АЛЫБАЕВ Мидин: МИДИН АЛЫБАЕВ: ЭКИ КУДАНЫН ЧЫРЫ

АҢГЕМЕ

«Эки жакшы жайлоого чыкса
Кудалашып түшөт.
Эки жаман жайлоого чыкса
Кубалашып түшөт».
(Эл оозунан)

Керимбек университетти быйыл бүтөт. Букеш дагы эң акыркы экзаменин берип кыз-келиндер пединституту менен кош айтышам го деп жүргөн мезгили.
Керимбек менен Букештин району бир болгону менен колхоздору ар башка. Алар Фрунзеге келгенден баштап эле жерибиз бир дегенсип, бири-бирине байланыштуу болучу. Бирок бул байланыштын арасында сүйүүнүн эч кандай белгилери жок эле. Жөн гана:
– Силердин айылдан кандай кабар бар? Биздин колхоздо болсо, быйыл миллионер болуптур, баягы биз окуган мектепте мугалимдердин көпчүлүгү жаңырыптыр, – деген сыяктуу гана сөздөр болучу.
Алар кичине кезинде окугандарын, үйлөрү мектептен алыс болсо да улам чуркап, кар менен урушуп ойноп олтуруп сабакка кандайча кечикпей келгендерин кеп кылуучу.
Керимбек менен Букеш айылдан келген каттарын биригип окушчу. Кинотеатрга дагы, студенттер кечелерине да бирге барышчу. Мына ушинтип отуруп, арадан үч-төрт жыл өтүп кетти. Ар жыл сайын каникулда айылга бирге барышып, кайра бирге келишчү. Алардын ичтеринде же тыштарында эмне бар экендигине эне-аталардын эч кандай шеги жок эле.
Жылдан жыл өтүп, экөө тең өзүлөрүн өсүңкү тарткандай сезишип, көчөдө бараткан бирөөнүн көлөшү бутунан ыргып кетсе каткырып калчу балалык калып, кайра жаны токтоо мүнөздөр пайда боло баштаган. Мурун өз мүчөсүнө чак келген кийим болсо кудуңдап сүйүнүп кийип алуучу Керимбек, азыр өзүнүн пальтосуна ылайык костюм, костюмуна ылайык галстук байлануучу болду.
Мурун өзүнөн чоңурак кыздар менен бирге басууну өөнүрөөк көрүп, теңтуш кыздары менен шоколадды талашып жеген Букеш азыр институтта, жатаканада, көчөдө өзүн кандай алып жүрүүнү эң сонун билип калган. Ал гана түгүл ачык түстөгү көйнөктөрдү кандай күндөрдө кийүүнү, кала берсе, танкеткаларды кайсы айдан кайсы айга чейин кийүүнүн шартын үйрөнүп калган. Кайсы бир учурларда алдынан карама-каршы жигиттер чыгып калса Букеш тике карай албаса дагы көзүнүн кырын салып өтүүчү болгон.
Мына ушундай белгилердин барына Керимбек менен Букештин окуусунан башка дагы бир келечектин татынакай элесин көз алдыларына салуучу. Ал элес бири-бирине билинбей барып байланыша түшкөн сүйүүнүн элеси эле. Чын эле сүйүү болучу. Бирин бири ар күнү көрүүгө зарылышчу, сагынышчу. Ичиндеги ойлорун ортого салгысы келишчү. Анткен менен ээн кезигише келишкенде биринен бири сүрдөп, кепти эмнеден баштарын биле алышпай үшкүрүнүп үйлөрүнө тарашчу. Анткени экөө тең желпилдеген жел, шабыраган жамгырды баштарынан өткөрө элек жаңы ачылган гүл да! Чынында да гүл!
Андай болбогон болсо экөөнүн ортосунда жүргөн киши жок. Жолугушабыз деген болжолдуу жерди бири-бирине ачык айта алышат. Бир гана тоскоол ичтеги сырдын сызгырылып сыртка чыкпай жатканында эмеспи.
Эң акыры экөө тең Апендиден бетер бир шаарда турушуп бири-бирине катты «довостребования» менен жазышат да, кезигишкен кездеринде: «Менин катымды алдыңбы?» – дешчү болду. Мына ушинтип олтуруп, эң аягы экөө ачык сөзгө кетип, бара-бара келечек максат ортого түштү.
Керимбек да, Букеш да окууларын эң сонун бүтүштү. Экөө тең дипломдордун сыйлык менен кошо алышты. Керимбекти университеттин аспирантурасына калтырууга чечти. Июндун мемиреген кечтеринин биринде Букеш менен Керимбек өзүлөрүнүн эң жакын көргөн жолдошторун чакырып, үйлөнүү кечесин өткөрүштү да, ошол түндөн баштап эки тизгин, бир чылбырды эркин колдоруна алып, эми иш, турмуш жөнүндө сүйлөшүү жактарына өтүштү.
