АКУТАГАВА Рюноске: Жалгыздык тозогу (которгон Назгүл ОСМОНОВА)

Жазуучу, публицист, акын, англис тилине алгачкылардан болуп которулган жаңычыл жапон жазуучусу саналган Акутагава олчойгон романдарды жазган эмес. Стилистикалык жактан алганда ал тынымсыз идеалга умтулган инсан болуп, адам коркунучу менен өлүм тууралуу көп жазган. Акутагава Рюноскэ Токиодогу өнүккөн маданияты менен атагы чыккан Хитамачи районунда туулган. Акутагава төрөлгөндөн көп өтпөй, энеси Фуку акылдан ажырайт. Атасы, сүт сатуучу Ниихара Тосидзу уулун бага албай, тууганы Акутагава Досого берүүгө аргасыз болот, уулу ошентип ал кишинин фамилиясына өтөт. 1913-жылы Токио императордук университетине тапшырып, англис тилин үйрөнөт. Өмүрүнүн акыркы жылдарында Акутагава катуу нерви чыңалган абалда жашайт. Өзүн өзү өлтүрүүнү улам көп ойлой баштайт. Мунун баары жазуучунун акыркы чыгармалары болгон “Келесоонун жашоосу” жана “Эски досума катта” чагылдырылган. Өлүмдөн өч алууну ойлонгон жазуучу 1927-жылдын 24-июлунда веронал дарысынан оңбогондой көп өлчөмдө ичип, дүйнөдөн өтөт.

НОВЕЛЛА

Мен бул баянды апамдан уккамын. Апам болсо аны өзүнүн бабасынан уккамын дечү. Баяндын канчалык чындык экенин айта албайм. Бирок бабамдын кандай адам болгонуна карап, мындай окуя чындап эле болгонун боолголойм.

Бабам искусство менен адабияттын кумарлуу ышкыбозу болуп, Токугаванын башкаруусунун акыркы он жылдыгындагы актерлор жана жазуучулар менен жакшы тааныштыгы боло турган. Алардын арасында Каватакэ Мокуами, Рюка Тэйтанэкадзу, Дзэндзай Анэйки, Тоэй, Дандзюро-тогузунчу, Удзи Сибун, Мияко Сэнгю, Кэнкон Борюсай жана башкалар болушкан. Мисалы, Мокуами өзүнүн «Эдодзакура киемидзу сэйгэн» пьесасындагы каарман Кинокунию Бундзаэмонду бабамдын жашоосунан алып жазган. Ал мындан элүү жыл мурун дүйнөдөн кайткан, бирок ага көзүнүн тирүүсүндө эле Имабикун (“Бүгүнкү Кинокуния Бундзаэмон”) деген ылакап ат берилген себептүү, балким азыр дагы ал тууралуу кулагы чалган адамдар бар болушу ыктымал.

Бабамдын фамилиясы — Сайки, ысымы ал өзүнүн үч саптарынын аягында жазгандай, адабий купуя ат Тодзиро, бул Ямасирогасино Цутонун укумдан тукумга берилип келген аты болуп эсептелет.

Ошентип, дал ушул Цуто бир жолу Таманоянын сойкулар үйүндө бир кечил менен таанышып калды. Кечил Хонгодон алыс эмес жердеги дзэн[1] ибадатканасынын башчысы эле, аны Дзэнте деп чакырыша турган. Дзэнте да бул сойкулар үйүнө байма-бай каттап, ал жактан Нисикидзе аттуу сойку менен ынак болуп кеткен. Бул окуя кечилдерге үйлөнүүгө гана эмес, атүгүл дене кумарына батууга да тыюу салынган убактарда болду, андыктан кечил таанылбагандай болуп кийинип ала турган. Ал боз сызыкчалары бар сары түстүү, үстүнөн кара герб бастырылган кымбат баалуу жибек кимоно кийип, баарысы аны доктор деп чакырышчу. Энемдин бабасы дээрлик кокусунан эле ушул кечил менен таанышып калат.

