САДЫРБАЕВ Дооронбек: ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ: ТОПЧУ

АҢГЕМЕ

«Телефильм» студиясында режиссер болуп иштеген, күйпөлөктөшүп бир жакка шашып, сиркелери суу көтөрбөй титиреңдешкен, кырс мүнөз кесиптештеринен өзүнүн жумшактыгы, токтоолугу менен өзгөчөлөнүп турган Ишенгазы деген таанышым бар эле. Ошол «оор-басырыктуу» курбум күндөрдүн биринде: «Эртең саат ондор ченде келип, мага жолугуп кетсин. Сөзсүз, келбей койбосун»,— деп бирөөлөрдөн катуу дайындап айттырып жиберген экен, атайы барып, ичкери кирүүгө руксат алып, жогору чыга баштадым. Анткени, алардын студиясы — бекерпоз немелер жөнү жок эле кирип-чыгып чыгармачылыкка залакасын тийгизбесин дегендиктенби, айтор, лифтиси жок, бийик имараттын эң үстүңкү кабатында болучу.

Чындыгында башкалар мындай турсун, өзүлөрүнүн кызматкерлери да, зарыл жумушу болбосо аерге чыгуудан тайсалдап турушар эле…

Ошентип, жогору чыгып баратканда, бешинчи кабаттагы холлдун терезесинин оропарасындагы столго ончакты куурчакты катар тизип алып ойноп отурган беш-алтылар чамасындагы кичинекей кызга көзүм түшүп калды. Биерге мындай балдарды, жадакалса ушиерде иштеген ата-энеси менен кошо келсе да кийиришпей турганын жакшы билчүмүн. Анткени, баягыда — Ишенгазынын аялы ооруканага жатып калганда, үч жаштагы уулу экөө келип:

— Кагаздарымды алып чыгып алайын… Өтө керек эле? — деп канчалык жалбарып суранбасын, дарбазаны кайтарган толмочунан келген милициянын сержанты:

— Жок, болбойт. Балаңыз менен кирүүгө мүмкүн эмес. Биерге таштап, өзүңүз кирип чыгыңыз! — деп көнбөй койгон. Сержант менен калууга баласы болбой аргасы кетип турганда — анын бактысына мен келип калгам.

Баласы, Ишенгазы кирип чыкканча мени менен калууга макул болуп коюп, анаи атасынын карааны көрүнбөй калаар замат өкүрүп-бакырып атып жаман шайымы кетиргени алигиче эсимде эле… Анан ушундай тартиби катаал жерде минтип бул кыздын жалгыз ойноп отургудай кандай өзгөчө укугу болду экен? — деген ойдо аны карай бастым…

— Азамат, сен көп эле бырбыңдай бербегин! — деп кыз мыйтыйган колдору менен шапкесин кыйшайта кийген куурчак баланы аркага домдомуш болду. Анысынын кебетеси да кудум эле тентек балдардыкындай экен. — Минте берсең көрдүңбү, сени карап турат? Алдагы төөгө сүздүрүп коем.

— Төо да сүзчү беле? — дедим мен дагы анын жанына отуруп.

Менин үнүм чыкканда кыз бери бурулду. Чочуган жок. Жылмайып туруп, жанатан бери маектешип отурган эски таанышына сүйлөгөнсүп:

— Сүзбөгөндөчү! — деди.

Анан «тентек балага» угузбоого аракеттенип, үнүн акырын чыгарып:

— Ошентип коркутуп коем да! — деп шыбырап көзүн кысып койду.

— Бул өзү эмнеңиз болот?

— Азаматпы!

— Ии… Азамат.

Кыз «эмдигиче ушуну билбей, каерде жүргөн неме эле» дегенсип, мага таң кала карап турду да:

— Менин балам, уулум,— деп кошумчалады.

— Аа! Уулум деңиз? Кежирлигине караганда, кенжеңиз го?

— Эмне?

