ГАПАРОВ Мурза: МУРЗА ГАПАРОВДУН ПРОЗАЛАШКАН ПОЭЗИЯСЫ

КУЮН

Бүгүн кыйын,
Бүгүн куюн…
Чыкпа эшикке,
Эшикте…

Шаарды шаардын чаңы каптап,
Чаңдалды үйлөр дагы, дарактар да.
Көчөлөрдө куюгуп жинди шамал
Чуркап жүрөт туш келди каталактап,
Чимирилип жез кемпирдин ийигиндей,
Ажыдаардын бийин бийлейт аянттарда…
Ар каяктан ар каякка баш аламан
Качып барат калайык каратаман…
Оозу-мурду тумчугуп буюкканда,
Көзү көрбөй урунуп туюктарга,
Каңырыгы түтөгөн кайран эл-журт
Каарын төгөт карарган булуттарга.
Анткен менен айып жок булуттарда…

 

Боз түштү баш калаага…
Бозорду кызыл асаба…
Бүгүн кыйын.
Бүгүн куюн…

 

КӨҢҮЛ ЖУБАНТУУ

Коркпо өлүмдөн.
Коркконго кош көрүнөт…
Көз алдыңа элестеп гүлкайырлар,
гөр үстүндө гүлдөгөн,
сен көмүлгөн…
Жапыс тамда жалдырап жаткан болуп,
Жалгыздыктын азабын тарткан болуп,
Көздөрүң жашка толуп,
Көөдөнүң муңга тоюп…
Арманыңды айтылган өз төрүңдөн
Адам аттуу эч бир жан укпай коюп…
Саратанда ныксырайт гөрүстаның,
Мунарыкта тунжурайт гүлкайырлар…
Андыктан, айтканымды унутпагын:
Коркпо өлүмдөн, коркконго кош көрүнөт…
Андан көрө…унут баарын…унут баарын…
Өткөндү эстебе, эстен чыгар,
Келечегиң эңсебе – кесир кылаар…
Кыйылбагын кылчайып чыгыш жакка,
Аттиң этпе, ай, күнүң эрте батса…
Аллага миң мертебе алкыш айтып,
Жашагын учур чакта – ушул тапта…
Айлап, жылдап саналбайт бакыт деген,
Бактың сенин куралат көз ирмемден.
Бул дагы берилет бир билгенге…
Сен билгенде: күн сайын күнүң куунак,
Жүз жыл сага, карегим – күлгүн курак…
Коркпо өлүмдөн,
Коркконго кош көрүнөт…

 

ТҮШҮМДӨ ЖАЗЫЛГАН…

Княгини всегда плакали,
А служанки играли
С князьями в прятки…

 

КҮНӨӨМ КӨП…

Жараткам эгем, кечир мени,
Эгер кесир сүйлөсөм.
Күн сайын өлүп турамын мен,
Күйбөсөм же сүйбөсөм.

 

АЖАЛДЫН АЖАРЫ

Каухарым-ай, кайда кезиктиң,
Карааны кайберендей кайып болуп,
Эскиргенде эсимде элестери…
Эскирип эми сен, өзүңдүн керемет көркүң менен,
Сулууну мен сүйгөн кумар канбай…
Кумдуу чөлдө көз күйгөн көк аралдай,
Аңчы аңдып, ок тийбес, ак маралдай…
Жараткан жараткан эле периштесин
Ойлорун тунук кылып, сөздөрүн ширин кылып…
Сурмасыз суктандырчу каректери,
Эндиксиз эритчү эле эриндери…
Каштары кырлуу кырды кыялаган,
Көкүрөктө кош көгүчкөн уялаган…
Эңкейишин эңилчектер – кара ыраң —
Жаап турат баркыттай, жапыс тулаң…
Улар үндүү үнүңдөн, Үрдүн кызы,
Ак кайыңым ыргалган белестеги…
Жазгы кечтин жаш айы эмес белең,
Тумандагы жылдызым… элестедиң…
О, каухарым, эми эстедим:
сен – жаштыктын жаңырыгы…
Жаңырттың жан дүйнөмдү,
акылым азгырылды,
Угузуп авазыңды,
Узарттың азабымды…
Күз күндүн нөшөрүндө,
Кыш түнгө өтөөрүмдө,
(О дүйнө кетээримде),
Чартылдап чагылганың
Өрттөдү өзөгүмдү…
Анаке күйүп барам,
Акыры тынчып санаам…
Каухарым, сен – менин ажалымсың.
ажарын алып жүргөн,
алыскы ашык жардын…

 

