АЙТМАТОВ Чыңгыз: ЧОЮН ӨМҮРАЛИЕВ: ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫН ЭКРАНДАШТЫРУУ

I глава: Салижан ЖИГИТОВ: Өмүралиевдин «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын экрандаштыруу» деген дипломдук ишине пикир

II глава

  1. «Аптап» жана «Биринчи мугалим»

Ч.Айтматовдын кайсы гана чыгармасын албайлы, баарыдан мурун биздин баамыбызга урунаары – анда чоӊ ойдун берилиши. Мындай жооптуу ойду айтууда ал ар кандай эле адамдарды каарман кылып ала бербейт. Аны көтөрө ала тургандарга гана токтолот. 10-классты жаӊы эле бүтүргөн, романтикалык максаты ээлендирген «Ботогөз» булактагы жаш Кемелдин образы ушундайча образдардан. Рас, ал Абакир айткандай гелиобатареялар жөнүндө, тарыхтан окуган Анархайдагы илгерки жер дүӊгүрөткөн жылкы, жортуулчул элдер жөнүндө билгени менен өзүлөрүнүн жер айдаган күндөлүк турмушунда кездеше калган элементардуу нерселерди билбеген учурлары болуп калат.

Ошондон улам да «академик» атка конот. Бирок бул анын салмагын биздин алдыбызда жеӊилдетпейт. Кайра бүткүл пенделик дүйнөсү менен көз алдыбызга тартылып, анын оор балалык таза мүнөзүнө ичибиз жылыйт. Эркелетип чачынан сылагыбыз келет. Кемел канчалык кыйынчылыкты көрүп турса да духу түшпөйт. Дайыма Анархайдын гүлдөгөн келечегин көз алдына элестетип жыргайт. Ал кезде жашай турган адамдарга суктанат. Бирок баары бир бир нерсени унутпайт. «И все таки я не завидую им, потомучто я первый пришел сюда», — дейт. Бул эрке кыялдуу баланын романтикасын кандайдыр көктөн түшө калгандай эмес, тарых мугалими Алдаяровдон уктубу же өзүнүн ынтызар мүнөзүнөн өсүп чыктыбы, айтор, турмуштук негизи бар, бу жарыктагы сулуулукка умтулган, ага муктаж романтика катары кабыл алабыз. Минтүүгө ички сырын бизге жашырбай ачык айтып берип жаткан Кемелдин өзү мажбур кылат. Повесть кытмырлыгы жок тажрыйбасыз баланын, өзүнөн көп жаш улуу, турмуштан далайды көрүп калган Абакир менен болгон кагылышууларын сүрөттөөгө арналган.

Абакир – тракторист. Ал адам менен табияттын ортосундагы күрөш катуу жүрүп жаткан Анархай талаасында иштеп жүрөт. Иштеген иш боюнча эч кимден эскертүү укпаган, ишке бышкан адам. Бирок ошол эле убакта ушул иштемчиликтин артында жашынган анын экинчи жүзү бар. Ал — дүйнөкорлугу, эгоизми. Башка адамда бар, аялдын таза сүйүүсү да аны ийите албайт. Кайра кандайдыр өзүнө кереги жок, ашыкча жүк катары туюлат, кабыл алат. Мына ушул өзүнөн башканын баарын жерип салган, тиш кагып калган адам менен айлана-чөйрөдө болуп жаткандын баарын өзүнө жакын алган анын антиподу жаш Кемел экөөнүн ортосундагы психологиялык күрөш аӊгеменин негизин түзөт. Күрөш каармандардын ички дүйнөсүндө болуп жатса да автор аны алаканга салып сүрөттөп олтурат. Улам арылаган сайын турмушка көз карашы боюнча активдүү позицияда турган Кемелдин жеӊиши бекемделе берет.

Кемел жеӊишке оӊой жетише бербейт. Баарыдан мурун анын өзүнүн идиреги бар бала, ал адамдын жер үстүндөгү жашоосунун максатын толук билип албаса да активдүү башталышка ээ көз карашы бар. Коом алдындагы адамдын милдети тууралуу ою, эмгекке карата болгон көз караштары жана жалпы эле турмуштагы сулуулукка болгон анын мамилеси бул жаш адамга Абакирдин жанында зор салмактуулукту берет. Чыгарманын акырында Абакир ойлогондой Анархайдын ысыгына чыдабастан Кемел качып кетпестен өзү качып жоголот. Ушуну менен ал биротоло жеӊилет.

Ч.Айтматовдун жазуучулук өзгөчүлүгү: каармандардын интеллектуалдык өсүшүнүн эволюциясын психологиялык жактан тереӊ мотивировкалап сүрөттөйт. «Ботогөз булак» биринчи жак аркылуу баяндоо манерасында жазылганы менен, тыкандыгы боюнча, окуялардын кыска, бирок автордун көздөгөн оюн көрсөтүүдө ченемсиз кызмат кылгандыгы боюнча кадимки эле драмалык чыгарманы эске салат. Бул чыгарма боюнча 1963-жылы «Кыргызфильм» студиясында «Аптап» аттуу фильмди ВГИКтин дипломанткасы Л.Шепитько тартып бүтүрөт. Сценарийин И.Ольшанский менен бирдикте Л.Шепитько өзү жазган. Фильмдин авторлору өз алдыларына аӊгемедеги болгон окуяларды, сюжеттик линиянын баарын механикалык түрдө көчүрүп келүүнү эмес, аны өз алдынча интерпретациялоону максат кылышкан. Алар фильмдин негизине эмгектенүүнү ким кандайча түшүнөрүн, эмгекке карата болгон көз караштардын карама-каршылыгын жана күчтүү, таза ишенимдин салтанаттуу жеӊишин экран аркылуу айтып берүүгө умтулушкан.

Буга «Ботогөз булак» эӊ сонун материал болуп берген. Фильмдин драматургиясы түздөн-түз талаастанындагы жумуштун өзүн көрсөтүүнүн максатына ылайык түзүлгөндүктөн, ботонун көзүнө өтүп келаткан сулуулуктун өлбөс өчпөстүгүнө күбө болгон дөӊдөгү символ — калмак таш жөнүндөгү ойлор фильмде берилбеген. Ошондуктан фильм да «Аптап» деген жаӊы атты алган. Эмгек процессинин өзүн, анын тарбиялык ролу көрсөтүү үчүн авторлор повестте жок мотивдерди да киргизишип, фильмдин социалдык маанисин тереӊдетишкен. Мындай чегинүү Ч.Айтматовдун эмгек жөнүндөгү духуна каршы келбестен аны кайра дааналап турат. Фильмдеги конфликт Кемелдин өзүнүн начар жактары жана ага каршы күрөшү менен, же адамдын ага багынбай созулуп жаткан учу-кыйры жок талаага каршы күрөштөрү менен чектелбестен, күрөштүн дагы бир эӊ маанилүү фронту жөнүндө баяндайт. Ал – көз караштардын күрөшү.

