МАВЛЯНОВ Жунай: ЖУНАЙ МАВЛЯНОВ: ЖЕК КӨРӨМ

АҢГЕМЕ

Ата-энеден жалгызмын. Шаарда туулуп, шаарда өстүм. Атам мен төрткө чыкканда, өз оорусунан каза болот. Ошентип, энем жыйырма сегиз жашында жесир калыптыр. Аялдын ошол жашта отуруп калганы сейрек учурарын чоңойгондо билип жүрбөймүнбү. Эри өлсө, зайыбы башка эрге тийгени, тескерисинче, аялы өлсө эри башкага үйлөнгөнү эзелтеден бери келаткан турмуш салты, тагдырдын буйругу экен го. Эмне үчүн менин энем күлгүндөй жаш курагын, атайылап суу куйбаган дарактай мезгилсиз соолутуп алганына алиге түшүнбөйм. Аны аяйм.

Кээде ачык эле: «Туура эмес кылгансыз, апа, атамын арбагын сыйлап, эки-үч жыл отургандан кийин бирөөгө башпаанөк кылышыңыз керек эле. Мен үчүн дейсиз. Эмне, өгөй ата менен, өгөй эненин колунда чоңойгон бала азбы турмушта? Көп. Ошонун бири болуп өсмөкмүн. Өгөйлөрдүн деле кээде өздөй боорукерлери, мээримдүүлөрү кезигет экен го. Балким сиз менен менин бактыма ошондойлорунан туш келип калар беле. Мен чоңойдум, эртели-кеч бирөө менен баш кошуп кетишим ыктымал. Анда кантесиз? Сиз күткөндөй күч күйөө болуп, биздин үйүбүзгө кирип келчү жигит табылса го жакшы. Табылбасачы? Андайды намыс көрчүлөр алиге бар да. Иши кылып бир күнү жалгыз каласыз деп корком» дечүмүн.

Мен деп үйдө аялдын, сыртта эркектин ишин аткаргандыктан тез картайып, тез мөгдөгөн апамын андан аркы тагдырын ойлоно баштаган кезимде, өзүмдүн турмушумда күтпөгөн окуя келип чыкпадыбы. Кыз-келиндер институтунун үчүнчү курсунда окуп калган кезим. Албетте, бул куракта келечек, үй-бүлө, турмуш жөнүндө өзүңчө ойлонуп, өзүңчө түйшүктөнө баштайт экенсиң. Кандайдыр бир олуттуу окуя күн өткөн сайын сени көздөй кадамын тездетип келаткандай, сени сынаш үчүн, сени жакындан көрүп, жакындан тааныш үчүн келаткандай эсиңе түшсө, апкаарып-апкаарып алат экенсиң. Мен апам эскертип жүргөндөй аны менен кездешүүгө, «күйөө күтөр күн» менен кездешүүгө такыр шашылганым жок. «Институтту бүтөйүн адегенде. Анан калганын көрө жатармын» – дечүмүн жанагыдай ойлор күтпөгөн жерден көтөрүлгөн куюндай тулку-боюмду чулгап келгенде.

Апам эс тартканымдан бери бир жолу гана сөз арасында: «Үстүбүзгө кирип келчү жигит туш болсо экен, эки балалуу эне аталып отуруп калсам», – деп тамаша-чындан көңүл тереңине камап келаткан пикирин тышка чыгарып жиберген, анчадан бери анысын кайталаган жок. Ичимен мен деле апамдын тилеги ишке ашышын каалар элем. «Жаттын кийимин кийгизип, ашын ичирбейм», – деп өзү айтып жүргөндөй, жаш өмүрдүн бардык жыргалынан мен үчүн кол үзгөн анын оюндагысы чындыкка айланса дечүмүн. Эми мен апамын камын көрүшүм керек эле да. Анын өткөн өмүрүн кайра бере албасам да, карылыган бактылуу кылгым келчү. «Миң жолку анын энелик мээриминин жок дегенде он жолкусун өзүнө кайтарып бере алар бекенмин», – деп ичимен бушайман тартып, сар-санаага бата жүргөнүм ырас.