КОКУС КОКУСТУК БОЛУП КЕТСЕ…

Коштошуу
Биз эми жаш эмеспиз,
Биз эми – улгайгандар…
Коштошоор убак келди,
Кош болуңар…
Кош болгула, ай, жылдыздар,
Кош болгула, мен сүйгөн айсулуулар,
Кош болгула, өбүлбөгөн кызайымдар,
Өбүшкөнгө эми менде убакыт тар…
Кош болгула, шабдаалы бак, өрүкзарлар,
Арасында мен өскөн бейитзарлар…
Ал жактагы бейишке кантип жетем?
Жолдорунда тикенек зым тосмолор бар…
А тозогуна асфальт жолдор кетет экен,
Иномарка жалдап алып жүрүп кетем…
Кош болгула, жан достор, кас курбулар,
Көбүңөрдү дозокто көксөп күтөм.
Кош болгула, эл башы, журт башчылар,
Жерин сатып, элин баскан басмачылар.
Ылайым көрүңөргө гүл чыкпасын,
Ылайым гөрүңөрдө жылан уктасын.
Кош болгула, эл башы, журт башчылар…
Кош эмесе, кыргызым, жупун журтум,
Качан эми кыжырланып кыйкырасың?
Эңилип эшик ачып, төрүңө төрөлөрдү отургузуп,
Качанкыга кул сымак тим турасың?
Байоо болуп, аңкоолонуп,
Байыркы эл, не байлардан кымтынасың?
Кабыргамды кайыштырып кабак-кашың,
Коштошоордо кайгырып, муңкурадым.
Кош бол эми, Ала-Тоо, Кыргыз-Атам,
Ак карларың эрибес – акак апам…
А мен болсом эмитен эрип атам…
Кош бол эми, Ата журт…
Кучагыңды кучактап… эркин жатам…
Мурза Гапаров 5-май, 2001-жыл

P.S. Ушакчы, кошоматчы жана тыңчылар үчүн: бул ыр Бишкекте, Совет көчөсүндөгү азык-түлүк сатылган дүкөндө (остановка «Завод физприборов»), дүкөндүн вино-водочный бөлүгүндө, анын ичкерки интимный бөлмөсүндө жазылды. Жазылып атканда алдымда кып-кызыл вино куюлган көп кырлуу стакан турду. Ыйлуу ыр ыраакка созулуп, ыйлаган жүзүмдү кызыл вино кызартып чыкты. Кап, ушул учурду силер: ушакчы, кошоматчы, таңчылар көрбөй калдыңар, көрсөңөр табаңар канып: Гапаров ичип жүрөт деп, дароо өзүңөрдүн «тиешелүү жерлериңе» жеткирет элеңер. Эчтеке эмес, о дүйнө кеткенче силер үчүн мындайдан далай дубль жасап берем…

Эми: эмне үчүн жазылды бул ыр? Кечээ 4-май күнү мен Ош жактан учуп келдим. Ол жактагы элдин ал-абалын көрүп, арыз-муңун угуп, каңырыгым түтөп келди. Келип, сагынып калган «Асаба» гезитинин акыркы санын издеп таптым. Астафурула, «Асаба» жабылып калган эмеспи. Ал азыр «Республика» аркылуу гана элге тарап атпайбы. Андыктан «Республиканы» да сатпайсыңар деп киоскилерге буйрук бериптир «тиешелүү жерлер». Бирок, киоскилер жең ичинен жылдырып жашыруун сатып атышыптыр, азаматтар. Мен ошолордон алдым «Асабалуу» «Республиканы». Ушундан улам билиңиз «Асабанын» кадыр-баркын: анын арбагы дагы жашап аткан газеталардан алда канча жогору туруп атпайбы?! Ушул жерде мен «Асабаны» корголоп-коноктоп аткан «Республика» газетасына, анын башкы редактору Замира Сыдыкова карындашыма көптөн көп ыраазычылыгымды билдиремин. Кыргыздын кыздары жалаң Замиралардан турса кана, атаганат…

Эми мен мына ошол «Асабалуу» «Республиканын» акыркы санын (2-май, 2001) жанагы айткан дүкөндүн төрүндө вино ичип отуруп окуп атпаймынбы. Окусам газетада кыргыз-кытай, кыргыз-өзбек чек аралары тууралуу  макалалар басылыптыр. Макалалар мени маң кылды, ойго салып, көңүлүмдү чөктүрдү, менин улуттук, патриоттук сезимимди басмырлады, акырында аргасыздан Ак үйдү сөктүрдү. Айтып коёюн: Ак үй мен үчүн биздеги бийликтин символу. Демек, мен Кыргызстанда бийликтин канча тармагы болсо, ошолордун баарын жалпысынан сөктүм. А сөккөнүм ушул: проза түрүндө жазылган ыр саптары аркылуу өз күйүтүмдү күйкөдөй куйкалап алдым. А күйкөнү бүркүттөр, жорулар тоотобу?..

Акырында айтарым: Ак үй абдан кекчил. Ага аз-маз эле акаарат айткан адамды аябайт: ал жер-бул жерине чакырып сөөмөйүн кезейт, ага болбосо түрмөгө отургузат; ал турмак сага келаткан кудайдын жан алгычын алдынан утурлап чыгып, ага жардам бериштен да тайбайт. Мен мына ошолорду ойлоп отуруп, жогорудагы коштошуу ырын жаздым. Алдын ала силер менен коштошуп койгум келди. Кокус кокустук болуп кетсе… Кырсыкты кайдан деп болбойт. Биз жалпыбыз менен – жалгызбыз! Алсызбыз! Бизде адам укугу, адамдын наркы арзан!

Айта берсе арман көп, ата мекендештер… Айла кеткенде айга карап улугуң келет. Элди ойлоп, жерди ойлоп… Хикмет акын айткандай: «Сен күйбөсөң, мен күйбөсөм…» Ал эл-жердин тагдыр-тарыхына ким күйөт? Ал эл-жер эмне болот келечекте? Эл кул болот, жер күл болот…

Мурза Гапар, Кыргыз эл жазуучусу

 «Республикадагы» «Асаба», 2001-жыл, 11-май

«Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны» (түзгөн Абдыкерим Муратов) деген китептен