Кыз бул суроомо жакшы түшүнө бербеди. Менден көзүн албай туруп: «Неси болсо да бул байке жаман сөз айтып жатпаса керек» — деп ойлоду көрүнөт.

— Ии… Ошондой,— деп койду.

— Атың ким?

— Айнур. Сеникичи?

— Мынчалык болуп калды, биротоло таанышып алалы,— деп ордуман туруп, колумду сундум. — Нурлан! |

А да кудум эле мени туурап, ордунан туруп, бадыракай көздөрүн жайнатып, күрүчтөй майда тизилген аппак тиштерин көргөзүп, быйтыйган колун алаканыма салды.

— Айнур Мусаева.

— О, кечиресиз, айып менде, Нурлан Каарыев. Кимдин кызысың?

— Апамын.

— Ии… жакшы. Атаңдын да кызысың го…

— Жок, апамын эле.

Кыздын кабагы саал бүркөлө түшкөндө, чекилик кетиргенимди сезе коюп:

— Биерде эмне кылып жүрөсүң? — деп сурап жибердим.

— Иштеп. А өзүңчү.

Баса, жогоруда мени күтүп жатышканы эми гана эсиме түштү.

— Мен дагы иштеп. Болуптур эмесе, ишиңе ийгилик каалайм! — деп кетип баратканымда бармагым менен топчудай болгон мурдунун учунан басып койдум эле, ал «дү-үү-үт» деген үн кошту да, анан ошонусуна өзү аябай маашырланып борсулдап күлүп калды.

Мен дагы ага кошулдум. Экөөбүз тең күлдүк.

Алгачкы эле көргөн кишисинен жатыркоо дегенди билбеген, бадырак көздүү, топчу мурун, ыйманы ысык, жароокер кыз — Айнур экөөбүз ушинтип таанышып калдык.

*   *   *

— Ой, мени куттуктап койсоң болот! — деди Ишенгазы кичине көтөрүлө. — Жаңы кино тартканы атам.

— Койчу.

— Баштап койдук.

— О, анда куттуктайм!

— Сени чакырганымдын себеби,— деп ал өзү отурган кабинеттин ичине шашпай көз жүгүртө сүйлөй баштаганда гана биерде менден башка да адамдар отурганын көрдүм. — Роль сунуш кылайын дегем.

— Рахмат.

— Али эрте, бул ролго Акынбек, Айткулу, Жусупбай төртөөңөр ылайык келип атасыңар. Силердин кебете-кешпириңердин экрандан кандай көрүнөрүн жакшы билгендиктен, «кинопроба» жасаганыбыз жок. Убактыбыз да тар. Төртөөңөрдү тең чакырып, ачыгын айтып туруп эле бирден этюд жасаталы, кимиси түзүгүрөк болсо, ошонусун алалы деп чечтик.

— Мейли. Сценарийди бер, таанышып чыгайын.

— Берем,— деп сөзүн улады Ишенгазы,— фильм бир кичинекей үй-бүлө жөнүндө болот. Сюжети анчалык деле жаңы эмес, бирок баарыбыз киришсек жакшы фильм жаратууга болот. Атасы, энеси, кызы, уулу бар… Энеси бир айга эс алууга кеткенде, атасы, кызы, уулу үчөө калат. Жашы — силер чамалаш. Бир аз «интеллигент» сөрөй. «Билем» деп көөдөндү какканы менен, үй-тиричилик жайын жакшы билбегендиктен, кызы экөө уулун жоготуп жиберишип, күлкү келээрлик жоруктарды жасашып, энеси келгенче көрбөгөндү көрүшөт. Уулун, кызын, энесин таап койгонбуз, эми атасы эле калды.

— Кызы Айнур эмеспи?

— Ошол. Силер мурда таанышсыңарбы?

— Жок. Жаңы эле тааныштык.