– Быйыл эле үйлөнө коюп, мына бизди көргүлө деп жалмаңдап жетип айылга барсак болбойт ко, Букеш?! Анын үстүнө сен шаарда иштейсиң, мен аспирантурада болсом, ошондуктан бир айдан курортко эс алып алсак, – деди Керимбек.
– Күндүз иштеп, үй-жайыбызды оңдоп алып, адегенде силердикине, анан биздикине барып, айылчылап келебиз ээ, – деп ансыз дале уялып жүргөн Букеш тигинин сөзүн макул тапты.
Күндөрдүн биринде Керимбектин таякесинен, Букештин бир тууган эжесинен келген акчаларды чогултуп эки путёвка алды да курортко кетишти.
Керимбек менен Букештин үйлөнгөнү, үйлөнүү кечесин бергени, ал түгүл курортко кеткени, окуудан барган балдар аркылуу айылга эчак эле таркаган. Көбүнчө Букештин атасы Сарыгулга катуу тийип турду. Керимбектин атасы Балтабай кайра ичинен кубанып жүрдү: «Уулум болсо үйлөнүптүр. Куда кааласа келиндүү болуп, канат-бутагым өсүптүр. Сарыгул дагы илгертен бери кенен-кесир жүргөн активдин бири эмеспи. Ушул азыр дагы жөн жүрбөй сельпого даярдоочу боло калат. Сельсовет да болгон, башкарма да болгон, айтор, жакшы жер. Мен анын алдына кандайча түшсөм да жукалык кылды дебейт», – деп Балтабай жүрдү.
Күндөрдүн биринде Сарыгул саргайган мурутун тикирейткен бойдон келип, кемпирине бир тийди:
– Элдин кыздары күйөөгө чыгат дечү эле, барган жеринин эне, атасы илгерки ырым-жырым, салт-санаа менен куданын алдына түшөт дечү эле. Менин кудам Балтабай биздин кызды барымтага байлап алгансып, үч айдан бери унчукпайт. Биз дагы Букешти кичинесинен бактык, өстүрдүк, эмне болгонду балапанча оозуна кармадык. Эми Балтабайдын бизди тоотпогонун кара! Азыркы шартка байланыштырып эптеп кутулуп кеткиси бар. Эч кандай үнүн чыгарбаган акча эмес, мөөрөгөн уйду, кишенеген жылкыны жетелеп келип түшүп жаткандар бар эмеспи.
– Балдар Жети-Өгүздө эс алып жүрүшкөн турбайбы? Алар келгенден кийин барайын деп жаткандыр.
– Жети-Өгүз эмес, Сегиз-Өгүзгө кетишсин, биздин алдыбызга балдар келип түшмөк беле. Балтабай бул жерде эле жүрбөйбү. Ал аялы болуп көз көрсөтүп ырым-жырымын айтып коюшса, анан биз дале Букешке камдаганыбызды жеткиребиз го, баары бир эки бала баш кошуп оокат кылышса болду. Менин кыжырыма Балтабай тийип жүрөт, – деп Сарыгул бир аяк жууратты жутту дагы, этек-жеңин кагынып эшикке чыгып, атына минип, башка айылга жөнөдү.
Балтабай улуу агасы Маркабайды үйүнө чакырды да, аялынын катышуусу менен тууганча акылдашып олтурду: Керимбек Сарыгулдун кызын алганынан бери төрт-беш ай өтүп кетти. Сарыгулду көрсөм эле уялып качып өтчү болдум. Ошондуктан баары бир бирдемелер менен алдына түшкөнүбүз жакшы го. Керимбек колуктусу менен экөө тең быйыл келишпейт экен, ошондуктан кудага бара бергенибиз оң го.
– Бараарын бардык, анын кызы мага келин болуп бир чайнек чай кайнатып бере электе эле чаап барамбы, – деди аялы.
– Аа, кудай урган, чай керек болсо кийин чайнекке эмес, чакага деле кайнаттырып ичесиң. Ал качпайт. Биринчиден, балдар бири иштеп, бири окуйт экен. Экинчиден, Керимбек менен Букеш жокто барганыбыз эл көзүнө же куда, же дос экенибиз билинбей калат. Мээңе түштүбү? – деди Балтабай.
Баятан бери унчукпай олтурган Маркабай:
– Бул акылыңар туура. Барып коюш керек. Сарыгул байкуш да Балтабай менен кудалашып калдым деп кубанып жүрөт дейт. Баргыла, мен миң сом кошом. Жээндер да бир миңди келгенде чогултушаар. Анын үстүнө өзүңүн тели-теңтуштарың да бар, жакын арада баргыла.
