АСЕК уулу Эрнис: АНТОН ЧЕХОВ: КАРАҢГЫЛЫК

АҢГЕМЕ

Ак саргыл, жаагы узун жаш жигит айрылган тону бар, кара чоң кийиз өтүк кийип алган экен, жергиликтүү доктурду күтүп турду, ал болсо киши кабыл алганын бүтүрүп, ооруканадан өз батирине кайтып келаткан эле, жигит тартынгандай жанына араң басып келди.

— Сиздей ырайымга, — деди ал.

— Эмне керек сага?

Жигит алаканы менен ылдыйдан өйдө мурдун сылай өттү да, асманды бир пас карап, анан барып жооп кайтарды:

— Сиздей ырайымга… Бул жерде сенде, улуу урматтуу таксыр, арестанттар палатасында байкем Васька жатат, Варвариндик темир уста…

— Анан… эмне болуптур?

— Мен, кандай десем, Васьканын инисимин… Атамдан экөөбүз эле: ал – Васька, анан мен – Кирила. Бизден тышкары үч кыз бар, а Васьканын катыны бар, чүрпөсү дагы… Эл жүнүн жейт тимеле, бирок иштей турган киши жок… Устаканада, элестет, эки жылдан бери отту үйлөй элекпиз. Мен өзүм чытка түр салган фабрикада иштейм, устачылык жайым жок, атам кайдан иштерман боло алат? Аны кой, кандай десем, иштегенди кой, оозуна тамак сала албайт, кашыкты оозунан алыс алып барат.

— Менден сага эмне керек, ыя?

— Ырайым кылып, Васьканы кое берип койчу!

Доктур Кирилага таңгала карады, бир сөз айтпастан, жолун улады. Жигит алдына жүгүрүп чыкты да, бут алдына бүк түштү.

— Доктур, мыкты мырза! – жалынып жиберди ал, көздөрүн ирмеп-ирмеп алды да, кайрадан алаканын мурдуна алып барды. – Кудайдын ырайымын кыла көр, Васьканы үйгө кое берип койчу эми! Түбөлүк кудайга жалынгандай кылып салчы! Улуу урматтуу таксыр, кое берчи! Бардыгы ачкадан өлүп калат, эй! Энебиз кудайдын куттумуш күнү ыйлап олтурат, Васьканын катыны да ыйлап олтурат… өзүнчө эле өлүм келгендей! Жарык дүйнөнү караганга көз барбай калды. Ырайым кыл эми, кое берчи аны, мыкты мырза дейин!

— Же сен бир галдирсиң же акылыңан айныган немесиң, – деди доктур аны кабагын түйүп карап, — Мен аны кантип кое берем? Аны арестант деп коет!

Кирила ыйлап жиберди.

— Кое берчи эми!

— Тфү,шоркелдей! Менин укугум бар деп жатасыңбы? Мен эмне түрмөчү белем, ыя? Мага ооруканага дарылатканы алып келишкен, дарылап жатам, а кое бергенге менин укугум жок, сени да түрмөгө тыкканга укугум жок. Башыңды иштетпейсиңби кичине!

— Ой, аны жөн эле олтургузуп коюшпадыбы, бекер эле. Элестет, сотко чейин ал острогдо олтурду, эми болсо, суроо жаралат, эмне күнөөсү үчүн олтурат ал? Бирөөнү өлтүрсө бир жөн же жылкы уурдаса бир жөн, жок жерден камалып, жыргап жаша дегенсип.

— Туура, бирок менин ишим канча?