Отуз жылдан бери фабрикада иштеп келаткан апамын маянасы да чектелүү. Анын үстүнө шаарда бардыгы сатык. Анан кантип, тамак-аштан өксүтпөй, кийим-кечеден жүдөтпөй эки баш адамды багып келатканына акылым да, эсебим да жетпейт. Же ата менен эненин колунда эл айткандай кут-береке бар бекен? Ошол калетсизби деп калдым. Мен отуз сомдон ашык стипендия алам үч жылдан бери. Биринчи айдын стипендиясына апама арнап алты сомдук баш байлама, төрт сомго бир жибек байпак алып келип бергеним болбосо, андан бери үйгө эч кандай киреше кийире элекмин. Самын, бетмай, тиш жуугуч, упа, атыр. Ушуларга араң жетет алганым. Кээде гана мен алып келген эки билет менен ээрчишип дем алыш күндөрү киного барабыз. Ушул бир пайдам. «Бойго жетип калдың. Өзүңүн керегиңе жумша стипендияңы. Тамагыңы, кийимиңи жер сойлоп калсам да мен табамын», – деп институттан алып келген акчамы апам биринчи жолкусунан тартып албай койгон. Ошентип, мен алиге чейин бул жагынан да апама аралжы боло элегимде, «окууну бүтүп, шаардагы мектептердин бирине орношсом, анан чындап көмөк көрсөтүүгө өтөмүн», – деп өзүмү-өзүм сооротуп жүргөн кезимде азыркы айтайын деген окуям жолдон чыгып, баары-жокко бүлүк салып таштады.

Бизден бир короо нарыда Базаркул, Гүлкан аттуу кишилер жашап, алардын менден эки жашка улуу Өмүркул деген баласы боло турган. Алар менин атам-энем менен көңүлү башынан жакын эле. Катташып турушчу. Майрам сайын апам экөөбүз алардыкына чакырылчубуз. Атам раматылыктын адамдык жакшы сапаттарын, көп айтышып, нечен ирет апамы ыйлатышкандарына чейин эсимде. Эс тартканымда, апамын көзүндөгү жашты көрүп, ыйлагым келип, тышка чыгып кетчүмүн. Албетте, алар бизди атайылап ыйлатыш үчүн ошентишпесе керек. Анын артында калган жесири менен жалгыз туягына боору ооругандыктары үчүн, сөздөн улам сөз чыгып отуруп, жүрөктүн бир бурчун ар убак ээлеп жүрчү жакшы ойлору өзүнөн-өзү чыгып кетерин кийин байкадым. Ошондуктан, чоңойгондон бери алардын үйүндө болгондо, атам тууралуу эми бирөө оозун жасап келгенде мен колумду көтөрө тыйып калчумун.

Сөз багытын башка нукка салып жиберүүгө аракеттенер элем. Алардын жалгыз кызы, жалгыз ушул уулу бар. Мен кээде тигилердин кызы менен көчөгө бассам, Өмүркул бизди ээрчип алчу. Оюн ким билиптир. Бирок ага карата менде ачык да, купуя да жылуу сезим жок эле. Мен институтка кирген жылы Өмүркул университеттин экинчи курсунан армияга кетти. «Ленинграддан кат келип жатат», – деп ата-энесинен, карындашынан угуп жүрдүм. Жарым жылга жетпей мага да кат келди. «Эсенсиңби, Саламат, – деп башталыптыр каты, андан ары ал-абалды, окуумду сураптыр. – Алыска келгенден кийин силердин баркыңарды түшүнүп атам. Ыраактык тааным кишилердин жүрөгүн ого бетер жакындатып коёт окшойт. Сени карындашым катарында эсептеп, ошондой эле сагынчу болдум», – деп андан ары өз кызматы, Ленин шаары жөнүндө билдирген. Бул каттан шек санай турган эч нерсе байкаганым жок. Жоопсуз калтырсам, адамгерчиликке жатпас деген ой менен мен да жазып койдум. Эки-үч эле сүйлөмдөн турса керек эле аным. А дегенде эске алып кат жазгандыгы үчүн, карындашы катарында эсептегендиги үчүн ыракмат айттым да, февраль айынын башы болгондуктан, келе жаткан майрамы – Советтик Армиянын күнү менен куттуктап, катымын аягына чыктым.

