МАВЛЯНОВ Жунай: ЖУНАЙ МАВЛЯНОВ: ЖЫПАРГҮЛ

АҢГЕМЕ

…Мен жыйырма үч жашымда институтту бүтүрдүм. Путевка менен көл жээгиндеги райондордун бирине барып иштөөгө туура келди. Чынынды айтсам, али бейтааныш айыл, анын али бейтааныш адамдары, баарынан да мени кандайдыр бир жаңы сыр, жаңы дүйнө ачат деген үмүт менен күтүп жаткан окуучу деген бул турмуштун эң назик, эң сергек, эң кызык калкы өздөрүнүн азырынча белгисиз жактары менен путевка колума тийген күндөн тартып апкаарытып жатты… Сүрдөйм…

Буга чейин көргөндөрүмү, билгендерими, окугандарымы, уккандарымы (адамдар жана окуучулар жөнүндөгү) кайра-кайра териштирип, салыштырып, сезимдин, акылдын таразасына салып өлчөп караймын. Кайсынысы ыңгайлуу, кайсынысы пайдалуу өзүмө жана башкаларга? Адамды тарбиялоого, болгондо да өзүнүн өзгөчө талабы бар келечек адамдарын тарбиялоого аттанып чыктым. Таалим-тарбия берүү – бул турмуштун бардык башка түйшүктөрүнөн эң оору, эң татаалы, эң жооптуусу, бирок эң ардактуусу экенин мектепте окуп жүргөндө эле далай жолу агайларыман укканмын. Институттачы? Беш жыл бою ошого мени атайлап даярдашты. Ушул жаш курагым жанагыдай оор милдетти аткарууга, кудурети жетер бекен?..

Ушундай кыжаалат суроолор менен иштей турган айлына эл жатарда жетип барып, биринчи эле туш келген үйдөн директордукун сурап билдим. Алгачкы түндү, мени мээримдүү тосуп алган кашка баш, чачы буурул тартып калган директордукунда өткөрүүгө туура келди. Жолдо катар күч алган түйшүктүү ойлоруман жанагы кишинин жылуу мамилесинен улам, бир аз жеңилдей түшкөнсүдүм. Ошентсе да түн жарымына чейин салааларым бири-бирине кайчылашкан эки алаканымы төбөмө жаздаган бойдон караңгы шыпты тиктеп уктай албадым. Директордун үйүндө он күнчө жашап калдым. Анан башка үйгө көчүп чыктым. Эмненин жүгү болсун менде. Кийим-кечем салынган чоң эски чемодан. Ошону сулкуйта көтөрүп, ичи али акиташ жыттанган чакан бөлмөгө кирип барганда, эс ала түштүм. Анткени, директордун ууруп-чууруган тогуз баласы бар экен, алар эмнегедир эрте турушуп, кеч жатышчу.

Ошондой уу-чуудан тажап жүргөнүмдө мындай ээн-эркин алейне бөлмөгө туш келгеним үчүн ичимен аябай кубанып кеттим. Жатууга камынып калган аялына чай койдуруп, столго дасторкон жайдырган директор айткан эле: «Үй бар, бирок бир аз кемчилиги калган. Үч-төрт күн мында туруп турсаң, анан ошол үйгө чыгасың» – деген, жаңы келчү мугалимге кечигип кам көргөнү үчүн кечирим сурагандай мага мээримдүү тиктеп. Ошол үйү ушул көрүнөт ко. Үйдүн ээлери орто жашап калган немелер экен. Алардын эки кызы мектепте окуурун, бир уулу былтыр армияга кеткенин ошол күнү эле билдим.

«Айыл жеринде студенттерче өз казаныңды өзүң кармай албайсың. Шаардагыдай каалаган азык-түлүк мындагы дүкөндө жок. Ошондуктан жаңы ата-энең менен макулдашып койдум, айына отуз беш сомдон акча бересиң аларга, тамак-аш да ошолордун мойнунда. Ал эми жаткан үйүң, жарыгың, отунуң мектептин эсебинен», – деп жаңы үйгө ээрчитип келатты директор.

Биринчи күнкү сабактан келсем, бөлмөм таанылгыс болуп калыптыр. Айнектин тушунда төрт бурч кичине стол. Анын эки башында эки орундук турат. Столдун үстүнө катуу ак кагаз жабылып, төрт бурчу кнопка менен бекитилген. Билбеймин, үйдүн ээсиникиби, же директор тапканбы, иши кылып эски темир керебетте жатып чыкканмын түндө, анын үстүндө эски күрөң одеял бар эле, ал дагы жаңыланып калыптыр. Жаздыгымдын тышына ак капталып, керебетимин башына эрте менен чемоданыман алып илген кир сүлгүм (директордукунда аарчынып жүргөнмүн да) да жуулуп, үтүктөлүп, илинип турат.

Тереземде ак парда. Студенттик күндөрүмө кайрылып келгенсип, сүйүнүп кеттим. Үй ээлеринин бул адамгерчилигине ичимен аябай ыраазы болдум. «Отуз беш сом эмес, элүү сом беришим керек» деп чечтим ичимен. Бир жарым ставкага жакын саат беришти. Жүз сомдон ашырып акча алат экенмин. Калганы деле жетет өзүмө. Тамагын гана беришпестен, кийим-кечеми да жуушат тура. Ушуну эстеп, жогоркудай директордун бычымынан уялып алдым.

