ӨМҮРАЛЫ Чоюн: ЧОЮН ӨМҮРАЛИЕВ: АЛЫМ – КЕЗЕҢ

1. Алым — кезең 

2. Орус Алым

3. Жабыктагы ойлор

Арийне, жаңычылдык жакшы. Ансыз изденүү жок, алдыга жылуу жок. Эпигондуктан кутулуу жок. Бирок жөпжөнөкөй бир чындыктан да кутулуу жок: бардык башмалдак аткан изденүүңдүн жалгыз баасы – поэзия! Ушуну сактап бер, болду. Уитменче жайыласыңбы, Рамисче куюгасыңбы, Верленче ыргаласыңбы, Шаршенче жыргаласыңбы, өз эркиң, сенин ишиң — акыры поэзияны сактап бер! Жалгыз критерий ушул!

Эмесе, батыш-орус кыйырын кезген, “кысылган текст, бузулган ыргак, сындырык сап, тоңдурук уйкаш Алымды” так ушул коркунучтун баары туш-туштан тооруп, кайсап турган. Же ырдагы (т.а. поэзиядагы) кан-сөлсүз жасалмалуулук, сыйымдуулук жамынган декларатив, кыскалык сезилген схематизм, ички ыргакка жашынган бейыргак, символ көрүнгөн абстракция, ойчулдук туюлган карандай рационализм, ультражаӊычылдыкка учкашкан ултандык, ушунун баары, баары… Тык!

Бая-бая учугу чыккан кеп – форма-мазмун катышы, реалдуу турмуш жана ыр, Акындын миссиясы, поэзияга аң-сезимдүү мамиле өңдүү маселелерге да ушундайча арналуу кайрылып келебиз эми.

Алым жан ааламында “акын болуу, акын калуу, жаки…” деген гамлеттик суроо турган экен ошол кезде (“дүйнөлүк акын болом деп келди эле…”.)

Жок, бул менин “жоголгон бычактын сабы алтын” болуп өз баамымды тарыхка кеч таңуулап жатканым эмес, Алымдын өзүнүн артында калган саргарган “Жан дептерин” барактап жатып эрксиз көз жарган ойлорум. Эмесе, эми Алыкеңдин ошол туштагы түйшөлгөн жандүйнө дүбүрүн тыңшасак болот. Булар Муз Тоо – Айсберг сымал, бизге төбөсү гана көрүнгөн Алым поэзиясынын көмүскө түбү кай иңирге тунгандыгынан кабар жеткирет.

Жандептерден:

«Блок жөнүндө жазуу ойлогондон алдаганча татаал!

Блок – бүтүндөй доор, акын айткан. Анда азыр авторитет да, сүр да. Андан жалтануу болбойт. Жүрөк керек… Болбосо, Блоктун кыргыз асманы жок деп жазыш керек».

* * *

Верлен Дайырбектин (Станов – Ч.Ө.) колунан келер беле?!

Акыркы нюанстарына чейин түшүнбөшү (сезбеши) мүмкүн.

Негедир публиканын, жолдошжоролорунун (Беганас) табитине ылайык иштеп жүрөт…

Ак балтырын сылаш үчүн аялдын,

Ата Журттан кечүүгө да даярмын

[дегендей. Бул] бир дуу дегенге гана…

Шербет… Таланты, чын эле, чыгармаларынан бийик. Көрөбүз.

* * *

Поль Верлен. Бизге ылдамыраак келер эле. Ички да, сырткы да мукам. Дегеле биздин психологиябыз. «Песня без слов».

Пастернакта – «Хандра». [Верленди] көп киши которгон экен. Брюсов, Эренбург, Анненский, Пастернак, Гемкуль ж.б. ж.б. Гемкулдуку позитивдүүрөөк чыгышы мүмкүн. Анткени, мурдакы котормолордун бешенеси [тууралуу] эӊ эле көп нерселерди айтууга болот.

Пастернакка чейинкилер, кыязы, музыкалуулугун биринчи планга коюшкан, анан да, баягы «ак сөөк» чайналган тил. Пастернак мезгилдин тили менен сүйлөп берсе керек. Орустар жашап жаткан тил. А эмне үчүн мындай кылууга болбосун.

* * *

Талант. Мунун өзү канчалык банальный түшүнүккө алып келди… А чынында, өзү эле бүлбүл элес, бүлбүл түшүнүк.

Акын. Предметти ойго, ойду образга айландыруу.

Булар – Алымдын чөнтөк дептеринен. 1974-жылдын баш чендеринде жазылган. Сергек ой жүгүрткөн кишиге баары эле дайын турат. Антсе да, окурман ошол кезеӊдин демин сезсин үчүн блокноттук кай бир ойлорду «мезгилдик контекстте» дааналап турсак да болот.

