кусалык акынды өмүр мейкиндигинде  бир чекитке – канынан жаралган туягына оп тартып турат. Эгер Тургунбай өзүн “күкүк ата” сезип, перзентине болгон кусалыгы жан-дүйнөсүнө батпай, буулуккан сагынычты сезбесе, 30 жаштын ичинде жашап жаткан жаш адам үчүн “сакал сылаган карылыктын”   кереги не!

Алыстан атакелеп сагынбачы,
аппагым, айланаңа агып барам.
Жалдырап жат атага жалынбачы,
сени деп, сакал сылап карып барам.

Сен ошол кызыл нурдан жаралгансың,
атаңдын тамырынан ырлар агат.
Бакырып паровоздой атыңды атап,
туу кылып бар өмүрүн ыргап барат

Албетте, Т.Эргешов “күкүк” тагдыры жана турмушундагы экзистенционалдык кризис, жалаң сентименталдык, кайгы-кусалуу, кээде пессимисттик ырлары менен тагдырлуу акын боло албасы талашсыз. А бирок ал ушул кризисттен татыктуу чыгып, өлбөстүккө умтулган ырлары тууралуу кийинки макалада сөз болсун.

(Уландысы бар)

Ү.Б. Култаева – филология илимдеринин доктору.

[1] Жусуев С. Сөз кудрети: Макалалар, эскерүүлөр. – Б. “Бийиктик”, 2006.

[2] Эргешов Т. Кайрылуу /Сүйүнчү:Ырлар, поэмалар (мындан ары шилтеме ушул басылмага берилет). Түз. Б.Абдыразаков. – Бийиктик, 2013. — 53-б.

[3] Караңыз: жыйнактын төртүнчү бөлүмү, 435-436-бб.

[4] Сен жөнүндө ак үмүт, жыйнактын 94-б.

[5] Марсель Г. Онтологическое таинство и конкретное приближение к нему // Марсель Г. Трагическая мудрость философии: избр.работы. М.: Изд-во гуманит. лит-ры, 1995.

[6] Астигерде – диалект сөз, эч качан маанисинде

[7] Докторов Б.З. Реклама и опросы общественного мнения в США. История зарождения. Судьбы творцов. М.: ЦСП, 2008. С.48.

[8] Бара жатам өрттөнүп, жыйнактын 142-б.

[9] Кайран күкүк, кайран мен…, жыйнактын 41-42-бб.

[10] Менин сүйүүм, жыйнактын 188-б.

[11] О, тун сүйүү, жыйнактын 80-б.

[12] Издеп келем, жыйнактын 83-б.