САДЫРБАЕВ Дооронбек: ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ: ТУУГАНДЫН ТОПУРАГЫ АЛТЫН

АҢГЕМЕ

Эшикти жаңыдан ачканымда төрдөгү диванда отурган, далылары дагдайып аюудай болгон мага бейтааныш кара мурутчан киши ордунан тура калып, түз эле мени карай качырып сала бергенде, кайра чыга качууга чамам келбей, жалдырап туруп бердим.

— О, балекет-мээнетиңди алайын сенин! — деди ал күркүрөп, өпкө-боорумду куушуруп, тумчуктура кучактап.

— Балакет-мээнетиңди! Өлгөндөн калган туягым менин, аман-эсен барсыңбы?

— Азырынча бармын го… бирок…

Ал кайрадан сыга кучактап койгондо, оозумдан сөзүм ыргып, жаным алкымыма капталды.

«Бул атайылап мени күм-жам кылганы келген неме болсо керек» деп, оюмда Букешим менен кош айтыша баштаганымда гага ал мени кучагынан бошотуп:

— Ушу сени көрүп өлөр күнүм бар экен, ээ,— деп бышактап жашып кеткенинен бул киши кайсыдыр бир тууганым болуш керек деп болжодум. Жанагы неме бурчтагы телевизордун тушундагы креслолордо чалкалап отурушкан кетирекей мурун эки бала тарапка кайрылып:

— Мына, ушундайсың да сен! Турбайсыңбы, же бүгүн эле «делебизор» көрүп отурасыңбы? — дегенде балдардын бирөө шапа-шупа тура калып, мени моюндан алды.

«Балакет басып, эми мунусу мени жамбашка алып чабат окшойт» деп менде жан калган жок. Бирок ал антпеди. Учурашканы ушундай тура.

— Бул сенин ат токууруң, канат-бутагың болот. Менин тун уулум — Таалайбегиң. А мунусу болсо, жаманыңдын кыяматтык досу аяш иниң — Акматбегиң,— деп балдар менен тааныштырып өттү. — Кандай, сак-саламат жатасыңбы?

— Рахмат. Өзүңөрчү?

— Аа… Биз да шүгүрчүлүк, отур айланайын, отур ! — деп а киши жанынан орун көргөздү. — Айылдагылардын баары салам-дуба айтып жиберишти.

— Саламат болушсун. Өзүңүздөр кыйналбай жетип алдыңыздарбы?

— Кыйналыш кайда, «Самолот» бир эле саатта жеткизип коёт экен! — деп тууганым самолет менен келгенине саал көтөрүлө сүйлөдү. — Тоону тоо билбей учуп жүрүп отурдук дейсиң…

— Сиздер капа болбой отура турсаңыздар! — дедим мен сыпайыгерчиликтин салтын сактап. — Мен азыр…

— А, мейли, мейли… эч капачылык жок. Ишиң болсо беймарал бүтүрө бер,— деп а киши руксат бергенде ашканага чыктым. Аерде Букеш жарты байлам жибек жоолукту үлпүлдөтө салынып, конок камын көрүп калган экен.

— Буларың ким?

— Туугандарың.

— Андай экенин өзүм да баамдадым, бирок…

— Сарымсак деген абасы болом деди.

— Ыя? Койчу!

— Ошентти.

…Атамын Сарымсак аттуу бир тууганы бар экендиги эсимде. Согуш аяктап, элдин турмушу ирдене баштаганда, балдар үйүндөгү жетимдердин кээсинин ата-энеси табылып, кай бирлерин жакын туугандары издеп келишип, күндө күн алыс алып кетишсе, биерде эчтекеден кемчилигим болбосо деле мени дагы Сарымсак абам, же ата-энемдин көзү барындагы көп туугандардын бирөө алып кетсе деген тилекти кылар элем. «Мени биерден алып кетишсин» — деп биздин айыл тарапка каттагандардан күнүгө салам-дуба айттырып, зарыга жол карасам да, анда мени эч ким издеп келген эмес. Анан, бара-бара баары унутулуп, ошол балдар үйүнөн мектепти бүтүрүп, институтка кирдим. Анан үйлөндүм.

