САПАРКУЛОВ Батырбек: БАТЫРБЕК САПАРКУЛОВ: САМСА

АӉГЕМЕ 

Кудайга шүгүр, азыр заман жакшы… Союз ыдырагандан кийин беш-алты жыл аралыгында эл тегиз жүдөй түшпөдүбү. Эл жумушсуз, дүкөндөр бош, тамак-аш тартыш, эт дегенди бир айда бир же эки жолу көргөн бүлөлөр да саналуу, а кийим кече дегенди издесеӊ да таппайсыӊ. Азырчы?.. Кудайга шугур, азыр заман жакшы…
Бизде эмне көп – самса саткан самсакана көп. Түрү менен жайнайт тим эле. Оштуку, Ноокаттыкы, Лейлектики, кыргыздыкы, өзбектики, ачуу, таттуу, койдуку, уйдуку деп, дегеле санап түгөтө албайсыӊ.
Биздин дос да жумуштар менен ары-бери өткөндө ошол самсаканаларга кире калып шам-шум этип алмай адаты бар. Ошондой учурларда көбүнчө эсине өткөндөгү окуялар түшө берет. Ошол Союз ыдыраган жылдары тагдырдын буйругу экен, атасы дагы кокустук себеп болуп бул жалган дүйнөнү таштап кетти. Энеси жалгыз өзү үй бүлөнүн жүгүн аркалап, алты баланы багып чоӊойтту. Биздин дос үй бүлөдө кенжеси болгондуктан, көбүнчө энеси менен бирге жүрүп, кайда барбасын дайыма энесине кошумча кол болуп ээрчип алчу. Азыр ойлосок, үйдүн улуу балдары чоӊ шаарда студент болуп, анын үстүнө заман тартыш, үй-бүлөнүн бардык жүгү жалгыз эненин мойнунда, энеси бечара ошондо бир топ эле кыйынчылыкты тарткан экен. Үй бүлөнүн негизги киреше булактарынын бири – колдо токулган килем жасап сатып жашоону алдыга карай кыймылдатуу эле ошондо. Эне-бала ээрчишип алып ай сайын койдун сапаттуу жүнүн, боекторун издеп, базар кыдырмай, кээде кошуна Тажикистанга да түшүп турат эле. Бул килемди колдо жасоо дегениӊ аябай машакаттуу иштердин бири экен. Койдун жүнүн жууп тазалоодон тартып, аны ийирүү, бойоо, кургатуу, чыйратуу, кайра тоголоктоп түрүү сыяктуу машакаттуу жумуштар килемдин жиптерин даярдоодо эле.
Баягы биздин дос да кол-кабыш кылып дайыма энесинин жанында. Базардагы ызы-чууда түртүшмөй, жөөлөшмөй, ысык аптап, чаӊ, койдун жүндөрүн саткан жердеги буруксуган жытты айтпа… Ошондо биздин дос да кээде балалык кыял менен чыдамсыздык мүнөзүн энесине көрсөтүп алат. Өтө эле кежирленип чектен чыга баштаганда, энеси акырын какыс-кукус кылып коё турган учурлар да болчу. Андайда биздин дос да бир топ убакытка кабагын жерге салып көӊүлү ачылбай, үңүрөйүп калмайы бар эле. Анан ошол машакаттуу эмгек менен даярдалган килемди базарга саткандан кийин, үй бүлөдө кичинекей майрам. Килемдин акчасы чөнтөккө түшкөндөн кийин эне-бала биринчи кезекте жакын жердеги ашканалардын бирине самса же башка тамак жегени кирет эле.
Кара курсакка бирдеме киргенден кийин эс алып, маӊдайыӊ тердеп чыккан кезде баардык чарчоолоруӊ чыгып, жашоо дегениӊ көзүӊө сулуураак көрүнө түшөт. Ошондогу көп байкалчу нерсе — энеси баласына самса алып берип, өзү көбүнчө жеӊилирээк тамак, нан-чай менен гана каниет кылчу.
— Өзүӊүз да алып жесеӊиз боло, — десе:
— Менин курсагым анча ачкан жок, эрте менен жеген тамагым сиңбей турат, — дечү.
Азыр ойлосом, маселе такыр башкада экен. Ошондой, урматтуу бир туугандар. Биздин дос да кээде самсаканада самса жеп отурганда, ошол күндөрдү ойлоп, жеген тамагы тамактан ары өтпөй, көздөрүнө жаш кылгыра түшкөн учурлар боло калат. Мен өзү жебей, өзү кийбей, жалгыз өзү багып өстүргөн энеме кандай жакшылык кылып жатам? Ошол кыйынчылык күндөрүнүн бир мүнөтүн болсо да актай алдымбы? – деген суроонун курчоосунда калат.
07.03.2017 жыл.