ӨМҮРАЛЫ Чоюн: ЧОЮН ӨМҮРАЛИЕВ: ЖАКШЫЛЫКТЫН ДАНЕГИ

Даңктуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун белгилүү чыгармаларынын бири «Ак кеме» экранга чыкты. Аны ушул эле автордун «Асма көпүрө» аңгемесин экрандаштырган белгилүү режиссерубуз Болот Шамшиев иш жүзүнө ашырган.

Адабий чыгарманы экран тилине кандайча которуу өӊүтүндө советтик искусство таануу илиминде кыйла убакыттан бери талаш-тартыштардын жүрүп келатканы көпчүлүккө маалым. Бул татаал маселеде алиге бир бүтүмгө келүү да боло элек. Анткени, адабий чыгарма боюнча тартылган фильмдердин бир даары өзүнүн алгачкы булагынан бир карыш да обочо жылбай эле жаратылып, эң сонун экран чыгармасы катары өмүр сүрүп келе жатса, айрымдары көрүүчүгө алып келген эч кандай жаңылыгы жок, кызыксыз, оригиналдын толук бойдон өзгөрүүсүз экранга көчүрүлгөн күңүрт копиясы гана болуп калууда.

Ошол эле учурда кээ бир экрандашкан фильмдер адабий чыгарманы өзгөртүү жолу менен, же ал турсун аны менен чыгармачылык полемикага түшүп, өз алдынча идеялык-эстетикалык бийиктикти камсыздаган, турмушту дагы бир белгисиз жагынан ачып көрсөткөн көркөм чындыкты жаратса, айрымдары оригиналды эпсиз жардылантып, анын баалуу касиетин, негизги күчүн экранга алып чыга албай адабий чыгарманын алдында жеңилишке учуроодо. Бирөөнү жактап, бирөөнү четке каккан ар түрдүү көз караштардын күнү бүгүнкүдөй атаандаша жашап келаткандыктары да ушуга байланыштуу. Мындай талаштар ар бир жаӊы, кызыктуу экрандаштыруулар жарык көрөрү менен анын тегерегинде да уланып келет.

«Ак кеме» фильми жөнүндө да республикалык жана борбордук басма сөздөрдө бир топ жылуу пикирлер айтылууда… Бул тууралуу мен да козголгон ойлорумду айтууну эп көрүп, негизинен фильмдин идеясына жана экрандаштыруу жүзөгө кандайча ашырылганына токтолууну туура таптым.

Чыңгыз Айтматовдун бул повести да анын көпчүлүк чыгармаларындай эле өзүнүн табияты боюнча кинематографка көп жакындашып турат. Атап айтканда, дүйнөнү кармап көрүүгө мүмкүн болгондой предметтүү көрө билүүсү, жүрүп жаткан окуялардын негизи өзөк идеяга тыкан биригип турушу, каармандардын өмүрүндөгү драмалуулук жана башка касиеттери. Бирок кээ бир чыгармаларынан айырмаланып мындай курч драма «Ак кемеде» жүрөк титиреткендей күчтүү окуялар менен берилбестен, каармандардын ички дүйнөсүн акырындап ачып берүүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат. Ошого байланыштуу повестте анын чоң философиясы менен бирге эле, терең психологизм негизги орунга чыгат. Баамыбызга урунган биринчи кубанычтуу нерсе, чыгарманы экрандаштырган авторлор повесттин бул баалуу эки касиетин өз фильминде максималдуу сактоого умтулгандыктары. Ал алгачкы эле кадрлардан башталат.

…Көрүстөндүн четинде бир нече карыя өлгөн адамга багыштап куран окуп олтурушат. Алардын бирөөнүн жанында олтурган кетик тиш бала тигинде коно калган көпөлөктү көрдү да, балалык тентек кыялы ойгоно калып, анын артынан кубалап жөнөдү. Көпөлөк карматпады. Бала көрүстөндү аралай чуркап анын артынан ээрчиди. Бир оокумда ал күмбөздөрдүн төбөсүнө орнотулган бугу мүйүздөрүн көрдү. Бир, эки, үч… Алар көп эле. Мына ушул көзү көргөндүн баарын кызыгуу сезими күч алып караган бала, эми көлдүн кылаасында атасына учкашып келатып көргөндөрүн сурай баштады. «Эмне үчүн?» — деген кайра кайрадан жаӊырган, баланын эсепсиз суроолору.