Фильмдеги окуя Кемелдин Анархайга иштөө үчүн келген учурунан башталат. Ардемеге бат кызыккан алаӊказар кейпи бар бул баланын ошол алгачкы эле кечтеги мүнөзү повесттеги «не умею скрывать свои мысли, размечтаюсь вслух, словно мальчишка, а люди потом смеются надо мной» — деп Кемелдин өз мүнөзүнө берген баасына туура келет.

Повесттеги сыңары эле ал адегенде прицепке минбейт, суу ташуучу жалгыз атка чегилген арабаны айдай баштайт. Жумуштун процессин көрсөтүү кинематографияда көп кыйынчылыктарды пайда кылып, бир топ фильмдерде жадатмага да айлантып жиберет. «Аптап» аттуу фильмде алгач эле бизди кубандырган нерсе — бул эмгек процессинин поэзиясынын повесттегидей деӊгээлде берилиши.

Мында мизансценаларды түзүүдө ашыкча жасалга жок, окуялар өтүп жаткан атмосфера реалдуу. Кадимки эле «ташка түшкөн түкүрүгүң чырылдаган» кыйырсыз созулуп жаткан Анархайдын талаасы. Ошол бозоргон талаада жүргөн-турганы да, сүйлөгөн сөздөрү да реалдуу болгон каармандар аракетке келет. Алар иштеп жүргөнүн эч кимге колкоо кылбастан (бир Абакирден башкасы, ал жөнүндө кийинчерээк сөз болот), аны күндөлүк турмушундагы закон ченемдүү көрүнүш катары сезишет. Бул артыкча Кемел биринчи күнкү жумуштан катуу чарчап келген кечте көрүнөт. Башы салаӊдап уйкусу келип турган Кемелге бригаданын ар бир мүчөсү өзүлөрүнүн эмгеги, сыйланган сыйлыктары тууралуу айтышып, иштин кыйынчылыгы жөнүндө ойлоп да коюшпайт. Бул Кемелге тымызын күч кошот. Ал ушул жерде иштеп жүргөндөрдүн баарына ичинен суктана карайт. Бирок бара-бара өзүнүн жаш дүйнөсү келишпеген нерсеге каршы күрөш ача баштайт.

Бир жолу Калыйпага Абакирдин катып жүргөн альбомун көрүүгө туура келип калды. Түнөргөн Абакир анын колунан альбомду жулуп алды да: «өзүӊө тиешеси жок нерсеге асылбай жүр, ордуӊду бил, арам катын!..» — деп короӊдоп басып кетти. Бул Кемелге катуу тийди. Күнү бою кыйналып жүрдү. Ага унчукпай коюу адамкерчиликке жатпастыгын, ага жол берүү күнөөнү өзү кошо жасашкандан жаман экенин сезди. Ал Абакирге «Сиз Калыйпаны бекер капаланттыӊыз, бул жакшы эмес», — деп чечкиндүү айтты. Ушул сөздөн баштап айлана-чөйрөсүндөгү өзү келишкиси келбеген көрүнүштөргө каршы анын күрөшү ачылды, Абакирге каршы болду. Андан аркы сөздөрдөн баштап ушул жик терендей баштады.

АБАКИР: Бул жакка эмнеге келдиӊ?

КЕМЕЛ: Эмне, эмне дейсиз?

АБАКИР: Эмне үчүн келдиӊ дейм? Акча үчүнбү же чакырылыппы?

КЕМЕЛ: Иштейин деп.

АБАКИР: Ах… Иштеш үчүнбү? Анархайда жөн эле иштебейт, Анархайда чөнтөккө солош үчүн жан таштап иштешет. Бирөөнүн ишине сенчилеп кийлигишпейт.

КЕМЕЛ: Жо-ок, биз мал эмес, адамбыз го! Жана дагы, эгер жанталашып иштесек, анда максатыбыз…

АБАКИР: Ха-ха-ха…Эмне?

КЕМЕЛ: Адамдардын турмушун жакшыртуу.

АБАКИР: Кандай гана кооз сөздөр… Адамдар имиш… мал эмес экен. Сен эмгиче эле ушул сандыракка ишенесиӊби… Менин сага айтаарым: Өз колуӊа, көздөрүӊө гана ишен. Карачы мобул жансыз жерди (бут шилейт.) Биз бул боз топуракты эмнеге айдап жатканыбызды билесиӊби? Эмесе билип ал, биз кийинки муундарыбызга биерге эгин турсун, беде да чыкпастыгын далилдөө үчүн иштеп жүрөбүз, Мм!..

КЕМЕЛ: Сиз… Сиз… такыр эч нерсе түшүнбөйт экенсиз[1].

Бул сөздөрдөн кийин Кемел Абакирден өзүнө бүткүл көз карашы боюнча каршы турган адамды көрдү. Мына ушул диалогдон кийин биздин көз алдыбызда да адамдын жер үстүндөгү жашоосуна, анын кылган ишине карата, эмгектин маӊызын түшүнүүсү боюнча, жалпы эле дүйнөдө болгон эки көз караштын каршы турганын көрөбүз. Бул көз караштар бир үстөлдөн тамак ичип, бир талаада иштеп, бир боз үйдө жатып жүргөнүн ачык сезебиз. Эмесе, ушундай келишкис көз караштардын кимиси күчтүүлүк кылар экен? Жанаша жашоого такыр болбогон эки философиянын кимиси ордун бошотуп жоголор экен?