Ошол-ошол болду, ортобузда ары-бери кат жүрүп калды. Анын алгачкы катыңа жооп бергендигим – жеңилдигим, кем акылдагым экенин кийин сезбедимби. А кезде кат аркылуу болсо да бирөөлөр менен сүйлөшкөндү каалап жүргөнүмөн ушул ишке барганым чекилик болгонуна түшүндүм. Ошол чекиликтен бүтүндөй турмушка бүтөлбөс жарака кеткен экен. Өмүркул согуш-деңиз флотунда кызмат кылып жүрүптүр. Үчүнчү жылы ал отпускага келгенде түшкө кирбеген иш болду. Анын урматына ата-энеси той өткөрүшүп, апам экөөбүздү чакырышты. Кантип барбай коёсуң. Дайыма барып жүргөн үй эмеспи. Бардык. Бирок өзүмдү Өмүркулдан оолак кармоого тырыштым. Салкын учурашып, андан алыс отуруп алдым. Атайылап ошенттим. Үстү дүйүм тамакка, мөмө-чөмөгө толуп турган узун столдун ары башынан экинчи башында отурган мага ал алдыртан көп тигилди. Мен ал жакка караганым жок. Суз отурдум.

Ошонум менен, азыр эле тура калып, кетип каларымы билдиргим келди. Дем алыш учурунда тааныш аялдардын тобунан алыстабай койдум. Ошого да карабастан, ал мага жакын келип, турмуш-жайымы, окууму сурамжылап сөзгө тартууга аракеттенди. Мен анын ар бир суроосуна кыска, жүзүнө тиктебей туруп жооп берип жаттым. Кыскасы, бар турпатым менен аны жактырбаганымы билдирип турдум. Сөз ээрчиткендигим үчүн, муну бир нерсеге үмүттөндүргөндүгүм үчүн өзүмдү жемелейм. Ич жылытарлык эч нерсе жазбаганым менен, кат алып, кат жазып тургандыгымын өзү эле үмүттөндүргөндүк эмеспи. Ал да каттарында батынып ички сырын ачык билдире алган эмес. Мен дале өзү биринчи катында атагандай «карындашы» катарында гана аман-эсен аскердик милдетти өтөп, эл-жерине кайтуусун каалагандыгымды билдирчүмүн. Кайсы сабактар кыйын, кайсылары жеңил, семестрлерде кайсынысынан кандай баа алганымы, шаарда кайсы кинолор жүрүп, театрларда эмнелер коюлуп жатканын, каяктан кайсы артисттер келгенин, алардын кимисин барып, кимисин телевизордон көргөнүбүздү жазчумун.

Башка нерсе оюмда болсо, эмне дейсиңер. Ал эми Өмүркулдун башында тышка чыга албай учур күтүп буккан ой бар экенин катынан да анча-мынча байкаган элем. Өзү менен жүздөшкөндө анысын ачык түшүндүм. Апам экөөбүздү үй ээлери элдин эң артында узатышты. Өмүркул, карындашы, ата-энеси менен кошо чыгышты. Каякка узатып барат? Жүз метрге жетпеген аралык. Апам алардын короосунан чыгары менен токтой калды. Өмүркулдун энеси аны чыканактан ала токтотконун сөзүнөн байкап калдым. «Күмүш, саат эми он эки болду. Эртең ишке барбайсың, дем алыш да. Сен биз менен отура тур мында, жаштар өзүнчө бир аз басып келсин», – деди ал. Мен, эмнегедир селт этип чочудум. «Жок, биз кетебиз. Мен эртең менен эрте китепканага барышым керек, курстук иш жазамын», – деген алдын ала даярданган шылтоом – эге олтуруш дагы уланса, ушуну айтып чыгып кетемин деген шылтоом тил учунда кала берди.