Фильмдин авторлору турмушту таза дилде кабылдаган, учкул сезимдүү бул баланын психологиясын жана андан аркы турмушун «эмне үчүн?» деген эсепсиз суроолуу жашоосун сүрөттөөгө ушундайча өтүшөт.

Анын бул суроосуна негизинен эки түрдүү жооп айтылды. Бири таятасынын бугу-эне жөнүндө жомогу, экинчиси – аны курчап турган чоң адамдардын реалдуу турмушу аркылуу айтылган жооп эле.

Кичинесинен табияттын койнунда эркин өскөндүгү, таятасынын керемет жомоктору, матрос атасына болгон тынымсыз кусалык бул баланы башынан ар нерсеге зээндүү, кыялкеч кылып тарбиялаган. Ошондуктан анын кичинекей жүрөгүнө биринчи ирээтте таятасынын мээримдүү жомогу жана ага үндөш өзүнүн учкул кыялы жараткан жомоктору уялады. Ал эми өзү маакул болгусу келбеген нерселерге каршы аёосуз күрөшү ачылды. Бирок бул да азырынча кыялында гана эле. Аны иш жүзүнө ашыруу үчүн бала азыр кичинекейлик кылчу. Ошентсе да анда бир сонун башталыш бар, ал – турмуштагы жакшылык менен жамандыктын сыйкырдуу күзгүдөн чагылгансып ага көрүнгөн элеси жана баланын ал айырмаларды баамдап бөлө билгендиги.

Фильмдин авторлору алыскы тоо арасындагы кордондогу ар башка тагдырлуу адамдардын турмушун, кагылыштарын сүрөттөөгө өткөндө майдан талаасы кылып ушул баланын адилет жүрөгүн алышат. Ар бир шартка, жагдайга жараша анын реакциясы ачык сүрөттөлүп жүрүп олтурат.

Бирок турмуштагы бир татаалдык, ал – жакшылык менен жамандыктын, оң менен терстин бири-бирине байланышпайэки жерде сенейип катып турбагандыгында, ошо бойдон өзгөрбөй кала бербестен турмуш менен кошо кыймылда, өсүп-өнүгүүдө, кыйроодо, ал турсун белгилүү бир окуя-шартта бири-бирине өтүп кеткендигинде болсо керек.

Ошондуктан бала өз сезиминде Орозкулду канчалык жек көрбөсүн, бирок ага мүйүздүү бугу-эненин бешик алып келүүсүн чын ниетинен каалайт. Анткени ал бешикке дагы бир тагдыр байланышкан. Ал – баланын жүрөгүнө жакын бактысыз Бекей. Же болбосо Момунду алалы. Ал бүткүл жашоосун, ниет тилеги менен өзүн бир нерсеге – адалдыкка арнаган, небересине да талбай ушул чындыкты үйрөткөн ак ниет момун адам. Бирок анын сөздүн толук маанисиндеги момун экендиги каалоосуна каршы өзүнүн да, жомогунун да, баланын да өмүрүнө балта болуп чабылды. Бүт баарына таарынган бала бул жексур жерден биротоло өзүнүн эңсеген тилеги – ак кемеге балык болуп сүзүп кетти.

Эмесе бул айтылгандардан кандай жыйынтык чыгарууга болот? Наадандыктын үстүнөн адалдыктын жеңишке жетиши мүмкүн, эгерде: Сейдакматтар, Момундар активдүү башталышка ээ болушса, тазалыкты (бала) Кулубек сыяктуу ар бир баскан кадамдарында коргой билишсе, эгерде Орозкулдар жеке тагдырынын ачуусуна алдырып, өзү, аялы, бала жана башка кордондогу бардык адамдар тилеген арча бешигин талкалабаса, эгерде алардын ар бири жаратылышынан берилген өзүлөрүндөгү жакшылыктын кичинекей бир данегин өстүрүп кете алышса. Ал эми бул ар бириндеги данек фильмде эң сонун көрсөтүлгөн.

