ЭСЕНДАЛ Мемдух Шефкет: Хамит үчүн жазылган баян (аңгеме, которгон Урмат Бек НУРСЕЙИТ уулу)

АҢГЕМЕ

Эки жолдош жаш жигит түштөнүүдөн келип, басмакананын үстүңкү кабатындагы бир бөлмөдө эс алып отурушат. Бирөөсү креслого жамбаштап, эки бутун учкаштырып үстөлгө асып алган. Оозунда түтүнү небак өчкөн мүштөк. Жумасына, айына бир чыкчу журналдарды барактаса, тигиниси жолдошунун маңдайындагы керебетте деле узунунан керилип жатып алып тамекесин бурулдатат. Бир убакта креслодо отурганы керебетте жаткандан сурап калды:

— Сенин Хамитке көз карашың кандай? – деди.

— Кайсыл Хамит?

— “Кайсыл Хамит” деген да суроо болчу беле. Абдүлхак Хамит [1].

— Аа… Билбейм. Мен аныкын окуган эмесмин.

— Такыр окуган жоксуңбу? Кызык! Анан адабиятчымын дейсиң!

— Адабиятчы болуу үчүн Хамитти сөзсүз окуш керекпи?

— Сөзсүз эмес дечи. Бирок окуп коюш керек.

— Окула турчу Хамит болгондо…

— Силерге деги адабият сабагын окутту беле?

— Байкуштар окутушту, бирок мени окуду дейсиңби?

— Эмнеге? Сен Галатасарай мектебинде окудуңбу?

— Окудум. Фрерде[2] да окудум. Экөөндө тең бир аз окуткандай болушту. Байкасам, ыйманыма доо кетчүүдөй. Окуйун деп анан кайра эле таштап салып баса бергем…

— Кызык… Окубаган адамга окшобойсуң!

— Окшобойм. Бизде окугандар менен окубагандардын айырмасы аз.

— Кандайча аз?

— Өтө эле аз. Сен окугансың, мен окуган эмесмин, арабызда кандай айырма бар?

— Арабыздагы айырмабы… Мен азыркы учурда газетанын жоопту редакторумун. Сен ушундай ишти аткара аласыңбы?

— Айланайын алтыным, эми ушул дагы сөзбү? Сен патрон[3] менен тил табышып алдың, кызына үйлөнмөксүң, ал дагы сени жоопту редактор кылып дайындады. Дагы бир аз аракет кылсаң орток кылып алат! Кыскасы, газеталар чыгып атат ко…

— Жөн эле сүйлөй бересиңби, сен башкалар менен тең тайлашчы!

— Эмнеге? Сени менен тең тайлаша албаймынбы?

— Тең тайлаша албайсың?

— Өзүңдү бир сынап көрчү! Тил, адабият, философия, эмнени кааласаң! Макулсуңбу?

— Мени менен тең тайлаша албайсың дедим го?

— Тең тайлаша алам… Кел, анда ушу Хамит үчүн бир конференция өткөрөлү. Кандай дейсиң?

— Даярдансам эмнеге болбосун!

— Мен даярданбай эле өткөрө алам.

— Кана, баштачы көрөлү?

— Баштайын, бирок сен дагы катышасың?

— Макулмун.

— Сөзүңө турасыңбы?

— Турам.

— Анда ук! Бирок жаткан оордумдан эле. Сенин Хамитиң үчүн бейпилдигимди буза албайм.

— Макул, жаткан жериңден эле.