Чындыгында бул капысынан болот: бир жолу календарь боюнча июль айынын кечки иңиринде, эски салтка ылайык, бардык чай үйлөрүндө чырактар илинген кезде, экинчи кабатта ажатканадан кайтып келатып, майда-чүйдө буюмдар сатылган дүкөнчөлөрдү аралап келаткан Цуто кокусунан тепкичтин кырына таянып айды тиктеп турган эркекти көрүп калды. Бул чачы такырайта алынган, пакене бойлуу, арык эркек эле. Ай жарыгында артын салып турган бул адам ага сойкулар үйүнүн туруктуу кардары, доктор кийимин кийип алган азилкеч Тикунайдай туюлду. Цуто эркектин жанынан өтүп баратып, акырын кулагынан тартып койду. “Ал коркуп кетип кылчайганда тамашага саламын” деп ойлоду Цуто.

Бирок ага жалт караган кишини көрүп, өзү коркуп кетти. Такырайган башынан башка анын Тикунайга башка окшоштугу жок эле. Жазы маңдай, коюу, дээрлик биригип өскөн каштар. Жүзү абдан азыңкы, ошондуктанбы, айтор көздөрү өтө чоңдой сезилет. Атүгүл, намазшам караңгылыкта да сол жаагындагы чоң меңи кескин көзгө чалдыгат. Ээги салаңдап, алдыга чыгып тургансыйт. Алдастап калган Цутонун алдында турган адамдын жүзү ушундай эле.

— Сизге эмне керек? – деди такыр баш киши ачуулуу үн менен. Чамасы, ал бир аз кызуу көрүнөт.

Цутонун жалгыз эместигин айтууну унутупмун, анын жанында ошол убакта гейшалар деп аталышкан эки таанышы бар эле. Алар албетте, Цутонун шашып калганын карап турушуп унчукпай коё алышкан жок. Алардын бири бейтааныштын алдында Цуто үчүн кечирим суроо үчүн азга кармалып калды. Ал эми Цуто экинчи таанышы менен бөлмөсүнө кайтып келип, көңүл ачуусун улантышты. Көрүп турганыңыздардай, искусствонун кумарлуу ышкыбозу дагы оңтойсуз абалда калат экен. Такырбаш киши болсо Цутонун тааныш аялынан анын неге жаңылышып калганын угуп дароо маанайы көтөрүлүп, шаттана жылмайды. Бул такырбаштын Дзэнте экенин айтып отуруунун кажети барбы?

Болуп өткөн окуядан кийин Цуто такыр башка таттуулар салынган себет жөнөтүп, дагы бир жолу кечирим сурады. Ал өз кезегинде, Цутого боору ооруп, ыраазылыгын билдиргени келди. Алардын достугу ушундайча башталды. Достугу башталды деп айтканым менен, алар бул мекеменин экинчи кабатында гана кездешип, башка жерде бир да жолугушкан жок. Цуто ичимдикти оозго албаса, Дзэнте тескерисинче, ачуудан татканды сүйчү. Кийингенде да Цуто сыяктуу эмес, абдан кылдаттык менен кийине турган. Аялзатын да Цутодон алда канча көбүрөк сүйчү. Цуто тамашалап, чындыгында алардын кимиси кечил экенин билип болбойт дей турган. Толук денелүү, беттери салаңдаган, сыртынан комсоо көрүнгөн Цуто айлап сакал-мурутун албай жүрө берчү, көкүрөгүндө болсо күмүш чынжырчадагы кичинекей коңгуроо салаңдайт, оронгон кимоносу да жөнөкөй жибек менен оролгон.

Бир жолу Цуто кымкап жамынчысын ийнине арта салып, сямисэнде ойноп жаткан Дзэнге учурап калды. Дзэнтенин жүзү эч качан албырып жүрчү эмес, бирок ошол күнү айрыкча кубарып купкуу болуп туруптур. Көздөрү кызарып, шишимек тартат. Оозунун тегерегиндеги бырышкан бет териси маал-маалы менен диртилдеп жыйрылат. Цуто ошол замат досу бирдемеге катуу тынчсызданып жатат ко деген ойго келди. Ал Дзэнтеге эгерде кааласа, аны дилгирлик менен угаарына ишаарат кылды, бирок Дзэнте кыязы, төгүлүп-чачылууга батынбады көрүнөт. Ал тескерисинче, андан бетер түнөрүп, кээде такыр эле өз дүйнөсүнө кетип калып жатты. Цуто Дзэнтени сойкулар үйүнүн кардарларына мүнөздүү кадимки убайым баскан го деген ойго келди. Убайымдан бузукулукка берилген адам эч качан убайымды бузукулукту менен айдай албайт. Эки дос көпкө маектешип, алардын маеги улам ачык маанайга өтө баштады. Капысынан Дзэнте, кудум бирдемени эстей калгансып, мындай деди:

— Буддачыл ишенимдерге ылайык, тозоктун бир нече айлампасы болот. Ошентсе да тозокту үч айлампага бөлсө болот: алыскы тозок, жакынкы тозок жана жалгыздык тозогу. “Бардык жандуулар байырлаган дүйнөнүн үстүндө беш жүз чакырымга созулган тозок жайылып жатат” деген сөз эсиңиздеби? Демек, адамдар байыртадан эле тозок бар экенин билишкен. Тозоктун бул айлампаларынын бирөөсү гана, жалгыздык тозогу күтүлбөгөн жерден тоолордун, талаалар менен токойлордун үстүндөгү аба катмарларында пайда болот. Башкача айтканда, адамды курчап турган нерселер көз ирмемде ал үчүн азап-тозок менен кыйынчылыкка айланышы ыктымал. Бир нече жыл мурун мен ушундай тозокко кабылдым. Мени эч бир нерсе узакка алаксыта албайт. Дал ошондуктан ар качандан бир качан өзгөрүүлөргө чаңкап турам. Бирок ошондо да тозоктон качып кутула албайм. Эгерде мени курчап турган нерселерди өзгөртө албасам, андан бетер азапка батам. Аягы көрүнбөгөн өзгөрүүлөрдүн ичинде кийинки күндөрдүн кайгысын унутуу үчүн жашап келем. Эгерде минтип жашоо да колумдан келбесе, бир гана арга калат – өлүүм керек. Мурун, ушундай азаптуу жашоодо өмүр кечирсем да, өлүмдү жек көрчүмүн. Азыр болсо…

Акыркы сөздөрдү Цуто жакшы укпай калды. Дзэнте бул сөздөрдү сямисэнди күүгө келтирип жатып, акырын чыккан үн менен шыбырап айтты. Ошол убактан тартып Дзэнте ал мекемеде болгон жок. Бул бузукулукка белчесинен баткан дзэн кечилинин андан аркы тагдыры да эч кимге белгисиз. Ошол күнү кетип бараткан Дзэнте “Кого” сутра[2] китебинин түшүндүрмөлөр менен чыккан басылмасын унутуп калтырыптыр. Цуто алдан тайган чагында жакырданып, түпкүрдөгү Самукаву шаарына кеткенде, бөлмөсүндөгү үстөлдө жаткан китептердин арасында ушул китеп да бар эле. Мукабанын арткы бетине Цуто үч сап ырын жазып койду: “Кырк жылдан бери талаада жайнаган фиалка гүлдөрүнүн шүүдүрүмүн тиктеп келем”. Китеп сакталган жок. Азыр эми энемдин бабасынын үч сап ырын эстеп жүргөн эч ким деле калган жок.

Биз баяндаган окуя Ансэйдин төртүнчү жылына таандык. Энем аны кыязы, “тозок” деген сөзгө таасирленип, эстеп калган болуу керек.

Күнү бою бөлмөмдө олтуруп, энемдин бабасы жана дзэн кечили күн кечирген мезгилге таптакыр окшобогон өз дүйнөмдө жашап келем. Жактырган нерселериме келчү болсок, мени Токугава доорунун китептери менен сүрөттөрү эч кызыктырбайт. Ошол элу убакта менин ички абалым ушундай дейсиң, “жалгыздык тозогу” деген сөз уксам, ошол доордогу адамдарга боорум ооруйт. Муну тана албаймын. Эмнеге мындай? Себеби, кайсы бир мааниде алганда, мен өзүм дагы жалгыздык тозогунун курмандыгымын.

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

[1] Чыгыш-азиялык будда мектеби.

[2] Байыркы Индиянын диний-философиялык окуусу.