— Жакшы кылыпсыңар. Аны табыш да бизге оңойго турган жок. Шаардагы балдар бакчасынын баарын кыдырып чыгып, анын курагындагы 500гө жакын кыздын ичинен тандагыныбыз ошол Айнур болду.

Жанымда отурган Акынбекке бурулдум. Сырткы кейпинен 18-19 дардагы баладан айырмалангыдай эмес.

— Сен уулун ойнойсуңбу?

— Жок, атасын!

— Койчу? Аа… «балдарыңды» көрдүңбү?

— Жок… Бирок алардын «энесин» көрдүм да.

— Аа!..

— Мына, «кызыңар» да келип калды,— деди Ишенгазы, жардамчыларынын бирөө Айнурду жетелеп киргенде. — Эми силердин милдетиңер,— деп сөзүн улады ал «ата» болууга камданып отурган төртөөбүзгө кайрылып. — Айнур менен бирдикте үй-бүлө тиричилигинен бир үзүндү ойноп бергиле. Эмнени ойносоңор өз эркиңер, биз кызыңар менен болгон мамилеңерди эле көрсөк болду. Кана, ким баштайт?

Эч кимибиз «мен баштайм» деп айтууга батына албай, бири-бирибизди аңдыгансып, тымпыйышып отуруп калдык.

— Менимче, Жусупбай баштаганы оң го!— деди Айткулу. — Бизге караганда балдарга жакыныраак. Кантсе да үчтүн атасы эмеспи.

— Туура, туура! — деп баарыбыз аны кубаттап кеттик.

— Эмне экен, баштаса баштап деле коем. Минтип баарыңардын ажатыңарды ачуу үчүн өзүмдү «курмандыкка» чалганы атканымды кийин режиссер эске алса эле болгону! — деди Жусупбай күлүп.

— Эске алат! Эске алат! — Калгандарыбыз Жаалап жибердик.

— Кана эмесе, кызым, бери келчи? — Жусупбай Айнурду жанына чакырды. — Экөөбүз баштаса баштап берели ээ?.. Эми мени «ата» дейсиң!

— Ооба сага, ата дебейм! — Айнур кыткылыктап күлдү.

— Айнур, сен эстүү чоң кыз эмессиңби! — деди Ишенгазы Айнурга жакын келип. — Сенин атаң башка киши экенин баарыбыз билебиз. Бирок сен бизге киного артист болуп тартылганы атпайсыңбы. Башка убакта «байке» деп, биз киного тартабыз же «репетиция» дегенибизде «ата» деп койсоң, андан эчтеке болбойт. «Байкеңин тилин алып жүргүн» — деп апаң да айтпады беле?.. Калп эле ойноп, «ата» деп коесуң. Макулбу?

— Макул.

— Анан «атаң» эмне десе, ошонун баарын аткарасың, ээ?..

Кыз башын ийкеди.

Ишенгазы ордуна отурганда, Жусупбай:

— Мына бул, үйдөгү диван болот!— деп бөлмөнүн ортосуна сүйрөп чыккан отургучка кыйшая кетти. — Ээ, кызым, Айнур!

— Эмне ата?

Баарыбыз андан ары карай эмне болор экен деп демибизди ичибизге катып күтүп турдук.

— Бери келчи, конфет жейсиңби?

— Жейм.

Жусупбай колун чөнтөгүнө салып, конфет алып жаткансыган кыймыл жасап, көңүлдөгү «конфетти» кызына узатканда, Айнур да кудум эле чыныгы конфетти алгансып ала коюп, оозуна салып чайнап жиберди. Кыздын мынчалык зиректигине баарыбыздын тең ичибиз жылып, аргасыздан жылмайдык.

— Кызым, чай алып келчи!

— Азыр, ата.

— Менин папиросторумду да ала кел.

— Макул.