Эсеби, ошол кездери поэзия жөнүндө сөз кеткенде талант тууралуу ар кыл кептер жүрөр эле.

«Ал – кара талант!»

Ушул бир сөздү оӊго да, солго да чайкап, ар ким өз түшүнүк ыӊгайына карай чечмелей кетчү.

«Талант болбогондон кийин ыр жазып кереги эмне. Калам кармабаш керек!»

«Жалаӊ кара талант канчага алпарат? Дүйнөлүк адабиятты мыкты өздөштүрбөсөӊ, айлыӊдан анча узай албайсыӊ».

Ушул контекстте Байдылда тибиндеги акындар да тымызын жерилип калган: «Эми минтип жаза берсеӊ бүтпөйт да, ана-ан…»

Алымдын жазгандарында андагы ушул адабий фон турат:

Талант… канчалык банал түшүнүккө алып келди…

Акын. Предметти ойго, ойду образга тогоо…

Блок жөнүндөгү ойлорун ушул айтылгандардын жарыгында кармасак, көп нерсе дароо ачыкталат. «Бүтүндөй доор Блокто» – талант да, окумалдык да ширетилген; ой да, сезим да чулу уютулган. Эгер муну билбесек, Блоктун кыргыз асманы жок (б.а. биз түшүнбөйбүз!) деп ачык эле айталы. Блок биз ойлогондон алда канча татаал.

Верлен жөнүндөгү ойлорунда да канчалык таамайлык, аны тереӊ билгендик тексттен сыртка тебилип турат. Дайырбек Станов анда чыны менен таланты ташкындап, жаӊшанып ырдап турган жаш акын эле! Эски заман болгондо Эсенамандай төгүлүп кетмекчи анын аяр поэзиясы – бар мукамы-ыргагында – кайран Дакеӊди жаӊы заман кыргыз Верлениндей эле таанытып турар эле. Поль Верленди бир которсо, ушул Дакеӊ котормок. Бирок кара таланты кайнап турган ал айрым нюанстарында кантээр экен? Уттуруп жибербес бекен?! Алымча аркы тереӊин көзөй көргөн аналитик эмес эле…

ЖАНДЕПТЕРИН жана барактайлы.

«Шүгүрчүлүк… поэзия деген бир эле сенек түшүнүк эмес. Шүгүрчүлүк – тигиндей да, мындай да далилдесеӊ болот. Болбосо, дүйнөдө бир гана акын болмок. Болбосо, такыр эле болмок эмес. Лев Николаевичтин айтканы болуш керек – далилденбеген нерсенин баары чындык деп…».

* * *

«Акылдын бир гармониясы – сезим. Айтышат ко:

Жүрөгүӊ – ойлонот, акылыӊ – сезет [деп]».

Ырас эле поэзияны жалаӊ талант деп кыргызча түшүнсөк (жапан талант, сезим, интуиция – Ч.Ө.), анда аны канчалык бир беткейлентип алар элек. Поэзия бул эле эмес, ал – ой дагы, акыл дагы, карандай акыл эмес – Аӊ-Разум (жүрөк ойлонот, акыл сезет). Демек, позия деген – этеги ээленип, жазылып-жайылып кеткен байдылдабайан төкмөчүлүктү бир мөлт образга сыгып, чээндей түнт ырга камап салуу дагы. Бир эле сөз[дөр]дүн улуу ички кудурет күчүн ойготуп туруп!

Айтмакчы, айтылган акыл-ой, сезим-интуиция, образ дегендериӊ да бир эле адабияттын (поэзиянын) иши эмес, ал «тигиндей да, мындай да далилдеп кете берсеӊ болчу» – жалпы эле:

искусствого тиешелүү форма-мазмун дегендин да иши;

артылып, дүйнө кабылдоого байланышкан Объект-Субъекттин да маселеси;

артылып, Жараткан-Жаралмыш жайын издеген Илим-Диндин маселеси;

артылып, дегеле философияга тиешелүү Материя-Идея маселеси;

артылып, Улуу Болмуштун УӉГУСУ (ЕДИНОЕ) маселеси.

Жок, булар дагы менин бүгүнкү баамымды качанкы Алымга кеч таӊуулап чыккан жайым эмес, Алымдын ошондогу өз ойлору. Өз изденүүсү, өз түйшөлүүсү, өз жан эргүүсү, азабы-казабы. Анын ырга түшкөн жолу (поэзия – ал үчүн баары! «дүйнөлүк акын болом деп келди эле…») неткен кылкөпүрөлөрдү басып, «кан» менен «тер» ортосунда карышып жашагандыгынын күбөсү. Эмесе, анын жандептерине кайрадан багып, керектүү жерлеринде Мезгил Жарыгын жагып окуй баралы. Дүйнөлүк залкарлар менен үн алышкан мерчеминде жаш Алым портретинин бизге белгисиз жагдайлары дааналанмагы бар.

