КЕМАЛ Йашар: Шахан Ахмед (аңгеме, которгон Шералы КЕЛГЕНБАЕВ)

Йашар КЕМАЛ

АҢГЕМЕ

Йашар КЕМАЛ – былтыркы жылы дүйнөдөн көзү өтүп кеткен түрк элинин белгилүү жазуучусу. Й.Кемалдын «Шахан Ахмед» аттуу өжөр каарманы туурасындагы керемет аңгемесин «Коом жана Мен» сайтынын туруктуу окурмандарынын бири, Турциянын Анкара шаарында жашаган мекендешибиз Инаят Азим аттуу мекендешибиз жөнөткөн экен…

Ал өзөндөн чыгып бүкүрөйө илкий басып келатканда, аялы жана эки кызы аны те алыстан эле көрүшкөн. Алар кубана астынан утурлай чуркашты. Кыздары атасынын бутун кучакташты, атасы болсо шаттана эки кызын колуна шап көтөрүп ала койду. Аялынын көзүндө дудук суроо катып калды. Ал: «Ушунча күн кайда жоголуп жүрдүң?»— деп айтып жиберүүгө батына албады.

— Таптым,— деди Шахан Ахмед демин бир чыгарып алып. — Таптым. Эми биз аман калдык дей бер. Ушунча жыл азап чегиш тамаша бекен! Акыр түбү… Бир, эки жыл чыдай тур, анан көрөсүң…

Ал өлгөндөй чарчаса да, көздөрү күлүп турду.

— Карасаң, катын, он беш жыл талааны таштан тазалап, алакандай жерди токойдон күч менен тартып алып жатабыз. Жыл сайын жерди сел бузуп кетет. Жыл сайын баарын кайра баштан башташ керек. Жетишет!

 

Күйөөсүнүн үч күн, үч түн жоголуп кетишинин себеби, көрсө, ушу турбайбы.

— Ооба, барып кайра башынан башташ керек, — деп кайталады аялы эриндерин кыбыратып.

Алар үйлөрүнө келишти. Ахмед таза жүн үртүктүн үстүнө сулады.

— Ой, ой, ой, кандай жерди таптым дейсиң! Сел эми ал жерге өлүмжан жете албайт. А жери болсо кандай сонун! Билбейм, бүт аймактын мыкты топурагын ошо жерге суу канча жылдап агызып келип үйүп салды экен. Кешиш суусун билесиңби? А Чагшак зоокасы кайда, билесиңби? Өзөн дагы ошо жерден имерилет. Ошояктын токоючу? Эмне деген укмуш токой! Кылда учтары булут челет, сөңгөктөрү беш кучак. Ошол токойду кыйып, аянтты тазаласам, анан ошондо көрөсүң, жүз центнерден, жок, бу жердегиден эки жүз эсе көп түшүм алууга болот. Эмне дебегин, бизде башка жол жок. Ошо жерге көптөн бери көзүм түшүп жүргөн, тек гана чолоом тийбей жүргөн эле. Азыр болсо арылбаган жардылык аябай жанга батты, аны жеңүүгө ал-күч жок. Катын, кел, тагдырыбызды бир сынап көрөлү. Үч жыл болобу, беш жыл болобу, он жыл болобу, ушул ишке башымды саям да, көздөгөн максатыма жетем. Ошо жокчулук мына мобу жериме жетти бейм!—деди да, кекиртегин колунун кыры менен сызып койду. — Тамырларды жулуп салып, эгин эгем. Анан турмушубуз оңоло баштайт!

 

Эртеси күнү Ахмед таңдын эре-сересинде төшөктөн турду. Эң оболу балта, керки, күрөк жасатканы темир устага ашыкты. Шаймандар белен болгондон кийин жоонураак аркан алып, аялы экөө жолго чыкты.

Ал тандаган жерге чейин кыштактан чыкканда бир жарым сааттык жол эле. Аялы дүпүйгөн дарактарды көргөндө, тек гана «алда кокуй-ай» деп жиберди да, башын көпкө чайкап турду. Акыры ал үн катты:

— Ахмед, бул иш колубуздан келбейт ко. Бир дарагын бир айда араң кесип бүтөбүз. Бир ай болсо эмне, эки, үч ай, жарым жыл кетет. Эсиң барда этегиңди жап. Мындан көрө биздин эски талаанын жанындагы өрттөлгөн токой аянтын тазалайлы.

