ТОКТОГУЛОВ Аман: РАСУЛ ГАМЗАТОВ: МЕНИН ДАГЕСТАНЫМ

Р.Гамзатов (1923–2003) Дагстандын Хунзах районундагы Цада айылында Эл акынынын үйүндө туулган. Мугалим, журн а л и с т б о л у п и ш т е п , Москвадагы Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Көптөгөн эл аралык коомдук иштерди аркалаган. Социалисттик эмгектин баатыры (1974), Лениндик сыйлыктын лауреаты (1963). 1952-жылы Сталиндик сыйлык ыйгарылган. Көптөгөн дүйнөлүк сыйлыктардын ээси.

Бу китептин формасы. Китептин кандайча жазылары жөнүндө…

Дайым кында жата берсе,
канжарды дат басат.
Дайым уктай берсе,
жигитти май басат.

Канжардагы жазуу
Сапталчу ийне сапталды,
Тигер киймим эмине?
Тагылчу кыл тагылды,
Ырдач
у ырым эмине?
Ооздук чайнап, чыдамы кеткен сырдана аргымагым жакшы такаланды. Өзүм ар бир бутун көтөрүп көрүп, такалардын бекемдигин текшердим. Ээрди токуп, басмайылды тарттым. Тартканда да, алдына манжа салса зорго кирчүдөй. Атта да, токулгада да айып жок.

Атам тариздүү абышка мага тизгин карматты. Көздөрү ойноктогон кичинекей кыз камчыны сунду. Коңшу саклядагы тоолук келин кумурасына суу толтуруп, атайы менин алдыман тосо басты. Анысы мага акжол тилеп турганы. Айыл аралап баратып, кимдин жанынан өтпөйүн ар кимиси: «Жолуң байсалдуу болсун, бахарчи!» – деп жатты.

Айыл четиндеги саклядан бир келин чырак күйгүзүп, терезеге алып келип койду. Анысы мага:

– Унутпа ушул терезени, унутпа ушул жарыкты. Сен сапардан кайтып келгиче, бул өчпөй күйүп турат. Алыс жолдо, нөшөр төккөн кыйын түндөрдө ал сага күндөр менен жылдарды жарык кылып күйүп турат. Алыс сапардан жүдөп-жабыгып, тууган айылыңа кайра кайткан кезде, эң биринчи жаркырап көзүңө ушул урунар. Унутпа ушул терезени, унутпа ушул жарыкты дегени го.

Туулган айылымды дагы бир карап алмакка артыма бурулам. Саклянын чатырында турган апамды көрөм. Боюн түз кармап, жалгыз турат. Ал улам бүлбүлдөп, кичирип отуруп, жалпак чатырдын туурасынан кеткен түз сызыгына тике түшкөн кара сызыкча болуп калды. Акыры, жолдун дагы бир имерилишинен өтө бергенден кийин айылымды тоолор тосуп калды, артыма бурулуп, тоолордон башка эч нерсе көрө албадым.

Алдымда да тоолор турат. Бирок мен билем, анын ары жагында зор дүйнө жатат. Башка да айылдар, чоң-чоң шаарлар, океандар, вокзалдар, аэродромдор, китептер.

Ат туягы тарсылдап, жан боорумдай Дагстан жеринин таштуу жолунда баратам. Төбөмдө чекелери тоолор менен кештеленген асман. Ал бирде күн нуруна жуунуп, бирде коюн-кончуна жылдыз толуп, бирде бапыйта булут кучактап, жерге жамгыр төгөт.

Тура тур, буудан, тура тур,
Карайын арка жагымды.
Барабыз таштап биз утур,
Ыраакка тууган айылды.

 

Зымыра, буудан! Не чыкмак
Кылчактап артка турганда.
Алдыдан далай кезикмек
Айыл да, дос да, тууган да.

Кайда баратам? Кандай кылганда туура жол тандап алам? Жаңы китепти кандайча жазышым керек?

ЧӨНТӨК ДЕПТЕРДЕН. Азыр Дагстанда жаштар улуттук кийимди кийбей калды. Алар Москвада, Тбилисиде, Ташкенде, Дүйшөмбүдө, Минскиде жаштар кандай кийинсе, ошондой эле шым, костюм, тенниска кийишип, галстукчан жүрүшөт.

Ушул тапта улуттук кийимди бир гана ыр-бий ансамблинин артисттери кийип калышты. Эскиче кийинген адамды бир көрсөк тойдон көрөбүз. Айрым учурда кимдир бирөө дагстандыктарча кийингиси келсе, досторунан, тааныштарынан сурайт, болбосо прокаттан алат. Өзүнүкү небактан жок. Иши кылып, улуттук кийим жоголуп баратат. Бирок кеп башкада. Улуттук форма кээ бир акындардын ырларында да жоголуп баратат. А алар болсо ошонусуна сыймыктанып жүрүшөт.