Жандептерден:

«Все что мы знаем о реальности, исходит с опыта и завершается им» (Эйнштейн).

Эйнштейндин бул ойлору (Алым өнө боюнан өткөргөн!) бая буга дейре айтылган анын жапан талант, б.а. сезим, интуиция жөнүндө; анан да татаал Блок тууралуу айткан ойлорун керектүү өӊүттөн жарытып берет: реалдуулук (б.а. поэзия предмети) – бул сезим эле эмес, тажрыйба (практика) дагы.

Андан ары кайрадан:

«Если опыт – альфа и омега нашего знания, какова тогда роль разума в науке» (Эйнштейн) деп духтун атынан Эйнштейнди ээрчий суроо салат Алым.

* * *

«Разум, конечно, слаб по сравнению с бесконечным объектом своих поисков, он безусловно слаб в борьбе с безумствами, которые управляют судьбами людей»… (Эйнштейн).

Интересные совпадения» (апрель, 74, А.Т.)

«Интересные совпадения» – эмнеде эле?

Алым Достоевскийди абдан сүйүп окуучу. Анын каттарына чейин. Ал эми Достоевскийдин адабият, искусство тууралуу айткандарын алдын сызып окуп, тамшанып кеп салчу. Ал жылдар, мурда Толстойдун карааны артында көмүскө калып келген Достоевский (ошол туштагы расмий идеология!) эми Шекспир менен гана салыштырыла каралып, жылдызы айрыкча жанган кез эле. Алымдын психологий табияты оор басырык моралчы Толстойго эмес, оргу бууракан психолог Достоевскийге жакын болчу.

* * *

Достоевский стремится решить коренные философские, религиозные и моральные проблемы; это стремление заставляет их совершать подвиги или преступления, и т.д.

Эйнштейн подвергает природу, когда он приходит парадоксальным… Например, как ведет себя движущееся тело в условиях «жесткого эксперимента», придающего ему скорость, сравнимую со скоростью света, и т.п. (ж. «Религия и наука»).

Жай окурманга мунун жайын саал чечмелеп койбосо, күдүк калат.

Эйнштейн салыштырмалуулук окуусунун уӊгусун – Улуу Жан Жаратылыштын бир касиети катары үч өлчөмдүү мейкинге төртүнчү кылып жарык ылдамдыгындагы нурду жууруп жиберип туруп табат. «Жесткий эксперимент!» Достоевский да ушул – бул да өз каармандарын токсон тогуз тозооку кырдаалдарга жеткирип туруп, психологий сынайт.

Движущееся тело – со скоростью света…

                                                                                     (Эйнштейн).

Безумство – которое управляют судьбами людей…

                                                                                                 (Достоевский).

Айтылган кырдаалдар (акыл-сезим; талант-билим) Алым жан дүйнө-өнөрканасында эксперименттердин да эксперименттери жүргүзүлүп жаткан буй түшкөн жылдарга туура келет. Достоевскийдин ич ааламына (дух) кызыккандай эле ал Эйнштейндин сырт ааламын (материя) түшүнүүгө да өтө ыклас арткан. Принцибин! Эстетип алаарым, жаш Алымдын жай албас бул ойлору  андагы биздин адабиятчылар эмес, эчен физик аалымдарыбыздын түшүнө али Эйнштейн кире элек тээ 70-жылдардын башында айтылып жатат.

Нетесиӊ, чыныгы художниктин бир табияты…

Эйнштейндин тилин булайтып сунуп жиберип, көрүүчүнү (бүт Элди, мүлдө Ааламды!) эликтеп турган бир сүрөтү бар. Ушунун көчүрмөсү Алым жашаган квартиралардын баарында аны менен кошо көчүп-конуп жүрдү.

Кантесиӊ, Алымдын да бир катылган мүнөзү…

Жандептерден:

Я хорошо понимаю вашу антиномию к термину «религия», когда он относится к эмоциональному, психическому ощущению, столь отчетливо выраженному у Спинозы. Но у меня нет лучшего термина, чтобы обозначить чувство уверенности в разумной основе действительности и в ее принципиальной доступности человеческому разуму. Там где этого чувства нет, наука вырождается в бездушный эмпиризим».

(Эйнштейн, из писем к Соловину).

Материалистический подход к Богу (А.Т.).