Ошентип, жаңы жерде, жаңы элде биринчи күндөн тартып, жашоом көңүлдүү башталды. Он-он беш күн сүрдөп жүрүп, балдарга деле үйрөнүшүп кеттим. Жогорку класстарга математикадан сабак берем. Мурда корккондой азырынча класс алдында мүдүрүлө элекмин. Мындан ары да окуучуларымын астында кызарбас үчүн жанталашып аракеттенем. Кээде түн жарымына чейин терезенин пардасын тартып коюп, баягы төрт бурч чакан столдо эсеп чыгарып отуруп калам. Мугалимдин жаңылганы – демек бүтүндөй класстын, башкача айтканда, отуз-кырк баланын жаңылганы. Ошондуктан мугалим дайыма так, дайыма өз деңгээлинде болууга тийиш. Жанагы стол үй ээсинин кыздарынын столу экенин кийинчерээк билдим. Жакшылап таанышып алганыбыздан кийин гана айтышты.

Кыздардын кырктан жашы ашкан энесин мен биринчи күндөн тартып эле «эже», күйөөсүн «аба» деп атай баштаганмын. Эжем айтты: «Бакир, кагылайын, сенин биздикинде туруп калганыңа бизден да эки кызым аябай кубанып жатышат. Айрыкча кичинеси. Эсептен начар билчү. «Эми агайым жардам берет» – деп жетине албай жүрөт. Ошолордун столу сенин бөлмөндөгү. Чогуу даярданабыз агай менен дешип, кийирип коюшту ошерге. Көз кырыңы сала жүр, кагылайын, кыздарыбызга. Биздин бар караганыбыз азыр ушул экөө» – деди. Мен эжени туура түшүндүм. Ар бир ата-эненин мындайда айтары ушул да. Жардамымы аямак белем. Бирок стол тигилердики экенин укканымда бир аз уялып калдым. Алардан стол талашканым кандай?

Ошондон тартып үйгө кеч келчү болдум. Эртеси күңкү сабакка мектепте калып, мугалимдер бөлмөсүндө даярдана баштадым. Тигилердин бешинчи класстагы Тазагүл деген кызы биринчи сменде окуйт, анысы стол талашпасы мүмкүн мени менен. Ал эми улуусу Жыпаркүл быйыл онунчуда. Алардын сабагы бүткөндө, меники да бүтөт. Ал сабакка даярдануу үчүн отурганда мен да отурушум керек. Бирок Жыпаргүлдү мына, мында жашай баштаганыма жарым ай болуп калды, бөлмөдөн көрө элекмин. Ал үйдө менден уялып жүрөт. Мектепте болсо, көз карашы, мамилеси башка. Сабактан түшүнбөгөнүн сурайт, мен сурасам жооп берет. Үйгө келгенден кийин эле өзгөрүп кетет. Менден ийменет, бет келишпөөгө тырышат.

Алгачкы күнү гана ал биз менен бир дасторкондо отуруп самоордон чай куюп берген эле. Ошондон бери мен аны тамак үстүнөн көрбөй калдым. Эмне үчүн экенин билбейм. А мен өзүмөн шек санатпоого тырышам. Бойго жеткен кыз эмеспи. Булардын үйүндө жашасам, анын үстүнө мугалиммин. Демек, Жыпаргүлдүн кайда жүрүп, кайда отуруп тамактанарына чейин ата-энесинен сурасам, алар шек алышы ыктымал да. Ошондуктан билмексен, байкамаксан болуп жүрүп атамын. Улуусунун үйдө мени менен кездешпөөгө жасаган бар аракетин байкагандан бери биерге тамак ичкени, түнөгөнү гана келейин деп чечтим ичимен. Жатарда келем. Кечки тамак муздап калат экен, эжем байкуш балпаңдай басып жүрүп, кайра ысытат.

Өз бөлмөмдө, үстүндө ар убак беш-алты китеп турчу столго отуруп анысын жейм да жата кетем. «Эмне мынчалык кечигесиң, Бакир сабагыңды күн батпай эле бүтөт экенсиң го, Жыпаргүлдүн айтуусуна караганда? – деген ал кишинин бир жолку суроосуна калп жооп берип койдум.

– Эже, мугалим дегендин сабактан тышкары да жумушу көп экен. Класс жетекчисимин, алар менен чогулуш өтөм, кружок дегенибиз бар, сабагынан жетишпегендер менен кошумча иштейбиз. Ар түрдүү чогулуштар, педсовет, медсовет, сбор дегендер.

Булардын мектепте өткөрүлөрү чын, бирок күндө эмес да. Анан баарысын мен өткөрмөк белем. Кыскасы, ушул үйгө орношконум, бойго жетип калган Жыпаргүлдөй кызга ыңгайсыз шарт түзгөн сыяктанат мага. Тазагүлдүн болсо таманынан да, таңдайынан да чаң чыгат. Кайсы убакта жолуктурбасын, китебинин ачкан жерине сөөмөйүн кыстара келип, мага жеткенде ачып жиберет да: «Байке, (апасы эки кызына тең ушинтип атоону буюрган) мобуну түшүндүрүп койчу. Мобуну чыгарып берчи, мобирекинин катасы жокпу?» – деп тайманбай сурай берет. Кээде дасторкон үстүндө деле ийнине колун коё чөгөлөй калып, сурап кирет. Ата-эңесинин тыюу салганына ал көңүл бурбайт. Эрке өсүптүр, кенже кыз эмеспи. Он экиге карап баратса да, алиге тилинен, тайрактап баскан-турганынан анын наристелиги байкалып турат.