Мен деле европалыктарча кийинем, мен деле атамдын кементайы менен жүргөн жерим жок. Бирок ырларыма адресаты жок кийим кийгизүү капарыма да кире элек. Мен ырларымдын өзүбүздүн дагстандык улуттук формада болуусун көздөйм.

Мен эмне? Менин өмүрүм көп болсо бир нече он жылдыкка жетер. Ошол өмүрүмдүн өзү адамдар шым, батиңке, пиджак кийинген мезгилге туш келип олтурат. Ырлардын жашоосу башка. Алардын туулар, өлөр мөөнөтү өзүнчө. Мен өзүмдүн ырларым туурасында эч нерсе дебейм, мүмкүн, алар менден көп жашабас.

Москвадан мен бир картаң эмен (дуб) көргөм. Аны Иван Грозный отургузган дешет. Демек, эмен ушул жашка келгенге чейин, адамдар элден мурун боярларча кийинген, анан кемсел кийинип, упа себинген париктерге өтүштү, андан кийин капкара фрактар менен төбөсү шуңшуйган калпактар чыкты, анан тери капталган куртка менен буденовкачан жүрө башташты, анан кийингендери жөнөкөй пиджактар менен балбыраган кенен шымдар болду, анан кайра тар шымдар…

А эмен болсо кебелбей: «Ошол төмөндө чуркап жүрө бергиле, кыларга ишиңер жок болсо, кийимиңерди алмаштыргыла. Менин тагдырым башка – мен күн нурун шимирем, ошол нурларды чертсе даңкылдаган сөңгөккө, өзүмдөй кубаттуу эмен болуп өсө турган урукка айлантам. Менин маңдайыма жазылган нерсе ушул», – деп адамдарга айтып тургансыды.

Тоолуктарда: «Кийим жаманды жакшы кылат, жакшы ат коркокту эр кылат», – деген кеп бар. Бул минтип шаңдуу айтылганы менен мага саал жете бербейт. Баатыр сөзсүз эле жолборс терисин жамыныш керек бекен. Кээде көк сооттун ары жагында коркок жүрөк түрсүлдөп жүргөнү жалганбы?

АНТКЕНИМ, сыртынан көз жоосун алып турганынан улам сатып алган дарбызым сойгондо ичи аппак чыгып, далай ирет желкеми кашыгам.

АНТКЕНИМ, бир окуя болгон. Унцукулдук бирөө бир жолу кементайга ороп, сүйгөн кызын ала качып келип, ачса эле кыздын ордунда кемшейген чоң энеси жатат дейт.

Абуталиб бир айтты эле. Бир жолу аны алыскы бир айылга үйлөнүү тойго чакырышып, барып зурна тартып берген экен. Тойдун даңкы алыс кетти дейт. Үч күн катары менен айылдын алдындагы түзөңдө зурна үнү какылдап, барабан дүңкүлдөп, чоордун үнү бүтө турган болуп, кыяк жан-алы калбай, ыр суудай агып… Дагстандыктар айткандай, аерде «дам-дам» да, «чам-чам» да болуптур, мындайча айтканда, жесең аш даяр, уксаң ыр даяр. Айыл түп көтөрө тойго келип, карысынан жашына чейин бийлебегени калган жок дейт.

Үчүнчү күнү той башкаруучунун айтуусу боюнча жарчы азыр аянтка кыз, күйөө чыгып бийлешет деп, жар салып калды дейт. Күйөөнү болсо эл үч күндөн бери көрүп жүрүшүптүр, кыз ошого чейин жүзүн көрсөтпөй, бетине үлбүрөгөн чүмбөт тартынып олтурган экен. Үч күн бою Абуталиб анын келишкен кийимдерине кадала тиктеп… Анан калса, анын кийиминин асеми да кудум эле кавказ поэзиясынын антологиясынын мукабасын эске түшүргүдөй болсо керек ко.

Колукту ордунан туруп, аянтты көздөй басканда анын тулку бою Абуталибди саал шекшинте түшүптүр. Жоон-жолпулугу жагынан Гослитиздатта басылган кыргыз эпосу «Манаска» салыштырса болчудай имиш. Аңгыча колукту бетиндегисин ары, аркасын көздөй серпип таштамай болуп калды дейт. Баары шырп этпей, Абуталиб да дем какпай туруп калыптыр. Мына, колукту бетине түшкөн жоолукту ача берип, үч күн бою күткөн учур келиптир. Караса эле кыздын бир көзү Хунзахты, бир көзү Ботлихти тиктеп турат дейт. Ошол бири-бири менен урушкансып тетири карап кеткен көздөрдүн ортосунда колжоюп келип, эптеп жайланышкан мурун картөшкөдөй болуп салаңдап турган имиш…

Абуталибдин көңүлү чөгө түшүптүр. Эми ал баягысындай зурнасын да тарткысы келбейт, тамак да жүрөгүнө баспайт, тойдон кеткиси эле келет.

Билбейм, мүмкүн, Абуталиб бул окуяны айтып жатып, апыртса саал апыртып койгондур.