— Ук! “Урматтуу угармандар, менин оюмча Хамит терең философияны бапестеген акын. Аны менен ыр мейкиндигине өкүмдарлык кылган сыйкыр күч бар. Ырларын окуганда кандайдыр бир өзүнө тартуу, бир тереңдик бар. Өзүбүздү эски, ураган, чириген, бирок уч-кыйырсыз дүйнөнүн ичинде жүргөндөй сезебиз. Мисалы Макберде: акын бизди мендигибизден акырын ажыратып алып, угулуп турган бирок тынчтыгы жок дүйнөдө дайынсыз жана кылымдардан бери кыбырап келген коркунучтуу суроолордун ичине жетелейт. Эң жапайы, эң катуу, эң орой акыйкаттын арасынан периштелердин жибек канаттарынан төгүлгөн бул обон, бул сыйкырдуу үндөр, наздуу бир сүйүктүүнүн табыты аркасынан аргасыз алыстаган илахилер[4] сыяктуу жүрөктүн үшүн алган жана адамдарды үмүттөндүргөн алыстатуучудур. Ичинде жашаган үмүт ааламын алмаштырасыз. Катар катары менен бүтүндөй ишенимдер соолуп, бүтүндөй илахилер үн катпай калат. Аң-сезимдин түпкүрүндөсүз. Өң-түссүз жымжырттык… Мына ошол жерден Хамитти издегиле. Колуңардан  кармап, оор жана кооптуу болгон бул жымжырттыктын жибек кездемеси менен чүмкөйт. Ооба, коркунучтуу. Анткени жаңы пайдубал, жаңы ыйман, бир ишеним издейсиз. Жаралуу акыйкат сакталган кабырга түшөсүз. Акыйкаттын баш айланткан жыты дагы да жакындан угулат. Бул бир көз боёчунун иши. Хамит ушуну кайсыл бейттери[5], кайсыл саптары менен жазганын түшүнөсүз. Мына, менин оюмча ал ушул чекитте мыкты акын!.. Аны окугандан кийин эң таза рухта дагы, сизди коркунуч тозогуна тарткан суроолордун болоттон бүткөн талдарынын ийилгенин көрүп, жашоо деген эмне дейсиз?… ”- деп сөзүн бүтүргөн Нихат Саит, башын буруп досун карады.

— Жетиштүүбү эми? — деп сурады. Эх, бир канча бейтин билгенимде…

— Эч бир бейтин билбейсиңби?

— Билбейм дедим го…

— Эээ, билбесең бул талдоону кайдан алдың?

— Келесоо болбочу! Бул сөздөрдү тизмектеш үчүн маалымат керек бекен? Менин айткандарым сага маанилүү болгон жокпу? Эс учумду жоготом! Булар калыпка салынган сөздөр. Тизмекте да айта бер. Кааласаң макта, асманга көкөлөт. Кааласаң жаманда, жердин жети кат түбүнө түшүр. Мен кааласам сенин Хамитиңди жамандап, кармана турчу эр нерсе калтырбайм.

— Эмне деп жамандайсың?

— Сөз жок бекен…

— Мисалы?

— Мисалбы? “Хамит деймин, ооба, адабият тарыхын жазгандар, ал жөнүндө жазуу үчүн дагы сөздөрдү табышат, бирок менин бул ачка рухумдагы өчпөгөн жарыкты жандыра алдыбы, билбейм! Кайсыл түбөлүктүү шыктанууну жарата алды? Мен ага эмне карызмын? Дилибизден оорун таптыбы? Тарбиябызга кандайдыр бир таасир калтырдыбы? Чектерди ашып бүтүндөй адамзатка жаны акыйкаттуулукту айтыптырбы? Аркасынан бир дастан калдыбы? Эмне эле, атың өчкүрдүкү? Мисалы, Макбер… Эмне түшүнүп жатасыңар? Мен аны окуганда алоолонуп күйбөйм. Эсепке алынган сөздөр жана каармандар. Жаман дегенге оозум барбай атат… Хамитти окуганда түшүнүксүз тилде сүйлөгөн адамдардын курчоосунда каласыз. Бул адамдарды түшүнүү үчүн бекер эле убактыңарды коротосуңар.  Хамит өздөрүн жаттатпай турган сөздөр менен ыр жазган. Эч качан акын болбогон каармандардын сөздөрү, оңдолуп ыр түзүлүшүнө салынып уйкаштырылган. Жок дегенде ыр түзүлүштөрү туруктуу, жетелөөчү болгондо… Ушуну менен катар, урматтуу угуучуларым, акын деген акындай болот. Мен аны түшүнө албайм деп, баркы жок деп айтуум туура болбостур. Атактуулук оңой менен келбейт да. Мен түшүнбөгөн болушум мүмкүн. Ошон үчүн мен сөзүмдү баштаганымда: “Менин Хамиттен насибим жок экен” – деп башташым керек эле. Хамитти түшүнүү үчүн макалаларын окушум жеткиликтүү болгон жок. Макалалары менен анын улуугун сезе алган жокмун. Арабызда тартылуу күчү болгон жок. Ыр түзүлүштөрү аркасынан жетелей албады. Каармандары менен тааныша албадым. Саптары окугум келгенде гана мага жакындады, окуп бүтөрүм менен качып, барактардын арасындагы оордуларына жашынышты. Аларды Хамиттин жайгаштырган жерлеринен чыгарып, өзүмө жакындата алган жокмун. Бул Хамиттин кемчилиги эмес, менин кемчилигим болсо керек.”