Алымдын ушул өӊдүү залкарлардан көчүрмөлөрүн жана ага бир шилтем комментарий-ойлорун көздөн сыдыра отуруп эле анын аӊ-сезим агым, жан дүйнө кыймылын кармайсыӊ. Кумга магнитти бир кармай бергенде дүрт этип, андан темирзаты тирилип чыга келгендей, саналган аалымдардын санатсыз ойлору арасынан Алымдын аӊы өзүнө гана керектүүсүн дирт илип алганына таӊ бересиӊ. Поэзияга чаӊкаган жанына. Болгондо да, өзү түзүп бараткан Ыр Дүйнөсүнө үндөш! Маселен, буга дейре анын поэзиясындагы ой – сезим; акыл – керээт (интуиция) («жүрөк – ойлонот; акыл – сезет») жайындагы ойлорун, алардын ырдагы ичара катышын көрдүк. Блок тариздүү жалаӊтык кыртыштан (эмоциялуулук – рационалдуулук) жахаанга калкып чыгып кеткен (разум) Жаӊы Поэзиянын астанасын аттап калганына күбө өттүк. Эмесе, жогорудагы Эйнштейндин доско жазылган ойлорунда да дал ушул сом бирдикке күмөнсүз ишенич жаткан – «разумная основа действительности и ее принципиальная доступность человеческому разуму». Алым поэзиясы өзү ушул удулда эле…

Жок, Алым чоӊ философияны чочугандай андан-мындан олуп-чолуп караган эмес. Тубаса аналитик табияты аны илимге ырааттуу, системдүү мамиле кылууга тарбиялаган.

Бир курдай маа кайрылды. Гегелдин «Философия религии» китебин сурады. Эч таппай жүргөнүн айтты. Бар эле менде, эки томдугу теӊ. Нарын борбордон четте болуп, биякта жок китептер аяктан табылып калар эле. Бердим. Кийин-кийин көрдүм, бая колтамга салынган китептерим чийилип окулуптур, кыйла өздөштүрүлүптүр. Кайтып сурабадым. Эми алар «Алымдыкы» эле. Башка, окулган философия китептери да мол эле. Бул жагынан ал бая айткам, өз билимин Турмуш Университетинен өркүндөткөн Пешков-Горькийдей бар эле…

Достоевский, Эйнштейн, Верлен, Блок…

Бир карасаӊ, бири-бирине дегеле тиешеси жок аалымдар (жазуучу, физик, акын), ар кыл илимдер (проза, физика, поэзия) жана Алым. Буларды байланыштырып турган нерсе эмне? Алымдын жан муктаждыгы эмнеде эле?

Жандептерден:

«Причина или разум, разум или причина…»

(Эйнштейн)

Истинная идея должна быть согласна со своим объектом»

(Спиноза)

Эйнштейн, учурунда, өз замандаштарынын кыйласы менен, т.а. эӊ майда бөлүкчөлөр ааламында (протон, электрон, нейтрон ж.б.) себептүүлүк мыйзамы иштебейт деп эсептешкен бейдетерминчи аалымдар менен келишпей, каршыгып жашаганы белгилүү. Эйнштейн боюнча бул жарык Ааламда, мейли ал эӊ майда бөлүкчөнүн ички ааламы болсун, мейли, Сырткы чексиз Ааламы болсун, себепсиз эч нерсе болбойт. Бардыгынын негизи бир жана жалпы, ал – себептүү Уӊгуталаа (Единое Поле). Ал, ырас, себептүү болсо, демек, түбү – Аӊлашкан (Разум).

Эйнштейндин бул ойлору Спинозага таамай үндөшкөн (Эйнштейн, тушунда күчтүү спинозачы болгон) – Ич менен Сырт бир-бирине дал.

Ана, жетээр жерге эми жеттик.

Жандептерден:

«Рильке Райнер Мариа

  1. Ички «шаты». Ошончолук бийиктикке чыгыш үчүн керек «шаты».
  2. Тиричиликтин көрөн-шөрөндөрү, мүмкүн, «созерцание» деген ошол акылга жукпоочудай болгон олуялыктар… мүмкүн фантазия – Рилькеде ырдын эӊ эле керектүү, эӊ эле тирүү организми…
  3. Талант. Рилькеде чыгармадан төмөнкү баскычта. Ал эми көп акындарда (өзгөчө биздин), «поэзиядан мурда – талант» деген гана түшүнүк калат…

Алым мына ушул гармонияга умтулган. «Шатыны» кармаган. Алым мына ушул музыкага умтулган  ыры күүгө айланып кеткен. Эмесе, ушул контекстте Алымдын, бая, поэзия, талант, ага ойдун катышы тууралуу айткандарын чөп башылап, эстен кайра бир сыдырып алсак болот:

«Шүгүрчүлүк… поэзия деген сенек түшүнүк эмес. Муну тигиндей да, мындай да далилдесеӊ болот»;

«Акылдын бир гармониясы – сезим. Айтышат ко: жүрөгүӊ ойлонот, акылыӊ – сезет деп»;

«Акын. Предметти ойго, ойду образга айландыруу.