Мындан аркы кадрларда авторлор Абакирдин ким экендиги жөнүндө, мындай мүнөздөгү адамдардын кандайча пайда болору жөнүндө эӊ сонун айтып беришет. Ал Абакир менен Саадабектин жерди тереӊ айдоо жөнүндөгү талашынан көрүнөт. Көрсө, Абакир бир кезде Стахановчулардан болуп жүргөн алдыӊкы тракторист болуптур. Атак-даӊкка жетиптир. Анан ага баары көнүмүш боло баштайт. Жер айдаганда көп гектарды ала жатыш үчүн «таранчынын шыйрагынан тайыздыкта» айдайт. Бирок баары бир баягы Абакир, Абакир! Үйлөгөн табарсыктай чыӊалган бул жалган даӊк жарык күндөрдүн биринде «тарс» этип жарылганда, Абакирди жеӊилишке учураткан. Бүгүнкү күнгө чейин Абакирдин жүрөгүндө ошол жеӊилиштин ызасы калган, элге болгон жек көрүүсү пайда болгон, күчтүү колдору калган. Ар бир ыӊгайлуу учур келе калса, ал кайрадан мурдагы даӊкын калыптоого даяр, өзүнүн башкалардан өйдөлүгүн көрсөтүүсү керек. «Билишсин, Абакирдин ким экенин!» Буга жолтоо азырынча ага жогорку ылдамдыкта жер айдашына бригадир Саадабектин каршы турушу болуп жатат. Ал Саадабектин «Анархайда суу болот, эгин чыгат» деген ишенимин төгүндөгүсү келет.

АБАКИР: Бул кооз сөздөрдү биздин мадыра баштан үйрөнгөн жок белеӊ? Түшүнсөӊ боло, биздин жерде жалгыз эле Анархай эмес ко. Эгин бул жерге эч качан чыкпайт. Жок дегенде рекорд бере туралы, калгандар артыбыздан ээрчип бизди туурай башташат. Бизге теӊелүүгө аракет кылышат. Эл эмне, кой да. Эркеч турса баары турат, эркеч чуркаса кошо чуркашат, сен да чуркайсыӊ, Саадабек.

СААДАБЕК: Койлор эркечтин артынан жардан да секирет. А сен Кемелди ээрчитип көрчү, ал чуркаар бекен?!

АБАКИР: Кайра эле баягы Кемел!..[2]

Мына ушинтип, Абакир кайда баспасын, эмне кылбасын, кааласын же каалабасын, баары бир бул жаш бала, чогуу иштешип келаткан Саадабек да минтип бир тилге келбей отурбайбы. Мында алиги сары ооз Кемелдин сөзсүз таасири бар…

Кемел фильмде Абакирдин бетин улам ача берген улуу кайратман катары эле сүрөттөлө берсе, бул бир жактуулукка алып келмек. Кемелдин образындагы бизди ишендирип отурган касиетти төмөндөтмөк. Бирок Кемел андай эмес. Жаш балдарга таандык болгон чыдамсыздык анда да бар. Абакир айтканым айткандай болот деген оюн далилдемекчи болуп, Калыйпаны элдин көзүнчө «чечин» деп буйруйт. Мындай чектен чыккан ээнбаштыкка чыдабаган Кемел күйүп турган шамды жерге бир чабат да, жүгүрүп жөнөйт. Бирок ал өзү түшкөн машинанын шофёрунан бир сонун жаӊылыкты — адамдардын Анархай чөлүнүн түбүнөн суу сордуруп жаткандыгын угат. Бул анын Анархайды гүлдөгөн өлкөгө айландыруу жөнүндөгү оюн бекемдеп койду. Бригадага кайрылып келген Кемел мурдагы суу ташыган жумушун таштап, Абакирдин өзүнө прицепщик болуп иштей баштады.

Ички күрөш дагы күч алды. Күн бою тынымсыз иш аркылуу күрөшүүгө өттү. Абакир уламдан улам бардык нерсеге кумары артып караган бул баланын алдында алсыздык кыларын сезип отурду. Ал эми Кемел бейтааныш кыз экөө, кийин эгин чыкканда кошо чыгып калбасын деген ой менен талаадагы чырмоокторду бүт өрттөп жүргөн учурда ички күрөш өзүнүн кульминациясына жетти.

Андан мурунку кадрда Абакир Кемелге мурда өзү Стахановчу болуп жер айдап жүргөн учурда башкаларга жолун тазалап, куурай, бадалдарды атайын өрттөп жүрүшкөндүгүн айткан эле.

«Эмне үчүн эми өрттөшпөйт?» — деген Кемелдин суроосуна «Кереги эмне», — деп кол шилтеген. Анткени ал Анархайга эч качан эгин чыкпайт деп ишенген жана аны бар дити менен каалаган, ал турсун бүт күрсүлдөп иштеп жаткандагы максаты да кийинки муунга ушул ойду далилдөө болгон. Эми Кемелдин тигинтип Анархайды гүлдөгөн өлкөгө айланткысы келип, талаага алоолонтуп жагып жүргөн оту Абакирдин жүрөгүн, ниетин кошо өрттөп жатты.

КАЛЫЙПА: Чарчадыӊбы?

АБАКИР: Карып бараткансыймбы…

Талаада болсо Кемел жана бейтааныш кыз чырмоокторго өрт коюп жүрүшөт.

КАЛЫЙПА: Абакир, карасаӊ, жалын…

АБАКИР: Мадыра баш, чырмоокторду өрттөп жүрөт.

Кемел колуна от кармап чуркап жүгүрөт. Кызуу чуркап жүрөт от кармап.

КАЛЫЙПА: Кандай гана кооз![3]

Монтаждык жазып алууда ушундайча чоркок көрүнгөн бул кадрлар экранда күчтүү драматизмге жык толгон.

Мында бардык мизи кайтып бараткан Абакир (Я старый стал), аны сүйүп калган бирок ички дүйнөсү башкача Калыйпа (красота какая), жеӊиши чыңдалып бараткан Кемел жана аны моралдык жактан коштоп турган бейтааныш кыз бар. Ошондон көп узабай эле Калыйпанын уруксаты мене Кемел Абакирдин тракторун айдап кеткенден кийинки эпизоддо бул күрөш дагы тереӊдеди. Экранда трактор менен жерди челдирип баратканына кубанган шайыр мүнөз баланын көрүнүшүнө ызырынып, кубарып, аны кубалап алган Абакирдин көрүнүшү контрасттуу коюлган. Кара күчүнө ишенип, тегерегиндегинин баарына жинденип алган адамдын каршысында эмгек жөнүндө ойлогондо жүзү нурланган, турмуштагы сулуулукка ишенген Кемелдин салмагынын кебелбес оорлугу ачык сезилет. Эми Абакир бул бала менен жанаша жашай албастыгына көзү ачык жетти. Бул жөн гана Абакирдин мүнөзүнө туура келбей калгандыктан эмес, турмуштагы объективдүү закон ченемдүүлүктөн болуп жаткан нерсе. Түп тамырынан бери бири-бирине каршы турган бул көз караштардын бири калышы керек. Мындан башкача болбойт.