Кыйылып, мүнөткө ордуман жылбай турдум да, анан Өмүрдулдун коомай гана сол колуман алган жетегинде басып кеттим. Гоголь көчөсүндөбүз. Тротуарлар караңгы. Ошону шылтоо кылып, мен эки жүз метр баспай артка тарттым. Өмүркул көңүлсүз бурулду. Тигилердин эшик алдындагы скамейкада отуруп калышкан ата-энелерибизге жакындаша бергенде, Өмүркул кайрадан артка барууга кам урду эле, мен жана акта албай калган шылтоому айтып, түз бастым. «Эртең, кечке бошорсуң, анда бирге киного же театрга кирели», – деди Өмүркул токтой калып, акырын шыбырай.

– Жок, мен бул күндөрү бош эмесмин. Зачеттор башталат жакында. Анан экзамендер. Ага чейин курстук иштер. Кечиресиз.

– Анда ушу бойдон көрүшпөйбүзбү? – деп үнү калтырады.

– Ким билет, – дедим мурунку эле суздугуман жанбай.

– Мындайыңы билгенде отпускага келмек эмесмин.

– Отпускага мен үчүн келдиңби?

– Анан ким үчүн?

– Ата-энең, туулуп-өскөн шаарың үчүн келишиң керек да.

Экөөбүздүн ортобуздагы мындай сөз алмашуу эки-үч мүнөткө созулгансыды. «Апа, жүрүңүз, кеттик, менин эртең ишим бар», – дедим тигилердин жанына барбай бериден эле. Апам менин бул жоругумду жактырбагансыды. «Аскерден келген бала менен бир аз бирге бассаңар боло. Эмненин жумушу дем алышта?» – деди ордунан козголбой. Мен Өмүркулга айткан шылтоомду эми үн чыгара кайталадым. Анан артыма бурулуп, үйдү көздөй бастым. Эгер келбесе деле, өзүм кете берериме көзү жетти окшойт, апам ыңгырана ордунан туруп жөнөдү. Үйгө келгенден кийин деле менин өңүмдөгү суздуктан, тиердеги көрүнүшүмөн боолготуп отурганынын аягына жеткире түшүндү окшойт, апам эч нерсе дебей жатууга кам урду.

Үчүнчү күн дегенде, Өмүркул үйдөн чыга бергенимде жолуман торой тосту да, көздөрүнөн жаш кылгырта, өңүн кубарта туруп муну билдирди:

– Мен эки күндөн кийин кетмек болдум. Мына, билет, – деп көк жакалуу ак көйнөгүнө жарашып турган кара шымынын чөнтөгүнөн поезддин билетин көрсөттү. – Себебин сураба, – деди андан кийин. – Ушинтсем туура болгону турат. Антпесем, биерде жүрө алгыдай эмесмин. Балким, түбөлүккө ошол жакта калып калармын. Силерди экинчи көрбөсмүн. Мунун да себебин сураба. Ошондуктан, сенден акыркы өтүнүчүм, вокзалга узатышып чык. Бала кезден кошуна жашап келаткандыгыбыз үчүн, ата-энелерибиздин достугу үчүн узатып коюшуңу, акыркы жолу узатып коюшуңду суранам,– деп жалдырады.

Боорум ооруп кетти… Узатууга чыгайын деп убада берип жибердим. Мерездик кылбайын деп чечтим. Андан бир нерсем кемип калмак беле? Өмүркул чынын айтып атат, кошуналыгыбыз үчүн деле, бала кезден бири-бирибизди тааныгандыгыбыз үчүн деле тосуп жана узатып коюга милдеттүүмүн да.