Башкача айтканда Поэзия жалаң төгүлгөн кара талант (сезим, интуиция, көкүрөк) эмес, ал ошол агылып жаткан жапан чексиздиктин Аңда (Разум), Образда бир тамчылай мөлт кармалып калгандыгы да.

Алым сүйүп, которуп, окуган акындары Гете, Рильке, Блок баштап ушул философияны тутунгандар эле. Баятан биз узун сабак сөз кыла келген (т.а. Алым ой элегинен өткөрө, жан дептерине тизе келген) залкарлардын айткан-дегендеринин мүлдө тогошкон жери, ана ушул. Муну дагы да тактап адабият айдыӊына тогой айтсак: поэзиядагы форма менен мазмундун сом биримдиги, дал барабарлыгы, шай-гармониясы дегенибиз дал ушул!

Кылымдык кыргыз салттуу поэзиясын мындай кой, соӊку жазма поэзия даркандары Токомбаев, Эралиев жана «алтымышынчыларды» чагып өздөштүргөн; бири-бирине түк окшобогон, стилдери кайталанбаган дүйнөлүк шаалар Гете, Хикмет, Уитмен, Верлен ж.б. өнөрканасында кайнап бышкан; Пушкин, Лермонтов баштаган орус классикалык поэзиясынын өзөгүнө түшүп, өзүмдүк мектебине айландырып алган Алым үчүн, бул, акыры, ал – келээр табигый чек эле. Башкача болууга мүмкүн эмес. Бул – дүйнөлүк улуу мастерлердин кай, кимисинин болбосун, акыры маӊдайына жазылган басаар жолу. Кайталайын, чыныгы Чоӊ Художниктин!

Ошон үчүн атактуу сүрөтчүлөр дүйнөлүк мастерлердин шедевр полотнолорун кайра-кайра, кайра-кайра көжөлүп көчүрүп тартышкан – алардын көкүрөк табын өз көз нуру, бармагы учунда кармаш үчүн; атактуу акындар дүйнөлүк улуу Устаттардын чыгармаларын ээрчип жазышкан, чөмүлүп окушкан, эрип которушкан – алардын дил мээринде тирилип чыгыш үчүн.

Алым («дүйнөлүк акын болом деп келди эле…») атайын эмес – стихиялуу, окустук эмес – мыйзамченемдүү, бэштүү эмес – бешенелүү өзүнө чейинки чыныгылар баскан ушул улуу чыйырга түшүп калган. Тагдырлуу! Ал эми Чыйырдын анты бирөө гана – Мастерлик! Мастерлик китептен, адабий мектептен келбейт жалаң. Ал – Турмуштан бышат. Учурунда Алымдай баардык агым-мектептерге урунуп-беринип, акыры айрылыш жолдордон (“Перепутье двух дорог”) өз Кайрылышына чыккан Александр Блоктун 1911-жылы энесине кат жазган жери бар: “настоящее произведение искусства может возникнуть только тогда, когда поддерживаешь непосредственное (не книжное) отношение с миром”.

Ооба, Алым акыры (баса, «акыры» дегеним – анын отуз эле жашы!) ушул келбей койбос чегине келди. Чеберликтин кыл кырына! Турмуш чындыгынан Ой (философия) калпып, ойду Образга (поэзия) тогоп, Ичи, Сырты бирдей иштелген, телегейи тегиз кармалган шедевр ырларын экчеп салды.

Аӊкыткан жаштык саясын
Андагы абаз кайда бар,
Алыстан кайып өтсөк да,
Аӊыздайт аны шалбаалар.

Жоогазын болуп өскөнбүз
Жоодураган жолдордо,
Ишенич багып жүрөктөр
Илинип колдор колдорго.

Жылдызыӊ таппай жылдардан
Ырлардан издейм эми мен,
Салаалап агып жок болдуӊ
Сагынчтай таӊга эриген.

Сарапсап салбай өткөн күн
Сары алтын экен айчыгы,
Саргайтса дагы сан жылдар
Санаада жүрөт айтылуу.

Бул – шедевр! Бар кыры мизделген бриллиант! Ич нуру Сыртка тепкен, Сырт үрү Ичке кирип кеткен Алмаз Ыр!