Нихат Саит айтып болгон соң, калыбынан жазбастан:

— Дагы да улантайынбы? — деп сурады.

— Мен сенин Хамитти окубаганыңа, ал үчүн калп эле бир нерселерди ойлоп тапканыңа ишенбейм. “Окуган жокмун, билбейм” дегенди өзүңө адат кылып алгансың.

— Башкалар дагы ушунтип ойлошот. Мен “Окуган эмесмин, билбейм” деген сайын “билесиң, билесиң” дешет. Биздин Кантаржыоглунун байкушу дагы “Мен окугам, мен билем” деп төшүн какканда “Тур нары жапайы десе, сен эч нерсе билбейсиң” дешчү. Ал окуган, билчү. Андайларды окутушат, бирок бактысы жок. Кимге даттанасың… Карачы, сен дагы капаска түшүп калыпсың!

— Сандырактыгыңды токтото турчу, андан көрө Хамит үчүн бир макала жаз!

Нихат Саит досунун бул сөздөрүнө түшүнбөгөндөй түр көрсөттү. Бир маалда оордунан тура калып:

— Эмне дейсиң? Мага айтып атасыңбы? – деп калды.

— Сага да. Кимге болмок эле!

— Ээ, эмне болуп атат? Хамит үчүн бир макала жазайынбы?

— Жазасың. Таң кала турчу эмнеси бар? Эртең өлүмүнүн бир жылдыгы. Бир макала жарыялайбыз. Сен болбосоң мен жазат элем.

— Сен жазат белең? Ээ, кокуй, кандай күндөрдү көрүп жатабыз… Демек, мага талдатканыңдын себеби макала жаздыруу үчүн беле? Биздин сандырак сөзүбүз ийгилик жаратты дебейсиңби!..

— Эмне болду, жакпай калдыбы?

— Эмнесин жактырайын? Боорум ооруп турат. Тирүү кезинде асманга учурдуңар, “эң мыкты акын” деп сыйладыңар, эми өлүмүнүн жылдыгы келгенде мен сыяктуу бир келесоого макала жаздырган атасыңар!

— Эмне ката кылып атабызбы?

— Ооба, бул катачылык. Мен Хамитти кайдан билмек элем, макала жазгыдай?

— “Жазуу үчүн билүүнүн кереги жок” деген, бир аз мурун Хамит үчүн конференция өткөрүүгө даяр турган сен эмес белең?

— Ооз көптүрмөмө ишенип алдыңбы? Ал шылдың болчу! Чын деп ойлодуңбу? Жаңы акындарыбыз жөнүндө болсо каалашыңча жазайын: Хамит үчүн болбойт.

— Эмнеге болбойт экен?

— Болбойт. Балким жакшы адам болгон: эмнеге жазайын?

— Манисиз сөздөрдү айтпачы! Жамандыгын жазбайсың го эми!

— Бул адамдын сый-урматы болсо, окурмандарыбыз мунун эскерилүүсүн каалап атса, Хамитке, окурмандарыбызга сый көрсөтпөйлүбү! Кандай гана төмөн адамдарсыңар!

