РАИМЖАНОВ Мамат: МАМАТ РАИМЖАНОВ: ҮЧӨӨ

АҢГЕМЕ

Анда да ушундай алашалбырт болчу.

Акжол ошол каргашалуу алашалбырттан бери туптуура он жети жыл, анан он бир күн дегенде бошоду. Тагыраагы, беш күн мурун бошогон, бирок тайганын түпкүрүндөгү түрмөдөн жөө-жалаңдап, кээде жолу бирге машинеге түшүп, Сибирдин четирээгиндеги Н. шаарына кечээ келген.

Ал шашкан жок. Шашканда кайда бармак? Албетте, көңүл дегдеткен алыскы Алатоосуна барат дечи. Арийне, кийинчерээк… Мүмкүн такыр эле барбастыр. Аны ким эле күтүп жатыптыр?! Чанда гана кат жөнөтчү аталаш туугандарынын уулунун жазганына караганда ата-энеси тээ эбак тиги дүйнөгө жөнөп кетишкен. Акжол ата-энеден сыңар эле. Бешенеңди урайындын (бул атасынын сөзү болчу) уруулаш туугандары да аз экен. Үмүтүн үлпүлдөткөнү эле ушул Акжол кесилгендеги кызы менен уулу: кызы ошондо алтыда, уулу үч жашта калган. Жанагы тууганынын баласы мурдагы жылы кызынын турмушка чыкканын, күйөө бала дурус эле жигит экендигин, атүгүл Акжолдун уулун да алып алышып, Бишкекке кетип калышканын олуп-чолуп жазып ийген. Ошондон бери алыскы айылынан кабар болгон эмес.

Эми ошол кызы менен уулу тосуп алабы десең? Бешенеңди урайындын болгон тарыхы кыскача ушундай.

Ошентип, Акжол оголе четтеги Н. шаарына кечээ келген. Мындан ары кайда барары дагыле бүдөмүк. Түрмөдөгү досу Дема эки-үч дарек берген: шарт эле бар деген; ойлонбо деген; кааласаң жашай бер — жети айдан кийин мен да бошойм, жашоону кайрадан баштайбыз деген. Дегени го жакшы дечи… бирок өз Мекениңе жетеби!

Тумандуу ойлор улгайып, түрмөдөн улам итапкан кары көрүнгөн адамды тунжуратып жатты. Анын үстүнө баары өзгөрүптүр. Түрмөдө уккандарынан да шумдук: дүйнө мынчалык өзгөрөт деп Акжолдун миллион ойлонсо да оюна кирмек эмес. Беш күндөн бери эркиндиктин абасы, ары коомдун моминтип өзгөрүшү айда абдыратып салганы менен, таңдан бери Акжолдо бир аз ишеним, атасынын көрү деген тобокелчилик ишеним кайрылып келе баштаган. Түрмөгө жаңы баргандардын айткандары чын экен: баары чалды-куйдудай, бирок жашаса болгудай.

Биртке бура тартып, ээнирээк чыкты да, акчасын бир сыйра эсептеп, утурумдук дегенин бөлүп салыбалды. Түрмөдөгүлөр акча топтоп берет эмеспи, өзүнүкү ушул жолдун жарымына да жетмек эмес. Жолго, ичкен-жегенине кенен жетет. Ичкилик ичпегенден кийин, ошо ичкиликтин айынан ушундай болбодубу. Бешенеңди урайын!

«Али өлүп калбагандан кийин, башты көтөр, басмач!» — Дема досунун ушул айтканы Акжолдун эсине түштү. Өзүнчө шердене түштү: «Кой, курсакты кампайтайын, анан көрөбүз…»

Анан көрбөй калды… Себеби, мындай болду: «курсакты кампайтканы» калбаат басып (каарманыбыз олбурлуу, москоол боло турган) анчейин салабаттуу эмес кафеге кирди да, четки столго жайгаша кетти. Киши көзүнө чалдыга бербейин деген неме, залга сыртын сала, көчө тиктеген терезени беттеп, стол үстүндөгү түлөгөн менюну көңүлсүз тиктей кетти. Көзүн ачып-жуумп, пардап алды да, кайрадан үңүлдү. Туурале экен: «Бешбармак по-киргизски» деп жазылып турат. Эч ашепке жок.