…Вокзалды билесиз го, дайыма жүргүнчүлөргө толтура. Бүгүн да ошондой экен. Мен атайылап жыйырма мүнөткө кечигип келдим. «Өзүм барам, силер күтпөгүлө», – дегенмин апама, институтту көздөй жөнөп. Вокзалдын бери жагында сатылчу гүлдөн беш-алты талын бириктире кармап алдым. Өмүркулга беришим керек. Муну деле адамгерчиликтин талабы деп иштедим. Өмүркул эки жагына каранып туруптур. Мени көрүп сүйүнүп кетти окшойт, топтон бери бөлүнүп жөнөдү. Келбейт ко деп ойлосо керек да. Анын ата-энеси, карындашы, менин апам да ушул жерде. Сүйлөшүп алышсын деп бизге шарт түзүшкөнү болсо керек, Өмүркул мени көздөй басканда тигилер арыга кетишти. Өмүркулдун колунда чоң китеп. Сырты ак калың кагаз менен тышталган. «Ушуну сага арнап жүрдүм эле алып койсоң», – деди аянычтуу үн менен.

Мен китепти колума алдым.

– Ачып көрчү, – деди.

Биринчи барагында менин сүрөтүм. Таң калдым. Андан ары дагы бир нече барагын кызыгып ачып көрдүм. Ар бир беттин башталышында чоң тамгалар менен кооздолуп жазылган менин атым. «Бул күндөлүктү төрт жылдан бери жазып келатам. Менин сүйүүмдү кабыл албасаң да, ушуну менин бактысыз сүйүүмүн күбөсү катары алып кал. Эми мен үчүн жашоонун кызыкчылыгы калган жок. Өлөмүн», – деди.

Карасам, көзүнө жаш толуп турат. Коркуп кеттим. Күтпөгөн шойкоңго себепкер болуудан коркуп кеттим. Жүрөгүм оозума капталды. Коңгуроо кагылып, поезд жөнөрүнө сигнал берилди. «Кош!.. Мен ушул поезддин алдына өзүмү таштайм!», – деди Өмүркул мага колун суна берип. Өңү купкуу болуп кетиптир. Мен анын мойнуна кантип асылып калганымы билбейм. «Кой, антпе, мен сени күтөм! Сени сүйөм!» – деп жатыптырмын. Эки аял – менин апам менен анын энеси колумду анын мойнунан бошотуп: «Поезд кетмек болду! Бол, тез!» – деп шаштырып жатышыптыр. «Мен ыраазымын, түбөлүк кулуң болоюн, – деп жиберди Өмүркул маңдайыбызда экөөбүздүн тең энелерибиз турганына карабай. Поезд жөнөдү. Вагон эшигине Өмүркул колун булгалап кетип бара жатты. Аны менен кошо үмүт да кетип жатты… Мына ошентип, ойдо жок убада берилип, тил учуна мурда такыр келбеген «Сүйөм!» деген сөз айтылып кетти.