ОШЕНТСЕ ДА, канчалык жасалгаланбасын, жаман китеп жаман эле бойдон калат. Аны туура баалоо үчүн, бетиндеги чүмбөтүн сыйрып таштап, анан кароо керек.

АНТКЕНИМЕ ДА БИР СЕБЕП БАР. Тоолук аялдардын абалы жана аларга болгон эркектердин мамилеси туурасындагы маселе тийиштүү деңгээлге, күн тартибинин «чокусуна» коюлган бир жыл болгон. Бул жылы эркектер аялына тик багып бир сөз айтат деген болбой калган. Үйдөгү кыжың-кужуң сөз үчүн райкомго чакырып, сөгүш берип таштачу. Илгери-кийин жеме угуп калбас үчүн элден мурун райкомдун аппаратындагы бардык кызматчыларга бирден сөгүш берилген. Ошо жылы кайра-кайра тоолук аялдардын съезди чакырылып, сүйлөнгөн сөз деген эме селдей аккан, анчалык сөз ошого чейин өткөрүлгөн бүткүл съезддерде да болбосо керек.

Ошол жылы жекшемби күндөрү базарда уруксат берилбеген ар түркүн товарлар менен соода кылган бир килейген аял пайда болот. Милиционер болсо тоолук аялдын эркиндик-теңдигине шек келтирип албайын деп, анын жанына жологондон коркот. Ошентсе да, үчүнчү жекшембиде ал жүрөксүнүп жатып, баягы аялды эскертип өтөт. Ага болбогондон кийин, бешинчи жекшембиде башка салганды көрөрмүн деп кармап, милицияга алып барууну чечет.

Милиционер соодагер аялды көчө менен алып баратса, элдин быякта туруп эле эси чыгып, таң калбаганы жок дейт. Оңойбу, укугу колунда, эркиндик-теңдикке чыккан тоолук аялды кармап, жетелеп жөнөөгө батыныш!

Тиги элдер кыжылдаган базарда аялды милиционер дурустап да бою-башын караган эмес экен. Мындайраак чыккандан кийин юбкасынын алдындагы лакыйган өтүктөрдөн улам шекший түшөт. «Дал ушунда бир кеп бар» – деп, милиционер аялдын бетиндеги паранжысын сыйрып салса, муруттары жалтаңдын боорундагы эки түп ит мурундай болгон күржүйгөн эркек көздөрүн чакчайтып гана карап турат дейт.

Таланттан, жигердүүлүктөн куру калган, өз сыймыгын унуткан айрым сүрөткерлер товарларын өткөрүү үчүн жаркырап көрүнгөн форманын ары жагына жарым-жарты ойлорун жашырып калам деген кыязда бөлөк бир кийимдер менен жасанып алышат. Бирок курсагыңда эч нерсе жок туруп, тебетейиңди алчыланта кийгенден эмне чыгат?

Канчалык кооз болбосун, жыгачтан жасалган канжар жамгырды эле кеспесе, эмнеге жарайт.

АНЫН СЫҢАРЫ, куурчактарды үйлөнткөндөн бала төрөлбөйт.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ, баланы сүннөткө отургузганда каздын канатын көрсөтүшөт. Бирок бул жөн гана баланы алдоо үчүн. Каздын канаты менен эчтеке кесилбейт, бул ишке курч устара керек. Бирок да китепкөйлөр алдап, сооротуп койгудай бала эмес, мен дагы кын байланып, ал деги чыныгы, алтын жалаткан кын болгон күндө да, ага кагаздан жасалган канжар жасап алган артист эмесмин.

Ырас, кын да керек, ансыз канжарды дат басат. Кын кооз болсо, ого бетер жакшы.

Ырас, эр жигит жоо чаап, кымбат баалуу олжо менен кайтканда, келинчеги чыгып, атынын мойнуна жибек жоолук байлачу.

Ырас, жалтылдаган курч ойлор үчүн тантык тил күлүктү үч буттап туруп чапкандай кеп.

Ырас, абдан бекем деген араба да жанды оозго тиштеткен жаман жолдо ышпалдасы чыгып шалдырап, а тургай жардан ары кетиши мүмкүн.

Ырас, эшектин куюшканы ат соорусуна эп келбес да, аргымак куюшканы эшекке чак келбес. Ушу жерден мен сиздерге бир балкар менен анын чобуру туурасындагы аңгемени айтып берейин.

Балкар менен анын чобуру жөнүндө аңгеме

Бир балкар өзүнүн шордуу атына карапа, кумура, илегендерди артып алып, сатып келмекке айылдарды кыдырып жөнөптүр.

Авар айылында ошол күнү ат жарыш болгону жаткан экен. Каны кызуу боз балдар өздөрүнөн бетер кызыган аттарын жулкунтуп ушу жерге келишиптир. Эл дуу-дуу этип, жигиттерди да мактап, аттарды да мактап. Жигиттер да шыңга бойлуу келишкен, аттары андан өтүп суналышып, жагалданып. Жигиттердин көздөрү оюн кызыгына жүрөк отунан күйсө, аттарынын көздөрү чыдамы кетип, күйүп турат дейт.