Аңгыча:

— Что хотите? — деген аялдын үнү Акжолду мык каккандай ого бетер кагып салды. Саамга нес болуп, же соо, же уйку эмес, жүрөгү токтоп, каны жүрбөй, өлүү-тирүүнүн ортосундагыдай, чексиз-чексиз… мейкиндиктеги чекиттей, чекит эмес, чекиттин чаңындай, миллион жыл бүтпөс өңдөнгөн нестик абал былк эткизбей кагып салды. Мындай абал ар бир адамдын өмүрүндө бир өтөт. Ушунчалык ойго келгис кырдаалга туш келгенде өтөт. Капыл-тапыл өтөт. Эки-үч көз ирмемчелик убакытта эле болот, Акжол азыр куду ушундай абалда калды.

— … котлеты… — автоматтык түрдө ушинтип ийди. Үнү өзүнө окшобой чыкты. Аялды караган жок.

— У нас восточные блюды.

— … мм, эти бешбармаки…

— Вам принесут.

Аял кайра келбеди. Башка, шибегедей сары келин тейлеп, ошол гана эсептешти.

«Мындай болушу мүмкүнбү? Мындай кантип болсун…» Акжол сыртка чыккандан тарта бир аш бышым ойгелди басып жүрдү. Өзү! Кантип ушундай?.. Тирүү экен да! Ушул жерде дагы айтчуу нерсе бар: адамды таң калтырган, таң бердирген, тагдырданбы, жаратканданбы, дал келиппи, айтор, бир шумдуктан кийген эсти оодарган дагы бир шойкон чыга берет. Акжолдун азыркы абалы ушундай. Канткен менен ар кандай нерсенин акыры, чечилиши болгондой, Акжол тушуккан табышмак-тагдыр да дайынга чыкты. Муну түшүнүү үчүн Акжол шаарда дагы үч күн туруп калды. Акмалады. Сураштырды. Тактады. Албетте, жашыруун аракеттенди. Ошол жердегилер Соня дегени — баягыле кадимки өзүнүн көрөркөз колуктусу Салима экен, ал эми Алик дегени анын күйөөсү — тээ кайсы бир жактан келген (белгилүү эле болчу), келээри менен Акжол экөө ысык дос болуп кетишкен, бирге ичип, бирге чардашкан, кыйышпас курбу боло түшкөн Апас болуп чыкты.

Ушул Акжол, ушул жерде, ушул түрмөдөн, ушул экөө үчүн келатпайбы. Ырас, жөн эле эмес, ага кошуп досун өлтүрүп салган деп кесилген. А булар бул жерде экен да. Өлбөптүр да. Өзү да ошол кезден ушул кезге чейин түшүнө албай келген. Аябай мас болчу. Ошондо, ичкенден кийин эмне кылганын эртеси эстей албай бараткан. А бирок, өлтүргөнүнө, болгондо да экөөнү тең өлтүргөнүнө эч ишенчүү эмес. Эстей берип, аягында жомоктой болуп, башы жетпей калчу. Эми жетти. Өлтүрбөптүр. Тиги экөө куп гана жайлашыптыр! Атаңдын көрү!

Ошентип… «курсакты кампайтып, анан көрбөй калды…» Биротоло бошонуп чыкты» деген тактама-жапырак кагаздагы дарек боюнча түптүз эле түрмөсүнө келип кайра тыгылды.

Тергөөчү майор сурап жатты:

— Эх, ты, басмач… кайра келдиңби?

— Келгеним жок — апкелдиңер…

— Болуптур… А эмнеге Сарматова Салиманы, анан ким… Апосту өлтүрдүң?

— Апос эмес, Апас.

— Ну, ладно, а эмнеге?

— Өлүшбөптүр да.