Жыпаргүл менин байкашымча өтө токтоо, өтө түнт. «Же мен келгенден бери ушинтип суз тартып кеттиби» – деген ой кылт эсиме түшө калса, беймаза болом. Анын сөзүнө, баскан-турганына, кыймыл-аракетине мен, ага бейтааныш киши, чек койгонсудум. Деги эле, мугалимдин окуучусу, болгондо да Жыпаргүлдөй баарыга акылы жетип калган окуучусу, менен бир үйдө жашоосу ыңгайсыз экенин сезе баштадым. Айрыкча кыз балалуу үйдө.

Сага тамак бышырган ошо, үйдү жыйнаган ошо, а балким кир-когуму да апасы ошого жуудурар. Айрыкча, мына ушул акыркысы бетими чытыратат. Уялдым. Башка жакка кетүүнү чечтим. Ошентип, ичимен жанагыдай жыйынтыкка келип, мында арттырган тааныштар аркылуу акырын башка квартира издей баштадым.

…Сыртта жамгыр… Мезгил күз эмеспи, анын муздак илеби ачык дарча аркылуу ичкериге кирип, дал ортому муздатып жиберди эле, туруп аны жаптым да, чылк караңгылык менен чумбөттөлгөн эшикке терезеден бир аз тиктеп турган соң, сыртымы терезеге салып, кайра отурдум. 7-8-класстарда өтүлчү материалдарды даярдап койгонмун: Эми 10-класстын эртеңки сабагына даярданышым керек. Калем-сапты жаңы гана ачылып турган дептердин таза бетине шилтей бергенимде, эшик шарт ачылды. Баятан бери мектептин терт бурчундагы ноолордон шорголоп турган жамгыр суусунун акырын шытыраганына кулагым көнүп калган белем, бул добушка селт этип чочуп кетип, башымы көтөрдүм. Жыпаргүл… Бети албырып кетиптир. Энтигет. Чуркап келген көрүнөт.

Үйүбүз мындан эки чакырымча. Башына жамынган плащтан суу шорголоп агып турат. Каш-кирпигинде да тамчы. «Байке, сиздин… сиздин…» – деп уялгандай жер тиктеди. Байпаксыз кийгендиктен, суу туфлисинен жогорку аппак балтырындагы илешкен чөп-чар кирди көрүп, ого бетер шашкансыды. Жолсуз жер менен чуркап келсе керек.

– Плащыңызды алып келдим эле, апам жиберди, – деди анан мени түз карай берип.

Башына жамынганы, менин плащым экенин эми гана тааныдым. Костюмчан экеним ошондо гана оюма келиптир. «Ыракмат, Жыпаш, ыракмат. Бекер суу болуптурсуң да? Кап!.. чуркасам бир мүнөттө жетмекмин да үйгө. Кап, бекер убара болуптурсуң!» – деп кейиген бойдон ордуман турдум. Нымтыраган плащымы колума карматары менен Жыпаргүл артына бурулду. «Коркосуң го, Жыпаш, бирге эле кетели эми, тура тур. Мен да жумушуму бүтүп койдум» – дедим тигиге боорум ооруп. Экинчи жагынан, дагы уялып кеттим. Ушуларга артыкбаш түйшүк таап бергендигим үчүн уялдым.

Ичимен ойлоп жүргөнүм дагы бир жолу ушуну менен ырасталгансыды, «Жок, байке, өзүм эле кетип каламын» – деп ал мен дагы бир сөз айткыча эшикти сыртынан жаап койду. Антип-минтип столдогу китеп, дептерими жыйнап сыртка чыксам, караңгы түн жутуп койгондой, анын эч жерден карааны көрүнбөдү, шарпасы угулбады. Таман алдымдагы чөөт сууларды чалпа-чулпа кечип мен да жүгүрдүм. Бирок Жыпаргүлгө жетпедим. Үйгө келсем, эжем күйөөсү менен күндөгүсүндей эле күтүп отурушуптур. Эжем кесмесин кайра жылытты. Мен ичимен түйшүктөнө отурдум. Кызы айтып келсе, калпым чыгып калбадыбы. Эч кандай чогулушу, эч кандай сабагы жок эле өзүм жалгыз, барарга үй жок болгондуктан гана чоң имараттын ичинде жалгыз отуруп иштеп жатканымы көрүп кетпедиби. Ошондон улам, эжем бир нерсе дейт ко. Жооп издедим.

Буларды чангандай, жактырбагандай көрүнүшүм керек эмес да. Экөө тең жакшы адамдар экен. Күйөөсү жаткан момун, жаткан жоош киши. Мектептин төрт гектар жериндеги алма багын карайт экен, күндүз ошонун арасынан чыкпайт. Сөзгө да сараң киши. Сурасаң жооп берет, бирок өзү такыр сөз баштабаган неме. Аялы чыйрак, ачык мүнөз, шайыр да. Ушулардын мээримдүү мамилеси мени жылытканы менен, Жыпаргүлдүкү кысынтып жатты. Жогоруда айткандарымын баары аз келгенсип жамгырда, караңгы түндө кийимимди ала артыман чуркап жүргүдөй менин кимим эле ал? Эжем да, күйөөсү да эч сөз айтпады. Аялы гана бир оокумда: «Мугалимдигиң деле болбогон оокат көрүнөт. Эрте менен кетсең, эл жатарда араң колуң бошосо, киши жиндеп кетпейби» – деди алдыма кеседеги жылытылган кесмени коюп жатып.