Өзүмө жараша жоро-жолдош күттүм. Айыл, туугандарым менен анчалык ишим болбоду. Анткени, мен алардын эч кимисин тааныбагандай эле, алар да мени билишпейт ко деп ойлочумун. Мына, эми арадан ушунча жыл өткөнүнө карабай, жан күйөр жакыным табылды. Көрсө, билишет тура!

— Мен сага айтпадым беле! — дедим келинчегимден кубанчымды жашырбай,— атамдын Сарымсак аттуу бир тууганы болуш керек деп. Кантсе да «туугандын топурагы алтын» деген сөз калетсиз тура. Канча жыл? Акыры жүрүп, тапканын карасаң! Боор түткөн эмес да. Кой Букеш, абам менен кайра учурашайын…

*   *   *

— Аа… Дурус, дурус,— деди абам эки-үч күндөн кийин, кечинде чай ичип отурганыбызда. — Элден укканыбыз ырас экен. Өз оокатыңа тыңып алыпсың. Аа… алдагы эмне болгон жашик?

— Кайсы, мобулбу?

— Ооба.

— Бул — магнитофон.

— Магнитапун! Ии… Канча турат өзү?

— Эки жүз элүү сом.

— Эки жүз элүү сом! Биз жакта бир жакшы кунаажындын наркы экен. Ошончо көп акча тургандай мунуңдун кылаар кызматы эмне?

— Ырдайт, аба. Сүйлөп, музыкаларды жазып коюуга болот.

— А кокуй, мен да бир жарактуу буюм экен десе! Тиги, тилбизор, ырадыйоңдун сүйлөгөнү деле жетишпейби? Биз келгенден бери деги жаагы тына элек. Чарчабаган неме экен өзү да! — деп абам радио тарапты жактырбагандай карап коюп сөзүн улады. — Али да болсо бала бойдон белемсиң. Мындан көрө мал күтсөң боло.

Келинчегим экөөбүз эмне дээрибизди билбей, астыртан бири бирибизди тиктедик.

— Чай ичиңиз, ата.

Букеш чыны сунду.

— Рахмат, балам! Өркүнүң өссүн.

Абам чыныны алды.

— А буларың канчадан?

Абам үй ичиндеги гарнитурду көргөздү.

— Булар «гарнитур» деп коёт аба, чогуусу менен сатат.

— Чогуусу менен сатканда канча?

— Канчага алдык эле?

— Эки миң сом,— деди Букеш.

— Ыя?!

— Эки, миң оом,— дедим абам укпай калган экен го деп. Абамдын чынысы колунан түшүп кете жаздады.

— Төрт уй! — деди абам.

— Эмне, төрт уй? Кайдагы төрт уй, аба? Эмне болгон уйлар?

— Пай, пай, пай… Мына буларың ашык-кеми жок, төрт саан уй, жыйырма соолук кой экен ээ? — деди абам эми түшүнүктүүрөөк сүйлөп. — Кайран гана… Э, баракелде! Үй ичин мынчалык курап алганыңа караганда өзүңчө эле бир чоң «өкмөт» окшойсуң. Өлбө балам, эми ушунча көп акча алгандай, эмне жумуш иштейсиң?

— Микробиологмун, аба.

— Аның эмне?

— Адамга оору жугуза турган микробдордун…

— Эмнелердин?..

— Микробдордун… Сизге кандай деп түшүндүрсөм, көзгө көрүнбөгөн эң эле майда курт-кумурскалардын жашоо шарттарын изилдейм.

— Эмне, эмне?

— Мисалы аларды атайын жасалган идиштерге салып багып өстүрөм да, анан…

— Кудая тобо! — деди абам сөзүмдү акырына чейин укпай жакасын карманып. — Курт-кумурска бакканга акча төлөп… Ээй шумдугуң кургур, эмне болуп кетээр экен!

