РАИМЖАНОВ Мамат: МАМАТ РАИМЖАНОВ: БИР АБЫШКА БОЛУПТУР

АҢГЕМЕ

Абышка көлөшүн жылаңаяк бутуна илип, бактын четине айланып өтүүчү арыктын боюна келгенде, кеч бешим болуп калган эле. Ал дайыма ушул жерден даарат алат да, көнгөн адаты боюнча чоң түп өрүктүн түбүнө жайнамазын шашпай, кайдыгер төшөп, намаз окуп кирет. Анын намазы дайыма бирдей эмес. Кээде нары-бери бүтүрө салса, кээде бир чай кайнамга чейин былк этпестен, кадимки таш бабалардай болуп, кызарып батып бараткан күндү тиктеп отура берет.

Мурун ал минтчү эмес. Тили зорго ийкемге келген арабча сөздөрдү сайга таш кулаткансып, калдыр-кулдур кылып, жаңылбай айтып бүткөндөн кийин эки колун кеңири жайып бата тартчу да, колуна тийген иши менен алектенүүчү. Кийин улам тереңдеп карыган сайын, анын намазы да узакка созулчу болду. Эки ийини шөлбүрөп, далысы үңкүйүп, намаздын сөздөрүн айтканы же айтпаганы билинбей отура берет. Качан гана ордунан турганда жүзү майланышкансып, үп болгон бөлмөдө, чак түштө уктап ойгонгон адамдай чыбырчыктап тердеп калар эле. Ушундан улам кантсе да же намазгабы, же белгисиз бир чубалжыган ойлоргобу, айтор, жан дүйнөсүн балкыткан сезим эргүү адаты пайда болгонун байкоо оңой болчу…

Ал кашааны бойлото тигилген, барпайган кара талдардын түбү менен агуучу күмүш булактан бурулуп келген арык боюндагы тердик бетиндей көк чытырдын майсаңына көчүк басты. Баш бармактарынын сары жон балык түспөлдөнгөн, мүйүздөй катуу болгон тырмактары бар буттарын кызыл ашыгына чейин сууга салды да, жаны сергип ырахаттана отуруп калды. Улам-улам жаш балдарча эки буту менен сууну шапшып-шапшып коёт.

Бир оокумда башын көтөрүп мандай жагындагы көгүлжүм тарткан тоолорду карады. Акчечек менен жапайы алма, долоно менен алча жыгачтары аралаш өскөн токойлуу тескейдин беттериндеги шалбаалар желге жапырылып, деңиз толкунундай түрмөктөлүп, кызгылтым тартып көйкөлөт.

Жай мезгилинде бул жердин тескейи бир укмуш. Түрлүү гүлдөр аралаш өскөн, адамдын көкүрөгүнөн келген шалбаасы кереметтин эле өзү. Май айынын ортосунда тегиз гүлдөгөн тоо гүлдөрү көпкө чейин тоолорду көгүлтүр түскө боёп турат. Андан кийин кымыздык, ышкын, аюу чачылар гүлдөй баштайт. Бул убакта жай да ортолоп калат, тоолор ак ала жана пушту түскө боёлот.

Ушул кез да анча созулбайт: бир жумага жетпеген убакытта эле жапайы кашка беде гүл ачат. Кашка беде менен бирге тескейдин бардык гүлдөрү гүлдөйт. «Чөп гүлдөп калыптыр, — дешет адамдар. — Чөп орок да келип калды…»

Эми тескей кызгылтым түскө өтөт. Ачык тийген күн нурлары тоолорду бирде күрөң-көгүш, бирде кызгылтым боёкко чулгап тура берет. Токойлордун арасындагы ачык аянттардан чалгылардын шарт-шурт эткен бир калыпта чыккан шыбырттары те бир канча жерге беймарал угулат. Мындан бир канча күн мурда эч тынбай сайраган сары айгырдын үнү сейрек. Анын ордуна түн ортосуна дейре чырылдаган саратандын пирлери — чиркейлердин музыкалары күчөйт.

