ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: КЛУБ

ЭТЮД

Айылдын капортосундагы чоң, эски клуб берекелүү, пейили кенен энеге окшош эле. Айылдыктардын баары анын ичине батып кетет. Клубдун эски кыйчылдаган эки ачылма жыгач эшигине анда-санда гана чоң кара кулпу илинип калбаса, көбүнесе ачык турат. Көчөдөн ары-бери өткөндөр клубга бир баш багып кетишет. Клубдагы болуп жаткан иш-чаралардан эч ким калгысы келбейт эле.
Клубда колхоздун райиси келгендеги жыйналыштан тарта Фрунзеден, Оштон келген артисттердин концерттери, спектаклдери, аларды туурап ансамбль түзүп ырдаган, спектакль койгон мектеп окуучуларынын оюн-зооктору өтөр эле.
Бул чоң клуб Советтер бийлигине чейин мечит болгон. Айылдыктар айылдын капортосуна жапатырмак ашар жолу менен бир кезде мечит салышып, бул жерге эртели-кеч намаз окуганы келишкен экен. Совет бийлиги келгенде мечитти жоюп, клубга айландырган.
Ушул клубда менин атам — Жолдош агай көп жылдар кино койду. Күндүз мектепте бала окутуп, кечкисин кино койгон атам айылдыктар көрсүн деп не бир жакшы кинолорду райондон алып келет эле. Колхозчулар керээли кечке тынбай иштешсе да кино дегенде убактысын таап клубга келишип, кино көрүп эс алып кетишет. Ар бир күнү кайсы кино болору клубдун маңдайындагы буту бар доскага жазылып коюлат. Бардык кинолордун, анын ичинде «Кыргызфильмде» тартылгандарынын да тили орусча. Индия кинолору келгенде клубга эл батпай кетет.
Эки жарым, кээде үч саат бою тик туруп Индия кинолорун көрүү айылдыктар үчүн эс алууга тете. Бутунун талыганын да унутуп, айрымдары үйүнөн кичинекей отургучтарын көтөрүп келип, айрымдары айласы кеткенде чапанынын этегин бүктөп, астына коюп, клубдун топурактуу полуна мандаш урунуп отуруп алат. Кино орусча болсо да, ал тилди такыр билбегендер да берилип баштан-аяк көрөт. Индия кинолорунун керемети ушунда эле, ал инди тилинде болсо да эл түшүнмөк. Кино бүткөнчө боорукер, карапайым колхозчулар ага ушунчалык берилип, бир канча ирет ыйлаганы ыйлап, кадимкидей шолоктогон үндөр, эртеси күнү булардын оозунан ошол кино кейипкерлери түшпөйт, оң каармандарды аяшып, терс каармандарды сөгүп, адам жашоосун көлөкөдөй ээрчип жүргөн ак менен кара, жакшылык менен жамандыкты талдап сүйлөп, жамандарды жек көрүп, жакшыларды аяп, жакшы көрүп, балалуу болушса ал каармандардын атын коюп, кыскасы, ошол убактын элинде керт башынын жыргалын ойлогонго, материалдык байлыкка умтулганга караганда адамды аёо көбүрөк болгон экен. Айрым кинолордогу ырларды бир көргөндо эле жаттап алып, эртеси созолонто ырдап калган айылда таланттуулар бар эле.
Кинону айылдыктар үй-бүлөсү, бала-чакасы менен чогуу келип көрчү. Анткени кинолор ошондой болчу. Ата баладан, эне кыздан уялбай эле көрө турган кинолор эле. Баардык кинолордун көздөгөн максаты бир – адамдарды тарбиялоо, баардык кинолордун аягында жакшылык жеңип, жамандык жеңилет эле. Баары жомокко окшош. Ошон үчүн кинолорду жакшы көрчүбүз. Кино экран айылдыктарды сыйкырлап алчу. Бир сеанс кино балдар үчүн он тыйын, чоңдор үчүн жыйырма тыйын турчу. Мына ушул акчаны киного ышкыбоз айылдыктар кайдан болсо да тапчу. Кино болуп жаткан кечки маалда үйдө кары-картаңдар гана отуруп калбаса, дээрлик айылдыктар баары калбай келет эле. Кечке талаада иштеп чарчаган колхозчу аялдар анысына карабай тазараак, түзүгүрөөк көйнөктөрүн кийип, оромолдорун башына салынып, эмчектеги баласын көтөрүп да келе беришчү, эркектер сыйга кийчу топуларын кийип, кыркалакей тизилип клубга толуп кетишчү. Бала-чакачы, алар да ээрчип алышчу.
Ал эми Фрунзеден, Оштон концерт келген күн айылдыктар үчүн майрам. Клубга эл батпай кетет, бут коерго жер жок, тактайсыз, чаң жерде отурганга орун алганына кубанып, айылдаштарым чечекейи чеч, эки көзү сахнада. Биздин айылга Ош шаарындагы өзбек музыкалуу драма театрынын артисттери негедир көп келчү. Ушул театрдын Разияхан Момунова деген бийчисинин чилдирмандин коштоосунда сахнадагы чимирилген кыймылы дагы эле эсимде. Анын согончогуна тагып алган шыңгыраган көз жоосун алган мончоктору, ошол мончоктуу буттарды, такымга жеткен узун чачты карайбыз деп сахнанын түбүнө барып алып, шыкаалаган уландар. Искусство кереметинде чек жок деген ушул го, Разияхан бийчи кеткенден кийин айылдагы кыздар Өзбекстандын базарынан аталарына чилдирман саттырып алып, аны туурап бийлегендеричи.
Фрунзеден артисттер чанда гана келчү. Аларды сыйлап, урматтагандык ушунчалык, сахнадагы артисттер айылдыктардан эмес, артисттерден айылдыктар сүрдөчү. Карапайым айылдыктар алардын жанына даап келе алышчу эмес. Артисттер менен айылдын “чоңдору” гана сүйлөшө алган. Өнөрлүү адамдар айылдыктар үчүн өтө ыйык, кымбат эле. Биздин муундун маданиятты жана искусствону таануубуз ушундай өңүттө башталган.
Ушул клубда Ата Мекендик Улуу согуш темасындагы көп кинолорду көрдүк. Бир ирет клуб толо эл согуш кинону көрүп жатканбыз. Анан капыстан эле арткы орундуктардын биринде отурган согуш ветераны Артык ава ордунан тура калып кинодогу солдаттарга кошулуп “ураа-ураа” деп кыйкырган бойдон экранга жүткүнүп барып, жерге көмкөрөсүнөн кулап жыгылган. Кино кызыгына баткан эл заматта чурулдай түшкөн. Кино токтоп, жарыкты күйгүзгөндө ал кишинин оозунан ак көбүк чыгып, эстен танып калганын көргөнбүз. Артык ава согушта башынан жараат алып кайткан, бир нече орден, медалдары бар айылдын ардактуу адамдарынын бири эле. Ошол окуядан кийин бул киши көпкө чейин ооруп калган.
Мына ушул айылдыктардын бирден бир топтолуп, бирге көңүл ачуучу жерин совет системасы кыйрар замат кошо кыйратып салышты, өтө эскирди дешип. Бирок арадан аз эмес жылдар өттү, ордуна аттуу-баштуу клуб эмес, андан берисин салышкан жок. Клубдун бузулушу менен айылдыктардын маданий жашоосу да кыйрап калды. Артисттер келбейт, кино коюлбайт. Азыр баары үйүнөн чыкпай эле жеке маданий жашоо өткөргөнгө өтүшкөн. Кинолор да өзгөрдү, жеке отуруп гана көрүш керек.