Ар ким өз иши менен алек болуп, кээси бүгүнкү окуя жөнүндө ойлонуп отурушкан тунжураган ошол кечте приемниктен Абакирге түздөн түз тиешеси бар өндөгөн ыр окулуп калды. Бул ыр чындыкты, Абакирдин кайгылуу чындыгын бригаданын ар бир мүчөсүнүн көзүнчө бетке айтып жатты.

Приемник: «Это тон весь изменился, а мыслишь как раньше. Это ты к правде стремишься, а сам ты обманщик…»

Жинденген Абакир приемниктин жаагын басууну буюрат.

Кемелдин колундагы приемник:

«…Это не крылья уже, а одни только перья… Правда конца — это тоже возможность начала. Кто осознал пораженье, того не разбили. Самое страшное — это инерция стиля…» — деп акыркы сөзүн айтууга үлгүрдү. Бул ыр Абакирдин ызасын күчөттү, эӊ акыркы чегине жеткирди.

Ал бригадир Саадабектин алдына маселени кабыргасынан коюуга аргасыз болду. «Же ал калат, же мен  калам, ойлон, бригадир. А жерди болсо айдаш керек, план керек».

Ал Кемел кетет деп ой кылган эле, анткени ансыз — Абакирсиз, Анархайда кайсы жумуш бүтсүн. Бирок ал бул жолу  Кемелден акыркы соккуну жейт да, өзүнүн бригада ичиндеги  илгертен бери сакталып келаткан сыйлыкка алган приемнигин талкалап туруп, өз жолуна түшөт. Ал жөнүндө  эстелик да калбай калат. Фильм Абакирдин ушундайча жеӊилиши менен аяктайт.

Адамдын баалуулугу ал айдаган жердин аянтынын көптүгүнөн эмес, гектарынын санынан эмес, эмгектин маӊызы жана максатын түшүнгөндүгүндө. Максатсыз, ага болгон сүйүүсүз эмгек — эркин адамдын эмгеги эмес, кулдун эмгеги. Ошондуктан, Анархайдын талаасында жердин  эч нерсеге  жарабастыгын далилдөө үчүн, адамдын мыктылыгы анын каракүчтө иштегени менен гана өлчөнөт деп ойлоп жүргөндүгү үчүн Абакир Кемелден жеӊилүүгө аргасыз болду. Абакир жаалданып жасаган жумушту, Кемел толкунданып, анын гүлдөгөн келечегин көз алдыга элестетип алып иштеп жүрдү. Бул прогрессивдүү идеялар менен нурланган күч Кемелге Абакирдин алдында зор артыкчылыкты ыйгарды. Ошондуктан анын жеӊиши закон ченемдүү.

Өзүӊүздөр көрүп отургандай, фильмдин авторлорун эмгекке карата түп тамырынан бери карама-каршы келген көз караштарды көрсөтүп берүү кызыктырган. Ушуга ылайык картинанын проблемасы да өзгөргөн. Эмгектеги жалган рекорд көрсөтүүчүлүк, анын духовный турмуш менен байланышы, көзгө көрүнүүнүн жеӊил жолун айыптоо сыяктуу мотивдер негизги орунга чыккан.

Повестте Абакирдин мүнөзү бир жактуураак. Ал алгачкы эле барактардан баштап Кемелдин «академиктигине» өзүнөн өзү кыжынган, баарына өтө орой мамиле кылган, ашынган эгоист катары берилген. Ал эми фильмде мүнөзүнүн  бул жагы саал «жумшарып», андай мүнөздүн келип чыгуу себеби аныкталып, образ тереӊдетилген. Повесттегидей Кемел экөө бири-бирин өлтүргөнү араӊ турушпайт. Фильмдин авторлорун Айтматовдун өз каармандарына чыгармасынын бир жеринде берип кеткен мындай мүнөздөмөсү кызыктырса керек.

«Мне стало вдруг даже жалко этого озверевшегося человека, обалдевшего от злобы и ненависти ко всему что жило иной, чем он, жизнью»[4].

Фильмде Абакирди жек көрүү менен эле бирге мына ушул аёо сезими да басым коюлуп айтылат. Абакирдин мүнөзүнүн жумшартылышы авторлорго негизги ойду, башкача айтканда, карама-каршылыкты дээрлик эмгек процессинин үстүндө чечип берүүгө шарт түзгөн, повестте Саадабек менен Абакирдин кийиздин бетине түшүп калган тамекиден улам чыккан мушташы бар, аны фильмдин авторлору экөөнүн айдалган жердин тереӊдиги боюнча талашкан талашы менен алмаштырышкан. Повесттеги Кемел менен Абакирдин ортосунда да кээ бир кагылышуулар (Абакирдин жонумду тырма деп буйрушу же Кемелдин блокнотун ала качышы сыяктанган) фильмде түздөн-түз өндүрүштүк мааниси бар конфликттерге орун берген. Мындай мотивдер фильмде социалдык мааниси бар боёктордун коюуланышына алып келип, окуялардын публицистикалык тондо сүрөттөлүшүнө жол ачкан.

Чыгарманын авторлору жана анда катышуучу каармандар эмгек темасын чагылдыруунун оорчулугун жана ошол эле убакта кайталангыс поэзиясын, адамдын өзүнүн начарлыгын жеӊип жатып, эмгектин үстүнөн жетишкен зор жеӊишин берүүнүн оорчулугун жакшы түшүнүшкөн. Бул ойду айтып берүүдө Л.Шепитьконун түзгөн ансамбли бир үндө бирдиктүү үн чыгара алган.

*  *  *

«Аптап» фильми жарык көргөндөн эки жылча убакыттан соӊ Ч.Айтматовдун экинчи бир повести «Биринчи мугалим» боюнча тартылган дагы бир көркөм лента өлкөбүздүн экрандарына чыгарылды. «Биринчи мугалим» аттуу повесть Айтматовдун калк арасындагы кадыр-баркка жеткен көрүнүктүү чыгармаларынан. Анын алдына койгон максаты, революциядан кийинки түзүлгөн татаал кырдаалдагы совет өкмөтүнүн жүргүзгөн иштерин көргөзүү. Ал идеяларды алып жүргөн, элдин жаркыраган келечеги үчүн күрөшкөн каармандардын образын төкпөй-чачпай бүгүнкү күндүн жаш адамына айтып берүү. Биздин жаркыраган бүгүнкү күн үчүн күрөшкөн кечээки солдаттар – азыркы пенсия алып же дагы эле колунан келген жумушун иштеп жүргөн карыяларга бир саамга көӊүлдү буруу, аларды ызаттоо, урматтоо сезимиң менен баалоо.