Менин күткөн сөзүм башка болучу. «Чогулуш-могулушу жок эле өзүң жалгыз отурган экенсиз го, аңгыраган чоң мектепте. Жазарың, окууруң болсо, мында келип, тамактангандан кийин жазып, окуй бербейсиңби. Бир үй өзүңдүкү го», – дейт. Анда мен эмне дешим керек? Кетер жагымы биротоло аныктагандан кийин гана себебин буларга билдирмекмин да. «Мектепке жакын экен» – деп бир гана шылтоо айтсам деп жүрчүмүн. Жергиликтүү мугалимдер менен сүйлөшкөнүм ошондой. Аларга жакында оюму айтсам, таап беришмек болушту. Ошолорду күтүп жүрөм. Жок, эжем да, күйөөсү да мен күткөндөй ооз ачышпады.

Тамактан кийин жатып алдым. Көпкө түйшөлүп уктай албадым. Жыпаркүлдү көрбөдүм. Анын каш-кирпигинен, төбөсүндөгү плащтын жакасынан мөлтүрөгөн суу тамчылары көзүмө элестейт… Анын жүзүнөн эч нерсени байкабай калыпмын. Албетте, нааразылыкты окушум керек эле андан. «Жаанга карабай, түнгө карабай жаш баланын артынан чуркагандай, сенин артыңан жүгүргүдөй менин эмнем элең? – дегенди окумакмын да. Жыпаргүлдү эртеси сабакта көрдүм, бирок түндөн берки божомолдогондой анын көз карашынан эч кандай нааразылыкты байкаганым жок. Кадимкисиндей эле сабактан сурап, мен сурасам жооп берип жатты. Бирок үйгө баргандан кийин дагы эле мени менен кездешпей жүрдү. Түк жардам сурай элек. Анын үстүнө ал начарлардан эмес. «Төрт, бешке» окугандардан экен. Бирок үйгө келгенимде алардын отунун жарып, суусун алып келишпесем да, эки кызынын сабагынан жардам көрсөтсөм, мага жеңилирээк болор эле деймин.

Эженин сураганы да ошол эмес беле. Ага Жыпаргүл такыр эле жолобойт. Тазагүлгө берген жардамды жетишсиз деп эсептеймин. Ошентип, арадан дагы бир-эки жума өтүп кетти. Үч үй табылды, бирок мектептен алыс экен, барбадым. Жалгыз гана шылтоом бар эмеспи – мектепке жакын экен деген. Ансыз азыркы үйүмүн кожоюндарын таарынтып коюшум мүмкүн да. Октябрдын башында мектептин алмасын жыйнадык. Дем алыш. 9-10-класстын гана балдары жана кыздары келишкен. Бузулбасын үчүн бирден сабагынан үзүш керек экен алманы. Ошондуктан кечээ директорубуз ушул эки класстын жетекчилерин чакырып, бүгүнкү жумушту тапшырган.

Мен 9-класста жетекчимин. Мектептин устаканасында атайын жасалган шатыларга чыгып алышып, балдар жана кыздар кезектеше үзүп жатышты. Шатыдагы үзүлгөнүн бирден төмөнгө узатат, жердегиси ичинде таарынды бар ящиктерге алмаларды, акырын терип коёт. Мен бир түп алманын түбүндө андагы эки окуучумун ишине назар салып турганмын. Шатынын башында бала, жерде кыз. Чебердик менен жогорудан узатылган кызыл бөйрөк алманы кармап алган кыз аны адегенде кырдач мурдунун учуна тийгизип жыттап коёт. Анан ичине тарткан жанагы жытты чыгаргысы келбегенсип, көөдөнүн керилте татынакай эриндерин кымтый бир топко чейин ээгин көтөрүп туруп калат. Анан гана алмасын ящиктеги ирети менен терилген алмалардын катарына кошот.

Анын бул кылыгына караганда менин мында экеними унутуп койгондой. Алдыртан тиктеп турганымы байкап калса, уялбасын деген ой башыма кылт эткенде, арыга бурула бердим эле, оң ийниме келип бир катуу нерсе тийди да, топ этип чөпкө түштү. Чоочуп кетип, жалт карадым. Жети-сегиз метр нарыдага алманын түбүндө бетин басып Жыпаргүл турат. Жана эле көргөнмүн аны. Ошол урса керек. Мени эмес го, мына бул кашында агайы турганына карабастан, колуна тийген ар бир алманы жыттай берген кызды – Күмүштү урса керек. Мага тийип калган го. Ошого уялган окшобойбу, бетин эки колу менен бекем басып алыптыр.

Ак салааларынын арасынан мени карап турат. Ансыз деле уялып калган немени эмне демек элем. Кайтадан жанагы жагыма бурулдум. Күмүш да, алма үзүп жатышкан эки бала да байкабай калышты окшойт. Ошол күнү жатар маалда эшигими жабайын деп келсем, Жыпаргүл туруптур босогодо. Азыр эле кирсе керек, «Кир, Жыпаш, кир» – деп кетенчиктедим. «Жок, агай, ушерден эле кетем. Кечирип коюңуз, күндүзгү ишим үчүн. Сизди эмес, Күмүштү… деп мукактанды. «Эч нерсе эмес, эч нерсе эмес» – деп шашкалактадым. Эмнегедир апкаарыгансып кеттим. Жыпаргүлдү мынчалык жакын жерден биринчи жолуктургандыгым үчүнбү, ким билет. «Мен деле ошондой түшүндүм, Жыпаш». Эмне үчүн Жыпаргүлдү эркелетип «Жыпаш» деп айтканымы билбейм. «Ошону эле айтайын деп келгенмин».