– Кош, өзүм совхоздо директор болсом, – деди Балтабай. – Төрт кой ферма бар, төртөөнөн төрт миң, эки уй ферма андан эки миң, бир жылкы ферма бир миң, бухгалтерге убал жок, андан эки миң, агрономдон бир миң, мал доктур жаңы келген бала эле андан сурай албайсың, көнүгүшкөндөн кийин бирдеме кылар, зоотехниктен бир миң. Ошондо он эки миң! – деди да Балтабай тамдын төбөсүн бир карап алды.
– Эми бул акчаларды мен эмки жумага чейин даяр кыламын. Жума күнү баргыдай бололу. Бир койду союп, бир койду тирүү алып баралы. Алар болсо барган кудаларга кийит кийгизет. Барганга жараша көбүрөк баралы. Алар да биздин ыгым-чыгымды түшүнсүн.
– Бирок ким-ким барсын?
– Ким бармак эле, Макем, – Маркабайды көрсөтүп, – кемпири, кичи баласы менен барсын. Керимбектин киндик энеси Зуура барсын. Шаркүл жеңем, Айымкан эжем, Мамырдын кемпири, шакылдак Күлүйпа, Калыйча да барсын, кошуналаш эмеспизби, анын үстүнө Керимбек дем алышка келген сайын эң жок дегенде каймагын сызгырып берүүчү Арманбүбү, шофердун атасын дагы кошо ала барышыбыз керек. Эркектерди болсо өзүм ээрчите барам, арагын ичип, этин жеп берсе болду да. Биз ат менен артыңардан барабыз. Машина менен силер кеткиле, – деп Балтабай жыйынтыкты чыгарды дагы: – Эми мен фермаларга барып камымды жейин. – Атына минип бастырып кетти.
Ал барчу кишисине жетээр менен эле:
– Кандай, баатыр? Мал аманбы, жакшы конушка кондурупсуң. Бир чети малды көрөйүн дедим, экинчи чети баягы жаман Керимбегиңиз үйлөнүптүр…
– Ээ, аны укканбыз, аксакал. Жакшы болгон турбайбы. Кол узарат деген ушул. Келиндүү болупсуз.
– Келинин курусун, келиндин нары жагында кеби болот экен. Келерки жумада барып көрүнүп коёюн деп атам. Жалгыз кер атты жетелеп барсам кемпирлерге кеп боло турганмын. Акыл-сакыл кошосуңарбы деп келдим.
– Сизге да биз акыл кошот белек, колдон келсе башкадан кошобуз да, – деп жаңы барып кабылган завфермасы айтып калды.
Мына ушинтип Балтабай кээ бирөөнө жумшак тийип, кайсы бирине каарланып барып, аягында жибип, анан эгер мен болбосом эчак кулайт элең деп ээгинен көтөрүп, ар кимисинен алам дегенин алып атты. Балтабай оолак бастырып кеткенден кийин сырлаш фермалар болсо: «Аялым Фрунзеге барып азуу тишин жулдурат» деп атып алты жүз-беш жүздөн ар кимибизден кагып кетчү эле. Эми уулу аял алып жатса, миңден кеткенибиз дагы жеңил болду, – деп күлүп калышты.
Кудага бара тургандарга бир күн мурун кабар кылды (Кудаларга баратабыз деген сөздү үч күн мурун айттырган). Өздөрү да соё турганын союп, боорсокту болушунча бышырышып, тирүү бара турган койду тикирейтип ээн тамга байлап ташташты.
Ал түнү кудага баруучу аялдар ар түрлүү түштөр көрүп чыгышты. Кээ бирөө түшүндө чий баркыт кийсе, кээ бирөө бир эле шакек салынып калып түшүнөн чочуп жатышты.
Эртең менен эл чайын ичип болордо совхоздун машинасы даяр болду. Шофер Кадыркул кабар кылгыча болбой эле машинага түшө башташты. Кой, куржундар, кымыздар салынды, бир маалда: «Кана, жөнөдүкпү?» – деди шофёр. Аңгыча болбой жаңыраак күрмөсүн жамынган бойдон жоолугун чала салынып бир аял келип машинага жабышты.
– Ой, Айша, сага эмне болгон? Кудага чакырылган киши баратат. Сага эмне жок, кой, машинаны токтотпо!
– Токтотом эле. Албетте, кудага мен барам, кечээ кечке боорсокту мен бышырдым. Керимбекти да кичине кезинде далай көтөргөм, мен да сый көргүм келет.
– Мейли эми, жүр, – деди куда башчы аял.
Мына ошентип Кадыркул шофёр акырындык менен айдап куданын айылын карай жөнөдү.
Баштатан эле күтүнүп турушкан Сарыгул аялы менен жана анын жумушуна убактылуу жардам берип жатышкан аялдар жарданып эшикке чыгары менен келаткан машинанын элесин көрүштү. Ал улам жакындаган сайын Сарыгулдун жүрөгү лакылдай баштады.