*   *   *

— Балам, сенин ал-абалыңды көрүп, көңүлүм тынчыды,— деди абам, дагы эки-үч күн туруп, кыйла үйүр алышып калганыбызда. — Эми бул жаман иниңди өзүң билип, бир жакшы окууга өткөзө көр.

— Өзүң кайсынысын каалайсың?

— Мага баары бир! — деди Таалайбак көңүлү ток.

— Сиз кайсыга десеңиз, ошого окуй берем.

— Өзүң билесиң да! — деп абам уулунун сөзүн ырастады. — Албетте, жанагы курт-кумурска бакканын тим эле кой, бул андайды эптей албайт. Андай акчаны көп төлөй турган болсо мен эле багып берем. Биздин айылда курт-кумурскадан көп неме жок. А иниңди болсо, жанагы пуркөрөрдүн же райкөмдүн, соттун, эң эле жок дегенде депутаттын окуусуна илинте көр… Айыл жеринде депутат деле оңой амал эмес…

— Аба, сиз айткандардын баарынын атайын окуусү жок,— дедим мен.

— Эмгеги менен татыктуу болсо, эл шайлашат.

— Бир окууну бүтүп барса, шайлайт да. Шайлабай коймок беле! — деди абам. — Сен ошондой бир окууга өткөз да, калганын бизге кой.

— Мектепти кандай окугансың?

— Жакшы эле…— деп иним бошураак жооп берди.

— Ии, ошондой де… Геофакка өтсө кандай болор экен?

— Аның эмненин окуусу?

— Мугалимдики.

— Мугалимдик? Биз жакта мугалимден көп неме жок! — деди абам анчалык жактыра бербей. — Акыры айла кетсе, анысына да макулбуз да, уулум аа?

— Анткенимдин себеби, бир теңтушум географиядан сабак берет,— деп түшүндүрдүм мен. — Экзаменге киргенче консультация өткөрүп, билбегени болсо айтып берип, жардамы тиеби дейм да.

— Таң? Өзүң эстүү жансың, өзүң байкаштырып көр,— демиш болду абам.

— Географиядан тың элесиңби? — десем иним унчукпайт. Тилим кычышып кеткенсип: — Мисалы, эң эле жок дегенде, Орто Азиядагы республикалардын экономикасына, чарбачылыгына, жеринин шартына мүнөздөмө бере аласыңбы? — деп жибербесминби…

Иним чекесин тырыштырып, аябай ойлонуп жаткансын шыпты карады. Сураарын сурап коюп, «чоңоюп калган немени жеңесинин алдында уят кылып койбоюн» деген ойдо кайра оңдоого шаштым. — Адегенде, Орто Азиядагы союздук республикалардын аттарын атап чыкчы?

Иним унчукпайт.

— Кыргызстандан баштай бер.

— Ии… Бая эле ошондой дебейсизби? Аларды билем.

— Билсең айтып көрчү?..

-. Кыргызстан, ии… Казакстан…

— Ыя?

— Ии… Өзбекстан, Фергана, Индустан…

— Ыя?

— Дагы, Кытайыстан?

— Эмне дейсиң?

— Ии… Дагы Кубаны билем, бирок аерде «стан» барбы, жокпу эсимде калбаптыр…

Иним көз ачып-жумганча Кубага жетип, андан ары Түштүк Америкага чү койгону келатканда: — Ээ, айланайын, мунун мектепте окуганын эмне кыласың? — деп абам сөзгө аралашып, уулун өз учурунда куткарып кетти. — Биздин айылдагы мугалимдер, бала окутканды билишет дейсиңби? Аларга атка минип эле бозо уулап жүрсө болду. Ким бир бөтөлкө арак куюп берсе, ошонун баласынан «беш» деген баасын аябайт.

— О, анда кыйын болот ко…

— Кыйын дебе! Ушунча жылдан бери шаарда жүрүп, кантип бир жаман иниңди жакшыраак окууга өткөзүп коюу колуңдан келбесин?..

— Ошо келбейби деп корком, аба. Шаарда көптөн бери жашаганым менен, жогорку окуу жайларын менин карамагыма өткөрүп берише элек. «Эмне үчүн минтип жүрөсүңөр?» деп эртең эле сүйлөшүп көрөйүнчү.