— Мына көрсөтүп атабыз го…

— Көрсөтүп эмне кылып койдуңар? Хамитти тааныбаган, жазгандарын окубаган, мен сыяктуу окуганды билсе дагы жазганды эптей албаган адамга макала жаздырган атасыңар: ушуну айтасыңбы?

— Ушунчасы жеткиликтүү эмеспи?

— Жеткиликтүү эмес. Бул Хамитти көргөн, тааныган, окуган, түшүнгөн адам жокпу? Издебейсиңерби, сүйлөшпөйсүңөрбү, акча берип жаздыргыла. Эмне болот эле, газетаңарда жок дегенде бир күнү болсо да окула турчу макала чыксын! Сенин тиги кара жолтой патронуң дайыма айлекерлигин карматып, бузукулук кылгыча бираз ушул жөнүндө ойлонуп койсун!

— Болду эми, эки сап баян десек, ар нерсени айтасың. Жазбай унуткарып койсок деле болмок. Мен эми Хамитти тааныган адам издейм. Журналистика деген ушу, ийри, түз жазылып чыгыш керек. Биз адабиятчы эмеспиз, журналист болуп эмгектенебиз. Модерн журналистика!

— Кайран гана модерн журналист! “Биз эринебиз, эч бир ишти туура, дурус жазабайбыз” дебейсиңби!

— Анан эмне кылабыз, бир баян жаздыруу үчүн көчөмө көчө кыдырып бирөөнү издейлиби?

— Капырай, телефонду алып, ылдый жактагы тарбиясыздарга “Хамитти тааныган бирөөнү тапкыла, бизге билгендерин жазып берсин,” – деп айтуу кыйынбы?

— Сени таптым го. Сага “жаз” деп атам! Жазбайсың…  Күнөө сизде эмес, силерди адам катары эсептеп окугандарда!

— Бизди адам катары эсептегени үчүн окуйт дейсиңби? Ушакты, коомчулукту баткакка айлантсаң, анан көрүп ал сатууда эмне болорун!

— Анысы ошондой дечи, а Хамитти эмнеге аралаштырып атасыңар. Сөгүп бастыра бергиле, жыргап жашай бересиңер.

— Болду эми, андан көрө макала жазчы.

— Капырай, кандай сөзгө түшүнбөгөн адамсың. Сага кошулган туздун кусуру урсун… “Хамитти окуган эмесмин, билбейм” деген адамга “Отур дагы макала жаз” дейсиңер.

— Эми кимден сураналы? Бизге эмне дешет?

— Эмне дешмек эле? Намысыңа тиеби?

— Ушуларды сөз деп айтып атасыңбы? Бош жаткыча отуруп жаза калчы.

— Жазбайм. Мухсинге айт, жазсын!

— Биздин Мухсингеби?

— Ооба, ошого.

— Кандай макоосуң. Мухсин жаза алмак беле.

— Эмнеге жаза албайт экен. Акын го, керек болсо экөөбүздөн жакшысын жазат. Берчи мен жаздырайын, жакпаса чыгарбай деле коесуң!.

— Болбойт андай!

— Кысканып кеттиңби?

— Сөзүңдү этияттачы, бай болгур! Мухсинди газетада мен кармап турам. Болбосо патрон эчак жоготмок.

— Ал сенин куулугуң да. Ал эки тилди суудай билет. Ага тең келе албайсың. Сенин айыбыңды Мухсин жабат. Сен да патронуңа каалагандай калчайсың!

— Кандай гана жаман ойлуу адамсың. Бул сөздөр Мухсиндин кулагына жетсе, ал айлампаш өзүн мал ойлойт, анан мен аны кууп жиберсем, сага жага бербей калат.

— Мухсинге иш жок бекен? Каалаган газетасына барып кызмат кыла берет.

— Ооба, ал үчүн аз жерден китепчи Хайри үч миң лира төлөп кала жаздады..