Балким, ким бирөөлөргө бул ыр[лар], бая көндүм фольклор ыгында жаӊыча жазылып калган бир шилтем сыяктуу сезилээр; балким, ашып барса, Алым жыйырма жашында эле жерип салган бая Эралиевдин элпекжүрүш ырларынын бири болуп көрүнөр, бирок акыйкат андай эмес – мунун баары мээ азгырык, көз жазгырык бир мөрт; «Бир Ырга» келген узаакы тарых, рухий эволюция дегенден кабарсыздык. «Бир Ырда», чынында, Алым басып өткөн мүлдө ыр жол – Бальмонт-Сологуб ыргагы, Блок-Гете тереӊдиги, Пастернак сыйымдуулугу, Ахматова изгилиги, анан, албетте, Сүйүнбай элпектик жана кыргыз элдик ыр авазы жатат. Баары чылк уютулуп!

Же бул учурду (Мидинче айтканда: «Каран калгыр, кандай учур теӊелмек!..») кара тилде какылдап сайрабай, кайра эле Акындын (Жолон) бир жумгак ыры менен как жарып айтсак, Абал – мобул:

Татаалдыктын ар жагынан даӊгырап,
Сен оӊой жол күйгүзөсүӊ көзүмдү.
Сага алпарчу лабиринтте каӊгырап,
Мен түгөтүп алчудаймын өзүмдү, – Дүйнө!

Бая алдамчы жөнөкөйлүктүн артында ушунча татаал-катаал Жол жаткан («Рим – Ирим – Иӊир…»). Алым басып келген… Түгөнүп-түгөнбөй…

Азис окурманым! Мен эми сиздин алдыӊызга ушул өӊүттөгү ырлардан кайсы бирин дал сунарды билбей деп турам. Биринен бири кызык, биринен бири азгырат, талашат. Биринин сырты жөнөкөй, ичинде ирим; экинчиси сыртынан өткөрбөйт, кытайсепил, бирок бир кирип алсаӊ, ичи дүйүм. «Нурлардын аванында күнкарамаӊ миӊкарама тирлик-демдин жаагын жанган…» дүйнө-өмүр.

Эмесе, эми сиздин көз алдыӊыздан турмуш-устаттык да, тереӊ-жөнөкөйлүк да зыл эриш-аркакталган ыр кыркаарын бир чубатайын. Соӊунда, бая, Омор акын койгон доого жооп – бир эле ырды кайра-кайра, кайра-кайра, ыр сабын эмес ар сөзүн, ар сөзүн да эмес ар дабышын кырып-жышкан кылзергерлик, акыры түбү, барып-келип, дегеле акталабы же жокпу деген суроого жооп – анын бир ырын толук мисалдаймын. Дагы эле эсиӊизге салаарым – акын ырлары сизге дале кандайдыр түшүнүксүз тарта берерин да боолгойм. Бирок болбой эле акынды кайра-кайра окуу керек. Окуганда да анын басып өткөн акындык жолун (мектептик, турмуштук) кыймылга салып туруп окуу керек. Ушунда жаркып ачылат Алым. Анткени, анда айтылган дүйнөлүк жана орус классикалык поэзияларынын көөрү чөгүп калган. Бир карасаӊ, билинбейт анча. Кадимки желдирме акындардай жепжеӊил кете бересиӊ. Демейки ырлардай бир дем тартпай, акырына чыгасыӊ, балким, кай бири баягыдай тыкыр «ребустанып» туруп алат. «Мунун неси?» дегендей ийин куушурасыӊ… Болбой эле дыкат окуу керек аны. Анткени, эми сиздин, жөн эле интеллектуалдык эмес, «интеллектуалдык-философиялык» поэзия менен ишиӊиз чыккан. Ал эми мунун шерти-шарты – Болмуш өзөгүнө чөгүү, аны сыйымдуу Образга айландыруу. Эмесе, Алиппедей жөпжөнөкөй [сыяк] мобул бир ырга назар салыӊыз.

Жон-жондордон айдап келдим
Жолбун ырлар үйүрүн.
Күмүш жалын Күнгө малган
Күлүгүм ай, күлүгүм.

Ай-талаадан айдап өттүм
Алгыр ырлар үйүрүн.
Алтын жалын Айга малган
Ай күлүгүм, күлүгүм…

                                               («Жомоктор»)

Мектепке чейинки бала бакчада жатталчу (чын эле ошентиш керек!) жөнөкөйдүн да жөнөкөйү фольклор тунган бул ырдан эмнени издейбиз, нени табабыз?..

Абай салыӊыз:

Биринчи жумгак – жон-жондордогу ырлар, али кол тийбеген, үйрөтүлбөгөн, азоо, жапайы, жолбун (демек, кармалып калыпка салына элек) ырлар. Үйрөтүш үчүн абалы, айдалып келиши керек.