— Ии… ошент, айланайын, ошент! — деп абам менин какшыгыма түшүнбөдү. — Сүйлөш, сүйлөшчүлөр менен! Биздин тукумдан өзүңдөн башка бир да киши окууну түзүк арбыта албады. Эң ашып кеткени сегиз класс бүтүрүп баса берет. Быйыл иниң экөөбүз эптеп-септеп атып он класс бүтүрдүк. А да арзанга түшкөн жок. Эми, намыс үчүн болсо да, белди бек бууп чындап кириш. Дегеле эчтеке аяба. Акча керек болсо, акча бер! — деп абам чөнтөгүнөн бир тутам үч сомдук акча сууруп чыгып, туптуура тогузду эсептеди да, анан магнитофон тарапты бир карап алып башын чайкап коюп, дагы бир кагаз кошуп мага узатты.

— Жок, тим эле коюңуз! — десем болбоду.

— Ала бер, айланайын, кереги тиет! — деди абам, — жанагы, өзүңөр иччүүлөрдөн алып, сыноодон өткөрчү кишилерди үйүңөргө чакыр, келбесе, ашканага алып бар, ага болбосо, моминтип колуна акчалай эле кармат. Иши кылып, мынчалык келип калгандан кийин намысты колдон чыгарбайлы… Анан жанагы Акматбекке дагы анча-мынча көз кырыңды сала жүр, атайы бел тутуп келди эле…

*   *   *

— Эми, эртең мени жөнөтүп койгула. Мал-сал менен жеңең аябай кыйналгандыр. Анан, иниңдин тамагына өзүң көз сала жүр,— деди абам Букешке угузбай, шыбырап. — Бирде-экиде сыртка чыкпаган неме, өңүнөн азып калбасын. А, келин экөөңөрдү болсо, күзүндө, бышыкчылыкта атайы киши жиберип алдырып кетем. «Барабыз» десе, куда менен кудагыйды да ээрчитип алгыла. Кудайга шүгүр, колубузда жок эмес, бар, элден кем эмеспиз! Төрт саан уй, эки бээ, элүүдөн ашык көй, бак-дарактуу короо-жайым бар. Ошолордун баарын көрүмө ала кетмек белем, сеники — Таалайбегиң экөөңөрдүкү да! — деп абам жашып кетти.

Самолетко билет алып, түйүнчөгүнө алыбызга жараша чай чамерек салып берип, чогуубуз менен барып жөнөтүп койдук…

*   *   *

Албетте, иним былтыр окууга өтпөй кетти. Жалгыз эле ал эмес, досу Акматбек, абам кеткенден үч күндөн кийин: «Биздин мектептен чогуу бүткөнбүз, ушиерде сабакка бирге даярданалы дедик» деп иним ээрчитип келип, биздикинде турушкан үч бала — бешөө чогуусу менен өтпөй кетишти.

Абам мага аябай таарыныптыр. Күзүндө чакырткан да жок. Менин колуман эмне келсин? Оозунан «алхамдү» чыкпаган немелерди «окууга өткөзүп кой» деп кимге жалдырамак элем? Анысы аз келгенсип, жанагы бешөөнүн бизди айылга жамандап барышканычы…

Ээ, несин айтайын, дени-карды таза беш азаматтын ичкен-жегени да биздин моюнга түшүп, Букештин демейдегидей тамакка деп ченеп койгон акчасы айлыкка эки-үч күн калганда түгөнүп калыптыр. Акматбектен 3 сом карызга ала туруп, эки күндөн кийин эле кайра берсе албай коюптур. Анан дагы бир күнү өзүбүз жатчу бөлмөдө отуруп балалыгыбыз кармап кетсе керек, Букеш экөөбүз бири-бирибизге жаздыктарды ыргытышып ойнодук эле, ошону көрүп калышса керек, айылга:

— Жеңебиздин ачуусу келсе, балыш менен башка-башка чаап акебизди уруп коёт экен. Бизди болсо бутубузду чечпесек үйүнө киргизбейт. Бутубузду чечип кирсек: «Балдар, сасыбай ванныйга кирип, бутуңарды жуугула»,- деп эле мурдун тырыштырып турат. Күнүгө колубузга сетка карматып: «Нан алып келгиле, эт алып келгиле» деп дүкөнгө жибергени аз келгенсип, акчаларыбызды бүт бойдон карызга деп алып, кийин бир тыйын бербей койсо да, акебиз мыңк этпейт!»— деп айтып барышса, аердегилер: «А, байкуш, анан кантсин, жетим өсүп, жалтак болуп калган го кургур. Аны адам кылган ошол аялы болсо уруп-согобу, өзү билет да» дешип жүрүшөт деп ишенимдүү эле кишилерден уктум.

*   *   *

Иним быйыл да келди. Баягы балдарын ала келиптир. Арасында кыздары да бар.

— Таанышып коюңуз, байке! — деди Таалайбек ээрчитип келгендерин көргөзүп. — Бул Акматбек менен берки үчөөнү былтыртан бери таапыйсыз. А бу кыздар болсо — Бурулкан менен Айгүл, биздин туугандардын кыздары. «Жатаканага барабыз» дешет,— биерде өзүбүздүн агабыздын үч бөлмөлүү үйү турса, жатаканага барып бизди кепке калтыргыңар барбы,— деп ээрчитип баса бердим.

Ырас кылыпсың! — дедим инимдин жетиктигине жетине албай. — Акылыңдан агаң айлансын. Канткен менен намыскөй тукумдун кулунусуң да! Кана, балакетиңди алайын, менин канат-бутактарым, төргө өткүлө! Букеш! Ээ, Букеш! Бери чык. Менин туугандарымдын балдары келишиптир, кайни, кайинсиңдилериң!— деп ичкериден чыккан келинчегиме жөн-жайды түшүндүрдүм. – Булар быйыл да окууга өткөнү келишиптир. Сен кандай дейсиң? Туура кылышкан ээ?.. Окуунун эрте-кечи жок эмеспи…

Букештин тили күрмөөгө келбей, көздөрүн чоң ачып, нес болгон немедей туруп калды.

— Ошептип булар менен сени тааныштырып коеюн… Таалайбек менен Акматбектин береги кыяматтык үч досун былтыртан бери билесиң… А бу кыздар болсо менин көздөй көргөн таякемдин кызы – Бурулкан.

— Мен Айгүлмүн! — деди мен көргөзгөн кыз.

— Ыя?

— Мен Айгүлмүн.

— Албетте… Ошентип, бул менин эң жакын агамдын кызы — Айгүл.

— Меи — Бурулканмын.

— Койчу? Хе… хе… Туура айтасың…

Аңгыча коңгуроо шыңгырап калды.

— Кошуна!— деди домкомдун председатели Федя агай эшикти ачканымда. — Былтыркы жоругуңар дагы башталганы жатабы?

— Чамасы, ошондой го.

— Эмитен эскертип коеюн, суу менен газдын акысын бүгүндөн баштап он эсе көп төлөйсүңөр.

— Төлөйбүз,— дедим эшикти жабууга аракеттенип. — Сөзсүз төлөйбүз, төлөбөй коймок белек!..

— Коё тур, кошуна! — деди Федя агай. — Түртпөсөң деле кетем. Бул жер вокзал эмес, адамдар жашаган үй экенин жакшылыкча түшүнгүңөр келбесе…

— Түшүнөбүз, сөзсүз түшүнөбүз, Федя агай…

— Силерди сотко берип, квартираңарды тартып алып, шаардан айдап чыгуу жөнүндө маселени коебуз…

— Албетте коебуз, — деп анын сөзүн коштодум. — Жакшы барыңыз, Федя агай, төлөйбүз, айдатабыз, сотко беребиз…

Каалганы жаңыдан жапканымда кайрадан коңгуроо чыр дей түштү.