— Мужукту отургузушту да, бирок эмнеге экенин өздөрү билбейт. Кичине ичип алган экен, улуу урматтуу таксыр, эч нерсе эсинде жок, атүгүл атамдын кулагына бычагы тийип кетиптир, өзүнүн бетин кесиптир, мастыкта эмне кылбайт киши, а биздин эки бала – түрк тамекисин каалашкан экен. Анан Васьканын кулагынын кужурун ала башташат да, түнүчүндө “жүрү, армяшканын дүкөнүнө тамекиге барып келебиз” деп. Тиги мас неме, жиндидей болуп макул болбойбу. Анан сындырып киришиптир да, кулпусун дегеним, кирип алышып, анан шайтандын ишин жасашат да. Баарын аңтарып-теңтерип, айнектерин сындырып, ундун баарын чачып. Бир сөз – масчылык да! Анан, тиги офицер… анака-мынака деп тергөөчүгө өткөрөт. Бир жыл острогдо жатышты, а бир жума мурун, үчүнчү күнү, үчөөнү тең соттоп жиберишти, шаардан. Артында мылтыгын көтөрүп салдат баратат… элге ант берген имиш. Баарынан Васьканын күнөөсү аз, а таксырлар аны корбашы кылып коюшту. Балдарды, экөөнү тең острогго, а Васьканы үч жылга арестант ротасына чегеришти. Эмне үчүн, ыя? Кудайдан коркуп, ойлонуп көрсөң?!

— Буга да менин тиешем жок. Ачендикке бар.

— Ой, кокуй, оой, жетекчилерде болдум. Сотко да бардым, ырайымдык сурайын дегем, өтүнүчүмдү кабыл албай коюшту. Становойдо болдум, тергөөчүдө болдум, айткандары бул: “Менин ишим эмес!” Ишиңе шишим дегендей болду. Анда кимдин иши? Бу ооруканаңда старшейиң да жок экен. Эмнени кааласаң, улуу урматтуу, ошону кыласың да.

— Кызылдай жинди экенсиң сен! – доктур оор үшкүрдү. — Присяжныйлар күнөөлүү деп табыштыбы, болду, губернаторуң да, атүгүл министриң да эч нерсе кылалбайт, а сен становойду айтасың. Бекер чуркап жүрөсүң, каралдым!

— Анда ким соттоду?

— Урматтуу присяжный заседателдер…

— Ошолор кайдан урматтуу болуп калсын, ыя? Биздикилер мужуктар болчу да. Андрей Гурьев бар эле, Алеша Хук бар эле.

— Сени менен сүйлөшүп жатып үшүп кеттим.

Доктур колун шилтеди да, өз каалгасын көздөй басты. Кирила артынан ээрчийин деди эле, бирок эшиктин “шарак” жабылганын көрүп, токтоп калды. Он мүнөттөй “былк” этпей оорукананын короосунда катып туруп, шапкесин кийбей, доктурдун батирин карап, анан терең, оор үшкүрүп алды да, желкесин тырмап, дарбаза көздөй басты.

— Кимге барам эми? – жолго чыгып, өзүнчө күбүрөндү. – Бири – менин ишим эмес – дейт, экинчиси – менин ишим эмес – дейт. Кимдин иши? Жок, туура, колуна бермейинче, эч нерсе кыла албайсың. Доктур сүйлөп жатат да, көзү менин муштумумда: көгүлтүрдөн берет деди го (Көгүлтүр – Революцияга чейинки Орусиядагы көк түстөгү беш сомдук билет)? Шашпа, байке, керек болсо губернаторго чейин барам.

Буттарын алмак-салмак таштап, жөн эле улам артка кылчактап, жолдо сүйрөлүп келатты, кыязы, кайда барарын ойлонуп келатты окшойт… Суук деле эмес болчу, бут алдындагы кар алсыз кычырап барат. Алдында, жарым чакырым алыс эмес аралыкта, уезддик шаарча чалкып жаткан, дал ошол жерден агасын соттоп жиберишти. Оң жагында кызыл чатыры бар острог караят, бурчтарында будкалар турат, сол ыптасында шаардын чоң кайың багы, азыр бубак басып турат. Айлана тынч эле, бир абышка үстүнө кемпирдин кацавейкасын, башына кыры чыккан чоң картузду баса кийип алдыда баратат, жөтөлүп коет, шаарды көздөй айдап бараткан уюна кыйкырып коет.