Жарышка түшчүлөр мына эми катарга тизилип туруп калган кез экен, аңгыча эле чобурун теминип, баягы жай келаткан балкар аянтка чыга түшүптүр. Балкардын түрү үргүлөп зорго келаткандай, а астындагы аты басып да, уктап да бараткандай имиш. Ошо жерден эле боз балдар дуу этип, балкарды күлкү кылып алышат:

– Кел, эй, катарга, жарышка түшпөйсүңбү?

– Болуптур, сенин чобуруңду аргымак деп эле коёлу.

– Түшө бер, же атыңдын төрт туягы бар экени жалганбы?

– Жарышсаң жарыш, биздин аркабыздан такаларды чогулта турган да бирөө керек.

Балкар өзүнө тийип жаткан шылдың кептин бирине да унчукпай, атын токтотуп, үстүнөн карапа, кумура, илегендерди түшүрө баштайт. Буюмдарын бир жерге жайма-жай чогуу коюп, атына жайма жай минип, жигиттердин катарына келип кошулат.

Жигиттердин аттары жер чапчып, кош аяктай калып, тизгин жулкуп зорго турса, балкардын аты башын жерден албай үргүлөп турат дейт…

Аңгыча жарыш да башталат, куюн болуп аттар кетет. Чаң туман болуп көтөрүлөт, ошол туманга илээшип-илээшпей чуркаган болуп балкардын аты да жөнөйт. Аттар бир имерилип келиптир. Анан экинчи, үчүнчү айлампа. Карап тургандарга аттардын чарчаганы даана байкалып, шалак-шалак тер кетип, бара-бара омуроодон ысык чаңга балп-балп этип көбүктөр ыргып түшө баштайт. Буттары чалыштап, жүрбөй калышат. Камчы үстүнө камчы басып, өпкөгө тепкилегенине карабай жигиттердин аттары барган сайын алдан тая баштайт. Бир гана балкардын чобуру баягы калыбында: куюндап да кетпейт, жүрбөй да калбайт. Ал элден мурун артта бараткандарды кууп жетет, анан ортодогулар менен теңелет, анан акырында, онунчу айлампада алдыда келаткандарды да басып өтөт.

Балкардын башын жерге салган чобурунун мойнуна баш байгенин желбиреген жоолугун байлашат. Балкар болсо жайма-жай атын карапаларынын жанына жетелеп келип, буюмдарын артып, андан ары жолун улантып кете берген экен.

Ат чабыш ат чабышы менен деңизчи, бирок адабиятта деле мындай окуялар аз эмес.

ЧӨНТӨК ДЕПТЕРДЕН. Жеңил-желпи жазылган ырды кыйналып жатып зорго окуган учур бар. Кыйналып жатып зорго жазган ырды жеңил-желпи окуган учур бар. Форма менен мазмун – адам менен анын кийимине окшош. Эгер адам акылдуу, ак ниет, жакшы болсо, эмне үчүн өзүнө ылайык кийинип жүрүүгө болбосун. Эгер адамдын өңү-түсү жакшы болсо, эмне үчүн ал жакшынакай ойлор менен жашабайт.

Аялдардан өңү сулуу болгону менен акылы бөксө, акылдуу болгону менен иреңи серттер көп чыгат. Мындай учурлар искусство чыгармаларында да кездешет. Бирок акыл-эси да, ырай-бешенеси да келишкен бактылуу аялдар бар. Накта таланттуу акындардын китептери да мына ошондой.

«Биздин айылга келаткан киши ашуудан бери көрүнө бергенде, мен шыр эле анын жакшы, жаманын билип алам», деген экен маалийлик бирөө.

КУБАЧИЛИК БИРӨӨНҮН АЙТКАНЫ БАР: «Алтын менен күмүштө эмненин кеби. Кеп зергердин колу алтынбы, жокпу, ошондо».

Жакшынакай кумуралар жасалат,
Жердеги эле топурактын өзүнөн.

Жалыны бар, жаркын ырлар жазылат,
Кадимки эле сүйлөп жүргөн сөзүңөн.

Мен бул жарыкчылыкта он беш миң күндөн ашык өмүр сүрдүм. Далай-далай жол бастым. Жер үстүндө миңдеген адамдарды жолуктурдум. Катуу нөшөрдөн, болбосо жазгы кар эригенден кийинки тоодон аккан суулар сыңары менин эсимде миң сан элестер калды. Бирок китеп болсун үчүн алардын баарын кантип чогултар экем?

Аны жазуу, демек, өрөөндө кенен да, терең да бир нук жасоо керек деген сөз го. А да иштин бир жагы, андан да ошол тоо боорундагы майда суулар бүт жыйналып, казган нукка түшүп агышы керек. Муну кантип жасаар экем? Турмуштан алган билимден башка да кандай билим керек болор экен? Адабияттын теориясын билүү зарыл болуп жүрбөсүн? Бирок ыр жазуунун ордуна анын теориясын ойлоп отурганда болбойт ко.