Жыпаргүл мен кармап калчудай, ушинтип коюп гана далистин тиги башындагы Тазагүл экөө жатчу бөлмөгө шыпылдай басып кетти. Баягы жамгырдуу түндө мектепке менин плащымы алып барганда да оозуман «Жыпаш» деген сөз чыгып кеткенин үйүмө келип жаткандан кийин эстеп, уялган элем. Бүгүн да «Жыпаш» дедим. Эмне үчүн? Мектепте «Жыпаргүл» деп эле жүрбөймүнбү? Октябрдын аяк ченинде үй табылды. Мектепке жакын жердеги орустун жалгыз кызы турмушка чыгып, башка кыштакка күйөөсүнүкүнө кетиптир. «Аңгырап кемпир экөөбүз калдык бир үйдө. Квартирант алабыз» – дешип, мектепке өздөрү келишкен имиш.

Мага үй издеп жүргөндөрдүн бири аны бекем кармаптыр. Сабактан чыгарым менен ага жолуктурушту. «Алейне бөлмө, стол, орундук, кроватына чейин даяр. Тамак-ашты үч кишиге даярдап жүргөн кемпирим. Мындан ары да даярдай берет. Акчасын ошону менен сүйлөшөсүң. Кааласаң бүгүн кел. Кызыбыздын ордун дароо ким менен болсо да, толтурушубуз керек экен. Ушул, жигит» – деп кайраттуу, нары кара жумуштан катууланган колу менен менин арык манжалуу колуму кыса-кыса кармап, мугалимдер бөлмөсүнөн чыгып кетти.

Ал күнү эмес, алардыкына мен эртеси күнү көчүп чыктым. Мурунку турган үйүмдүн ээлерине айткан шылтоом – ошол көптөн даярдап жүргөнүм болду. Мектепке жакын. – «Балабыз Беккулдай көрүп калдык эле, сен келип тур», – деп эжем ого бетер мээримин төктү. – «Келбегендечи, менин да ата-энем силерсиңер» – деп коштоштум. Колумда баягы эле сулкуйган кара чемодан. Жыпаргүл ошол күнү кечинде менин жаңы үйүмө келиптир. Кир алжапкычына суу колдорун алмак-салмак сүртө: «Жаш жигит, сени бир бийкеч сыртта күтүп турат» – деди жаңы үйдүн богоктуу семиз аялы ашканасынан чыга менин бөлмөмүн босогосуна келип.

– Окуучуларыман го? – деп эшикке жөнөдүм.

Жаңы эле жарыкты күйгүзүп, китеп окууга кам урганмын. Жыпаргүл экен, – жеңил, эски күрөң пальто үстүндө. Башында жука, чакан баш байлама.

– Бизди уятка калтырайын деген экенсиз да агай?

– Эмне үчүн, Жыпаш?

– Бир кадам ага жакындадым,

– Айылдын элин билбейсизби? Батырышпаган экен дешет да? – Жыпаргүлдүн үнү калтырай түшкөнсүдү.

– Жок, Жыпаш, кантип эле ошентип ойлошсун? Мен сурагандардын бардыгына биерге көчкөн себебимди айтып жатам. Силердин үйүңөрдө ата-энемкиндей эркин турганымы да айтып жүрөм. Мындан ары да үзбөй каттап турам силердикине. Эжеме, Тазагүлгө ошондой убада бердим. Сага да берем, эгер каршы болбосоң.

– Кантип каршы болоюн. Антсеңиз жакшы. Мен эмнегедир сизди таарынып кетти го деп ойлодум. Угарым менен чуркап келгенимин себеби да ошол.

– Жок, Жыпаш! Такыр андай эмес. Тазагүл экөөңөрдүн ата-энеңер киши таарынтчулардан эмес экен. Буга көзүм жетти. Бекер убара болгонсуң.

Эки колум Жыпаргүлдүн эки акырегинде турганын эми гана байкадым. Кантип койдум колумду? Мына, кызык. Дароо тартып алдым. Жыпаргүл эми башын көтөрдү.

– Таарынбадым денизчи, агай?

– Жок, Жыпаш, силерге ыраазымын. Үйүр ала түшкөн экенмин силер менен. Жалгызсырап турганымда келип калганына жетине албай кетсем керек, колум кантип тийгенин да байкабай калыпмын, кечиресиң, Жыпаш? – деп тайсалдадым.

Анан бир кадам артка кетенчиктедим.

– Эч нерсе эмес, агай. Эгер менин келгениме кубанганыңыз чын болсо, анда мен кайра кеттим, – деди Жыпаргүл. Эми анын үнү чыйрала түшүптүр. Ууртунан жылмайгандай болду.

Нымшыган күз түнү кирип келгендиктен, анысы көрүнбөсө да, шаңдуу чыккан добушунан байкадым.

– Келип тур, Жыпаш, Тазагүлдү ээрчитип.