— Кандай түшүнбөгөн немесиз! — деп эшикти ачуулуу ачтым. — Төлөйбүз, сотко беребиз деп айтпадымбы!

Алдымда Федя агай эмес эле, мага бейтааныш кетирекей мурун үч бала туруптур.

— Саламатсызбы? — деди балдардын бирөө күлүмсүрөп. — Деги тынччылыкпы?

— Тынччылык эле. Келгиле, киргиле үйгө. Букеш, ээ Букеш! Менин калган-каткан канат-куйруктарым келди.

— Келгиле…

— Бул менин көздөй көргөн абамдын баласы, атың ким эле?

— Сага эмне болуп калган? — деди келинчегим мага акырая карап. — Бул менин абамдын баласы Руслан экенин көрбөй турасыңбы?

— Койчу?.. Менин туугандарыман экен десе…

*   *   *

Ошентип, «канат-бутак, куйрук-суйрук» чогуубуз менен экзаменге даярдана баштадык. Алар сабак окушат. Букеш экөөбүз тең отпуска алганбыз. Болбосо аларга ким тамак бышырып бермек эле?..

Балдар, кыздар бара-бара шаар менен, бири-бири менен үйүр алышкан сайын Букеш экөөбүздүн алар менен бул үйдө чогуу турганыбыз көп көрүнө баштады… Сиркелери суу көтөрбөй, ооз ачсак эле мостойтуп кагып салышат. «Өздөрү экзамендерден санаалары тынчыбай ушинтип атышат, кой, ушунча чыдаган, дагы бир аз чыдап коелу» деп тилибизди тишибизге каттык.

Күндөрдүн биринде Букеш экөөбүз киного барып, кечигибирээк келдик. Биздин үйдөн элүү кадамча жерде топтошуп турган адамдардын карааны көзгө урунду. Жакын келсек, баары тең биздин кошуналарыбыз. Дагы эле баягы Федя агай алдыбыздан тосуп чыкты.

— Кошуна! Токтоосуз барып, үйүңөрдөгүлөрдү жөнгө салгын. Болбосо үйүбүзгө отура албай калдык. Анан эртеңден баштап силердин дидарыңарды көрбөскө колубуздан келгенди аянбайбыз. Көңүлүңө алсаң ал, кошуна, бирок мындан ары чыдоого болбойт. Биз кыргыздардын меймандос, үйүнө келген кишини эч качан кет деп айтпаган калк экенин билебиз. Бирок 200 процент меймандос болсоңор да, бул жоругуңар эч жерге сыйбайт! — деп тим эле мени урганы жүрөт.

— Азыр, мен барайынчы,— деп баса бердим, болбосо берки кошуналардын түрүнөн да жакшылыктын жышааны көрүнбөйт.

Кирип келсек, үйүбүз балдар-кыздарга жык жыйма толуптур. Бирөө магнитофонду, экинчиси радиону, үчүнчүсү телевизорду үнүнүн бардыгынча коюп алышып, жанында отурушат. Дагы бирөө менин комузумду чертип ырдап жүрөт. Беш-алтоо үйдүн чаңын асманга чыгарып бийлешүүдө. Менин кабинетим менен Букеш экөөбүз жатчу бөлмөдөн улан-кыздардын добуштары чыкканына караганда аерди да капкачан эле ээлеп алышкан көрүнөт.

— Бул эмне кеп! — дедим үнүмдү өкүм чыгарып. Кызып алган немелер көңүл да буруп коюшкан жок. Сары көйнөк, кыркма чач кыз жаныма келип:

— Кел, бийлейли! — деп колуман кармап, ичкериге жетеледи.

— Кандай уятсыз немесиңер! Токтоткула! — деп кыйкырдым.

Дегеле кулак салышпайт. Магнитофонго Рафаэлдин ырларын коюп алып, ыйлап отурган зуңкуйган бала жаныма басып келип:

— Сен эмне оңураңдайсың? Кана, өлө элегиңде таманыңды жылтыратып жөнөй берчи, мен карап турайын! Бол, ылдамыраак! — деп бөйрөгүн таянып тура калганда:

— Ай, ал ушул үйдүн ээси! — деди отурган балдардан кимдир бирөөсү.