Бул жөнүндө Чыңгыз Айтматов өзүнүн «Коммунисттин ачык айкын образын түзөлү» деген макаласында мындай дейт.

«…Ооба, «Биринчи мугалимде» мен адабияттагы оӊ каармандар тууралуу биздин түшүнүгүбүздү бекемдегим келген, революциянын ишине чексиз берилген коммунисттин образын атайлап идеялизациялаганмын. Мен бул образга азыркы биздин көз карашыбыз менен кароого аракеттенгем, азыркы жаштарга алардын өлбөс өчпөс аталары жөнүндө айткым келген. Китеп окуучулардын каттарына караганда белгилүү деӊгээлде мен өз максатыма жете алгам. Жаш китеп окуучулар сыртынан караганда эч айырмаланбаган абышка — коммунисттин эрдиги менен таанышып, алар өткөндү, азыркы кезде жана келечекти тереӊирээк баалоого, өздөрүнүн катарында эле иштеп жана жашап жаткандардын жакшы жактарын билүүгө үйрөнүп жаткандыктарын жазышат. Мен үчүн бул баа жогорку сыйлык болуп эсептелет»[5].

Повесттин эл арасында алган ордун ушул мисалдан даана көрүүгө болот. Ал өзүнүн эл алдындагы милдетин абийирдүүлүк менен аткара алган. Эми бул повесть боюнча тартылган фильм жөнүндө. Фильмдин авторлорунун повестке кызыгып калышына эмне себеп болду. Мазмунубу? Жок, ал фильмде бир топ даражада кайра баштан ойлонулган. Анын фабуласыбы? Фабуладан да бар болгону негизги өзөгү – алыскы кыргыз айылы, билими аз Дүйшөн, билимге умтулган Алтынайдын Ташкенге окууга кетиши гана сакталган. Бирок мунун баары авторлорго өз оюн айтып берүүгө мүмкүндүк  түзгөн турмуштук негиз катары гана алынган… Авторлорду кызыктырган нерсе, барыдан мурун МЕЗГИЛ эле. Фильмдин авторлору жазуучу салып кеткен чыйыр аркылуу жүрүп отурушуп, болгон окуяларга өз көздөрү менен карашкан, биздин аталарыбыз басып өткөн драмалуу окуяларга жык толгон ал тарыхый мезгилге карата өз пикирлерин айтышкан. Сценаристттердин бири Айтматовдун өзү болуп эсептелет. Кыязы, аны да повесттеги болгон окуяларды башка позициядан туруп баалоо кызыктырса керек.

Фильмдин структурасы повесттин структурасынан айырмалуу. Повесть адегенде элге жеткиликтүү сүрөт тартуу жөнүндө тынымсыз толгонгон сүрөтчү баланын ойлору жана ага жазып жиберген академик Алтынай Сулайманованын өзү жөнүндөгү аӊгемеси боюнча түзүлөт. Ал эми фильмде академик Алтынай Сулайманова да, окуяны баяндап жаткан художник да жок. 20-жылдардагы кыргыз айлында өткөн окуялардын дал өзү бар. Катаал дегенибиздин себеби, коомдун социалдык түзүлүшүндөгү болуп жаткан өзгөрүлүштөрдүн өнүгүү темпинен эски адат-салттардын өнүгүү темпи гана артта калып жатпастан, жеке адамдардын да аӊ-сезиминин өнүгүү темпи да артта калып жаткан учур эле.

Фильмдин башында алыскы тоо койнундагы бир айылга башына будёновка кийген, үстүндө оӊуп кеткен шинели бар жаш жигит колуна комсомолдук путевкасын кармап алып элдин алдында сүйлөп турат:

«Мен мугалиммин. Атым Дүйшөн! Шаардан келдим. Мен силердин балдарыӊарды окутам. Өзүм Көк-Сай айылынанмын. Азыр баары окушат. Комсомол мени бала окут деп ушул жакка жиберди. Мектеп ачабыз. Тетиги суунун өйүзүндөгү байдын атканасына!..»

Аны курчап турган калыӊ эл ишеңкиребей, каны кызуу менен, жек көрүү менен карап турушат. Ушинтип түшүнүксүздүккө, караӊгылыкка каршы анын күрөшү башталат. Дүйшөн өзү деле жарытылуу билимге ээ эмес. Бирок анда эӊ сонун башталыш – революциянын ишине кан-жан менен берилгендик бар. Өзүнүн жашоосун, кызыкчылыгын, эркиндикти жеӊип берген революциянын кызыкчылыгы менен айкалыштыруу гана турсун, бүткүл турпаты менен ошол улуу идеяны сиӊирип алган. Бул идеянын жаркын келечегине, өткөндүн ар кандай кесепеттүү саркындысын түп тамырынан бери  талкалап саларына чексиз ишенген фанатик. Ошол үчүн ал өзүндөгү укмуштуудай укукту сезет, революциянын ар кандай душманына каршы аёосуз күрөш ачат. Бирок өлүп бараткан нерсе жөн эле ордун бошотуп бербейт. Ал өзү менен кошо тирүүлөрдөн да анча-мынчаны, а балким андан да чоӊду камтып кетет. Күрөшүп жатып майдан талаасына өзүнүкү менен кошо душманынын да канын  чачат.

Фильм мына ушул жан алы калбай коргонгон эски турмуш менен аны жан аёосуз талкалоого умтулган жаӊы революциячыл идеялардын ортосундагы тоо арасындагы драмалуу тагдырлардын сүрөтүн көз алдыга тартып берет. Андай тагдыр тоо арасындагы айылдагы ата-энесиз жетим 16 жашар Алтынайга да, өзү сабатсыз бирок кандай да болсо элге билим бергиси келген Дүйшөнгө да, заманын коё бергиси келбеген, Алтынайды токолдукка алган байга да, жинди болуп кеткен анын аялына да, өрттөнгөн мектепти өчүрөм деп жүрүп өзү кошо күйүп өлгөн окуучу бала Субанга ж.б. заман эмне болуп баратканын түшүнгөн же түшүнбөгөндөрдүн баарына тиешелүү. Ушул тарыхый татаал кырдаалды көрсөтүү үчүн авторлор повесттеги лирикалык үндү басаңдатышып, анын ордуна драматизмди күчөтүшкөн. Бул жерден фильмдин окуяларын кыскача айта кетүү орундуу.