Ахмед унчукпады.

— Ой, Ахмед, түшүм алганыбызча ачкадан өлүп тынат. Сенин оюңча, кыштакта сенден акылдуу жан жокпу? Сенин оюңча ушу жерге жалгыз сенин көзүң түштүбү? Бирок ал-күчтү эске алуу керек да.

— Мен багынтам. Бу жер талаа болот. Түшүм башкалардыкынан жүз эсе көп болот.

Ал колундагы балтаны керилип туруп дарактын кучак жеткис эң жоон сөңгөгүнө батыра бир чапты.

— А кокус карагайчы көрүп калса канттик?

— Эч кысасы жок. Ал үчүн эки бал челегим бар. Жармашып жанымды койбой баратса, бал менен оозун жап кылам. — Ушинтти да даракты экинчи ирет бир чапты.

Алар жашап турган жер Алмуруттуу Кудук деп аталчу. Бири-биринен алыс чачыранды жайгашкан майда хуторлор Тавр тоолорунун так чордонуна тыгылып калышкан — ар биринде болгону бир-эки түтүн бар. Бул жактын жери дээрлик кунарсыз. Адамдар эки жыл, ал-тургай үч жыл өмүрүн сайып коюп, алакандай талааларды чытырман чер токойлордон зор эмгек менен бошотуп алышчу. Жыгачтарды кыйып, тамырларын омкоруп казып өрттөшчү, ошондой болсо да алардан катары менен үч жылдап ашпаган мезгилде түшүм ала алгандар сейрек кездешчү, анткени сел жүрүп, бычак менен тилип сыйрып алгандай түшүмдүү кыртышты шыпыра агызып кетчү. Аңыздардын ордуна жалаң жылаңач аскалар гана аркайып кала берчү.

 

Шахан Ахмед башкалардай эле дарактарды кыйды, өрттөдү, тамырын омкоруп казып салды. Канча гектар токойду тукум курут кылып, баарын канча жолу кайра баштоого аргасыз болду дейсиң, санаса сан жетпестир. Бул сапар жаратылышты алдап-соолап, бир да сел алып кете албаган жерди токойдон тартып алууга бел байлады.

Ал сөңгөккө балтасын үчүнчү жолу чаап атып күлүп жиберди:

— Катын, кудай буюрса, оңолуп кетебиз.

— Буюрса, буюрса.

Балта улам-улам чабылып жатты, деген менен Ахмед кечке чейин кучак жеткис жоон сөңгөктүн жарымын гана кесе алды.

— Эчтеке эмес,— деди ал куру кайрат көрсөтүп. — Адегенде гана кыйыныраак болот. Ушу даракты кантип эле бир күндө жыга албайын?

Ахмед даракты экинчи күнү жыкты. Тамырын омкоруп казып салууга дагы эки күн, бутактары менен тамырларын Кешиш суусунун боюна ташып, карагайчыга билгизбес үчүн сууга салып агызып жиберүүгө дагы төрт күн кетти.

Ошентип арадан алты ай өттү. Деген менен бир күнү баары бир карагайчы билип койду. Бул Ахмеддин кайратын майыштырбады, ал карагайчынын үйүнө мол тартуу менен барды эле, чечекейи чеч болгон карагайчы тилин тишине кысып жым калды.

Алты дөнүм жерди токойдон бошотуп алыш үчүн төрт жыл талап кылынды. Ахмед күндүзү жыгач кыйса, түнкүсүн дүмүрлөрүн омкорду. Ахмед адамга да окшобой аябай өзгөрүп кетти. Астынан капыс чыккан адам жалт берип андан качкан учурлар да болду. Ахмеддин колу автомобилдин шинасындай дордоюп, буту менен ийни жооруп, жара басып ылжырап калды. Тек гана көздөрү баягысындай эле жалбырттаган от болуп жанып турду.

Ал талаасын айдап, ага буудай септи.