Жусупбай ушиерден балдардын баары тең мыңк этпей анын тилин алаарын бизге көргөзгүсү келди окшойт. «Айнур, тигини апкел! Муну жасап кой!» — деп жумшай берди эле, алгач айтканынын баарын аткарымыш болуп түзүк аракеттенгенсиген, анан тажап кетти окшойт:

— Апкелбейм, өзүң апкелип ал! — деп кыйыктанып туруп алды.

— Эмне үчүн?

— Адеп эле жумшай бересиңби? — деди Айнур чындан ачуусун келтирип. — Анда өзүң туруп барып алгын! Жатып ичээр жалкоо!

— О, уятсыз десе! «Атаң менен ушинтип сүйлөш» деп ким үйрөттү сага?

— Сен атам эмессиң! — деди Айнур үтүрөйүп. Окуянын мындай болуп кетээрин эч кимибиз күткөн жок элек.

— Минтсең, кызым дебей коем.

— Мейлиң!

— Ой, эй! Мунун тилдүүсүн карасаң? Ушу тилин кичине кесип таштасам окшойт. Же… — деп Жусупбай жанжагын сыйпалап, бычак издемиш болду эле, Айнурдун бадырайган көздөрүнө топтоголок жаштар тегерене түшүп: «баа!» деп бакырып жиберди.

— Болду, жетишет! — деп Ишенгазы ордунан тура калды.

— Азаматтар, эң сонун ойнодуңар! — деп биз аларды тегеректедик. Анан, көптөшүп атып, эптеп-септеп соороткондон кийин Айнур, Айткулуга да Акынбекке да кыз болгусу келбей, «Ойнобойм, жаман экенсиңер!»— деп кежирленип туруп алды. Айласы кеткен Ишенгазы өзүнүн кандидатурасын сунуш кылып көрдү эле, кыз ага да көнгөн жок. Эмки кезек меники. Эмне кылаарымды билбей, тамеки тутандырып алып, бир азга бөлмөдө ары-бери басып турдум да:

— Айнур, Азамат кандай, дагы эле тентектигин койбой жүрөбү? — деп Ишенгазынын жардамчысынын алдында дулдуюп отурган кыздын жанына басып келдим.

— Ии! — деди Айнур күтүлбөгөн жерден, кабагын бүркөгөн бойдон. — Кечээ шапкесин жоготуп келиптир.

— Бала да! — дедим мен. — Бара-бара эс тартып кетет…

—  Ии… Ошентет… — деп а да каршы боло койгон жок.

— Айнур! Мага кыз болосуңбу? — дедим чачынан сылап.

— Өзүңүн кызың жокпу?

— Жок.

— Эмне үчүн?

— Кхе… Гм… Сага кандай деп түшүндүрсөм? Сендей жакшы кызды издеп таппай жүрбөдүмбү… Мына, эми таптым. Эгерде сен макул болсоң, кыз кылып алат элем.

— Чындап элеби?

— Ананчы.

— Анда мага мороженое сатып бересиңби?

— Сатып берем.

— Экини сатып бересиңби?

— Экини сатып берем.

— Үчтүчү?

— Үчтү да сатып берем. Канча кааласаң, ошончо.

— Аа… Миша менен урушсам, мага болушасыңбы?

— Болушам.

— Циркке да алып барасыңбы?

— Алып барам.

— Апамычы?

— Апаңды да.

— Балдар бакчасыначы?

— Аерге да.

— Макул. А сен мени урушасыңбы?

— Жок, урушпайым.

— Түк, түк?

— Түк, түк.

— Тентектик кылсам да урушпайсыңбы?

— Урушпайм.

— Кой, анда болбойт. Тентектик кылганда анча-мынча какыс-кукус кылып койбосоң бейбаш өсүп калбаймынбы!

Ал «какыс-кукус» дегенди тили келбей атып араң айтты. Мен каткырып күлдүм. Чоңдордон, тагыраак айтканда, энесинен үйрөнгөн сөзү болсо керек.

— Болуптур.

— Анда мен дагы макулмун сага кыз болгонго!— деп Айнур мойнуман кучактады.