Мен өзүмдүн сүйгөн адабий мектептерим да, агымдарым да жок экенин айта кетким келет. Менин сүйгөн жазуучуларым, сүрөткерлерим, чеберлерим бар.

ЧӨНТӨК ДЕПТЕРДЕН. Адабият институтунда экзамен учурунда бир аварлыкка: «Реализм менен романтизмдин айырмасы эмне?» – деген суроо келет. Бул темадагы китептерди тигил окуган эмес баштанат, бирок жооп бериш керек да. Ал ойлонуп туруп, профессорго минтип жооп берген экен.

– Бүркүттү бүркүт десек, бул – реализм, корозду бүркүт десек, анда – романтизм.

Профессор күлүп, менин жердешиме зачёт коюп бериптир.

Мен болсом, башынан эле атты ат, эшекти эшек, корозду короз, эркекти эркек дешке аракет кылып келатам.

ЧӨНТӨК ДЕПТЕРДЕН. Атактуу Рабиндранат Тагордун бир тууганы да жазуучу болгон. Ал индия адабиятындагы бенгал школасынын жолун туткан. Ал эми Рабиндранат болсо өзү бүтүндөй школа, өзү бүтүндөй агым эле, экөөнүн ортосундагы айырмачылык да мына ушунда турган.

Рабиндранаттын жандүйнөсүндө башкаларга таптакыр окшошпогон, өзүнө чейин эч жерде кезикпеген куш жашаган. Ал аны көкүрөгүнөн сыртка, искусствого чыгарып жиберди жана бардыгы бул куш бир гана Рабиндранат Тагорго таандык экенин көрүштү.

Эгер художник өзүнүн кушун сыртка коё бергенде, ал барып өзүнө окшогон куштардын тобуна аралашып кетсе, анда ал художник эмес. Демек, ал өзүнө гана таандык, таң каларлык, турмушта болуп көрбөгөн куштун ордуна, кадимки эле таранчыны учуруп ийген, ал эми анын таранчысын калың таранчылардын ичинен эч ким айрый албайт. Мүмкүн, алар деле татынакайдыр, бирок баары бир задиси таранчы.

Ар бир кишинин түтүн булатып, от жага турган өзүнүн очогу болуш керек. Бирөөнүн атын минип алган киши эртеби-кечпи, ээрден түшүп, атты ээсине берет. Бирөөнүн ойлоруна ээр салам деп далбастаганча өз ойлоруңдун тизгинин бек кармаганың ийги.

Мен адабиятты пандурга, а жазуучуларды анын кылына салыштырганга батынар элем. Ар бир кылдын өз үнү, өз доошу бар, бирок баары биригип келип бир ийкемге келип турушат.

Авар пандуруна бар болгону эки кыл тагылыш керек. Менин атамдын артында болсо, «авар адабиятынын пандуруна үчүнчү кыл тагып кетти» деген кеп калды. Мен дагы башкалардан айырмаланган өз доошумду тапкым, мен дагы байыркы авар аспабынын бир кылы болуп калгым бар.

Мен, базардан кыргоол сатып алып, үйүнө келип, өзүм аттым деген мергенчилердин кейпин кийгим келбейт.

ЖЕ БОЛБОСО МЫНДАЙ БИР УЧУРЛАР БОЛОТ. Бир мергенчи бир капчыгайдан килейген теке атып алыптыр деген каңшаар тарайт да, бардык мергенчилер ошол кыдыр даарыган капчыгайды карай дүргүп жөнөшөт. Ошол учурда баягы мергенчи экинчи бир капчыгайдан алачыктай болгон аюу атып алат. Берки мергенчилер: «Кеп быякта жаткан турбайбы» – деп, эми ошоякка качырышат. Алар антип жүргүчө тиги мергенчи үчүнчү бир капчыгайда көздөрүнөн от жанган илбирстин артынан түшүп калган болот…

Булардын кимиси чыныгы мергенчи? Олжону тынбай өзү издеген мергенчиби, же анын изи менен чуркап жүргөндөрбү? Мындайлар бирөөнүн капканына түшүп калганды чыгарып алгандан да кайра тартышпайт. Булар мага кээ бир жазуучуларды элестетип кетет. Менин бир таанышымдын жосунун жасабаш керек. Эчтемеден эчтеме жок эле Абуталибге салам бербей калыптыр. Көрсө, ал Корней Иванович Чуковский менен таанышып алган экен. Деңизге чейин келип, бет алдынан көз мелжиген көгүлтүр мейкинди көрүп, ошол чалкыган сууга аралашып кеткен булак жер үстүндөгү өзүнүн жолу адеп башталган бийик тоодогу башатты, өзү басып өтүүгө туура келген не бир тепкичтенген, кууш, таштуу, жыландай ийрилген нукту унутпоого тийиш.