Дүйшөн балдарды окутуп жүргөн күндөрдүн биринде Алтынайды мектептен келип тартып алып кетишет. Аны коргомокчу болгон Дүйшөн катуу тепкиге алынып, колу сынат. Жаш Алтынай барган эле күнү аял болот. Эртеси күнү эки милиционер ээрчиткен Дүйшөн келип аны куткарып алып кетет. Бай өз жазасын алат. Айылга келген Алтынай менен Дүйшөндү эл жек көрүп кабыл алат. Анткени кыз берүү ата-бабадан келаткан салт, анын көз жаш төгүп кеткени эч кимге эрен-төрөн эмес эле. Бул жерде Алтынайдын калууга болбостугун түшүнгөн Дүйшөн аны Ташкенге окууга жөнөтүү үчүн станцияга келет. Кайра келгенде ал өрттөнүп кеткен мектепти өчүрөм деп жүрүп күйүп өлгөн сүйүктүү окуучусу Субандын сөөгүн тегеректеп турган элдин үстүнөн чыгат. Бул карасанатай мугалим келгиче айылда баары өз жайында сыяктанды эле. Ошон үчүн эл эми Дүйшөндү бул жерден кеткин деп катуу талапты коюшат. Бирок ызалуу Дүйшөн кетүүнү ойлоп да койбостон, айылдын бирден бир көркүн чыгарып турган жалгыз теректи кыйып кирет. Аздан соӊ ага жардамга Картаӊбай карыя келет. Фильм ушуну менен аяктайт. Финалдык мотивдердин текстте жок экендиги гана болбосо жогорку кыскача баяндан улам фильм повесттен эч деле айырмалуулугу жоктой сезилиши мүмкүн. Бирок такыр андай эмес. А.Михалков-Кончаловский басымды фабуланын драматикалык өнүгүшүнө эмес, ойдун драматикалык өнүгүшүнө коёт. Ошондуктан бул эпизоддордо драматизм окуялардын эле өзүндө эмес, сезимдерде, мүнөздүн тереӊинде эӊ күчтүү берилип жүрүп отурат.

Мисалы, Алтынайды күч менен тартып кеткен эпизоддо Дүйшөн байга ызырынып жулунат:

«Сенин тарпыӊ эчак чыккан!  Силер өлгөнсүӊөр. Күнүӊөр бүткөн!»

Бирок байдын күнү толук бүтө элек, ал дале күчүндө. Ошон үчүн Совет өкмөтүнүн адамын сабап туруп өз билгенин жасап жатат. Ал дагы эле акылдуу, мытайым. Ошон үчүн аны жеӊүүгө да зор күч керек. Бул жерде дүйнөлүк аренадан орун талашкан эки күчтүн кармашуусу жөнүндө баратат идея. Алтынайды байдын зордук менен аял кылган сценасы драмалуулукка жык толгон. Өзүн коргогон Алтынай илинген камчыны ала коюп, байды бетке тартып жиберет, бул анын самоосун ого бетер күчөтөт да көздөгөнүнө жырткычтык менен жетет. Бирок ошол эле учурда ал да өзүнө каршы турган биринчи каршылыкка кез болду. Мындайча ойлоого бизди андан кийинки эле кадрдагы таптаза тоо суусунун буркан-шаркан агымынын көрсөтүлүшү мажбур кылат.

Эртеси Дүйшөн эки милиция менен келип алып кетет. Бул эпизоддорду жек көрүү гана эмес, сүйүү темасы да аралап өтөт. Тоо койнундагы жалгыз аяк жол менен бараткан Дүйшөн бир убакытта токтойт да Алтынайды киринип ал деп өзү четке басып кетет. Адамдын кайрадан жаӊырып төрөлүшү жөнүндөгү идея бул сценада өзүнүн поэтикалык чокусуна көтөрүлө алган. Алтынайдын экрандагы жылаӊач учуру таптакыр эффект туудуруу үчүн берилген каражат эмес, тескерисинче, көӊүлдү гана эргиткен лирикалык абал болбостон, түздөн-түз драмалуу күрөшкө айландырылган.

Эми аны Дүйшөн эч качан жанынан чыгармак эмес беле, ким билет, бирок дагы эле болсо өзүнүн билиминин жоктугу, чоӊ күрөшкө жарактуу кылып окутууга кудуретинин жетпестиги Алтынайды Ташкенте – окууга узатууга аргасыз кылат. Ушул ажырашуу мотиви канчалык сыймыктуулукка толгон дагы, канчалык жүрөк ачыштырган аргасыздыкка ширелген! Каарманын ушунча оор азаптардан өткөргөн авторлор эми ага эс алдырып, тынчтык берет ко деп ойлоп, фильмдин ушундайча аяктаары жөнүндөгү ойго бир саамга алдана түшөсүӊ. Бирок фильмдин авторлору маселени ушуну менен эле чечип койбойт. Драматизм өзүнүн акыркы чектерине чейин чыӊалган, Дүйшөнгө түздөн-түз байланышкан дагы бир азаптуу окуя жөнүндө баяндай баштайт. Анын жакшы көргөн окуучусу кичинекей Субан көрө албастар өрттөп кеткен мектепти өчүрүп жүрүп отко күйүп өлгөн. Мындай нервди чыӊаган окуялар аны ыйлоого аргасыз кылат. Шолоктоп ыйлап жаткан Дүйшөндү көрүп:

«Ай эми, өзү эч качан идеясын түшүндүрө албаган, өткөн мезгилдердин сасык туманынан бошоно албаган «күнөөсүз күнөөлүү» масса менен компромисске келет ко» — деп ой жоруйсуӊ.