— Мен анын мурдунун учундагы «топчуга» бармагымды тийгиздим, Айнур «дү-үт» деп үн көшуп койгондо, бизди тегеректеп тургандар дуу күлүшүп, кол чаап жиберишти.

— Мына, өздөрү эле табышып алышты. Экөө бири бирине окшош экен, кыялдары да куп келишип калды. Кой, Нурлан эле ойносун! — деди Жусупбай жаныбыздагыларга. — Биз тим эле коелу.

Беркилер да ага кошулушту. Мен балдар менен мамилелешүүдө эч кандай тажрыйбам жок, ата болмок турсун, али үйлөнө элек экениме карабай, эмнем менен бул кызга жагып калганыма акылым жетпей турганымда, Ишенгазы далыман кучактап:

— Куттуктайм! Сценарийди алып, жакшылап окуп чыккын. Анан Айнур экөөңөр жакшылап достошкула! Кызды өзүңө көндүрүп алууга аракеттенгин. Фильмдин кызыкчылыгы үчүн ошентишиң керек. Үйүнө бар. Энеси менен тааныш…

Ошентип, ойго келбеген жерден топчу мурун кыздын «атасы» да болуп калдым.

*   *   *

— Кечиресиз, мен сизди тааныбайт экенмин! — деп орто жаштардагы тарбиячы аял кызды бергиси келбеди. — Өзүңүз ким болосуз?

— Адам экенимди көрүп турбайсызбы?

— Андай экениңизди көрүп эле турам, бирок кызды бере албайм. Адаммын деп эле келген кишиге бирден баланы кармата берсек, аалам эмне болуп кетээрин…

— Ата! Мага келдиңби? — деп чуркап жетип келди, ушул учурда башка балдар менен короого чыгып келаткан Айнур. — Алып кеткени келдиңби?

— Ооба, албетте, сага келдим!

— Ии… Анда кечиресиз, мен сырт кийимдерин алып чыгып берейин! — деди тарбиячы аял дагы мага анчалык ишениңкиребей шектүү карап.

*   *   *

— Каякка баралы?

— Мага баары бир.

— Бакка кирип селкинчек тебелиби?

— Ооба.

Айнур экөөбүз бакка кирип селкинчек тептик. Атка миндик. «Самолетко» түшүп учтук. «Шайтан арабанын дөңгөлөгүндө» отурганыбызда Айнур күрмөмдүн этектерин кымтылап:

— Сен коркпогун, ата. Түк коркпогун ээ, ата мен жаныңда отурбаймынбы! — деп калат. Акыр аягында: «Күлдүрчү комнатага» кирип, өзүбүздүн ийри мурун, кыйшык ооз, сүйрү баш, делдейген кулагыбызды көрүп, ичек-боорубуз эзилип, суй жыгылганча каткырып чыктык. Анан, кафеге кирип тамактандык. Айнур жөнү жок эле чойроңдой бербеген, эстүү кыз экен. Энеси тиричилик, кызмат деп жүрүп, мындай сейилге сейрегирээк алып чыгат көрүнөт, биринчи оюндан экинчисине өтүп жатканыбызда ушунчалык жыргап, төбөсү көккө жете кубанып, кыткылыктап күлүп калат дейсиң, аргасыздан өзүң да кошо кубанасың. «Энеси» дегенимдин себеби, анын «Апам экөөбүз эле турабыз» — деп айтканынан улам, атасы жок болуш керек деп болжолдодум.

Атасы балким каза болгондур, мүмкүн алыста кызмат өтөп жүргөндүр, же жөн эле энеси экөөнүн мүнөздөрү кыл келишпей ажырашып кеткендир. Ким билсин? «Атаң ким? Азыр каерде? Эмне үчүн чогуу турбайсыңар?» деп сураганга оозум барбады…

— Оюнга тойдуңбу, кызым? — дедим кайыктан түшүп жатканыбызда.