Экинчи жумгак – алар алгыр ырларга (б.а. кармалган, үйрөтүлгөн, калыпка салынган) айланышкан. Эми ай-талаадан айдалып өтүп, баратышат…

Мезгилдик да, Мейкиндик да эки абал арасындагы Образ-Кыймыл. Күмүш жалы Күнгө малынган, алтын жалы Айга малынган элдик философиядагы эки ченем-чектин катышы идеясын дегеле эске албаганда (туруктуу фольклор санап!). Бир карасаӊ, ыр, бая, буга дейре кыйла теорий дыӊ челинген жапан талант жана ой-образ катышы жайындагы Алым ой толгоолорунун поэзий иллюстрациясы, өзүнүн биографиясы да өӊдөнүп кетет. Биерде мен атайын алымдык ыртүзүмдүн бир принцибин нускап коюш үчүн гана эӊ жөнөкөй мисал тарттым.

Жашоо-Болмуштун эки чеги ортосунда ырдалган мындай «төгөрөк образ» ырлар автордо арбын:

«олтурасыӊ азганым да, безгеним; олтурасыӊ булбулум да, кургурум; топук кылып азан менен базарданбоюӊда бар, оюӊда жок эч нерсе; айлар, жылдар… күз эчкирет – кеч кирет»;

«каргабайм да, карганбаймкайгырбайм да, кубанбайм; ыргай муӊу – кубанчы» («Ашыктарга бешик ыр»);

«түштөрдүн тили менен аскаларыӊташтардын тили менен өзөндөрүӊ; дүйнө мага – жармы түн, жарымы жарык; өмүрдүн ысык – суук демин сезип» («Өскөн жер»);

«көктү аӊтарат – нени көздөйт? Жерди тинтет – нени издейт?; Алдообу же арбообу же; же атчанбы же бир жөөбү?; өӊбү же бир түшпү деп («А ою жок оттуу көздөр»).

Кай бир учурларда бүтүндөй ыр, өзү – «төгөрөк образ». Маселен, «Балалык» аталган ыр. Ырда – таӊда Дүйнөгө таӊыркап туулган баланын күүгүм кечке чейинки (балким, өмүрдүн кечи) бир сонуркоо абалы. Дүйнөгө бир кыялы козголуп, бир сезими чертилип, бир көзү ачылгычаӊ кайрадан каптаган иӊир караӊ:

… Жомоктогу таңдар атты,
Суулар акты мүрөктөй.
Аскалардын шуулдагы
Арбап алды жүрөктү.

Чыдабадым, жанып кеттим,
Жарып алдым үнүмдү.
Жаӊырыгын алып кетти
Батаар күндүн күүгүмү…

Алым ырынын ачкычы кармалбаса, ал сыртынан кайытып, ички дүйүмү алдыга жайылбай калат.

Мындай ыр кыркаары:

«Жаз өжөр өнүмдөрдөй»; «Желбирейт оттун табы коломтодо»; «Чил арышы түшө элек айдыӊ талаа»; «Алп асман жамынып жаттым мен»; «Калган жаз кар алдында»; «А ою жок оттуу көздөр»; «Тарткылачы атымды ооздуксуз»; «Карады, дүрт карады, бүт карады»; «Түшүп жатат дарактан жалбырактар»; «Карга ка-ак деп, кузгун ку-ук деп көрүнбөй» ж.б. д.у.с.

Албетте, ар окурманда табит ар башка. Алымда эксперимент ырлар аз эмес, жаштык эпигончулуктан да куру эмес, даярдыгы анчейин окурман ыр жышында адашат, дурус-бурушун (кайталайын, өзүнө салыштырмалуу алганда) айырып-ачуу да оӊойлукка турбайт дегенбиз. Ушул себептүү, биз анын өздүк жүзүн толугурак түшүнүүгө мүмкүндүк ачат деп эсептеген ырларын сундук.

Алымдын кылзергерлигинин далили – ырлары, Омокеӊе дадил жооп. Анын мындай айлада жок мизилдете иштелген ырлары, керек болсо ыр болуудан калгандай, турган турумунда символго уютулуп салынгандай. Мисалга, «Казак авазы»:

О, мелжиген кеӊ дүйнө,
Оолжуган азаттык.
Агыйыктар жөнүндө
Айтып ырдайт казак кыз.
Туйлайт тулпар таӊашып,
О, казактын талаасы!

Асман агат дайрадай,
Аӊыз кептей узайт көч.

Куюндай үн айланат
Кумарынан куса көп.
Кайда каӊгы – жол ачык,
О, казактын талаасы!

Инген ыйлайт илээлеп,
Илеп тартпай айталаа:
Алыс кеткен бирөөгө
Аба акырын чайпалат.

Таӊдан тагдыр талашкан
О, казактын талаасы!