Ак таңда жалбыракка туруп калган аруу тамчыдай болгон Балага көңүлдөрү бир саам бурула калган учурларында ар биринен «жылт» этип ушул учкун өзгөчө даана көрүнөт.

Башкасын айтып олтурбай каардуу Орозкулдун да кээде бул кыялкеч балага жүрөгү жылый түшүп, анан кайра: «өз каным болсоң кандай гана бөпөлөп өстүрөт элем!» деген орду толбос өксүк дүйнөсүнө бой таштап эчкиргенин эстесек жетиштүү болор. Тилекке каршы, эч бири (Кулубектен башкасы) өзүлөрүндөгү бул данектин гүлүн жайнатып өстүрүп кете алган жок. Ал эми жаалданган Орозкул баарына, биринчи ирээтте өзүнө бакыт алып келүүчү арча бешикти талкалап алды. Бешик фильмде символдук мааниге ээ болчу. Ал Бугу Эне алып келүүчү бешик гана эмес, дегеле турмуштагы ушул баланын өзүндөй тазалык, анын предметтешкен жаны өңдүү ыйык үмүт эле.

Орозкул мына ушул ыйык үмүткө кол көтөрүү менен (бул ага белгилүүбү же жокпу, бизге кереги жок, экрандан ошол ойдун айтылып ага ишендирип жатканы кымбат) жакшылык дүйнөсүнүн аны өзүнө байлап турган акыркы кыйбас кыл жибин чарт үзүп салды. Өзүн таразанын жамандык тарабына биротоло оодуруп кетти. «Эми ал эч качан балалуу болбойт. Өзү жөнүндө жер үстүндө бир эскерткич белги калбастан дүйнөдөн куу туяк өтөт».

Баланын жомок өлкөсүнө кайтып баратып чыгарган бүтүмү, акыл сотунун акыркы тыянагы ушул.

Ушул жерден бир суроо туулат. Адалдыкты алып жүрүүчү баланын өлүмү менен бирге наадандык жер үстүндө салтанат куруп калган жокпу? Эстеп көрүңүзчү? Фильмде дагы бир Кулубек деген каарман бар эмес беле. Ал токойдогулардын баарынын ичинен, Момундан да, ошол чоң шапке алаӊкөз баланы жакшы көрчү эле го, жакшы көрүп гана тим болбой аны ойнотуп, оюнчук сатып берип, сабакка кандай катышаарынан өйдө кызыккан, аны бардык жагынан колдоого даяр, турмушка да ишеними окшош жигит эмес беле.

Баланын айталбай, турмушка ашыра албай кеткен ой-мүдөөсүн ушул өз алдынча турмушка кадам шилтеп калган жарык маӊдай жигит жүзөөгө ашырар. Анын өлүмү бул жигиттин намысын тынч койбостур. Жана акырында, бүт баарына күбө болуп олтурган биз, жанараак «дүйнөдөн куу туяк өтөсүң» деп балага кошулуп Орозкулга каардуу бүтүм чыгарсак, эми жандуу катышуучуга айланып, бала менен бирге ак кемеге сүзүп барып, анын тирүүсүндө миң бир жолу кайталаган «Ассалоому ак кеме!» деген сөзүн кошо кайталашып жаткан жокпузбу?

Повесттеги сыяктуу эле фильмдин да оптимизми ушунда. Турмуштагы тазалыкты сактоого, ал үчүн болгон күрөштө көңүл кош болбоого, күн сайын күрөшкө чыгууга чакырып, аны ар бирибиздин милдетибиз кылып мойнубузга тагат. Ар бирибиздин жан дүйнөбүздүн тереңинде катылган, бир асыл данекти бөпөлөп өстүрүп алууга чакырат.

Бул терең философиялуу ойду режиссер экинчи бир маанилүү маселе менен айкалыштырып айтканын учкай болсо да белгилей кетмекчибиз. Ал – адам менен аны курчап турган табияттын ортосундагы карым-катыш, адамдагы таза, асыл сезимди калыптоодогу анын ролу, калыптоодогу эле эмес, дегеле бул ЭНЕСИЗ адамга жашоонун мүмкүн эместиги, аны менен кыйбас кандаштыкта бир бүтүндүктү түзүшөрү жөнүндөгү ой. Фильмдеги кооз табият, бугулар жөн гана экзотика эмес, ушул ойду түздөн түз алып жүрүүчүлөр! Бул проблемалуу ойлорду эриш-аркак айтып берүүдө авторлор кургак акылга жеңдирбестен аны бүткүл татаалдыгы менен жүрөк эргиткендей поэтикалуу кылып жеткире алышкан. Алардын арзырлык да бир ийгилиги ушунда.