 

— Катын, — деди ал,— мурда ушундай жерди көргөн белең? Семиз, кунарлуу. Ушундай жерди Чукуровадан таап көр.

Алардын бет алдындагы талаа кара жонун жылтылдата алп уйкуда жаткан сырдуу жырткыч айбан сымал керилип жатат.

Ошол жылы Ахмед кулак угуп, көз көрбөгөн түшүм алды. Көйкөлүп текши өсүп чыккан буудайдын калыңдыгынан жолборс да аралап жүрө алгыс эле.

Ахмед данын соодалаганда, биринчи кезекте эки уй сатып келди. Аялы менен балдарына жаңы кийим-кечек, бут кийим алды. Ошол жылы алар түзөңгө түшүп келип, мандыкерликке жалданышкан жок. Күрүч талаасында чиркейге таланып, пахта териминде белин бекчейткен күндөр бүттү!

Ахмеддин ийгилиги жөнүндө каңшаар айлана-тегеректеги айылдарга чагылгандай тез тарады. Ушу кезге дейре Алмуруттуу Кудуктун толук бийликтүү ээси деп эсептелген Ариф-аганын кулагына да бул кабар жетти. Жокчулук белин бүктөп муктаж болгон адам Ариф-агага жүгүнүп жалынып-жалбарып бара турган. Эгер ардеме-бирдеме сата турган болсо, Ариф-агадан бөлөк эч ким сатып алмак эмес. Ал биринчи кеңешчи, биринчи жардамчы. Дыйкандардын баары ага карыздар. Жалгыз аял жагынан гана аны менен энчилеш эмес. Башкалардын баарында Ариф-ага бучукчулук, мындайча айтканда шериктеш болучу.

Шериктештик — бучукчулук деген система бар. Маселен, алда кимге бээ керек болуп калды дейли, Ариф-ага «мархабат» деп ошо бээни берет, болгондо да башы менен биротоло кармата салат, шарт бирөө гана: бээ тууган ар бир экинчи кулунду Ариф-агага берип туруш керек. Тоок, аары, үрөндүк дан жагынан да так ушундай.

— Ага, — дешти адамдар Ариф-агага, — биздин чөлкөмдө дагы бир бай чыкты. Шахан Ахмед тирденип баратат. Кереметтүү талаам барында өзүмө өзүм кожоюнмун дейт ал.

— Таамай эле ушинтип айттыбы?— деп Ариф-ага кайра сурады. Анан башка бир да сөз айткан жок, бирок ишти кечиктирбей уезддин начальнигине барды да, калпты-чынды аралаштырган карала кагазды суна салды. Анда мындай деп жазылган:

 

«Алмуруттуу Кудукта жашаган Мустафанын уулу Шахан Ахмед законсуз ээлеп алган Кешиш суусунун бурулган имерилишиндеги менин талаамды бошотуп берүүңүздү өтүнөм. Жети жарым дөнүм келген бул талаа бир кезде менин атама таандык болучу…»

Арадан эки күн өткөндө полиция участогунун начальниги Алмуруттуу Кудукка келип, дыйкандарга жеке өзү сурак жүргүздү. Адамдар Ариф-аганын актыгын ырасташты, анан ошол эле күнү жерди закондуу ээсине кайтарып берүүгө чечим кылынды. Начальник жыйырма үч он бир деген номерлүү закондун статьясына негиздеди.

Шахан Ахмедке бул чечимге сот аркылуу нааразылык билдырүү укугу берилди. Андан башка аргасы жок эле. Карапайым дыйкан биринчи жолу Ариф-аганы сотко берүүгө батынды. Жалгыз ушунун өзү эле эмне деген кеп! Коңшулары Ахмеддин көзү жокто: «Чымын байкуш пил менен кармашкысы бар!» — деп мыскылдап күлүштү.

— Шахан Ахмед, кечип салсаңчы, — дешти ага. — Карачы, сен кимсиң да, ал ким, Куру бекер убара тартасың.

Баары бир талаа Арифке тиет. Өз башыңды маскара кылба.

Ахмед жакшылык самап жан тартымыш эткендердин айткандарына кулак кагып да койгон жок.