– Э, кокуй бир машина толтура эле аял экен! Эми эркектери дагы бир машина го.
– Чын эле бүт аял экен. Бир эле койдун башы койкоңдойт.
– Эми түшүндүм, – деди Сарыгул. – Эркектер Балтабай болуп мал менен келет ко. Малды айыл аралатып айдап жүрбөйлү дешкен го, эстүү эме эмеспи. Же күүгүмдөтө келишер бекен, деги азырынча аялдарды тосуп алалычы.
Аңгыча чайпалган машина так эле Сарыгулдун короосуна келип токтоду. Кээ бир аял түшүп атып:
– Кокуй, этегим мыкка илинип калды, – деп атат. Кайсы бирөө тээп түшүү үчүн арткы дөңгөлөгүн таба албай бутунун башын соймоңдотуп убара.
– Наалат күн, бир көлөшүм машинада калды.
– Анан табылат, машина эч жакка кетпейт.
Мына ушинтип уу-чуу болуп атып, эптеп түшүп куда-кудагыйлар менен амандашышты. Аялдар жайланып олтуруп, алдыга дасторкон жайылып, самоорлор коюлуп, оозу калыңдарынын чынылары бошоп, жалакай ооздууларынын чайы жаңыдан сууп келаткан кезде:
– Кудалар эми келатышат, – деген сөз чыгып калды.
Сарыгул эки-үч киши менен эшикке чыгып, чынында эле кер ат менен келаткан Балтабайды баш кылып, дагы бир тобун тааныды.
– Мал айдабай эле өкүрүп түшө тургансып жай келатышат ко, мал артта го, – деди Сарыгул жер карап.
Аялдарды түшүрүп алуудан эркектердики арзан эмеспи, шып-шып аттан түшүштү да, алар үчүн атайлап койгон үйгө киришти. Сыйдан-сый болуп жатты. Кудагыйлар алып келген куржун эчак эле сөгүлгөн, аялдар болсо кымыз ичкендиктенби, кысылышып олтургандыктанбы, бардыгы помидордой кызарып, жоолуктарынын учу менен терин сүртүшүп, кээде шыбыш менен сүйлөшүп атышты.
Эркектер чайды үйлөп олтурабызбы дешип, эчак эле кымыз менен ак байкушка керишкен. Жеңилдери желпине сүйлөп, салмактуулары сагыраак олтурушкан эле. Бөтөлкөдөн куюп берип аткан жигит Сарыгулдун жакын кайниси. Элге куйган сайын өзү да кур калбай, бара турган жерине барып да калды. Эч кимге сөз бербей, аны мен билем, аны мен көргөм, ал эчтеке эмес, баарын бүтүрөм! деген сөздү оозунан көп түшүрбөй олтурду.
Бир маалда элүү менен алтымыштын кайсынысында экени белгисиз бир киши, «ак баатырдан» ак бөксө куюлган стаканды алды дагы:
– Ой, туугандар, бул олтуруш жыргалчылык. Балтабай менен Сарыгул экөө тең эле ичпей олтурушат да?!
– Кокуй! Мен койгонума бир айдан ашып калды, – деп Балтабай секирди.
– Койгонума туура төрт жыл болду, – деп Сарыгул туйлады.
– Өзүңөр эмне болсоңор ошо болгула, Керимбек менен Букештин өмүрү үчүн көтөргүлөчү, – деп бирөө бир стакандан акты эки кудага карматты. Куда куданы карады.
– Кана, балдардын өмүрү үчүн!
– Турмуштары турактуу болуш үчүн! – деген үндөр туш-туштан чыкканда, Балтабай элди бир карап, кудасын бир карап, стаканды бир карады да:
– Ээ, балдар үчүн болсо көтөрсө-көтөрүп коёлучу! – деп Сарыгул менен кагыштырды да: – Кел эми, – деди.
Экөө тең тартып жиберишти. Бир аз бакылдашып олтургандан кийин баягы жуткандын таасири тие баштап, Балтабай эки обдулуп алды да, элди бир карап, анан Сарыгулду карай:
– Саке, кудай сүйгөн куда болот, теңир сүйгөн теңтуш болот дегендей куда болуп калдык. Эки бала экөөбүзгө данакер болду. Өзүңдөн өзүм кем эмесмин. Балаңдан балам кем эмес, жакшы иш болду.
– Бали, сөз эмес бекен, – дешти олтургандар. Ошондо баягы арак куюп берип олтурган жигит:
– Бал… бала… балаңдан балам кем эмес дейт тура. Букеш жогору турат. Көзү аркардай, өзү калтардай, көздөрүчү! Көзү! – деп булдурады эле Балтабай жактардан келген дагы бир сары жигит алдындагы стаканды тартып жиберип:
– Ой, мына жээнине өзү ашык ко дейм. Биздин Керимбектин кай мүчөсү кем. Өз арагыңды өзүң ичип алып дөөдүрөйт экенсиң, – деди.