Бирок бул конфликт — Дүйшөндү кеткин деп ачык коркутушкан эл менен каармандын ортосундагы конфликт такыр башкача чечилет.  Анын каны менен кошо агып, жүрөгү менен бирге согуп турган революциянын ишине жан дил менен берилгендик өз идеясынан баш тарттырбайт. Биз сөзүбүздүн башында эскертип кеткен өз ишине фанатиктик менен берилүү өзгөчө ушул эпизоддон даана көрүнөт. Ал теректи кыйып кирет. Терек ага жаӊы мектепке устун кылуу зарылчылыгынан келип чыктыбы? Же болбосо өзү каалаган нерсе менен болуп жаткан нерсенин ортосундагы айырмачылыктарга ызаланган бойдон ойлонгусу да келбей, элдин мындай мамилеси революциялык улуу идеяларга кылып жаткан ачыктан-ачык чыккынчылык катары туюлуп, ызырынып, ошол ызалыгы менен бүт элге сүймөнчүлүктүү теректи кыйып өч алып жатабы? Айтор, фильмдин финалы бир маанилүү эмес. Фильмдин мындайча аякташынын эӊ баалуу жагы – анын бизди жаӊы окуяларга жетелеп жатышы. Мындайча конфликт менен аяктаган финал башка бир жаӊы конфликттердин башталышы экендигин эске салат. Ал конфликтилерди алардан кийин тарыхтын аренасына келүүчү соӊку муундар чечүүсү керек. Фильмдин дагы бир маанилүү жагы окуялардын ошол бойдон гана бүтүп калып жатпагандыгы, ал жаӊы конфликттердин башын кылтайтып койгондугу.

Көптөгөн көрүүчүлөрдү таӊ калтырган бир суроо бар. Ал – фильмдеги Дүйшөндүн «кызыктайлыгы». Маселен, киносынчы К.Ашымов мындай деп жазат:

«Обращает на себя внимание некоторая заданность, схематизм характёра Дүйшена. Он в фильме психопат и фанатик, весь духовный багаж которого заключен в исторических выкриках: «Мировая революция!», «Социализм!» и т.д».

Ырас, повестте Дүйшөн токтоо, акылдуу адамдагы мыкты сапаттарды өзүндө алып жүрөт. Бирок Айтматовдун өзү айткандай, ал бир топ даражада идеялизацияланган каарман. Бул да тарыхый зарылчылыктан – революцияга кан-жанын берген адамдардын жаныӊда эле жүргөндүгүн, аларга көӊүл кош карабоо керек экендигин айтып берүүнүн милдетинен келип чыккан закондуу көрүнүш. Ал эми фильмдин авторлорун эл башынан кечирген татаал доордун өзүнүн облиги, ал мезгил шарттаган каармандардын кулк-мүнөзү кызыктырган. Кеӊештин ишине, идеясына бүт жүрөгү менен берилген мугалим менен эле бир катарда ой максаттары андан башкача мүнөздөгү тоо айлындагы эл турду. Дүйшөн ошол элди агарткысы келди, көп-көп жакшы нерселерди каалады, бирок ал каалаган нерсе менен болуп жаткан нерсенин ортосундагы айырмачылыктар анын жүрөгүн титиретип, бирок революциялык идеясыз жашай албай калган бул фанатикке элдин ар кандай салкын мамилеси же болбосо эски дүйнөнүн дагы эле активдүү жашап турушу анын революциячыл ар-намысын дүрт эткизип жандырып турат. Ушинтип, өзү да сабатсыз мугалимдин революциячыл духунун айрым учурда психтикке же фанатизмге чейин өсүп жетишин ошол кездеги МЕЗГИЛДИН өзү шарттаган.

Фильмдеги бир эпизоддо сабак учурунда Дүйшөн окуучуларына бүт баары өлөрүн айтты. Бир окуучу: «Ленин да өлөбү?» — деп сурады. Бул андагы кыжырды дүрт эткизип ойготту да, окуучуну көк желкесинен сыртка сүйрөп чыкты. Экинчи бир эпизоддо Лениндин өлгөнүн угуп, эмне кыларын билбеген ал айылдын ортосуна чоӊ от жагып, элдин баарын дүрбөтүп кыйкырып орундарынан тик тургузду. Бул трагедиялуу түндө элдин бейкапар уктап жатышына ал чыдаган жок.

«Уктатпайм эч кимиӊди, тынч эле уктатып койбойм силерди!» — деп күчүн элден чыгарды. Ленинди элге ушундайча угузду. Үчүнчү бир эпизоддо эӊишке чыккан бай томаяктар тарабынан чыккан балбанды эӊип салып, ээрде сыймыктуу отурду. Заманы өтүп кеткен байдын мындай салтанаты анын — кудуреттүү Кеӊештин жоокеринин ар-намысын катуу козгоду. Эӊишке чыгам деп ээликти, кармашкандарына болбой ызалуу жулунду.

Жогоруда айтылган эпизоддордун баарынан теӊ өзү жөнүндө ойлоону унутуп салган, революциянын ишине жан таштап берилген, анын идеяларынын кандай болсо да элге жетишин каалаган, бирок ал каалаган нерсесин акылга сыйбагандай умтулуулары менен кайра кыйратып алган адамды көрөбүз. Ал канча кылса да, биринчи мугалим, элге революциянын идеяларын кандай болсо да жеткириши керек, бирок кантсин, өзү да чала сабаттуу. Ошон үчүн көп учурда оӊ ойлоп жасаган иши тескери чыгып калат. Дүйшөндүн мындай карама-каршылыктуу мүнөзү анын образынын бирдиктүүлүгүнө жолтоо кылбайт, кайра аны бекемдейт. Алардын кем жерин көрсөтүү бетин ачуу эмес, тескерисинче, «Чапаевдер ошол мезгилде гана болгондугун» (Фурманов), алардын бул мүнөзүн революциячыл доордун татаал драмалуу мүнөзүнүн өзү шарттагандыгын белгилөө болуп саналат. Алар ушунусу менен тарыхый конкреттүү тип катары бизге баалуу.

«Биринчи мугалим» аттуу фильмди ВГИКтин дипломниктери: режиссер Н.Михалков-Кончаловский, художник М.Ромадин, оператор Г.Рерберг сыяктуу өӊчөй жаштар иш жүзүнө ашырышкан. 20-жылдардагы катаал мезгилдер жөнүндө жеткиликтүү айтып берүүдө бул оператор менен художниктин да ролу зор. Алар каармандар аракетке келген атмосферанын өзүн түзүүдө мезгилдин кебетесин таба алышкан. Ал эми актёрлор Наталья Аринбасарова, Болот Бейшеналиевдин бул таланттуу оюндары тууралуу басма сөздө эӊ көп айтылды. Жана алар ушул фильмден соӊ кеӊири популярдуулукка ээ болушту. Аялдардын эӊ сонун образын түзгөндүгү үчүн Н.Аринбасарова 1966-жылы Вена фестивалында эӊ мыкты актриса деген наамды жеӊип алды. Ал эми фильмдин өзү дагы бир нече жолу эл аралык, Союздук фестивалдардын сыйлыктарынын ээси болду.