– Жок, сиз келип туруңуз. Убада берген турбайсызбы үйдөгүлөргө. Эми мага да бериңиз. – Ал шыңк эткенсиди. Антпесе да мага ошондой туюлду бейм. Анан коюуланып калган караңгылыктын койнуна кирип кетти.

Көөдөнүм алда кандай сезимге тиреле түшкөнсүдү. Көптөн бери араздашып жүргөн кызым менен бүгүн биринчи жолу жакшы кеп-сөзгө келгендей маанайым көтөрүлө түштү. Жыпаргүл кеткен жакты карап, көпкө чейин жыт кууган иттей күздүн түнкү нымдуу абасына оозуму ачып, туруп калдым.

«Жеткирип коёюн, Жыпаш? – деген эмес турбаймынбы. Кап!..» Күндөр өтө берди. А түгүл айлар алмашты. Мен убадамда турдум. Тазагүлдөрдүкүнө дем алыш сайын барып турдум. Жыпаргүл жаркылдап, баягы Жыпаргүл эмес. Тосуп алып, узатып койгон өзү. Жыпаргүл жылдыздуу кыз. Сулуулардын катарына кошууга болбойт. Биринчи көргөнде эле ал мени ошол жылдызы менен өзүнө жалт караткан. Жарым жылдан кийин ошол жылдызы мен үчүн артып чыккансыды. Ыңгайы келе калганда аны кадала тиктөөчү болдум. Баскан-турганына чейин, сүйлөгөнүнө, күлгөнүнө дейре аңдып тиктей турган болдум. Буга өзү күнөөлүү. «Экзамендер жакындап келатат, агай (менин үйүмдө жана мектепте агай дейт, өз үйүнө барганда «байке» деп жүрөт) 8-9-класстардагы материалдардан да билетке киргизилет дедиңиз го. Ал эки класста өткөндөрүбүздүн көбү эстен чыгып кетиптир. Жардам бериңизчи?» – деп үчүнчү чейректен бери көп кайрылчу болду.

Мындай учурларда ал дагы менин ар бир кыймылыма, сөзүмө, көз карашыма өтө сактык, өтө кылдаттык менен алдыртан байкоо жүргүзүп жатканын сезип калдым. Анан мындай жакындыгы жүрөгүмө алда кандай жагымдуу сезим тартууласа да, экинчи бир сезим денеме муздак суу чачып жибергендей шуу эттире чыйрыктырып жиберчү. Менин бала кезден келаткан түшүнүгүм боюнча агайы менен окуучу кызынын ортосунда эч кандай ынактык байланыштын болушу мүмкүн эмес. Алардын ортосунда эч ким бузалгыс чеп бар. Аны ким курган? Билбейм. Бирок «Агайы кызы менен сүйлөшүп койгон экен, кызматынан айдалыптыр» деген каңшаарды көп эле жолу укканмын. Эмне үчүн каңшар? Мен окуган мектепте деле болбоду беле. Жумаш деген географиядан берчү жапжаш агайыбыздын 9-класста окуган Гүлай аттуу кызга жазган каты колго түшүп калат. Жок, а дегенде Гүлай ага жазган экен, мугалим жооп бериптир. Анын институтту бүтүп келип, мага окшоп биринчи жыл иштеп жаткан кези эле. Гүлай жыртып таштабай күрмөсүнүн чөнтөгүнө салып койгон анын катын классташ кыздарынын бири таап алган турбайбы. Тиги менен каршылашкан жайы барбы, же тигинин мугалим менен ошондой мамилеге барганы чын эле ага да ошончолук өөн учураганбы, иши кылып, катты түз эле директордун өзүнө жеткириптир.

Жумаш эстүүлүк кылган экен. «Окугандан кийин жыртып таштагын» – деп эскерткенине карабай, кызың түшкүр, катып жүргөн тура, кыйбаган го тытканга. Каттын мазмунуна чейин бир күндүн ичинде баарыбызга жарыя болгон. «Гүлүш, сен мага ашык болуп калсаң, мен да сага ашыкмын. Бирок бул тууралуу азырынча эч ким билбесин. Анткени, сен окуучу, мен мугалиммин. Акыбыз жок, кыскасы, бул жөнүндө азыр сөз кылууга. Онунчуну бүтө бер. Андан аркысын ошондо сүйлөшө жатабыз. «Ж».. – деп аягына бир гана тамга жазган имиш.

Директор ошол күнү эле а дегенде Гүлайды чакырып, суракка алыптыр. Ал көпкө чейин айтпаган имиш. «Баары бир табабыз. Кол бизге тааныш. Эгер муну танса, милицияда бир тамгасына карап эле кимдин жазганын айтып берчү атайын аппарат болот. Ошого алып барабыз мунуңду. Анда чатак болосуңар экөөңөр тең. Милиция билгенден кийин, суракты ошолор жүргүзөт. Андан көрө өзүң айтып бер. Бул тууралу сен билсең, каттын ээси билет, анан мен билем. Ошону менен жаап таштайбыз, – дегенде тиги бечара айтып коюптур. Ошол күнү Гүлайды окуучулардын комсомолдук чогулушунда, ал эми Жумашты педсоветте карашыптыр. Педсоветте окулган жанагы каттын мазмуну, анда катышкан бир мугалим тарабынан окуучуларга жетпейби. «Өзү арыз берип кетиптир, жок, бошотуп жиберишиптир» – деген эки каңшар уктук эртеси Жумаш агай тууралу.