Ошондо Сарыгулдун жини келди көрүнөт бир-эки жигитке:
– Эшикте көлөкө болсо жаткырып келгилечи, эс алып алсын, – деди.
Ансыз деле жадап турган эки жигит «оппалек» деп эки колтугунан алды дагы эшикке сүйрөп чыгып, айылдагы аялдарды ээрчип келип сөөккө тоюп, куданын машинасынын көлөкөсүндө жаткан иттердин арасына жаткырып коюшту.
Эт бышты, эт быштыга келгенде кезекте бирден желпинип келели дешип эркектердин бардыгы эшикке чыгышты. Балтабай өзүнүн жакын көргөн досу Тургунду ээрчитип, Сарыгулду жамбашка түртүп толготкон уйдай кайкаңдап оолактап жөнөдү. Сарыгулду ээрчип дагы бирөө жөнөдү. Элден ээн алыс барып, жалгыз түп бактын көлөкөсүнө олтурушуп төртөө маектешти.
– Көзмө-көз куда болгондон кийин, Саке аз деп да айтпассың, көп деп да айтпассың. Алдыңа түшкөнүм ушул, – деп Балтабай марли жоолукка оролгон акчаны Сарыгулдун алдына койду.
– Мунун ичинде он эки миң бар, – деп Балтабайды ээрчиген неме оозун көптүрө сүйлөдү.
Сарыгул акчаны нары имерип, бери кармалап чөнтөгүнө тыкты дагы:
– Балтабай, куда болгонубуз чын. Туз буюрса ушул да. Сөздүн ачыгы жакшы, туурабы? – деп өзүнүн ээрчиген кишисин бир карап алды. – Сөздүн ачыгы жакшы. Коош, Балтабай, Балтабай болгонуңа көп болду кудая шүгүр. Бир топ колхоз кошулуп, совхоз болгон жеринде башкарма болдуң. Чынында менин күткөнүм бул эмес эле, ар кайсы активиңден алганың 12 миң экен. Эми өз акчаң кана? – деп Сарыгул алаканын жайганда, Балтабай шашып кетип:
– Кер атты баш кылып, дагы бир музоолуу уйду алдыңа тарттым. Азыр эле бадырайтып айдап келген кыйын экен.
Ошондо Сарыгул саал жибий түштү да:
– Эми буюрганынча болоор. Мен да кызыма кур кол барбайм, кудам, – деп берки эки күбөнү карады эле:
– Ырас айтат. Сакемдин да колунда бар адам да. Кай жакка оонайм десе, оонап коёт, – деп жарыша сүйлөштү.
Куда-кудагыйлар үч күнү конок болушту. Акыркы күнү тамак желип бүткөндөн кийин алар узай башташты. Эркектер атка минип туруп кетишти. Чатак кудагыйларда болду. Алар машинага эптеп чыга албай атып, эбирей-жебирей беришти.
– Тамагынын тартибинин жогун кантесиң. Алты аялга бир жилик эт коюшат.
– Бүбүйнага атлес берет да, мага төрт метр чыт берет. Анысы секелек кызга да көйнөк чыкпас.
– Баарынан да Керимбектин киндик энесине бир байлам жоолук салганын кантесиң.
– Кийит деген ушу болобу? Жыртыш бергендей эптеп ырымдады да.
– Деги өзүлөрүнүн кунары жок экен.
– Адам, мага дат баскан коло шакек салат. Андайды арык казган балдар деле таап алып жатпайбы.
– Келбей эле койбой. Ашаткан терим эмгиче жыдып кетти бекен!
Мына ушуга окшогон сөздөр аялдардан чурулдап чыгып баштады. Аны Сарыгул аялы укса да укмасын болуп:
– Эми кудагыйлар аздыр-көптүр ыраазы болгула. Баарыңарга тукаба жаба албадык, – деди бирөө.
– Дагы катышаарбыз, – деп Сарыгул айтаар замат бир аял:
– Салганың бир байлам жоолук болсо, келбей эле койдум.
– Сен келбесең, башкалары келээр, – деп иттер менен көлөкөдө уктаган баягы жигит үнүн каргылдантты.
Букеш менен Керимбектин быйыл келбей тургандыгын билгенден кийин Сарыгул аялы экөө кыздын себин алып барып берүүнү чечишти. Баары бир Букешке бериле турган буюм да. Анын үстүнө ошонун шылтоосу менен баягы Балтабай берем деген кер ат менен музоолуу уйду ала келүүнү ойлошту.