Касам ичкендей оюм каңылтыктап, башым айланып, көзүм тунарып, эки эненин ортосунда көзүмөн жаш агыза жүрүп кеттим. Өмүркул жетери менен кат жазыптыр. Анын аер-биеринде карамтыл тактар. «Булар менин көз жашымын тактары. Бирок кайгыдан эмес, кубанычтан чыккан көз жашымын тактары. Жолдо катар ыйлап келдим. Байкаган жүргүнчүлөр боору ооруп: «Жакын адамыңыздан айрылгансыз го. Кайрат кылыш керек. Жаш адам андай жашык болчу эмес. Ар кимдин башына келчү иш ал», – деп кайрат айтышканда көзүмдү аарчып, күлөм. Алар түшүнүшпөй аң-таң. Келесоо немеби деп да ойлошту көрүнөт. Кубанычтан киши ыйлайт дегенге ишенчү эмесмин. Эми аны өз башыман кечирдим. Ага себепкер өзүң. Ошондой кубанычты, төбөмү көккө жеткирип, дүйнөдөгү бирден бир бактылуу киши кылган кубанычты тартуулаганың үчүн сага кандай сездөр менен алкыш айтарымы билбейм. Ушул катты вокзалга түшөрүм менен күтүү залында, чемоданымы эки тиземе коюп алып жазып отурам. Көөдөнүм алда кандай шаттыкка толуп-ташып чатырайт. Сенин демиң, сенин «Сүйөмүн!» деген жалгыз сөзүң. «Бойго жеткенден бери сенден күткөн сөзүм ошол эле. Анын баркын, салмагын жалгыз мен гана сезип, мен гана туямын. Периштем, сени менен кайрадан жолугушканча жүрөгүм чыдай алар бекен?» – деген саптар жүрөт анда.

Эмне кылуум керек эле. Жооп жаздым. Кыз башым менен жигиттин мойнуна өзүм асылып, өзүм жалындым го? Мунун баарысы көз ачып-жумгуча иштелди. Көз байлагычтын дубасына кабылгандай мен эмне иштегеними байкабай да, сезбей да калдым. «Бактылуу болгула, кагылайындар», – дешип менин энем менен тигинин энеси, биринен сала бири чачыман сылап, вокзалдан үйгө чейин жетине албай келишти.

«Биздин ойлогонубуздай чыкты, тилегибизди берди кудай», – деп жатышты. Атасы да мурутунан мулуңдай (а киши милиция тарабында иштөөчү) артыбыздан жүрүп отурду. Мен бир да сөз айтууга жараганым жок. Менин сөз катпаганымы алар «толук макулдук» деп түшүнүштү. Апам көрсө мурда эле Өмуркул отпускага келелекте анын ата-энесине: «Кызым каршылык кылбаса эле, мен жаным менен макулмун», – деген экен. Кийин билип жүрбөймүнбү анысын. Кызы болсо, каршылык көрсөтмөк турсун, ок тийген канаттуудай топ этип тигинин алдына түшүп бербедиби.

Ошол күнү менин наар тартпай ыйлап жатып алганымы да апамдар жакшылыкка жорушуптур. «Сүйүп калган жигитинен убактылуу болсо да ажырашуу оңойбу», – деп ойлошуптур. Бир нече күндөн кийин гана апама ал ойлоп жүргөндөн таптакыр башка пикиримди билдирдим. Ал чочуп кетти. Бүткөн бою жыйрыла түшкөнсүдү уккан сөзүнөн. Ичип жаткан чайын коё калып, жаагын таянган калыбында жарым саатча мага тирмиле тиктеген бойдон отуруп калды… «Тамашасыбы, чыныбы?» – деп жатты көрүнөт. – «Он уктасам түшүмө кирбеген иш болду го, апа? Өмүркулду өмүрлүк жар кылуу оюмда түк жок нерсе эле да? Эми кантем?» – дедим.

Көздөрүмүн кычыктарына жаш толуп чыкты.

– Анда мени тирүүлөй өлтүргөн турбайсыңбы, кызым, – деди апам акырында.

– Эмне үчүн өлтүрөм?

– Кийим-кечеге чейин алып келишкенин чемоданга катып койгонмун. Мурунтан эле даярданып жүрүшкөн экен. Өмүркулду узаткандын эртеси эле жеткиришкен аларын. Экөөңүн кантип коштошконуңарды көрүп, мен дагы ичимен кубанып калбадым беле? Кайдагы балакетти чыгарып отурасың?