— Ата, арбаңыз! – абышкага катарлаш келген Кирила үн катты.

— Болсун, болсун…

— Сатканы баратасыңбы?

— Жок, жөн-жай эле… – абышка жооп бергиси келбеди.

— Мещансыңбы?

Сүйлөшө кетишти. Кирила эмнеге ооруканага келгенин, доктур менен эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн айтып берди.

— Албетте, доктур мындай иштерди билбейт, — деп баратты абышка, аңгыча экөө шаарга да кирип келишти. – Ал барин болсо да, ар нерсе менен дарылаганга гана үйрөнгөн, а сага чыныгы кеңеш бергенге чамасы чак, мисалы, протокол жазганга – колунан келбейт, балам. Ал үчүн өзгөчө жетекчилер бар. Мировой менен становойдо болгон экенсиң. Алар да ишиңди чече алышпайт.

— Анан кайда барам?

— Силердин дыйканчылык иштериңер боюнча эң башчысы болуп… милдеттүү мүчө деген коюлган (Милдеттүү мүчө – 1874-жылдын 27-июнундагы мыйзамга ылайык дыйканчылык иштер боюнча атайын уюм түзүлгөн, анда уезддик дворяндыктын өкүлү төрагалык кылат. Аны курамына кирген милдеттү мүчөсү дыйкандардын жер маселесин гана чечпестен, губерниянын кылмыш иштерин да караган). Ошого бар. Таксыр Синеоков.

— Эмне, Золотоводобу?

— Ооба, Золотоводо болбой анан. Ошол силердин чоң. Силерге тиешелүү иштер боюнча атүгүл исправник (полиция башчысы) да ага каршы чыгууга укугу жок.

— Кайдан бери келатасың, аксакал! Он беш чакырым болдубу, басканыңа, андан да көп ко дейм.

— Керек болсо, айла жок, жүз чакырым да басасың.

— Ошондойбу… Эмне, өтүнүч менен кайрыламбы?

— Ошол жактан билесиң. Өтүнүч болсо, жазмакери дароо жазып бере салат. Милдеттүү мүчөнүн сөзсүз жазмакери болот.

Абышка менен коштошуп, Кирила аянттын ортосунда туруп ойлонду да, артка жөнөдү, шаардан чыгышы керек эле. Золотового барууну чечти.

Беш күндөн кийин доктур оорулууларды карап коюп, батирине кайтып келатканда, короодон Кириланы көрүп калды. Бу жолу жигит жалгыз эмес экен, бир итирейген арык чал турат, анысы маятниктей тынбай башын ийкеп, эриндерин чалпылдатып туруптур.

— Улуу урматту таксыр, мен кайрадан сизге ырайымга! – деп Кирила сөзүн баштады – Мына атам менен келдим, ырайым кыл, Васьканы кое берчи! Милдеттүү мүчө мени менен сүйлөшпөй койду. “Көзүмө көрүнбөй жогол!” дейт кайра.

— Улуу урматту таксырым! — чалдын тамагы кырылдап, калчылдаган кабагын өйдө көтөрдү, — Ырайым кылыңыз! Биз бир бечара байкуштарбыз, ыраазычылык кылганга дараметибиз жетпейт, таксыр, бирок сиздей ырайым үчүн, Кирюшка да, Васька да жумушуңузду кылып бере алышат. Мейли, иштей беришсин.

— Иштейбиз! – деди Кирила, ант берчүдөй колун да көтөрүп алды. – Кое берчи. Ачкадан өлүп калышат! Ыйлап атышат, өкүрүп атышат, тимеле кошок кошуп жатышат, эй, улуу урматтуу таксыр!

Жигит “жалт” атасын карады, жеңинен тартты, анан экөө бирөө буйрук бергендей, доктурдун алдына бүк түшүштү. Тигил колун силкти да, карап да койбостон, каалгасын көздөй басты.

Которгон Эрнис АСЕК уулу