Күндөрдүн биринде өзүнө жакын тууганы Айдаркулду аялы менен чакырып алып, Сарыгул аялы экөө сарамжалдарын жеп, кудаларга кайсы күнү барып түшүүнү болжошту да, аларга эми эки күндө барууга кабар жиберди.
– Эми биз жактан ким-ким барсын?
– Бир машина толтура жууркан, төшөк, куржун-кече барат. Дагы бир машинага толтура аялдар барсын.
– Деги аялдар көп барса экен, – деди Сарыгулдун аялы, – ошолордуку өттү. Тайлуудан таяк калбай келишет дагы, таарынып кетишет.
– Ошондо да ылайыктуу аялдардан алып баралы.
– Кереги жок, көзүмө жылуу учураган аялдардын баарын эле машинага көтөрүп сала беремин, – деп Сарыгулдун аялы өзүнүн өчүн алгысы келди.
Акыры бир машина жүк, бир машина аял бара турган болду. Балтабайды туурап, бир кой союп, бир койду тирүү алып жөнөштү.
Сарыгулдун машиналары айылга жакындаганда, Балтабай бир топ киши менен эшикке чыкты. Чыгаар замат чалкасынан кетип кала таштап оңолду. Мурун келген машинадан таңылчактарды алып үйгө киргизе баштады. Калган эркек, аялдар берки машинадагы кудагыйларды кээсин көтөрүп, кээсин жөлөп түшүрүштү.
Түндүктөн түшкөн мышыктай болуп аялдар чогулушуп каякта болушарын билбей бир аз делдее түшүштү.
– Кудагыйлар, бул үйгө киргиле, эркектер тигил үйгө киргиле деген буйруктар болду. Аялдар эки жагын каранып, үйдүн ичиндегилерди эсептеп бүткүчө дасторкон жайылып, даяр турган самоорлор ышкырган бойдон үй-үйлөргө кире баштады.
Кудадан келген буюмдардын бардыгы көрүнө жерге коюлган. Канча атлес-шайы жууркан, канча жөнөкөй жууркан, баары көрүнө жайылып турат. Көшөгө, туш кийиздер тартылып, ал гана түгүл алып келген идиш-аяк, самоор, кийим тикчү машина – баары көрүнүп турат. Ошол үйгө Балтабайдын айылындагы аялдар кирипчыгып жатышат. Чыккандардын оозунан:
– Этин жүн куржунга салып келсе керек? Баары эле кыл экен.
– Байкуш кызына жакшы эле камынган экен. Жалаң атлестен жети жууркан каптап келиптир, шырдактан төртөө го дейм!
– Төртөө деген аты болгон менен бир шырдагынын көк боёгу өчүп, кызыл боёгу мала тартып калыптыр, эски экен.
– Туш кийизин мен тааныйм. Сарыгулдун аялынын энесинен келген болучу, ал менден да улуу.
– Деги эмнеси болсо да машинасы, самооруна чейин алып келиптир. Көрөөрмүн, сен кызыңа кандай барышыңды. – Мына ушинтип аялдар ар түрлүү сөз менен чыкты.
Ошол учурда башка үйдө олтурган эркектер бапыраңдап калышкан эле. Анткени совхоздун дүкөнчүсү Балтабайдын иниси болчу. Ал бардык жутула турганды жайнатып салыптыр.
Адегенде «Керимбек бала кезинде эле чыйрак болучу. Сабагын жакшы билүүчү, илбериңки эле» деген сөздөр болду. Сарыгулдун баягы кайниси кошо келген. Алдына коюлганды ала салдырып олтуруп ал барчу жерине барып калган. «Букеш сабагын дептерди карабай эле билүүчү, айтор, балаңар Букешке туш келип, таалайы ачылган экен. Деги биздин келишибизди карагылачы я?! Килем, шырдактар, айтор, бир машинага толтура келди. Мындайча айтканда, бир үйдү көчүрүп келдик. А эми кийит жагын ойлогула – деди да: – Ой, куйбайсыңбы алдагыдан, – деп дүкөнчүгө асыла баштады.
– Мен кийит кием деп жаман плащчан калдым, – деп аракты жутуп ийип жаман боз плащтын жакасын силкимиш болду.
– Башынан эле кийгениң ушул эмес беле. Мурдагы жылы менин дүкөнүмөн алдың эле го.
– Көп көргөнүң ушул болсо алып дүкөнүңө илип кой. Мага кийит керек.
– Кой, муну илгенде «баасы канча?» деп ал кутулгусу келди.
Сарыгул да үч күн удаа конок болду. Бүгүн кетебиз деген күнү адатынча Балтабай бир-эки кишиси, Сарыгул бир-эки кишиси менен ээн барып уй мүйүз тартып олтуруп сөзгө киришти.