Иши кылып, ал эртеси күнү эле жок болуп калды. Каяктан келгенин деле билчү эмеспиз. Ал эми Гүлайга катуу сөгүш жарыялашкан экен, бирок ал дагы эртеси эле мектепке келбей калды. Кийинчээрек уксак, Жумаш агай Гүлайды Фрунзеге алып кетип, алдында интернаты бар орто мектепке киргизип койгон имиш. Өзү университеттин экономикалык факультетине кирип окуп, аны бүтүрүптүр. Ошентип, жанагы окуядан кийин ал кесибин өзгөртүп жибериптир.

Ал эми Гүлайды политехникалык институттун технология факультетине кийирип, ал үчүнчү курска жеткенде үйлөнүп алышыптыр. Мунун баарысын укканбыз. Тиги экөөн «Азаматтар» деп мактагандар да, «Иттей уят болуп кетишти» – деп жемелегендер да бар алиге чейин айлыбызда.

Жыпаргүл менен мамилебиз улам башкача болуп бараткандан бери ошол окуя эсиме түшө берип, чынын айтсам, коркуп жүрөм. Жеке отурганымда (айрыкча мектепте), Жыпаргүл жаныма келбесе экен, Гүлайдай кат жазбаса экен деп тилей баштадым. Ошентип, Жумаш менен Гүлайдын окуясы, такыр жадыман чыкпай койду, Жыпаргүлдүн мага карата тымызын мамилесин байкагандан бери. Аларды талкуулаган чогулушка катышпасам да, баамымда көз алдыга келтирем. Уят-уят! Дагы мугалим. Кыздарыбызды, балдарыбызды жакшы жорукка тарбиялоочу киши ушубу? Ай жолуң болгур десе! Ушундай сөздөр туш-тушуман угулгансып кетет.

Ошондой минуталарда Жыпаргүлгө карата пайда болгон көөдөнүмдөгү жалындын илеби муздай түшүп, тайсалдай баштайм. Келечегиме зыян, ишиме зыян кылып, ушул ишке барганым кандай? Кыздардан көп неме жок ко?» – деп өзүмү-өзүм соороткон учурларым да болот. Кыскасы, ой көбөйдү, жүрөк түйшүгү артты. Өчөшкөнсүп, Жыпаргүл ого бетер жакындай берди. Эми дем алыш эмес күндөрү деле үйлөрүндө жакшы тамак бышырылса, ошону шылтоолоп чакыра берет. Өзү келет мага. Тазагүлдү жиберсе деле болмок да.

Бир күнү тамактан кийин ал дагы мени узатып чыкты эле, үйүнөн жүз метр бери баспай туруп, токтодум. «Жыпаш,– дедим, эки акырегине колдоруму коюп, экөөбүздөн шек санаша баштаптыр эл, этият бололучу?» Караңгы экенине карабастан, аяк-быягыма карап алдым. Бирөө-жарым ушул турушубузду көрүп койбосун дегендей саксынганым. Муну Жыпаргүл да байкаса экен дегеним. Ушул ишибиздин натура экендигине түшүнсүн деп, ошол сөздү баштап, ошондой кыймыл жасадым. Эч кимден эч кандай сөз уккан деле эмесмин. Өзүмүн гана ойлоп жүргөнүмү айттым. Чочутуп коёюн дегеним. Такыр кол үзүүгө кантип бармак элем.

Ичимен бир сезим ага мүмкүндүк бергидей эмес. Сөз болуп кетпейли деген гана этияттыктан келип чыккан. Жумаш менен Гүлайдын кейпин кийип калбайлы деген гана саксынуудан келип чыккан сөз эле мунум. Гүлай менен Жумаштын окуясын а түгүл ары жакты бир тиктеп, бери жакты бир тиктеп туруп айтып да бердим.

– А-а, коркуп атасызбы? Айлыгыман ажырап калам деп коркуп атасыз, түшүндүм, – деди Жыпаргүл мени караңгыдан тепчий түз тиктеп. Ушул кезде иреңим кандай өзгөргөнүн түн гана билет.

– Мен уурданып сүйө албайт экенмин, агай? – деди ал эки колуму акырегинен алып таштады. Анан шарт бурулуп жөнөп берди. «Жыпаш, Жыпаш, токтосоң, дагы бир мүнөткө токтосоң», – деп эки колуму алга суна менин акырын шыбырап айткан өтүнүчүм түнгө сорулгандай ага жетпей калдыбы, же уккусу келбедиби, айтор, артына бир да кылчайган жок.

Ага акырында, менин алиги сөзүмө териккенин байкагандан кийин айтарым ушул эле: «Сүйөм, мен деле сени, Жыпаш». (Аны оозунан: «уурданып сүйө албайм», – деген сөз чыгып кетпедиби, демек эми купуядагы анчадан бери угуп жаткан ал сөздү мен дагы тышка чыгарсам болот да). Мунуму көптөн бери сезип эле жүрөсүң. Бирок биерде ал сезимибизди эч ким билүүгө тийиш эмес. Сен окуучу, мен мугалим. Акыбыз жок сүйүшүүгө. Менин түшүнүгүм ушундай. Газеталардан деле андайларды сындап жазган кабарларды окуп жүргөндүрсүң. Мен антип газетага чыгып, же чогулушка түшүп уятка калууну каалабайм, сүйүү үчүн. Ошондуктан сен онунчуну бүткөнү турасың, институтка бар. Эки-үч жыл оку, анан баш кошолу. Биринчи курстан деп айтсам, анда деле баары сени жаш, мени мугалим деп айтышары анык. Үчүнчү, же төртүнчү курстан баш кошолу. Ага чейин баарысын ичке катууга чымыркана аракеттенели. Мектептен кеткениңче биздин бул мамилени башкалар гана эмес ата-энең деле билбегени оң. Ооздорунан чыгып кетсе, баары бир экөөбүз кармалабыз. Уят болгондон көрө өлгөн жакшы…»

