ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: «ГАПКАНА»

ЭССЕ

Биз бала кезде кыштын узун түндөрү айылыбыздын эркектери чогулуп алып «гап» жешчү. «Гап» — «кеп» деген эле сөздүн Баткен диалектисинде айтылганы, демек, кеп жешчү. Гапка эркектер гана катышат. Гап жегендер кезектешип «гап салышат». Салганда кандай, ошол гапкана деп тандалып алынган үйгө бардык керектүүсүн көтөрүп келип палоо басат. Ал палоо жөнөкөй эмес, «хан-төрө» палоо болуш керек, башкача айтканда таза куйрукту эритип, койдун этин кошуп девзире гүрүчкө басылат. 20-30 эркек кезектешип күн сайын кечинде ушундай палоо жешет. Эртең менен казанда калып калган майга мастава даярдашат. Гапканага эркектер эртең мененки нанүштөгө да келишет. Ошол эркектердин аялдары же бала-чакасы тамак жеш үчүн гапканага барышпайт.

Бу майлуу палоо жеп, жыттуу чай ичкен гапканада эркектер кандай кеп курду экен ошол жылдары билбеймин, бирок бир чындык — эч ким арак ичип мас болуп, урушуп, мушташмайлар жок эле. Азыркыдай кечкисин дүкөндү айланып, термелип ары-бери баскан аракечтерден айыл ал маалда алыс болчу. Дагы бир чындык — ошол 20-30 эркек-кошуналар, бирге иштегендер күн сайын бири бири менен жолугушуп кеп салып, кеп жегенден тажабаганы.

Ошол маалдагы аялдардын даргөйүнө, кең пейилине, эрин сыйлаган ыйманына тан берем. Аялдар топтолуп эс алчу эмес, топтолуп алып, палоо хан төрө эмес, мындай палоо да жешчү эмес. Кышкысын да тыным жок: жүн тытып, жип ийирип, килем, таар токуп, дегеле жандарын өгөөлөгөнү өгөөлөгөн. Анан үйбүлөдөгү ансыз да жетип жетпеген акчасынын бир бөлүгүн үнөмдөп жыйнап эринин “гап салганына” катып коюшчу. Ар бир зайып эринин башкалардан кем калбай гап салышы үчүн аракет кылган. Эри гап жегенге катышпай калса элден- журттан чыккандай болуп, ошол үйбүлө аялы баш болуп өздөрүн кем сезишип калышат. Кеп салуу эркектердин гана жумушундай, аларга гана жарашчудай сезилчү. Мына ушул кеп салуу учурун айылдаштар күнүмдүк жаңылыктарды, балдары тууралуу, өткөн-кеткен окуяларды кеп салышып, тамаша сөздөрдү сүйлөшүп, дасторкон үстүндө, катын-баладан сырт, эркекчесинен чер жазып, эс алуу деп билишчү.

Менин атам да жыл сайын гапка катышат эле. Атамдын гап салчу күнү жакындаганда апамдын ага кантип даярданганы азыр да эсимде. Таң эртең камыр жууруп тандырга нан жабат, анан боорсок, каттама жасайт, кышка деп катылган вареньелердин мыктысын ачат. Атам базарга барып куйрук май, эт, девзире гүрүч, кант-курстун түрүнөн алып келет, бул күн өзүнчө эле бир маанилүү окуяга айланчу. Анан ошол тапкан-тарынгандын баарын алар гапканага көтөрүп барып, кечки тамактын камын көрчү.

Ушул гап жеген күндөрдүн биринде менин бир аяш атамдын колу палоого күйүп калган. Бул окуя кийин айылда бир топ кеп-сөз болгон. Көрсө, гапканада палоо салынган табак ар бир үч кишиге бирден тартылат экен. Палоону ал мезгилде айылда баары колу менен жешчү. Менин аяш атам өзү толук, колу-буту тартайган узун киши болгон, көлөмүнө жарашабы, айтор тамакты көп жечү дешет. Ал кишиге шерик , табакташ болгон эки киши бир топ күн аяш атамдын айынан палоого тойбой калышат.

Аяш атам узун манжалуу, күрөктөй болгон алаканын палоого матыра салып, эки-үч ирет алганда эле табакты теңинен азайтып, кыскасы, өзү эле жеп салчу экен. Акыры андан тажаган эки шериги план түзүшөт: «Ысык палоо келгенде ал адатынча баарыбыздан биринчи озунуп колун матыра салат. Ошол маалда экөөлөп анын алаканын ысык палоого күч менен басабыз» деп. Ошентишет. Колу катуу күйгөн аяш атам үнү кудайга жетип кыйкырат, бирок беркилер басып тура берет. Гапканадагылар муну көрүп турса да, эч кимиси эч нерсе дей алышпайт, мыйыгынан гана жылмайышат. Качан гана аяш атам: «Болду, түшүндүм!» дегенде гана бошотушат. Бирок очоктон жаңы эле чыккан ысык палоого аяш атамдын лапайган алаканы жаман болуп күйүп калат.

Күйүгү кыш чыкканда араң айыгат. Ал ошол бойдон гапканага да барбайт. Айылдыктар жанындагыларды ойлобой ортодогу тамактын көбүн жеп алган соргогун ушинтип жазалап койчу. Кийинки кышта эсимде жок, ал аяш атам гап жегенге кошулдубу же жокпу.