Аттар өтөт шатырап,
Алакөбүк тер менен.
Айтпайт кайда ашыгат,
Асман бийик, жер кенен.
Өмүр кыска, санаа узун
О, казактын талаасы…

Ыр дейин десеӊ сүрөт сүйлөгөн, сүрөт дейин десеӊ домбура күйлөгөн, күү дейин десеӊ жүрөктүн так өзү безеп үндөгөн – бул, не?! Баары! Закымдай аралашкан…

Миӊ бир кулан бир демде Сары-Арка дыӊды айтуякка ороп бөжүп-безип баратыры – Дүйнөнүн ичи-сыртын бир жууруй… Айтөгөрөктөп! Мында казактын жаны да, тэни да – мөлл!

Казактын өзүндө качандыр ушундай Төгөрөк-Символ поэзиянын жараларына, башканы билбейм, мен күмөнмүн!

Бул ырда Ич менен Сырт бир кеткен. Илинчектешкен. «Ичи-Сырты бирдей» дегенибиз, ушул. Биерде, бая мазмун, форма» деген түшүнүккө орун калбай калат, т.а. формасы – мазмун, мазмуну – форма катары чыгат– жаки, бул Абалды Спиноза менен так мүнөздөөгө болот: «истинная идея… согласна со своим объектом». Биерде «форманы мазмун аныктайт» деген эски көндүм түшүнүктөр өчөт – жаки, кайра эле классикага кайрылсак, кеменгер Гегелдин сөзү менен Абалды мындайча аныктоого болот:

«содержание – формировано, форма – содержательна» («мазмун – формаланган, форма – мазмундалган»).

Жандептерден:

«Достоевский дает мне больше, чем любой научный мыслитель, больше, чем Гаусс»                                                                                                                                         (Эйнштейн).

В научном мышлении всегда присутствует элемент поэзии. Настоящая наука и настоящая музыка требует однородного мыслительного процесса»

                                                                                                                                         (Эйнштейн).

Алымдын поэзия чегинен чыгып (т.а. поэзиянын ички Ааламына төнүш үчүн!) философия, физика, психология (Достоевский) илимдеринин тамырын тарткылай, дарбазасын черткилей каӊгып-бозуп жүргөн ырдервиш тагдырынын мүдөөсү-арманы бирөө гана – ПОЭЗИЯ экени, аны ээрчип-излеп, ушунча узаакы-тозооку жол басып өткөнүбүз соӊ гана чет-чети түрүлүп, чеке-бели эми билинет. Ал Поэзиянын не экенин анык билди, ага канык келди! Бая айтылган «бардык башмалдак аткан изденүүӊдүн жалгыз баасы – поэзия! Ушуну сактап бер, болду!» — деген ак соболго нак жооп берди – Поэзиянын өзү менен!

Мен турган тушта – сен туулган кыштак
Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан.
Жалгыз бир кезде жарк этти эске,
Жагоочон күндөр жадымдан чыккан,
Барайын дедим, баралган жокмун,
Карарган деӊиз, агарган толкун.

Тунарган жакты турамын карап,
Туш-туштан шоокум шооладай жанат.
Бир мезгил келет жамгырдай төгүп,
Бир мезгил кетет шамалдай сабап.
Бүт дүйнө шундай жаралган достум,
Карарган деӊиз, агарган толкун.

Шамалбы, карбы, өкүнбөйм эч бир
Кезинде жаады, кезинде кетти.
Тек гана дүйнө жазындай болгон,
Кумарлуу күндөр көзүмдөн өттү.
Сенин да билем, тизмеӊде жокмун,
Карарган деӊиз, агарган толкун.

Бул ырда Алымдын бүткүл мектеби бар – Верлен барБальмонт бар, Сологуб бар. Кубулжуп өзүбүздүн Кулкожакмат да бар. Анан… өзүнүн Тагдыры бар!

Бул ыр да шедевр! Сөз жок! Бир сөзүнө тийүүгө, бир үтүрүн жылдырууга эгерим мүмкүн эмес Симфонияга эч сөз жок! Түпсүз мухит сырын түнөргөн ак жал толкундары гана Ай ааламга шарпа-шурп шоораттап калган бул табышмак-Символду, тек, күүсүнө эрий, ырдаш керек. Анан, ыйлаш керек…

“Ак жал толкун демекчи, аркы өйүздө кызыл жүздүү бир кыргыз кызы болор эле (“Көл түнү” ыры, Чолпон-Атада жазылган), кезинде ал да ырдап койгон:

Ысык-Көлгө таштагыла боюмду,
Кайсыл күнү өмүрүмө кеч кирет.
Ал мендеги өчпөй калган толкууну
Бир коротпой кайра жээкке жеткирет…

“Жатат деңиз тил-оозсуз”.

«Дүйнөлүк акын болом деп келди эле, дүйнөлүк акын…»

Жок, буга эми жоопту окурмандын өзүнө калтырамын…