— Хайры цыган болсо, сүрөттөрдү баткак менен бастырам десе, дүкөндүн кагазы менен журнал чыгарса, кожосу да сен болсоң, ага Мухсин эмне кыла алмак эле?

— Болду дейм, унутчу Мухсинди…

Жоопту редактор бир нерсе ойлонгондой токтой калып кайрадан Нихат Саитке:

— Эме… — деди. Сен Хайринин карызын бердиң беле?

— Бере элекмин.

— Адепсиз неме эле. Кыйнап атабы?

— Кыйнай берсин… Жок нерсенин эмнесин алат дейсиң?

— Мен азыр Хайриге телефон чалам, бир ай сенден карызын сурабай турат.

— Хайри менден эмнени алат. Менде акча, пул деген жок да!

— Анчалык ишенимдүү болбосоң. Жазма китептер бар эле го?

Нихат Саит жаткан жеринен өйдө боло калды. Жумшак үн менен өзүнө сүйлөп жаткансып:

— Ай, каракчылар, ай, — деди. — Китептерди такыр унутуп калган турбаймынбы. Аруулугума карачы. Китептерди алып салышы мүмкүнбү, мүмкүн.

Бир азга токтой калды да, кайрадан досуна кайрылды:

— Мени коркутуп атасыңбы? – деди, — жазбаймын…

Жоопту редактор жылмайып:

— Анчалык кайгыра бербе, — деди. — Кааласаң жазасың. Сен Хайринин адепсиз экенин менден жакшы билесиң да!..

— Билем, кабатырланбай эле кой. Китептерди эми эстеп атам. Экөөңөр биригип мени ушактайт элеңер. Кана тур, телефон чалып көрчү. Анан жыйырма лира[6] бересиң.

— Кана эми жаз да,  ынтымакташалы!

— Жоок, болбойт. Жыйырма лира ушул жерден колума тийсин.

Телефон чалды. Жыйырма лираны колуна карматты. Нихат Саит столго отурарында:

— Маданияттуу адамсың, — деди. — Кантсе да пашанын уулу эмессиңби. Ушу айлакер заманда түшүнбөгөн нерселерим бар да, мейличи! Андан көрө Хамиттин бир китебин берчи, көрөлү?

— Менде Хамиттин китеби жок.

— Болбойт, табышың керек.

— Кайдан табайын?

— Эч болбосо бир канча ырын айтып бер.

— Эсимде жок.

Бир азга ойлоно калып:

— “Мында сыйыртмакка асылган аял ким эле”
“Нур жүзүнөң тозок оту көрүнөт”

— Токто, жазып алайын.

Жазгандан кийин:

— Жакшы. Башка дагы барбы?

— Жаз анда:

“Деңиздин толкуну эмес, булуттун учкуну эмес”
“Дайыма жанар тоолор менен каптаса айланасын айланайм”.

— Бул ыр кимдики?

— Тарыктыкы болсо керек.

— Деги аны жакшы тааныйсыңбы?

— Тааныбайм. Хамит сыяктуулардан бирөө болсо керек.

— Жок, мындай болбойт. Бир китебин табыш керек. Антология болобу же адабият тарыхы болобу?

Издеп көрүштү. Акыры Исмаил Хожанын бир китебин таап алышты. Макала да жазылды. Эртеси күнү газета басылып чыкты. Башында төмөнкү бейт жазылып жүрөт:

“Түнүн дагы, күндүзүнүн дагы даамы жок.”
“Мен эмне кылып жүрөм бул жер жүзүндө?”
Окугандар жактырышты. Исмаил Хожа да окуган эле, ага дагы жагыптыр!

Которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

[1] Абдүлхак Хамит Таркан – Осмон империясынын акыркы жылдарындагы дипломаты, акын жана драматург.
[2] Фрер – француз мектеби.
[3] Патрон — жетекчи.
[4] Илахи – диний түшүнүк. Жаратучууга тиешелүү дегенди түшүндүрөт.
[5] Бейт – эки саптан куралган ыр түрмөгү.
[6] Лира – түрк валютасы.