… Эки жылдан бери кургакчылык каптаган бул жерди. Быйыл да ушундай. Чал эң акыркы жолу жамгыр качан жааганын эстөөгө аракет кылды. Жылкычы Тыныстандын бээлери төлдөп жатканда жааса керек эле… Жок, анда эмес, өйүзгү күнгөйгө уйлар көчүп келгенде беле? Жок, анда да эмес экен. Мурунураак жааган болчу. Акыры эстеди: эки мотоциклге учкашкан төртөө сайдагы дайрага тор жайганы келгенде жааган. Чал эстегенине сүйүнүп кетти. Ошондо жанагы балыкчылар суу болушкан шөмтүрөшүп. Болбой эле балык уулап жүрө беришти. Бирөө гана аларга кошулган жок. Жок издеген немеден бетер күңгөйдөгү табылгылардын арасын карап жүрө берди. Башын жерден албайт. Беркилер аябагандай көк немелер болсо керек. Үстүнөн чакалап жамгыр төксө да суудан чыгышкан эмес.

Кечке маал сонундуктары таркашкандан кийин чалдын үйүнө чыгып келишти. Баары тең сыгып алма суу, ошентсе да кейип коюшпайт. Эки боз баштыкка толтура балык кармашыптыр. Абышка шаардагы окуудан келген кенже уулу экөө сөрүдө чай ичип отурган эле. Балыкчылар дасторконго отургандан кийин стакан сурап алышты да, бирөөсү койнунан сууруп алган бөтөлкөнү бөлүп иче башташты. Кечке суу болгон немелер ичегилери ысыгандан кийин бат эле дене бойлору жазылып, кызуу сөзгө киришти.

— Тигиниңер эмне издеп жүрөт, балдар?

— Козу карын дегенди, аксакал, билсеңиз керек, козу карын…

— Ээ, андай болсо мага келбейби. Бая эле көрсөтүп коёт элем. Ал жерде таш балекеттики да жок. — Абышка колун жаңсады. — Карагыла, оо, тиги жапсарды. Ошондо болот.

Тигилер дуулдап кетишти:

— Кана?

— Кайсы жерде?

— Бая эле айтсаңыз болмок, жарыктык…

Бирөө беркилердин сөзүн жыра тартты:

— Мен бая эле айткам… Болжогом… Көрдүңөрбү, туура бекен, ыя? Өзү болбой койду да. Көрдүңөрбү?.. Туура бекен?

Акыры тигилердин бөтөлкөсү түгөндү. Абышкага үстөккө-босток ыракмат айтып тура башташты. Жанакы «көрдүңөрбүсү» баштыктан кере карыш келген киргилтим жондуу сары боор эки балыкты дасторконго таштады:

— Кууруп жеңиз, аксакал. Ужинге. — Андан кийин бармагын чычайтты. — «Во” болот! Көрдүңүзбү.

Балыктын бирөө былк этпейт, бирөө анда-санда гана бакалоорун кере ачып, куйругун билинер-билинбес диртилдетет. Араң жан балыктын көзү чалга тигилгенсийт. Ал да балыкты таң калгансып бир топко карап тура берди. «Тоб-бо! Ушул сууда да ушундай балыктар болот экен да.» Ал өмүр бою ушул жерде жашап келе жатат, бирок бир да жолу өзөндөн балык кармабаптыр. Бир убакта гана уулуна карады:

— Сал, тиги арыктагы сууга салып жибер.

Уулу ыңгырана туруп, эки балыкты куйруктан салаңдата кармады да, тамды айланып кетти.

… Ошондо акыркы жолу жамгыр жааган. Ошондон бери жаай элек. Күңгөйдөгү тоолор эчак эле сапсары болуп, чаң ызгып калды. Анан калса беттеринде бир бадал болсочу, жалаң эле боз топурак. Эми бүр ачып келаткан шыралжындар, кылкандуу ак соктуулар, барпайган чайырлар мөөнөтүнөн мурда эле куурай баштаган. Кийинки эки жылдан бери ушундай. Ошентсе да тескей кадимки тескей бойдон. Канчалык кургакчылык болсо да көгөрүп тура берет. Кеч күзгө чейин көк чалып, орулган жана мал жайылган жерлер улам алысындап тура берет. Жарыктык, бир өзгөчө жаралган жер да.

Капысынан чалдын жүрөгүн көптөн бери өзү билбей жүргөн кусалык мыжыгып ийди. Эмне экенин билбейт. Жай толукшуп турган, бейиштей сезилген кийинки учурларда анда ушундай өнөкөт пайда болду. Кайдан келгени белгисиз. Былтыркы жайда минтчү эмес. Былтыркы жай… Анда да адамдын баары эле азыркыдай жаратылышка нааразы болуп сүйлөшчү. Кургакчылык тегиз каптап, төмөнкү жактагы чөп ороктун баары күйүп кетти дешкен. Айтымдарына караганда чалгынын мизине илинерлик да чөп калбаптыр. Баары куурап кетиптир. Район борборунан, коңшулаш шаарлардан автобус толо, машинелерде жык-жыйма адамдар келе башташкан. Батыштан чыгышка созулган, аяк-башы кырк чакырым келген ушул өрөөндүн тескей беттериндеги токойдун түбү сайын адам болуп кеткен. Күн баткандан түн ортосуна чейин чөп жүктөгөн машинелер ылдый көздөй тынымсыз дүрүлдөп өтүп жатчу. Чал качан гана дүрүлдөктөр тынчыгандан кийин уйкуга кам урчу.