— Тойдум,— деди ал тиштерин кашкайта.

— Анда сени үйүңө жеткирип коюп…

— Кызматка барасыңбы?

— Ии, кызматка барам! — деп кыздын жетиктигине ичим жылый түштү. — Кызматка барам.

— Анан качан келесиң?

«Ата айланайын, ай! Мен өзүмчө тирилиги бар кишимин, сен каалаган учурда эле жаныңда боло албайм!» деп алдагинтип үмүткөр караган жазыксыз наристеге кантип айтам? Айта алганым жок.

— Келем, кызым келем. Сөзсүз келем! Жекшемби күнү.

— Ага чейин канча бар?

— Дагы төрт күн калды.

— Төрт күн?

Ал быйтыйган манчаларын жуумп: «бир, эки, үч, төрт» деп бирден ачты да, төрт манжасын көргөздү.

— Төрт күн. Оу, канчалык узак!

Анын көздөрү жашылданып, эриндери чормое түштү.

— Айнур, жекшемби күнү сөзсүз келем?! Анан экөөбүз циркке барабыз.

— Циркке? Унутуп калбайсыңбы?

Ал кайрадан «жарк» деди.

— Унутпайм. Унутуп эмне. Таарынбагын, ээ? Сен эстүү кыз эмессиңби. Кызматка барбасам мени урушушат да.

— Макул, таарынбайм.

Айнур чын дили менен эриндерин кыбыратып, башын ийкеди. Ал «кызматка барбай коюуга болбосун мен деле түшүнөт эмесминби» дегенсип ошентти. Үйүнө келсек энеси кызматтан кайта элек экен.

— Сен бара бер, ата, кызматыңан кечигесиң,— деп Айнур эми кам көрө сүйлөдү. — Апам келгенче короодо Наташа менен ойноп турам.

— Коркпойсуңбу?

— Коркпойм.

— Кош анда.

— Кош. Токто! — деди Айнур кетип баратканымда. Жана дүкөндөн өзүнө сатып берген бир тактай шоколаддын жарымын сындырып мага узатты: — Анан, кызматта курсагың ачса жейсиң…

Сөөмөйүм өзүнөн өзү барып анын мурдунун учундагы «топчуну» басып калды.

— Дү-үт!

Анан, Айнур кадимкисиндей «жарк» эгип күлүп жиберди.

*   *   *

Айнур экөөбүздүн киного тартылганыбызга эки жумача болуп калды. Кандай тартылып атканыбызды айта албайм. Айтор, ар бир кадрды тарткандан кийин, Ишенгазы оң колунун бармагын соройтуп калар эле. Чамасы Айнур экөөбүз анын купулундагысын таап жатсак керек.

Жекшемби күнү эртең менен Айнурга келдим. Энеси үйүндө экен.

— Саламатсызбы, мен Айнурга…

— Келиңиз, келиңиз… Ичкери киргиле. Сиз турбайсызбы… Жакындан бери биздин үйдөгү сөздүн баары сиз жөнүндө. Айнур!

Айнур мени көрөр замат мойнума асылды. Чопулдатып бетимен, көзүмөн өпкүлөдү.

— Сагынып калдым сени! — деди Айнур.

— Мен дагы.

— Апа, таанышпайсыңбы менин атам менен.

— Ичкери киргиле…

Кирдик.

— Кана эми, таанышпайсыңарбы?

— Айнур, кантесиң? — деп энеси кызара түштү.

— Бул менин атам деп сага айтпадым беле.

Ал бизди атыбызды атап кол алышууга аргасыз кылды.

— Асыл!

— Нурлан! — дедим келиндин жумшак колдорун этияттай алаканыма салып. — Каарыев.

Ал башын жогору көтөргөндө, Айнурдун «топчусу» анын мурдунун учунда да бар экенин көрүп, бармагым менен басып жиберүүгө аз эле жерден калдым. Балким, бассам «дү-үт» деген добуш чыгаар беле? Билбейм…

*   *   *

— Кинонун үчтөн бирин тарттык! — деди Ишенгазы дагы бир күнү — Бүтөөрүбүзгө али көп бар.