Бул фильм өзүнүн мурдагы «Аптап» фильминин «Кыргызфильмге» алып келген ийгиликтерин бекемдеди. «Аптап» кыргыз фильмдеринин ичинен эл аралык аренада биринчи болуп байгелүү орундарды жеӊип алган эле. Ал Чехославакияда, Германияда өткөрүлгөн эл аралык кинофестивалдарда эӊ жогорку сыйлыктар менен сыйланып, колу жеӊил чыккан фильм болгон. Кейипкерлердин ролун жогорку чеберчиликте ойношкондуктары үчүн актёрлор Б.Шамшиевге жана Клара Юсупжановага бир катар дипломдор ыйгарылган. Бул ийгиликти андан соӊку Михалков-Кончаловскийдин таланттуу чыгармасы андан ары улантып кетти.

Бул эки фильмдин канчалык деӊгээлде ийгиликтүү чыккандыгына жогоруда аталган байгелердин өзү күбө. Бирок бир суроо туулат: деги бул фильмдерде кемчиликтери да бар беле? Ооба, бар эле. Болгондо да экөөнө теӊ бирдей таандык жалпы кемчиликтери бар. Ал кемчиликтер фильмдин драматургиясында, композициясында же идеясында эмес, такыр башкада эле. Кемчилик экран искусствосунун чыгармаларында улуттук турмуш тиричиликтин жана мүнөздөрдүн спецификасын аныктооого байланыштуу келип чыккан. Бул фильмдерди түзүшкөн коюучу режиссерлор өз ишинин устаты жана таланттуу болушса да, картиналардын зор мааниси бар болсо да, аларда коюучу режиссерлордун турмуш-тиричиликтин, адаттардын мүнөздөрдүн улуттук өзгөчүлүктөрүн билбестиги да көрүндү. Искусстводогу улуттук деген нерсе ал ошол элдин ырым-жырымын, кийген кийимин, ыр-бийлерин көрсөтүп коюу эле эмес, турмушту ошол элдин жан дүйнөсү менен кабылдоо болуп саналат.

Бирок нагыз улуттук нерсе төрт тарабынан алкак менен чектелип калбастан, өзүнүн данегинде жалпы адамзаттык башталыштарды алып жүрөт. Жалпы адамзаттык ойлорду өзүнүн улуттук кыртышында айтып берет. Мына ушул кыртышка буту тийбей, мейкинде калкып калган кээ бир чыгармалар канчалык өмүр, турмуш, өлүм, жакшы, жаман жөнүндө карама-каршылыктуу, драматизмге жык толгон окуялар жөнүндө айтып бербесин, баары бир ал адамды тереӊ толкундата алуучу мазесинен ажырап калган чыгарма болуп калат.

Бул эки фильмдеги мындай кемчиликтерди «тетигил», «ошол» деп көзгө сайып көрсөтө берүүгө да болбойт. Аны көрүш гана керек. Анткени, ал ошол жүрүп жаткан окуянын бүтүндөй атмосферасынан көрүнөт, анын илебинен сезилет. Бирок ошондой болсо да сөзүбүз такыр эле кургак чыгып калбас үчүн, айрым, кэзде даана көрүнгөн жерлеринен мисал иретинде бир экөөнү келтире кетели. Борбордук басма сөздөрдө жакшы табылга катары бааланган, фильмдин драматизмин күчөткөн, «Аптапта» бир эпизод бар. Ал каарланган Абакирдин аны сүйгөн аял Калыйпаны элдин көзүнчө чечинтүүгө аракет кылган эпизод. Бул улуттун психологиясынан алып караганда, Абакирдин өзүнүн мүнөзүнөн да чыкканда чындыкка коошпогон көрүнүш. Ушул сыяктанган мисалдарды «Биринчи мугалим» фильминен да көрүүгө болот. Тойду сүрөттөгөн эпизод, кедей тараптан чыккан балбанга каршы эр эӊишке байдын өзүнүн чыгышы өӊдүү мисалдар бул оюубузга учкай болсо да күбө боло алат.

Биз жогоруда адабий чыгарманы экрандаштыруудагы принциптин бири – текстке чыгармачылык менен мамиле кылуу бул эки фильмди кандай ийгиликтерге алып келгендиги жөнүндө азыноолак ойлорубузду айттык. Текстти өз алдынча окуй билүүнүн мындай артыкчылыгы жөнүндө дагы көп сөз кылып отурбай, экрандаштырылган адабий чыгарманын автору Ч.Айтматовдун өзүнө сөз берсек, ошол таасирлүү жана жетиштүү болор.

«В фильме «Зной» можно найти сцены, отсутсвующие в повести, есть отклонения от текста, но в картине хорошо сохранен дух повести, ее атмосфера. Способность режиссера чувствовать чисто кинематографически основной мотив произведения представляется мне наиболее важным делом при переложении прозы на экран. От экранизаций литературных произведений требуется сейчас не просто механический пересказ содержания, а его творческая трансформация. Только творческий подход кинематографиста к образам сюжету писателя родит на экране новые, равные по художественной значимости произведения. В этом я убедился на примере фильмов, сделанных по моим сюжетам — «Первый учитель» и Материнское поле».[6]

Чыгармаларынын баары экранда экинчи өмүрүн таап жаткан жазуучунун бул айткандарында чындык бар. Буга толук ишенүү үчүн эми тексттен эч кайда чыкпай жаратылган которуунун механикалык түрүнө кийинки макалабызда көбүрөк жол берип жиберген «Саманчынын жолу» жана «Жамийла» фильмдери жөнүндө сөз козгойлу.

[1] Монтажная запись фильма «Зной», 17бет.

[2] Монтажная запись фильма «Зной», 23бет.

[3] Монтажная запись. «Зной», 34 бет.

[4] Ч.Айтматовдун орус тилиндеги биринчи томдугу, 589-бет.

[5] «Правда», 1963-жыл. 20-март.

[6] «Советский экран» 1968. 16 бет.