САСПАЕВ Аман: АМАН САСПАЕВ: ЭЛГЕ МЕНИ “САРАЛА ИТИМ” ТААНЫТКАН

Таланттуу жазуучу Аман Саспаевдин «Кыргызстан маданияты» гезитинин архивинен табылган бул интервьюсу көркөм чыгармачылык менен алышып жүргөн калемгерлерге чыгармачылык өнөркананын өрнөктүү нускасы болуп береринен шегибиз жок… 

— Аман ава, сизди адабий журтчулук аңгеме жанрынын чебери катары баалашат. Кенже жанрдын керемет сырын түшүндүрүп берүүгө мүмкүнбү?

— Кыргыздын кеби бар да “аз сөз – саз сөз” деген. Анын сыңарындай эле адам канчалык так, кыска сүйлөсө ошончолук жугумдуу болот. Чыгармада мазмунду колдон келсе бир сүйлөмгө батыруу керек. Кыскалык – чыгарманын күчү, кудурети. Дүйнөлүк корифейлер Тагор, Мопассан, Премчан, Лусин, Чеховдун жазгандарын карагылачы, ташка тамга баскандай го чиркин. Чыгарма таасын жазылышы менен, элестүү сүрөттөлүшү аркылуу эсте калып, тамшандырып тургандай болуусу зарыл. Эпсиз эле эзме баяндоолордун эмне кереги бар. Көп сөздүүлүктөн качкан оң. Кенже жанрдын керемет сырын ушинтип деле айтууга болот, бирок анын маани-маңызын алаканга салгандай түшүндүрүп берүүгө мүмкүн эмес. Керемет нерсе – керемет.

— “Ширеңке”, “Шейшеп” өңдүү алгачкы аңгемелериңиз менен эле адабият чөйрөсүнө таанылып, өзүнчөлүккө эгедер жазуучу катары кабыл алындыңыз эле. Азыркылардын айрымдары олчойгон романдары менен да оозго алынбай жатат. Буга көз карашыңыз кандай?

— Азыр жаштарды көркөм табитке тарбиялап турган ким бар? Эмне жазсаң ошол чыккан заман. Акча табуунун айынан тез сатылып кетчү чыгармалар үстөмдүк кылып турат. Жөнөкөй окурмандарга сөздүн берметин, көркөмдүктү тартуулайын деген адам аз. Бирок азыр болбосо эртең андай чыгармаларды электен өткөрүп, эл көзүнө көрсөтөр чоң сынчы бар. Ал – доор.

— Кытай элинин тузун татып, турмушун көргөн адам катары эмнени айтар элеңиз?

— Кытайда отуз жыл жашадым. Пекиндин борбордук институтунун филология факультетинен билим алдым. Окуп жүрүп кытай студенттерине казак тилинен сабак берчүмүн. Институттун эң бай китепканасы бар эле, андан бал аары гүлгө жабышкандай болуп чыкчу эмесмин. Түркий тилдеги адабияттар өтө көп болчу. Ошол китепканадан Түгөлбайдын казак тилинде жарык көргөн, “Биздин замандын кишилери”, уйгур тилиндеги “Тоо балдары” романдарын таап окугам.

Пекинде окуп жүрүп атактуу окумуштуулардан сабак алдым. Украиндик академик Седченконун, монгол Тодаеванын, Фу Мао Жинин лекцияларын уктум. Ошентип алты жашымдан отуз үч жашка чейин Кытайда жашадым. Илим, билим алдым, казак, уйгур, кытай тилдеринде эркин сүйлөгөнгө үйрөндүм. Учурунда байдын тукуму делип куугунтукталганыбыз менен акыры туулган жердин тузу буюуруп, 1962-жылы кайра Көлгө кайттык.

Кытай элинде жүрүп окуп үйрөнгөндөрүм мени бир бийиктикке көтөрсө, Москвадагы жогорку адабий курстан окуган жылдарым мени экинчи бийиктикке алып чыкты.

— Чыгармаларын айылда, кара жумушта иштеп жүрүп эле жазчу дешет ко?

— Көлгө келгени совхоздо карапайым эл катары ар кайсы жумуштарда иштеп жүрдүм. Алгачкы аңгемелерим жарык көрүп, элге жагып, жазуучу аталып калганда Санташта иштечүмүн. Эл деген эл да, “ал ким экен, кайда иштейт экен?” деген сөздөр болот да. Мени билгендер “Түптө эле бир совхоздо кароолчу экен”,- дешсе “койчу ай, жазуучу да кароолчу болмок беле…”- дешип таң калышыптыр.

— Сөз “Сарала ит” аттуу аңгемеңиз жөнүндө болгону турат. Кезегинде кыргыз адабий сынынын талаш-тартышына кабылып, саясый-идеологиялык айып коюлууга чейин барды эле. Ошол окуя жөнүндө эмнелерди айта аласыз?