Ооба, мен да тоо булагымын. Мен өз өмүрүм башталган жерди, башатымды, өзүмдүн таштуу нугумду сүйөмүн. Менин суум агып өткөн ошол күңүрт капчыгайларды, күмүш шаркыратма болуп үстүнөн кулап түшкөн ошол аскаларды, улам иримденип, бетине чалкайган тоо кыркаларын, көктү, көктөгү жылдыздарды чагылдырып менин суум өтө турган ошол түзөң жерлерди кантип жакшы көрбөй коё алам. Ошол түзөңдөрдө анын агымы алгач жай созула түшүп, анан бара-бара арышын таштайт эмеспи. Бирок мага бир капчыгай болсо эле жетет деп жаткан жерим жок.

Мен агып жатсам, демек, менин астымда максат бар. Менин сезимдерим алдын-ала сокур туюп гана жаткан жери жок, мен көрүп турам, мен билемин деңиздин чалкыган кеңдигин. Мен жалгыз эмесмин. Ырасында бүгүн бүтүндөй Дагстандын укса кулагы ачык, көрсө көзү өткүр, чабыттаса акылы сергек болду.

Мен деп жатканым ошондондур. Ушул жылдар ичинде, ушул он жылдыктар ичинде биздин көрүстөндөрдүн эле чеги чоюлбастан, дүйнө жөнүндөгү, турмуш жөнүндөгү мүлдө ой-кыялыбыздын чеги кеңейип отурат.

Мен авар акынымын. Бирок мен жүрөгүмдө жалаң эле Аварстан үчүн, жалаң эле Дагстан үчүн жана да бүтүндөй өлкөбүз үчүн гана эмес, мүлдө жер жүзү үчүн граждандык жоопкерчилик тутуп турам.

Жыйырманчы кылым. Бөлөкчө жашоого мүмкүн эмес.

МАГА БИР АЙТЫП БЕРИШТИ ЭЛЕ: мен төрөлгөндөн көп өтпөй биздин үй атамдын кызмат ишине байланыштуу Арадерих деген айылга көчмөй болуп калды дейт. Атам атына эки куржунду артат. Бир көзүндө үйдөгү эмеректер: кийим-кече, ундун калганы, талкан, май, китептер. Экинчи көзүнөн менин башым кылтыйып турат имиш.

Көчүп баргандан кийин эле апам катуу ооруп жыгылат. Ал айылда жаш баласы жакында эле чарчап калган бир жалгыз бой аял бар экен. Ошол арадерихтик аял эмчегин берип, мени баккан экен. Ал менин эмчек энем, менин экинчи апам болуп калды. Ошентип, алдыларында мен карыз болуп олтурган жер үстүндө эки аял бар. Мен канчалык өмүр сүрбөйүн, мен ошолор үчүн эмнелерди гана жасабайын, эмне деген гана алтын-күмүш чачпайын, ал карызымды өтөй албайм. Эне сүтү деген эч нерсе менен төлөнбөйт.

Эки аял: бири – мени төрөгөн, бешикке салып биринчи терметкен, мага эң алгач бешик ырын ырдап берген өз энем; экинчиси… ал да менин энем, мен өлүмдүн чегинде турган кезде койнуна тартып, көкүрөгү ийип сүтүн берген, менин денеме ак сүтү өмүрдүн канын жүгүрткөн, ажалдын бир таман каргашалуу жолунан жашоонун ак жолуна чыгарган.

Менин элимдин, менин кичинекей өлкөмдүн, менин ар бир китебимдин да эки энеси бар. Биринчи энеси – бир боор Дагстан. Бул жерде мен төрөлгөм, биринчи жолу эне тилин угуп үйрөнгөм жана ал менин кан-жаныма сиңген. Бул жерде алгачкы ирет тууган эл ырларын уккам, ошол ырларды алгачкы ирет өзүм да созуп ырдагам. Бул жерде мен биринчи жолу нан менен суунун даамын таткам. Миздүү жалтаңдарга чыгам деп канча ирет денемди тилдирип айрытпадым, бирок туулган жердин суулары менен чөптөрү айыктырбаган жаратым болгон эмес.

Тоолуктардын: Биздин тоолордун чөптөрү айыктырбаган илдет жок дегени бекеринен эмес. Менин экинчи энем – улуу Россия, менин экинчи энем – Москва.

Тарбиялады, канат такты, кең-кесири жолго алып чыкты, көз мелжиген мейкиндерди, бүтүн дүйнөнү көрсөттү.

Эки энемдин тең алдында ыйык карызым бар. Махмуд менен Пушкин экөөнүн эки портрети эки килемде сайылып, менин саклямда илинип турат. Блоктун Петербургдун ак түндөрүнүн салкын илеби катылган томдорунун арасында авардын бийик тоолорунда өскөн чоктой кызыл гүлдөрдүн канчасы сакталып калбады.