Аларды «жардамчылар» деп атаганын чал кийин колоттун ары жагында кошуна турган бал челекчиден укту. Ошондой жардамчылар дүпүйгөн бак-дарактуу чалдын үйүнө да келип түшүшкөн. Отуздай мотураңдаган жаш балдар. Баарынын жашы он бештерде гана бар. (Чал өз оюнда ушундай деп божомолдоду. Алар шаардагы кесиптик окуу жайынын окуучулары болчу.) Арасында жаш эки агайы бар. Жакшылап байкап көрсө бардыгынын кийимдери бирдей, жадагалса башындагы шапкелери да окшош. Куду эле жанагы токойчу Ысматтын шапкеси.

Жардамчылар кеч бешимде келишти. «Булар чалгы көтөрүп, чөптү чабууга кудуреттери жетээр бекен» деп шекшинди чал. Бирок тигилер өжөр немелер окшоп калды. Келээри менен эле жүктөрүн түшүрүп, машинелерин коё беришти. Үчөө-төртөө нары-бери кадамдап жерди өлчөшкөндөн кийин, кемеге казып, бир тайдын эти бир бышкандай чоң казанды орното салышты. Дагы үчөө-төртөө токойдон куураган сөңгөктөрдү сүйрөп келип дуулдата от жагып кирди. Калгандары чоң үч чатырды тигип алышып, таңгакталган жүктөрүн ичине сүйрөп кирип жатышты. Кеч киргенде жардамчылар жайланышып бүтүштү да, бирден табактарын көтөрүшүп, казандан тамак куйдуруп иче башташты. Андан кийин от жалп өчүп, жаңы кошуналар тынчып калышты. «Жол жүргөн немелер чарчашса керек» деп койду да чал жатууга кам урду.

Эртең менен чал багымдатын окуп бүтүп, кошуналар турду бекен деген кыязда төш тарапка караса, кужулдаган балдардын баары жогорку бетте жүрөт. Итапкан жерди шылып салышыптыр. Чатырда үчөө гана айланчыктап кирип чыгышат. Чагымда тамак даярдашкандары болсо керек. Чал үйдө уктап жаткан баласын эстей коюп, үн салды:

— Ой, Түкө, тур! Тетиги балдарды карачы.

Өзү көнүмүш адаты боюнча эки колун артына салаалаштырып тигилерди көздөй басты. Күндүн мурду толук жер бетине жайылып, ысып келгенден кийин гана балдар эртең мененки тамакка түшүп келишти.

Чал жаңы кошуналары менен бат эле ымалашып кетти. Түштө алардын чалгысын чыңап берет, ал эми балдар болсо чөмүлгөнү сайга кетишет. Чалгы кармай электерине кантип чалгы шилтешти үйрөтөт. Кечинде балдар «көп кылдуу чоң комуздарын» даңгыратышат, кээлери отту тегеректешип отуруп үн созот. Ушул көрүнүштөрдүн бүт баары чалга адаттан тыш көңүлдүү сезилчү. Ал эми бул кибиреген балдар кумурскадан бешбетер эмгекчил болуп чыгышты.

Чөптү таза оруп, кургатып үймөктөшөт да, келген машиналарга сарамжалдуулук менен чачпай салышып, чарбанын борборун көздөй жөнөшөт. Бирөө канча машина каттаганынан бери жазып коёт. Ал гана эмес жугунду төкчү чуңкур казып, дааратканадан бери куруп алышты. Колдору усулдуу беш-алтысы абышканын кыйшайган сарайын оңдоп коюшту чыкыйтып.

Күндөрдүн биринде, бир аптача мезгил өтсө керек эле, абышка балдар жакты караса — кыйсыпыр окуя. Чөп ташып жүргөн эки машинеге чатырларын, баягы биринчи келгендеги таңгактарын жүктөп жатышат. Чал шашып-бушуп тигилерди көздөй жөнөдү. Барса жүктөп бүтүп калышкан экен. Акыркы жүктөрдү: балдар тамак иччү узун столдор менен отургучтардын тактайларын чыгарып жатышыптыр. Ал эми обочорооктогу туалеттин жыгачын бая эле жүктөп салышкан окшойт, сыягы.