Эмне деп жооп берер эле Жыпаргүл? Мен бирөө аңдып тургандай буйдалбастан жолго түштүм. Бирок үйүмө келгенден кийин уктай албадым. Таң аткыча толгонуп чыктым. Жыпаргүлдү сүйүп калганымы, анын жанагыдай чечкиндүү сөз айтып, чечкиндүү бурулуп басып кеткенинен кийин гана анык сездим.

Ошол окуядан кийин мурдагы жагымдуу көз караштарынын бирин да көрбөй кусаландым. Сабактан башка учурларда караанын көрсөтпөй кетти. Жыпаргүл мурда ар кандай шылтоо менен сабактан чыгып, журналымды колтуктап келатсам, алдыман чыгып, же артыман жете келип, сөзгө кармай берчү. А дегенде анысы жагымдуу көрүнсө да, кийинчерээк жанагинтип чочута баштаган эле. Эми ошолордун баарын эстейм, сагынам, бирөө-жарымынын кайталанышын каалайм, бирок Жыпаргүлдүн келишимдүү карааны сыйкырчыдай сабактан кийин түк көзгө урунбай койду.

Кат жазууну да ойлодум. Өз күнөөмдү мойнума алып, кечирим сурап, анан анык сүйөрүмү ачык билдирген кат жазгым да келди. Бирок Жумаштын катын эстеп, дагы коркуп кеттим. Ошентип колго түшүп калбайын деп саксындым. Жыпаргүл ошол бойдон бир кылчайбай кетти. А мен болсо ага болгон сезимим менен коштошо албай койдум. Июндун башы эле. Менин кожоюнумдун чакан короосу (төрт бөлмөлүү үйүнүн тегереги) ар түркүн гүл экен. Түнкүсүн терезени ачып жатам. Түнкү жел менен кошо бөлмөмө гүл жыты агылып кирип турат. Экзамендер жүрүп жатат онунчу класстарда. Жакында Жыпаргүл мектепти бүтөт. Аны ойлоп, муну ойлоп, көптө барып уктап кетиптирмин. Кайсы маал экенин билбейм, жылаңач билегиме бир нерсе тийди, жок аны кармап бирөө тургансыды. Чочуп, башымды көтөрдүм. Ачык терезенин түбүндө бирөө турат. «Агай, чочубаңыз, менмин, – деди. Жыпаргүл… «Жыпаш!» – дедим шыбырап.

Дагы эле бирөө угуп койбосун деп коркуп атам. Тура калып, трусычан экеними эстегенде кайра одеялга орондум. «Кир бери» – дептирмин. Алиге чейин ошол сөзүм үчүн уялып жүрөм. «Кийинип бери чыксаңыз, эки ооз сөзүм бар» – деди да, Жыпаргүл терезеден ары кетти. Ал үйдүн бурчундагы эки түп алманын ортосунда туруптур. Мен жакындаарым менен башын көкүрөгүмө коюп ыйлап жиберди. «Агай, мени куткарып кал. Окуу бүтөрү менен мурда кудалап койгон жерге беришкени жатат», – деп солкулдайт. «Кантип куткарам? Милицияга, дирекцияга билдирейинби? – деп шаштым.

– Өзүңүз куткара албайсызбы? Зарыл деп тапсам, аларга өзүм деле айтар элем да.

– Өзүм кантип куткарам? Сен окуучу болсоң, мен мугалим болсом. Эки-үч жыл күтсөң го. Мен да сени сүйөм, Бирок, – деп сөзүмү бүткүчө, түшүндө кучактап алып, өңүндө чочуган немедей ал шарт башын көтөрдү.

– Сүйүшкөндөр отту кечет, сууну кечет, тоону бузат, – дегендер да сизге окшогон мугалимдер эмес беле? Ай силердин жолуңар болсун!.. – деди да, дагы кадимкисиндей чуркап жөнөдү.

Кыздын кандай жардам сурап келгенин түшүнсөм да, түшүнмөксөн болдум ошондо. Өз керт башымын кадыр-баркына доо кетирип аламбы деп корктум. Аны сүйгөнүмү ушул сезим басып туруп алды. Азыркы курагыман, азыркы түшүнүгүмөн туруп ошондогу авалыма көз чаптырсам бетим чымырайт. Өзүмдү өзүм жемелейм, айыптайм. Жыпаргүлдүн алдында түбөлүккө айыптуудай, анын караанын көрбөсөм да, көргөндөй башымды төмөн шылкыйтып, уяла берем.

Экзамен бүткөн күнү күйөө келиптир. Той өтүп жатканда Жыпаргүлдү «жоготуп» коюшат. Кийин уксам, ал шаарга качып кеткен экен. Ал эми беш жылдан кийин Жыпаргүл диплом менен кошо өзү бүткөн мектепке мугалим болуп келди. Мен болсом, аерден арыз берип кетүүгө мажбур болдум…