Эки кол, кош канат, эки көз, эки ырдай болгон – эки эне. Менин башымдан да сылаган, керек болгондо кулагыман да толгогон ошол эки энемдин колдору болду. Менин пандурумдагы эки кыл да эки энемки.

Алар мени айыл үстүнө, жер үстүнө бийик көтөрүштү, мен алардын ийиндеринен бул дүйнөдөгү көп нерсени көрдүм, эгер алар мынчалык көтөрбөсө мен анын бирөөн да көрбөгөн болор элем. Учуп бараткан бүркүт кайсы канатынын өзүнө керек, кымбат экенин биле албаган сыяктуу, мен дагы кайсы энемдин кымбатыраак экенин биле албайм.

Башта тоолуктар эмне оору болсо да суу менен, чөп менен дарылашкан. Эмчи-домчуларга ишенишкен. Ырас, ушу кезге чейин эл ичинде кеп болуп жүргөн эмчилер да болгон. Андай эмчилер, мисалы, шакыйды айыктыруу үчүн кара кой сойдурчу экен. Көк же ак койго караганда кара койдун эти даамдуу да, жыттуу да болорун ар бир авар билет. Эмчи сыркоолуунун башын жылуу териге ороп, «ушу боюнча кыймылдабай отур» деп коюп, этти үйүнө көтөрүп алып кете берчү экен. Мындай эмчи-домчулар туурасында биз сөз кылбай эле коёлу. Бирок эл арасында колу эмсек дарыгерлер да, табылгыс дарылар да болгон.

Бир жолу менин атам Москвада Кремль ооруканасында жатып калат. Аерде ал Дагстандын чөптөрүн, сууларын сагынып, балдарын Буцрах адырларындагы кичинекей бир башаттан биртике суу алып келип бергиле дептир.

Атанын сөзү бир. Алар Дагстанга келишип, Буцрах адырларына чыгып барып, баягы башатты таап, Кремль ооруканасында жаткан сыркоо авар акынга ошонун суусунан апкелип беришет. Атам суудан жуткандан кийин кандайдыр жеңилдей түшөт. А тургай айыгып кетет. Бирок ошо күнү ага чет өлкөдөн келген жаңы дары да беришкен экен аны өзү билбептир. Мүмкүн, ал жалаң ушул медицинанын дүйнөлүк илими жараткан дарылардан айыкмак эместир. Мүмкүн, ал жалаң ошол авар суусунан, биздин элдин улуттук дарысынан да айыкмак эместир. Бирок эки дары бириккенде илдетти кууп чыкты.

Адабиятта да так ушундай болуу керек. Акын башаты – туулган жер, тууган эл, эне тили. Бирок бүгүнкү күндө ар бир чыныгы жазуучунун аң-сезими улуттук алкакка батпай калды. Анын жүрөгүн жалпы адамзаттык, жалпы дүйнөлүк нерселер тынчсыздандырып, мээсине орноп отурат.

Сен жаныңа эмне алмаксың,
Эгер чыксаң жолго узун?

Шарап менен нан аларсың,
Бирок токто, жолоочум.

 

Бизге келсең бир айтарым
Тамак-аш деп кыйналба –
Биз тоолуктар нан бышырып
Шарап сунуп турганда.

 

Сен жаныңа нени алмаксың
Эгер чыксаң жолго узун?

Албарс миздүү канжардыбы…
Анда токто, жолоочум.

 

Кокус бирөө тиет десең
Муну эске тут дамамат:
Канжар деген тоолукта бар
Сени сактап кала алат.

 

Сен жаныңа нени алмаксың
Эгер чыксаң жолго узун?

Жолдо ырдоого ыр жаттарсың…
О, кымбаттуу жолоочум.

 

Бизде дагы – тоо ичинде
Мукам ырлар ченемсиз.
Бирок өзүң ыр ала кел
Ашык болот дебейбиз.

 

Ошентип, эгер жазуучуну дарыгерге салыштырсак, анда ал элдин илгертен келаткан дарыларын да, дүйнөлүк илимдин эң акыркы жетишкендиктерин да пайдалана билиши керек. Эгер жазуучуну жөө кыдырып сапарга чыккан адамга окшотсок, анда бөлөк элде конок болгонунда анын жүрөгүндө өзүнүн канындагы ырлары болуусу керек. Ошону менен катар эле ал жүрөгүнөн ошол чоочун жердин ырларына да орун таба алгандай болсун.

Бир эл аны узатат, бир эл тосуп алат, а ырлар бардык жерде болот. Биздин айылдарга биринчи жолу докладчылар, лекция окугандар келе баштаганда, Келеб айылындагы аялдар өңүбүздү көрбөсүн деп лекторго аркасын салып, тетири карап отурушкан. Бирок лектордон кийин чогулган элдин астына ырчылар чыгып ырдай баштаганда, аялдардын ырды урматтаганы ушунчалык, ырым-жырымды быякка коюп, ырчыны карап олтурушуп, анысы да эч нерсе эмес, а түгүл паранжыларын серпип таштаганга чейин барышкан.