Айнурду үйүнө жеткирип баратам.

— Мени көтөрө аласыңбы, ата? — деди Айнур алардын короосуна кирип баратканыбызда.

— Албетте, эмне болду?

— Анда мени үйгө чейин көтөрүп алчы.

— Кел анда, мойнума мин!

Үйгө кире берээрде алдыбыздан шапкесин кыйшайта кийип, эки колун чөнтөгүнө салып, курсагын чердейткен сепкилдүү бала чыкты.

— Миша! — деди Айнур. — Менин атамды көрдүңбү?

Миша «чыйт» түкүрүп койду.

— Эми менин куурчактарыма катылсаң, атам сени тамдын башына ыргытып жиберет. Ошентесиңби, ата?

— Ананчы, тамдын эле башы эмес, булутка чейин ыргытып жиберем.

Миша намысты колдон чыгаргысы келбей кердейсе да, бизге бетме-бет чыгууга батына албай жол берүүгө аргасыз болду.

— Биз иштеп келдик! — деп кыйкырды Айнур үйгө кирип келээрибиз менен.

— Чарчадыңбы?

— Айтпа! Укмуш. Атам экөөбүз кинодо ырдадык.

— О, анда аябай чарчаган турбайсыңарбы. Чай ичип эс алгыла.

Биз, бири бирибиздин сөзүбүздү жула качып, жарыша киного кантип тартылып атканыбызды Асылга айтып берип жаттык. Борсулдап Айнурдун күлкүсү басылбайт. Чай ичилди. Анан жөн эле сүйлөшүп отурдук. Көпкө ошенттик.

— Кеч болуп калды,— дедим мен. — Эми мен барайын.

— Жок, кетпейсиң,— деп каршы чыкты Айнур күтпөгөн жерден мойнуман кучактап. — Эми баарыбыз бирге болобуз.

— Кантет? — Асыл кулагынын учуна чейин кызарып кетти. — Коё бер байкеңди, өзүнүн кызына барбайбы?

— Барбайт. Кызы менмин! — деди Айнур мойнума асылып. — Эми үчөөбүз жашайбыз. Кетирбейм.

— Эмне дейт, албарсты! Кана, азыр кое бергин байкеңди!

— Кое бербейм, байкем эмес, атам экенин элдин баары билет.

Асыл алдаса да, опузаласа да Айнур такыр көнбөй койду.

— Тим эле коюңузчу! — дедим. — Бала эмеспи!.. Кичине отура турайын, анан уктаганда…

— Ооба сага, анда уктабайм! Мени таштап кетип калсаң ээ!

Асыл кызын менин колуман жулуп алып, куйрук талаштыра тартып-тартып жиберди.

— Э, кантесиз?!

«Чыр» дей түшкон кызды эми мен жулуп алдым. Энеси диванга отура калып, бир азга буулугуп турду да, анан бетин басып эчкирип ыйлап жиберди.

— Май, май… ыйлаба, Айнурочка! — дедим бети-башын сыйпалап, көкүлүнөн жыттап. — Апаң сен экениңди билбей уруп койбодубу, ыйлаба, кызым.

— Өзүң айтпадың беле? — деди Айнур мага көзүнүн жашын он талаа кылып агызып. — Чындап дебедиң беле! Анда, эмне алдадың?..

Денем калчылдап, көзүмө эч нерсе көрүнбөй, аалам караңгылап кетти. Анын ошондогу мончоктоп бетинен төмөн көздөй аккан жаш, ушунчалык таарынычтуу көз карашы ушул азыр да көз алдыма тартылып, ый аралаш: «Эмне үчүн алдадың?» — дегени кулагыман кетпейт.

*   *   *

— Сен өзүң соосуңбу? — деп Ишенгазы уккан кулагына ишене бербеди.