— Сен, басмач, башты айтлантпа. Өлтүргөн үчүн келдиң да. Бөлүмгө өзүң барып айттыңбы? Же Пушкинби? «Өлүшбөптүр да…»

— Мен мурункуну айтам… Он жети жыл мурун ушул экөөнү өлтүрдүң деп ушул жакка жөнөтүшкөн.

— Токто, токто! Кандай дейсиң? Он жети жыл мурун? Кызык ко бул кысталак (кыргызча которгондо ушул өңдүү түрмөнүн сөзүн айтты).

Акжол, майор тергөөчүгө түшүндүрүп берди. Тиги тактап сурады.

— Ошондой де… — майор таң калды, делону барактап кирди. — Однако, басмач, бул жерде фамилиялар башка…

— Болушу мүмкүн, бирок ошолор.

— Тактайбыз…

— Тактаңыздар.

— Бирок, бул ишти өзгөртпөйт, демек, эми бул жер ушул дүйнөдөгү акыркы тууруң болот бейм.

— Кантип, гражданин тергөөчү, экөөнү өлтүргөнүм үчүн толук отуруп чыккамын да?!

— Сен аларды жаңыдан өлтүрүп жатпайсыңбы?

— Кантип, алар өлүшкөн да, мен алар үчүн отуруп чыкпадымбы?! Кызык!

— Да, чынындале кызык көрүнүш (майор ушул жерден ашата сөгүндү). Кызык! Мындай нерсени уккан да эмесмин. Ой, энеңди… Бирок, отурасың. Факт деген факт!

— Мен бир күнөө үчүн эки жолу кесилемби? Акыйкаттык кана???

— Чамасы ошондой… Тагыраагы, эми ошондой. А сен, копкон таяк, басмач, башкача кылбайт белең…

*     *     *

Түрмөдө далай-далай шумдуктарды көргөн, күбө болгон, түркүн-түркүн тагдырларды, ойго келгис окуяларды уккан, не бир быты-чытыларды кечирген адамдардын өзүнөн тыңдаган Акжол узакка ойлонуп, кылдат салмактап чыкты. Бул жолу шашылган, апкаарыган жок. Бир апта өзүн даярдады. Жараткандан кечирим суранып, тигил экөөнү өзү соттомок болду. Бир алдын урдум деди, адилетсиз сотуңду урдум деди, тиги жактан кимдин ыйманы таза болсо, жараткан чын болсо, акыры адилеттик болсо, өзү талдап алаар, бир жашоодогу тагдырды өзү кайра кайрып отурат, балким, ушундай болгусу оңдур, болбосо, кантип жолуктурмак, жараткан үнүмдү уккан го, көтөргөн шорумду алат ко деди, акыйкат бар экен да, анын жолу ушу экен го деди.

Жетимиш өлчөп, бир кесип, бир аптадан кийин сурамжылап, кличкасы «Сахара-Челек», ушул аймактын кримдүйнөсүн тескеген Ворду тапты. Акжолдун «Бошоду» деген тактама-кагазынан бөлөк, түрмөнүн батьясы берген «тумарчасы» бар эле. Өтө аздектеп, кереги тийип калабы деп сактап келаткан. «Ме басмач, Орусиядан чыккыча ушуну көрсөтсөң — сага жол ачык, сый коноктой жүрөсүң, ал эми Америкага барсаң же Индияга жөнөсөң — анда билбейм. Ха-ха-ха» деген. Сахара-Челекке ошону көрсөтүп, таржымалын шашпай айтып берди. «Ваң, — деди Сахара-Челек, — сөз жок. Биздин үлүш канча болот?» Макулдашылгандан кийин Сахара-Челек түнөргөн орус жигитти чакырды: «Шыргый, ук, бул тууган менен барасың. Батьконун тапшырмасы экен, көрдүңбү муну, — тумарды көрсөттү, — баары май сүйкөгөндөй болсун». Сахара кыскача түшүнүк жана да көрсөтмө берди.

Тагдыр чечишүү Апас менен Салима иштеткен салабаттуу эмес кафенин төркү, тар, ачыган пияз жыттанган бөлмөсүндө өтүп жатты. Шыргый кыска айтты да, үчөөнү калтырып чыгып кетти, өзүңөр чечишкиле мындан аркысын деп.