Бешик үстүндө отуруп апам созгон ыр менин кан-жанымда жаңырыктабаган, жашабаган бир да күн, бир да мүнөт жок. Бул ыр – менин бардык ырларымдын бешиги. Ал менин чарчаганда башым жөлөр жаздыгым, ал мени ушул жарыкчылыкта алып бараткан ат. Ал менин суусаганда кулап түшчү башатым. Ал мени жылыткан, ошол жылуулугун өмүр бою алып келаткан очок.

Деген менен, колтоюп жигит болгуча энесинен алыстабай, эмчекке жабышкан Шукумга окшошкондо да болбойт. Бизде: «Өгүз болсо да торпок кыялы калбаган», – деп ошондойлорду айтат.

Биздин заманда ар түрдүү анкеттерди толтуруп жүрүп, көнүп да калдык. Ушул жашка келгенче мен алардын канчасын гана толтурбадым. Мен ошолордун кайсынысынан болбосун Ата Журтка болгон сүйүү жөнүндө бир да суроо жолуктура албадым, бирок мунун өзү жер үстүндөгү адамдарда мындай сүйүү болбойт дегендикке жатпайт. Экинчи жагынан алганда, анкетте «СССРдин гражданини» деп койгон аз, гражданин боло билиш керек; «КПССтин мүчөсү» деп жазган аз, ага татыш керек; «эне тилим – аварча» деп койгон азал, сенин чынында каныңдагы тил болуш керек, аны эч нерсеге алмашпас күч жүрөгүңдө күйүп туруу керек.

Келгиле мага, түркүн меймандар, түркүн ырларды алып келгиле! Келгиле, боордош тууганым сыңары, мен баарыңарды тосуп аламын, баарыңарга менин жүрөгүмөн орун табылат!

Хунзак айылында кокус бирөө бир жактан улуту бөлөк аял алып келсе, мындай тоолукту айыл аксакалдары жекире тилдеп, жактырышпай, жаман кылган мезгил болгон, бирок азыр буга улуу-кичүү бүт көнүп калды. Аварлар улуту бөлөк кайсы аялга болсун үйлөнөм десе өз эрки. Тоолуктарда эми бир гана нерсени жек көрүшөт – бул сүйүүсү жок үйлөнүү.

Гүлдөр канчалык ар түркүн болсо, алардан жасалган гүлдесте ошончолук кооз көрүнөрү ырас го. Көктө жылдыз канчалык көп болсо ошончолук асман жарык. Күндүн желесинен кооз эчтеме жок, анткени ал жер жүзүндөгү түстөрдүн баарын өзүнө чогултуп турат эмеспи.

Африкадан мен эч жерде кезикпеген, таң каларлык бир гүл көргөм. Анын ар бир желбүүрүнүн өңү ар бөлөк. Ар бир желбүүрүнүн жыты да ар башка да, ар биринин өз аты бар. Бир сөз менен айтканда, бир сабакта дапдаяр гүлдесте турат, бирок ошол эле учурда ал өзү бир гана гүл.

Мен дагы авар китебим ошол Африканын сыйкырдуу гүлүнө окшош болсо, ар ким ошондон өзүнө жакынын, өзүнүн дили тартканын тапса деп тилер элем.

Мына мен мындай китеп үчүн эмне керек болсо, ошонун баарын жайып олтурам. Кубачилик зергердики сыяктуу баары менин кол астымда жатат. Зергерде – алтын, күмүш, кескич, балка, оюм чийимдер. Менде болсо – эне тилим, турмуштук тажрыйбам, адамдардын портреттери, адамдардын мүнөздөрү, ыр-күүлөрү, тарых элестери, адилеттик үндөрү, сүйүү, жан сүйгөн кооз жерлерим, атамдын элестери, өз элимдин бүгүнкүсү менен эртеңкиси…

Колумда уюган алтын. А бирок алтын кармаган колдорумдун өзү алтынбы, жокпу? Жетер бекен талантым, жетер бекен чеберчилик?

Иш столумда, кол алдымда жаткандарды жана бир сыйра териштирип караймын…

ЭЛДЕ КЕП БАР ЭМЕСПИ: «Аял кимди чанат, алдында аты жок жүргөн жигитти чанат».

Ырас да, аты туруп ээри жок, ээри туруп камчысы жок жигит аял күтүп не кылат.

АНАН ДА: Бүркүткө чөп берем дебе, эшекке эт берем дебе; дубалы калтыс үй миң жаркыраган менен кулар күнү жакын; тоок түш көрсө бүркүт экен, аскадан учам деп, канатын сындырыптыр, булак түш көрсө килейген дарыя экен, чөлгө бир жапырылып алам деп, соолуп жок болуптур, – деген кеп бар эмеспи.

Которгон Аман ТОКТОГУЛОВ

«Менин Дагстаным» китебинен