Абышка шашып калды:

— Ой, силер кайда… Бул эмнеңер?..

— Кеттик, аксакал, — деди балдардын агайы. — Өзүбүздүн шефке алган колхозубуз бар. Бул жерге бир азга гана жардамга келгенбиз.

— А чөпчү? Чөп эмне болот? Тиги колотко чейин чапмак элек ко, ыя балдар…

— Келет, аксакал. Бөлөктөрү келишет. Калганын ошолор бүткөрүшөт.

Окшош кийинген балдарды салып алышкан машиналар зырылдап жүрүп кете берди. Бир аздан кийин борчуктуу тумшукту айланды да, көрүнбөй калды.

Чын эле эки күндөн кийин жаңы жардамчылар келишти. Кырк чакты өңчөй кыздар, арасында алты-жети гана балдары бар. Бул жолу алар эки автобуста келишти, артынан алардын көрпай-шөрпайларын жүктөп, чал мурун көрбөгөн бир узун жүк тарткыч машине да келип токтоду. Алар мурунку жерден өйдөрөк, калың бадалдын арасына түшө башташты. Чал күтүп отурган жок. Шарт эле жаңы жардамчыларды көздөй жөнөдү.

Аны костюмун желбегей жамынган, быштак сары өндөнгөн, шыңга бойлуу, орто жаштагы бир адам тосуп алды:

— Оо, аксакал да келип калды. Салоомалейкум, аксакал!

— Алеки салам, келгиле балдар!

— Келип калдык, келип калдык… Сиз ушердик болосузбу, карыя?

— Ушул жерден, уулум. Мына эми кошуна болобуз, кудай буюрса.

— Аа, дурус, дурус. Бул жер жөн эле курорт турбайбы, чиркин. Эмне деген аба? Бах, анык гүлдөп, дем ала турган жер экен го.

— Туура, туура. Жердин эле бейиши, жарыктык.

Быштак сары чалдын бул сөзүнө кулак салбады. Автобустар небак жолуна түшкөн эле, эми жанагы жүк тарткан машине да кеткени жаткан. Тиги шофёр жакка карап кыйкырып калды:

— Ой, үка! Бригадга айт: тез келсин де. Мобулардын баарын куруш керек. Давай, биз көп күтпөйбүз. Ой, үка. Продуктуну унутпа. Давай, тездетсин. Ато, бул жерде көпчүлүк деген бар. Талаага ташташ жарабайт.

Келгендер дүкөнчүнүн окуусунда окуп жаткандар болуп чыгышты. Быштак сары алардын агайы экен.

— Ко-ош, ошентип жашап жатабыз деңиз. Дурус экен… Жашоо керек… Ко-ош. Суусундук жокпу, аксакал? Кымыз-сымыз дегендей.

Чал үйүн көздөй добуш салды:

— Түкө, суусундук болсо алып чык.

Жанакы кызыл-тазыл болгон кыздардын баары бадал арасына кирип жок болду. Агайынын жанына баякы балдардыкындай болгон «көп кылдуу комузун» дыңгыратып эки бала, беш кыз калды.

Ал түнү алар ошентип ачык асманда калышты. Түнү үп эткен жел болбогондуктан, чындыгында эле чатырдын зарылчылыгы да жок болчу. Агай болсо чалдын үйүнө түнөдү. Бригадир келген жок, эртеси күн чоң шашке көтөрүлгөндө гана келди. Өзү менен кошо эки адамды ала келген экен. Алары кечке чатырларды орнотушту. Кийинки күнү чалгы, бешиликтерди алып келишти. Төртүнчү күнү болгондо шашпай туруп, тамактангандан кийин ишке киришишти. Келгенден бери зериккен немелер ызы-чуу, чоң машакат менен ишке жөнөштү. Бардыгын шыпырып түшчүдөй болуп жайкап киришти береги шалбааны.

— Аксакал, мага тиги атты токуп бериңиз, — деди быштак сары, — ат жаныбар бир сонун да. Минип алып контролдобосом болбойт.