Мындай терең философияга каныктыра сугарылган фильмдин жаралышына, зор ойдун айтылышында барыдан мурун анын адабий негизинин эң жогорку деңгээли мүмүкүндүк ачкан. Бирок бул режиссердун беделин төмөндөтүүгө жатпайт.

Баарыбызга белгилүү, адабиятта сүрөттөлүп жаткан турмуш көрүнүштөрүн жазуучу субъективдүү кабыл алуусунан өткөрүп, ийкемдүү фантазиясы аркылуу кандай көргүсү келсе ошондой көрүп, «талантынын күчү менен» миңдеген окуучуларды айтып жатканына ишендирип артынан ээрчитип кетет. Ал эми киноискусствонун турмушка бир таман жакындыгы (объектив турмушту өз кебетесине көрөт), сүрөттөлгөн көрүнүштүн түздөн түз көзгө токтомдуулугу анын көрүүчү тарабынан ар тараптуу же арбын «информациялуу» кабылданышына шарт түзөт.

Бул болсо окуучунун көрүнүшкө жазуучунун көрүү бурчу менен караганындай эмес, андан кыйла татаал процесс, объектив ачкан дүйнөгө өз көзү менен аралашуу. Мындай учурда, көрүүчүнү ичине ала калтырбай ишендирип, бир саат убакыт ичинде ага дүйнөнү кайрадан ачып, таанытып, жүрөгүнүн тереңинен өзү билбеген жаңы кудуреттүү ойлорду сууруп чыгуу үчүн режиссерго канчалык түйшүктүү изденүү керек. А эгерде ал фильм «Ак кеме» өңдүү калкка мурда кеңири тарап кеткен, ал жөнүндө ар бир адамдын мээсинде менчик образдары түзүлүп калган адабий чыгарманын негизинде тартылып жатса, бул маселе дагы канчалык татаалдап чыга келет.

Бала – Н.Сыдыгалиев Гүлжамал – А.Темирова

Аны ийгиликтүү чечүү үчүн албетте, зор режиссуралык чеберчилик талап кылынат жана дароо эле белгилеп кетүүчү нерсе Б.Шамшиев бул маселеде өзүнүн жетилген мастер экендигин дагы бир жолу көрсөттү. Бирок экрандаштыруу дегендин өзү чыныгы чыгармачылык процесс катары жазуучу жазган турмуштун так өзү жөнүндө кайрадан ой жүгүртүүдөн башталат эмеспи. Алар жазуучу салып кеткен из менен жүрүп олтурушуп, ал көргөн адамдарга, жазган турмуштук окуяларына, чыгарган бүтүмүнө өзүнчө баа берүүгө мүмкүндүк алышат. Жазуучу ачкан дүйнөгө китеп окуучулар сыяктуу кыялы менен аралашпастан, турган турпаты, чыгармачылык ойлору, жашоосу менен чөмүлүшөт.

Мына ушундай шартта гана алар чыгарма сүрөттөгөн турмушту терең өздөштүрүшөт, анын тигил же бул окуя – ойлоруна карата жеке мамилеси башталат.  Режиссердун канчалык даражада чыгармачыл адам экендиги ушундан айкын көрүнөт.

Б.Шамшиевдин аталган филтминде мына ушундай анын өздүк мамилеси барбы? Шек жок, бар! Ал фильмдин бүтүндөй атмосферасынан сезилет. Жогоруда айтылгандай, авторлор жазуучу жазган турмушка ушунчалык терең сүӊгүшкөндүктөн, аны өз жан дүйнөлөрүнүн төл сыры өндөнтүп ишенимдүү айтып беришкен. Айрым искусствоведдердин: Ч.Айтматов кудум ушуларды карап туруп жазганбы? — деген таң калуулары да жөндүү. Экрандан чыныгы турмуштун эпкини уруп турат. Муну мен повесттеги баяндалган окуяларга, айтылган ойлорго күндөлүк турмуштун боекторун эптүү сүртүп, экранда жаңы өмүр берип тереңдетүү, анын поэзиясын басаӊдатпастан «жерге» жакындатуу деп айтаар элем.