— Кандай десең өз эркиң, бирок киноңо тартылбайм.

— Эмне деп атканыңды өзүң түшүнүп жатасыңбы?

— Түшүнгүм келбейт.

— Бул сага оюн эмес го. Канча кишинин эмгеги күйүп, канча акча талаага чачылганын билесиңби?

— Ошонун баарын менин мойнума салып, каматып жибер! — деп ордуман турдум.

— Токто! Келесоолонбо, мунуң барып турган чочколук!

— Сеники чочколук эмеспи! — дедим мен калчылдап. — Же сен боору жок айбансыңбы? Сага кино керек. Сага турмуштагыдай ойноп бериш керек. Эй, ал деген атайын «эскирткени кийгендей» костюм эмес, бала! Бала экенин билесиңби, сен келесоо!

— Мына бул чын эл соо эмес го! — деди Ишенгазы жанындагыларга кайрылып, анын оюн кубаттайт ко деген үмүттө, бирок аердегилердии эч кимиси бирдеме дегенге батынышпады.

— Мындай ролду ойноп, киного тартылыш башка артисттердин үч уктаса түшүнө кирбей турган иш! Сен ырыскыңды тээп атасың…

— Урдум сенин ырыскыңды да, киноңду да!

— Ай, токто, жиндиленбе, мындан көрө мени мууздап кет! — деп столунда жаткан жыгачтан жасалган, бирок кадимкисине опокшош бутафордук бычакты сунду. — Ме, өз колуң менен мууздап кет!

Мен сыртка жөнөгөндө, ал алдыман тороду:

— Сабыр кылчы эми. Ал кыздын ата-энесинин айбын тарткыдай менин кандай тиешем бар, ия? Деги жайма-жай сүйлөшөлүчү…

— Сүйлөшпөйм! — деп бакырып жиберген үнүмдөн өзүмдүн да жүрөгүм түшүп кала жаздады. Ооз ачса эле алкымдан алаарыма анын да көзү жетти көрүнөт, жалтактап гана жол бошото берди.

Эшикке чыгып баратканымда жардамчыларынан бул көрөкчө аны мууздап салышын сурап жаткан Ишенгазынын аянычтуу үнүн уктум.

*   *   *

Кантейин?

Ошондо мен каскак болуп Ишенгазынын ал киносу тартылбай калды. Андан бери башка эки, үч кино тартып жиберсе да, алигиче мени менен сүйлөшпөй жүрөт. Ошондон кийин мени такыр киного да чакырышпай калышты. Кинорежиссерлор мен жөнүндө: «өзү жакшы эле артист, бирок ага ишениш кыйын. Уят кылып коет. Баягы Ишенгазынын киносундагы кылыгын уктуңар беле?» деп алгачкы укканда өзүмдүн төбө чачым тик турган, укмуштуудай окуяларды айта башташат экен.

Бүшүркөй карадым. Баягы «топчусунан» алдымда турган кыз Айнур экендигин жазбай тааныдым.

Анан ал мага: азыр аталуу, ал турсун, кичинекей инилүү да болгондугун, жылыга баары Ысык-Көлгө барып эс алып келишээрин айтты. Миша экөө эми урушпай, бир класста окушат экен.

Баягыда киного тартылганын да унутпаптыр. Бирок чоңойгондо артистка эмес, кинорежиссер боломун дейт.

— Ошондо өзүм тарткан кинолордун баарында сизди башкы ролдордо ойнотом. Макулбу, Нурлан байке?

— Макул.

Мен бармагымды Айнурдун мурдунун учундагы «топчуга» тийгизмекчи болуп колумду сунуп келатып токтой калганымда, Айнур; «Дү-үт» деп үн чыгарып, кадимкисиндей жарк этип күлүп ийди. Анан…

…Анан, кол булгалап, троллейбус токтоочу жерди карай чуркап жөнөдү.