Эми анын көздөрүнө жаш толо түштү. Эмне себептен антип коштошконуму ага айтууну артыкбаш көрдүм. Мен деп жаштыгынан кечкен апамы аяп кеттим. Ордуман тура келип, көздөрүмүн жашын чуурута, Өмүркулду кандай кучактасам, апамын мойнуна да ошентип асыла кеттим. «Тамаша кылам, апа. Сиз ойлогондой, сиз чечкендей болот баарысы, апа», – деп калп эле күлүмүш болдум.

Акыры ошондой бүттү. Бир жылдан кийин Өмүркул келди. Ошол жылы экөөбүз баш коштук. Биздин үйдө жашап калдык. Ата-энеси мурунтан эле менин апама ошондой убада беришкен экен. Өмүркул өзү айтты мага чечимин. «Биздин үйдөгүлөрдүн менден башка дагы перзенти бар. Экөөбүз сенин энең менен эле туралы», – деди той жөнүндө сөз козголгондо. Бул чечимге мен да, апам да ыраазы болдук. Ошентип, апамын көптөн күткөн тилеги ишке ашып, өзү айткандай уулдуу да болуп алды.

Өмүркул окуусун улантып, үч жылдан кийин аны ийгиликтүү аяктады. Мен андан эки жыл мурда бүтүп, шаардагы мектептердин биринде математикадан сабак бере баштадым. Эмнегедир менин кыз кездеги Өмүркулга карата болгон салкын сезимим бара-бара жылып отуруп, акыры ысып чыкты. Жуурулушуп кеткенсидик. Мамиле жыл өткөн сайын жакшыра бергенсиди, тереңдей бергенсиди. Ата-энелерибиздин да ынтымагы артып жаткансыды.

Өз үйүмдө жашаганыма карабастан, эртели-кеч бош убактыларымы эки үйгө тең бөлүштүрүүгө аракеттенем. Өмүркулдун ата-энесин да кызматым менен ыраазы кылуунун камын көрөм. Өмүркул менин апама сылык мамилеси менен ого бетер жага берди. Эртең менен окуусуна баратып да, келгенден кийин да апама бетин тосуп өптүрөт. Апам байкуштун ансайын жүрөгү элжиреп, айланып-кагылгандан тажабай жүрдү.

Өмүркул бүткөндөн кийин бир жылча университеттин өзүндө мугалим болуп туруп, анан Ленинградга аспирантурага кетти. Баарыбыздын макулдугубуз боюнча кетти. Окуу жайын эң мыкты бүткөн анын келечегине жолтоо болууну эч кимибиз каалабадык. Жөндөмдүү неменин илимий иштен деле ийгиликке жетишерине шек санаганыбыз жок. Ата-энелерибиз келечектеги окумуштуу уулу, ал эми мен эки балам менен (бир уул, бир кыздуу болуп калганбыз а кезде) окумушту папабыз менен ичибизден сыймыктана баштаганбыз. Кандидат… андан төрт-беш жыл өтпөй доктор… демек, профессор. «Профессор Алымовдун аялы, балдары, ата-энелери» деген сөздөр туш-туштан тымызын угула баштаган. «Мен бүтүп алгандан кийин сени окутабыз, Саламатым», – деп мени жондон таптап, мойнума колун артылта берип, көздөрүмөн сыр издегендей тиктеген болочок окумуштуу күйөөмө чын пейлимен берилгеними кебетемен көрсөтүп: «Бир үйдөн бир окумуштуу чыкса жетишет го, Өмүш. Анын үстүнө сендеги жөндөмдүүлүк жок да. Институтту алымча бүттүм», – десем, ага макул эместигин билдирчү.

– Кеп институтту кандай баалар менен бүткөндүктө эмес, аракетте. Жалаң «үч» менен бүткөндөр да бар азыркы окумуштуулардын арасында. Кантип бул даражага жетишип атканын билебиз андайлардын. Ал жагынан кам санаба, Саламатым. Баарысы жайында болот. Өзүм мойнума аламын сенин илимий даражаңа тиешелүү нерсенин баарын.