Чал унчуккан жок. Бактын арасындагы бышты чыкмасын алып келип токуп берди. Анын көңүлү тигилерден жипкирип калган. Быштынын тизгинин агайга карматты да, өзү ишине бет алды. Үзүк ордундай болгон бедесин сугарып жаткан. Оо бир оокумда караса мугалим боордо чапкылап жүрөт. Чал байкоо салып карап калды. Мугалим чаап топтошкон кыздарга барды да, бир аз туруп куюлгуган боюнча ылдый түштү. Ал жерден бир баланы учкаштырып, наркы алманын түбүндө жаткан балдарды көздөй чаап жөнөдү. Быштак сары ал жерден аттан түштү, көлөкөгө кынтайып биртке жатты. Нары жакта жүргөн он чакты кыз чый-пый түшүп быштыны тегеректеп калышты.

Элден мурда бирөө минди, андан кийин бирөө жармашты, шыпырылып түштү эле, калгандары буттан сүйөмөлөп отуруп мингизишти. Андан кийин ошол эле ыкманы колдонушуп дагы экөө миништи. Төртөө болушту. Алар түшкөндөн кийин дагы төртөө жармашты. Кыскасы, куду баягы уламыштагы токойдун ичинде эшекке минген маймылдар. Бир оокумда кезектешип минүү башталды. Ал кезде быштак сары туруп келди. Кыздарына бирдеме дегендей болду. Тигилер тизгинден алышты. Мугалим колун сереңдетип, ызылдаган топтон бошонду да, бирөөнү учкаштырган боюнча берки бадалдарды көздөй чаап жөнөдү. Калың чөптө быштынын кулагы араң эле сербең-сербең этет. Ак көбүк чачып, аябай тердептир. Кол сандары диртилдеп, таноосу дердеңдейт. Ушул жерден чал чыдабай кетти, баласын көздөй кыйкырды:

— Түкө! Оо, Түкө! Чурка, атты алып кел! Кандай кудай урган немелер? Ат көргөн эмеспи, кысталак. Оо, атаңдын оозуга… Машаяк болсоң дагы.

Чалдын көөнү аябай калыптыр. Чатырлар жакты карагысы жок. Бир топ күндөр өтүп калган арадан. Кетменин ийинге салып, бакка суу бурмакка арыкка барды. Бул эмнеси? Мөлтүрөп акчу баягы тунук булактын суусу кана? Анын ордуна же ылай эмес, же көк баткак эмес, илээшкен бир суюктук агууда. Абышка арыктын башын карады. Мына, кызык тамаша… Арыктын боюна кыркалекей тизилип, зымга конгон чабалекейлердей болуп кыздар жуунуп жатышат. Бирөөсү көбүргөн самынды салып жатса, бирөөсү кандайдыр бир бөтөлкөнү төгүп жатат. Ал ок жеген аюудай бакырды:

— Оо, Түкө. Бол бачым. Бур сууну нары талаага. Оо, буларың түгөтөт экен го бизди. Буларың жадатты го, кудай.

Кийин тигилердин жоруктарын көпкө чейин айтып жүрдү абышка. Таза көңүлүнө тийишкен экен, болочок дүкөнчүлөр менен алардын агайы. Алар жөнүндө айтып келет да, дайыма мындай деп сөзүн аяктаар эле:

— Бу, бир кудай урган немелер экен. Айланайын, ишенсең: конгон жеринин айланасын беш күн тазаладым. Беш күн тең өрттөдүм. Дагы эле түгөнбөйт. Деги коё кал. Адамдан бөлөктүн баарын таштап кетишиптир. Көөмп деле жатам, такыр түгөнбөйт. Болбогон бир макулуктар экен.

…Абышка бутун суудан чыгарды. Узун ойдон, түпсүз эскерүүдөн али да чыга элек болучу. Бардык эрежеси менен даарат алды, шапшынып жуунду. Көлөшүн бутуна илди. Кайрадан шалбалуу тескейди карады да, күтүүсүз жерден улутунуп ийди. Ал эми көгүлжүм тарткан токойлуу тоолордун беттери — токойдун арасындагы ачык аянттар кээде пушту, кээде кочкул-күрөң түспөлдөнүп, шалбаа үстү кулпуруп жаткан эле. «Былтыркы балдар келсе керек, — деп ойлоду ал басып баратып, — чоңоюп да калышты бекен, тоббо».

Абышка шашылган жок. Жай басып бастырмага кирди да, жакында таптап койгон чалгысын колуна алып, мизин бармагы менен такаттап көрдү. Бир топко кармап туруп ордуна койгон соң, бак ичине, өзү тээ бир кезде тиккен карт өрүктүн түбүн көздөй каалгый басты да жайнамазын жая баштады.

1983-жыл.