Тигил экөө жалдырап Акжолду тиктешет. Сөздү Акжол баштады:

— Ии, тагдырды карасаң! Кандай кезиктик, ыя?

— Тагдыр да… — Апас мыңкылдап келатып токтоду.

— Тагдырбы? — Акжолдун каны бетине тээп чыкты. Тура калып экөөнү быт-чыт кылып ийгиси келди, арийне… түрмө деле адамды такыр бөлөкчө кылып салат тура. Заматта өзүн кармап калды. Ичиндеги кыжырды көмөкөйүнө жутуп, тынчый түшүүгө өмгөктөдү, ачуусу шакардай кайнаса да, өзүн-өзү басып калды. Саамдан соң психикалык кайчы абалдан чыңалып-басаңдоодон улам кайра шалдырай түшкөнсүдү. Бирок анын акылы эми туна, кекселиги от алып, сабыр кылып, тигил экөөн акыл-эс жактан жарга такоо ыкмасына өтө баштады.

— Ии, тиги дүйнө кандай экен? Эмне, кайра келе бердиңерби? Же тигил дүйнө ушул жерде бекен?

Салима — кер сулуу келин эле. Сыры кете баштаса да, сыны кетиле электей. Канткен менен мезгил бырыштарын чеке-моюндарына, кулак түптөрүнө желелетип тартып келаткан экен. Көздөрү мурункудай эмес. Он жети жыл, чамасы, жалаң эле кубаныч тартуулай бербесе керек, анткени, денеси шөлбүрөп, баягы чымыр фигурасы анчалык байкалбайт.

Апас — ошондо эле чачы суюла баштаган, бою кодороок, баклажандай күрөң түспөлдөнгөн, кытмыр карап, анан сумсая сүйлөөчү, бир карасаң муңайым тарткансып, кылыя берчү; азыр же Тоголок эмес, курсагы эми челкейип, чачтары такыр жыдып; антсе да сөөлөт күтө, тиштерине алтын жалата, быртыйган сөөмөйүнө томпойгон шакек тагынганын кантесиң.

Үчөө тең жымжырт турушту. Салима адатын таштабаптыр, башкы үч манжасы менен өңгөчүнүн төшүнө кошулган жерин укалап кирди.

— Эй, шерменделер, кетсеңер жөн кетпейсиңерби! Эй, сволуч, туз ургур, үйүмдө жүрүп бул эмне кылганың? — тынчтыкты биринчи Акжол бузду.

— Эми… Тиги… өтөөр иш өттү… козгогондо-эмне… биз бири-бирибизди жактырып калып… — Апас ымтырады.

— Жактырбастан жабышып калбайсыңбы, жарыктык, — Акжолдун үнү күтүүсүз боорукер угулуп, атмосфераны жумшартып ийгендей сезилди, — мен муну билгим келет: бул сценарийди кантип түздүңөр эле?

— Салима кармаса экөөбүздү тең соёт дегенинен…

— Ии, анан.

— Милисага жөн эле кабарлап чалып койгом…

— Мен — Апас — Акжол өлтүргөн кишимин, катыны экөөбүз качып баратабыз дедиңби?

— Жок… тиги… кошуналардын атынан… Жөн эле тиги Акжол уктабай, жаңжал чыгарып дегендей…

Акжол ар сөздү териштирип, майда-чүйдөлөп сурак жүргүздү. Салиманын жоолугу менен жемпирин өз канына кантип булгап, мас болуп жаткан Акжолдун аягына ташташканын, бөлмөлөргө канды кантип сүйкөп чыгышканын, Апастын туфлисин короого, күрмөсүн сайдын боюна, Салиманын ич кийимин дарыя жээгине кантип чачышып, качып отуруп Казакстанда жүрүшкөнүн, паспортторун өзгөртүшүп, кийин кантип бул жакка келишкенин «ии, анан» деп айттырып чыкты. Эрте жаздагы күн тез өтүп, күүгүмдөнүп баратты. Чечишүү — сурак узарган сайын Апастын пенделиги ачыла берди.