Бир күнү кезектеги сот тергөөсүнөн кайтып келатканда аны аңдып акмалап турган Ариф-аганын адамдары аябай тепкилешип, кабыргаларынын тең жарымын сындырып салышты. Үч ай төшөктө жатып, арандан-зорго мал болсо да, дегенинен кайтпады.

Ошол арада Ариф-ага талааны бучукчулуктун шарты менен Кел-Дурмушка ижарага берип койду, бул шартка караганда, түшүмдүн теңин Ариф-ага, теңин болсо Кел-Дурмуш алмакчы.

Мурдагы талаасы эми Ахмеддин көзүнөн учту, ошол талаасынан кабар да ала албады. Ал эми сот текшерүүсүнүн көтү көрүнөр эмес. Улам жаңы чыгымдардан кутулуш үчүн Ахмед уйларын сатууга, уезддин начальнигинин секретары болуп элүү лир (түрк акчасы) айлык менен кызмат кылуу үчүн кызын берүүгө аргасыз болду.

 

Ал адегенде уйларын, андан кийин сүйүктүү кызын аялынан араң дегенде тартып алды. «Ахмед, ушулардан ажырагандан көрө өлгөнүм артык!» —деп озондоду катыны.

— Ыйлаба,— деди Ахмед аялын сооротуп.— Талааны кайта алабыз да, кайта эгин эгебиз. Уй да сатып алабыз, кызыбыз да келет, мандыкер болбойбуз. Эсиңде болсун ушу сөзүм.

Ушундан кийин гана аялы макул болду.

Сот процесси беш же алты жылга созулду. Ахмед малайлыкта өгүздөй иштеп, тапкан акчасын бүт сотко жумшады. Ал жөнүндө ушак-айың тарады. Ал жөнүндө тири укмуш кептер айтылды. Деген менен акыры Ахмед жеңилип калды. Округдук сот мурунку чечимди бекитип салды, ал куч-кубаты да, акчасы да тыйпыл түгөнгөн Ахмед кассация берүүгө кудуретсиз.

Ал кыштакка аябай шалдырап алсыз кайтты. Аялы бир көргөндө эле тагдырлары небак чечилгенин баамдап, буркурап жиберди. Шахан Ахмедке ичи тардык кылып, кечээ жакында эле сотто жалган жалаа жапкан дыйкандар ошол эле күнү анын үйүнө келишти. Баары тең уялып, кысынып жер карашкан шекилдүү. Башка бирөөлөр болсо го бир жөн эле, а булар болсо Ахмед ал талаага кандай азап менен жетишкенин анык билишчү эле го.

— Бизди кечир, тууган. Биз жүзү каралык кылып койдук. Эми көзүбүз ачылды. Сен биздин арабыздагы бирден-бир чыныгы адам экенсиң. Кечире алсаң, кечирип кой.

Шахан Ахмед шылкыя жер тиктеген калыбынан жазбады. Бир нече күн өткөндөн кийин гана аялынын бетине карай алды.

— Эми биздин жерибиз жок… — деди ал.

— Жерибиз жок, жерибиз жок! — деди аялы үнүн жаңырыктатып. — Эки эле бал челек калды. Балын тартсаңчы.

 

— Бал челектер да жок. Аларды карагайчыга берип салгам. — Анан бир убакта Ахмеддин көзү тайманбай карап жарк-журк эте түштү. — Катын, балтам кайда? Алып кел. Керкини да, күрөктү да алып кел. Билесиңби, беш жыл мурда эле дагы бир жерден байкап калгам, эски жерден жүз эсе сонун жер. Ал жердин түшүмү мурункудан да мол болот. Уй да сатып алабыз, кызыбызды да кайта алабыз. Ошо талааны тартып алып көрсүн эми! Коңшулардын эмне дешкенин эшиттиңби?

Ахмед таң жээк салары менен жанагы айткан жаңы жерине жетип барды. Керилип туруп бир чапканда, колундагы балтасы кучак жеткис жоон сөңгөккө уңгусуна чейин батып кетти. Дагы, дагы чабылды. Ахмед балтасын шилтеген сайын түрс эткен табыш тоо боорлорунда чабыттап жаңырыктап жатты.

Которгон Шералы КЕЛГЕНБАЕВ