– Эми Балтабай кудам, «байгамбар барына азыр» дегендей, балага керектүү аманатты алып келип тапшырдым. Жаш немелер жүдөп жаткандыр, эптеп жеткирээрсиң. Эми биз кетели, баягы берем деген кер ат менен музоолуу уйду ала кетели, кийитиңди камдаган чыгарсың.
Ошондо Балтабайдын ит кууган короздой шаштысы кетти, эң аягында үнүн жасап туруп:
– 12 миң сомду так ушул колум менен бердим. Эми кер атты берейин дедим эле, бирок жалпы районго таанымал ат болуп калды. Эл сөз кылат. Уйду болсо эбин табаарбыз.
– Эй, Балтабай! Кер ат районго таанымал болуп эле күнүгө жыйналышта сүйлөп жатыптырбы, – деди Сарыгул, – өзүң билесиң, өгүнү Ашыраалынын алдына кудасы мал менен, 20000 сом акча менен келди эле, ошондо да бир чаар торпоктун чакалайы бар экен деп чатак чыгарып жатып араң алды. Андан көрө бергиң жок.
– Биз болсо, – деди Сарыгул тараптан келген бир киши жер чукуп олтуруп, – араңарда күбө кишибиз. Кер атты эл-журтка таанымал деп чыктыңыз, уйдун эбин табарбыз дейсиң, мында бир нечесинин шылтоосу турат. Музоолуу уйду кунажын же ноопас кылып, жайын тапканы турасың. Өзүнүн жалгыз кызына Сарыгул жаман келген жок.
– Менин Керимбайым тогуз баланын ичинде бекен, ал да жалгыз.
– Балтабай, кудайды карасаң боло, – деди чыдай албаган Сарыгул, – чынын айтканда өзүңүн алып келгениңди өзүңө жумшадым. Алып келген акчаңдан үч миң сомго дүкөндөн кийитиңерди алдым, төрт миңге килем, бир миңге керебет, калган акчаңа жууркан-төшөк, шырдактар алдым. Менин чыгымым силерди үч күн удаа арак-шарапка сугарганым жана алып келген бир машина, бир самоор.
– Самооруңду көрдүм, 1909-жылы Тула шаарынан чыккан неме экен. Анын үстүнө аны азыркы балдар урунбайт. Самоордун түбүнөн бир үйлөп, төбөсүнөн бир үйлөп олтурганча электрге чайын кайнатып ичип алып, иштерине жүрүп жетишет. Самооруңду ашык көрсөң алып кет.
– Мен жеке эле самоорумду албайм, алып келгендеримди бүт алам.
– Алар менин акчама келди деп олтурбайсыңбы?
– Баламды колума сал.
– Барып Фрунзеден ал.
Ушинтип эки куда кызыл-кекиртек болуп жаткан учурда Балтабай тараптан да, Сарыгул тараптан да катышкан калыс кишилер:
– Эмитен минтип олтурушуңар уят, эки бала бирин бири жакшы көрүп олтурса, убалына каласыңар. Дүйнө жерге кирсин, табылат. Андан көрө жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын: Балтабай, сен кийгизе турганыңды кийгиз, Сарыгул, сен да ыраазы болгун, сыр билгизбей жөнө. Маселени кийин чечербиз. Балдар келсин, эл-журт бар. Азыр уят, койгула, – дешти.
Сарыгул менен Балтабай тултуюп бир аз олтурушту да, тигилерге макул болду. Кудагыйлар куржун-кечелерин бир машинага толтурушту да бир машинага түшүштү. Кээ бир аялдар:
– Сарыгул кудага тунган экен, – деп ачык эле айтып жатышты.
– Этинин, камырынын чийкисин кантесиң.
– Чий баркыт аттуудан эки эле киши кийди го ботом.
– Бир байлам жоолуктун баары эле ушуларда экен.
– Ботом, мага төөнөгүч саят, кайра кудагыйдын өзүнө бердим.
– Сарыгулдун кайниси байкушка, шылдың кылгансып эскирген кендир өтүк кийгизип коюшуптур.
– Ага ошол эле болот, – деди көпчүлүктөн бирөө.
Мына ошентип кудалар жолго түшүштү. Буюм-кече салып келген машинадагы самандын үстүнө Сарыгулдун кайниси өзүнчө ээн түшкөн. Арык келген сайын шофёрдун май куйган челеги экөө сүзүшүп жүрүп олтурушту.
Букештин турмуш абалын билип келүү үчүн Сарыгул аялы экөө көптөн бери эле камынып жүрүшкөн. Ошол эле учурларда Балтабайдын аялы: «Адам, Фрунзе ушул эле жерде эмеспи, Керимбегим кандай немеге туш келди экен, деги жолугушуп келеличи» – деп эринин кулагынын кужурун алуучу. Ушинтип олтурушуп Сарыгулдар бир күн мурун, Балтабайлар бир күн кийин жөнөп калышты. Кайта жазылган адрести уламадан-улай олтуруп Керимбек менен Букеш турган үйдү эчак эле таап, жайланышып, чай ичип олтурушту.