Б.Шамшиев анын мына ушул өзү кан-жаны менен аралашып жашап, сүрөттөп жаткан турмушту дагы толук чагылдыруу үчүн, өзүндө козголгон ойлорун айтуу үчүн, айрым, повестте кездешпеген жаңы кошумчаларды киргизгенин да айтууга тийишпиз. Мисалы, фильмде Орозкулдун Гүлжамалга көз кыры түшүп, «ырдабасаң кетпейсиң» деп камоого алган эпизод бар. Же ошол эле Орозкулдун өзү курчап турган адамдарга дайыма жаалы келип жинденип турушу себебин, биринчиден, повесттегидей эле баласыздыктан, «адашып тоо арасында» калган жашоосунан көрсө, аны менен чектелбей андан ары терендеп, бир кезде ушул токойду каалагандай пайдалангандыгын, эми кайсыдыр бир илимпоз сөрөйлөр бул жансыз жыгачтарды коргоо законун киргизгенин, ошондон улам мурдагы мүмкүнчүлүгү азайып «кадыры кеткенин» айткан көкөй кести ойлору кездешет.

Режиссердун мындай толуктоолору Ч.Айтматовдун Орозкулунун табиятына каршы болбостон, аны жаңы искусствонун табиятына ылайык тереңдетүү болуп саналат. Ушундай эле ой авторлор фильмде жер титирөө жөнүндө, жардамга келген курулушчулар жөнүндө учкай көрсөтө кетишип, аны менен биздин каармандар мына ушул агымдан бөлүнүп четте турган адамдар эместигин, көпчүлүктүн ичиндеги татаал тагдырлуу адамдардан экенин, иштеген иштеринин өзгөчөлүгү боюнча гана тоо арасында «эки бакыр бир тукур» болуп жашап жүрүшкөндүктөрүн көрсөткөндөрүнөн улам пайда болот. Жана айрыкча белгилеп кете турган нерсе, фильмдин финалы менен Кулубектин образынын кыйла тереңдетилиши.

Б.Шамшиев Сейдакматтай пассивдүү каарманды закондуу түрдө фильмдин аягына жеткирбей сыйлыгыштырып түшүрүп (анын фильмге мындан ары киргизүүчү жаңылыгы, мүмкүнчүлүгү жок), Кулубек өңдүү каармандын зарылдыгын сезгендиктен ал үчүн повестте жок жаңы жагдайларды кошуп, кыйла орун берген. Муну менен ал наадандыкка каршы сөзсүз, жалтанбай күрөшүү керектиги жөнүндөгү оюн активдештирген.

Мына ушул айтылгандардын баары биз жогору жактарда сөз кылган экран искусствосунун табиятын терең түшүнүүдөн, жазуучунун соңунан ал көргөн турмушту өз көздөрү менен карап баратып мүмкүн болушунча аны толугураак сурөттөөгө умтулуудан, жана өздөрүндө туулган жаңы ойлорун чыгарманын өзөгү менен органикалык байланышта бере билүүнүн жемиши

Ушул өңдүү ийгиликтерге жетишүү менен бирге Б.Шамшиев акыр аягына дейре өз алдынча бойдон калган эмес. Элге белгилүү бул повестти бузуп, жарып албайын деп айрым учурда анын алдында жүрөкзаадалык кылгандай. Жазуучунун баянын өз тилинде (кинонун) айтып жатып, аны дайыма эле чыгармачылык менен колдонбостон, айрым учурда жүрүп жаткан окуяларды механикалык түрдө көчүрүп салуу менен чектелгендей.

Бул айтылып жаткан кемчиликтер бир караганга байкала бербейт. Аны актерлордун, биринчи бала Нургазы Сыдыгалиевдин таң каларлык жөндөмдүлүгү, таланттуу оюну сыйдалап, анчалык билгизбей турат. Же болбосо, жазуучу кээде айланада болуп жаткан окуялардын балага канчалык таасирлүү жетип жатканын айтуу үчүн, же окуучулардын болуп жаткан окуяга карата субъективдүү мамилесин курчутуу максатында, айрым окуяларды курч сүрөттөөгө өткөн учурларын көрөбүз.