— Макул, — деди Акжол, — өтөөр иш өттү дейли. Деги бул акылды кимиң ойлодуң эле?

— Жетсе өлтүрөт деп… Салима айтканынан…

— Акмак! Сени киши деп жүргөн мен акмакмын. Качан эле ачыгын айтып, кармап бербей… Аттиң…

Салима андан кийин сүйлөгөн жок. Же нес болбой, же кайдыгер эмес, кубара сумсайып отуруп калды.

— Эми мындай Апасчик, — тээ экөө таанышып достошо баштаганда Акжол ушинтип тамашалачу, — ээси келсе бээсин бер деген…

— Ал, ала бер, ээрчитип кет.

— Ээ, шашпа, Апасчик. Мен он жети жыл курортто жүргөн жокмун да. Түшүнүктүүбү? Азыр силерде кандай дейт? Компенсация дечүү беле?

— И-и, кандай?..

— Бул жердеги «жигиттер» айтып жатышат. Сени билишет экен… Жакында «Керкашка» алыпсың, мен болсо, өзүң билесиң, алыска кетем, жол узак дегендей, Алатоого жетишим керек. «Керкашка» тандап, деги табитиң кыйын…

— Акжол, айланайын, эми өткөн иш өттү… кечиришели, Салиманы кайра алып жатпайсыңбы… Тырышып жүрүп ушу машинени алдым эле… Ыраа кыл.

— Мен го ыраа кылам, бирок бул жердеги балдар ыраа кылбайт го деп чочулайм. Биздин мыйзамды түшүнөсүң: карыздын бермеги кызык деп айтылат. Уккандырсың. Же Шыргыйды чакырайынбы?

Акжол Апастын жаңы алган Жип машинесинин ачкычын алды. Биздин «ворлордун» салты деп калган акчаларына кошуп жылтыр баалуу буюмдарын өзүнө жүктөттү. Болгону ушул деп жатты эле, баятан бери сумсайган Салима өзү туруп, пленкага оролуп, полдун астына катылган долларларына чейин алып чыкты да, Акжолдун астына таштап салды.

Апас буркурап ыйлап жиберди:

— Өлтүрүп кеткениң дурус эле, — деди, — жок дегенде кафенин аренда акысына төлөйүн, тогуз айдан бери берелекмин, — деди, — кожоюн теримди сыйрыйт деп буркурады.

— Ырас эле, — Акжол кайрадан мээримдүү боло кетти. — Шыргый, эй, Шыргый, фотограф кана?

Эшиктен фотоаппарат кармаган сүрөтчүнү ээрчите Шыргый кирди.

— Мындай тарыхый жолугушууну тартпасаңар болбойт ко. Элге-журтка, айрыкча мен көрө элек балдарыма эстелик эмеспи, — андан кийин Акжол тиги экөөнүн көзүнчө Шыргыйга тутам доллар карматты, — Сахарага салам айт, жигиттерге ырахмат. Эмдиги жылы баягы айткан жерден конок күтөм. Уктуңбу, Шыргый тууган.

Чыгып баратып заматта шөмтүрөп калган Апаска кайрылды:

— Эй, туз урган, чыгар алдагы шакекти. Сендей касамкордун мындай шакек тагынууга акысы жок. Кайсы манжага салышты да билбейт, — Акжол тигинин сөөмөйүндөгү уй көзүндөй каухарлуу алтын шакекти жулуп алды да, Шыргыйга ыргытты:

— Сага жарашса керек.

Буркураган Апас бүк түштү.

*     *     *

Жип машинеси Түндүктү беттеп Тайгага сүңгүп кирип барат. Москоол, бирок улгая түшкөн кабелтең адам рулда тунжураса, арткы орунда ээриндери кымырылып, мурду кыпчылган аял сумсайып, улам кымтылана ызгаары али кайталек Сибирдин суугуна ичиркенгени байкалууда. Бул жерден артка кайтуу азап, эгерде жөө калсаң, анүстүнө куду азыркыдай мезгилде жаман. Тентип өлөсүң. Жип кетип барат.

Негедир Алатоо тескери калды…

2010-жыл.