Алар Букешке анда-санда «өңүнөн азып калыпсың садага болоюн» деген менен көбүнчө Керимбектин баскан-турганын, сүйлөгөн сөзүн мышыкча аңдып олтурушту. Алар: «Бала кезинде тентегирээк эле, эми токтолуп калган экен» деген жыйынтыкка келишкендей болду.
– Атамдардын абалы кандай? – деп Керимбек сурады эле:
– Төрт колхоз биригип совхоз болгон, атаң директор. Күрүлдөп эле турган кези.
Сарыгул «күрүлдөп» деген сөздү ныктап сүйлөдү.
Эртеси Сарыгулдар чай ичип олтурганда куржун-кечесин көтөрүп Балтабай аялы менен кирип келишти. «Ассалоомалейкум, сиздер да келип калдыңыздарбы?» деген сөз бошураак айтылганы менен Сарыгул жылышып орун берди. Кийинки келгендер өз уулуна анчалык үзүлө түшпөгөнү менен дасторкон жайып, чай куюп олтурган Букешти батинкасынын такасынан тартып, көйнөгүнүн жакасына чейин сынап олтурушту.
Балтабайдын аялы: «Кол куушуруп жүгүнбөсө дагы, кичине эңкейип коё турган жөнү бар эле чиркин» – деп ичинен айтып алып, кечээ эле өзүнүн инисинин жаңы алган келинчеги жүгүнмөк турмак: «Чоң кайнежем болосуңбу?» – деп кашкайып эле өзүнөн сураганын эске түшүрүп, кайра кайрат кылды.
Керимбек менен Букеш кайын ата, кайын энелеринин кандай болгондорун эчак эле угушкан. Экөөнүн айылдан бири-бирине кабарлашпай чыккандарын да билишет. Алар билип эле эбелек-жебелек болуп жатышат. Эптеп экөөнү сөзгө салгысы келишет. Эгерде сөз болсо Сарыгул өз кызына карай сүйлөйт да, Балтабай баласына карай сүйлөйт. Бир маалда Балтабайдын аялы:
– Кудагый, эттен, боорсоктон алсаңыз, – деп илбериңкилейин деди эле:
– Сиз алыңыз, биздин куржун да кур келген эмес деген сөздү жулуп жөн болду.
Жат-жатка келгенде куда, кудагыйларга төркү үйгө төшөк салышты, өздөрү башка бир кичинекей комнатына кетишти.
Жаткандан кийин Балтабай Сарыгулга карай:
– Эй, Саке, балдар жакшы турушат экен ээ?
– Көрүп турбайсыңбы, – деп тескери карады Сарыгул.
Балтабай ага болгон жок.
– Саке, бүгүн үч конуп калдык, эртең кетпейлиби?
– Сен болсо лековайлап жөнөйсүң, биз жөн эле машинага түшөбүз.
– Менде деле лековой жок.
– Койчу уктайлы, Балтабай, – деп Сарыгул жуурканды чүмкөндү.
Эртең менен таң заардан Керимбек, Букеш экөө тең турушуп, эне-аталарына жууна турган сууну даярлап, чайды кайнатып коюшту. Ак тооктун канындай кыпкызыл чыккан чайды электр чайнектен эне-аталарына куюп берип олтурушту.
– Куда кааласа бүгүн кетели ээ, Саке, – деди Балтабай.
Анын сөзүнө атайлап байкоо салбастан Сарыгул кемпирин карап:
– Ой, баягы алам деген чөмүчүңдү алдыңбы?
– Бир машинага түшөлү ээ, Саке?
– Атаң көрү, театрга барганда бир көлөшүм алмашып кетсе керек,– деди Сарыгул.
– Саке, Фрунзе шумдук өзгөргөн экен ээ, – деп Балтабай жана кеп жиберди эле:
– Биздин колхоз быйыл электрлүү болгон, – деп Сарыгул Букешке карады.
Баятан бери байкап олтурган Керимбек менен Букеш жай сөз менен мындай дешти:
– Аталар, – деди Керимбек, – биз силердин тыяктагы ал-абалыңарды укканбыз. Үч күндөн бери бизге келип, сүйлөшпөй жатканыңарды да билебиз. Бизди сыйласаңар, чын атабыздай болуп жүргүлө. «Эне-атаңар калың беришип, анан таарынышып жатат» – дейт деп бизди уялткандар көп болду. Биздин да теңтуштар бар, ошолорго сындырдыңар, калың кара жерге кирсин, ал жөн эле бири-бирине өткөргөн соода экен.