Өмүркулдун бул айткандарына ынана бербесем да, мен жөнүндө анын кам көргөндүгү үчүн ичимен ыраазы болуп калар элем. Окумуштуу болуу – оюмда жок иш. Анын үстүнө балдарды жан-дилим менен жакшы көрөм. Алар менен аралашуу мага өзүнчө ыракат. Алардан айрыла алгыдай эмесмин. Эми бар өмүрүмү ошолордун арасында өткөрсөм деп жүрөм. Ошондуктан Өмүркулдун ишенимдүү айткан жанагы убадасына анчейин маани деле берчү эмесмин. Ошентип, Өмүркулду экинчи жолу Ленинградга аттандырдык.

Бул жолу окумуштуу болуп кайтууга тийиш, үч жылдан кийин. Анысына эч кандай күмөн санабай узаттык. Кат келип турду. А дегенде айлап, кийинчерээк эки-үч айда бир жолу кат жаза турган болду. Улам кийинки жылдары андан кабар сейректей берди. «Диссертациям жакындап калды, кат жазууга да чолом тийбей жатат», – деп экинчи жылы үч-төрт жолу гана телефон чалды. Анысынан шек санаганыбыз жок. «Каттын эмне кереги бар, ушинтип кээде аман-эсендигиңи билдирип, телефондон сүйлөшүп койсоң деле жетишет. Алагды боло бербе. Ишиңди аткар», – дегенден бөлөк сөз айтпадык.

Үчүнчү жылы такыр эле кабарсыз кетти. Бир айча биякка командировкага келген экен, ошол кеткен бойдон дайынсыз жоголду. «Баланча күнү коргоймун, келгиниң», – деген телеграмманы күтүп жүргөнүмдө, андан мындай мазмундагы кат келди. «Саламат, мени кечир. Мен сен үчүн өлгөн кишимин. Бутум башка аялдын төшөгүн басты. Эмне үчүн ушуга барганымы билбейм. Анын азыр боюнда бар. Эгер бу жакка жазчу болсоң, аспирантурадан да айдап жиберет. Ага барсаң деле таарынбайм. Антүүгө сенин толук акың бар. Эми ал шаар мен үчүн арам болду. Экинчи аны аралабайм. Андан көрө Невага боюмду таштап өлгөнүм артык. Кантип ушул ишке барганымы түшүндүрүп жазууга кудуретим жетпеди. Ар кандай жазаңы көтөрүүгө даярмын… Өлгөн күйсөң Өмүркул», – деп бүтүрүптүр катынын аяган.

Албетте, бул кабар байкатпай туруп чокуга чабылган таяктай эстен тандырып, кулакты тундурду. Жалгыз мага гана эмес, бул кабар эки үйдүн так ортосуна тушүп жарылган бомбадай аларды да солк эттирди, тополоң тос түшүрдү. Мен ал ойлогондой эч жакка арызданып кайрылганым жок. Ажырашууну, балдарыма алимент ыйгарууну деле талап кылганым жок. Антмек турсун, жанагыдай мазмундагы кат алганымы эч кимге билдирбөөгө тырыштым.

Энемен, тигинин жакындарынан да ошону сурандым. Алгачкы шилтенген бейакыл кадамым үчүн өзүмү дагы бир жолу ичимен жекирдим да, кайрат кылууга бел байладым. Иштеп жүрөм, тиричилик өтүп жатат. Азыр орто мектепте директормун. Бар оюм балдарда, мектепте. Ошол жерге келгенде жүрөктүн жүгү канчалык оор болбосун, жеңилдей түшөм… Бирок ыза болдум оюмда. Өмүркулду жек көрүп калдым. Деги эле эркек аттууга болгон аялдык табигый сезимиме доо кетирип койду ал. Бирок турмушка болгон сүйүүмү муздата алган жок. Жашап жатам, иштеп жатам. Өмүркулдун өлүү-тирүүсү менен азыр тыйынчалык жумушум жок. Шаарга келбей кетти ошол бойдон…

1961