— Айрым бир тар чөйрө, тайыз көз караштар менин чыгармачылыгыма кесепетин тийгизбей койгон жок. “Сарала ит” аттуу аңгемем “Ала-Тоо” журналына басылып чыккандан кийин адабиятчы Качкынбай Артыкбаев  “Советтик Кыргызстан” газетасына “Күн менен итте эмне айып?” аттуу сын макаласын жазды. Ал менин жазгандарымды жалган эстетика деп атады, ал тургай аңгемеде антисоветтик көз караш бар деп айтып ийе жаздап, оозун жыйып алганы да байкалып турат. Камбаралы Бобулов анда “Правданын” өз кабарчысы болчу, ал Качкынбай Артыкбаевдин мага жазган сынын окуган соң аны “адабиятты начар түшүнгөн адам” деп атап, кайчы пикирин жазып чыкты. Касымалы Бектенов менин сарала итимди “бул ит эмес, бул советтик граждан!” деп пленумда чыгып сүйлөдү. Кайсы бир ирандык жазуучунун ит жөнүндө жазганы бар экен, ошону көчүрүп алыптыр деп да айтышты. Айтор “Сарала иттен” кийин мени беш жыл адабий чөйрөдөн алыстатып, жазгандарымды ар кандай шылтоолор менен чыгарбай, жектеген мезгил болгон.

— Мындай талаш-тартыштар көбүнчө көз караштардын карама-каршылыгынан жаралган топторду пайда кылат эмеспи. “Сарала иттин” талашы авторду жалгыз калтырган жокпу?

— Аалыкем тараптагылар “Сарала итти” катуу сындашты, саясый айып коюшту. Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Камбаралы Бобулов, Азиз Салиев, Салижан Жигитов, Омор Султанов, Кадыркул Даутов сыяктуу акын-жазуучулар автордун талабын коргошту. Качан гана Москвадан “Кыргыз аңгемелери” аттуу жыйнакка Чыңгыз Айтматов, Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиевдин чыгармалары менен бирге менин “Сарала итим” кошо басылып чыккандан кийин гана саясый ката издегендердин чуулдагы басылды. Айтор элге мени “Сарала итим” таанытты. Балким ал чыгармачылык тагдырдын жаралышы болгондур.

— Көлөмү жагынан айтсак Юдахиндикинен кем эмес кытайча-кыргызча сөздүк жараттыңыз, жарыкка чыгарууга жардам берчүлөр барбы?

— Сөздүктүн үстүндө беш жыл иштедим. Биринчи вариантын эки жыл мурда бүткөм. 55 миң сөздүн тегерегинде жазылды. 7 миңге жакын иероглифтерден турат. Көлөмү 80-90 басма табак. Сөздүктү бастыруу албетте, колдон келбеген соң жардам сурап Президентибизге эки жолу кат жөнөттүм. Кытайдын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө, Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборуна кайрылдым, жыйынтык жок. Билгенимди кийинки муундарга калтырып кетейин деген тилегим орундалбай турат. Басылып калса андай басмаканалар Москвада жана Үрүмчүдө гана бар.

— Жазуучунун колунда жарык көрө элек кандай эмгектер бар болду экен?

— “Шашкеде кара туман” деген автобиографиялык романым дале каражаттын айынан чыкпай турат. “Чыгышка назар” аттуу илимий изденүүлөрүм Ысык-Көл мамлекеттик университетинин басмасынан жарык көргөнү турат. “Кытай тарыхы жана кытай адабиятынан сабат” деген эмгегимди  басмага беришим керек.

— Тиричиликте көңүл өйүткөн көйгөйлөрүңүз жокпу?

— Пенсиямдын аз чыгышы. Кытайда эмгектенген жылдарым эсепке кирбей калды, ал тууралуу арыз менен тиешелүү жерлерге кайрылсам, жарытылуу жооп болбоду. Президенттик стипендияга өз жамаатым жабыла көрсөткөнү менен тизмеден акырын чийип койчу адамдар бар. Эл алдында эмгегиң бааланып турганы жакшы да.

— Талантына баа берип, дилиңизде сыйлаган адамдарыңызчы?

— Мурза ГапаровдунКубатбек Жусубалиевдин жазгандары абдан жагат.

— Сизге бир суроо бергим келип турат. Сиздин аялзатына болгон мамилеңиз кандай?

— Абдан жакшы. Сулуулукту эңсебеген адам жок. А мен жазуучу адаммын. Сүйүү абдан назик, ыйык нерсе да.

— Бакыт дегенди кандай түшүндүрөр элеңиз?

— Ал абстрактуу нерсе. Кээ бирөө сулуу аял менен түнөгөндү бакыт деп эсептейт. Бирөө 5-10 сом таап алса бактылуу. Бакыт адамдын эңсөө, кыял, үмүтү. Ал эми Сократ “өз жеринде жашап, өз жеринде эмгектенип, өз жеринде өлгөндөн өтөр бакыт жок” деп айткан экен.

— Эмнени жактырасыз да, эмнени эңсейсиз?

— Тынчтыкта, жалгыз ойлонуп отургум келет.

Маектешкен Көйкөл АЙТБАЕВА

Кыргызстан маданияты №6 (1504) август, 2002