Жогорудагыдай көрүнүш-сүрөттөрдү так өзүндөй берүү, турмушту сындырбай өз кейпинде көргөн объектив үчүн жасалма болуп калары талашсыз. Фильмдеги Орозкулдун жаалданып мүйүздү талкалап жатышы, ошол эле Орозкулдун кечмеликтеги чоң ташка башы кептелген карагайды тарта албай зоруккан аттын «азабын кечке окута» бериши өңдүү кадрлар чынында фильмдин жалпы тулкусуна залалын тийгизип кетүүчү кемчиликтер эмес. Бирок жүрүп жаткан окуяга, берилип турган көрүүчүгө авторлор ойлогондой күчөгөн кызыгуу тартуулабастан, тескерисинче, «табигыйлык» деген кымбат баасынан ажыратып, «жасалма» көрсөтүп, бир саамга ыңгайсыздыкты пайда кылып жиберет.

Бул өңдүү кемчиликтердин тамыры жогоруда айтылгандай, текстти кино өнөрдүн талабы боюнча окуй билүүгө умтулуунун ордуна, айрым учурда механикалык которууга жол берип жибергендиктен деп ойлойм. Ушул жерден басма бетинде айрым авторлор тарабынан сонун деп табылып жүргөн бир эпизод жөнүндө да жекече оюмду айта кетким келет.

Ал: бешиктеги ымыркайды мүйүзүнө илип алып көлдөн сүзүп алып чыккан Бугу Эне жөнүндөгү эпизод. Бул – жомок. Демек, аны бериш үчүн турмуштун күндөлүк прозасынан жогору көтөрүлгөн керемет жомок кылып шарттуу берүү керек эле. Бирок ал энесайлык бабаларыбызды жоонун чабышы, умай эне жөнүндөгү кадрлар сыяктанып адаттан тыш, алыскы окуя болуп жетпей, кыялды көкөлөтүп алып учаар канаты жок, таасирсиз, шарттуулуктан куржалак, демейки жоош аппак бугунун өзү гана болуп берилген. Ырас айрымдардын: «муну кантип тартты болду экен, бешикти мүйүзүнө кадимкидей илип чыкпадыбы» деп шыпшынганын уктук. Бирок искусствонун баасы канча кыйынчылык менен эмес, образдын кандай жеткирилгендиги менен бааланат эмеспи.

Жыйынтыктап айтканда, бул фильм Шамшиевдин чыгармачылыгындагы урунттуу учурлардан десем жаңылышпасмын. Анткени ал ушул чыгармасында биринчи жолу турмуш, жашоо, жаратылыш, адамгерчилик менен наадандыктын күрөшү сыяктуу түбөлүктүү темалардын тегерегинде, каармандардын ички дүйнөсүнө басым жасап кеңири ой жүгүрттү. Өзүнүн мурдагы жакшы касиеттерин дагы бир жолу айкындады, башкача айтканда, актерлор менен эң сонун иштеше билээрин, режиссерлук чеберчилигинин жогорку деңгээлин көрсөтүү.

Ошондой эле бул фильминде Б.Шамшиев адабий чыгарманы экрандаштыруу жөнүндөгү мурдагы принцибин да улантканын көрөбүз же дагы бир жолу анын адабий чыгарманын тереңине үңүлө карап, баалуу касиетин бадырайтып биринчи планга алып чыгарын, текстте учкай айтылган же кеңири баяндалган нерсе болобу, өзү жасап жаткан фильмине зарыл экенин билсе, анын кинематографиялык эквивалентин таба билерин, чыгарманын духун берүү үчүн экранга артык баш көрүнүштөрдү ылгап алып салып, ордун автордук кошумча ой менен байытарын, натыйжада, ал өзү экрандаштырып жаткан чыгармасынын духун фильмде кеңирээк сактоого мүмкүндүк алаарын билдик. Бул албетте, анын жакшы касиети. Келечекте бул багытта дагы жемиштүү изденүүлөрдө болуп, жаңы бийиктерди багынтаарына ишенебиз.

19.IV.1976