— Ээси болсо эмне кылайын! —- деди менин маңдайымдагы зуңкуйган неме. —Ээси болсо эле оңураңдай береби? Буга мындай укукту ким берип коюптур? Азыр теңчилик заман. Бирөөнүн бирөөгө катуу айтууга эч бир акысы жок.

— Чыккыла эшикке! — дедим жанагы баланы колдон алып.

— Эй, тетиги немени чыйылдатпай ар жакка алсаңарчы,— деди кыздардын бирөө. — Баарын бузду. Эшикке чыккысы келсе, чыгарып жибербейсиңерби!

Жаагым чуу дей түштү. Мен да карап турбадым. Андан ары эмне болгонун билбейм, ызы-чуу, карс-курс эле болуп жаткан. Бир оокумда көзүмдү ачсам, подъезддеги цемент тепкичте жатыптырмын. Букеш жанымда ыйлап отурат. Букеш жөлөп-таяп акыры ордумдан турдум. Үйдөгү ызы-чуу али басаңдабаптыр. Биздин квартирадан баш баккан чоочун бала:

— Көп кайгыланба, абышка! Балдар кичине көңүл ачып отурушса, өзүң келип катылбадыңбы! Алардын үстүнө кирбей эле кой. Эми аяшпайт. Оңбой каласың! — деп сөзүн бүтө электе, ичкериден кимдир-бирөө ыргыткан отургуч так чыкыйга тийип, астананы сүзгөн бойдон жыгылды.

*   *   *

Түн ортосуна чейин басып жүрүп, буттар талыды. Үйүбүздөгү жумшак жууркандар көздөн учту. Бири бирибизге ыкташып, бульвардагы орундуктардын бирөөндө өтурабыз. Бирок минтип көпкө отура алгыдай эмеспиз. Чөнтөгүмдү сыйпаласам, паспортум жанымда экен.

— Жүр, мейманканага барып, түнөп чыгалы.

— Жүр.

«Ала-Тоо» мейманканасына бардык. Жалынып-жалбарып атып эшигин ачтырып, администраторун ойготуп, таң атканча эле эки орун берүүсүн өтүндүк.

— Болуптур, кана паспортуңар! — деди администратор кыртышы сүйбөй. Мен шашып-бушуп паспортумду кармата салдым. Ал ага уйкулуу көзүн жүгүртүп турду да: — Кишинин мазесин алып… — Мени жекире тиктеди. — Силерге орун берилбейт?

— Эмне үчүн?..

— Шаарда катталган адамдарга мейманканадан орун берилбесин билбейсиңерби?

Анан ал каалгасын карс дедире жаап, ал турсун ачкычы менен эки жолу бурап бекиткенин көрүп, заманам куурулуп, көзүм караңгылап теңселип туруп калдым.

*   *  *

Иним быйыл да биринчи эле экзаменден ыргып кетти. Көп узабай калгандары да анын жолун жолдошту. Кудай жалгап, азыр үйдө өзүбүз эле калдык. «Кыш камын жазда көр» — деген элибизде таамай айтылган сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай келерки окуу жылынын камын эмитен көрүп атабыз. Анткени, эмдиги жылы дагы эле келишет да… Анда мындан да көбүрөк болуп келишерин ким билсин? Иши кылып домкомдун председатели Федя агай менен, биз катталган милиция бөлүмүнүн начальнигинин жардамы тийип, келерки окуу жылында документтерди кабыл аларга бир жума калганда, иштеген жерибизден Букеш экөөбүзгө тең отпуска бере турган болушту. Ал турсун, мен иштеген мекеменин жетекчиси 60 орундуу автобус алып берем деп убада кылды. Ошол автобусту алып, үйдү бекитип, кайненем, кайнатам, таекебиз, Федя агай байбичеси менен чогуу Сарымсак абамдыкына конокко баралы деп атабыз. Бир-эки ай тосуп көрсүнчү…